
Баракча 1 - 1
Тагдырдын ачуу даамдары. Сыгылган журок.
#1 14 Июнь 2017 - 19:05
Салам кыргыз элим. Апалар аталар эжелер агалар ини карындаштар достор, жакшысыздарбы!
!!! Ден соолук бала бакыра мал жан аманбы? Мен да журок сырын окуп журуп оз башыман откон кундорду жазгым келди. Айтор Жантумарым2017 Коминам Джемре Сажад аттуу жазуучулардай коркомдоп жаза албасамда тормоз газ деген жерлерин туура койбосомда аракет кылам от души жазууга. Мага кенеш айтсанар да болот, урушуп тилдесенер да болот, кошо кайгырып ыйласанар да болот баары болот. (((((((

#2 14 Июнь 2017 - 19:18
Анда соз башы.
Мен бир мин тогуз жуз ???? жылы ???????? районунун ????? айылында торолуп чонойгонмун. Кичинемде абдан ыйлаак болуп апам байкуштун шорун берчуу экенмин. Кийин 3 жаштан отуп ыйлактыгым калып тескерисинче жоош момун болуп чыга келдим. Аныустуно менден кийинки биртууганым торолгон убак. Уч жаштан бери жагын озум да жакшы эстей алам. Жоош анча деле шоктонбогон болпойгон семиз пончик бала элем. Ошол кездерди ошол убактагы ойногон кундорду, откоргон кундорду абдан жакшы эстейм.
Мен бир мин тогуз жуз ???? жылы ???????? районунун ????? айылында торолуп чонойгонмун. Кичинемде абдан ыйлаак болуп апам байкуштун шорун берчуу экенмин. Кийин 3 жаштан отуп ыйлактыгым калып тескерисинче жоош момун болуп чыга келдим. Аныустуно менден кийинки биртууганым торолгон убак. Уч жаштан бери жагын озум да жакшы эстей алам. Жоош анча деле шоктонбогон болпойгон семиз пончик бала элем. Ошол кездерди ошол убактагы ойногон кундорду, откоргон кундорду абдан жакшы эстейм.

#3 14 Июнь 2017 - 20:20
Балалык кез кандай сонун э. Себеби ал убакта ак караны жакшы жаманды билбейбиз. Дуйно таанымыбыз абдан тар, керек болсо озубуз каяктан келгенибизди деле жакшы билбейбиз. Эсимде 4-5 жаш убактар болсо керек чондордон Кудай деген созду угуп калсак керек да. Чогуу ойногон балдар мн <Кудай мыынча жок мыынча> деп колубузду керип коргозуп калчуубуз. Кудайды жетерлуу таанып билбесек да, Кудайдын кучтуу жана ченемсиз экенин сезет окшойбузго дейм бала болсок да. Бала бакчага барып журуп ошол жерден суротторду жан жаныбарларды осумдукторду коруп, аалам таануу кенейе баштады. Ага чейин <карышкыр тулку келе жатат> деп улуулар коркутуп калса, алардын кандай болушун деле билбейбиз да. Карышкыр адам жейт деген созду угуп алсак керек <карышкырдын оозу моонча> деп аны да оз тушунукторубузго карап балдар мн талкуулап ойноп калчуубуз. Деги эле дуйнонун олколорго шаарларга айылдарга, адамдар улуттарга болунооруно деле башыбыз жетчуу эмес да ал убактары. Кыска ойлуу курсак ток оюн болсо болду дегендей. Ошентип таттуу балалык кездер оз окумун суруп болуп мектеп курагына бизди узаып жаткан убагы эле. Аттин бирок эн таттуу балалык менен коштошуп жатканыбызды биз кайдан билмекбиз ал убакта. Омурдун суудай агып баратканы мага баарыбир болчу ал убакта. Алты жашка толуп жай мезгили, сентябрьга 1класска даярдоо деп мен курактуу кыз жана балдарды б.а классташтарды бизди кабыл алчуу класс жетекчибиз августь айы ичи бизди мектепке чогултуп, кунуно эки уч саат ар нерсени уйротуп даярдап журду. Алгачкы кундордо да кызыктар коп отту. Кечигип барып калсам классташтарым олтурган классты таппай ар нерсе болгондорум.
Ошентип бир ай отуп сентябрь да келди. Мен курактуулар эки класс болуптурбуз А жана Б деген. Мен А классына туш келипмин. Ал убакта 2-3саат окутуп эле жонотчуу. Ошондой кундордун биринде уйу мен тараптагы кочо менен кеткен, бирок мен жакшы тааныбайм деле. Чогуу келип кетип журуп озумдун классташым .....А аттуу кызга конулум тушту. Алгачкы суйуум десем да болот.
#4 14 Июнь 2017 - 20:46
Жалган айтпайм чындыгында эле мен класстагы кыздардыго билбейм балдардын ичинен эн жакшы окуганы болуп чыктым. Тамгаларды мен мектепке келе элек убакта эле оздоштуруп калгам жарымына жакынын. Озумон бир жаш улуу эжемдин алиппесин окуп, уйдо ага апам кундо уйротчуу мен да аларга кошулуп окуп журуп уйронуп кетсем керек. Башка классташтарым алиппенин жарымына жеткенде мен артындагы кара соз турундо жазылган ангеме жомокторун шатырата окуй алаар элем. Башка сабактардан деле жакшы болчум бир гана орус тилин албаганда. Ошол себептуу классташтар да мени урматтап турушаар эле. Ал эми балдарга тийиштуу болгон атамандык жагына келсек мен экинчиси болчумун. Бирок биринчиси менен урушкан деле эмеспиз эч качан. Кудай берип озум жактырган .....А да менде конулу бар экенин билгизгендей болчу жакшы мамилеси менен, дене тарбия сабагында да ойногондо бир бирибизге ыктап тураарыбыз билинип турчу. Бирок эн жаманы мен аны менен бир партада олтурбаганым эле. Мен да ал да жакшы окуйбуз, бизди жаман окугандар менен отургузуп койгон. Анысы деле жакшы болсо керек. Алыс отуруп сый болчубуз болбосо бир партада бир кун чырдашып кетмек белек. Аныустуно ага жакында менде демип кысылып аба жетпей калчуу журок дукулоп дегендей. Суйгон адамдан тартынып туруу болсо керек азыр ойлосом.
#5 15 Июнь 2017 - 03:27
Урматтуу traveler,коп чоздуктуруп,
о бу сун айтпастан нускалуу жазсаныз сураныч. Туура эмес жазсам кечирип коюнчу ..
#6 15 Июнь 2017 - 08:36
Уч жаштагымы мен анык эстей албайм . Алты жашымы эстейм албетте . Мага окшоп бир класс мурун окуган экенсинда . Бирок сенин памятына там бердим . Калемин курчуй берсин .
Баракча 1 - 1