Урматуу форумчулар сиздердин талкууңуздарга "динчилдердин жана динден алыс адамдын кылган иштери" тууралуу теманы ачуу туура көрдүм. Бул теманы ачууга көптөн бери мен байкап жүргөн бир көрүнүш түрткү болду. Жеке автоунаам жок болгондуктан коомдук транспорт менен көп жүрөм жана андагы мени тема ачууга түрткөн көрүнүштү айтып сөзүмдү баштасам. Акыркы жылдары бети, башын чүмбөттөп, жапондордун нинзяларындай болгон кыздар пайда болууда. Бүгүн эртең менен адаттагыдай маршруттук такси менен жолдо келаткам. Бир аялдамага жеткенде чүмбөт жамынган жашы 20-25тердеги кыз маршрутканын ичине түштү. Алды жактагы орундукта отуруп бараткан жашы андан улуураак бир жигит ал кызга орун бошотуп берди. Кыз отурду. Жол уланып, кийинки аялдамага жеткенибизде 3-4 адам дагы түштү, алардын иченде 2 пенсия жашындагы кыргыз апалар бар экен. Маршрутканын ичиндеги орундардын алды жагында көбүнчө карыялар отургандыктан алар орун бошоткон жок. Ал эми тиги чүмбөттөлгөн кыз болсо мелтиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөгөн сокурдай болуп былтыйып отурат. Эми уялаар деп унчукпай кетип бараттым. Жок, эки бетин табактай чыгарып башын ороп алган кыздын бетинен уят эмес, башкасы да көрүнбөйт. Ушунчалык жиним келип баштан ары барсеткам менен бир койгум келип жатты. Аңгычакты болбой эле маршрутканын ичиндегилер да байкаса керек, мындай ачык эле кийинген бир жаш эле кыз: "чоң кыз орун бошотуп берип койсоңуз боло, апаңыздай болгон кишиге" деп кайрылды. Араң эле турган апаларда күбүрөнүп, шыбыранып "азыркы жаштарда уят деген калбай калды" деген сөздөрүн жаадырышты.
Чүмбөтчөн динчил кыз тиги кызды жаман көзү менен жеп ийчүдөй карап, анан гана орун бошотту. Мына ушундай кыздарды сыртынан карасаң дин жолунда жүргөн ыймандуу деп ойлойсуң. Бирок, коомдук транспортто кетип баратканда улууларга көпчүлүгү орун бошотуп бербейт. Менин күбө болгон учурларымдан чүмбөт жамынган 10 кыздын 1-2 сү гана ордунан туруп улууларга орун бошотот. Калган учурда болсо, атасындайбы,
апасындайбы же чоң атасы, чоң апасындай киши майдайында турабы көчүгүн көтөрүп орун берип коеюн дебей мелтиреп гана отура берет го чиркин. Аларга караганда ачык кийнсе да, жыртык кийинсе да башка жаштар төрдө отурса да тура калып, келиңиз байке,эже, ата, апа отуруп алыңыз деп тура калышат. Ушундан улам бул динчилдер сүйлөсө асманды сүйлөп, анан коомдогу мындай иштерине караганда тиги жыртык, тешик кийип жүргөн динден алыс кыздарыбыздын иши түбөлүк өйдө жана динчилдер айткан соопту көбүрөөк табышса керек. Же динде кыз киши башка өзүнөн башка эч кимге сыйлабасын деп айтылганбы?
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Сиздерде кандай ой бул тууралуу?
Же алар оронгонго чейин карыларга орун бошотуп,жакшылык кылып журушкон демекчисинби?
Эске тутуун жакшы элеби? БИР КУНУ УШУЛ ТЕМАН УЧУН ОКУНОСУН ушул созду эстеп калчы.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















