Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#701 Пользователь офлайн   sestra   04 Декабрь 2012 - 23:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Иса а.с. "распятие" син улантсак.

«Род лукавый и прелюбодейный ищет знамения; и знамение не дастся ему, кроме знамения Ионы пророка; ибо как Иона был во чреве кита три дня и три ночи, так и сын человеческий будет в сердце земли три дня и три ночи» (Матфей, 12:39-40).

бул жерде ачык - айкын айтылып турат : жердин ортосунда уч кун уч тун

«И как уже настал вечер, потому что была пятница, то есть, день перед субботою» (Марк, 15:42). «На другой день, который следует за пятницею, обрались первосвященники и фарисеи к Пилату» (Матфей, 27:62). «Но как тогда была пятница, то Иудеи, дабы не оставить тел на кресте в субботу…» (Иоанн, 19:31).

кыскасы Иса а.с жума куну асып коюшкан деп эсептейли.

«По прошествии же субботы, на рассвете первого дня недели, пришла Мария Магдалина и Другая Мария посмотреть гроб» (Матфей, 28:1). «И весьма рано, в первый день недели, приходят ко гробу, ко восходу солнца» (Марк, 16:2). «В первый же день недели, очень рано… пришли они ко гробу» (Лука, 24:1). «В первый же день недели Мария приходит ко гробу рано…» (Иоанн, 20:1).

бул кун жекшемби болуп калат.

эми эсептейли: жуманын туну - 1, ишемби куну - туну - 1 кун, 2-тун, ал эми жекшемби эртен менен "тирилген" кандай математикалык закондор менен эсептебе 1 кун жана 2 тун эч качан 3 кун 3 тун болуп бере албайт!! !


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   zzz   05 Декабрь 2012 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 516
  • Катталган: 09 Август 09
  • Соңку аракети: 29 Окт 2020 10:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Bishkek

Бул тема "Библияга суроом бар" деп аталгандыктан ошол эле Библиянын ичиндеги пикир келишпестиктер, карама-каршы билдирүүлөр тууралуу суроо узаткандар эмне үчүн игнорго кетишет? Эч түшүнө албай жатам...

Бирок сиз игнорго кетиресизби, кетирбейсизби теманын максаты аткарыла бермекчи, Библияга суроолор бериле бермекчи, бир гана айырмасы - суроолор жоопсуз кала берет, канча кылымдар бою жоопсуз калган сыяктуу эле...

Сиздин кол жазмаңыз болсо форумдун эрежелерине ылайык келбейт деп ойлом...

Билдирүүнү түзөткөн: zzz: 05 Декабрь 2012 - 11:56

Ден соолукту чыңдоо үчүн - I run each ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   Debi   05 Декабрь 2012 - 14:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения zzz (05 Декабрь 2012 - 11:55) жазган:

Бул тема "Библияга суроом бар" деп аталгандыктан ошол эле Библиянын ичиндеги пикир келишпестиктер, карама-каршы билдирүүлөр тууралуу суроо узаткандар эмне үчүн игнорго кетишет? Эч түшүнө албай жатам...

Бирок сиз игнорго кетиресизби, кетирбейсизби теманын максаты аткарыла бермекчи, Библияга суроолор бериле бермекчи, бир гана айырмасы - суроолор жоопсуз кала берет, канча кылымдар бою жоопсуз калган сыяктуу эле...

Сиздин кол жазмаңыз болсо форумдун эрежелерине ылайык келбейт деп ойлом...

Такыр жооп көргөн жокмун десең, сени да игнорго жазып коём го ))). Менин көзүмдүн көргөнү боюнча ))) суроо узаткандар кеткен жок, атайылап Библиядан кынтык издегендер, адептүүлүктү сактай албагандар, жазылган жоопко түшүнбөй (балким, түшүнсө да түшүнмөксөн болуп), чабуулга өткөндөр кетет. Себеби менин максатым алар менен кайым айтышуу эмес. Сеники да сылык-сыпаалыкка оролуп, "суроолор бериле берет... жоопсуз кала берет" деген аныктама будалактаган билдирүү болуп турбайбы. Мазмунга бул аныктама жалганбай жатпайбы ))). Анан анын несине жооп берейин? Балким мен билбей калгандырмын, кайсы эрежеге туура келбей жатат менин кол жазмам?
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   Debi   05 Декабрь 2012 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библияда Ыйсанын Пабыл деген шакирти мындай деген: Дүйнөдө, айрыкча, силердин араңарда биз адамдык акылмандуулук менен эмес, Кудайдын ырайымы, Кудайдан келген ыйыктык, тазалык менен жашаганыбызга абийирибиз күбө. Бул биздин мактанычыбыз. Менин абийирим ушундай күбөлүккө өткүдөй жашасам гана, умтулганым ушул.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   esenbekkd   06 Декабрь 2012 - 12:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 10 Май 11
  • Соңку аракети: 24 Июл 2016 02:26

Просмотр сообщения zzz (05 Декабрь 2012 - 11:55) жазган:

Бул тема "Библияга суроом бар" деп аталгандыктан ошол эле Библиянын ичиндеги пикир келишпестиктер, карама-каршы билдирүүлөр тууралуу суроо узаткандар эмне үчүн игнорго кетишет? Эч түшүнө албай жатам...

Бирок сиз игнорго кетиресизби, кетирбейсизби теманын максаты аткарыла бермекчи, Библияга суроолор бериле бермекчи, бир гана айырмасы - суроолор жоопсуз кала берет, канча кылымдар бою жоопсуз калган сыяктуу эле...

Сиздин кол жазмаңыз болсо форумдун эрежелерине ылайык келбейт деп ойлом...


Булардын ошондой шылтоосу бар. Жообу жок болсо, "сен тушунбойт экенсин", "озун мен жазгандарды издееп таап ал", "мен кынтык издегендерге жооп бербейм" деп, Библиянын озуна жаккан жерлерин жазып отура берет. :) Жонокой суроого жооп бере албайт дагы, оздорун дуйнодо болуп корбогон акылман сезишет.

Көрөсүң го, эми "мен акылман сезбейм, библияда өзүңөрдү аклыман сезбегиле деп айткан, мен чындап чындыкты издегендердин гана суроосуна жооп берем" деген сыяктуу нерселер жазат. Анын оюнда чындыкты издегендер "Эмне үчүн менин байпагым жыртылып калды? Мен күнөө кылып койдумбу?" дегенге окшош суроолор бериши керек :)

Билдирүүнү түзөткөн: esenbekkd: 06 Декабрь 2012 - 12:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   Suniya   06 Декабрь 2012 - 19:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 291
  • Катталган: 12 Июнь 12
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2014 21:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мени суйгон адамдын журогундо жашайм...

Mmm mywyk chychkan oinop jatywat go syiagy......Bibliyadan kim kandai kenew alyp jan duinosu tazardy ee el jurt aitkylachy???
Сен менин бир тамчы коз жашым болсон,анда мен сени жоготпоо учун омур бою ыйлабай отмокмун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   Debi   06 Декабрь 2012 - 20:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын арасында да, өлүмгө бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз. Бирөөлөр үчүн өлүм алып келген өлүм жыты болсок, башка бирөөлөр үчүн өмүр алып келген өмүр жытыбыз. Андай болсо бул ишке ким жөндөмдүү? Биз көптөргө окшоп Кудайдын Сөзүн бурмалабайбыз. Кудай Сөзүн Кудайдан келген Сөз катары, Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп, чын жүрөктөн айтабыз.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   Debi   06 Декабрь 2012 - 20:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Инжил, 2Кор.2:15-17.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   meerimka86   08 Декабрь 2012 - 00:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Бирок кыйын экенсиз,Деби! !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   Debi   08 Декабрь 2012 - 10:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения meerimka86 (08 Декабрь 2012 - 00:34) жазган:

Бирок кыйын экенсиз,Деби! !!!

Рахмат, бирок Кудай кыйын да, мен эмес.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   Debi   08 Декабрь 2012 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда. Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат. Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү (Инжил,2.Кор. 4:16-18).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   Daud   08 Декабрь 2012 - 12:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Менде бир суроо пайда болуп калды.

Библияда козу ачык, бубу-бакшы, экстрасенс, спирит ж.б.у.с. жонундо эмне деп айтылат?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   Debi   08 Декабрь 2012 - 13:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Сыйкырчылык кылбагыла, төлгө салбагыла (Байыркы келишим, Леб.19:26).

Ал ошондой эле бал ачты, төлгө тартты, сыйкырчылык кылды жана өлгөндөрдү чакыргандарды, сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Ошентип, ал Кудайга жакпаган иштерди көп кылып, Аны каардантты (Байыркы келишим, 2Жылн. 33:6).

Инжилде дагы тастыкталат:

Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу, жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт (Инжил, Гал.5:19-21).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   Daud   08 Декабрь 2012 - 23:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

1. Люцефер деген ким?

2. Бабтистер менен Католик жана Православтардын айырмасы эмнеде?

3. Адам олгондон кийин эмне болот? Библия бул жонундо эмне дейт?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Пользователь офлайн   Daud   08 Декабрь 2012 - 23:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (08 Декабрь 2012 - 13:10) жазган:



Инжилде дагы тастыкталат:

Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу, жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт (Инжил, Гал.5:19-21).


Бул жердеги шапар тебуу деген соз эмнени билдирет? Бир-эки мисал келтире аласызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Debi   09 Декабрь 2012 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библияда мындай деген аят бар: "Таң жылдызы, таң уулу, сен асмандан кандай куладың! Элдерди тебелеп-тепсөөчү, сен жерге кулап түшүп, кандай талкаландың! Бирок сен өз жүрөгүңдө мындай деп айттың эле: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам. Булуттардын үстүнө чыгам, Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам".
Бул жердеги "таң жылдызы" деген сөз "люцифер" деген сөзгө маанилеш. Бул аятта сөз шайтан тууралуу болуп жатат. Ошондуктан Люцифер - шайтан.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   Debi   09 Декабрь 2012 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"2. Бабтистер менен Католик жана Православтардын айырмасы эмнеде?"

Католиктер Мариямга да кошо сыйынышат. Мариям кадимки аялдардан такыбаалыгы менен гана айырмаланган. Инжилде мындай дейт:"Энеси менен бир туугандары келип, сырттан Ыйсаны чакыртышты. Анын тегерегинде эл отурган эле. Ошондо Ага: «Энең, инилериң, карындаштарың сыртта Сени чакырып жатышат», – дешти. Ыйса аларга: «Менин энем жана бир туугандарым ким?» – деди да, айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына, менин энем, мына, Менин бир туугандарым. Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым жана энем!» – деп жооп берди".

Ал эми православдарда акыл-эси жетиле элек балдарды, ымыркай кезинде эле сууга чөмүлтүшүп, мойнуна айкаш жыгачтын сөлөкөтүн тагып, "машайакчы кылып" коюшат. Анан да шам жагып, чокунуп, Библияда таптакыр айтылбаган эле жөрөлгөлөрдү кылышат.

"Машайакчылыктын тарыхынан" үзүндү келтирейин:

"Үч кылым аралыгында эч бир куугунтук машайакчылыкты басып коё алган жок. бирок император Константиндин (Деби: Машайакка ишенип калган) тушунан тартып машайакчылыкка башка мүнөздөгү чоң коркунуч туулду, бул бардык куугунтуктарды чогуу алгандагыдан да коркунучтуу нерсе эле. Бутпарас императорлордун тушунда шайтан машайакчылык жыйынга жаалдуу арстандай кол салса, Константиндин башкаруусу учурунда куу жыландай сойлоп келди. Падыша жыйынга ченемсиз материалдык жардам көрсөтө баштагандыктан, адамдар ишенгендиктери же Машайакты сүйгөндүктөрү үчүн эмес, жеке пайдалары үчүн жыйынга агылып келе башташты... Көптөгөн жетекчилер өздөрүнүн Теңир алдындагы милдеттерин унута башташты... Мындай жыйындын мүчөлөрүнө айткан Машайактын образдуу сөздөрү: "Сен шайтандын тактысы турган жерде жашайсың" (Аян.2,13). Ооба, жыйын өзүнүн ичине шайтан такты орнотушуна жол берип койду. Бирок рухий жактан кулаган ушундай жыйында да Машайакты сүйгөн жетекчилер жана мүчөлөр болгон, аларга Машайак мындай дейт: "Менин ысымымды бек тутуп жүрөсүң, Мага болгон ишенимиңден баш тарткан жоксуң" (Аян 2,13).

Мына ушул доордо жыйында рухий эмес, табигый адамдар мүчө болгондуктан, окутуу да адамдык негиздерге аралашып, бурмаланган. Ошонун натыйжасында Библиялык окутуудан четтеп, адамдык окутуулардын негизинде калыптанган агымдар жаралган.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   Таллас   09 Декабрь 2012 - 21:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Debi (09 Декабрь 2012 - 20:01) жазган:

...
Мына ушул доордо жыйында рухий эмес, табигый адамдар мүчө болгондуктан, окутуу да адамдык негиздерге аралашып, бурмаланган . Ошонун натыйжасында Библиялык окутуудан четтеп, адамдык окутуулардын негизинде калыптанган агымдар жаралган.


Жоопторуңузга рахмат!

Сиз ошондо Библиянын ошо сиз айткандай "табигый адамдар" тарабынан бурмаланганын мойнуңузга алып жатасызбы муну менен? Же окутуу деп башка нерсени түшүндүрөйүн дедиңиз беле?

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Debi   09 Декабрь 2012 - 21:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"3. Адам олгондон кийин эмне болот? Библия бул жонундо эмне дейт?"

Жаны тынчтанып бейишке барат, же кыйналып тозокко барат. Буга негиз бере турган кээ бир аяттар:

Айкаш жыгачка кадалган эки кылмышкердин бири: «Эгерде Машайак болсоң, анда Өзүңдү да, бизди да куткар!» – деп, Ага тил тийгизди. Экинчиси болсо аны тыйып: «Кудайдан коркпойсуңбу, өзүң деле ушул жазага тартылбадыңбы. Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш жасаган жок да», – деди. Анан ал Ыйсага: «Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр», – деди. Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң», – деди (Лука 23,39-43).

Эгерде Кудай күнөө кетирген периштелерди аябастан, аларды сот боло турган убакка чейин тозоктун караңгы туңгуюгуна түшүрүп, чынжырлап койсо… (2Пет.2,4).

Улуу соттон кийин тозоктогулар күкүрттүү көлгө, бейиштегилер жаңы денеге ээ болуп, Кудай менен бир болушат.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 09 Декабрь 2012 - 21:09

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   Debi   09 Декабрь 2012 - 21:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Daud (08 Декабрь 2012 - 23:25) жазган:

Бул жердеги шапар тебуу деген соз эмнени билдирет? Бир-эки мисал келтире аласызбы?

Шапар тебүү деген пайдасыз, адамды бузуктукка жетелеген оюн-зоок, тартипсиздик. Мисалы түнкү клубдардын негизги "иши" шапар тебүү болсо керек. Болбосо ал жакта адамдар кантип эс алышат? Зарыл, пайдалуу иштерди таштап салып, отуруш, кечелерде убакытты текке өткөрүү да шапар тебүүгө кирет.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 39 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 39, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Июл 2025 02:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: