"Модалуу пальто", "эң популярдуу өң", "оригиналдуу саат" деген нерселер эмнегедир айымдардын гана башын ооруткандай сезилет. Бирок бул нерселер эркектин да жашоосунда чоң роль ойнорун унутпаш керек. Мисалы, туура тандалган костюм, кычыраган бут кийим мырзанын жашоодо ийгиликтүү кызмат табышына, айымдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болушуна ж.б. ар кандай жагдайларда пайдасы гана болбосо, зыяны тийбери талашсыз.
- (2 )
-
- 1
- 2
Мода жана эркектин көркү
#1 22 November 2013 - 02:01
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 22 November 2013 - 02:03
Биринчи жардамчы - аял Аял эркекке караганда моданын ийне-жибине чейин билээри турган иш. Бул жагынан мырзалар жолдуу. Анткени кийимди кичине кезинде апасы сатып берсе, жигит болгондо сүйлөшкөн кызы кеңеш берип, үйлөнгөндөн кийин бул түйшүктү өз мойнуна аялы толугу менен алат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 22 November 2013 - 02:04
Жалгыз бой эркектер кантет анда? Жанында кеңеш ала турган бир да айым жок мырзалар ар кандай мода журналдарына кайрылса болот. Бирок эч качан сүрөттөгү жигиттин образын көчүрүп албаңыз. Анткени, ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү (боюнун узундугу, чачы, көзүнүн өңү, далысынын кеңдиги ж.б.у.с.) сапаттары болот эмеспи. Баса, эгер кийимди дүкөндөн алып атсаңыз, сатуучулардан жардам сурасаңыз болот. Ал эми базардан кеңеш сурап убара болбоңуз. Ал жактагы сатуучулардын 80%ы сатканын эптеп өткөрүш үчүн сизди "жаңы жылдагы балаты" кылып коюшу дагы ыктымал.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 22 November 2013 - 02:05
Өлбөс классика!
!! Жүздөгөн жылдарды карытып келген өлбөс стиль - бул классика стили. Аялдын гардеробунда сөзсүз бир кара көйнөгү болгондой эле, мырзанын да дагы жок дегенде бир жакшы-ы костюму жана кара түстөгү булгары туфлиси болушу шарт. Баасы кымбат, бери дегенде 2-3 шым менен төп келе турган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 22 November 2013 - 02:07
Классикалык стилдеги кийим кийгенде эстеп коюңуз * Көйнөк менен галстукту кийгенде, өзүңүздү сөзсүз (!) ыңгайлуу сезишиңиз керек. Кичине эле ыңгайсыздык жаралса, барган жериңизден маанайыңызды түшүрүп коюшу мүмкүн. * Көйнөктүн жеңи костюмдун жеңинен 2-2,5 см. гана чыгып турушу шарт. Болбосо жүдөө көрүнүп каласыз. * Көйнөктүн жакасы моюнга 1 эли тийбей турганы туура. * Төш чөнтөккө калемден башка нерсе салууга болбойт. * Костюмдун ийиндери далыга бек отурбаса, чечкиндүү кыймыл жасаш тоскоол болуп калат. * Эркектин шымы сөзсүз белинде турушу керек. Жамбаштан бир аз гана өйдөрөк шым кийүү чыныгы мырза үчүн уят нерсе. * Классикалык шымдын бели бекем отурса дагы, кур тагынуу зарыл. * Шымдын чөнтөгүнө блокнот, же көлөмү чоң кошелек салууга болбойт. * Шымдын багалеги жерге тийбей, таканы бир аз гана жаап турушу керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 22 November 2013 - 02:08
Эркектер жөнүндө: Жакшы шым аялдан артык. Анткени аялсыз барчу жерлер толтура, ал эми шымсыз… Эркектин өзүнүн кийиминен эмес, аялынын кийиминен сынашат. Эркек 20 жашында - playboy, кырк жашында - playman, алтымышында - play-off, сексенге чыкканда - game over. Эркектин көзүндөгү оту өчө баштаганда,
чачы түшүп, башы жалтырай баштайт. Эркектин кийингени да, чечингени да аял үчүн. Ар бир мырзанын жашоосунда аны мырза катары санабаган бир аял болот. Идеалдуу эркек эч качан тамеки тартпайт, арак ичпейт, аялга кол көтөрбөйт, андай эркек эч качан болбойт дагы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 22 November 2013 - 02:10
Туфли менен кур : Бул экөө канчалык сапаттуу болсо ошончолук ээсинин коомдогу статусу, өзүнө болгон ишеними, кадыр-баркы жогору экени байкалат. Курдун өңү кара, же күрөң болгону жакшы. Ал эми бут кийимге кайрыла турган болсок, анын тазалыгы биринчи орунда турат. Үстүңдөгү костюм канчалык кымбат баалуу болсо да тазаланбаган бут кийим менен айланадагыларга "жылаңач"
кетип бараткандай көрүнөсүң.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 22 November 2013 - 02:11
Пальто : Кызматтагы эркектин жок дегенде бир пальтосу, бир плащы болушу керек. Бою узун мырзаларга тизеден ылдый пальтолор сунушталбайт.
Белинде куру болбошу керек. Пальто өзүнө адамды тартпай турган өңдөн болгону жакшы. Бирок, кара өң өзүнө ыпыр-сыпырларды көп чогултат, ошону эстен чыгарбаңыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 22 November 2013 - 02:12
Биле жүрүңүз - Орустарда "встречают по одежде…"
деген акыл кеп бар эмеспи. Ошол сыяктуу жаңы жумушка орношкону баратканда,
же жөн гана адам менен биринчи жолу кезиккени жатсаңыз. сөзсүз тыкан, таза кийинип барууга аракет кылыңыз. Ал жерден кийимиңизге сөзсүз көңүл бурулат, бул жаратылышта мыйзам ченемдүү нерсе. - Эркектер үчүн аппапак шым көл жээгине, же гольф ойногонго гана туура келбесе, башка жерге зарылчылыгы жок. - Эгер командировкага,
ары-бери жакка көп чыксаңыз, айрым фирмалар атайын бырышпаган кездемеден костюмдарды тигишет. Анда чөнтөктөрү да көп, акча, билет, документ, калем ж.б. салып жүрүүгө ыңгайлашкан.
- Байпактын өңү эч качан шымдыкынан ачык болбоого тийиш.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 27 November 2013 - 23:37
Жок дегенде кур менен бут кийимин тусу окшош болушу керек.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#11 11 April 2014 - 11:51
Эркектер илгери мода дегенге маани да беришпечу,а азыр Гу Жун Пе сымалдар кобойду
анан албетте тусторду айкалыштыра кийинуу да жакшы.
#13 25 June 2014 - 21:53
Өлбөс классика!
!! Жүздөгөн жылдарды карытып келген өлбөс стиль - бул классика стили. Аялдын гардеробунда сөзсүз бир кара көйнөгү болгондой эле, мырзанын да дагы жок дегенде бир жакшы-ы костюму жана кара түстөгү булгары туфлиси болушу шарт. Баасы кымбат, бери дегенде 2-3 шым менен төп келе турган.
Классика жакшы коргон стилим.
Ушунун баарын жазып чыккан журналист кыз сага рахмат!) Пайдасы тийчудой.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 26 June 2014 - 00:49
Klassika soonun stil.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#15 27 June 2014 - 11:08
Классиканы мен да жакшы коромун, бир эле классикалык кийингенди эле эмес, классикалык музыканы да жакшы коромун. Ал эми классикалык кийинген жигиттер болсо кимге жакпайт ойлоймун андай кийинген жигиттер баарына жакса керек.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#16 27 June 2014 - 15:11
Канатчик, сиз бул маалыматтарды башка булактардан алып, кыргызчага которгонсузбу?
Которсоңуз кайсы тилден которгонсуз?
Аябай жакшы, маанилүү которупсуз.
#17 27 June 2014 - 16:42
Канатчик, сиз бул маалыматтарды башка булактардан алып, кыргызчага которгонсузбу?
Которсоңуз кайсы тилден которгонсуз?
Аябай жакшы, маанилүү которупсуз.
Таңгөрүүү, мен дагы Канатчик жазган экен десе, бир журналист кыз жазган турбайбы...
Барга көппө - Жок го чөкпө
#18 27 June 2014 - 16:42
Классикадан алергиям бар кийсем еле жудой берем джынс мн спиртменкадан отору жок
#19 27 June 2014 - 20:44
Мен да классикага коп басым жасайм, Мырзаларда Туфлиси, Кур, Кол сааты жакшы болуусу керек.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#20 28 June 2014 - 14:05
Канатчик, сиз бул маалыматтарды башка булактардан алып, кыргызчага которгонсузбу?
Которсоңуз кайсы тилден которгонсуз?
Аябай жакшы, маанилүү которупсуз.
Бул сыяктуу макалалардын копчулугун журналист кыз жазган, которгонбу же стилист менен иштешкенби ал жагынан кабарым жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















