Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#561 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2012 - 10:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения FarID (09 Октябрь 2012 - 01:39) жазган:

"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" бул кыргыз эл макалы. "Библияда ушундай кеп бар беле?" - деп жүрбөгүлө анан :)

Тиги жооптордогу чындыктар жарга такаганда, буйтап качып, көздөрүн жумуп алып медитация кылган өңдүү "жооп жок, жооп жок" деп жаткандарга жазылган комментарий сыяктанат ;). Ушундайлар да бар экен ээ ;)
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#562 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2012 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Delicacy (08 Октябрь 2012 - 23:25) жазган:

озунуздун жазгандарынызды талдап корунуз. Жараткан ыйман берсин.

Менин жазгандарым талдануу. Жазып туруп талдабайм, талдап туруп анан жазам. Рахмат, мен үчүн ыйман сураганың үчүн, өзүң үчүн да сурай жүрсөң.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#563 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2012 - 10:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат. Теңирдин буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Теңирдин осуяттары жарык, көздү ачат. Теңирден коркуу – таза нерсе, ал түбөлүктүү. Теңирдин өкүмдөрү адилет, бардыгы туура. Алар алтындан да, көп таза алтындан да баалуу; балдан да, эң таттуу балдын тамчысынан да ширин. Өз кулуңду ошолор сактап жүрөт. Аларды сактагандарга чоң сыйлык! Ким өзүнүн күнөөлөрүн көрө алат? Мени жашыруун күнөөлөрүмдөн арылт. Өз кулуңду атайлап күнөө кылуудан сакта, алар мага үстөмдүк кылышпасын. Ошондо мен күнөөсүз болом, көп кылмыштардан алыс болом. Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, менин тирегим, Куткаруучум!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#564 Пользователь офлайн   Delicacy   09 Октябрь 2012 - 10:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Debi (09 Октябрь 2012 - 10:20) жазган:

Менин жазгандарым талдануу. Жазып туруп талдабайм, талдап туруп анан жазам. Рахмат, мен үчүн ыйман сураганың үчүн, өзүң үчүн да сурай жүрсөң.



сураганым биринчи озум учун,озумдон ашса гана сиз учун!
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#565 Пользователь офлайн   nazi25   09 Октябрь 2012 - 10:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 06 Янв 2021 21:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тынчтык

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 22:02) жазган:

Сестранын суроолоруна жооп болгон. Кызыгып жатсаң табасың. Силер канааттанган жооптор бар бөлүмдөр толтура эле болуш керек. Аларга да канааттанбай, бул жерден жооп издеп, анда да таппай жатсаңар анда көйгөй өзүңөрдө.

Библия ушундай копол мамилеге ундойбу?Неге анчалык (озунуз айтмакчы) догурунуп долуланасыз? Кыскасы,Аллах баарыбызды ак жол,акыйкат жолдон адашуучулардан кылбасын!
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#566 Пользователь офлайн   Jeka   09 Октябрь 2012 - 11:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 22:42) жазган:

Сестра менен болгон маек, "жооп ала албай" жатат:) бирок ушундан кийин деле "жооп жок" кылууга далалат кыларыңар мүмкүн экенин билем. Чындыкты тааный алгандарга арналат.

сиздин билдируунуздорду окуп, сиз (свидетель иеговы) деген чечимге келдим. менин жеке сизге суроолорум бар:
1 сиз кимге ишенесиз? б.а. кудайыныз ким?
2 кандай жол менен кудайынызга сыйынасыз?
3 cиз окуган библиянын автору ким? ким болгон, кандай адам болгон? кайсы заманда, кайсы жерде жашаган? ал библияны кыргыз тилине ким которгон?
калганын жоопторду алган сон баштасак.

Жооп бергичекти буларды да жаза кетиптир сестра, “жаза бериптир” дегенин бир байкап койгула, анан мен буга “акылдуусунуп” жаткан боломбу ошондо, өзүңөргө жооп берип койгула. Мага жооп керек деле эмес, ансыз да силерди түшүнүп турам.

бул суроолорду берген себебим "библия мындай дейт, библия тигиндей дейт", - деп к месту и ни к месту жаза бериптир, же мен жашыруун подтекстин тушунгон жокмунбу? талашты ирети менен баштасам дегем, христианиндер, атеисттер менен дискуссия жургузуу - моя слабость.
Дебиге кайрылуу. Ахмад Дидад менен Анис Шурууштун 1985 - ж Лондондо откон таймашын карап корунузчу. балким бир жакшы натыйжа чыгар. ал жерден байкайттырсыз, А.Дидад (муслим) из Корана, из хадисов доказательства вашим христианским заблуждениям не приводит, а наповал разрушает христианские убеждения, доводы вашей же библией. вы сами себе противоречите!

Кайсы сөздүн орду кайсы экенин аныктагыч сиз эместирсиз. Олуп-чолуп окуй калып, өзүңөрдү көтөрө чалып "жаза бергениңерде" өзүмө Ыйсанын момундугун үлгү кылуу менен, жооп бергенге арзый тургандарына жооп кылып жүрөм. Туура сөздөн жыйынтык чыкпаса, маанисиз сөздөргө маани бербей эле жолумду андан ары уланта берем. Ахмад Дидат деп эле калат экенсиңер. Анын жаны кейип, онтоп жатканын көрсөткөн бир видеону көрдүм эле. Андан "Кудай ушунун кейпин кийгенден сактасын" деген гана натыйжа чыгармакмын. Анан дагы бир эки адамдын талашынан натыйжа чыгарган "слабость" жок менде. Кызыктырган суроолорумдун жообун түпкү булактардан тапканга аракет кылам. Себеби ошондо гана чындыкка негизделүүгө болот.
Өз көзүнө ишенген адамдарга бул жерде ким өзүн кандай жагынан көрсөтүп жаткандыгы, Кудайга ишенебиз деп коюп, эмнелерге гана барып жаткандыгы айкын көрүнүп турат. Мынча кайрылып калган экенсиз, мурда эле берилген жоопторду кайталайын. Маек кандай уланат, көрө жатарбыз.


мен Инжилчи Машайакчы Баптист болом.

1. Мен аалам жердин Эгедери - Кудайга ишенем. Кудайым - Кудай!

2. Инжилдеги аят менен жооп берейин, Чыныгы табынуучулар Атага рух менен, чындык боюнча табына турган убакыт келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт. Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек».
3. Мен окуган Библиянын Автору - Кудай. Библиядагы мына бул аяттардын негизинде айтып жатам: Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу.

Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.

Ал эми Ыйык Рухтун жетегинде болгон ыйык адамдар 40 ка жакын. Ыйык Жазуу 1500 жылдын аралыгында жазылган. Ошого жараша аны жазгандар ар кайсы замандын өкүлдөрү, ар кайсы өлкөнүн тургундары болгон. Библияны кыргыз тилине Ыйса Машайакка ишенген, Ыйык Рухтун жетегинде жашаган адамдар которгон.

демек сиздин кудайыныз - рух (святой дух) ?! анда сиз атап кеткен атасы, баласы ким?

Ооба, Библияда кандай айтылса ошондой, Кудай - Рух. Ата - Кудай. Уулу - Ыйса.
Ушул сөзүңүздүн төркүнүн, жаңылбасам, түшүнүп турам. Мени таң калтырганы, адамдардын Кудайды өзүлөрүндөй көрүп ой жүгүрткөндөрү. Адам үчүн мүмкүн эмес нерсе Кудай үчүн да мүмкүн эмес болбойт эч качан. Кудай бир эле убакта Ата да, Уул да, Рух да боло алат. Кааласа башкача да боло алат. Дөөт пайгамбар мындай деген: Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат.


бул дуйнону, жан - жаныбарды, адамды жараткан ким? библияныз эмне дейт? кантип жаратылган, библия кандайча суроттойт?

Бул дүйнөнү, жан-жаныбарларды, адамды Кудай жараткан. Библиям ушундай дейт. Кудайдын Сөзү менен жаратылган.

эмне учун библия 1500 жыл чогултулуп жазылган, Иса, алейхи ссаляям, бул дуйнодо 33 жыл эле омур сургон да? кантип Исаны корбогон, анын созун укпаган адам 1500 жылдан кийин библия жазган?

Кудай каалагандай мезгилдин аралыгында жазылган. Ошончо аралыкта жазылып, Кудай менен адамзаттын ортосундагы мамилени көрсөткөн окуялар улам өнүгүп отурганы Библиянын Кудайдын Сөзү экенинин далили. Адамзат жашоосу жер үстүндө муундан муунга уланып келет, Кудай адамзат менен түзгөн мамилесин улам кийинки муун менен улантып, адамзат үчүн ойлогон ойлорун иш жүзүнө ашырып келет.

эмне учун Матфейдин, Петрдын, Луканын жазгандары бири-бирине топ келишпейт? жада калса библияны англис, орус, кыргыз тилдеринде алып, бир стихти салыштырсаныз маанилери такыр болок, эмнеге мындай?

Библияны Ыйсаны көрбөгөн, сөзүн укпаган адам 1500 жылдан кийин жазган деген маалымат сизде каяктан?

Кайсы аятты айтып жатасыз? Мен Библияларды карап көрүп анан жооп берейин.

мени мындай жооп каанаттырбайт, мага кудай жерди, айлана - чойрону, жан - жаныбарды, адамды кантип, канча убакытта жаратканы жонундо библия эмне дейт, толугу менен жазып бериниз. сиз окуган библия чынында кудайдын созу болсо, ал жерде созсуз мындай маалымат болуш керек.
дагы бир нерсени тактап кетейин, 1500 жылды азыркы 2012 - жылдан кемитип салабызбы, же кайсыл убакыттагы 1500 жыл бою жазылган?

Бул жерде сизди канаттандырууга милдеттүү адам болсо дагы, ал мен эмесмин Ошондуктан "мага" "мени" таризинде адептүүлүк чени менен жазууну сунуш кылам.
Библияда жаратылуу кандай болгону жазылган. Аны эмне кыласыз? Ушул суроонун жообуна жараша калганы болот.


Эмне жазылса ошону гана түшүнгөндө, кийинкисин түшүнүүгө жакшы болот. Айтылган маалыматтан улам, кемитип салуу зарылчылыгы келип чыккан жок го. Кайдан алыбатасыз аны?
Библиянын экинчи чоң бөлүгү болгон Жаңы Келишим б.з. 1-кылымында жазылган. Андан улам көчүрүлүп турган моноскриптер азыркыга чейин сакталуу. Библия толугу менен камтылган попирустун датасы 4-кылымды көрсөтүп турат. Ошондо биздин замандын 4-кылымына чейинки аралыктагы 1500 жыл. Арада адамдардын ишенимсиздигинен улам Кудай адамзатына эч нерсе билдирбеген узак убакыттар
да болгон.

ошол эле лука, фома, матфей, петр орто кылымда жашашкан да! христиан дини католицизм, протестанство, православие, бабтизм дагы башкаларга болунгондон кийин жашашкан. бири католик болсо, бири православный болгон, бири англиканская церковдон болсо, бири григорианскаядан болгон. силер, христианиндер, озунор 356 - жылы Римде Жалгыз Кудайга ишенебизби, же атасы, баласы, рух (святая троица) кылып учооно ишенебизби деп, бир добуш ашыкча болуп святая троицага сыйынууну чечкенсинер.

Сиз болсо калыс болуп карап отургансыз да ээ . Тим эле көрүп отургандай жазасыз да .
Тарыхтан кабар алганыңыз жакшы, бирок толук албаса ушинтип чалды-куйду болуп кетет.
Лука, Фома, Матфей, Петр орто кылымда жашашкан эмес. Католицизм, Григорий жыйыны 6-кылымда пайда болсо, протестантство, англикан жыйыны 16-кылымга таандык. 356 эмес, 326-жылда дүйнөлүк биринчи собордо Үч бирдиктүү Кудай бир Кудай деген чындык баса белгиленген. Ал жерде бир добуш ашыкча болбой эле Арианчылык окутуусу болуп тарыхта жазылып калган Арий аттуу Ливиялык адамдын гностицизмди жактаган ою гана четке кагылган. Калган бардык епископтор бир добуштан үчбирдиктүүлүктү эч кандай талашсыз бекемдешкен.


билгим келет. билген сон башка суроолор жаралат.
христианиндерге берчу суроолорум чачтан коп, аларды сурап келем, бирок бир дагы христиан динин туткан адам тынгылыктуу жооп бербейт: айланып - айланып, эмне деп жооп бергенин озу билбейт. ойлогом, библиядан билдируулорду жазган сон, ушул оной суроолорго жооп бересиз деп.

Сиздин жообуңузга жараша жооп берем деп жазылып турат. Суроонун оңой, кыйыны тууралуу сөз болгон жок. Бурмалап көнгөн кишилерге айла жок экен да. Билгиңиз келсе билмексиз. Инжилде мындай деп жазылган:
"...Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген. Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт" .


Биле элек, мына билем деп жаткан нерселериңизден кийин кандай суроолор жараларын да билет чыгарсыз? . Кылтак коюунун далалаты экенин жок дегиңер барбы? Туура жоопко өзүңөр түз карагыңар келбей кыйпычыктап анан "эмне деп жооп бергенин билбей..." таризинде жасалма жалаа менен будалактап, (булардын ишенген кудайы кайсы экенин киши билбейт. Же жасалманы жарата берген жасалма кудайбы) чампалай баштайсыңар. Анын силерге бир нерсе жазып убара тартамбы, албетте жок! "жооп бере албай... тыты-пыты" деген ырыңарды андан ары ырдай бергиле. Улуу Соттун алдында жооп берер күнүңөр сөзсүз келет!


Мынча текст жазыш үчүн эле 3-4 саат, б.а. жумуш күндүн жарымы керек. Демек, сиз форумда атайылап эле үгүт-насыят иштерин жүргүзүп жатасыз. Модурлар, чара көрбөсөңөр болбойт го...

Анын үстүнө, теманын автору Таллас мырза да Библия боюнча суроо-жооп болсо деп айткан башында. А бул жер суроо-жооп болбой эле Debi айымдын монологдору жарыяланып, үгүт-насыят иштерин жүргүзүүчү аянтчага айланып баратат

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 09 Октябрь 2012 - 11:56

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#567 Пользователь офлайн   Delicacy   09 Октябрь 2012 - 11:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Jeka (09 Октябрь 2012 - 11:49) жазган:

Мынча текст жазыш үчүн эле 3-4 саат, б.а. жумуш күндүн жарымы керек. Демек, сиз форумда атайылап эле үгүт-насыят иштерин жүргүзүп жатасыз. Модурлар, чара көрбөсөңөр болбойт го...



чара коруп теманы жаап же теманын ээсин банга айдаса адамдын укугун тебелегендик болуп калатго! Жана башка нерселерди эске алсаныз...
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#568 Пользователь офлайн   Таллас   09 Октябрь 2012 - 12:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Debi (09 Октябрь 2012 - 10:17) жазган:

Тиги жооптордогу чындыктар жарга такаганда, буйтап качып, көздөрүн жумуп алып медитация кылган өңдүү "жооп жок, жооп жок" деп жаткандарга жазылган комментарий сыяктанат ;). Ушундайлар да бар экен ээ ;)


Кайсы жооп?
Мен суроолорума жоопту жакшылыктуу бергениңизди көрө элекмин. Дал ошол экстремалдык сапат менен буйтап, секирип, анан медитация кылып жаткан сизди көрүп суроолорумду токтоткон элем. Суроолор толтура. Кадырыңыз жам болсун. Студияга жаадырганга даярмын. Бирок, "жооп берген" адам эми жооп бере алабы?. Кеп ошодо.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#569 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2012 - 20:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения nazi25 (09 Октябрь 2012 - 10:59) жазган:

Библия ушундай копол мамилеге ундойбу?Неге анчалык (озунуз айтмакчы) догурунуп долуланасыз? Кыскасы,Аллах баарыбызды ак жол,акыйкат жолдон адашуучулардан кылбасын!

Эми бул кайсы чекке сыят? Менин ал пикиримден долулуктун, догурунуунун 0,00000001 элементин көрүүгө мүмкүн эмес. Эч кандай копол дагы эмес. Бул форумчунун көзүнө көрүнчү көрүнүп жатканбы деген да ой кетет экен.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#570 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2012 - 20:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Jeka (09 Октябрь 2012 - 11:49) жазган:

Мынча текст жазыш үчүн эле 3-4 саат, б.а. жумуш күндүн жарымы керек. Демек, сиз форумда атайылап эле үгүт-насыят иштерин жүргүзүп жатасыз. Модурлар, чара көрбөсөңөр болбойт го...

Анын үстүнө, теманын автору Таллас мырза да Библия боюнча суроо-жооп болсо деп айткан башында. А бул жер суроо-жооп болбой эле Debi айымдын монологдору жарыяланып, үгүт-насыят иштерин жүргүзүүчү аянтчага айланып баратат

Сен ушунчалык жай жазасыңбы? Көчүрүү коюу болгонун деле билген жоксуңбу? Адегенде теманын баарын болбосо да, айткан пикириңе жооп бере алгыдай деңгээлде окуп анан дооңду жазсаң болмок экен. Убактымды коротуп жооп кайтарбай эле коёюн дейм, анан атайылап кирип жатышса ;) бул бөлүмгө, мен үйрөтпөсөм ким үйрөтөт деп да ойлойм. ;).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#571 Пользователь офлайн   Debi   09 Октябрь 2012 - 21:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 09 Октябрь 2012 - 21:09

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#572 Пользователь офлайн   meerimka86   09 Октябрь 2012 - 23:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

урматтуу форумчулар сиздер бул жакка кирип Деби айымга жооп жазган сайын менин жазгандарымды окушат экен деп жаза берет да,сиздер вообще кирбей коюнуздар ал озунон озу жазганын токтотот.
бирок ар бир адам учун озу туткан дини сыйлуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#573 Пользователь офлайн   sestra   10 Октябрь 2012 - 12:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 23:06) жазган:

Библия мындай дейт: Менин калканым – таза жүрөктөрдү куткаруучу Кудай.

бул кимдин созу? Иса а.с. айтып жатабы, же библиянызга жан кирдиби? Иса а.с. созу болсо, ал АЛЛАХтын кулу экенин анык далилдеп турат, т.е вы сами себе противоречите, ал эми библияга жан кирсе - укмуштар дуйносуго?!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#574 Пользователь офлайн   Jeka   10 Октябрь 2012 - 12:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения meerimka86 (09 Октябрь 2012 - 23:49) жазган:

...кирбей коюнуздар ал озунон озу жазганын токтотот.

Толугу менен макулмун жана колдойм! Бүгүнтөн баштап бул темага бойкот жарыяладым.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#575 Пользователь офлайн   sestra   10 Октябрь 2012 - 13:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 23:10) жазган:

Библия мындай дейт: Мен Теңирди чындыгы үчүн даңктайм, бардыгынан жогору турган Теңирдин ысымын мактап ырдайм.

бул кимдин оозу менен айтылган соз?
бабтисттердин, иеговисттердин сыйынуу жыйындары концерт сымал откон себебин Деби айымдан угайын дегем, корсо ырдоо жонундо библияда бар турбайбы, бирок тарыхтан белгилуу, мурунку бабтисттер ырдап - бийлешчу эмес, мындай корунушту афроамерикалык бабтистер 1955 - жылдары жаштарды кызыктырыш учун, бири-бири менен тааныштырыш учун ойлоп чыгарышкан экен ("тайна религиозных миссий" В.В.Коник Москва 1980 ж ).


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#576 Пользователь офлайн   Debi   10 Октябрь 2012 - 18:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жалган жалаа угуп жаткандардын биринчиси да, акыркысы да эмесмин. Бирок кооптуу эч нерсеси жок. Жалган жалаа үчүн автору гана суралат. Ал эми уккан адамга ал маани берген учурда гана кедергисин тийгизиши мүмкүн. А мен маани бербейм. Маанисиз нерсеге маани берип кереги эмне. Өздөрүн гана аяйм да. Кара менен ак маңдайында турган адамга өзү ажырата албаса, актын актыгын, каранын каралыгын далилдөөгө далалат кылуунун өзү куру убара да. Далилдөөнү талап кылбаган чындыктарды талдап кереги жок. Руханий таза адамдар көрөт.

Библия мындай дейт: Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#577 Пользователь офлайн   sestra   10 Октябрь 2012 - 19:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Библия мындай дейт: Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.
[/quote]

кудайдын уйу кайсы, эмне деп аталат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#578 Пользователь офлайн   Delicacy   10 Октябрь 2012 - 19:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

кудайдын уйу кайсы, эмне деп аталат?
[/quote]


Менимче суроолорго канаатандырарлык жоо ала албайсыз эгер урматтуу Библиянын жактоочусу Библия мындай дейт деп турса!
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#579 Пользователь офлайн   Debi   10 Октябрь 2012 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Төрөлөрүң тамакты ашыра тоюш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жесе, сага жакшы!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#580 Пользователь офлайн   Debi   18 Октябрь 2012 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бүгүн ушул сөздөрдү окуп, жаңы дем-күч алдым. Библия мындай дейт: Ыйса Машайак келгенде, сыналган ошол ишенимиңер силерди мактоого, урмат-сыйга, атак-даңкка ээ кылат. Силер Аны көрбөсөңөр да, сүйөсүңөр. Азыр да Ага көрбөй туруп ишенип, сөз менен жеткире алгыс, улуу кубаныч менен кубанып жатасыңар. Анткени ишенимиңердин максатына – жаныңардын куткарылышына жетесиңер. Силерге ырайым көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар ушул куткарылууну ынталуулук менен изилдешкен. Машайактын тарта турган азаптарын жана алардан кийин даңк коштоору жөнүндө өздөрүндөгү Машайактын Руху алдын ала күбөлөндүрткөндө, кайсы жана кандай убакытты көрсөткөндүгүн алар изилдешкен. Асмандан жиберилген Ыйык Рухтун күчү менен Жакшы Кабар таратуучулар аркылуу азыр силерге жар салынып жаткан Жакшы Кабар алардын өздөрүнө эмес, бизге тиешелүү экендиги аларга белгилүү болгон. Муну периштелер да өз көздөрү менен көргүлөрү келген. Ошондуктан, бир туугандар, акыл-оюңар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула. Ыйса Машайак келгенде, силерге көрсөтүлө турган ырайымга толук үмүттөнгүлө. Билбестиктен баткан мурунку кумарларыңарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу үчүн тандалган балдар катары бардык жүрүш-турушуңар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык. Себеби Ыйык Жазууда: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп жазылган. Ар бир адамды ишине жараша бет карамалык кылбастан соттоочу Кудайды Ата деп жатсаңар, анда келгин катары жашап жаткан убактыңарды коркунуч менен өткөргүлө. Анткени муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес, кемчиликсиз, таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер. Ал дүйнө жаратыла электен мурун эле дайындалган, бирок силер үчүн убакыттын акырында келди. Силер Ал аркылуу Кудайга ишенип жатасыңар. Кудайга ишенип, Андан үмүттөнүшүңөр үчүн, Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады. Бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныңарды тазалап, бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө. Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр. Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт. Ал эми Теңирдин сөзү түбөлүк калат. Бул сөз болсо – силерге жарыяланган сөз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: