Бала кездеги кыялдар эч убакта орундалбайт окшойтго))))))
Бала кездеги кыялыбыз, жеттиңерби? Азыр кыялдагыдайбы? Бала кездеги кыялдарыбыз...
#262 17 April 2015 - 04:09
"Сырларымды"
ачайынчы).
Кичинемде мобильныйдын "м"сын биле элек кезимде үйдөгү "чыррррр" ылдаган дом.телефонду караап минтип кыялданаар элем "ушу проводу жок, бурама кнопкалары жок, чөнтөккө батчудай телефондор чыкса а, көчөдө кетип баратып деле сүйлөшүп кете бергенге ыңгайлуу" деп. Чыктыбы? Чыктыы, альхамдулиЛлях…
2-3-класс кезимде бизди да жокчулук каптады… Ошондо минтип ойлоноор элем "галошту неге мектепке кийип барышпайт?" деп… Тобоо кийин 9-10-класста окуп жүргөнүмдө (мектепке) маазы-галош кийген "мода" болуп кетти (Токтогулда).
Кичинемде Тайатамдын Ленинградда түшкөн сүрөттөрүн барактаап отуруп "мен да ушул жерлерге барып келсем а" деп койгом. Ооба, аябай Питерге келгим келчү…
Улуу тайкемдин кызы университетинен (жакшы окугандыгы үчүн) араб өлкөлөрүнүн бирине барып келген. Ошондо самалетто түшкөн 1 кадрды караап "самалетко түшкөн кандай болду экен а" деп койдум эле…
Кошуна бир эженин кызынын бетинде майда калдары көп эле, "менин да бетиме кал чыгат болду бекен?" дечүмүн…
Иши кылса кыялдарым бүт-бүт орундалып келет Кудай буйруп. Бирок, кыялданат десе эле кыялдана бербеш керек экен, пенденин оозунда Кудайдын кулагында демекчи…,
"Больницага эч жата элекмин" дечү элем, толук бир ай ал жерде да "камалдым" …
Азыр тилек-кыялдарым кичине токтолуп-чоңоюп калды. "Мындай болсо да" деп жөн деле тамаша кылгандан чоочулап турам…
Азыркы абалым үчүн Аллахга чексиз шүгүрлөр болсун!

В каждой шутке есть доля правды...
#263 07 March 2016 - 14:48
Бир байке да айтканынан:
"Бала кезде сгущенканы айййабай жакшы көрөт элем. Үй-бүлөбүз бай болбогондуктан андайды кээде гана жечүбүз. Ошондогу кыялдарымдын бири сгущенкага карк болуу эле. Кийин чоңоюп, өз алдымча иштеп акча тапканда атайы дүкөнгө барып бир жашик сгущенка алып келгем үйгө".
Мен болсо өзүм тууралуу бир кызык жазып берейин )
Бала кезде үйдө отуруп (коноктор келген болчу) сүйлөшкөн сөздөрүн угуп калдым. "Баланч деген аялы экөө тең иштешет экен. Айлыктары болсо 1000 сомдон экен" деген сөз кулагыма илинип калды. Автоматтык түрдө эсептеп баштадым )). "Таак, экөө айына 2000 сом алса, демек, жылдын аягында 24000 сом чогултуп койсо болот экен. Опоңой эле машине алып алышат экен". Ой кеетттти деп кой. Ошентип аларды унаалуу кылып койдум. Бир чети мен дагы кыялданып кеттим "Мен дагы ушундай акча тапсам го бир жылда унаа алып алат элем" - деп. Ошол кезде акча күчтүү болсо керек. Билишимче, 20000 сомдун тегерегине жапжаңы болбосо да колдонулган унаа алууга мүмкүн эле.
Кечээ жакында (маяна айдын башында түшөт банктык эсепке) маянамды текшерип атып, ошол бала кездеги кыялдагы акчадан сомго оодарганда 100 эседен да көп маяна алып атканымды көрүп (мактангандык деп ойлосоңор деле мейличи) ошол кездеги кыялданганыма жылмайдым. Баламын да.. Албетте, кыялымдын баары эле акча болгон эмес, ошондой болсо да бала кездеги бир кыялым орундалыптыр.
Унаа алган деле жокмун, жакын арада деле албайм го, же таптакыр албайм.

> Mен эл менен <
#264 07 March 2016 - 14:53
"Мектепте иттей жакшы окуйт" дешип президенттик стипендия беришти. 1200 сом беле? Анын 1000 сомун үйгө берип, өзүм 200 сомуна (калганын өзүм коштуп болушум керек) плеер сатып алдым. Укканым бир кассета. Бир жак бетинде Т.Бектургановдун ырлары. Бир жак бетинде Любэ. "Атас!"
деп коюп Назирага жетпей калганымды арман кылып угуп келем мектепке. Анан ошондо ойлочу элем. "Ушу кичинекей эле бирдеме ойлоп табышпайбы музыка угуш үчүн ушуну калдайтпай"
, - деп. 3-4 жыл өтпөй эле кытайдын мп3 плеерлери чыкты анан базарга. Бирок, ал кезде музыкага деле көп көөн тартпай калган болчу.
> Mен эл менен <
#266 07 March 2016 - 19:40
Майда чүйдөсүн айтпай эле койойун, кийин мектепти бүтүп, Крда окубайм. Жогорку окуу жайда сөзсүз башка өлкөдө окуйм деп кыялданчумун.
Ошондо ушуну сыймык көрсөм керек да. Эми Бишкекте окуйм дебей деп өкүнүп калам. Буйруса азыркы кыялдарым да орундалып, мекениме жетээр күн да келип калаар.
Анан бир кыялым дагы деле орундала элек. Түшүмдө болсо да жомоктогу хан бийкелер жашаган сарайда, ошолордун оордунда болуп калсам дечүмүн. Азыр деле кыялданам
.

#268 03 April 2016 - 17:28
Азыр колумда бар нерселерди Аллахтан тилеп жүргөн кездерим эсимде. Аллахка миң мерттебе шүгүр
Внешность - это козырь , но не туз…
#269 03 April 2016 - 18:54
Жаш кезимден эле жомок өңдүү нерселерди эмес, реалда амалга ашуучу гана кыялдарды кыялданчумун.
Ошол себептенби,
жаш кезимден бери кыялдангандарым чекеден орундалып келе жатат. Негизгиси каалооң анан да эркиң күчтүү болсо болгону, бул эки нерсе оңбогондой эшиктердин ачкычын бат эле таап алууңа өбөлгө түзүп берет экен.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#270 05 April 2016 - 00:59
Таакс мен да баштайын кыялдарым менен болушуп)))
Кичине кезимде атамдын карындашынын косметикалары, кийимдери коп болчу.Мен да чонойсом,Бишкекке иштегени барып,ушул эжеме окшоп тигуучу болуп иштеп,косметика, кийимим коп болсоо деп кыялданчумун))Ошол кыялыма жетип,косметика дегенден 4-5 коробка толтуруп койгом))
Анан дагы эсимде Ошто универде окуп жургон кезде,ХБКдагы "Касиет" беле частный оздоровительный центрда жаткандарды коруп калдым маршруткада отуп баратып.Махровый халаттарды кийип алып,эшиктин оозунда турушса,ичимден мен дагы ушинтип жатып,10кундой эс алып алсам,даяр тамактарды туугандар ташыса жеп коюююп жыргализм деген элем,10кунго жетпей ошол жерге болбосо да больницага жатып калгам тообо.
Бир жолу Кыргызстанга барып курбу кызымды куйоого узата турган болуп калдым.Тойдон 1 кун мурда девичник болуп,куйоосунон таяк жеген аялкишилер ж.до соз болуп калды.Мен эркек адамдын колу тийген эмес,даже соккон эмес эчким деп мактанып алып,эртеси тааныбаган эле мас бироолор уруп коюп мени тойго да барбай,козум когоруп,нейрохирургияда жатканмын 10кун.Аларды табышкан да жок милиция.
Ошол учун ойноп суйлосон да ойлонуп суйло деген кеп бекеринен калган эмес экен даа

#273 05 April 2016 - 09:39
Мен кичинемде музыкант болсом ямахада ойносом деп тушумон бери кирчу
бирок кичине эс тартканда архитектор болсом офистее отуруп иштесем озумун машинам болсо акчам кооп болуп ата энеми ажыга алып барып келсем деп кыялданат элем Кудайга шугур четинен берип атат эми апамы ажыга алп барып келсем ыраазычылыгын алсам арманым жок эле

#274 05 April 2016 - 11:00

маладецкенсин! Менда баладарыма шундай тарбия берсемкен)
#275 05 April 2016 - 12:18
Баары орундалып келивататтт
Жолдошум, кайын журтум баары жакшыы
шириин балдарым бар, уй-жайдан камым жоок
жыргализм жашоо кудайга шугур

#276 05 April 2016 - 16:36
Мектепте окуп жүргөндө ,кайсы класста экеним эсимде жок,"Красная Площадь" деп окууп отуруп,сүрөтүн тигилиип тиктееп биз дагы ушул жерлерди көрсөк ээ деп кыялданучумун.
..ал орундалырп отурат ,шүгүр.
Анда кыйынчылык кез эле,очокто чай кайнатыып отуруп асмандан самолет учуп өтсө ,тиктееп суктанат элем"мен дагы самолётто учат бекем аа"деп))
Орундалганына шүгүр...
Ал эми ээң негизги кыялым орундала элек,Кудайым насип этсе орундалат деп үмүт мн аракет кылуудамын. ..

#277 17 September 2016 - 16:25
Мен кичинемде врач болгум келчи, врач болбосомда медик болдум, калган кыялдарга жете элекмин .

Супер-Инфо
super.kg
видео