Рамазан айынын башталышын,
Орозо жана Курман айт күндөрүн
тактоо жөнүндө
№ 01- Фатва
Бишкек шаары 10-июнь 2014-жыл.
Ислам шариятында рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) өз сөзүндө: “Айды карап орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо анда отуз күндү толуктагыла”-
деп буйруган(Сахих Муслим 1081).
2014- жылдын 28-июнь, ишемби күнү Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилсин.
2014- жылдын 28-июль, дүйшөмбү күнү Орозо айт майрамы деп белгиленсин.
2014- жылдын 4- октябрь, ишемби күнү Курман айт майрамы деп белгиленсин.
Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.
Рамазан айынын биринчи күнүн жана Орозо, Курман айт күндөрүн аныктоо КМДБга жүктөлсүн.
Ушул чечимдерди Кыргызстан Мусулмандарына ММК аркылуу маалымат жеткирүү КМДБга жүктөлсүн.
КМДБсы тарабынан такталган Рамазан айынын биринчи күнүнө жана Орозо айт күнүнө каршы чыккан диний кызматкерлерге (баардык аймактарда бирдей болуу жана эл арасында бөлүнбөө максатында),
КМДБсы тарабынан чара көрүлсүн.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин II жыйынында кабыл алынган фатвалар. ...
#2 12 June 2014 - 21:49
Исламдагы беш парздын бири болгон Зекет маселеси, анын тартиптери жана өлчөмү жөнүндө
№02- Фатва
Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (алейхис салам) өзүнүн хадистеринде, колунда бар киши мусулмандарга зекет берүүсүн буйруган.
Кыргызстан мусулмандарына бир жылдык мөөнөт менен зекет берүү тартибин карап чыгып, орточо эсеп менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши төмөндөгүдөй фатва кылат:
1. Ар бир мусулман пендеге анын байлыгы ислам шариятында көрсөтүлгөндөй нисаб өлчүмүнө жетсе, ал байлыкка алгачкы ирет парз болсо жыл бою ошол адамдын колунда болуусу шарт кылынат. Кийинки жылдарга нисаб өлчөмү жылдын баш-аягында гана колунда болуусу шарт.
2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү башкача айтканда (2.5%) берилет.
3. Зекеттин нисабы (өлчөмү) акча эсебинде 20 мискал алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм болот. Демек зекеттин нисабы алтын менен 85 граммга туура келет. Ал эми күмүш менен болсо 595 граммга туура келет.
Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо басы 1350 сом. Ал эми 1грамм уютулган күмүштүн баасы 35 сом.
Жыйынтыгында:
Алтын баасында эсептегенде; 85 грамм (орто эсеп менен) алтынды 1350 сомдон эсептегенде 114750 сом болуп,анын кырктан бири 2868,75 сом.
Күмүш баасында эсептегенде; 595 грамм (орто эсеп менен) күмүштү 35 сомдон эсептегенде 20825 сом болуп,анын кырктан бири 520 сом.
Эскертүү: Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерге (үй, машина, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт.
Зекет берүүчү адам зекетти алтындын баасында чыгарабы же күмүштүн баасындабы өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн күмүштүн баасында чыгаруусу абзел.

#3 12 June 2014 - 21:51
Үшүр маселеси, анын тартиптери жана өлчөмү
№ 03- Фатва
Алла Таала ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллаанын салават саламдары болсун) өзүнүн хадистеринде, жерден алынган байлыктардын үшүрүн чыгарууну буйруган.
Кыргызстан мусулмандарынын үшүр берүү тартибин талкуулап, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши төмөндөгүдөй фатва берет:
1. Үшүр (же анын жарымы), жерден өндүрүлгөн дандан, мөмө жана жер жемиштерден, маданий жана атайын максатта өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн берилет.
2. Жогорудагы аталгандардын өлчөмү белгиленген эмес. Аздыр-көптүр алынган түшүмдөн берилет.Ошондой эле аталгандардын узак мөөнөткө сактоого жарактулуугу да эске алынбайт.
3. Үшүр маселесинде убакыт чектелбейт. Түшүм канча ирет алынгандыгына жараша берилет.
4. Түшүм берчү жер кайрак болсо, же суугарма болуп дарыя-каналдан табигый агып келген суу менен сугарылган учурда, түшүмдүн ондон бири (10/1) берилет. Ал эми кол эмгеги менен чакалап ташылып, же атайын жабдыктар көмөгү менен суу тартылып келинген убакта, же суу сатылып алынган учурда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) берилет.
5. Жерден алынган түшүмдүн жалпы көлөмүн жерге кеткен чыгымдар чыгарылбастан туруп үшүр (же анын жарымы) берилет.
6. Балдан үшүр ондон бири (10/1) берилет.
Эскертүү: Үшүр маселесине тиешелүү суроо-талаптар болсо Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына кайрылып кененирээк жоопторду алсаңыздар болот.

#4 12 June 2014 - 21:53
Рамазан айындагы садака-фитирдин өлчөмүн белгилөө
№ 04- Фатва
Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз Мухаммад (алейхис салам) “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” деп бекиткенин азрети Умар айткан.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалыдар Кеңеши Кыргызстан мусулмандары үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:
1. Садака-фитир жан башына 1 кг 600 грамм (буудай,ун,мейиз) же 3кг 200грамм (арпа,курма)же анын акчалай наркы өлчөмүндө берилет. Ар бир Казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака фитирдин 2014-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитилсин:
Буудай, мейиз, ун, арпа, курма
Орточо баа: 20сом, 200сом, 30сом, 14сом, 150сом
Өлчөм: 1,600кг 1,600кг 1,600кг 3,200 кг 3,200 кг
Жалпысадака- фитирдин баасы:32сом 320 48 45 480
Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.
2. Жыйылган садака-фитирдин 50 (элүү) пайызы өз мечитте калтырылып, шарият белгилеген (Тооба сүрөсүнүн 60- аятында айтылгандай) тартипте чыгымдалсын.
3. Садака-фитирдин10(он) пайызы райондук Хатибиятта калтырылып, шарият белгилеген тартипте чыгымдалсын.

#5 12 June 2014 - 21:54
4. Садака-фитирдин калган 10(он) пайызы облустук Казыяттарга калтырылып,
шарият белгилеген тартипте чыгымдалсын.
4. Бишкек жана Ош шаардык мечиттерден садака-фитирдин 40(кырк) пайызы, ал эми областык мечиттерден 30(отуз)пайызы 2014-жылдын 5-сентябрга чейин Муфтиятка өткөрүлүп берилсин.
5. Муфтиятка келип түшкөн садака-фитирлер Ислам окуу жайларына жана Муфтияттын чечимине ылайык шарият көрсөткөн тартипте чыгымдалсын.
6. Садака-фитир шариятта белгиленген шарт болгондуктан, атайын диний кызматтагылардан башка адамдардын жыйнап алуусуна, кийлигишүүсүнө жол берилбесин.
7. Фатванын аткарылышын көзөмөлдөө жоопкерчилиги КМДБга жана Казыяттарга жүктөлсүн.
Эскертүү: Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1кг 600 грамм (буудай,ун,мейиз) же 3кг 200грамм (арпа,курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

#6 12 June 2014 - 21:56
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин
II жыйынынын протоколдук чечиминин негизинде төмөнкүдөй фатва берет
№05-фатва
Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы ажылык сапарын системалаштыруу жана жаңыдан жолго салуу максатында мурда ажылыка барган адамдар быйылкы жылы ажылыка бара албайт деп койгон шартына баардык мусулмандардын баш ийүүсү милдетүү. Анткени диний башкарма аларды келечекте ажылыка таптакыр баруудан тыйган жок балким ажылык иштерин жөнгө салып алуу үчүн гана мусулмандардан жардам берүүсүн өтүнөт. Ушул иштерди ишке ашыруу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан тушкөн суроолорго Аалымдар Кеңеши төмөнкүдөй жооп берет:
Суроо:Ажылык учурунда пара берип ажыга барса болобу?
Жооп: Ажылык сапарына пара берип барган туура эмес жана ал адамдын ажылыгы кабыл болуусу шектүү. Анткени пара берүү шариятта арам жана тыюу салынган иштерден.
Суроо: Ажылыка кайра баруу үчүн паспортун алмаштыруу туурабы?
Жооп: Ажылыка мурда барып, кайра баруу үчүн паспортун алмаштыруу туура эмес. Анткени Пайгамбарыбыз (Ага Аллаанын салават саламдары болсун) :“ ....Ким бизди алдаса, ал бизден эмес”- деп айткан.
Суроо: Ажыга бирден ашык баруу өкумү?
Жооп: Бир жолу ажылык кылуу парз. Ал эми ашыкча ажылык кылуу нафил болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллаанын салават саламдары болсун)"Өзүңөргө жакшы көргөн нерсени башкаларга жакшы көрмөйүнчө толук момун боло албайсыңар" - деп айткан. Мурда ажылыка барган адам ушул хадиске амал кылып, бара элек мусулман бир туугандарым барып келсин деп жакшы ниет кылып башкаларга мүмкүнчүлүк берсе , ал адам соопко ээ болот.

#7 12 June 2014 - 21:57
Суроо: Арафатта парз намаздарынын окуу тартиби кандай?
Жооп: Акыркы жылдарда Арафатта пешин жана аср намаздарын окуу тартиби талаш болуп келген.Элибизде тынчтык жана биримдик болуу үчүн Аалымдар кеңешинин көпчүлүгүнүн чечими менен Абу Ханифанын сөзүнө фатва берилип (Ага Алланын ырайымы болсун) Арафатта пешин жана аср намаздары өз убактыларында окулат.
Суроо: Аял киши махрамсыз ажыга барса уруксатпы?
Жооп: Ханафи мазхабында аял адамга ажылыка баруу үчүн махрамы болуусу шарт. Эгер махрамы болбосо ал аялга ажылык кылуу парз эмес . Анткени Пайгамбарыбыз (Ага Аллаанын салават саламдары болсун) “Аллага, кыямат күнүнө ыйман келтирген аял махрамсыз бир күн-бир түндүк алыскы сапарга чыгуусу болбойт”-деп айткан. (Бухари, Муслим).
Себеби, аял киши сапарда ага жардам берип, жүгүн көтөрүп, унаага отургузуп, түшүрүп жардам берүүчү эркекке муктаж. Бул иште ага махрамы гана көмөк көрсөтө алат. Ошондуктан аял махрамсыз ажыга барса болбойт.
Имам Маргинани ал Хидая китебинде бул жөнүндө мындай дейт :“Аял киши күйөөсү же махрамы менен гана биргеликте ажыга чыкса болот. Меккеден алыс жашаса күйөөсү же махрамы бирге болбосо анда ажыга чыгууга уруксат берилбейт”. (1-том, 162-бет).
Жыйынтыгында, аял кишиге ажыга махрамсыз барууга уруксат берилбейт. Ал аял бай болгон абалда деле махрамы жок болсо ага ажыга баруу талап кылынбайт.
Аалымдар кеңешинин
төрагасы: Абдушукур ажы Нарматов
Аалымдар кеңешинин
катчысы: Жоробай ажы Шергазыев

#9 12 June 2014 - 23:29
Абдушукур ажы Нарматовго Алла ыраазы болсун. Сөздү түбүнө жеткире сүйлөйт. Жашы улуу экенине карабай мени аялдыкка алса 10чу аялы болууга да макул элем, али жашым 25ге чыга элек болсо дагы. Интернеттен ар жума чыккан жума кутбасын таап угамын дайыма. Абдушукур ажы Нарматовдой момун мусулман пенделерибиз дуйно жузундо көбөйө берсин. Аамиинь.
Денги и слава приходят и уходят.
Здоровье- самое главное...
Здоровье- самое главное...

Супер-Инфо
super.kg
видео