АДАЛ жана АРАМ Жакшы деген эмне жана жаман деген эмне Ислам коомунда сексуалдык мамилелер так жазылган диний жоболор менен тескелет. Алар мыйзамдуу никедеги сүйүү жана сексти кубаттап, бирок "салтка сыйбаган сексуалдык багыттагы"
адамдардын баардык байланыштарын кескин айыптайт. Ислам сексуалдык жана ашыглык аракеттерге жол берет жана колдойт. Бирок мусулмандар өздөрүнүн денелик жана социалдык-психологиялык муктаждыктарын кандыруу укуктарын шарият жоболорунун чегиндеги никенин негизинде гана ишке ашыра алышат. Ислам канбузууга (биртуугандар ортосундагы жупташууларга),
гомосексуализмге,
лесбийчиликке,
зоофилияга,
педофилияга,
некрофилияга,
садомазохизмге,
жана да аналдык секске катуу тыюу салып, андайды жасаган мусулмандарга ар кандай жазаларды колдонот. Ислам уруксат берген жогорудагыдай алкактын ичинде эркек менен ургаачы өздөрүнүн сексуалдык муктаждыктарын эч кандай чектөөлөрсүз жана кысымсыз ишке ашыра алышат. Бу жөнүндө Куранда кашкайта жазылган. Жогорудагы айтканыбыз,
мисалы, Курандын:"
Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле",
(2:223) деген айаты менен далилденет.
Академик И. Крачковский " кандай " деген суроону " качан " деген суроо менен алмаштырып,
айаттын маанисин теңирден тескери буруп салган. И.Крачковскийдин оюнда бул айатта сөз эркек менен айалдын ортосундагы жупташуунун саны жана мезгили жөнүндө болуп жаткан имиш. Бирок мусулман аалымдарынын Куранга берген баардык түшүндүрмөлөрүндө (тафсирлерде) жогорудагыаятта сөз жупташуу түрлөрү жөнүндө жүрүп жаткандыгы баса белгиленет.
Демек, биерде сөз "качан жана канча каалаганыңарда"
эмес, "кандай кааласаңар,
ошондой жупташа бергиле" деген мааниде айтылып жатат. Бул айат Пайгамбар (САВ) жана анын шериктештери Меккеден чыгып, Мединага көчкөндүн (хижранын) алгачкы айларында түшүрүлгөн экен. Көпчүлүк шериктештер Меккеден айалдары жок, жалгызбой чыгып кетишиптир.
Алар Мединага келгенде жергиликтүү айалдар менен никелешет. Бирок көп өтпөй араздашуулар башталыптыр.
Себеп дегенде меккелик эркектер эзелтеден бери төшөк байланышында артүрдүү ыкмаларды колдонуп келишкен, бирок андай ыкмалар Мединада жат экен. Мухажирлердин мединалык айалдары меккелик "жаңылыктардан"
караманча баш тартышып, мындай ыкмадан бойго бүткөн балдар чалыр төрөлүп калат деп коркушуптур.
- (2 )
-
- 1
- 2
''Ислам жана секс'' АДАЛ жана АРАМ
#2 03 July 2011 - 23:09
Бу жагдай Мухаммед Пайгамбарга (САВ) да жетет. Ибн Касир түзгөн тафсирде келтирилген мисалдагы Абу Дауд билдиргендей,
так ушул жагдайга байланыштуу Аллахтын ага жиберилген жаңы айатында: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле",
(2:223) - деп айтылат. Андан соңПайгамбар (САВ) аердеги мусулман айалдарга жыныстык турмушта ар кандай ыкмаларды (позаларды) колдонсо боло берээрин жакшылап түшүндүрөт.
Кантип жупташуу керек Аль-Газали өзүнүн "Бактылуу мусулман никеси" деген чакан чыгармасында мусулман диний авторитеттеринин жок дегенде сексуалдык байланыштардын мерчемдүү жоболорун иштеп чыгуу мүдөөсүн чагылдырып кетиптир. Анын жазгандарына карасак, айалы менен жупташаар алдында ар бир мусулман "Бисмиллахир-
рахманир- рахим" ( Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын атыменен ) деп угуза келме келтирип, андан соң Курандын "Аль-Ихлас"
( "Тазалануу"
) сүрөөсүн окуп, анан Жаратканга "Жакшы тукум берегөр жана шайтандын азгырыгынан
#3 03 July 2011 - 23:13
сакта" деп дуа келтириши керек экен. Андан ары ал китепчеде мына булар жазылыптыр:
"Урук түшөөрүнө жакындап калганда: "Адамды суудан жараткан Аллахка шүгүр" деп ичиңден, эриндериңди кыбыратпай ыраазылык билдир. Жупташып жатканда кыбыланы сыйлап, башыңды Каабага каратпаганың дурус. Эркек менен ургаачы бир нерсе жамынып алышканы жөн, анткени Мухаммед Пайгамбар (САВ) айалдары менен жупташып жатканда
#4 03 July 2011 - 23:16
башын кошо чүмкөнүп алчу экен да, айалдарына:
"Үн чыгарбаганга аракеттен"
деп эскертчү экен (Абу Мажиктин айтымында)"
. Бирок башка аалымдар бу маселеге бираз башкача көз карашын билдирет. Алар Пайгамбардын (САВ) жупташып жатканда чүмкөнүп алуу жана жупташуу учурунда үн чыгарбоо жөнүндө айткандарынан күмөн санашат. Демек, бу жагдай сөзсүз ушундай болушу керек дегендикке жатпайт. Мисалы, аль-Газалинин жогорудагы чыгармасын басмага даярдаган доктор Мухаммад Усман аль-Хашит жупташууну жыпжылаңач жасоо Пайгамбардын (САВ)Суннасына каршы келбейт деп жазат. Биерде ал доктор Абдулла аль-Кадирдин мына бул сөздөрүнө таянат: "Өнөктөштөр жыпжылаңач болушабы же жокпу, алардын табитине жараша болот жана ал Суннага каршы келбейт. Куранда жазылып жатпайбы "Айалдарыңар силердин эгин талааңар"
, деп. Ошондой эле Пайгамбар Мухаммед (САВ) жана анын жаш айалы Айшанын (Аллах ыраазы болсун) биргелешип жуунуп жатышкандыгы,
демек, бири- биринин алдында жылаңач турушкандыгы жөнүндө да хадис бар. Демек, жыпжылаңач жупташууга эч кандай тоскоолдук жок". Эмнеси болсо да, бу маселе сунушталуучу жоболорго кирет жана аны момундараткарбай койсо эч кандай күнөөгө батышпайт.
#5 04 July 2011 - 01:45
Эгер ортодо нике болсо эч кандай чектөө болбош керек.Бир гана арткы ...... кошулгандан сактангыла деп айтылган.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#8 03 March 2012 - 14:39
Makul anal sekas bolvoit, a lanet minet t.e. oral sekas jenunde kimdin kandai oiu bar
#9 04 March 2012 - 08:11
Эмне болсо да Аллах кечирсин бирок автор жакшы нерселерди жазыптыр бул нерсе ар кимге керек билип алган жакшы.Куноолорубуз каталарыбыз чындыгында коп кошулууда кызыкка батуу учун ар ким ар кандай ыкма колдонот.Каталарыбызды кечирсин АЛЛАХЫМ.Бирок кошулуу учурунда шайтан барибир аралашып оюнду бузат ар нерсе кылгын келет бирок ал жаман.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#10 07 March 2012 - 13:26
Dainu jok ele bul jerde 6aitanga 6ultai beri6 bolboit. Adam ezu ele kunelu napsisin ba6karalbastuktyn aiunan
#11 11 March 2012 - 22:41
Адал деген нерсе пайда,арам деген нерсе зыян,шариятта адал менен арам деген категориялар ачык айкын корсотулгон,
аны тактап билип алып жашоо керек ,ким аны менен жашабаса бир мучосун кестирип салып тукумсуз калат,адал менен жашаса 20 балалуу болуп алардын 10 ну куран жатаган хафиз болсо ,ал эми калган 10ну болсо аалым болуп олгондон кийин артынан дуба кылып турса мындан откон бул жашоонун жетишкендиги барбы.
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#12 12 March 2012 - 18:50
башын кошо чүмкөнүп алчу экен да, айалдарына:
"Үн чыгарбаганга аракеттен"
деп эскертчү экен (Абу Мажиктин айтымында)"
. Бирок башка аалымдар бу маселеге бираз башкача көз карашын билдирет. Алар Пайгамбардын (САВ) жупташып жатканда чүмкөнүп алуу жана жупташуу учурунда үн чыгарбоо жөнүндө айткандарынан күмөн санашат. Демек, бу жагдай сөзсүз ушундай болушу керек дегендикке жатпайт. Мисалы, аль-Газалинин жогорудагы чыгармасын басмага даярдаган доктор Мухаммад Усман аль-Хашит жупташууну жыпжылаңач жасоо Пайгамбардын (САВ)Суннасына каршы келбейт деп жазат. Биерде ал доктор Абдулла аль-Кадирдин мына бул сөздөрүнө таянат: "Өнөктөштөр жыпжылаңач болушабы же жокпу, алардын табитине жараша болот жана ал Суннага каршы келбейт. Куранда жазылып жатпайбы "Айалдарыңар силердин эгин талааңар"
, деп. Ошондой эле Пайгамбар Мухаммед (САВ) жана анын жаш айалы Айшанын (Аллах ыраазы болсун) биргелешип жуунуп жатышкандыгы,
демек, бири- биринин алдында жылаңач турушкандыгы жөнүндө да хадис бар. Демек, жыпжылаңач жупташууга эч кандай тоскоолдук жок". Эмнеси болсо да, бу маселе сунушталуучу жоболорго кирет жана аны момундараткарбай койсо эч кандай күнөөгө батышпайт.
Жакшы маалыматтарды топтоп жазып чыкканына рахмат. Мурда билчу эмескем бул нерселерди.
"First think then speak."
#14 18 April 2014 - 17:40
Исламга чейинки араб коомунун
ар кыл жактары
Аравиянын диний жана саясий жактарын изилдеп чыккандан кийин, алардын турмушунун социалдык, экономикалык жана этикалык шарттарын төмөнкүчө кыскача баяндап берсек болот.
Арабдардын социалдык турмушу
Араб коому бири бирине окшобогон жана түрдүү катмарларды камтыган социалдык аралашмадан турган. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, аксөөктөр катмарындагы аялдын абалы абдан жогору бааланып, чексиз кадыр-баркка бөлөнгөн экен. Аял эбегейсиз эркиндикке ээ болуп, атүгүл анын чечимдери демейде буйрук катары да кабылданчу. Аялды барктоо аябай бийик болгондуктан, анын намысын коргоо үчүн демейде болбогон эле жерден кан төгүлүп кетчү. Чынын айтканда, кандуу согуштардын же достук жарашуулардын башкы себепчиси да аял болгон экен. Бирок мындай артыкчылыктарга карабастан, Аравиядагы үйбүлө системасы нукура патриархалдык болчу. Нике келишими толугу менен аялдын мыйзамдуу башкаруучусунда болуп, башкаруучунун нике келишимине карата айткан сөзү эгерим эки болушу мүмкүн эмес эле..
Бирок ошентсе да, коомдун жалапчылык жана бузукулук сайрандаган берки тарабы да бар эле: биерде аракеттердин толук эркиндиги шапар тепкен. Абу Дауд Айшанын (Аллах ыраазы болсун) айтуусу боюнча исламга чейинки Аравияда никенин төмөнкүдөй төрт түрү болгонун маалымдайт:
1. Биринчи түрү никенин бүгүнкү жол-жобосуна окшош болуптур: сеп (калың) тууралуу келишилгенден кийин гана атасы кызын күйөөгө берет экен;
2. Экинчи түрүндө күйөөсү аялынын этек кири келип бүткөндөн кийин боюна бүтүртүш үчүн башка бир эркек менен жупташып жашап турууга жиберет экен. Боюна бүткөн соң гана аялдын күйөөсү кааласа, аялы менен жыныстык катнашка барышы мүмкүн эле дейт.
3. Үчүнчү түрүндө эркектердин тобу (онго жетпеген эркек) аял менен жупташып жүрөт экен. Кокус аялдын боюна бүтүп, бала төрөп калса, анда ошол аял жупташкан эркектердин баарына кабар айттырат дейт, алардын бири да келбей коюуга акысы жок экен. Алардын баары аялдын үйүнө чогуу келишет экен. Анан аял айтат дейт: "Баарыңар эмне кылып жүргөнүңөрдү билесиңер. Эми мен бала төрөдүм, ал бала - сиздики", - деп топ эркектин бирин көрсөтөт. Ал эркек ошо баланы кабыл алыш керектигин билет...
4. Нике байланышынын төртүнчү түрүндө, толгон-токой эркек кайсы бир белгилүү аял (жалап) менен жупташып жүрүшөт экен. Аял алардын эч кимисине жок дебейт. Мындай аялдар демейде өз дарбазаларына белгилүү бир желекти илип коюшат экен, бу демек, ким каалаганды чакырган белгиси болот турбайбы. Кокус анан бу жалаптын боюна бүтүп, бала төрөп калса, анда ал аны менен жупташып жүргөндөрдүн баарын чакыртат экен да, көзү ачык топтошуп келген эркектерге бала кимисиники экенин кабарлайт. Тандалган ата баланы алып, аны өзүнүн баласы деп жарыялайт экен..
Мухаммад Пайгамбар (САВ) Аравияда Исламды жарыялаганда, азыркы исламий никеден башка жогоруда айтылган жыныстык байланыштардын баардык формаларын жокко чыгарган.
Кайсы бир жерде согуш чыгып кетсе, аялдар дайыма эркектерди коштоп жүрүшчү. Жеңүүчүлөр жеңилгендердин аялдарын өздөрү каалагандай ээн-эркин кордошчу экен. Мындайдан бойго бүтүп төрөлгөн балдар өмүр бою маскарага калышкан.
Исламга чейинки арабдарда катындын саны чектелген эмес. Алар бир эле мезгилде бир тууган эже-сиңдилердин экөөнө тең бирдей үйлөнө беришкен. Атүгүл өз аталарынын ажырашып кеткен аялдарына деле, өз аталарынан жесир калган аялдарга деле үйлөнө беришиптир. Ажырашуу укугу басымдуу учурда күйөөсүнүн эркинде болгон.
Бетсиз ойноштук араб коомунун түгөл баардык катмарын терең камтыган экен. Мындай ыпластыкка жеке намысы жол бербеген азганактай эркектер жана аялдар гана өздөрүн таза карманышкан дейт.
Айласыз ыпластыктын кучагында калган күңдөргө караганда, эркин аялдардын жашоо шарты алда канча бийигирээк болгон экен.
Негизи, исламга чейинки арабдардын басымдуу бөлүгү мындай ыпластыкка белчесинен батып, уят-сыйыт деген түшүнүктөн караманча куржалак калса керек. Абу Дауд минтип жазат: "Бир эркек Мухаммад пайгамбардын (САВ) маңдайына келип: "О! Аллахтын пайгамбары! Бу бала - менин уулум. Мен анын апасы менен исламга чейинки мезгилде жупташтым эле", - деди. Ошондо пайгамбар (САВ): "Исламда Джахилия (исламга чейинки наадандык) тушундагы жасалган иштерге жоопкерлик жок. Бала кимдин төшөгүндө төрөлсө, ошонуку, жана ташбараң - зинакорлордун энчиси", - деп жооп бериптир" .
Исламга чейинки арабдардын өз тукумуна жасаган мамилесинен келсек, Аравиядагы турмуш чар тараптуу жана кескин кагылыштардын муңдуу элестерин көз алдыга тартаарын көрөбүз. Айрым арабдар, мисалы, балдарды эзилип сүйсө жана алпештесе, башка бирлери өз кыздарын тирүүлөй көмүшкөн экен, кашайгырдыкы. Бул эми, кедейлик менен маскара болуу коркунучунун кесепети болсо керек. Бирок кыз балдарын минтип өлтүрүү адаты опсуздук катары бааланбашы керек, тек, өз душмандарынан коргонуу үчүн үйбүлөлөрдүн уул балдарга болгон эбегейсиз муктаждыгынан улам орун алган.
Интернет булактарынан
алынды..

Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#15 18 April 2014 - 17:42
Секс – Кудайдын берген садагасы
Бүгүнкү күндө эркектер кандай аракеттер ага сексуалдык ырахат апкелерин билет, бирок алардын айрымдары, тактап айтканда али үйлөнбөгөндөрү, ургаачыга да так ошондой ырахатты кантип тартуулаш керектигин жакшы билишпейт. Андан да жаманы - айрым күйөө сөрөйлөр айалын жыргатуу үчүн аракеттенип да коюшпайт. Айта келсек, айалын жанжыргалга жеткирүү - үйбүлөнүн бекем болушунун негизги куралы. Бу жагдай нике дегениң айалга оор жүк болбош үчүн өтө зарыл жана ар бир мусулмандын аткара турган негизги милдеттеринин бири.
Демек, эркек мусулман жеке өзүнүн гана төшөк жыргалын ойлобой, сөзсүз түрдө айалынын да кумарын кандырышы керек экен. Билермандардын эсебинде, эркектин башкы муктаждыгы - урматтоодо, ал эми ургаачынын муктаждыгы - сүйүүдө. Бирок адамды урматтоого да, сүйүүгө да мажбурлоого таптакыр мүмкүн эмес. Бу сезимдерди тынымсыз аракеттин натыйжасында гана жеңип алса болот. Пайгамбарыбыз (саллолаллохувассалам): "Жубайың менен жупташуу садага бергенге барабар", - деген экен.
Сексти садагага айландырган күч кайсы? Эмне үчүн биз бир учурда жазаланып, башка бир учурда бизди Аллахтын сыйлыгы күтөт экен? Сексуалдык турмушту жөн эле ыйкашып түшүрүүдөн артыгыраак нерсеге айлантууга тырышуу керек. Өнөгүңүзгө камкордук көрүү менен, Аллахтын ырайымын аласыз. Муну түшүнбөгөн эркек эч убакта айалынын толук урматтоосуна жете албайт.
Бир да бир жубай өзүнүн түгөйүнө жагымсыз же үйбүлө турмушуна каршы келген аракеттерди жасабаш керек.
Бүгүн ар бир мусулман өз айалына карата укуктарга эгедер экенин билет. Бирок никах мейли эркекти болсун, мейли айалды болсун, үйбүлөдөн тышкары жактан төшөк ырахатын издебешин талап кылаарын дайыма эске тутуп жүрүшкөнү дурус. Ошондуктан күйөөсү айалында да өз каалоолору жана муктаждыктары бар экенин дайыма унутпашы керек, антпесе, ургаачысын канааттандырбаса ал күнөөгө батат.
...Күйөөсү айалын баардык жагынан, төшөк жаатынан да бактылуу жана ыраазы кылууга умтулушу керек. Так ошондой эле күйөөсүнүн төшөк муктаждыктарын кандырып туруу ар бир айалдын маанилүү милдети. Жубайлардын бири да жүйөөлүү себептерсиз түгөйүнүн төшөк мүдөөсүн четке какпашы керек.
Эркекти рахатка бөлөө жагынан өз милдетин аткарып салуу ургаачыга опоңой: ал муну көңүлү чаппаса деле жасай алат. Бирок эркек айрым учурда ургаачыны ырахатка бөлөө жагынан бир топ кыйналып калышы мүмкүн, андыктан ар бир мусулман муну эске ала жүрүшү керек жана айалына жакшы мамиле жасоо анын башкы милдети болорун унутпаганы дурус..
Фикхтерди (мыйзамдарды) жакшы билгендердин айтымында, ургаачылардын купуя органдары дайыма коргоого (тахсин) муктаж экен. Айалын ырахатка бөлөйүн деген эркек бу жагдайды унут калтырбай, айалын жубайлык турмуштан канааттанбай, ойноштук кылып кетүү (зина) азгырыгынан дайыма сактап жүрүү милдетин унутпашы керек.
Мусулман айал сезимталдыктан куржалак калгыдай, эринин гана дене муктаждыгын кандыргыдай "жара тилген керчөө" эмес. Айал денесинде да жан деген болот, анысы Аллахтын алдында эркектин жаны менен бипбирдей деңгээлде. Айалзатында ашкере назик жана сезимтал жүрөк бар. Орой мамиле айалдын назик сезимин жаралап, тунук сүйүүсүн талкалап салышы мүмкүн. Күйөөсү айалынын табигый темпераментин (делебесин) байкамаксанга салып, жеке кумарын гана кандырууга умтулган эгоизмге (өзүмчүлдүккө) басым жасашы бери дегенде адепсиздик жана акылсыздык болор эле. Пайгамбар (САВ) хадисте: "Үч нерсе адамды жарымжан кылат. Биринчиси - таанышайын деген адамына жолугуп, бирок анын аты-жөнүн, тегин сурап калбай коштошкондо. Экинчиси - өзүнө кылган марттыктан баш тартканда. Үчүнчүсү - айалы менен жупташып, бирок айалы ага деген кумарын кандыра электе өз кумарын кандыра салып туруп кеткенде" , - деген экен.
Курандагы "Айалдарыңар силердин эгин талааңар" деген ажайып сөздөрдү эстейличи. Бу салыштыруу өз үлүш жерин бапестеп, камкордук көрүп жаткан баба-дыйканды эске салат.
Жогорудагы сөздөргө кайдыгер карап, айалды жупташуу жыргалына алдын ала даярдабай, же жупташуу соңунда айалдын чаңкоосун кандырбай жарымжан калтыра бергенде, айал бара-бара психологиялык жана физиологиялык олуттуу көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн жана бу жагдай аларды кийин мерестикке кириптер кылып, дагы далай башка сыркоолорго чалдыктырат.
Анан эле бир күнү күйөөсү өз айалын мерес деп, анын эркелетүүсүнө жооп бербеген (жанагы сыналгыдан көрүп жүргөн озондогон айалдарга окшобой..) дөңгөч дей баштайт. Айалы болсо алардын ортосун кайсы кара мышык аралап кеткенин түшүнбөй, күйөөсүнүн мамилесине ого бетер кыжаалат боло берет..
Аллах эркек менен айалды бир эле жандан жаратты (7:189). Ал андан "(анын күйөөсү) жоошуй турган жубайды жаратты", тактап айтсак, кайгыга жана иренжүүгө батпай, тескерисинче, ошо түгөйдөн жан жыргаткан бейкуттукту тапсын деди. Эгер никеңер жан кашайткан тозок отуна айланып кетсе, анда никени "ишенимдин жартысы" деген лакапты эстегиле. Анан ойлонуп көргүлө: өзүңөрдү ишенген адам дей аласыңарбы. .
Хадисте айтылгандай: "Бир да бириңер өз айалыңарга айбанчасынан секирип кирбегиле. Адегенде ортоңорго элчи түшүш керек", - дептир Пайгамбар (САВ). "Кайсыл элчи?" - деп сурашканда, Пайгамбар (САВ): "Өбүшүүлөр жана сөздөр", - деп жооп кайтарган экен...
Демек, чү деген эле жерден секирип кирбей, адегенде сылап-сыйпап, өбүшүп-жытташып, айалга жан эргиткен сөздөрдөн айтып жибитип, андан соң гана жупташууга өтүш керек экен...

#16 18 April 2014 - 17:45
АДАЛ жана АРАМ
Жакшы деген эмне жана жаман деген эмне
Ислам коомунда сексуалдык мамилелер так жазылган диний жоболор менен тескелет. Алар мыйзамдуу никедеги сүйүү жана сексти кубаттап, бирок "салтка сыйбаган сексуалдык багыттагы" адамдардын баардык байланыштарын кескин айыптайт. Ислам сексуалдык жана ашыглык аракеттерге жол берет жана колдойт. Бирок мусулмандар өздөрүнүн денелик жана социалдык-психологиялык муктаждыктарын кандыруу укуктарын шарият жоболорунун чегиндеги никенин негизинде гана ишке ашыра алышат. Ислам кан бузууга (биртуугандар ортосундагы жупташууларга), гомосексуализмге, лесбийчиликке, зоофилияга, педофилияга, некрофилияга, садомазохизмге, жана да аналдык секске катуу тыюу салып, андайды жасаган мусулмандарга ар кандай жазаларды колдонот.
Ислам уруксат берген жогорудагыдай алкактын ичинде эркек менен ургаачы өздөрүнүн сексуалдык муктаждыктарын эч кандай чектөөлөрсүз жана кысымсыз ишке ашыра алышат. Бу жөнүндө Куранда кашкайта жазылган. Жогорудагы айтканыбыз, мисалы, Курандын: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле", (2:223) деген айаты менен далилденет.
Академик И. Крачковский " кандай " деген суроону " качан " деген суроо менен алмаштырып, айаттын маанисин теңирден тескери буруп салган. И.Крачковскийдин оюнда бул айатта сөз эркек менен айалдын ортосундагы жупташуунун саны жана мезгили жөнүндө болуп жаткан имиш. Бирок мусулман аалымдарынын Куранга берген баардык түшүндүрмөлөрүндө (тафсирлерде) жогорудагы аятта сөз жупташуу түрлөрү жөнүндө жүрүп жаткандыгы баса белгиленет. Демек, биерде сөз "качан жана канча каалаганыңарда" эмес, "кандай кааласаңар, ошондой жупташа бергиле" деген мааниде айтылып жатат.
Бул айат Пайгамбар (САВ) жана анын шериктештери Меккеден чыгып, Мединага көчкөндүн (хижранын) алгачкы айларында түшүрүлгөн экен. Көпчүлүк шериктештер Меккеден айалдары жок, жалгызбой чыгып кетишиптир. Алар Мединага келгенде жергиликтүү айалдар менен никелешет. Бирок көп өтпөй араздашуулар башталыптыр.
Себеп дегенде меккелик эркектер эзелтеден бери төшөк байланышында ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келишкен, бирок андай ыкмалар Мединада жат экен. Мухажирлердин мединалык айалдары меккелик "жаңылыктардан" караманча баш тартышып, мындай ыкмадан бойго бүткөн балдар чалыр төрөлүп калат деп коркушуптур.
Бу жагдай Мухаммед Пайгамбарга (САВ) да жетет. Ибн Касир түзгөн тафсирде келтирилген мисалдагы Абу Дауд билдиргендей, так ушул жагдайга байланыштуу Аллахтын ага жиберилген жаңы айатында: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле", (2:223) - деп айтылат. Андан соң Пайгамбар (САВ) аердеги мусулман айалдарга жыныстык турмушта ар кандай ыкмаларды (позаларды) колдонсо боло берээрин жакшылап түшүндүрөт.
Кантип жупташуу керек
Аль-Газали өзүнүн "Бактылуу мусулман никеси" деген чакан чыгармасында мусулман диний авторитеттеринин жок дегенде сексуалдык байланыштардын мерчемдүү жоболорун иштеп чыгуу мүдөөсүн чагылдырып кетиптир. Анын жазгандарына карасак, айалы менен жупташаар алдында ар бир мусулман "Бисмиллахир- рахманир-рахим" ( Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен ) деп угуза келме келтирип, андан соң Курандын "Аль-Ихлас" ( "Тазалануу" ) сүрөөсүн окуп, анан Жаратканга "Жакшы тукум берегөр жана шайтандын азгырыгынан сакта" деп дуа келтириши керек экен. Андан ары ал китепчеде мына булар жазылыптыр: "Урук түшөөрүнө жакындап калганда: "Адамды суудан жараткан Аллахка шүгүр" деп ичиңден, эриндериңди кыбыратпай ыраазылык билдир. Жупташып жатканда кыбыланы сыйлап, башыңды Каабага каратпаганың дурус. Эркек менен ургаачы бир нерсе жамынып алышканы жөн, анткени Мухаммед Пайгамбар (САВ) айалдары менен жупташып жатканда башын кошо чүмкөнүп алчу экен да, айалдарына: "Үн чыгарбаганга аракеттен" деп эскертчү экен (Абу Мажиктин айтымында)" .
Бирок башка аалымдар бу маселеге бираз башкача көз карашын билдирет. Алар Пайгамбардын (САВ) жупташып жатканда чүмкөнүп алуу жана жупташуу учурунда үн чыгарбоо жөнүндө айткандарынан күмөн санашат. Демек, бу жагдай сөзсүз ушундай болушу керек дегендикке жатпайт.
Мисалы, аль-Газалинин жогорудагы чыгармасын басмага даярдаган доктор Мухаммад Усман аль-Хашит жупташууну жыпжылаңач жасоо Пайгамбардын (САВ) Суннасына каршы келбейт деп жазат. Биерде ал доктор Абдулла аль-Кадирдин мына бул сөздөрүнө таянат: "Өнөктөштөр жыпжылаңач болушабы же жокпу, алардын табитине жараша болот жана ал Суннага каршы келбейт. Куранда жазылып жатпайбы "Айалдарыңар силердин эгин талааңар" , деп. Ошондой эле Пайгамбар Мухаммед (САВ) жана анын жаш айалы Айшанын (Аллах ыраазы болсун) биргелешип жуунуп жатышкандыгы, демек, бири-биринин алдында жылаңач турушкандыгы жөнүндө да хадис бар. Демек, жыпжылаңач жупташууга эч кандай тоскоолдук жок".
Эмнеси болсо да, бу маселе сунушталуучу жоболорго кирет жана аны момундар аткарбай койсо эч кандай күнөөгө батышпайт.
Ильшат Насыров,
философия илимдеринин талапкери,
ОИА (Орусия илимдер Академиясынын) философия институтунун докторанты

#17 18 April 2014 - 17:46
Төшөк сырларын
шардана кылуу
Исламда төшөк сырларын, анын ичинде мыйзамдуу төшөк байланыштарын да шардана кылууга кескин тыюу салынган. Айрым учурлар, мисалы, врачка медициналык мажбурлук боюнча баяндоого зарыл жагдайлар гана бу тыюуга кирбейт. Бирок врач да өз пациенттеринин купуясын сөзсүз жашырын сактоого милдеттүү. Бу тыюуну ислам аалымдары, асыресе шейх Юсуф аль-Кардави, төмөнкү аят менен бекемдейт: "Силерге орозо түндөрүндө айалдарыңарга жакындоо адал кылынды: алар силердин кийимиңер. Силер - алардын кийимисиңер. ." (2:187). "Кийим" деген сөз биерде "жапкыч, калканч" деген мааниге жакындашып кетет. Бу демек, баардык нерселерден, анын ичинде жупташуу жагдайларын шардана кылуудан да сактаныш керектигин билдирет.
Курандын башка бир айатында "...Ыймандуу айалдар - ардактуу, алар Аллах сактаганды купуяны дайыма сакташат" (4:34) делинет. Биерде да эң ириде жупташуу жана ага байланыштуу купуяларды бекем сактоо жөнүндө айтылып жатат. Анткени, исламдын талаптарынын бири - "уяттуу жерлерин сакташсын" (24:31) делинет. Ал эми өзүнүн төшөк турмушун шардана кылып жүргөн адам жыпжылаңач денесин жая салып жатпайбы.
Мындан тышкары, Абу Хурайранын сөздөрүнөн жазылган төмөнкү хадисти карайлы: "Бир жолу Аллахтын элчиси (САВ) намазга имамчылык кылып жатып, анан намаз окулуп бүткөндө бизге бурулду да, минтип сурады: "Араңарда айалына келип, эшикти жаап, пардаларды жаап, анан кайра үйдөн сыртка чыкканда: "Мен айалымды тигинттим-минттим" деп мактангандар барбы?" Биз үндөбөдүк. Анан ал айалдарга бурулду да: "Араңарда ушундайларды шардана кылган жок дегенде бир жан барбы?" - деп сурады. Ошенткенде Аллахтын Элчиси (САВ) дааналап көрүп алсын дегенсип, бир жаш айал ордунан турду да: "Ооба, Аллахтын атынан. Эркектер айтышат бу жөнүндө, биз да, айалдар, сайрайбыз бу жөнүндө", - деди. Ошенткенде Пайгамбар (САВ): "Минтип кимдер айтаарын билесиңерби? Алар жол ортосуна жолугушуп, анан элдин көзүнчө кумарын кандырып жаткан эркек-шайтанга жана ургаачы-шайтанга окшош".
Башка бир хадисте Пайгамбар (САВ) минтип айткан экен: "Кыямат- кайымда Аллахтын алдында эң жаман абалга туш келгендердин ичинде өз айалы менен жупташып, анан анын баарын шардана кылган эркек да болот" .
Шейх Юсуф аль-Кардави

#18 18 April 2014 - 17:46
Оралдык секс
Oral - француз тилинен которгондо "ооз көңдөйү, ооз тегереги, оозго байланыштуу аракеттер" . Исламдагы оозго байланыштуу эркелетүүлөр боюнча ар кандай пикирлер жашап келет. Кээбири "тыюу салынбагандын баарына - уруксат" деген аныктаманы карманышат. Булардын таянганы - Курандын: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле", (2:223) деген айаты. Булардын айтымында, болгону эки гана тыюу бар экен. Биринчиси Куранда камтылган - айалдын этек кири келип жатканда кошулууга салынган тыюу: "Этек кири келип жатканда айалдардан оолак болгула жана алар таза болгуча аларга жакындабагыла" (2:222).
Экинчи тыюу жөнүндө Пайгамбардын (САВ) бир нече хадистеринде айтылат, жана ал аналдык ( anal - көтөн көңдөйү, көтөн чучугуна байланыштуу) секске байланыштуу (ал жөнүндө өзүнчө сөз болот). Ошентип, оралдык секске Исламда тикелей тыюу жок экен.
Бирок оралдык секс учурунда (эгер ал дүүлүктүрүү менен эле чектелбесе. ..) айалдын оозуна эркектин эрендиги же мадхи (урук атылаар алдындагы бөлүнүп чыгуучу суюктук) тамып кетиши мүмкүн. Же эркек айалдын жанжерин соруп жатканда айалдын денесинен бөлүнүп чыккан суюктуктар эркектин оозуна тамып калат. Эрендиктин же айалдын суюктугунун тазалыгы тууралуу аалымдарда бир пикир жок. Айрымдары бу суюктуктарды шилекей же эне сүтү сыяктуу эле таптаза дешсе, башкалары кан менен сийдикке салыштырышып, таза эмес деп аныкташат.
Ал эми түштүк африкалык муфтий Ибрахим Десайдын аныктамасында, оралдык секс адам үчүн жеткен ыплас имиш, себеби атүгүл айбандардын эң төмөнкүлөрү да мындай ишке барышпайт экен. Бул ойду жактагандардын айтымында, адамдын башы жана анын оозу - дененин эң ыйык бөлүктөрүнөн экен. Ооз менен тил бизге Аллахты түшүнүү үчүн берилиптир, андыктан буларды жубайлар бири-биринин төшөк кумарын кандыруу үчүн пайдаланышы бери болгондо адамдын адамдыгын кемсинтет экен..
Жогорудай ой-жүгүртүүлөрдү байкап көрсөк, булар секс дегенди кандайдыр бир ыплас жана жийиркеничтүү нерсе катары берип жаткансыйт. Бирок адам өзү уруктан жаралбады беле, Аллах түйүлдүктү эненин жатынына жайгаштырганда, аерден толук кандуу өсүп-өнүксүн деген эле да: "Атырылган эрендиктин бир тамчысы эмес беле?" (75:37); "Ал силерди энеңердин ичинде, бир жаратыштан кийин экинчисин үч караңгылыкта жаратат" (39:6).
Айрым бир ислам аалымдарынын эмгектеринде учурап калчу дагы бир аргумент бар. Алардын айтымында, эрендик бир гана атайын белгиленген жерге - ургаачынын кынына түшүшү керек. Аллах адамды так ушинтип жараткан, ал мындай кылган себеби - адам тукуму улансын дегени. Бу жагдайдан алганда эгин талаага салыштыруу биерде уруктун (эрендиктин) сөзсүз жер кыртышына (өсүп-өнүгө турган жерге) түшүп, андан кийинчерээк түшүм өсүп чыккыдай болушунун далили катары берилип жатат ( "өзүңөр үчүн даярдагыла" ).
Ислам аалымдарынын оралдык секске байланыштуу мынакей дагы бир нече пикирлери: "Оралдык секске эрди-катын экөөнүн тең макулдугу менен гана уруксат берилет жана оозго эч кандай суюктук түшпөшү керек" (Аятолла Али Систани).
"Оралдык секске келсек, ал тек гана жупташууга даярдык катары колдонулушу керек" (шейх Ахмад Кутти). Шейх Кутти: "Аалымдардын оюнча, оралдык сексти күйөөсү эрендигин айалынын оозуна чүчүтүү максатында пайдаланам десе, анда бу макүрөө (жагымсыз аракет)", - деп жазат. - Бул аныктама эрендик менен махдини арам дешкен мусулман юристтеринин көз караштарына негизделген. Оралдык секс учурунда баары бир эрендик айалдын оозуна атып кетсе, анда жубайлар толук даарат (гусл) алышы керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда чайканып (вуду) коюшса деле болот.
Ислам юриспруденциясынын төрт мектебин негиздегендердин арасында эрендиктин (мани) адал же арам экендигин аныктоодо ача пикирлер бар. Имамдар Абу Ханифа менен Малик эрендикти таза эмес (нажас) дешсе, имамдар Шафи'и менен Ахмад алардын бу пикирине макул эмес. Бирок булардын баары эрендик суюк кезинде жууп салыш керек, ал эми денеге, кийим-кечеге же башка нерселерге тийип кургап калса, аны кырып тазалаш керек дешет.
Эгерде оралдык секс жасап жатканда эрендик оозго түшүп калса, оозду сөзсүз чайкаш керек. Айтор, эрендикти жутпаш керек".
Доктор Музаммил Сидцики,
Түндүк Американын
Ислам коомунун президенти

#19 18 April 2014 - 17:47
Аналдык секс
Anal дегенибиз - көтөн чучугу. Исламда аналдык секске караманча тыюу салынат. Ал Пайгамбардын (сав) төмөнкү хадистерине негизделет: "Айалдар менен аналдык секске барбагыла" (Ахмад, ат-Тирмизи, Ан-Наса'и жана Ибн Маджах жазып кетишкен). "Аллах силерге чындыкты айтып койуудан уйалат дебегиле: айалдар менен жыныстык катнашууга анус аркылуу барбагыла" (Ахмад жазган, 5:213). "Аллах өз айалы менен анус аркылуу катнашкан адамды карабайт" (Ибн Аби Шайбах берген, 3:529, жана ат-Тирмизи, 1165), бу демек, Аллах мындай адамды Өз ырайымынан кечет.
Мындан тышкары Пайгамбар (сав) мындай катнашты "кичинекей содомия" деп атаган экен (Ахмад жана Ан-Наса'и жазып кеткен).
Биерде аналдык секс дегенди айалынын кынына эркеги айалынын арт жагынан кирип жаткан ыкма менен алмаштырбаш керектигин айта кетели. Бир жолу Пайгамбарга (сав) Умар Ибн аль-Хаттаб (Аллах ыраазы болсун) деген адам келиптир да: "О Аллахтын Элчиси, мен куруюн!" деп зар какшайт. "Эмне курутту сени?" - деп сурайт Пайгамбар (сав). Умар: "Өткөн түнү мен айалымды көмкөрөсүнөн жаткырдым эле" (айалы менен кадимки жыныстык байланышты арт жагынан кирип жасаганын айтып жатат). Пайгамбар (сав) аян түшмөйүн эч нерсе деп жооп кайтарбаптыр. Анан аян алгандан кийин: "Артынан киресиңби же астынан киресиңби, ишигылып этек кири келип жатканда жана анус аркылуу байланышпасаң болду" деп жооп бериптир (Ахмад жана ат-Тирмизи боюнча).
Аналдык секс жасап жаткан киши андайды өз айалы менен жасаган күндө да абдан чоң күнөөгө батат жана ошол күнөөсүнө тобо келтириши керек. Айалы мындай "жыныс жыргалынан" баш тартып салууга толук укуктуу. Кокус күйөөсү аналдык байланыш жасайт элем деп эле кашайып туруп алса, анда мусулман юристтеринин пикири боюнча айалы ажырашууга арыз берсе да болот экен. Бу жагдай эркек өзү арам ишке барганы аз келгенсип, мындай ыпластыкка айалын кошо тартып жатканы менен, жана да мындай жыныстык байланышта никенин негизги максаты - тукум улоо мүмкүн эместиги менен да тыгыз байланышкан.
Айта кетчү нерсе, азыркы медициналык изилдөөлөрдүн маалыматына кайрылсак, аналдык секс зор зыян алып келет экен. Алсак, кокус айалдын геморройу болсо же көтөн чучугунда жаракалар жана ыйлаакчалар болуп калса, анда көтөн чучугу аркылуу аналдык катнаш жасаганда жогорудагы оорулар кескин күчөп кетиши мүмкүн. Көтөн чучуктун булчуңдары айалдын жыныс органдарынын булчуңдарындай ийкемдүү эмес, мортураак болот. Ошондуктан артынан киргенде толгон-токой майда жаракаттар пайда болуп, көтөн шакекчеси же көтөн жаракаты күч алып, айалды опсуз азапка салышы мүмкүн. Мындан тышкары, көтөн чучук ооруларынын басымдуу бөлүгү кандын агышы менен коштолот. Ал эми кандын агышы болсо ар түрдүү башка да оорулардын тикелей жугушунун эң кыска жолу.

#20 18 April 2014 - 17:48
Мастурбация - чүчүтүү
Чүчүтүүгө умтулуунун башкы себеби, албетте, сексуалдык канааттанбагандыктан келип чыгат. Көпчүлүк аалымдар чүчүтүүнү арам деп эсептешет. Алар бу чечимдерин "Момундар" сүрөөсүнүн: "5. дене кумарынан карманышат; 6. жубайлары менен күңдөрүнөн гана кумарларын кандырышат - минткенде аларды Биз күнөөлөбөйбүз; 7. ал эми кумарлары ушул чектен ашып түшкөндөр - алар күнөөлүүлөр" (23:5-7) деген айттары менен негиздешет. Алсак, имам Маликтин аныктоосунда "ушул чектен" деген сөзайкашы так ошо чүчүтүүнү билдирет экен. Имам аш-Шафи'и анын оюна кошулат. Аллахтын Расулу да (ага тынчтык жана бата болсун): "Кыямат Кайымда Аллах карабай турган жети кишинин бири - чүчүтүп жаткан адам" деп айткан экен (Тирмизи).
Бирок башка жагынан алып караганда, имам Ахмад Ибн Ханбал жана анын жактоочулары айтышкандай, урук дегениң адам денесинен бөлүнүп чыгуучу табигый бөлүнүүлөрдөй экен. Алардын ою боюнча урук башка бөлүнүп чыгуулардан эч нерсеси менен айрымаланбайт жана чүчүтүү дегенибиз түкүрүк, шилекей, кан чыгаруу сыяктуу эле уруксат берилген нерсе. Ибн Хазм да так ушул пикирди колдойт. Бирок Ханбал мектебинин юристтери чүчүтүүнү эки гана шарттын сакталган кезинде мүмкүн деп эсептешет экен. Ал шарттар мына булар:
• биринчиден, жаш жигит ойноштук кылып коюу күнөөсүнөн коркконунан чүчүтүп кирсе, жана
• экинчиден, анын үйлөнүүгө каражаты жок болгондо чүчүтүп жүрсө.
"Исламдагы адал жана арам нерселер" деген китебинде шейх Юсуф апь-Кардави моминтип жазыптыр: "Биз, мисалы, кокус жыныс кумары ашынып, айласы кетип калганда кандайдыр бир арам иштерди жасап жиберүү коркунучу туулган жагдайларда имам Ахмаддын көз карашын бөлүшүүгө даярбыз. Мисалы, жаш жигит четөлкөгө окууга же иштегени кетсин дейли. Анан ал аерден ар кандай азгырыктарга жолугат да, андайларга каршылык көрсөтө албасын сезет. Ушундай учурларда ал жыныс кумарын жандыруу үчүн бир-эки жолу чүчүтүп койсо боло берет. Бирок анын мындай аракети өнөкөткө айланып кетпеши керек.
Бирок биз Пайгамбардын (сав) никеге турууга мүмкүнчүлүгү жок жаш жигиттерге берген орозо кармоо кеңешин сунуш кылат элек. Себеби орозо эрктин күчүн тарбиялайт жана өз кумарын тизгиндеп турууга жардам берип, такыбалыкты бекемдейт. Пайгамбар (сав): "О бозойлор, кимиңердин үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгүңөр болсо, үйлөнүп алгыла, ал силерди арам ишке көз артуудан жана ойноштук азгырыгынан сактайт. Кокус кимдир-бирөөлөр үйлөнө албаса, анда ал муктаждык болгондо орозо карап жүрүшү керек, себеби орозо - жамандыкка каршы калканч" деп айтканын мисал келтирип жүрүшөт".
Ислам аалымдары төмөнкүдөй кеңеш беришет:
– Орозо кармагыла, себеби ал ишенимди бекемдейт, пакизалыкты сактоого жардам берет жана арам ойлордон алаксытат.
– Жыныс кумарын ташкындатып жибербеш үчүн тамакта жана ичимдикте ашкере кетпегиле.
– Кумар отун алоолотуп жиберчү нерселерден: мисалы, порнографиялык материалдардан, эротикалык тасмалардан жана махабат ырларынан алысыраак болгула.
– Жакшы жана такыба досторду тандай билгиле.
– Сыйынууга жана ишенимдин башка да аракеттерине көбүрөөк убактыңарды бөлгүлө.
– Секс тууралуу ойлордон алагды кылгыдай коомдук-пайдалуу ишмердик менен алектенгиле.
– Эркек менен айалдар денелик жакындыкта болуп калчу жайлардан качкыла.
– Кумар кыялдарына бөлөп салчу ашкере жумшак төшөктөрдөн да алысыраак болуш керек.
– Аялдар менен кыздарды жалдырап тиктегенден көрө, сиздерди курчап турган айлана-чөйрөнүн кооздугуна - гүлдөргө, булуттарга, кооз көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл бургула, себеби алар кумар кылдарын козгобойт.
Кокус жогорудагы кеңештер сиздерге жардам берсе, анда сизге чүчүтүү амалы караманча тыюу салынат. Бирок эгерде чүчүтмөйүн жаныңыз жай албай турган болсо, ансыз ойноштук кылып жиберем деп чоочуласаңыз, анда: "чоң жамандыктан сактаныш үчүн кичине жамандыкка барып койсоңуз боло берет" дегендей эрежени карманыңыз, себеби кантсе да ойноштук кылуудан көрө чүчүтүп салган алда канча дурус. Бирок биз мындай амалга айласыз гана жагдайларда - башка баардык аракеттерди жасап көргөндөн кийин гана барышыңыз керектигин баса белгилеп кеткибиз керек.
Жыйынтыктай келсек, чүчүтүүгө байланыштуу ар кандай көз караштар бар экен, бирок чүчүтүү аракетин бери дегенде жагымсыз деп эсептешибиз керек окшойт. Мисалы, терс кыялдарды - ачууланууну, кыртышы сүйбөөчүлүктү, жек көрүүчүлүктү көрсөтүү да жагымсыз экени ырас. Бирок айрым учурларда андай терс кыялды да көрсөтүп койо турган жагдайлар болуп калат. Анын сыңары, чүчүтүүнү да биротоло чыгарып салууга болбойт.

Супер-Инфо
super.kg
видео