бир же бир нече адамды билуу м.н эле "оронгон кыздар"-деп атоого болбойт да!Туура азыркы кезде ар кандай максатта оронуп жургону бар,мисалы менин бир таанышым,оронот,
бирок жигиттен жигит алмаштырып,
каалаганындай эле журот..а ошо эле учурда дагы бироо абдан такыба кыз
Чүмбөттөлгөн кызга караганда жыртык кийген кыздын иши түбөлүк өйдө Динчил кыз менен динден алыс кыздын кылган иши тууралуу кеп.
#22 16 May 2013 - 11:02
эн негизгиси адамдын озунон да оронобу,жыртык кийинип журобу..жан дуйносунон эмесби? Ислам дини кынтыксыз,толук тушурулгон дин экенин эске ала журсок...бул теманы окуп алып динден маалыматы жоктор "ислам дини ушундай экен да"-деген жыйынтык чыгарып алышбаса болгону...
#23 16 May 2013 - 11:40
Эми не дейбиз,пилигинерге май тамып калыптыр карасам. Кайфинарди бузбайын,айланайындар :-) Эми жолукчандарды жактабай эле койойун,алардын озунун денгээли кандай экенин баары эле жакшы билет.Анан аларды караласам эле Жараткандын астында бээмарал жоон санымды корсото берем дегендерге жол болсун.Кыргыздын жигити качан аялдын кийимин чон бир койгой кылып чыгарчуу эле.Кичине майдаланбай ,эркек болбойлубу.
....Уят да!Башка тема куруп кеткенсип...
..
#24 16 May 2013 - 12:10
Сиз, кыздын орун бошотуп бербей койгонунан эле ал кызды ушунча түшүрүп, жаман сөздөрдү жазыпсыз. Кыздын ички сезимдерин,
ойлорун сиз кайдан билесиз? Балким ал кыз ойлонуп, балким алаксып башкага көңүл бурбай бараткандыр.
Сиз ойлонуп кетип аялдамадан узап кеткен, ойлонуп отуруп кимдин келип-кеткенин,
эмне деп айтканын байкабай калган учурларыңыз болгон эмеспи? Эгерде хижап кийинген кыз арак ичти, тамеки чекти десеңиз ал башка сөз. Ал эми сиздин билдирүүңүздү ИСламга тиш кайрап, мусулмандарды жаманатты кылуу деп түшүнөм. Бул менин, сиздин кичине нерсеге анализ кылып (балким анализ кылынбай турган) чооң сөздөрдү айтып жатканыңызга жооп. Ал эми 5 кол тең эмес дегенге кошулам.
Бул биринчиси гана эмес, көптөн бери атайын баам салып карап жүрдүм бул чүмбөтчөндөрдү. Ал эми бул кыз болсо, маңдайында турган эки апаны көрбөсө анда кантип басып жүрөт? Ошондон улам жаздым. Бир эмес кээде 2-3төн кетип баратып дин жөнүндө кызуу талкууга түшкөндөрдү да көрөм, боюнда бар келиндер, карыялар келсе көзгө алса да көрмөксөн болуп былтыйып отура беришет ошондон улам жаздым. Ал эми чүмбөт кийинип алып тамеки тарткан кыздардан бирөөсүн мисал кылып жазыпр кетиптир жогору жакта элиза деген кызбыз. мен да мындан жаман окуяга өзүм туш болгом. Күйөөсү да, өзү да 10 жылдан бери 5 маал намаз окуп, чүмбөттөнүп жүргөн эже, кыйшактап мага асылганда оозум Ошту карап калган. Мындай кылыгын бир эмес, бир нече ирет кайталады. Акыркысында мени тааныган кыз чыдабай кетип күйөөсүнө айтып, ошондон кийин тынган. Муну менен мен исламга каршы саясат жүргүзүү эмес, алардын жүрүм турумун көпчүлүктүн сынына койдум.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#25 16 May 2013 - 12:51
Бул биринчиси гана эмес, көптөн бери атайын баам салып карап жүрдүм бул чүмбөтчөндөрдү.
Ал эми бул кыз болсо, маңдайында турган эки апаны көрбөсө анда кантип басып жүрөт? Ошондон улам жаздым. Бир эмес кээде 2-3төн кетип баратып дин жөнүндө кызуу талкууга түшкөндөрдү да көрөм, боюнда бар келиндер, карыялар келсе көзгө алса да көрмөксөн болуп былтыйып отура беришет ошондон улам жаздым. Ал эми чүмбөт кийинип алып тамеки тарткан кыздардан бирөөсүн мисал кылып жазыпр кетиптир жогору жакта элиза деген кызбыз. мен да мындан жаман окуяга өзүм туш болгом. Күйөөсү да, өзү да 10 жылдан бери 5 маал намаз окуп, чүмбөттөнүп жүргөн эже, кыйшактап мага асылганда оозум Ошту карап калган. Мындай кылыгын бир эмес, бир нече ирет кайталады. Акыркысында мени тааныган кыз чыдабай кетип күйөөсүнө айтып, ошондон кийин тынган. Муну менен мен исламга каршы саясат жүргүзүү эмес, алардын жүрүм турумун көпчүлүктүн сынына койдум.
сиз эми ошондой кылыктарды көргөндө, колдон келсе акырын гана аларга Улууларды урматтабаган бизден эмес, башкача айтканда мусулман эмес деген маанидеги Пайгамбарыбыздын хадиси бар жана да Кимде ким жаш кезинде каарыларга урмат сый кылса, ага Аллах ал каарыганда урмат сый кылуучу пендесин берет, Аллахты улуктоонун бир жолу бул аранардагы каары адамдарга урмат көрсөтүү болуп саналат, Адамдарга алар кандай урмат сыйга ээ болсо, ошондой урмат сый кылгыла деген жана башка көптөгөн мусулмандар каарылырга урмат сый кылгыла, каарыларга урмат сый кылуу Исламдын бир бөлүгү экенин айгинелеп, улууларга урмат кылууга чакырган хадис маанилери бар экенин эстетип койсонуз жакшы болот го дейм.
Туура сиз айтып жаткан көрумүштөр бар Исламда жок эмес, бирок мына ушундай хижаб кийгендер, мына булар ушундай акмак эмелер дебестен, сиз, мен жогоруда мен жазып кеткен Пайгамбардын хадистерин келтирип, аларга Ислам дининде улууларга урмат кылуу Ислам дининин бөлугү экенин тушундурүп баштасак жакшыраак болот го дейм, себеби ошол кыздар сиздин эле эже карындаштарыныз, анан алар хижаб кийгени эле суудан таза, каардан ак күнөө иштерин кылбай калат дегенден алыс болуш керек, алар ошентип хижаб кийип башташы менен Аллахтын өкүмүн аткарып, жаман иштерден айрылалы дегенге кадам койду дегенди гана маалымдайт, анан ошолорго акыл наасатыбызды айтып, аларды туура кадам таштаганга аракет кылсак дурус болот го дейм
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#27 16 May 2013 - 14:10
аijаn сени көп байкайм ушул динди карманган ыймандуулардын айыбын жакшы эле чукуйсун. Жанагы ашканада даарат алат дегенин жалган эле сөз болсо керек кантип эле ошондой кылсын. Жаман көргөзүш үчүн эң эле жийркеничтүү адатты айттын менимче.
#28 16 May 2013 - 14:32
Аллахтын алдында адамдын илимдуусу эмес, адеп-ахлактуусу кадырлуу болот.
туура айтасыз, мен бир нерсени баса белгилеп кетейин, хижаб кийген биздин эже карындаштарыбыздын адеп-ахлагы кай жерде түптөлгөн, аравиядан аларды ушундай кылгыла деп тарбиялап келип, же болбосо Мисирден ушинтип каарыган адамдарга орун бошотпогула деп тарбиялап келип биздин арабызга ташташкан жок да, ал эже-карындаштарыбыздын көбүн эсеси эле ушу биз жашап жаткан коомдо эле адеби калыптанган пенделер да, хижабды кечээ жакында эле кийген. Анан ошол адеп ахлагын алган коомдон аларды болүп караганыбыз туурабы? Жок туура эмес, же болбосо жалан эле хижаб кийгендер орун бошотпой, хижаб кийбегендер бошотуп берип келеби? Жок андай эмес, хижаб кийгени деле, хижаб кийбегени деле орун бошотпой койгонун көрүүгө болот туурабы? Анана эмне себептен биз жалпы коомдун мүчүлүштүгүн жалан эле хижаб кийгендерге тануулап жатабыз? Же хижаб кийгендер биздин коомдун мүчөсу эмеспи, же коом башка хижаб кийген эже карындаштырыбыз башкабы, жок биз баарыбыз бир коомбуз демек аларга тиешелүу мүчүлүштүктөр жалпы коомдун мүчүлуштүктөру, ошол себеп биз жалпы коомдун адеп ахыбалын тууралашка аракет жасашыбыз керек, Куранда Аллах кыргызча маанисинде Аныгында бир коом өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын акыбалын өзгөртпөйт деген, ошол себеп биз баарыбыз өзгөрүүгө аракет жасашыбыз керек, ал эми ошол хижаб кийген эже-карындаштарымдын, ошол хижаб кийүүсү өзгөрүүгө болгон аракети деп терен үмүт кылам.
Дагы бир окуя эске түшту, Кыргызстанда илими бар бир адамдан эмне себептен аравиянын футболистери авраатын ачкан чолок шым кийип алышат, алар авраатын ачып жүрүүгө муфтияты уруксат бергенби десе, ал илимдүү:- Кыргызстанда, Бишкек шаарында өз денесин сатып жүргөн кыздарды көрүүгө болот, ал кыздарды көргөндө аа буларга да Кыргызстандын муфтияты уруксат бериптир деп ойлобонуз деп жооп бергени бар. Буну неге жаздым дегенде, ошенткен кыздарды көргөндө эле аа Ислам дини ушундай кылгынга уруксат бериптир деген туура эмес, тескеринче Ислам дини каары картандарга урмат мамиле жасоону диндин бөлүгунө чейин көтөргөн
Бул тек кана менин ойума негизделип жазылды, эгер жанылып жатсам илими барлар тууралап койор деп үмүт кылам, жанылсам мен жанылдым, Аллах жанылбайт жана Анын дининде мүчулүштүктөр жок!
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#29 16 May 2013 - 15:03
аijаn сени көп байкайм ушул динди карманган ыймандуулардын айыбын жакшы эле чукуйсун. Жанагы ашканада даарат алат дегенин жалган эле сөз болсо керек кантип эле ошондой кылсын. Жаман көргөзүш үчүн эң эле жийркеничтүү адатты айттын менимче.
Жаман корсотуу учун бироодон уккан ушак айын созду таратканым жок. Козум менен коргонумду жаздым. Мен бул жерде отурувалыып бироону чукугандан алысмын. Бирок, ыйман жолуна тушкондон кийин, чогулуп, ар бир жекшемби кундору жамаатка баргандан кийин, адамда элементардык бир негиздерде да осуу болушу керек да. Жамаат чогулганда жаман нерсе уйротпойт. Жакшы сабак отулот, жакшы создор суйлонот. Ушуга кошумча эле аялдар чогулуп жаткандан кийин болочок келиндерге мындай практика жузундо да бирдеме уйротуп, турмушка даярдаса болбойбу? Апасынан тарбия албаса, жамаат аны толуктай кетсе канча сооп болмок, канча болочок ажырашуулардын тамыры кесилмек. Мисалы, элементардык, эмне адал, эмне арам, тазалык, тыкандык, ашпозчулукту, кир жууганды жбдус практика жузундо корсотсо болбойбу? А то, чындыгында, суйлосо оозунан Алла тушпогон, бирок колунан эчтеке келбеген кыздарыбыз бар. Муну мин айткандан, бир жолу уйротуп койсо пайдасы коп болмок.
Кыстарма: Темадан алыс оттогонуман кечирим сурайм.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#30 16 May 2013 - 15:04
аijаn сени көп байкайм ушул динди карманган ыймандуулардын айыбын жакшы эле чукуйсун. Жанагы ашканада даарат алат дегенин жалган эле сөз болсо керек кантип эле ошондой кылсын. Жаман көргөзүш үчүн эң эле жийркеничтүү адатты айттын менимче.
Урматтуу Кайназаров, бул жерден Айжан айымдын айтканына чычалап, мындай кадамдарды актоо иретинде жалганга чыгаруунун кажети жок. Чындык ачуу бирок аны көтөрө билиш керк. Айжан айым байкаган даарат алуу көрүнүш, бул бир гана эмес. Мен да студент кезде 5 маал намаз окуган группалаш балдар менен чогуу жашап калдым. Алар менден 3-4 жашка улуу эле. Алардын жүрүм-турумун сыртынан көрүп абдан ыймандуу дешчү башкалар. Себеби көчөдөн ашыкча сөз сүйлөчү эмес. Көчөдөн ийилип жардам берип, улгайгандар жолдон өтө албай жатса өткөзүп батасын алышчу. Ал эми үйгө келгенде ванна бош эмес болуп калса, ашканадагы раковинага эле барып бутун салып жуушчу даарат алып жатканда. Мурда билчү эмесмин кийин чогуу жашаганда билдим. Ай сайын ылайыгы келсе, сойкуканаларга барып жүрүшкөндөрүн. Жума күнү чогулуп алышып, башка балдар да келишчү. Мухаммед биздин пайгамбарыбыз деп аны аябай мактап, алкап куран китепти ачып алышып, окушат эле. Дайыма жума күнү кезектешип, улам бири куран китепти ачып алып, андагы жазылгандарды окуп түшүндүрүп берээр эле беркилерине. Исламдын суннит багытындагыларбыз дешчү өзүлөрүн. Мени канча мажбурлашты. Бирок мен кечир, мен адам бойдон калгым келет дечүмүн. Себеби, дин тутунуп алып, анан кечинде сойкуканаларга баргандардын катарында болгум келбейт деп кийин өзүнчө бөлүнүп чыгып кеткем.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#31 16 May 2013 - 15:09
Кемчилдик хиджапта эмес, пендеде экендигине мейли дейли, бирок эмнеге эле кынтыксыз ислам копчулук (!) мусулмандар тарабынан туура эмес тушунулуп калып жатат? Ар бир пенденин катасы озунон болгону менен, кандайдыр бир баарына тиешелуу да себеп болсо керек?
Басым жасап белгилеген сурооңузга жооп бере кетейинчи:
Бул эң маанилүү, таамай айтылган суроо! Балким, кептин баары ошол Исламды түшүндүрүүдөдүр. .. Балким, дааватыбыз жеткиликтүү болбой жаткандыр... Жогорудагы мисал келтирилген мусулман бир тууган эже-карындаштарыбыз өздөрүн анык мусулмандын кулк-мүнөзү, адеп-ахлагына ылайык алып жүрсө, балким алар айланасындагыларга чоң таасир калтырып, Исламга умтулуусуна себеп болуп калмактыр... Алардын (жана биздин замандагы жалпы мусулмандардын) сапатында Исламда эң маанилүү болгон сабырдуулуктун жоктугунан тилдери уу болуп, адамга урмат менен мамиле кылуу жоктугунан былтыйып орун бербей отуруп, эки жүздүүлүктөн (Аллах эң жаман көргөн сапаттардын бири) жашыруун тамеки буркуратып, зынаа кылып жаткандыр... Дааватыбыз ооздун учунан чыккан жел болуп, себеби өзүбүз айтканыбызды кылбай элебиз да, чакырып жаткандарыбыздын жүрөк түпкүрүндө Аллахтан коркуу жок болгондуктан, ушул көрүнүштөр орун алып жаткандыр...
Ким идеалдуу мусулман эле? Идеалдуу мусулман албетте Пайгамбарыбыз (саллоллаху алейхи ва салам) болгон. Андан кийин Абу-Бакр р.а., Умар р.а жана башка сахабалары болгон. Алар Кураандан бир да аят айтпай туруп, бир да хадис айтпай туруп натыйжалуу даават кылып коюшчу (жыйынтыгында аларды көргөндөр Исламды кабыл алышчу).
Скрытый текст
...аз эле жазайын дейм, башка келгенди сөзгө айлантсаң эле жайнап чыга келет экен...
Максатыбыз Исламдан кынтык издөө болсо же идеалдуу мусулмандын образын издөө болсо келгиле Ислам принциптеринин өзүнөн издейли! Бирок Аллахтын ысымы менен ант ичем, Исламдан кемчилик табылбайт! !!
А эгер оронгон, чүмкөнгөн, сакалчан, селдечен, топучан, теспе көтөргөн, Кураанды созолонтуп окуган, 10, 20, 30, 40... 70 жыл Исламды кармангандардан кемчилик издесек миллиондоп табылат... Аларды таптык дейли, талкууга салдык дейли бизге эмне пайда???
Ошолордуку сыяктуу эле, адамдык баалулуктардын кемчиликтери өзүбүздө деле миллиондоп табылат... же андай эмеспи?... Биздикин ким талкууга салат, биздин кемчиликтерди ким оңдойт?...
aijan айым баш жагы сиздин сурооңузга байланыштуу болуп келип, аяк жагы жалпы эле тема боюнча жазылды... Капа болуп калбаңыз!
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#32 16 May 2013 - 15:15
аijаn сени көп байкайм ушул динди карманган ыймандуулардын айыбын жакшы эле чукуйсун. Жанагы ашканада даарат алат дегенин жалган эле сөз болсо керек кантип эле ошондой кылсын. Жаман көргөзүш үчүн эң эле жийркеничтүү адатты айттын менимче.
Ишенип кой, андайлар да жок эмес! Бирок кеп, Ислам - ошолор эмес экендигинде. .. Дааватты сөз менен эмес, өз адеп-ахлак, кылык-жорук менен, Исламды иш жүзүнө ашыруу менен аткаруу натыйжалуу го...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#33 16 May 2013 - 15:16
Урматтуу Кайназаров,
бул жерден Айжан айымдын айтканына чычалап, мындай кадамдарды актоо иретинде жалганга чыгаруунун кажети жок. Чындык ачуу бирок аны көтөрө билиш керк. Айжан айым байкаган даарат алуу көрүнүш, бул бир гана эмес. Мен да студент кезде 5 маал намаз окуган группалаш балдар менен чогуу жашап калдым. Алар менден 3-4 жашка улуу эле. Алардын жүрүм-турумун сыртынан көрүп абдан ыймандуу дешчү башкалар. Себеби көчөдөн ашыкча сөз сүйлөчү эмес. Көчөдөн ийилип жардам берип, улгайгандар жолдон өтө албай жатса өткөзүп батасын алышчу. Ал эми үйгө келгенде ванна бош эмес болуп калса, ашканадагы раковинага эле барып бутун салып жуушчу даарат алып жатканда. Мурда билчү эмесмин кийин чогуу жашаганда билдим. Ай сайын ылайыгы келсе, сойкуканаларга барып жүрүшкөндөрүн.
Жума күнү чогулуп алышып, башка балдар да келишчү. Мухаммед биздин пайгамбарыбыз деп аны аябай мактап, алкап куран китепти ачып алышып, окушат эле. Дайыма жума күнү кезектешип,
улам бири куран китепти ачып алып, андагы жазылгандарды окуп түшүндүрүп берээр эле беркилерине.
Исламдын суннит багытындагыларбыз дешчү өзүлөрүн. Мени канча мажбурлашты.
Бирок мен кечир, мен адам бойдон калгым келет дечүмүн. Себеби, дин тутунуп алып, анан кечинде сойкуканаларга баргандардын катарында болгум келбейт деп кийин өзүнчө бөлүнүп чыгып кеткем.
Дин тутунуп алып сойкуларга барбай койсонуз эн жакшы экенин маалымдап койойун, жаш кезинде ибадат кылган, бузуку айалдын азгыруусунан алыстаган адам бейишке жакындарын Пайгамбарыбыздын бир хадис маанисинде келген, Пайгамбарыбыз кечке намаз окуп, анан кечинде сойкуга бар деп үйрөткөн эмес, тескеринче чоочун айалды жакшылап карап койгонун көздүн зынаасы деген, ал эми зынаа кылгандарга Исламда катуу чара каралган,
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#34 16 May 2013 - 15:24
Талашып-тартыша берсек талашып тартыша беребиз (тафтология болуп калды го).
Болгону "Беш кол тең эмес экенин" жана "Мусулман идеалдуу эмес Ислам идеалдуу" экенин түшүнсөк.
Чукуй берсек түздөн да аң табабыз
Болгону "Беш кол тең эмес экенин" жана "Мусулман идеалдуу эмес Ислам идеалдуу" экенин түшүнсөк.
Чукуй берсек түздөн да аң табабыз
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#35 16 May 2013 - 15:35
Талашып-тартыша берсек талашып тартыша беребиз (тафтология болуп калды го).
Болгону "Беш кол тең эмес экенин" жана "Мусулман идеалдуу эмес Ислам идеалдуу" экенин түшүнсөк.
Чукуй берсек түздөн да аң табабыз
Болгону "Беш кол тең эмес экенин" жана "Мусулман идеалдуу эмес Ислам идеалдуу" экенин түшүнсөк.
Чукуй берсек түздөн да аң табабыз
Туура, тигинтип хижаб кийип оңолууга аракет жасап жаткан эже-карындаштарыбызга кичине колдоо кылышыбыз керек да, ислам дининин бир окуумуштусу айткандай мен адамдын 99 жаманчылыгын көрүп , бирок 1 жакшы жерин байкап калсам ошол жакшы жерин айтып, аны кубаттап, анын жакшы сапаттарын артырууга аракет кылаар элем деген манызда, анан эле минтип койду , тигинтип койду акмак дей берсек эмне болот, алар биздин эже карындаштарыбыз, биздин кошуна, классташыбыз, чогуу чай ичишкен кошуна колонубуз эле, хижаб кийгендер биздин эле боордоштор, биздин тилде сүйлогон, биздин аба менен дем алган, анан анын баары акмак болсо анда биз кимбиз? Анын баары адеп ахлагы жок акмак болсо, анда биз да адеп ахлагы жок акмакпыз, анткени биз да алар жашаган коомдо жашап, алар алган адеп ахлакты алганбыз да туура бы?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#36 16 May 2013 - 15:35
урматтуу бир туугандарым!
биз,баарыбыз адашуучуларбыз,
куноокорлорбуз.
Андыктан ар бир адамда кемчилик болот.Же эмне оронгон,сакал койгондор башка бекен?Алар деле биздей адамдар.Алар да туура эмес жумуш жасашы мумкун,эгер ошо туура эмес жумушун корсонуз ошо учурда озуно айтыныз
#37 16 May 2013 - 15:42
мумкун ошол адам кылып жаткан иши туура эмес экенин билбейттир.
..эгер сиз билсениз тушундуруп айтыныз,...эн негизгиси аз топтун кылыгына таянып,ислам эрежелерин жамандабайлы.
..
#38 16 May 2013 - 15:46
урматтуу бир туугандарым!
биз,баарыбыз адашуучуларбыз,
куноокорлорбуз.
Андыктан ар бир адамда кемчилик болот.Же эмне оронгон,сакал койгондор башка бекен?Алар деле биздей адамдар.Алар да туура эмес жумуш жасашы мумкун,эгер ошо туура эмес жумушун корсонуз ошо учурда озуно айтыныз
туура мусулман мусулманга күзгү, эгер мусулман туура эмес кылып жатканын көрсөк кол менен токтотууга аракет кылыш керек, колдон келбесе тил менен айтыш керек, анткенге да дил барбаса чын ниеттен жаман көрүү керек хадис маанисине ылайык, анан антпей эле, мен аны жыга чапкым келди, аны сабап салгым келди, ал акмак экен дей бериштин не кереги бар, менин эжем маршруткадан оорун бошотпой койсо аны эч убакта барсетка менен төбөгө чабыш керек деген ой менде пайда болбойт, анткени ал менин эжем, эжеме кол көтөгрөн бул акмакчылык, ошентип ойлоп койгон да ошондой акмакчылык, мен эжеме сылык мүнөздө ал орун бошотуп бергени жакшы болоорун айтканга аракет кылам да туурабы, ал эми хижаб кийгендер деле биздин ошондой эже-карындаштарыбыз экенин эстен чыгабасак
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#39 16 May 2013 - 15:57
Бир нерсе жазайын дееейм... силердин төө бастыңардын алдында кала тургандай алым жок! Сырттан гана карап турганым оң окшойт. Ошентсе да бир-эки ооз сөз менен оюмду айтып коюууну туура көрүп отурам. aijan,Кубанычкагандар күбөө болгон окуялардан да страшный окуяларга өз көзүм менен күбөө болгон окуялар көп. Кеп Ислам динин каралаганда эмес,ошо Ислам динин карманган кээ бир пенделердин жооруксуз жоосундарында!
Ошолорду чын эле aijan айткандай жанагы жамаат деп коёсуңарбы.
..? Чогулганда элементардык эле өздүк гигиенаны сакташты бир-эки ооз сөз менен болсо да айтып,үйрөтүп койгон киши болбойбу?!
Намазды илгертеден бери эле ата-бабаларыбыз да окуп келишкен,эч кандай азыркыдай эң сонун шарттардын бири жок болсо да,кумганга суу даярдап,көздөн далдаа жерге барып,даарат алып,боз үйгө кирип,жайнамазын жайып намазын окуп келишкен. Намаз окушаарын эч кимге колкоо кылбай-нетпейле.
А азыркыларың аман эле болушсун!
Катыны да,эркеги да! Жеткен балиттин балити! Эми кийип алган жанагы кийимдерине келсек,ошо арабдарды туурап эмне кылабыз ыя?! Аларды туурабай эле чүмкөнүп алса деле болот да! Жапчуу жерлерин жаап алып кып-кыргызчале кийимдер менен! Анан сүйрөлтүп этеги менен жер шыпырып,кир болуп жүргөнчө. Туура эмес кылган нерселерин эми уят болуп калбасын деп адамча айтып,катасын оңдоп "кой чоң кыз мындай кылганың болбойт,өзүң намазга жыгылган кыз экенсиң " деп туура сөздү айтып койсоң балээсине каласың да! Тилин агызып,каргап-
шилеп кирет! Намаз окусам эмне экен?! Намазым урсун! Сага кара дубамды окуп коём балан-түкүн деп эле ажылдап кирет. "Аман эле бол!" деп басып кеткенден башка арган жок,анан чынында.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#40 16 May 2013 - 16:05
эгер ошол орун бошотбой койгон оронгон кыздын ордунда аябай боёнгон,жарым жыланач кийинген озун "мис"сезген кыз болгондо.аны айтмакбыз-"
азыркы жаштар ушундай" деп...а эмнеге оронгон кызды антип атаган жокбуз?Ал,кочодо бара жаткан 2,3 кыз деле жаштар экен го?...

Супер-Инфо
super.kg
видео














