Сага айтбай сени эле сүйгүм келет,
Бирок болбойт айтылбаган сүйүү дешет,
Эмнеге мен жалгыз сени сүйөмүн,
Болчу мага жалгыз өзүң сүйгөнүм?
Жарасы бар ар бир жандын сүйүүдөн,
Бирөө жетпей бирөө өлгөн сүйүүдөн,
Жарык чачкан кучак жайган махабат,
Сага келсе сени абдан кыйнаган.
Колум жетпейт билем жаным сен жака,
Жүрөк сезет ойлой берет сени гана,
Эмне мынча жалгыз сага байландым,
Түшүнө албай азап тартып кыйналдым.
Сен билбейсиң менда сени сүйчү элем,
Айталбай жүрөгүмө сактайт элем,
Махабаттын дайрасыны кечип алып,
Кыйналып мен сүйүүмдү айтбай келем.
Поэзия баракчасы... (Исмаилова Умиданын сезим тамчылары...)
#41 06 January 2014 - 20:41
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#42 06 January 2014 - 20:42
Аппак кыз болуп чачылып ачылганың көрөрмүн,
Кемпир болуп картайсаң арман айтпай жүрөөсүң,
Мендеги бир дарт болбос ачык айтып сүйөөрмүн,
Чал болгондо картайып арманда болбой өтөйүн. Асмандагы жылдызга сан жетпеген,
Ыйлап сыздап жүрсөм дагы сен сезбеген,
Эмнеге дейм сени менен бирге болбойм,
Анын өзү бул сүйүүгө жол бербеген.
Билбейм жаным ыйлай бердим ыйлай бердим,
Себеби жок түркүн ойго чого бердим,
А бирок бул жашоодо сени сүйүп,
Өлүмгө да тик туруп даяр келдим.
Жашоомду жарык кылаар сен элең,
Балким сенда айтпай мени сүйөөр белең,
Жарык дүйнө тең берилген баардык жанга,
Бетке айтаар заман келген күтпөс жерден.
Кемпир болуп картайсаң арман айтпай жүрөөсүң,
Мендеги бир дарт болбос ачык айтып сүйөөрмүн,
Чал болгондо картайып арманда болбой өтөйүн. Асмандагы жылдызга сан жетпеген,
Ыйлап сыздап жүрсөм дагы сен сезбеген,
Эмнеге дейм сени менен бирге болбойм,
Анын өзү бул сүйүүгө жол бербеген.
Билбейм жаным ыйлай бердим ыйлай бердим,
Себеби жок түркүн ойго чого бердим,
А бирок бул жашоодо сени сүйүп,
Өлүмгө да тик туруп даяр келдим.
Жашоомду жарык кылаар сен элең,
Балким сенда айтпай мени сүйөөр белең,
Жарык дүйнө тең берилген баардык жанга,
Бетке айтаар заман келген күтпөс жерден.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#43 06 January 2014 - 20:43
Жалгыз сени сүйөөр болсом,
Сен мен үчүн жалгыз болсоң,
Мен сен үчүн өлөөр болсом,
Бараарманым өзүң болсоң,
Мен сен үчүн баарына даяр болсом,
Ооо, жаным сен сүйөм деп айтып койсоң. Сүйүү болсоң чындай болчу аркалабай,
Баркына жете билсең маңкаланбай,
Кыйналып күйүп бүттүм бул жашоодон,
Сенин жалгыз сүйөм деген сөзүңдү мен угалбай.
Кечиктимби бул жашоодо өз сүйүүмдөн,
Кезиктимби жаны курган ак сүйүүмө,
Келген болсо ушул сүйүү таза болуп,
Ыраазы элем өмүр өтсө түбөлүккө.
Кыялым учуп бийик алыстарга,
Жеталбайм жаным сенден мен алыста,
Ушунчалык курчап мени миңдей ойлор,
Чөмүлөм арман кайгы дайрасына.
Сен мен үчүн жалгыз болсоң,
Мен сен үчүн өлөөр болсом,
Бараарманым өзүң болсоң,
Мен сен үчүн баарына даяр болсом,
Ооо, жаным сен сүйөм деп айтып койсоң. Сүйүү болсоң чындай болчу аркалабай,
Баркына жете билсең маңкаланбай,
Кыйналып күйүп бүттүм бул жашоодон,
Сенин жалгыз сүйөм деген сөзүңдү мен угалбай.
Кечиктимби бул жашоодо өз сүйүүмдөн,
Кезиктимби жаны курган ак сүйүүмө,
Келген болсо ушул сүйүү таза болуп,
Ыраазы элем өмүр өтсө түбөлүккө.
Кыялым учуп бийик алыстарга,
Жеталбайм жаным сенден мен алыста,
Ушунчалык курчап мени миңдей ойлор,
Чөмүлөм арман кайгы дайрасына.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#44 06 January 2014 - 20:46
Тык эткен жүрөк дабышы,
Күч алып катуу үн салды,
Билбедим жаным мен анын,
Жүрөгүм сени сүйүп калышын.
Жылдыз болсоң жанбайт белең асманда,
Сүзүп барам ай астында кайыкта,
Эгер мен учуп барсам сенин жаныңа,
Сүйүүндү айтат белең шыбырап кулагыма. Көздөрүңдүн жылт жылт эткен карасы,
Ошол жарык жүрөгүмдүн жарасы,
Сага берип бул сүйүүмдү арнасам,
Таштабастан жүрөгүңдө сактачы.
Татынакай жаз талаасы жазанган,
Гүл бакчада роза гүлү жыттанга,
Кереметтүү гүл бакчаны аралап,
Жигит кызда жолугушкан ошол жактардан. Менин сүйүүм көз каранды бир адамга,
Сүйүп келем билдирбестен жаным сага,
Бир күн келип чыдабастан сүйөм десем,
Жок дебегин арман болот картайганча.
Күч алып катуу үн салды,
Билбедим жаным мен анын,
Жүрөгүм сени сүйүп калышын.
Жылдыз болсоң жанбайт белең асманда,
Сүзүп барам ай астында кайыкта,
Эгер мен учуп барсам сенин жаныңа,
Сүйүүндү айтат белең шыбырап кулагыма. Көздөрүңдүн жылт жылт эткен карасы,
Ошол жарык жүрөгүмдүн жарасы,
Сага берип бул сүйүүмдү арнасам,
Таштабастан жүрөгүңдө сактачы.
Татынакай жаз талаасы жазанган,
Гүл бакчада роза гүлү жыттанга,
Кереметтүү гүл бакчаны аралап,
Жигит кызда жолугушкан ошол жактардан. Менин сүйүүм көз каранды бир адамга,
Сүйүп келем билдирбестен жаным сага,
Бир күн келип чыдабастан сүйөм десем,
Жок дебегин арман болот картайганча.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#45 06 January 2014 - 20:47
Жүрөк менен такыр бир жан сүйбөгөм,
Жүрөгүмө чок салаарын билбегем,
Жүрөгүмдү кыйналаарын билсем мен.
Сүйүүгө кол сунбай жүрөт белем.
Түн ичинде жазган ырым бүтбөс болду,
Ырга шайыр ыр жазганым бүтбөс болду,
Бул ырларды сүйүү менен арман коштоп,
Түн ичинде жазылган ырлар болду.
Эх, жаным түшкө кирдиң таң эртелеп,
Түшүмдө олтурасың сен эркелеп,
Ошол замат мен түшүмдөн ойгонсом,
Телефонго коңгуроо кылдың сен эртелеп. Жалгыз сүйүүм бийик учкан куш белең,
Алыстарга мени таштап учат белең,
Учсаңдагы көккө бийик учалбай,
Өз сүйүүңдү алыс таштап кеталбай,
Учкан соң кайра кайтып келалбай.
Түн ичинде ойлоп сени ойго батам,
Таң атканча сени жаным ойлоп жатам,
Оюм сенде сүйүүм сенде билсең деги,
Кыйнабастан сен жаныма келчи бери.
Жүрөгүмө чок салаарын билбегем,
Жүрөгүмдү кыйналаарын билсем мен.
Сүйүүгө кол сунбай жүрөт белем.
Түн ичинде жазган ырым бүтбөс болду,
Ырга шайыр ыр жазганым бүтбөс болду,
Бул ырларды сүйүү менен арман коштоп,
Түн ичинде жазылган ырлар болду.
Эх, жаным түшкө кирдиң таң эртелеп,
Түшүмдө олтурасың сен эркелеп,
Ошол замат мен түшүмдөн ойгонсом,
Телефонго коңгуроо кылдың сен эртелеп. Жалгыз сүйүүм бийик учкан куш белең,
Алыстарга мени таштап учат белең,
Учсаңдагы көккө бийик учалбай,
Өз сүйүүңдү алыс таштап кеталбай,
Учкан соң кайра кайтып келалбай.
Түн ичинде ойлоп сени ойго батам,
Таң атканча сени жаным ойлоп жатам,
Оюм сенде сүйүүм сенде билсең деги,
Кыйнабастан сен жаныма келчи бери.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#46 06 January 2014 - 20:48
Сагындым мен жаным сени сагындым,
Сагынганда сагычым айталбаймын,
Күчөй берет күндөн күнгө менин сүйүүм,
Аны мен кантип сагай айтамын.
Сүйүүсүз жашап кетүү кыйын экен,
Сүйүүсүз кимге жашоо кызык экен,
Сүйүп жүрүп сүйгөнүдөн айрылсаң,
Жүрөгүң ыйлап такыр сыздайт экен.
Катып жүргөм айтбай сүйүү сырларым,
Сага айтбай арнап жазам ырларым,
Күнү келип жолугушсак экөөбүз,
Ошол күнү сүйүүм айтам жылмайып.
Оо жаным кыйналдыңбы мени күтүп,
Жакында менда барам ишим бүтүп,
Ошондо сен экөөбүз бир болобуз,
Окшошкон аккуулардай баш кошобуз.
Сен экөөбүз жолуккан күн эсимде,
Тынчымды алып сен кетбейсиң эсимден,
Жылмайып бир мага карап күлгөнүң,
Дале кетбей көз алдымда элестелет.
Сагынганда сагычым айталбаймын,
Күчөй берет күндөн күнгө менин сүйүүм,
Аны мен кантип сагай айтамын.
Сүйүүсүз жашап кетүү кыйын экен,
Сүйүүсүз кимге жашоо кызык экен,
Сүйүп жүрүп сүйгөнүдөн айрылсаң,
Жүрөгүң ыйлап такыр сыздайт экен.
Катып жүргөм айтбай сүйүү сырларым,
Сага айтбай арнап жазам ырларым,
Күнү келип жолугушсак экөөбүз,
Ошол күнү сүйүүм айтам жылмайып.
Оо жаным кыйналдыңбы мени күтүп,
Жакында менда барам ишим бүтүп,
Ошондо сен экөөбүз бир болобуз,
Окшошкон аккуулардай баш кошобуз.
Сен экөөбүз жолуккан күн эсимде,
Тынчымды алып сен кетбейсиң эсимден,
Жылмайып бир мага карап күлгөнүң,
Дале кетбей көз алдымда элестелет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#47 06 January 2014 - 20:49
"Баркына жете билсең маңкаланбай"
))))))))))))))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
#48 06 January 2014 - 20:49
Ооо жаным карегиңден айланайын,
Күндө сени эстеп дайым сагынамын,
Алыстамын сагынчымды айткым келбейт,
Аны айтсам сенда ыйлап кыйналасың.
Мен сага жете аламбы айтчы жаным,
Сүйөм деген сөздөрүңдү мен угайын,
Айтаар болсоң күнү келип айтаарсың.
Бирок сени сүйүп келем мен ардайым.
Жалын болуп жалган айтаар сөздөрүм жок,
Кызым болсо сени такыр алдагым жок,
Сенден башка сүйүктүү сүйөрүм жок,
Сендей мени ардактаган сүйгөнүм жок.
Сен айтбадын сүйүүңдү мен кыйналдым,
Мен айтбадым сүйүүмдүн сен кыйналдың,
Ортобузда болгон болсо чын сүйүүбүз,
Колго алалы махабаттын ак гүлүн.
Сүйүп жүрүп кырга басып кеткен бар,
Өз сүйүүсүн оюн кылып жаткандар,
Сүйүүнү алмаштырып оюнга,
Өз сүйүүсүн байлыкка алмашкан бар.
Күндө сени эстеп дайым сагынамын,
Алыстамын сагынчымды айткым келбейт,
Аны айтсам сенда ыйлап кыйналасың.
Мен сага жете аламбы айтчы жаным,
Сүйөм деген сөздөрүңдү мен угайын,
Айтаар болсоң күнү келип айтаарсың.
Бирок сени сүйүп келем мен ардайым.
Жалын болуп жалган айтаар сөздөрүм жок,
Кызым болсо сени такыр алдагым жок,
Сенден башка сүйүктүү сүйөрүм жок,
Сендей мени ардактаган сүйгөнүм жок.
Сен айтбадын сүйүүңдү мен кыйналдым,
Мен айтбадым сүйүүмдүн сен кыйналдың,
Ортобузда болгон болсо чын сүйүүбүз,
Колго алалы махабаттын ак гүлүн.
Сүйүп жүрүп кырга басып кеткен бар,
Өз сүйүүсүн оюн кылып жаткандар,
Сүйүүнү алмаштырып оюнга,
Өз сүйүүсүн байлыкка алмашкан бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#49 06 January 2014 - 20:50
Сүйгөн жигит бирди сүйүп дактады,
Өз сүйүүсүн ачык айтып жарыбады,
А бирок анын сүйгөн сүйгөнү,
Башканы дегенсип карабады.
Тердимби сүйүү назик гүлдөрүн,
Кыйын экен сенсиз жашап жүрөрүм,
Бул дүйнөдө жаралбасам ааламга,
Тербейт элем ошол сүйүү гүлдөрүн.
Өз сүйүүсүн ачык айтып жарыбады,
А бирок анын сүйгөн сүйгөнү,
Башканы дегенсип карабады.
Тердимби сүйүү назик гүлдөрүн,
Кыйын экен сенсиз жашап жүрөрүм,
Бул дүйнөдө жаралбасам ааламга,
Тербейт элем ошол сүйүү гүлдөрүн.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#50 06 January 2014 - 20:54
Аман болгун, эсен болгун ар качан,
Мени сагын, мени эсте чарчасаң.
Мен ошондо кубат болом сен үчүн,
Эгер чындап сүйүү урсун алдасам.
Жансын ошондо өчөт деген жарыгың,
Жылдыздарга жетип турсун бар үнүң.
Жанбашына мен кепилдик бералбайм,
Жалын чачса жан дүйнөңдө жарымым.
Күлө карап сени сүйсүн күн дагы,
Ай суктансын ажарыңа түн дагы.
Бүткүл аалам чындап сага баш ийсин,
Бир сулууга өзүм сүйгөн мындагы.
Бетин тоскон көк асмандын буралып,
Үзүл-кесил болуучудай куралып.
Сени көрүп кыр ашкыча шашылсын,
Булуттар да көркөмүңдөн уялып.
Көргөн жандын сүйөөрүнү анык кыл,
Кул кылгын да көрүмүңө карып кыл.
Ай деле эмес жылдыздар да ийкенет,
Айсыз түндү сүйүшкөнгө жарык кыл.
Мени сагын, мени эсте чарчасаң.
Мен ошондо кубат болом сен үчүн,
Эгер чындап сүйүү урсун алдасам.
Жансын ошондо өчөт деген жарыгың,
Жылдыздарга жетип турсун бар үнүң.
Жанбашына мен кепилдик бералбайм,
Жалын чачса жан дүйнөңдө жарымым.
Күлө карап сени сүйсүн күн дагы,
Ай суктансын ажарыңа түн дагы.
Бүткүл аалам чындап сага баш ийсин,
Бир сулууга өзүм сүйгөн мындагы.
Бетин тоскон көк асмандын буралып,
Үзүл-кесил болуучудай куралып.
Сени көрүп кыр ашкыча шашылсын,
Булуттар да көркөмүңдөн уялып.
Көргөн жандын сүйөөрүнү анык кыл,
Кул кылгын да көрүмүңө карып кыл.
Ай деле эмес жылдыздар да ийкенет,
Айсыз түндү сүйүшкөнгө жарык кыл.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#51 06 January 2014 - 20:55
Күндөр өтсүн бирин-бири кубалап,
Көрсө сени күлмүңдөйт да кубанат.
Нурун төксүн элден мурун өзүңө,
Тойбос болсун, болсун кайра сугалак.
Мезгил дагы сага саатын коротот,
Бирок жаным аны кандай тоготот.
Көлөкөсүн ээлеп жатсаң чалкалап,
Арчалар да жыпар жытын жоготот.
Шыңгыр үнүң багындырсын тоо суусун,
Аны кайра шарпылдаткан шоокумсун.
Сенден алат ырахаттуу шылдырды,
Эгер билсең сен аларга моокумсун.
Көрсө сени күлмүңдөйт да кубанат.
Нурун төксүн элден мурун өзүңө,
Тойбос болсун, болсун кайра сугалак.
Мезгил дагы сага саатын коротот,
Бирок жаным аны кандай тоготот.
Көлөкөсүн ээлеп жатсаң чалкалап,
Арчалар да жыпар жытын жоготот.
Шыңгыр үнүң багындырсын тоо суусун,
Аны кайра шарпылдаткан шоокумсун.
Сенден алат ырахаттуу шылдырды,
Эгер билсең сен аларга моокумсун.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#52 06 January 2014 - 20:57
Көзүмдүн агы карасын,
Күн болуп гана жанасың.
Каныкейим өзүң бол,
Мен болоюн Манасың.
Элес үчүн багынсам,
Сен да мени сагынсаң.
Токтогулуң болоюн,
Сүйчү мени Алымкан.
Көңүлүмдө сыр дайым,
Көркүңдү мактап ырдайым.
Барпы акының болоюн,
Баркта мени Мырзайым.
Өзүңдө сенин кеми жок,
Өзүңдөй жандын теңи жок.
Көксулуум өзүң бол,
А мен сага Женижок.
Күн болуп гана жанасың.
Каныкейим өзүң бол,
Мен болоюн Манасың.
Элес үчүн багынсам,
Сен да мени сагынсаң.
Токтогулуң болоюн,
Сүйчү мени Алымкан.
Көңүлүмдө сыр дайым,
Көркүңдү мактап ырдайым.
Барпы акының болоюн,
Баркта мени Мырзайым.
Өзүңдө сенин кеми жок,
Өзүңдөй жандын теңи жок.
Көксулуум өзүң бол,
А мен сага Женижок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#53 06 January 2014 - 21:03
Көргөндө сени дедим ай,
Дем берди мага демиң ай.
Раймаалың болоюн,
Озуң болчу Бегимай.
Балдай ширин тилдейсиң,
Аппак көнул дилдейсиң.
Сен болсоң менин Жулиетим,
Мен Ромеон билбейсиң.
Ырларым менин жан атым,
Түгөнбөйт сендик санатым.
Сен болсоң эгер Заринам,
Мен болом сенин Канатың.
Өзүң үчүн мен деймин,
Анык сүйүүм сен Лейлим.
Мажнүнүң болуп өтөмүн,
Жары болсоң мендейдин.
Жүрөгүмдө жай дайым,
Жүрөк сырын айтайын.
Алыкулуң мен болсом,
Жаным болчу Айдайым
Дем берди мага демиң ай.
Раймаалың болоюн,
Озуң болчу Бегимай.
Балдай ширин тилдейсиң,
Аппак көнул дилдейсиң.
Сен болсоң менин Жулиетим,
Мен Ромеон билбейсиң.
Ырларым менин жан атым,
Түгөнбөйт сендик санатым.
Сен болсоң эгер Заринам,
Мен болом сенин Канатың.
Өзүң үчүн мен деймин,
Анык сүйүүм сен Лейлим.
Мажнүнүң болуп өтөмүн,
Жары болсоң мендейдин.
Жүрөгүмдө жай дайым,
Жүрөк сырын айтайын.
Алыкулуң мен болсом,
Жаным болчу Айдайым
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#54 06 January 2014 - 21:08
Ак сүйүүмдү сезбейсиң,
Карашыңды бербейсиң.
Унчукпастан журосуң,
Оюңда кимди дегдейсиң.
Миңгизип сүйүү кайыгын,
Көрсөтөм акын айылын.
Өмүрлөшүм өзүң бол,
Мен болоюн Шайырың….
Карашыңды бербейсиң.
Унчукпастан журосуң,
Оюңда кимди дегдейсиң.
Миңгизип сүйүү кайыгын,
Көрсөтөм акын айылын.
Өмүрлөшүм өзүң бол,
Мен болоюн Шайырың….
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#55 07 January 2014 - 16:43
Көздөрүң жобар, кайдагы нурлар катылган? Жийденин жыты бур этет кара чачыңдан. Кылчайып карап дардисар кылдың, дардисар, Азада бойуң алоо от беле, асыл жан? Азгырык басып, капилет кайдан карадым? Жанымды кыйнап далбаса кылды жамалың. Ѳмүрүм өрдөп туш келдим туюк санаага, - Даарысы кайда -кай жактан издеп табамын? Дегдетип мынча жүрөктүн алдың ышкысын, Сени да кудай илдетке ушул туш кылсын! Көрүнчү кайра -оромол салып гүлү жык, - Жолукчу, жаным, көйнөктүн кийип пуштусун. Сай бойлоп басып булакка көздү чаялы, Булактай таза сүйүүнүн баркы, баяны. Суусардай болуп суйсалса, мага өмүрдүн Түгөнбөс болуп туюла берет аягы...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#56 07 January 2014 - 16:45
Жийдедей жаштык курагың мени мас кылат,- Арбадың неге алдымдан чыгып наз карап? Айтамын кантип кусадар болдум сага деп, Күлгөнүң сырдуу - жүзүмдөн бүткөн нак шарап.
Периште болгон кейпиңди кайдан билесиң?
Уурданып менин түшүмө күндө киресиң...
Дүйнөнүн бардык жыргалын берип, өңүмдө,
Тозокко салган муз жүрөк кандай немесиң?
Кызгалдак өскөн талаада чуркап барасың,
Жайылып көккө, асманга тийип канатың...
Ашыглык аруу делебең козгоп кеттиби,
Мынчалык неге карай көз күйүп, жанасың?
Катылып жаткан кайдагы кумар, кайсы бук?
Жолукпай сага сарсаана болгом буулугуп. Шүүдүрүм сымал сүйүүбүз биздин чачылып Торгойдун мукам үнүнө кетти жуурулуп...
Периште болгон кейпиңди кайдан билесиң?
Уурданып менин түшүмө күндө киресиң...
Дүйнөнүн бардык жыргалын берип, өңүмдө,
Тозокко салган муз жүрөк кандай немесиң?
Кызгалдак өскөн талаада чуркап барасың,
Жайылып көккө, асманга тийип канатың...
Ашыглык аруу делебең козгоп кеттиби,
Мынчалык неге карай көз күйүп, жанасың?
Катылып жаткан кайдагы кумар, кайсы бук?
Жолукпай сага сарсаана болгом буулугуп. Шүүдүрүм сымал сүйүүбүз биздин чачылып Торгойдун мукам үнүнө кетти жуурулуп...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#57 07 January 2014 - 16:46
Көңүлүм түшүп, көкүрөк сыры зилге жык. Сени деп далай жигиттер жүрөт шыпшынып. Бир жолу мага өптүрүп коюп жоголдуң... Өзөктү өрттөп, жүрөктү отко туш кылып.
Кеңкелес кылып кетти окшойт сенин шамалың,
Жер кезип чыксам кай жерден, кантип табамын?
Жылдыздай жылт деп колуңа конбойт кылактап,-
Шайтандан эстүү аялдын көрдүм амалын.
Кеңкелес кылып кетти окшойт сенин шамалың,
Жер кезип чыксам кай жерден, кантип табамын?
Жылдыздай жылт деп колуңа конбойт кылактап,-
Шайтандан эстүү аялдын көрдүм амалын.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#58 07 January 2014 - 16:56
Көзүңдү карагаттай тиктегенде
Өзүмдү карегиңден көрөр элем.
Жалындуу илебиңе чыдай албай,
Жалбарып маңдайыңан өбөр элем.
Адашып азыр эле табышкандай,
Чекемди жүрөгүңө жөлөр элем.
Тиктешип ажырашпай турган кезде,
Сен дагы карегимде болсоң керек,
Элесиң ошол бойдон менде калса,
Ар качан болбос беле кымбат белек!
Күзгүдө карегимден сени көрүп,
Канагат кылбас белем жанга теңеп!
Өзүмдү карегиңден көрөр элем.
Жалындуу илебиңе чыдай албай,
Жалбарып маңдайыңан өбөр элем.
Адашып азыр эле табышкандай,
Чекемди жүрөгүңө жөлөр элем.
Тиктешип ажырашпай турган кезде,
Сен дагы карегимде болсоң керек,
Элесиң ошол бойдон менде калса,
Ар качан болбос беле кымбат белек!
Күзгүдө карегимден сени көрүп,
Канагат кылбас белем жанга теңеп!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#59 07 January 2014 - 17:01
Өзүң менен жолугушпай калганда,
Өмүрүм бүт өтмөк экен арманда,
Бактылуумун бул дүйнөгө жаралып
Сени менен кол кармашып калганга. Колдорубуз бөлүнбөсүн эч качан,
Чыгыштан күн чыга берсин тынбастан,
Күчүмө күч кошуп турсун дайыма
Каректериң–кабак түйсөм жыргаткан.
Жүрөгүбүз бирге соксун балкылдап,
Кадамыбыз кетсин алга шартылдап,
Бир жүрөлү көлдөгү жуп аккуудай
Күн алдында, Ай алдында жаркылдап.
Өмүрүм бүт өтмөк экен арманда,
Бактылуумун бул дүйнөгө жаралып
Сени менен кол кармашып калганга. Колдорубуз бөлүнбөсүн эч качан,
Чыгыштан күн чыга берсин тынбастан,
Күчүмө күч кошуп турсун дайыма
Каректериң–кабак түйсөм жыргаткан.
Жүрөгүбүз бирге соксун балкылдап,
Кадамыбыз кетсин алга шартылдап,
Бир жүрөлү көлдөгү жуп аккуудай
Күн алдында, Ай алдында жаркылдап.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#60 07 January 2014 - 17:07
Сезсем деле,менден тажап жүргөнүң
Кезиксем деп,үзбөйт күндө күдөөрүм
Көзүм менен сүйсөм деле башкасын
Энчилеп берем,сага жалгыз жүрөгүм
Чыдап турчу,сабырың салып,өзүмө
Түшүнүп турам,кыйнаганым көзүнөн
Кыялымда,коштошсом да сен менен
Кете албаймын,турбай айткан сөзүмө
Тагдыр деле,никесиз сүйсөң тарчылап
Тайкы кылат,жүрөгүн өйүп жанчылап
Күйүтүм күүлөп,сүйүүм, күчөп турса да
Жоонуман жугу,азайып түйүн артынат
Кезиксем деп,үзбөйт күндө күдөөрүм
Көзүм менен сүйсөм деле башкасын
Энчилеп берем,сага жалгыз жүрөгүм
Чыдап турчу,сабырың салып,өзүмө
Түшүнүп турам,кыйнаганым көзүнөн
Кыялымда,коштошсом да сен менен
Кете албаймын,турбай айткан сөзүмө
Тагдыр деле,никесиз сүйсөң тарчылап
Тайкы кылат,жүрөгүн өйүп жанчылап
Күйүтүм күүлөп,сүйүүм, күчөп турса да
Жоонуман жугу,азайып түйүн артынат
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео








