Айтматовдун 'Дениз бойлой жорткон ала добот' чыгармасы мага озгочо таасир калтырган болчу. Жашоо, турмуш эч кандай жасалма тоскоолдуктары жок эле мелмилдеген калыбынан жазбастан, кандай курч, кандай аеосуз боло ала турганын корсоткон айкын повесть деп айта алам.
"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#682 01 May 2013 - 00:05
Мага Кеңеш Жусуповдун 'Сапар китеп' деген китеби өзгөчө жаккан...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#683 04 May 2013 - 16:14
Джейм Хедли Чейз аябай тааныш угулуп жатат. Чыгармаларынан атай кетсениз жакшы болмок.
Детектив чыгармаларды жазган жазуучу. "Гроб из Гонконга" ,""Гриф- птица терпеливая" ,"Ты будешь одинок в своей могиле".
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#684 04 May 2013 - 16:35
Ч.Айтматовдун,
С.Карачевдин,
А.Осмоновдун,
Т.Сыдыкбековдун,
Т.Касымбековдун китептерин суйуп окуучумун...
окуучулук кезимде,китеп десе ичкен ашын жерге коер куйорманы элем. А азыр кээде гана окуйм,анан китеп мулжугуч форумчулар кыргыз чыгармаларынан кайсыны окууга кенеш бересиздер?
#685 04 May 2013 - 18:16
Мени жапондордун хокку (хайку) ырлары кызыктыра баштады эле, окуп жатып, бир аз кыргызчалатымыш эттим эле, анан алардын кээлерин ушул сайтка илдим эле, котормонун жакшы жаман жактарын айтат десем, бир да киши үн катпай койгон соң, которгум келбей калды! О жо-ок, калп айтам, которуп эле жатам дечи, бирок, бул жакка илгим келбей калды... Өх... ичимдеги бугумду аз да болсо чыгарып алдым...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#686 04 May 2013 - 18:33

Шилтемесин таштап койосузбу?
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
#687 04 May 2013 - 18:34
Ч . Айтматовдун " Когда падают горы" или вечная невеста деген китебин Москвада гиппермаркеттен коруп суйунуп сатып алгам, ал акыркы китеби беле или мен озумду суюнтуп эле алып алганмынбы?
#688 04 May 2013 - 22:27
Мени жапондордун хокку (хайку) ырлары кызыктыра баштады эле, окуп жатып, бир аз кыргызчалатымыш эттим эле, анан алардын кээлерин ушул сайтка илдим эле, котормонун жакшы жаман жактарын айтат десем, бир да киши үн катпай койгон соң, которгум келбей калды! О жо-ок, калп айтам, которуп эле жатам дечи, бирок, бул жакка илгим келбей калды... Өх... ичимдеги бугумду аз да болсо чыгарып алдым...
Мен окуп котормо жакканын жазайын деп, анан кайра темага кошумча жазбай эле коёюн деген ойдо жазган эмесмин. Мага жанагы баласын жоготкон эненин "От жагып жатам, бирок, үй суук" деген маанидеги ыры жаккан. Кыска, бирок, мааниси терең. Ошо, эми которгуңузду келтириңиз!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#689 04 May 2013 - 22:33
Темага улай жаза турган болсом эл катары эле мен да Т.Касымбековдун "Сынган кылычын" окугам. Ошодо Нүзүп миңбашынын чыккынчылар тарабынан Шералы ханга жамандалып анан өлүм жарлыгын алып келген жигитти күттүрүп өзү намаз окуурда ойлонгон ою жазылган саптарды таасирдүү деп ойлойм.
Аны да ушул эле форумдун бир кычыгына жазган элем, көчүрүп келе койдум.
Ана! Шаңкайган улуу тоолор...Көкмөк чөп.. Бейгам күн.. Кымызга ныксыроо.. Ана туугандарынын жылуу жүздөрү.. Булар Нүзүптү эзди.. Жүрөгүн тыз-тыз тилди.. Энесин эстеди.. Каңырыгы түтөп кетти... Эй, көздөн жаш чыкса даарат бузулат! Капилет келген жашык сезимин силкип таштады. Эй. эмне өлгөн жалгыз сенби? Кана атаң?! Өзүн-өзү кайрады. Жаш чыгарбай күчүркөнүп, көзүнүн кычыктарын кызартып барып токтоду. Бүттү.. бул дүйнөнүн кызык оюну бүттү. Баары бүттү...Бүттү бул жалган дүйнөнүн азабы...
Аны да ушул эле форумдун бир кычыгына жазган элем, көчүрүп келе койдум.
Ана! Шаңкайган улуу тоолор...Көкмөк чөп.. Бейгам күн.. Кымызга ныксыроо.. Ана туугандарынын жылуу жүздөрү.. Булар Нүзүптү эзди.. Жүрөгүн тыз-тыз тилди.. Энесин эстеди.. Каңырыгы түтөп кетти... Эй, көздөн жаш чыкса даарат бузулат! Капилет келген жашык сезимин силкип таштады. Эй. эмне өлгөн жалгыз сенби? Кана атаң?! Өзүн-өзү кайрады. Жаш чыгарбай күчүркөнүп, көзүнүн кычыктарын кызартып барып токтоду. Бүттү.. бул дүйнөнүн кызык оюну бүттү. Баары бүттү...Бүттү бул жалган дүйнөнүн азабы...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#690 04 May 2013 - 23:01
Мен окуп котормо жакканын жазайын деп, анан кайра темага кошумча жазбай эле коёюн деген ойдо жазган эмесмин. Мага жанагы баласын жоготкон эненин "От жагып жатам, бирок, үй суук" деген маанидеги ыры жаккан. Кыска, бирок, мааниси терең. Ошо, эми которгуңузду келтириңиз!
И ошентип, көңүлдү көтөрүп койсоң! Азыр мына, деп ушул жерге илип жибергим келип кетти...
Мисалы:
Басё
***
Кетти жаз.
Чымчыктар ыйлап, балыктардын
көздөрүндө толо жаш
Исса
***
Чөптөгү аары,
келеркиде мага окшошуп,
туулуп алба дагы...
ж.б.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#691 04 May 2013 - 23:34
Кызык, жапон чыгармаларын жапончо окуп жатасызбы?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#692 05 May 2013 - 12:01
Оо,мен окуган китептер абдан кoп,тамга тааныганы окуп эле келатам,кoбунчo адабий-тарыхый,
илимий-популярдуу китептер жагат.
#693 05 May 2013 - 12:31
Кызык, жапон чыгармаларын жапончо окуп жатасызбы? 
Балээниби... Анда эле Эдо (азыркы Токио) шаарына барып калбайт белем, азыр сен Индияда жүргөндөй... Дагы деле орус "акелерге" көз карандыбыз- ов!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#694 05 May 2013 - 12:40
Балээниби...
Анда эле Эдо (азыркы Токио) шаарына барып калбайт белем, азыр сен Индияда жүргөндөй...
Дагы деле орус "акелерге"
көз карандыбыз-
ов!
Котормодон котордум денизчи. Атайын адабият болумуно кирип окуп келдим. Алгач, шашма жаным, кулгуп жутуп алып, козум бакырайып эле отуруп калдым. Хоккуларды шашпай, конул коюп, бир шингилден даамын татуу керек турбайбы. Медитация сыяктуу неме экен да, корсо. Эмгегинизге рахмат, Барс ава, дагы кутом. Теманызга жазбадым, булгагым келбеди.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#695 05 May 2013 - 12:46
Жакшы тема экен.
Ойлоп көрсөм 3-4 жылдан бери китеп окуй элек экенмин
.Акыркы окуган китеп Ч.Айтматовдун "Когда падают горы (Вечная невеста)"
деген романы экен.Бул жака келгени китеп окубай калдым.Интернет деген балээден кол бошобойт.Кээде аудио китептерди жүктөп алып угам.Азыр М.Булгаковдун "Мастер и Маргарита"
-сын угуп жатам.Жаш кезде окудум эле.Негизи "Китеп мүлжүгүчтүөр"
тобуна кирем.Совет доорундагы кыргыз жазуучуларынын бардыгын эле окудум десем болот.Айылдагы үйдө миңге жакын китебим бар эле.
Ойлоп көрсөм 3-4 жылдан бери китеп окуй элек экенмин
#696 05 May 2013 - 13:23
Котормодон котордум денизчи. Атайын адабият болумуно кирип окуп келдим. Алгач, шашма жаным, кулгуп жутуп алып, козум бакырайып эле отуруп калдым. Хоккуларды шашпай, конул коюп, бир шингилден даамын татуу керек турбайбы. Медитация сыяктуу неме экен да, корсо. Эмгегинизге рахмат, Барс ава, дагы кутом. Теманызга жазбадым, булгагым келбеди.
Ой азамат! Мен эки-үч жылда араң түшүнө баштаганымды тез эле кабыл алганыңа там бердим! Сенин кабыл алууң мыкты экен, көз тийбесин!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#697 05 May 2013 - 16:38
"Бул жашоодогу бардык жалгыздыктан жапа чеккен адамдардын атынан, анан албетте, өзүмдүн атыман дагы бакыт каалайм, жарашыктуу жуптар..."
Кайсы китептен алынган цитата экенин байкадыңызбы? Бул Хелен Филдингдин "Брижит Жонстун күндөлүгү" деген чыгармадан. ..))) Жок дегенде, тасмасын көргөн чыгарсыз, айрыкча кыздар! Бирок китебин окуй элек болсоңуз, сөзсүз барактап, көз жүгүртүп чыгыңыз. Окугандан кийин мага окшоп тасмасына алымсынбай да калышыңыз толук мүмкүн.
Чыгарманы болсо, былтыркы жылы бир аз депрессияга кабылган учурда курбум сунуштап калды. Окуп баштарым менен депрессиянын "д"сын да унуттум, каарман кайсы бир жеринде мага окшош, экинчисинде курбума, үчүнчүсүндө кесиптешиме. Кыскасы, автор жүздөгөн кыздардын образын тутамдап эле чогултуп койгондой. Мунун баары чыныгы жашоодон алынгандай сезилет. Анан да эң бир бактысыз кыз болсо да башкы каарманда, анын жоруктарына каткырып бүтпөйсүң.
Эгерде, жеңил окулган, бир гана маанай үчүн китеп издеп жүрсөңүз, сөзсүз, окуп көрүңүз...

Бул китепти интернеттен таба аламынбы?
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
#698 05 May 2013 - 16:49
Ой азамат! Мен эки-үч жылда араң түшүнө баштаганымды тез эле кабыл алганыңа там бердим! Сенин кабыл алууң мыкты экен, көз тийбесин!
Мага да коз тийбесин, сизге да коз тийбесин, эч кимге коз тийбесин. Ашыкча коздорду(создорду да) бир баштыкка чогултуп эле коюу керек озу, (ыпыратпай)
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#699 05 May 2013 - 19:36
Мен адабиятчы катары коп эле китептерди "мулжугом"
, айрыкча "7 соз жана Конфуцийди"
жактырам.

Супер-Инфо
super.kg
видео