Мындай жооп жана суроо пайда болушу ыктымал экендигин сезсем да, жүйөөлүү сөзгө гана көңүл бурган адам жана анын "чындык"
жолундагы шериктери (же санаалаштарыбы,
кандай атасңар өзүңөр билесиңер), ушундай суроо узатпай эле түшүнүп алат го деп, алдын ала жооп жазган эмесмин... Ооба, эгерде ушунчалык териштиргиси келсе үйрөнсүн!
Мен бир мисал келтирип өтөйүн (котормочу катары): эл аралык келишим түзүлүп жатканда, документке 2 тилде кол коюлушу мүмкүн, бирок анын ичинен 1 тили тандалып алынат, эгерде бири бирине карама-каршылык болсо, ошол тандалган тилиндеги мааниси үстөмдүк кылат (муну кайсы юристтен сурасаңыз да тастыктап берет)... Эми Куранга келсек биз билебиз, ушул эле кыргыз тилибиздеги котормолордо бири-бирине карама-каршылык болсо оригиналын кайдан таап, текшерип алсак болоорун... Ал эми библиянын оригиналы кайда, кайсы тилде?
Берилген суроонун жообу мага эмес, өзүңө керек эле. А мен сени түшүнүп эле турам. Бирок сен берилген суроого жооп бербей эле, суралбаган эле нерсени териштирип, "үйрөтө" баштапсың. Өтүп бараткан кишиге эле бирөө, токточу мен мугалим элем сени үйрөтөйүн дегендей жагдай ))). А менин сөздөрүмдөн сенин айткандарыңан улам чыккан тыянакты гана түшүнүүгө болот, сөз териштирүүгө жеткен эмес эле ))). Ошентсе да, аракетиңе рахмат.
Библиянын котормолорунан карама каршылыктарды мен жолуктурган эмесмин ))). Ал эми Библиянын оригиналы кагаз чыга электеги, моноскриптеги кол жазма түрүндө Иерусалимде сакталуу, грек тилиндеги толук Библияны камтыган моноскрипт 4 - кылымга даталанган. Анын кылымдар бою жазылгандыгына карабай, бир пайгамбардын алдын ала айтканы, бир пайгамбардын тушунда орундалып, мазмун чынжырчасы уланып отурган. Мына ушул эң жөнөкөй далил, Анын Кудайдын Рухунун жетегинде жазылганын айтып турат. Дагы жазсам болот эле, бирок көзүңөрдү жумуп алып, кана, кана дешиңер күтүлүү ))), ошондуктан ушуну жаза турайын. Анчалык бирөөнүн билгиси келип баратса, жазаар

Супер-Инфо
super.kg
видео












