ANELKA (11 Июль 2012 - 02:56) жазган:
Библиянын аяттары башка түс менен берилди
Адамдар: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» – деп таң калышты.
Бардыгынын үрөйлөрү учуп, бири-бирине: «Бул эмнеси? Бул эмне деген жаңы окутуу?! Ал жиндерге бийлик менен буйрук берип жатат, алар болсо Ага баш ийип жатышат», – дешти.
Адамдар аябай таң калышып: «Анын кылган ишинин баары жакшы: дүлөйлөрдү угузуп, дудуктарды сүйлөтүп жатат», – дешти.
Бул жыгач устанын эле уулу эмеспи? Мунун энесинин ысымы Мариям, бир туугандары болсо Жакып, Жусуп, Шымон жана Жүйүт эмеспи. Карындаштарынын баары биздин арабызда эле жүрүшөт го. Ал мындай акыл менен мындай күчтү кайдан алган?»
Анын ким экени эң башынан бардыгына табышмак болуп, ушул күнгө чейин адамдарды кызуу талашка түшүрүп келет.
Адамзат жаралгандан Кудай Кудай бойдон адамдардын жанында болчу.
Себеби Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген. Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт.
Адамдар Аны тоготуштубу? Өз билгендерин кылышты, акыры ар бир бөлүкчөсүндө Кудайдын мөөрү басылып турган бул жерди астын-үстү кыларга аз калышты го, өздөрү да ошондо жер менен жексен болушат. Демек, Кудай адамдарга көзгө көрүнгөн абалда келүү зарылчылыгы туулду, аларды алааматтан куткарыш үчүн. Көзгө көрүнгөн табият менен деле, Кудай Кудай эле бойдон келсе эмне болот эле? Анда көпчүлүк адамдар колунда бийлиги бар адамга үн-сөзсүз макул болгондой, бардыгы Ага баш ийишмектир. Анда адамдар өздөрү жамандыкка оозу буума мүшөккө толгондой жык толуп тургандыктарын биле алышат беле? Же аны деле Кудай кылса дейсиңерби? Ага кыйын нерсе барбы? Анын бир сөзү. Ал “көрсүн” десе адам жүрөгүнүн абалын толук көрөт. Бирок, менимче, Кудай Өзүнө робот эмес, адам, инсан жараткан. Ошондуктан, анын эркин Өзү башкарып тургудай кылбай, аны өзүн өзүнө башкартып, акыл, сезимди жана эркти кошуп жараткан. Кудай асман менен жерди кайра жаңыдан жаратып, адамдарды тазалап туруп коё берсе деле, Кудайдан алыстатып жаткан нерселерди адам өз акыл, сезим, эрки менен тааныбаса, кайра эле тас кейпине түшөрү анык. Буга Нух пайгамбардан кийинки тарых да күбө.
Жерге адам кейпин кийип жаралып, адамдар менен жашап турушунун эң биринчи максаты, өлүмгө бараткан адамдардын кунун төлөө болчу. Андан кийин, адам болуп туруп, кантип күнөө кетирбей койсо боло тургандыгын көрсөтүү болчу. Адам болуп туруп, Эгедери менен кандай алакада болушу керектигин, Ага кандай таянуу керектигин, Ага кантип сыйынуу керектигин, Аны кантип сүйүү керектигин, Ага кантип баш ийүү, Ага кантип табынуу керектигин. .. көрсөтүү болчу. Мына ушулардын бардыгынын жаркын үлгүсүн көрсөткөн бир гана Ыйса болгон.
Адамдардын кунун төлөө дегенди дагы чечмелегим келип турат. Ар бир адам күнөөкөр. Кудай ырайымдуу. Ырайымдуу болгондо адилеттигинен да кайтпайт. Адилеттик боюнча ар бир күнөө жазасын алышы керек. Күнөөнүн жазасы – өлүм. Кудайдын ушул өкүмү боюнча ар бир адам өлүүгө тийиш. Бирок, Кудай адамды өлүмгө кыйбай, алардын ордуна курмандык козу боло турган Ыйса Машайак болуп, эң азаптуу өлүм менен өлүп (Аныкындай азаптуу өлүм болгон эмес, болбойт дагы. Өлүм жазасына Ага чейин да, Андан кийин да нечендер тартылышты. Бирок алардын бардыгы кайсы бир деңгээлде күнөөкөрлөр эле, ал эми Ыйса Машайак күнөө менен эч жалпылыгы болгон эмес. Ак жеринен каралаганда канчалык оор болот, башыңыздардан кечирген чыгарсыздар. Ыйса адамдык табияты менен анын оорчулугун да көтөргөн), кайра тирилип, өлүмдөн тирилүүнү көрсөттү. Эч бир диндин негиздөөчүсү минтип төрөлүп, минтип өлүп, минтип тирилүүнү көрсөтө алышкан эмес, мындан кийин деле эч ким көрсөтө албайт дагы. Анткени алар биз сыяктуу эле адамдар болгон.
...Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен: Ал эч кандай күнөө кылган эмес, Анын оозунан бир да кошомат сөз чыккан эмес. Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган. Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар. Анткени силер адашып жүргөн койлордой болчусуңар, азыр болсо жаныңарды Кайтаруучуга жана Коргоочуга кайтып келдиңер.
Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок. Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты. Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты.
(Араб досуңа мына ушул аят өзгөчө керекпи дейм да)
Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди. Кудай бизге бул мол ырайымды Өзүнүн даанышмандыгы жана акылмандыгы менен көрсөттү.
Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы.
Машайак бизди күнөөлөрдөн арылтыш үчүн келгенин жана Анда эч кандай күнөө болбогондугун билесиңер.
Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген.
Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди.
Өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат.
Кудайдын адам кейпин кийгени, ооба, чынында да адамдык акыл сыйдыра алчу алкактан, адамдык мыйзам ченемдүүлүктөрдөн сырт көрүнүш. Бирок, Кудай так ушундай кылган. Адамдык акылыбызга сыйбай жатканы үчүн эле Кудайдын кылган иштерин Кудайдыкы эмес дей албайбыз да.(Мен Кудайды акылыма сыйдыра албаганыман Анын улуулугун көрүп, ого бетер табынам. Анын алдын ала белгилеп коюучулугу жана алдын ала көрө билүүчүлүгү да адамдын акылынан сырт нерсе) Акылыбызга сыйбай турган болсо, анда жоопкерчиликтен бошоно алат экенбиз деп да ойлобошубуз керек. Анткени, Ыйса Машайак адам кейпин кийип келген Кудай экенин ырастаган Библия китебинин Кудайдын Сөзү экенин таануу үчүн, адамдык акыл жетишердик. Болгону чындыкты издеген таза жүрөк гана керек. Библиянын Кудайдын Сөзү экенин тааныгандан кийин, андагы жазылгандардын бардыгы тил алуу менен гана кабыл алынат. Ыйса Машайактын Кудай экендиги да кабыл алынат. Андан ары мүрөк суусу аккан булактын көзү ачылат. Эмне үчүн Кудай адам кейпин кийгендигинин сыры ачылып, анын башатында (негизинде) Кудайдын адам затына болгон чексиз, түбөлүктүү сүйүүсү жаткандыгы уламдан улам ачылып жүрүп отурат.
Сүйүүнү Сенде гана боло турган
Мен башка бардыгынан издептирмин.
Күтүүдөн көңүл үшүп чарчаганда,
Эх, дүйнө, ушунчалык кир дептирмин.
Бакытты башкаларда болбой турган
Табам деп издей берип жүдөптүрмүн.
Жок жерден жок издеген жолоочудай,
Куру эле кыйнап жанды үрөптүрмүн.
Билбептирмин бөксөөсү жүрөгүмдүн
Сенин гана сүйүүңдүн орду экенин.
Ал сүйүүдөн күнөөнүн азабынан
Адашып жүргөнүмдү сезбептирмин.
Өзүңдөн алыс жүрүп өзүмдү да,
Чынында ким экеним көрбөптүрмүн.
Өзгөдөн издеп күткөн сүйүү менен
Өзүм да сүйө албасым билбептирмин.
Азыр мен ар күнүмдө көрүп келем
Сүйүүңө татыбаган пенде экеним.
Татыксыз кезде сүйгөн жалгыз гана
Теңирим ырайымдуу Сен экениң!