Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#141 Пользователь офлайн   Debi   21 Октябрь 2011 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жазуудан Дөөттүн сөзүнүн уландысын окуйлу.
«Мырзам өз кулунун артынан эмнеге аңдып жүрөт? Мен эмне кылдым? Кандай кыянаттык кылдым?
Эми менин мырзам, падыша, өз кулунун сөзүн угуп турсун: Эгер Теңир сени мага каршы чыгарып жатса, анда бул кылып жатканың сенин Теңирге арнаган жыпар жыттуу курмандыгың болсун. Эгерде сени мага адам баласы каршы тукурса, анда аларга Теңирдин каргышы тийсин, анткени алар: “Бар, жат кудайларга кызмат кыл”, – деп, мени Теңирдин мурасчысы кылбай, кууп жиберишкен. Теңирдин алдында менин каным жерге төгүлбөсүн, анткени тоодон чил кубалагансып, Ысрайыл падышасынын издеп чыкканы – бир бүргө». Ошондо Шабул: «Мен күнөө кылдым. Дөөт уулум, кайтып кел, анткени сага мындан кийин жамандык кылбайм, себеби менин жаным бүгүн сенин көз алдыңда кымбат болду. Мен акылсыздык кылдым, катуу жаңылдым», – деди. Дөөт мындай деп жооп берди: «Мына, падышанын найзасы. Жигиттердин бири келип, алып кетсин. Теңир ар бир адамга анын адилеттүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө жараша берсин, анткени сени Теңир менин колума салып берген, бирок мен Теңирдин майланганына кол көтөрүүнү каалаган жокмун. Бүгүн менин көз алдымда сенин өмүрүң кандай кымбат болсо, Теңирдин көз алдында менин өмүрүм да ошондой кымбат болсун, Ал мени ар кандай жамандыктан сактасын! » Шабул Дөөткө: «Уулум Дөөт, Кудай сага батасын берсин! Сен улуу иштерди кыласың, бардык ишиңде ийгиликке жетесиң!» – деди. Ошентип, Дөөт өз жолу менен кетти, Шабул да өз үйүнө кайтты.

Бул Шабулга көрсөтүлгөн соңку ырайым эле. Ошентип, биз санаган боюнча эле, Кудай Шабулга үч ирет чоң ырайым кылды. А биз билбегендери канча экенин бир Кудай Өзү билер. Кудай Шабулдун падышалыктан түшсө да, узак жашап, бактылуу карылыкта көз жумушун каалагандыгы талашсыз. Бирок Кудай нечен ирет эскертсе да, Шабул өзүнө өзү кайгы тандап алды.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Debi   22 Октябрь 2011 - 22:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Дөөт Шабулду соңку ирет уктап жаткан жеринен колго түшүрүп, бирок ага душман эмес экенин далилдемекке, алыстан туруп, колундагы Шабулдун найзасын көргөздү. Мына ушундан кийин Шабул каталыгын мойнуна алып, Дөөттүн артынан кууп жүргөн жүрүшүн токтотуп, үйүнө кайтты. Бирок бул Шабулдун катасын биринчи эле жолу мойнуна алып жатышы эмес эле. Шабул ишеничтен кеткендиктендир, Дөөт мындай чечимге келген экен, Ыйык Жазуудан окуп берейин.
Дөөт ичинен минтип ойлоду: «Качандыр бир убакта мен Шабулдун колуна түшөм, андыктан мен үчүн пелиштиликтердин жерине качып баргандан артык эч нерсе жок. Ошондо Шабул мени аңдыганын коёт, Ысрайыл жеринен мындан ары издебей калат, анын колунан мен ошентип кутулам». Дөөт ордунан туруп, жанындагы алты жүз кишиси менен Гат падышасы, Маох уулу Акишке келди. Ошентип, Дөөт өз кишилери менен, алардын ар бири өз үй-бүлөсү менен, өзүнүн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил менен Гаттагы Акиштикинде жашап калды. Дөөттүн Гатка качып кеткенин Шабулга билдиришти, ошондон кийин ал аны издебей калды.
Шабул кылып жаткан ишинин туура эмес экендигин нечен ирет түшүнгөн эле. Бирок ал бийликтен ажырап калуу коркунучунан биротоло бошоно алган жок. Мына ушул алсыздыгы акыры анын түбүнө жетти десем жаңылышпайм. Баарынан өкүнүчтүүсү, Шабул бийликтин кумарына алдырып, Кудайдын Өзүнө каршы чыгып жаткандыгын түшүнгөн жок. Түшүнсө да ал бул чындыктан түрдүү шылтоолорду таап качты окшойт. Дөөт пелиштиликтердин жерине качып кеткенден кийин, балким Шабул: “Дөөт кетти, эми падышалыкты талаша турган эч ким жок” деп ойлогон болсо керек. Бирок аны падышалыктан алып жаткан Кудай экенин, ал өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде билди бекен, билбеди бекен? Шемуелдин Шабул үчүн кайгырганы эсиңиздеби? Мен анын абалын бир аз болсо да түшүнө алам, Шабулдун абалы абдан эле аянычтуу.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Debi   23 Октябрь 2011 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Окуяны улантып окуйлу.
Шемуел каза болуп, бүт Ысрайыл аза күтүп, аны өзүнүн шаары Рамага коюшту. Шабул болсо өлкөдөн сыйкырчылар менен төлгөчүлөрдү кууп чыкты.
Бул жалган дүйнөдөн узаган пайгамбарга көрсөткөн акыркы сыйым болсун дегенби же Кудайга ызаат көрсөткөнүм болсун дегенби, Шабул бул жолу туура иш кылгандай. Бирок Кудай алдына ырайым тапкысы келсе, чындап ага жаккысы келсе, адегенде Анын эркине каршы келген бардык тескери иштерин ирээтке келтиргени биринчи кезекте зарыл болчу. “Эми аныма кол шилтеп коёор” дегендей Кудай адам эмес да. Билбестиктен кылган иштер болсо да бир жөн эле го. Дөөттүн Ысрайылга падыша болуусу Дөөттүн өзүнүн эмес, Кудайдын каалоосу экенин, Шабул бир эле эмес, эки ирет өз оозу менен даана айтпады беле. Ошол эки жолкуда, дегеле Дөөттүн бардык жашоосунда падышалыкка эч кандай далалаты жок экендигин айкын көрүүгө болот болчу. Демек, Дөөттү падышалыкка коюп жаткан Кудай экендигинен эч шектенүүгө болбойт эле. Курган бийликтин кумары Шабулдун көзүн тумандатып, Кудайдын эркине каршы чыгууга азгырды. Тил албастыгынын айынан, Кудайды Рухунун жетегинен да айрылбады беле. Чындап Кудайга жагымдуу иш кылууга дитин бурса, мына ушуларды ирээттеши керек эле. Бийликти сүйүүчүлүгүнүн айынан бейкүнөө жанды өлтүрүүнү көздөгөнүн, Кудайдын каалоосун билип туруп, Ага каршы чыккандыгын, нечен ирет Кудай алдында сөз берип, айткан сөзүнө турбай убадасын бузгандыгын, дегеле Кудай алдында туура эмес деп, абийири ашкерелеген нерсенин бардыгын, өкүнүп-өксүп, жалынып-жалбарып Кудайдын алдына келип, айтуусу керек эле. Кечиримин өтүнүп сурашы керек эле. Шабул мына шунун бардыгын кантип бир жолку эле адилеттүү иши менен жууп койом деп ойлоду экен?! Кол шилтеп койгудай Кудай адам эмес экенин кантип ал түшүнө алган жок?! Мына ушул кылыгы эле, анын Кудайды урматтоосунун тайыздыгын айтып турган жокпу, кымбаттуу окурман?

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Debi   24 Октябрь 2011 - 20:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Шабулда дагы эле күнөөлүү табият үстөмдүк кылып турган. Ыйык Жазууну улантып окуйлу.
Пелиштиликтер чогулушту да, Шунемде кошуун болуп жайгашышты; Шабул болсо бүт Ысрайыл элин чогултту, алар Гилбояда кошуун болуп жайгашышты. Шабул пелиштиликтердин кошуунун көргөндө, коркуп, жүрөгү болк дей түштү. Ошондо Шабул Теңирге кайрылды, бирок Теңир ага түш аркылуу да, урим аркылуу да, пайгамбарлар аркылуу да жооп берген жок.
Кудайдын Шабулга буга чейинки берген жоопторунан эч майнап чыккан эмес. Шабул тескерисинче Кудайдын эркине каршы иштерди кылып келбедиби. Коркунучтуу абалда калганда жүрөгү оозуна келген Шабул Кудайга муктаж болду.
Адамдар Кудайга карата мамилебизде, кээде, балким көп учурда, ушунчалык абийирсиз, ырайымсыз болобуз. Мындай күндөрдө Кудайдын айтканын, Анын каалаганын кылууну экинчи орунга жылдырып койобуз. Жасаган ишерибизде Анан батасын сурап, Андан өтүнүүнү деле зарыл эсептебейбиз. Керек болсо, өз кызыкчылыгыбызга туура келсе, Анын эркине каршы да аракет кылгандан качпайбыз. Качан башыбызга бир кыйынчылык келгенде гана Кудайга үнүбүз жеткидей болуп жалбарабыз. Баарынан жаманы, Кудай кыйынчылыктан куткаргандан кийин, баары эле өзүнөн өзү болуп калгандай көрүп, Кудайды тез эле унутабыз. Мындай көрүнүш баарыбызга эле абдан маалым. Бул Кудайга карата мамилебизде кандай гана адилетсиздик! Атүгүл адамдар арасында да мындай мамилени барып турган абийирсиздик деп баалаар элек. Бирок Кудай тирүү! Мындай адилетсиздикке чек коюлушу керек. Мына ушул себептен да, Шабул соңку суроосуна Кудайдан жооп ала алган жок десек болот. Ушундан улам да, эмне себептен ал жоопсуз калып жатканын ойлонуп көрсө болот эле. Шабул буга кандай мамиле кылгандыгын көрөлү. Ошондо Шабул өз кулдарына: «Мага сыйкырчы аял издеп таап бергиле, мен ошого барып, ошондон сурайм», – деди.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 24 Октябрь 2011 - 20:06

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Debi   25 Октябрь 2011 - 22:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Эсиңиздерге сала кетейин, Шемуел пайгамбар көз жумгандан кийин Шабул өлкөдөн бүт сыйкырчыларды, төлгөчүлөрдү кууп чыккан эле. Демек алардын жасаган иши Кудайга жакпастыгын ал жакшы билген. Ошол ишти Шабул Кудайга жагууну көздөгөндүктөн жасабагандыгын, азыркы “сыйкырчы аял таап бергиле” деген буйругу ырастап тургансыйт. Айткан сөзүндө, жасаган ишинде туруксуздугу анын көптөн бери эле бош негизде, бош пайдубалда тургандыгын айгинелеп жаткандай. Бош негиз дегеним, бийликтин кумарына берилип, бул жашоодо эңсеген муратына, ырахатына, жыргалына Кудайдын батасысыз ээ болгусу келип, жан үрөбөдүбү. Адам үчүн жашоо ырахатынын туу чокусу Кудайдын батасы менен келерин, бийликтин кумарына көзү тумандаган Шабул көрбөй калды. Кудай-Теңир, Өзү жараткан адам заты Ээсинин көзөмөлүнөн чыгып, кыйынчылыкка кабылбашы үчүн берген көрсөтмөлөрдү сактоо ийгиликтин, жыргалчылыктын ачкычы экендигин Шабул билбей калды.
Дегинкиси Шабулдун көз ачык төлгөчү издеткендиги баарыбызга эле чоочун көрүнүш эмес. Көз ачык, төлгөчүлөргө кайрылбагандар арабызда саналуу гана болуш керек. Кудай билдирбеген нерсени билип алууга кылынган аракеттин өзү эле Кудайдын алдында кылмышка тете иш эмеспи. Биз билүүбүз зарыл болгон нерселерди Кудай бизден жашырбайт. Бирок керектүү убакта Кудайдын үнүн тыңшап жатабызбы? Кудайдын эркин бизге Кудай билдирбегенден эмес, өзүбүз уккубуз келбегендиктен билбей калып жатабыз. Эң жаманы алдыда боло турган нерсени Кудайдан, мындайча айтканда, ортого киши салып билип алгыбыз келет. Кудайга карата мындай мамиле Аны урматтоого жатабы? Тескерисинче, капа кылары шексиз. Дегеле Шабулдун окуясынан көргөнүңүздөрдөй, адам Кудайды укпагандыктан же Кудайдан алыстыктан турмушунда ушундай жарга такалат да, сарсанаага түшкөн абалдан чыгуунун жандалбасы кылып, көз ачык, төлгөчүлөргө бара баштайт. Атаганат, ушунун өзү абалдан чыгуунун жолу болбой эле, адам өзүн өзү торго түшүрүп жатканын билбей калат. Кудай билдирбеген нерселерди эмненин жардамы менен билсе болот? Жер үстүндөгү Кудайдан кийинки эле чоң күчкө ээ болуп турган амалкөйдүн таза эмес рухтарынын жардамы менен. Жакшылыкка эмес, жамандыкка. Сизди бушайман кылып, ойлонткон кырдаалдын аягы эмне менен бүтөрүн алдын ала биле койгуңуз келип, көзү ачыкка же төлгөчүгө барууну оң деп таап турсаңыз, алгач ойлонуп көрүңүз. Сизге окшогон эле адам эмне үчүн Кудайдан сиз тууралуу билип бериши керек? Болгондо да, Кудай сизден жашырып койгон нерсени. Кудай менен байланышууга башка адамдарда кандай мүмкүнчүлүк болсо, так эле ошондой мүмкүнчүлүктөр сизде да бар. Эгер сиз кайсы бир адамдын сиздикинен артыгыраак мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесеңиз, ушунуңуз менен Кудайды адилетсиз көрсөтүп жатасыз. Кудай жолунда жашап, Кудай Сөзүн дайыма окуп, Кудайдын эркин тааныган адамдын Кудай тууралуу сиз билбеген чындыктарды айтып бергенинин жөнү башка. Ал билген чындыктар сизден эч убакта жашырылган эмес. Билүүгө толук мүмкүнчүлүгүңүз ар качан бар. Ошондуктан, кымбаттуу окурман, келечегиңизди билүү үчүн, өзүңүзгө эле окшогон алсыз, ырайымга муктаж адамга кайрылуудан мурун, түйшөлткөн маселелериңизди келечегиңиздин, өткөн жашооңуздун, азыркыңыздын да Эгедери болгон Жараткан Теңириңизге тапшырыңыз. Анын адамзаттын жашоосуна канчалык кайдыгер эмес экендигин, атүгүл канчалык кийлигишерин, Шабулдун жашоосунан деле байкап жаткан чыгарсыз. Ал сиздин жашооңуз үчүн кайдыгер эмес. Сизге болгон чексиз сүйүүсүнөн да сизге эч качан кайдыгер боло албайт.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Debi   26 Октябрь 2011 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ыйык Жазууга кайрылып, Шабулдун кылыгы эмне менен бүткөндүгүн көрөлү. Пелиштиликтер болсо ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайыл эркектери пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылышты. Пелиштиликтер Шабулду жана анын уулдарын кууп жетип, Шабулдун уулдары Жонатанды, Аминадапты жана Малкишуаны өлтүрүштү. Шабулга каршы согуш катаал болду, аны жаа аткычтар атышты, ал аткычтардан катуу жарадар болду. Ошондо Шабул өзүнүн курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени сайып сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени өлтүрүп, маскара кылышат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени абдан коркуп турган эле. Ошондо Шабул өз кылычын алып, ага сайынып жыгылды. Курал көтөргөн жигити Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына жыгылып, аны менен кошо өлдү. Ошентип, ошол күнү Шабул, анын үч уулу жана курал көтөргөн жигити, ошондой эле бардык кишилери аны менен кошо өлүштү.
Мына ушинтип, Ысрайылдын алгачкы падышасы Шабулдун бул дүйнөдөгү күнү бүттү. Эрксизден Дөөттүн Шабулду экинчи жолу колго түшүргөндөгү сөздөрү эске түшөт. Сиздин эсиңиздеби? Ал мындай дебеди беле: Теңир тирүү! Аны Теңир Өзү өлтүрсүн, же анын өлөр күнү келет, же согушта ажал табат! Теңир Өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин.
Дөөттүн ошондогу айтканы келип, Шабул согушта ажал тапты. Окурманым, сизге суроом бар. Кандай дейсиз, Шабулду Кудай өлтүрдүбү? Жок. Шабулду жогоруда укканыбыздай, душмандары өлтүрдү. А Кудай канча ирет ага душмандарынын үстүнөн жеңиш берди эле?! Анын Сактоочусу, Коргоочусу болгусу келген. Бирок Шабул Кудай тарапта болгон жок. Көп ирет Анын каалоосун билип туруп, Анын эркине каршы аракеттерди жасады. Кудай менен болууга жасаган далалаты өзүнүн күнөөлүү каалоолорунун алдында басырылып кала берди. Албетте, Кудай Шабул жасаган иштерди кубаттай алмак эмес жана Өзүнө жаккан ишке мажбурламак да эмес. Адамга ак-караны айырмалагыдай акыл-эс берген. Шабул нечен ирет Кудайдын каалоосу кандай экенин ачык түшүнбөдү беле. бирок ал ушул жолду өзү тандап албадыбы. Эхх, Шабул. Кудай акырында Шабулду жөн гана жайына койду. Натыйжада душмандын жебелери аны алсыратып, ай-талаада бүгүлттү. А Дөөт.. Дөөт болсо бир ырында: “Теңир мени менен, мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат”, – деп ырдаган эле. Шабул: “Теңир мени менен!” деп, Дөөт өңдүү ишенимдүү айта алат беле? Кайдан, антип айта албайт эле. Анткени, Кудай тарапта болгон жок да, билип туруп, Кудайдын эркине нечен ирет каршы чыкпадыбы. Дөөт болсо дээрлик бардык учурда өз кызыкчылыгын эмес, Кудайга эмне жагарын ойлоду. Өз кызыкчылыгы дегеним, кас душманы болуп жүргөн адамдын жаны алаканында турганда бейкүнөө өлтүрүү үчүн артынан түшүп, тынчтык бербей жүргөн немени бир сайым менен көзүн тазалоого Дөөт кызыкдар эле болсо керек. Бирок Кудайдын каалоосун бардыгынан биринчи койгон Дөөт андай кылуудан баш тартты. Башкача айтканда, Шабул чындап күнөөкөр болуп жатса, Кудай көрүп турат, жазалай турган сот Кудай деп, Теңирге тапшырган. Душманын колго түшүргөн адам аны аман соо койо бермек беле деп, атүгүл Шабул өзү да таң берген эле ошондо. Ошондо эле көрүп көзү жеткенине жараша туура иш кылса, минтип өз кылычына өзү сайылып, талаада калбайт эле.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Debi   27 Октябрь 2011 - 22:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Шабулдун өмүрүнүн аянычтуу бүтүшүнө өзүнөн башка кимди күнөөлөсө болот? Албетте, өзү гана күнөөлүү. Мындай тагдырга туш болгон жалгыз эле Шабул эместир. Кейиштүү тагдырга кез келип, күнөөлүүлөрдү такыр башка жактан издегендер арабызда арбын. Өздөрүнүн кайгысы үчүн, атүгүл, Кудайдын Өзүн күнөөлөгөндөр четтен чыгат. Кымбаттуу окурман, Шабулдун окуясынан улам, адам баласынын жашоосундагы кайгынын кайсы бир себептерин түшүнгөндүрсүз. Мен адам баласынын жашоосундагы кайгынын эң негизги себеби – Кудайды укпастык деп билем. Шабулдун тагдыры да мына ушуну тастыктап турат.
Падыша көз жумду. Дөөттүн такка келер мезгили эми жетти го. Ысрайыл элинин тарыхында, дегеле, бүтүндөй адамзаттын тарыхында орунттуу орду бар жаркын инсандардын бири, даңазалуу падыша Дөөттүн такка келгендиги туурасында айтууга да убакыт келип жетти. Кудайдын каалоосундагыдай болуп табылган бул өзгөчө адамдын тактыга келүүсүнүн баянынан кандай падыша элдин бакубат жашоосуна өбөлгө боло ала тургандыгынын үлгүсүн көрө алабыз.
Шабулдун өлүмү – Дөөттүн өлүмүн издеген адамдын өлүмү эле. Шабулдун айынан Дөөт өз элинен бөлүнүп, пелишти жерин байырлап жүргөн болчу. Эми аны куугунтуктаган адам көз жумду. Андан ал биротоло кутулду. Дөөт муну укканда сүйүнөт деп ойлойсузбу? Кандай болгонун Ыйык Жазуудан окуйлу. Ошондо Дөөт өзүнүн кийимин кармап туруп, айрып жиберди, жанында турган кишилер да ошондой кылышты. Алар кылычтан өлгөн Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп, Теңирдин эли жана Ысрайыл тукуму үчүн боздоп ыйлап, кечке чейин орозо кармашты.Дөөт Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп ыйлады.
Окурман, көрсө Дөөт: “Ушуну көрмөк, жөн жерден мени өлтүргүсү келди эле, Кудайдын көзү түз экен” дебептир. “Эми менин падышалык доорон сүрөөр мезгилим келди” деген да эмес экен. Ал анын өлүмүн тилеген адамды – Шабулду жоктоп ыйлаган экен. Кайгыга батып, ыйын ырга салган экен.
Оо, Ысрайыл сенин сыймыгың бийиктиктериңде өлтүрүлдү. Күчтүүлөрүң кандай кулады. Жарадарлардын канысыз, күчтүүлөрдүн майысыз, Жонатандын жаасы кайра артка кайтчу эмес. Шабулдун кылычы кынынан бекер суурулчу эмес. Алар бүркүттөрдөн учкул, арстандардан күчтүү жандар эле. Ысрайыл кыздары силерге кочкул кызыл жана кооз кийим кийгизген, кийимиңерге алтын жасалгаларды тактырган Шабулду жоктоп ыйлагыла. Күчтүүлөр майданда өлүштү. Сенин бийиктиктериңде Жонатан өлтүрүлдү. Бир боорум Жонатан, сен үчүн аза күтөм. Сен мен үчүн абдан кымбат элең. Сенин сүйүүң мен үчүн аялдын сүйүүсүнөн артык эле. Күчтүүлөр кулады. Согуш куралдары кыйрады.
Аны өлтүрүү үчүн издеген адамдын өлүмүнө Дөөт мына ушинтип ыйлады. Дөөттүн жүрөгү Кудайга жагарлык болуп табылганы бекеринен эмес экенин ушул көрүнүш да ырастап турат. Кудай Өзү аны Шемуел пайгамбар аркылуу падышалыкка дайындабады беле. Андан берки Дөөттүн өткөргөн өмүрү адамдын көз карашы менен алганда, Кудайдын аны падышалыкка дайындаганынан шектенүүнү туудурмак. Ойлоп көрсөңүз, падышалыкка майланган күндөн баштап, анын өмүрүнө коркунуч туулду. Куугунтукка алынды. Бирок бул анын Кудайына таазим кылып, табынып жашоосуна кенедей да кедерги боло алган жок. Аны өлтүрүү үчүн артынан түшүп издеп жүргөн Шабулду биринчи жолу колго түшүргөнүндө, Кудайдын майланганы деп ага кол көтөрбөй, Теңирге тапшырып коё берди. Бирок ушуну менен эле анын жашоосу тынчып калган жок, кайрадан качып жүрүүгө аргасыз болду. Аны өлтүрүү үчүн издеп жүргөн Шабулду экинчи ирет колго түшүрдү. Экинчи ирет ага кол көтөрбөй, анын жанын аман калтыруу менен, ага душман эмес экенин далилдеди. Дөөт Кудай үчүн мына ушундай кылды. Бирок, бул жолу деле, анын жашоосуна тынчтык келген жок. Тоо-ташта жашынып күн өткөрүп жүргөн ал куугунтук басылбагандыктан акыры өз элинен бөлүнүп, бөтөн эл, бөтөн жерге барып, бүгүнкү биздин тил менен айтканда саясий башпаана таап, жайланышууга аргасыз болду. Дөөт Кудайга: “Мен Сага жакканга эле аракет кылып, Сен каалагандай эле кылып жаткансыйм, кана эми Сенин коргогонуң? Дале болсо качып жүрөм, дале болсо менин жанымды издеп, артымдан кууп жүрүшөт” дебептир. Ал Кудай үчүн кылган иштерин, ордуна кайра Кудайдан бир нерсе алуу үчүн эмес, жөн гана Аны сүйгөндүктөн, Ага таазим кылып, табынуу үчүн кылган. Ал Кудай эч качан жаңылбасын, эч качан кечикпесин билген.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Debi   28 Октябрь 2011 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

“Арстан менен аюудан куткарган Теңир, мени бул пелиштиликтин колунан да куткарат” деген сөздөр ушул Дөөткө таандык. Эсиңизде болсо ал бул сөздөрдү, пелиштилик атактуу балбан менен жекеме жеке чыгарда айтпады беле. Бул сөздөрдү айткан кезде, ал талаада кой кайтарып жүргөн жаш бала эле. Анын Кудайы канчалык күчтүү, ишенимдүү, канчалык даңктуу Кудай экенине ал ошол кезде эле ынанган. Кудай аны падыша болосуң дей электе эле, талаада кой кайтарып жүргөнүндө эле, ал Кудайын сүйгөн, ошондуктан анын жашоосундагы кыйынчылыктар канчага чейин уланса деле, Кудайын терең урматтоосуна шек туудура алган эмес. Тескерисинче ал ушундай учурда деле, Кудайынын коргоочу, сактоочу, адилеттүү колдорун көрүп жатты. Шабулду колго түшүрүп, бирок тийбей кайра койо бергенден кийинки сөздөрү эсиңиздеби? Ыйык Жазуудан ошол үзүндүнү ортого салайын. Теңир ар бир адамга анын адилеттүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө жараша берсин. Анткени Теңир сени менин колума салып берген. Бирок мен Теңирдин майланганына кол көтөрүүнү каалаган жокмун.
Дөөт Кудайын чын дилинен сүйгөн. Шабул өлгөндөн кийинки окуяны улантайын: Ушундан кийин Дөөт Теңирден: «Жүйүт шаарларынын бирине барсам болобу?» – деп сурады.
Анын падыша болушу Кудай тарабынан мурда эле буюрулганын билсе да, ал Теңиринен өтүндү. Ал өзүнө Кудайдан өтүнбөй туруп, Кудайдын эркин сурабай туруп кадам таштоого жол бербеди. Анын каалаганы падышалык такты эмес, Кудайдын эркин аткаруу экендигин ушундан улам дагы бир жолу көрүп турабыз.
Теңир ага: «Баргын», – деди. Дөөт дагы: «Кайсынысына барайын?» – деп сурады. Ал: «Хебронго», – деп жооп берди.
Дөөт келип, Хебронго жайланышат. Ошентип, Кудай тарабынан Шемуел аркылуу падышалыкка майланган Дөөттүн тактыга келер мезгили акыры келип жетти. Ыйык Жазууда мындай деп жазылат: Ошондо Жүйүт эркектери келип, Дөөттү ошол жерде майлап, Жүйүт тукумуна падыша кылышты.
Байкадыңызбы окурманым, Дөөттү жүйүттүктөр келип падыша кылышты. Ал өзү падышалыкка умтулган да жок. Дегеле ал падышалыкка ашыкты беле? Анын атагын чыгарып жашоонун чоң шарына кошкон, баягы пелиштилик алп менен жекеге чыкканын эстеңизчи. Анда ал кыл чайнашкан майдан талаасына күчүн сынап көрүү үчүн, өз өнөрүн көрсөтүү үчүн келди беле? Тескерисинче, балким андай майдандарга жараксыз деп табылганбы, кой кайтарып үйдө калган эле. Аны атасы тамак жеткиргенче, агаларынын ал-абалын сурап келүүгө жумшаган. Кудай анын так пелиштилик балбан Кудайдын эли болгон Ысрайыл элин маскаралап, жекеме жеке согушууга чакырып жаткан мезгилде келүүсүн буюрган экен. Ошол жерден анын Кудайына карата кызганычы ойгонуп, Кудайынын даңкы үчүн жекеге чыккан эле. Аны ал балбанга каршы чыгарган андагы Кудайга болгон терең таазим, сүйүү болгон. Бир насаатчынын айтканындай, анын колундагы ташты Кудай багыттады. Кудайына таянып, пелиштилик балбанды жеңген. Ошондо жоодон жеңиштин шаңы менен келе жаткан эл: “Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди” деп кыйкырышкан. Ошондо Дөөт эл оозуна алынган. Дөөттүн андан берки өмүр жолунда деле, жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, байлыкка же бийликке умтулган учурун жолуктуруу кыйын. Ал болгону, жараткан Теңири менен таттуу мамиледе болду. Өзүнүн ырларынын биринде жазгандай, Анын алдында күнөө кылбаш үчүн, Анын мыйзамдарын жүрөгүнө катып жашады. Мынакей, анын жашоосундагы ийгиликтердин ачкычы, мынакей, бир кездеги койчунун падышалык даражага жетишинин себеби. Мынакей кымбаттуу окурман, биз сөз кылып келе жаткан бакубат өмүрдүн ачкычы – адамзатынын жараткан Теңири менен таттуу мамилеси.

Уландысы бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 28 Октябрь 2011 - 23:48

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Debi   30 Октябрь 2011 - 19:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ааламдын эң жогорку падышасы ар бир адамдын бакубаттыгын камсыз кылгысы келет. Мына ушул ишинде колдонгон падышанын орду чоң болору шексиз. Падыша болууну самаган эмес, падышанын милдетин аткарып, кылган иши менен падышалыкка татыган адам гана падыша болгонунда элдин мүдөөсү орундалмак. Падышалык “Куп болот таксыр” деп күйпөлөктөгөн жан жөкөрлөрдүн коштоосунда, кол менен гана жаңсап, баш ийкеп же чайкап бийлөөчү бир өлкөнүн үстүндөгү чексиз бийлик, ченемсиз дөөлөт эмес, бүтүндөй бир элдин жүгүн өз мойнуна алып, ошол элдин опол тоодой түйшүгүн тартуу экендигин түшүнгөн адам гана тактыга келгенинде, элдин жашоо турмушу оңолмок. Андай падыша Кудайдан болот. Пайгамбар падыша Дөөттүн таржымалы сизге так ушуну айтып турган жокпу, кымбаттуу окурман? Түбөлүктүү падышанын мыйзамынын алдында жашаган ал, ошол Улуу Падышанын буйругу менен падышалык тактыга келди. Ошол доордогу Ысрайыл элинин жашоосу бейкутчулуктун эң эле бийиктигинде болгондугун тарых тастыктайт. Бирок Кудайдын планы ошол гана беле? Жок. Кудай Теңир адамзатын түбөлүк бакыбаттык менен камсыз кылгысы келет. Жүрөгү Кудайдын каалоосундагыдай болуп табылган Дөөт падышанын тактысын Кудай мына ушул түбөлүктүү, улуу иштерине үлүштөш кылды. Күнөөнүн айынан Эдем багындагы ажайып бейпилчиликке доо кетип, жер каргышка калбады беле. Ошол каргашанын кайгылуу кесепеттерин биротоло жоюу үчүн, бүткүл адамзаттын күнөөсүнүн кунун өз канын төгүп төлөө үчүн бул дүйнөгө келген Ыйса Машайак мына ушул Дөөттүн тукумунан чыгарын Кудай буйрук кылган. Ошол куткаруу иши иш жүзүнө ашып, жападан жалгыз жазыксыз жан болгон Ыйса Машайак мындан 2010 жыл мурда келип, биздин күнөөлөрүбүз кечирилиш үчүн, Кудай Өзү берген курмандык козу болду да, курмандыкка чалынды. Эң жогорку Падыша сиздин күнүмдүк эмес, түбөлүк жыргалчылыгыңыз үчүн кам көргөн падыша. Сиз кубанууга эң сонун себебиңиз бар. Анткени падышалардын Падышасы, төрөлөрдүн Төрөсү, бүт жер жүзүнүн улуу Өкүмдары – сизди сүйгөн Кудай! Ал – чындап сиздин бакыбаттыгыңыз үчүн кам көргөн падыша! Кымбаттуу окурман, сиз кайсы падышадан үмүттөнөсүз? Мына ушул падышанын мыйзамын кабыл алып, бийлигине баш ийет белеңиз?

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Debi   31 Октябрь 2011 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Падышабы, же азыркыча айтканда президент болобу, дегеле эл башында турган адамы жок эч бир өлкө, эч бир калк болбосо керек. Анан да ошол элдин бейпилчилиги, жашоосунун бакубаттыгы, эл башында турган адамга кыйла эле көз каранды эмеспи.
Билгенге тактысы түбөлүктүү, эң адилеттүү, эң акылман, эң эле боорукер, эң жогорку Падышабыз – Кудайдын бийлигинин астында болуу анык бакубаттыктын ачкычы. Жашоонун чыныгы жыргалы ошол. Эл башына кандай адам келбесин, сенин үмүтүң ал адамда эмес, Кудайда болот. А Кудай үмүттү ар качан актоочу Падыша. Тилекке каршы, бардык эле адамдар бул өзгөчө ээлигинен колдоно беришпейт. Менин бул, Библиядагы падышалар таржымалынан алган сабактарым дал ошол, аларга тиешелүү ырайымдан куржалак калып жаткан адамдарга арналат. Аларды чыныгы бакубаттыктын булагына багыттагым келет. Падыша Кудайдан корккон адам болсо, элдин бакубаттыгына тийгизген таасири канчалык болор эле? Адамзат тарыхындагы таржымалы Кудайдын Ыйык Жазуусуна кирген падышаларды алып, мына ушул өңдүү суроолордун жообун издегенибизде, Ыйык Жазуу маанилүү чындыктардын чоң казынасы экендигине дагы бир жолу ынанабыз. Ыйык Жазуу сизге айтып берген чындыктарды казып бүтпөспүс, улам алган сайын жаңысы чубалып чыга берет, чыга берет. Сөзүм сонуна жакындап, буга чейинки айтылып келген кебимди жыйынтыктаганча, дагы бир нече маанилүү үлгүлөрдү белгилегени турам. Сөз сүйүктүү каарманыбыз Дөөт тууралуу болмокчу.
Дөөт Кудайдын каалаганындай адам болуп табылып, Кудай аны Шемуел пайгамбар аркылуу падышалыкка Өзү дайындаган эле. Бирок ал падышалыкка дайындалган убактысы менен такка келген убактысынын ортосунда көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. “Кандайча мындай болуп жатат? Мени падышалыкка башка эмес, Кудай Өзү дайындабады беле? Кудай айткандан кийин аткарылышы керек эле да. Же Кудай жаңылышып калдыбы?” деген өңдүү суроолорду Дөөт бир ирет да өзүнө жакын жолоткон жок. Кудайды сүйгөндүктөн, жашоосунда болуп жаткан бардык кыйынчылыктардан Кудайга ишенимдүү болуп чыгууга тырышты. Ал бийлик, дөөлөт, мансапты каалагандыктан эмес, Кудайдын эркин аткаруу үчүн гана падыша болмок. Ал үчүн Кудайдын осуятын бузбоо, Анын ыйык эркин аткаруу, кандай учур болбосун, биринчи кезекте эле. Көрсө, жашоосун толук Кудайдын эркине тапшыруу деген мына ушундай болот тура. Кудайдын эч качан жаңылбастыгына ишеними солк этпегидей болуп бекемделгени да, жашоосун Кудайга толук тапшырганынын жыйынтыгы экендиги талашсыз. Ооба, Кудайга терең ишенген адам Кудайдын канчалык ишенимдүү экенин билбей койбос. Дөөттүн ишенгениндей эле Кудай эч качан жаңылбайт. Анын айтканы аткарылбай калбайт. Ал падыша болот дедиби, демек, эртеби, кечпи, ал сөзсүз падыша болмок. Ошентип ал падышалык такка келип, Ысрайыл элинде 40 жыл падышалык кылды.
Кандай дейсиз, Кудай Дөөттү башкаларга караганда көбүрөөк сүйгөндүктөн падыша кылдыбы? Жок, Дөөт Кудайды башкаларга караганда көбүрөөк сүйгөндүктөн падыша болду. Ушул жерден бир нерсе тактоону талап кылат. Биз, адам баласы, бизди урматтап, сыйлап тургандарга жакшылык кылуу, аларды жакшы көрүү канчалык жеңил экенин жакшы билебиз. Балким сиз анда Кудай деле Өзүн сүйгөндөргө башкача, сүйбөгөндөргө башкача мамиле кылат турбайбы деп ойлоп калгандырсыз. Эми карап көрөлүчү, Дөөттүн Кудайды сүйгөнү Кудай үчүн канчалык маанилүү эле да, Дөөттүн өзү үчүн канчалык маанилүү эле? Кудай Өзү – сүйүү. Бардыгы сүйүүнүн негизинде болушу – Анын ыйык эрки. Ал эми Дөөттүн Кудайды сүйгөндүктөн Анын осуяттарын аткарганы аны жаштайынан таза сактады. Кудайдын пендесин сүйгөн Кудай экенине, ар качан ишенимдүү Кудай экенине ишеними бекемделди. Ошол ишениминин негизинде кайтарып жүргөн кой, козуларына арстан тийген күндөрүндө да, Кудайына таянып козуларын арстандын оозунан, аюунун тырмагынан сактап калган күндөрү болду. Бул анын Кудайга болгон сүйүүсүнүн үзүрү. Мындай ийгиликтерине жетишишине анда башкалардан айырмаланган артыкчылыктар же мүмкүнчүлүктөр бар беле? Жок. Болгону ал жашоосунун бардык учурларында ага таянды, ага тапшырды. Ал Кудайынан дайыма жооп алып турду. Анткени ал ага кайрылчу. Мындай таянычты Кудай ар бир пендесинен күтөт. Ар бир пендеси бакубат жашашы үчүн, бата бергиси келет. Дөөткө бергендей эле батаны Кудай бардык башкаларга бергиси келет. Берип да келет. Аларга күнүмдүк жегенге наны, ичэр суусу болсун деп, Ким бата берип жатканын алар билишпейт. Бирок ага карабастан эле, Кудай батасын, мээримин төгүп келет.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Debi   03 Ноябрь 2011 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Биз Кудайдан бата сурайбызбы? Же өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн күнөөлүү иштерди кылгандан кайра тартпайбызбы? А күнөөлүү иштер үчүн Кудайдан бата сураганга батынбастырбыз. Кептин баары мына ушунда. Биз көп учурда батанын ордуна өз башыбызга өзүбүз кайгыны тандап алабыз. Сөзүбүздү бакубат өмүр үчүн эл башында турган адамдын орду канчалык экендиги тууралуу ой жүгүртүүдөн баштаган элек. Ооба, эл башында турган адамдын элдин бейпилчилиги үчүн ээлеген орду чоң эле деңизчи, бирок эң жогорку Падышанын бийлигинин алдында болуу, анык бакубаттыктын ачкычы экендигин Дөөттүн жашоосу да ырастап турат. Эмесе ошол туурасында да азыноолок сөз кылалы. Оболу Дөөттүн эң белгилүү забурун эске салалычы: Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм.Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат. Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат. Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом.
Ажайып забур, ыраспы окурман! Теңир менин Кайтаруучум, мен эч нерсеге муктаж болбойм... Ошол мезгилде ысрайыл элинде Шабул падышалык кылып турган. Ал Шабул менин падышам, мен эч нерсеге муктаж болбойм деген жок. Биз, адамдар кээде падышага мына ушунчалык таянгыбыз келет. Өзүбүзгө эле окшогон, белгилүү бир алсыздыктары бар адамдан анын мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары нерсени талап кылып жатканыбызды дайыма эле түшүнө бербейбиз. Акырында үмүтүбүз таш каап, ишеничибизди актаган жок деп да күнөөлөйбүз. Биз үчүн улуу сүйүү менен камкордук көргөн Падышага ишенич артканга эмнегедир моюн жар бербейт. Ишеничти, үмүттү толук актай турган падыша – жалгыз гана Кудай Теңир. Муну Дөөт падыша жакшы түшүнгөндүктөн өз жашоосунда нечен ирет ырастай алды. Кудайдын пендесине батасынын молдугу Дөөттүн жашоосунан көрүндү. Башкача айтканда Кудай Теңир адам баласына берчү батага Дөөт көбүрөөк ээ боло алды. Мына ушундай жол менен пендесин сүйгөн кудуреттүү Теңир, Дөөт аркылуу даңкталды. Дагы да айта кетсем, муну менен Кудай Өзүнө даңк издеген жок. Болгону качан адам баласы Ага таянып, Андан бата сурап жашаганда Анын иштери көрүндү да, Аны даңктады. Кудай көбүнчөбүз ойлогондой адамга алыстан көз салып, “Бул жандыктар эмне кылышар экен” деп карап турбайт экен. Биз ойлогондон алда канча башкача. Ал, атүгүл, адам баласы менен биргелешип иш алпаргысы келет. Адам баласы мына ушуга, Кудай Теңири менен мамилешүүгө арналып жаратылган. Дөөт – жашоодо туура ордун тапкан адам заты. Мына ушул жолдон адам баласы адашып калган. Окурман, кубанычтын толуктугуна ээ болууга эң сонун себебибиз бар. Бул адашуу кайра ордуна келгис бузук эмес. Адамзат адашкан боюнча тентиреп жүрө берүүсүн каалаган жок. Кудай Теңирдин кылым карытып, адам тукумунун улам жаңы муунуна карай өнүктүрүп келе жаткан улуу иштеринин туу чокусу – бүткүл адамзатынын, алардын арасында сиздин күнөөлөрүңүздүн кечирилиши. Мына ушул улуу иштерине Кудай Теңир Дөөттү да үлүштөш кылды. Дөөт бул жашоодо өз ордун туура тапты дегеним ушул эле. Кудай Теңир аны менен биргелешип иш кылды. Кудай Теңирдин иштери түбөлүктүү. Ал утурумдук иш кылбайт. Демек Дөөттүн да кылган иштери түбөлүктүүлүккө тийиштүү болуп калды. Ал эмне иштер эле?

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Debi   05 Ноябрь 2011 - 22:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Демек Дөөттүн да кылган иштери түбөлүктүүлүккө тийиштүү болуп калды. Ал эмне иштер эле? Биз жогоруда айтып өткөн адамзаттын күнөөсүнүн кечирилиши. Жазуудан окуйлу. “Мен өзүмдүн тандап алган адамым менен келишим түздүм. Өз кулум Дөөткө ант бердим. Сенин тукумуңду түбөлүккө бекемдейм. Тактыңды укумдан-тукумга орнотом. Ыйык Жазуудагы Жеремия пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган. Күн жөнүндө, түн жөнүндө түзгөн өзүмдүн келишимимди жана асман менен жердин мен койгон мыйзамын бузууга мүмкүн болбогон сыяктуу, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын тукумунан падыша койбошу үчүн, Жакыптын жана Өзүмдүн кулум Дөөттүн тукумун четке кагышым да мүмкүн эмес. Бүтүндөй дүйнөнүн күнөөсү үчүн курмандыкка чалынган, үч күндөн кийин тирилип, түбөлүккө тактыга отурган Ыйса Машайак мына ушул Дөөттүн тукумунан келди.
Кымбаттуу окурман, өмүрүңүздө күн чыкпай калган кайсы бир күн болду беле? Күн батпай, караңгылык каптабай калган убак эсиңизде барбы? Кудай койгон бул жаратылыш мыйзамын бузууга мүмкүн болбогон сыяктуу, Анын бир да убадасы бузулуусу мүмкүн эмес. Такыбаа кыз Мариямга Жебирейил периштенин келгени бардык эле кыргыз баласына белгилүү болсо керек, периштенин сөздөрүнө көңүлүңүздү бурсам:
Ал улуу болот жана бардыгынан жогору Тургандын уулу деп аталат. Кудай Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет. Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышалык кылат. Анын падышалыгынын чеги болбойт.
Окурманым, сөз Ким туурасында болуп жаткандыгын түшүнгөн чыгарсыз. Падышачылыгы чектелбеген Ыйса Машайак сизди сиз суусап келген адилеттүү, түбөлүктүү падышалыгына өткөрүп алуу үчүн, күнөөңүздүн кунун төлөп койгон. Чечим чыгаруу эрки өз колуңузда.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Таллас   30 Ноябрь 2011 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Менин суроолорума жооп болобу?
Башка суроо бере берсем болобу же бул тема "пайгамбарлардын тарыхы" болуп аталып, ал эми менин суроолорумду башка темага жылдыралыбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 30 Ноябрь 2011 - 23:24

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Таллас   01 Декабрь 2011 - 08:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ого!
Мына бир аз жылыш бар. Бирок, мен сиздин жоопторуңуз онли ин рашшн язык болгонуна жараша аракет кылсам, анда жалаң копипейст менен шугулданган болуп калам. А мен сизге окшошкум келбейт Сүрөт. А менде копипейст кыла турган маалыматтар итапкан экенинин четин чыгара кетейин.

Ал эми Барнабанын Инжили өзүнчө сөз кыла турганга арзыйт. Анын эмнеге чиркөө тарабынан куугунтукталганы. . эмнеге христиан дүйнөсу тарабынан игнорго кеткени ( :) ), ж.б. Мен аны майда-чүйдөсүнө чейин жазып бергенге аракет кылам.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Таллас   01 Декабрь 2011 - 08:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ал эми Ахмад Дидат боюнча..
Сиз бир пайгамбарды билесизби өмүрүнүн кыйла бөлүгүн (тактап жазып коём канча убакыт экенин) шал болуп жатып өткөргөнүн. Анын оорусунан адамдар качып аны бөлүп салганын?.. Сиз ойлойсузбу аны Аллах жазалады деп?.. Сиз аны сыноо деп ойлоого даай аласызбы? Негизи жазанын чыны жана чоңу тиги дүйнөдө болот экенин танбайттырсыз?

Суроого суроо менен жооп берген болуп калдыбы э? Сүрөт


Ал эми эмне үчүн ошол кишинин, т.а. Ахмад Дидаттын суроолоруна бир дагы (!) епископ, поп, священник дегендер мукактанып болсо да жооп бере алган эмес?.
Сиз аракет кылып көрөөсүз, балким?

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   khamza   30 Январь 2012 - 02:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 30 Январь 12
  • Соңку аракети: 30 Янв 2012 02:27

Деби еже кандайсыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Debi   08 Февраль 2012 - 22:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения khamza (30 Январь 2012 - 02:23) жазган:

Деби еже кандайсыз?

Кудайга шугур, жакшымын. болгону интернетке туташпай журом. Бул болумду унута элекмин, буюрса кайрадан туташып калармын. анан жакшылап таанышалы. анан мен "еже" эмесмин :)
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Daud   16 Февраль 2012 - 14:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (05 Ноябрь 2011 - 22:32) жазган:

Ыйса Машайак мына ушул Дөөттүн тукумунан келди.


Кудай Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет.



Эгер Дөөттүн тукумунан келген болсо, демек Иса (алейхис-салам) адам баласынын тукумунан жаралган адам. Эч кандай кудай эмес.





Цитата

Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышалык кылат. Анын падышалыгынын чеги болбойт.


Бул эки сүйлөм бири-бирине каршы келип жатат. Биринчи сүйлөмдө Жакыптын тукумуна деген чектөө бар. Ал эми экинчи сүйлөмдө анын падышачылыгынын чеги жок деп ал чектөө алынып салынган. Муну кандай түшунсө болот?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Kredo   23 Февраль 2012 - 02:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 30 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 15 Янв 2015 20:03

Талас сен аябай сонун ой жугуртот экенсин ! Бирок шариктери бар адам исламга келишкен дегенине кошула албайм . Сен мусулман адамдардын гана шариктери бар деп атасын туурабы? Шариктери бар адам кандай болот өзү ? Анын шариги барбы жокпу кантип билиш керек, же исламдагылардын баарыныкы шариги бар а калгандарыныкы жок дей берелиби?
Библияда ката бар дейсин, курандын каталарын тапкандар деле толтура го, аны эмнеге айткын келбей атат же шариктери барлар библия окуп кетет деп коркуп атасынбы? Сен меники туура башкалардыкы туура эмес дебей баарын ойлон, да дүйнө жүзү боюнча канча дин бар билесинби? Алардын баары өзүнүкүн туура дейт, аларга силердики туура эмес деп айтып койсон эле башка динге өтүп кетпейт да туурабы?! Эгерде ошентип бир кишинин айтканын угуп эле, өзү изилдеп көрбөй эле, башка динге өтуп кетсе мына ошондой адамдарда шарик жок болот десен окшошот, анткени ал өзүнүн ой жүгүртүүсү менен эмес бирөөнүкү менен жашайт! Ошондуктан Талас ака башкаларды көп басынтпай , биздики эле туура дей бербейли макулбу доске?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   kipchak   23 Февраль 2012 - 03:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 871
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 08 Сен 2014 23:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалал-Абад

Ушунун ордуна Курандагы аяттарды жазалы деп тема ачсак болот го? Библия менен мусулмандардын иши деле жок деп ойлойм...лично мен...мага Куран турганда анын эмне кереги бар



"First think then speak."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 22:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: