Мен Москва шаарында, базарда сатуучу болуп иштейм. Куз айларында кайын эжем баласын уйлоп, тойдун дискин берип жибериптир.
Базардан эле аны коншулар менен коруп калдык. Анан коншу абазин улутундагы аял, "улуттук кийиминер, бийинер кайсы” деп сурап атпайбы. Улуттук кийимди каалоосуна жараша киерин, улуттук бийди тойлордо ар дайым бийлебешибизди айтсам аябай тан калбадыбы. Алардын озунчо мамлекети жок, РФнын автономиялуу Карачаево-Черкесская республикасында жашашат, бирок оздорунун улуттук бийи жакшы сакталып, тойлору ансыз отпойт экен.
Ошондон ой жаралды, неге биздин улуттук бийибиз жоголуп баратат. Жоголбой эмей эмне, теледен гана анча-мынча коруп калбасак, билбейбиз. Алыска барбай, коншу озбек, тажиктерди эле алалы. Озбектердин тою керней-сурнай менен башталып, улуттук аспаптары менен коштолот. Эми кээ биринер айтышынар мумкун, комузга кантип бийлейли деп. Озбек туугандар табакка окшогон нерсесин тарсылдатып деле бийлеп жатышпайбы.
Комуз, кыяк, чоорду аранжировкалап,
бийге ылайыктуу музыка жаратса болоор дейм. Тойлор эртеден кечке улуттук ыр- бий менен отсо дегенден деле алысмын, болгону кээ бир жерлерге кошуп койсо деген эле тилек. Мисалы, куйоо жандоо, сарпай кийгизуу(Ошто ушундай салт бар) деген жеринде бийлеп турсак неген болбосун.
Биз, айрыкча туштук жергесинде тескерисинче озбек бийине, андижанская полкага жан- алыбыз калбай бийлейбиз да.
- (2 )
-
- 1
- 2
Улуттук ыр-бийлерибиздин бүгүнкү күндөгү ролу.. Эмне үчүн той-мааракелерде кыргыз бийлери бийленбейт?
#2 12 May 2013 - 09:13
Анан калса башка элдин улуттук бийлерине, мисалы, лизгинка балеедей эле бийлейбиз. Мен ушуга аябай арданам да, неге биздин бийибиз кенири жайылбай калган.
Ушул тууралуу беруу болду эле теледен, бир кезде. Кытайлык кыргыздар комуздун коштоосунда эле бийлешип, тойлошот экен, а Кыргызстанда башка улуттун ырларына секиребиз. Бул нерсени видео роликтер менен далилдеп, корсотушкон.
Мен балким туура эмес ой жугуртуп аткандырмын, сиздер башкача ойдо болушунар мумкун. Кандай болгон кундо да оз ой-пикиринерди жазып калтырып кетсенер, оор келбесе..

#3 12 May 2013 - 09:28
Сиз өзү КРга келип той көргөнсүзбү?
Тойду кыргыз бий менен баштайтго. Анан сиздин тууганыңыз чөнтөктү карап бийчилерди жалдабай койсо керекда.
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#4 12 May 2013 - 10:13
Фанат.кж ге кошулам. Ар бир тойдо кыргыздын аспаптары ойнойт, кыргыз бийи коштолот. Кыргызстанга келсениз корорсуз. Же болбосо дагы 5,6 жыл куто турунуз, тоюма чакырам.
Бул кундор да отот....
#5 12 May 2013 - 11:49
Жеткиликтуу тушундуро албай калган окшойм. Мен акчага келчу бийчилердин бийин айткан жокмун. Ар бир кыргыз, ар бир тойдун катышуучусу неге бийлебейбиз,
улуттук бийди дейм. Тойлорго барып эле журом, айланайындар.
Демек, акчалуулар бийчи чакыртса гана корот экенбиз да кыргыз бийин. Ресторандан той бере албай, чакан тойчук менен уйлонгондочу,
ошондо деле каада-салт менен кошо ыр-бий болуп атпайбы. Эми жоктон коро жогору дегендей, ошол келип бийлеп берген бийчилердин бийине топук кылгандан башка айла жок анда. Копчулукту ушул канааттандырса,
я молчу анда.
#7 13 May 2013 - 21:50
Бар го. Ат мингенди, жок издегендин образын берип бийленчу эркектердин бийлери бар го.
#8 14 May 2013 - 12:07
Азыр тойлордо кыргыз бийлери менен кийимдерине басым жасалапы жатканы козго корунуп калды ! Автор айткандай озубуздун улуттук бийибизди бийлебей деле калдык тойлордо(бийлеп коргон да эмесмин) . Азыр тойдо лезгин бийи , дискотека 80 х , озбек бийлери , шаар жеринде зар. ырларга гана бийлеп калбадыкпы ! ?
Качан эле тойлордо Бекбекейге же Оп майдага бийлеп жатабыз ? Усту жакта пост калтыргандар тойдо кыргызча музыкага бийлегендерби ? Той башында ооба бийчилер келип кыргыз бийи менен ачып берет тойду , ал эми тойдун журушундо баягы эле конумуш музыкаларга бийлейбиз ...

Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#9 14 May 2013 - 12:12
Кыргыз кыздар илгери бийлешкен чач оруп жаткан таризде , жун сабагандай элес калтырып , жип ийриген сымал , ак кууну туурап....
Кыргыз жигиттери ат чаап бараткандай болуп , камчы айландырып , комуз черкендей болуп , жугон кармагандай ж.б. ушундай бийлер азыр бийленбей калган.......
Кыргыз жигиттери ат чаап бараткандай болуп , камчы айландырып , комуз черкендей болуп , жугон кармагандай ж.б. ушундай бийлер азыр бийленбей калган.......
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#10 14 May 2013 - 12:15
#11 14 May 2013 - 12:24
Ооба сага
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#12 14 May 2013 - 12:54
#13 14 May 2013 - 16:32
Эми ошол эле жерин көрө калдыңбы? Андан башка жерлери окшошуп кетип атат. Байкап көрсөң, окшошуп кетет.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#15 14 May 2013 - 20:43
Жакында онуп осуп, Кыргызстан европа болуп кете турган болсо корупсун да. Енглш деп ырдап чыккандарды,
кыскасы кыргыз онуп осо турган болсо. Ата салттын унутуп, башка улутта эмнени корсо ошону коштоп кете бере турган калкка айланып каларына эч кумонум жок. Корбойсунбу борборду, азыркы жаштарды. Аласы жерге жеткен ыштанды кайсыл кыргыз жигиттери кийчи эле илгери??
#16 14 May 2013 - 20:55
Чындыгында адам ойлоно турган, олуттуу тема экен. Тойдо жалпыбыз бийлегидей ылайыктуу, ынгайлуу бийлерибиз унутта калганбы же такыр эле кургап жок болгонбу, билбейм. Айтор, уят эле! Уялдым. Ушул жаатка кобуроок басым жасап, онуктурбосок болбойт. Флешмоб сыяктуу нерселер болчу эле, ушу маселени которуп чыкса кандай болот?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 14 May 2013 - 22:55
Колдоп кеткендерге рахмат. Кээ бири "кайсы кыргыз бийине бийлемек элек” деп ойлоп атса керек. Мен деле той жалан кыргызча отсо дегим келген жок. Баары заманга жараша озгорулору белгилуу денизчи, мага деле жагат заманбап тойлордо бийлеген, танбайм, аябай секирем да
. Тойдо болчу коп эле салттарыбызды сактамак турсун, заман талабына жараша онуктуруп да жибербедикпи,
мына ошолордун катарында эле тойдун кичине болугуно кыстара кетсек болот эле да. Башканы билбейм, биздин Оштун Карасуу тарабында жакшы эле куйоо жолдоштордун чонтогун кагып алчу салттарыбыз бар, аны эч унутпайбыз да. Анан да куйоо балдар кызга келгенде , кыздын курбулары менен ырдап-бийлеп конул ачышат. Ошондо кыргызча бийлешсе, илгерки кыргыз ырларына бийлешсе неге болбойт. Капчык какчу салттардын катарында эски ырларыбыз менен кыргыздын турмушу чагылдырылган мимикалары бар бийлерибиз бизге чейин сакталып келсе жакшы болмок да. Анан ал ыр- бийлерибиз телерадионун эле архивинде сакталып, кийинки муун унутпай эмне. Бирок эми жанданышы деле кыйын го.
Мен уул уйлоп, кыз бергенде ушул нерселерди эске алам деген ниетим бар. Ага чейин коп жылдар бар да. Эч болбогондо конкурс жарыялап, бут куйоо жолдоштор менен курбу кыздарды бир саат улуттук бийге бийлетем
. aijan айтмакчы мен да уялдым, намыстандым.
Анан айтып жатпайбы, ошол аял "озбектердин тоюн коргон элем, улуттук бийлеринде бийлешет экен, улуттук кийимдери озгочо экен” деп. Айтса айтпаса тогунбу, оздору эле сактап калбай, бизге да жайылтып ийишкен да. А биз ото ийкемдуу калк келет экенбиз, тез эле кошуна элдердин адаттарынан уйронуп алабыз. Бирок кичине жылыш бар. Тойлордун кыргыз бийи менен башталышы, конкурска кыргыз бийинин кыстарыла калышы, коп кыздардын улуттук той койногун кийиши... Ушуга да канаат кылып туралы..
Мен уул уйлоп, кыз бергенде ушул нерселерди эске алам деген ниетим бар. Ага чейин коп жылдар бар да. Эч болбогондо конкурс жарыялап, бут куйоо жолдоштор менен курбу кыздарды бир саат улуттук бийге бийлетем
#18 14 May 2013 - 23:07
Казактардын бир бийи бар экен го. Атын унутуп калдым ошол бий тиги гангнам стайлга окшошуп кетет экен.
#19 26 May 2013 - 20:37
Мен Москва шаарында, базарда сатуучу болуп иштейм. Куз айларында кайын эжем баласын уйлоп, тойдун дискин берип жибериптир.
Базардан эле аны коншулар менен коруп калдык. Анан коншу абазин улутундагы аял, "улуттук кийиминер, бийинер кайсы” деп сурап атпайбы. Улуттук кийимди каалоосуна жараша киерин, улуттук бийди тойлордо ар дайым бийлебешибизди айтсам аябай тан калбадыбы. Алардын озунчо мамлекети жок, РФнын автономиялуу Карачаево-Черкесская республикасында жашашат, бирок оздорунун улуттук бийи жакшы сакталып, тойлору ансыз отпойт экен.
Ошондон ой жаралды, неге биздин улуттук бийибиз жоголуп баратат. Жоголбой эмей эмне, теледен гана анча-мынча коруп калбасак, билбейбиз. Алыска барбай, коншу озбек, тажиктерди эле алалы. Озбектердин тою керней-сурнай менен башталып, улуттук аспаптары менен коштолот. Эми кээ биринер айтышынар мумкун, комузга кантип бийлейли деп. Озбек туугандар табакка окшогон нерсесин тарсылдатып деле бийлеп жатышпайбы. Комуз, кыяк, чоорду аранжировкалап, бийге ылайыктуу музыка жаратса болоор дейм. Тойлор эртеден кечке улуттук ыр- бий менен отсо дегенден деле алысмын, болгону кээ бир жерлерге кошуп койсо деген эле тилек. Мисалы, куйоо жандоо, сарпай кийгизуу(Ошто ушундай салт бар) деген жеринде бийлеп турсак неген болбосун.
Биз, айрыкча туштук жергесинде тескерисинче озбек бийине, андижанская полкага жан- алыбыз калбай бийлейбиз да.
Ошондон ой жаралды, неге биздин улуттук бийибиз жоголуп баратат. Жоголбой эмей эмне, теледен гана анча-мынча коруп калбасак, билбейбиз. Алыска барбай, коншу озбек, тажиктерди эле алалы. Озбектердин тою керней-сурнай менен башталып, улуттук аспаптары менен коштолот. Эми кээ биринер айтышынар мумкун, комузга кантип бийлейли деп. Озбек туугандар табакка окшогон нерсесин тарсылдатып деле бийлеп жатышпайбы. Комуз, кыяк, чоорду аранжировкалап, бийге ылайыктуу музыка жаратса болоор дейм. Тойлор эртеден кечке улуттук ыр- бий менен отсо дегенден деле алысмын, болгону кээ бир жерлерге кошуп койсо деген эле тилек. Мисалы, куйоо жандоо, сарпай кийгизуу(Ошто ушундай салт бар) деген жеринде бийлеп турсак неген болбосун.
Биз, айрыкча туштук жергесинде тескерисинче озбек бийине, андижанская полкага жан- алыбыз калбай бийлейбиз да.
Максатыма кандай себеп тоскоол болбосун, Жашоомдо жетсем деймин коздогонумо.
Татыктуу турмуш куруп, туткунун болуп,
Баш ийип жашагым келет озуно...
Баш ийип жашагым келет озуно...
#20 31 May 2013 - 16:16
Ой ой не дештида билбей калдым чындыгында эле тура айтыпсынар бирок күү болбосода биз тарапта Г. Сатибеков женишбектин ырларына да көп бийлешет.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео