Библияга (Християндарга) суроом бар
#1461 17 Июнь 2013 - 10:09
#1462 17 Июнь 2013 - 10:10
Же Хидаятул Кураан деген тафсир китепти окушунуздарды сунуштап кетем.
#1463 17 Июнь 2013 - 10:14
teltaeb (17 Июнь 2013 - 10:10) жазган:
Же Хидаятул Кураан деген тафсир китепти окушунуздарды сунуштап кетем.
Рахмат,жообунарга, эмне учун пайгамбарды келип туруп кудай деп сыйынгандарына танмында..... .ошого биогравиясын окуп коюн дегем......! !!!!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#1464 17 Июнь 2013 - 22:54
Библияда бул жөнүндө эмне деп айтылат?
Иса пайгамбардын душмандары аны өзүн Кудайга теңеп жатат деп күнөөлөшкөн (Жакан 5:18; 10:30—33). Бирок Иса пайгамбар эч качан өзүн Кудуреттүү Күчтүү Кудайга теңеген эмес. Ал: «Атам менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28).
Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары да аны Кудуреттүү Күчтүү Кудай менен бирдей деп эсептешкен эмес. Мисалы, элчи Пабыл Кудай Иса пайгамбарды тирилткенден кийин «аны ого бетер жогорулатканын» жазган. Демек, элчи Пабыл Иса пайгамбарды Кудуреттүү Күчтүү Кудай деп эсептеген эмес. Эгер Иса пайгамбар Кудуреттүү Күчтүү Кудай болсо, аны ого бетер жогорулатуу мүмкүн болот беле? (Филипиликтер 2:9).
Мисалы, Жакан инжилинин 1-бөлүмүнүн 18-аятында эмне деп жазганына көңүл бурсак. Ал жерден: «[Кудурети күчтүү] Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес»,— дегенди окуйбуз. Ал эми Ыйсаны, Уулду, адамдар көрүшкөн, анткени Жакан өзү: «Сөз [Ыйса] адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын... көрдүк»,— деп жазган (Жакан 1:14). Анда Уул кантип кудурети күчтүү Кудай боло алат эле? Андан сырткары, Жакан Сөздүн «Кудайда болгонун» айткан. Бирок кандайча кимдир бирөө бирөөнүн ичинде, ошол эле учурда анын өзү да боло алат?
#1465 17 Июнь 2013 - 22:57
(АгаАлла тааланын саламы болсун)
Исаалейхиссалам Исраил уулдарына жиберилген, Курани Каримде аты аталганпайгамбарлардан. Пайгамбарлардын арасынан эң чоң жогорку даражада турганҮлүлаазым деп аталган алты пайгамбардын бешинчиси болуп эсептелет. ЭнесиАзирети Мариям болгон. Алла таала аны атасыз жаратат. Кудус деген жердетөрөлөт. Отуз жашында пайгамбар болот. Ага Инжил аттуу китеп жиберилет. Отуз үчжашында тирүү бойдон асманга көтөрүлөт. Кыямат күнгө жакындаганда, кайра жергетүшөт.
Иса алейхиссаламдын энеси Мариям Сулайманалейхиссаламдын урпактарынан келген жакшы, саалих жана таза аял заты эле.Азирети Мариям 15 жашка келгенде Юсуф Нежжер аттуу бирөө менен үйлөнмөкчүболот. Бирок аны менен үйлөнбөстөн, Алла таала ага атасыз уул бере турганынсүйүнчүлөйт. Иса алейхиссалам Алла тааланын кудурети, буйругу менен АзиретиМариямдын боюна бүтөт. Көп убакыт өтпөй кош бойлуулук абалы байкала баштайт.
Булабалды көрүшкөн Исраил Уулдары жалган жалаа сөздөрдү чыгара башташат. Түрдүүушак- айың сөздөрдү табышып, акылга сыйгыс, оозго алгыс нерселерди айтышат. Булжалган жалаа сөздөргө чыдай албаган Азирети Мариям, Кудустан 10км түштүктөжайгашкан Байту Лахма деген айылга барат. Бул айыл бир аз тынч эле. Бардыкнерсенин Алла тааланын буйругу жана жактыруусу менен болгондугун билип,инсандардын ушак-айың сөздөрүнө сабыр кылат. Иса алейхиссалам төрөлүшүнө азкалганда, жашаган жериндеги бир бакчага кирип, кургай баштаган курма дарагынынтүбүнө келет. Толгоосу катуу болгондуктан, ал даракка сүйөнөт. Ошондо куураганкурма дарагы көктөп, жалбырак чыга баштайт. Кыш мезгили болгондугуна карабаймөмө берет. Бутунун астынан кичинекей арыктан суу ага баштайт. Бул абал АзиретиМариямды (кубандырат) сооротот. Ошол мезгилде Иса алейхиссалам дүйнөгө келет.Иса алейхиссалам төрөлгөн мезгилде чыгыштагы жана Батыштагы бүтүн буттаржыгылып кыйрайт. Шайтандар бул абалды көрүп таң калышат. Акырында аларгабашчысы Ибилис, Иса алейхиссаламдын дүйнөгө келгендигин айтат. Ал төрөлгөндөасманда чоң жылдыз көрүнөт.
Исаалейхиссаламдын төрөлгөнүн билген Исраил Уулдары Байту Лахма деген жергекелишет. Азирети Мариямдын кучагындагы жаңыдан төрөлгөн баланы көрүшүп, «ЭйМариям! Чындыгында абдан түрү сууктук иш жасадың. Сен абдан жаш кыз элең жанакүйөөң жок эле, бул баланы кайдан алдың? Бул эмне?» – дешет.
Азирети Мариям айтылган сөздөрдү сабырдуулук мененугат. Эч жооп бербейт. Бирок бул иштин акыйкатын, чынын ал айтсын. Сиздер аныменен сүйлөшкүлө. Андан сурагыла дегенсип, чүргөктөгү бөбөктү көрсөтөт.Чүргөктөгү бала кантип сүйлөсүн дегенде, Иса алейхиссалам колун көтөрүп жоопберет: «Эй жахилдер, наадандар! Менин даңкымды басмырлабагыла жана энемдиайыптабагыла. Мен шек-күмөнсүз Алла тааланын кулумун. Ал мага китеп жибериппайгамбар кылат. Кайсыл жерде болсом да мени ыйык берекелүү кылды жана булжашоодо намаз окуумду жана зекет берүүмдү буюрду. Мени энеме урмат кылды...Төрөлгөнүмдө жана кабырдан кайрадан тирилип турган күнүмдө салам мага болот», –дейт. Чүргөктөгү Исанын сүйлөгөнүнө таң калышкан Исраил Уулдары, тилдеринжуткандай, сүйлөй албай калышат. Ага карабастан түрдүү-түрдүү ушак сөздөрдүайткандар да жок эмес эле.
Римимператорлугунун Шам шаарынын акимчилиги, атасыз туулгандыгы үчүн экөөнү теңөлтүрүүнү каалайт. Аны уккан энеси уулун Египетке алып келет. Иса алейхиссалам12 жашка келгенге чейин Египетте жашашат. Андан кийин Кудуска келип, Насыршаарына жайгашышат. 30 жашка келгенде Алла таала тарабынан пайгамбар болгондугубилдирилет. Пайгамбарлык буйругу билдирилгенден кийин, дароо таблиг милдетинбаштайт. Инсандарды Алла таалага ишенүүгө жана анын өкүмдөрүн аткарууга, тыюусалынган нерселерден сактанууга чакырат. Каршы чыкпоолорун каалайт. БирокИсраил Уулдары бул дааватты кабыл кылышпайт. Иса алейхиссалам ишенбегендергемужизаларды көрсөтөт. Ал кайрат кылганына карабастан, өтө аз киши ыймангакелет. Ага ишенгендер болгондой эле каршы чыккандар да болот. Күндөн-күнгө обужок алжаңдагандар да көбөйөт. Иса алейхиссаламдын жумшак мамилесине карашыпишенбей коюшат. Жадагалса Исаны өлтүрүүнү ойлошот. Мындан улам Иса алейхиссаламөзүнө ыйман келтиргендердин арасынан, «хавари», – деп аталган 12 кишиден Аллатаала ибадат кылууга жана өзүнө жардамчы болууларына сөз алат, макулдашат.
Яхудийлерден бир топ киши Иса алейхиссалам менен энесине жаман сөздөрдүайтышат. Иса алейхиссалам аны угуп, алар жөнүндө Алла таалага тескери дубакылат. Алла таала анын дубасын кабыл кылып, ага жана энесине жаман сөзайткандарды маймылга жана доңузга айландырат. Бул окуяга күбө болгон Яхудиййлерөздөрүнчө сүйлөшүшөт жана өлтүрүүгө чечим чыгарышып, аны издей башташат. АларРома императорунун Кудус дубанынын акими Жолес Лилотту алдап, Исаалейхиссаламдын Рома императоруна каршы Палестинада жаңы өкмөт кура турганынаишендиришет. Иса алейхиссалам акыркы жолу Хаварилери менен түн ичинде жашыруунжыйналыш өткөрөт. Аларга короз кыйкыра электе атап айтканда, таң ата электесиздердин араңардан бирөө бир аз акча алуу үчүн мен жөнүндө башкаларга айтыпберет – дейт. Акыйкатта Яхуда аттуу бирөө таң атпай Яхудиййлерден бир аз акчаалып, Иса алейхиссалам турган жерден кабар берет.
Яхудиййлер Иса алейхиссаламды туткундоо үчүнкиришет. Бирок Алла таала Яхуда аттуу кишини Иса алейхиссаламга окшоштурупкоёт. Яхудиййлер аны Иса алейхиссалам деп кармашып крест¬ке керип асыпөлтүрүшөт. Иса алейхиссаламды Алла таала асманга көтөрөт. Ал мезгилде Исаалейхиссалам 33 жашта эле. Иса алейхиссалам асманга көтөрүлгөндөн 40 жылданкийин ромалыктар Кудуска чабуулга өтүшөт. Яхудиййлердин көпчүлүгүн өлтүрүшүп,туткундашат. Шаарларды тоношот жана китептерин өрттөшөт. Иса алейхиссаламгакаршы чыгышкандыктан, жаза катарында, көр болушат.
Христиандар Иса алейхиссаламдын крестке керилип өлтүрүл¬гөнүнө, бироккийин тирилип, асманга көтөрүлгөнүнө ишенишет. Мусулмандар болсо Исаалейхиссаламдын креске керилбей түздөн-түз асманга көтөрүлгөнүнө ишенишет. Булжагдай Курани Каримде Ниса сүрөсүнүн 157-аятында төмөнкүдөй мааниде баяндалат:«Чынында болсо аны өлтүрүшкөн да, асышкан да эмес. Болгону алар үчүн (башкабирөө Исага) окшошуп гана коюлду».
#1466 17 Июнь 2013 - 23:56
Дүйнөгө бийлигин жүргүзгөн Еврейлер Исламды көрө албагандыктан ар кандай ыплас сөздөрдү Исламга оодарып, терор, мыкаачы деген сөздөрдү айтышып жатышат. Исламда терор жок. Өзүн-өзү өлтүрү да жок. Аллах руксат бербейт. Ал эми азыркы өзүн-өзү өлтүргөндөр, алардын Исламдан такыр кабары жок жөөттөргө алданган адамдар. Ким террорду жок кылгысы келсе, анда ал Исламды кармануу керек. Исламды дүйнөгө жайылтуу керек. Исламды жакшы түшүнгөн адам эч качан өзүн-өзү өлүмгө кыйбайт. Ал эми Исламдагы согуш эгерде бирөө сенин жериңди басып алса же болбосо сени жашаган шаарыңдан кууса, сени өлтүрүүгө келген адамдан коргонуу үчүн, шарыят өзү согушканга уруксат берет. Мусулмандарды эч качан эч ким күч менен басып ала алышпайт. Себеби, алар дини үчүн жери үчүн болгон согушта өлсөм экен деп ниет кылышат. Ал эми өлүм үчүн согушкан адамдарды жеңүү мүмкүн эмес.
Эми Библияда жөөттөрдүн Кудайы эмне дегенин карап көрөлү. Муса Мадиамдыктарга согуш менен кирет. Мадиамдыктарды жеңгенде бардык шаарларын, айыл-кыштактарын өртөп жиберишет. Аялдарды, кемпир-чалдарды туткундап, Мусанын алдына алып келгенде, Муса алардын алдынан чыгып ачуусу келип: «Эмне үчүн аялдарды тирүү калтырдыңар. Балдарды да өлтүргүлө, эркек көргөн аялдын баарын өлтүргүлө»- дейт. (Чис.31:9-17.)
Аял-эркектин баарын өлтүрүп балдарды да калтырышпайт. (Вт.2:34-36.)
Адамдардын баарын өлтүр, көзүңдө айее болбосун. (Вт.7:16.)
Баарын өлтүр, жаныбарларын да калтырба, шаарды кошуп өрттөп жибер. (Вт.13:15-16.)
Кудайдын айтканындай кылып. Дем алгандардын баарын өлтүрөт. (Ии. Нав.10:28-40.)
Аял-эркекти, жаш балдарды, эмчектегилерди, төө-койлорду өлтүргүлө. (1Цар.27:9-11.)
Балталап, аралап мештерге салышат. (2Цар.12:31.) Эсиңиздерден чыкпасын ушул согуштардын баарын еврейлерге Кудайдын өзү айтып, күнөөсүз эле адамдарды өлтүртүп жатат.
Сокурларды, чолокторду өлтүргүлө. Алар Кудайдын үйүнө кирбейт. (2Цар.5:8.)
Шаарды жок кылгыла. (Иез.9:5.10.)
Эгерде сен бир шаарды басып алгың келсе, анда ага барганыңда, ага тынчтыкча келишим кылгыла. Эгерде макул болсо, эшигин ачып берсе, анда анын адамдары сага салык төлөп турушат. Сага кызмат кылышат. Эгерде эшигин ачып бербесе, анда сен алардын баарын кылычтын мизинен өткөр. Катын, бала-чакаларды жана жан жаныбарларды, шаардын бардык байлыктарын ал. Аны сага Кудайдын өзү берип жатат. Бардык шаарлар менен ошондой кыл. (Вт.20:10-18.)
Мына ушулардын баары Библиядагы согуштар. Эмне үчүн мынчалык катуу. Эч бир тарыхта мындай күнөөсүз адамдарды өлтүрүү болгон эмес. «Муса, ачуусу келип эмнеге аялдарды тирүү калтырдыңар»- деп адамдарын урушканы. (Чис. 31:15-18.) Ушул пайгамбардын сөзүбү, элге келген пайгамбар ушундай кылабы? Пайгамбар деген биринчи, элге дават кылып, Кудайга чакырбайбы, андан кийин динге кайтпагандарды өлтүрбөйбү?
Алхамдү Лиллах Исламда мындай жок. Исламда согуш айтылган. Бирок, кемпир-чалдарга, балдарга, аялдарга тийүүгө болбойт. Пайгамбарыбыз ар дайым согушка чыккан аскерлерге эскертип, аларды өлтүрбөөгө буйруйт эле. Исламда, ким сени элиңден, жериңден же болбосо шаарыңдан кууганы келсе, анда сен «коргон»-дейт. Сага өз жериңди коргоп душмандарың менен согушууга гана уруксат берет. Эгерде алар жеңилгенин моюндарына алышса, анда аларга тийгенге болбойт. Бул Исламдын жолунда жашагандар үчүн айтылган мыйзам.
Мусулмандар ушуну кармашат.
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. айткан экен: «Эгерде эки мусулман урушуп бирин-бири өлтүрсө экөө тең Тозокко барат»-деп. Анда Сахабалар: «Оо Аллахтын элчиси, өлтүргөн киши өлтүргөнү үчүн Тозокко барсын, ал эми өлгөн киши эмне үчүн Тозокко барат?»-деп сурашканда, Пайгамбарыбыз С.А.В мындайча жооп берген экен: «Эгерде бул өлтүрбөгөндө, анда ал муну өлтүрөт болчу»-деген экен. Исламда согуш жок, коргонуу бар.
#1467 18 Июнь 2013 - 10:31
musab (17 Июнь 2013 - 23:56) жазган:

Муса пайгамбар антип айтканына күмөнүм бар. Библиядагы ал сөздөр ошол убактагы төбөлдөрдүн сөздөрү болушу мүмкүн. Өзүлөрүнө ылайыкташтырып бурган сөздөрү болушу мүмкүн. Муса пайгамбар тууралуу Курандан кененирээк билсек керек. Ислам тууралуу сөзүңүзгө толук кошулам.
#1468 18 Июнь 2013 - 10:39
Негизи мындай күндөлүктөр толуп атат. Исламга келген баптист, христиан, атеист адамдардын күндөлүктөрүн жазып кирсек окуганга жетишпей калышат. Болгону биз дааватты көбүнчө адамдардын сөзү менен эмес, Аллахтын сөзүн айтып кылганыбыз жакшы. Эгер ушул сыяктуу күндөлүк жазсак, анда сүрөтү, видеосу, башка сайттагы маалыматы сыяктуу далилдери менен жазганыбыз туура болот.
#1469 18 Июнь 2013 - 12:57
-Bakyt,sen mektepti butson kim bolosun?
-Men kitepti,kitep tartkatkandy jakwy korom. . .
-Aa baptist bolot ekensin))
#1470 19 Июнь 2013 - 09:25
Kg.lady (16 Июнь 2013 - 22:42) жазган:

А Ала-Арча мырзага кайрылсак.макул оз динин колунан келишинче жактап жатат,анысы мейли
бирок,жазгандары кииичине чындыкка коошсо макул деп калмакпыз .Бир туруп ордогун Америкадан учурса,дагы бир туруп башка жактан учуруп жатпайбы.Мейли башка динге отту ,кандай отсо,андай отсун,бизге ыссык-суугу жок,бирок чындыкты жазып койсо болмок.Ар жомоктун башын баштабай..... .Не демекпиз ,калп айтсада казаны кайнап турсун.........
Жаныңыз жаман кейип калыптыр ээ ))). Чындыкка көзүн чүмбөттөп алган киши ушинтип сизге окшоп жанын кыйнай берет

#1471 19 Июнь 2013 - 09:29

#1472 19 Июнь 2013 - 09:43
aliyana66 (12 Июнь 2013 - 15:54) жазган:
Ал аялдын кызын Ыйса айыктырган жана аялды ишеними үчүн мактаган. Ыйса аялга: «Оо аял! Ишенимиң зор экен, тилегениңдей болсун», – деп жооп берди. Ошондо анын кызы дароо айыгып калды. Аны "ит" кылбагандыгын ошондон көрүүгө болот. Адамдардын жүрөгүн Ыйсачалык эч ким биле албайт. Ал аялдын мурдагы жашоосу тууралуу жалгыз Ыйсага даана белгилүү. Ким билет, балким ал мурда өзүн өйдө сезип, ысрайылдыктарды итке теңегендир. Кызы ооруп, башына иш түшкөндө кызынын ден-соолугу үчүн итке теңелгенине кайыл болгону, ал аялга өзүнүн жүрөгүн көрүүгө жардам бермек. Кудайга чын дилден ишенүү гана адамга өзүн туура таанууга жардам берет.
#1473 19 Июнь 2013 - 09:45
aliyana66 (12 Июнь 2013 - 16:07) жазган:
Ага чейинкисин окусаңыз түшүнөсүз.
#1474 19 Июнь 2013 - 09:49
aliyana66 (12 Июнь 2013 - 16:58) жазган:
Кандай жазылып турса ошондой түшүнүү керек. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, тилекке каршы адам мындайга жөндөмдүү. Ичтеринен ыйман кеткенде кылыбатышпайбы мындайды. Азыркы күндө үч жашар кыздын зордукталганы тууралуу фактылар мындан жакшыраакпы? Биз көрбөй, бирок Кудай алдында эмнелер болубатканын бир Кудай билет. Библия күнөөлөрдү жашырып жаппайт. Ошондуктан ал чындык!
#1475 19 Июнь 2013 - 10:02
aliyana66 (12 Июнь 2013 - 17:22) жазган:
Силердин проблемаңар так мына ушунда жатат. Алдын ала эч болбогон, жок нерсени, жалган нерсени чынга чыгарып, бүтүм кылганыңарда (Предрассуждения). Мындай предрассудок силерде жалган жалаа жабууга катуу ынтызарлыктан улам пайда болушу мүмкүн. Ала арча өзү үчүн жооп берер. Мен муну "нормально" деп жазганым бар болсо, таап бер. Таппасаң, өзүңдү туура тааны, предрассудок менен ой жүгүртүп жатканыңды көр, курнамыс үчүн чындыктан мойнуңду толгобой. Мазмуну тууралуу мурунку постто жазганым буга да тийиштүү. Атасынан төрөгөн кыздар бүгүнкү күндө да жок эмес. Жана муну Библия нормал*но дебей эле турат, мен да НЕ НОРМАЛ*НО деп айтам. Силер Библиядан кынтык тапканга ынтызар болгонуңардан силерге Библия ушундай кылгыла деп жаткандай түшүнүлүп жатат. Дагы да айтам, Библия чындыкты, болгонун болгондой жазат.
#1476 19 Июнь 2013 - 10:24
aliyana66 (12 Июнь 2013 - 18:25) жазган:
Куранда көп эле нерсе жок, ал үчүн биз жооптуу эмеспиз

Мына мындай сөздөр да Куранда жок

Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу! Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган жана куулугу жок адам бактылуу! Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды. Анткени менин үстүмдөгү колуң күндүр-түндүр кыйнады. Кургакчылык убагындагыдай, өң-түстөн кеттим. Бирок мен Сага күнөөмдү ачык айттым, айыбымды жашырган жокмун: «Кылмыштарымды мойнума алып, Теңирге ачык айтайын», – дедим, ошондо Сен мени күнөөмдүн айыптоосунан куткардың. Ошон үчүн ар бир адил адам өз убагында Сага сыйынсын, ошондо ага суулардын ташкыны жетпейт. Сен менин баш паанегимсиң, Сен мени кайгыдан сактайсың, куткарылуу кубанычына бөлөйсүң.
Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.
Ким: «Мен Кудайды таанып билдим», – десе, бирок Анын осуяттарын аткарбаса, ал жалганчы, анын ичинде чындык жок.
Дегинкиси, Андан алган Рух силердин ичиңерде жашап жатат, ошондуктан силер кимдир бирөөнүн үйрөтүүсүнө муктаж эмессиңер. Силерге баарын үйрөтүп жаткан ал Рух – жалган эмес, чындык. Ал силерге эмнени үйрөтсө, ошону сактап жашагыла.
Биз Кудайданбыз. Ким Кудайды тааныса, ал бизди угат. Ким Кудайдан болбосо, ал бизди укпайт. Чындык Рухун жана жалган рухту ушундан билип алабыз.
Анткени ичибизде чындык бар жана ал чындык түбөлүккө биз менен болот.
Табигый адам Кудайдын Руху ачып берген чындыктарды кабыл албайт, анткени ал муну акылсыздык деп эсептейт. Ал муну түшүнө албайт, анткени бул жөнүндө рухий ой жүгүртүү керек.
Жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сөзүн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү ар бир адамдын абийирине коёбуз.
Чындык сөзүн, куткарылууңар жөнүндөгү Жакшы Кабарды, угуп, Машайакка ишенгениңерде, силер да Ал аркылуу убадаланган Ыйык Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр. Анын даңкы макталыш үчүн, Анын энчисине алынгандар куткарылышы үчүн, Ыйык Рух – биз ээ боло турган мурастын аманаты.
Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди. Ал өмүр Анын Уулунда
#1477 19 Июнь 2013 - 10:35
Алла Таала айтат:
Эмне алар Куранга ой жугуртушпойбу же алардын журогу кулптанганбы? !
#1478 19 Июнь 2013 - 10:38
Алла Таала айтат:
Эмне алар Куранга ой жугуртушпойбу же алардын журогу кулптанганбы? !
#1479 19 Июнь 2013 - 10:49
#1480 19 Июнь 2013 - 12:10
Yusufmuslim (14 Июнь 2013 - 20:14) жазган:
Ананайын, Византияда катоцилизм гүлдөгөн деген түркөйлүктү кайдан калыптап алгансыз?
Милленаризм — убеждение религиозной, социальной или политической группы или движения в кардинальных преобразования общества, связанных с тысячелетними циклами
Эки сөзүнүздүн бири калп, движения дегенди агым дебегенде эмне дейбиз?
Ммм....эми түшүнүктүү. ..Негизи “секта” деген сөздү “агым” деп которуп келишет. Ал эми “Движение” деген сөздү “кыймыл” деп которулат эмеспи... Сиз “агым” деп жазсаңыз, мен “секта” деп түшүнүп алдым...
Ал эми 115-сүрө жөнүндө интернетте бир топ эле маалыматтар бар...
Билдирүүнү түзөткөн: Ala-archa: 19 Июнь 2013 - 12:10