Ааламдарды жоктон бар кылып, пендеси Мухаммады акыр кыяматка чейин жолбашчы кылып жиберген Аллахка даңктоолор болсун!
Ал берген Туура Жолду инсаниятка толук бойдон, кемелдүү жеткирип, улуу аманатты өз ээлерине тапшырган Абдуллахтын уулу Мухаммадга,
анын үй-бүлөсүнө,
сахаба-жоролоруна жана тээ кыяматка чейин алардын изи менен бара турган пенделерге Аллахтын салам-салаваттары төгүлсүн!
Кадырлуу мусулман бир боорлор! Ага-инилер жана эже-карындаштар!
Мусулмандарга ыйык Ашура күнүнүн жакындап келүүсүнө карата ушул күн тууралуу азыноолак маалымат бере кетүүнү туура таптым. Ушул күндүн тарыхы, ээлеген орду жана ушул күнү кылынып келген жана кылынып жаткан кээ бир каталар жөнүндө жаза кетсем.
P.S. Азамат деген форумчу иним да "ушул тууралуу тема ачам", - деген эле. Мен андан озунуп ачып койдум. Капа болбостурсуң.
Анткени, мен муну илгертен эле ойлоп жүргөм. Болгону колум тийбей жүргөн.
P.S 2. Ашура күнү бул жылы, 2011-жылы 5-декабрга
туура келет. Ошондо орозону 4,5,6-декабрь күндөрү кармаса болот.
Ашура күнү
#1 03 December 2011 - 17:46
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 03 December 2011 - 18:07
Ашура күнү – бул мухаррам айынын онунчу күнү. Өз убагында адилет халиф Умар ибн аль-Хаттаб
(Аллах андан ыраазы болсун) мухаррам айын ислам жылсаныгынын биринчи күнү кылып кабыл алган. Муслмандар жаңы жылды майрамдашпайт.
Жана диний көз караш менен алып караганда жаңы жылдын башталышы эч кандай мааниге ээ эмес. Бирок, кандай болгон күндө да жаңы жылдын башталышын адамдар кандайдыр өздөрүнүн жашоосунун жаңы тепкичине өткөндөй сезишип үмүт байлап, жаңы максаттарды алдына коёт, жаңы иштерге умтулат. Балким, мамлекеттин бюджетин жаңы баштоо жана мындан мурда айтылып кеткен адамдык факторлорго таянып халиф ушул айды жаңы жылдын башталышы деп кабыл алган чыгар. Анткени, андан мурунку ай - зуль-хиджа мусулмандардын башын бириктирген Меккени зыярат кылуу – ажылык сапарынан кийинки ай болуп жатпайбы. Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткандай: “Кимде-ким Меккеге зыярат кылса, жана зыярат убагында ушак айтпай жана жаман иштерди кылбаса, ал өз үйүнө энеси жаңы төрөлгөндөй болуп кайтат” [аль-Бухари:
1819]
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#3 03 December 2011 - 18:10
Ажылык кылган адам өзүнүн күнөөлөрүнөн арылып, “жүктөрдөн” бошоп, жан дүйнөсү тазарып жаңы төрөлгөн ымыркайдай болуп кайтып келет. Ушундай тазаланган абалда адам жаңы жылды тосот жана бул абал анын келечекке оптимизм менен кароосуна жана анын ушундай тазалыкты өлгөнчө сактаганга жана мурдагы каталарга, күнөөлөргө кайтып барбоосуна кандайдыр бир даражада шыктандырат.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 03 December 2011 - 18:11
“Ашура” күнү – бул мусулман жылсанагы боюнча биринчи ай – мухаррамдын онунчу күнү. “Ашура” деген сөз араб тилиндеги “ашара”, бизче “он” деген сөздөн алынган
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#5 03 December 2011 - 18:16
Ашура күнү тууралуу хадистер
Ибн Аббас р.а.* айткан:
“Мен пайгамбарыбыз Мухаммад, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, орозо үчүн эң маанилүү күн деп ушул күндү эсептээрин билем. Ал эми айлардан болсо орозо кармоо – бул Рамадан айы”
* р.а. - радиаллаху анху - "Аллах андан ыраазы болсун" деген сөз
Ибн Аббас р.а.* айткан:
“Мен пайгамбарыбыз Мухаммад, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, орозо үчүн эң маанилүү күн деп ушул күндү эсептээрин билем. Ал эми айлардан болсо орозо кармоо – бул Рамадан айы”
* р.а. - радиаллаху анху - "Аллах андан ыраазы болсун" деген сөз
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 03 December 2011 - 18:17
Аиша р.а. мындай баяндайт:
“Ашура күнү арабдар пайгамбар келгенге чейин эле орозо кармоочу күндөрдөн эле. Пайгамбарыбыз Мухаммад, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, Мединага келгенде өзү дагы орозо кармап, башкаларды дагы орозо кармоого буюрган. Качан Рамадан айы орозо кармоого милдет кылынганда ал айткан: “Кимде-ким Ашура күнү орозо кармоону кааласа кармасын, каалабаса - кармабасын”.
“Ашура күнү арабдар пайгамбар келгенге чейин эле орозо кармоочу күндөрдөн эле. Пайгамбарыбыз Мухаммад, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, Мединага келгенде өзү дагы орозо кармап, башкаларды дагы орозо кармоого буюрган. Качан Рамадан айы орозо кармоого милдет кылынганда ал айткан: “Кимде-ким Ашура күнү орозо кармоону кааласа кармасын, каалабаса - кармабасын”.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 03 December 2011 - 18:18
Муавия ибн Абу Суфйан р.а. айткан:
“Мен пайгамбарыбыз Мухаммаддын, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, мындай дегенин уктум: “Бул күнү орозо кармоо фарз (милдеттүү) эмес. Мен орозо кармаймын. А силер болсо өз каалаганыңардай кылгыла”.
Имам Ахмаддын хадис жыйнагында пайгамбарыбыз Мухаммаддын, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, мындай дегени баяндалат:
“Ашура күнү орозо кармагыла. Бирок, жүүттөргө окшоп чектен чыгып кетпегиле. Анан да Ашура күнгө чейин жана андан кийинки күндөрү да орозо кармагыла”
Хадистердин баардыгы аль-Бухари жана Муслимдин хадис жыйнактарынан алынды.

#8 03 December 2011 - 18:20
Мурда келтирилген хадистерден төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарсак болот:
Мухаррам айынын тогузунчу, онунчу жана он биринчи күндөрү орозо кармоо өтө сооптуу амалдардан. Анан да тогузунча жана онунчу же бир гана онунчу күндөрү да орозо кармаганга болот. Кимде-ким шарты жок болуп калса, анда жок дегенде онунчу күнү орозо кармаса болот. Кандай болгон күндө да бул күнү тутулган орозо эч кандай фарз (милдеттүү) эмес экенин унутпоо керек. Бирок, аларга берилүүчү сооп чоң: “Арафа күнү кармалган орозо, ошол орозо туткан адамдын мурдагы жылкы жана келерки жылкы майда күнөөлөрүн жууса, ал эми Ашура күнү тутулган орозо өткөн жылкы майда күнөөлөрдү жууйт” [хадисти Катада жана Абу Саид деген сахабалар айтышкан. Аны Муслимдин, Ахмаддын, Абу Дауддун жана ат-Табаранинин хадис жыйнактарынан окуй аласыз]
Мухаррам айынын тогузунчу, онунчу жана он биринчи күндөрү орозо кармоо өтө сооптуу амалдардан. Анан да тогузунча жана онунчу же бир гана онунчу күндөрү да орозо кармаганга болот. Кимде-ким шарты жок болуп калса, анда жок дегенде онунчу күнү орозо кармаса болот. Кандай болгон күндө да бул күнү тутулган орозо эч кандай фарз (милдеттүү) эмес экенин унутпоо керек. Бирок, аларга берилүүчү сооп чоң: “Арафа күнү кармалган орозо, ошол орозо туткан адамдын мурдагы жылкы жана келерки жылкы майда күнөөлөрүн жууса, ал эми Ашура күнү тутулган орозо өткөн жылкы майда күнөөлөрдү жууйт” [хадисти Катада жана Абу Саид деген сахабалар айтышкан. Аны Муслимдин, Ахмаддын, Абу Дауддун жана ат-Табаранинин хадис жыйнактарынан окуй аласыз]
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#9 03 December 2011 - 18:21
Имам ан-Навави бул хадистерге мындай деп жорум жазган:
“Эң биринчиден бул күнү тутулган орозо адамдын кичине күнөөлөрүн жууйт. Эгер мындай күнөөлөр жок болсо, анда чоң күнөөлөрүнүн жуулушуна себеп болот. Эгер мындай дагы жок болсо, анда ал орозо туткан адамдын Аллахтын алдындагы даражасынын көтөрүлүшүнө себеп болот”
“Эң биринчиден бул күнү тутулган орозо адамдын кичине күнөөлөрүн жууйт. Эгер мындай күнөөлөр жок болсо, анда чоң күнөөлөрүнүн жуулушуна себеп болот. Эгер мындай дагы жок болсо, анда ал орозо туткан адамдын Аллахтын алдындагы даражасынын көтөрүлүшүнө себеп болот”
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#10 03 December 2011 - 18:23
Ашура күнүнүн тарыхы тууралуу
Эң биринчи тарыхый окуя дал ушул күнү болуп өткөн. Дал ушул күнү адамзаттын атасы – Адам, ага Аллахтын саламы болсун, өзү кылган жаңылыштыгына тооба кылып, анын тообасын Аллах Таала кабыл алган. Ошол күн – Ашура Күнү эле.
Эң биринчи тарыхый окуя дал ушул күнү болуп өткөн. Дал ушул күнү адамзаттын атасы – Адам, ага Аллахтын саламы болсун, өзү кылган жаңылыштыгына тооба кылып, анын тообасын Аллах Таала кабыл алган. Ошол күн – Ашура Күнү эле.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 03 December 2011 - 18:24
Дал ушул күнү Нух алейхисаламдын коому Улуу Селден куткарылган.
Ал пайгамбар болуп турган маалда жер жүзүндө наадандык жана каапырлык көп таркалган эле. Ал адамдарды бир гана Аллахка сыйынуусуна 950 жыл бою чакырган. Адамдардын көп бөлүгү анын чакырыгына кол шилтеп, азгантайы гана ага ынаган. Исламды кабыл алган адамдар болгону 80 чакты келип, алардын арасында Нух алейхисаламдын балдары – Сам, Хам жана Яфис болгон. Нух алейхи салам жана анын жолдоочулары ыйык күн – Ашура күнү кемеден кургактыкка чыгышкан.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 03 December 2011 - 18:25
Ашура күнүндө Хижранын* 4-жылында (626-жылы) “Зат ар-Рика” беттешүүсүндө эч кандай кагылышуу болгон эмес, анткени, каапырлардын жүрөгү коркунучка толуп, алар согуш талаасын эч кандай каршылыгы жок таштап качып кетишкен.
* - Хижра, хиджра (араб.: هجرة — көчүү, журт оодаруу) — ислам динин тутунган элдердеги жылсанагынын башталуу күнү. Хижра күнү биздин азыркы жылсанагыбыз боюнча 622-жылдын 16-июлуна, тагыраак айтканда, жума күнүнө туш келет. Бул күнү Мухаммад пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) Меккеден Мединага (мурунку аты Ясриб) качып барып баш калкалаган. Анткени, аны өз журтунда, Мекке шаарында өлтүрмөкчү мушриктер (Алла Тааланын бар экенин таанышып, бирок, ага сыйынбай ар кандай буттарга, кудайчаларга сыйынган адамдар, башкача айтканда Аллах Таалага ширк келтиргендер) болушкан.
* - Хижра, хиджра (араб.: هجرة — көчүү, журт оодаруу) — ислам динин тутунган элдердеги жылсанагынын башталуу күнү. Хижра күнү биздин азыркы жылсанагыбыз боюнча 622-жылдын 16-июлуна, тагыраак айтканда, жума күнүнө туш келет. Бул күнү Мухаммад пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) Меккеден Мединага (мурунку аты Ясриб) качып барып баш калкалаган. Анткени, аны өз журтунда, Мекке шаарында өлтүрмөкчү мушриктер (Алла Тааланын бар экенин таанышып, бирок, ага сыйынбай ар кандай буттарга, кудайчаларга сыйынган адамдар, башкача айтканда Аллах Таалага ширк келтиргендер) болушкан.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 03 December 2011 - 18:27
Бирок, бул күнү жалаң гана мусулмандар үчүн сүйүнүчтүү кабарлар боло бербестен күйүнүчтүү окуялар дагы болуп турган. Хижранын 61-жылы пайгамбарыбыз Мухаммаддын,
ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, небереси Хусейн өлтүрүлгөн.
Алар жөнүндө пайгамбарыбыз Мухаммад, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, мындай деген: “Хасан жана Хусейн – бейиштеги уландардын мырзаларыб болот, ким аларды жакшы көрсө - алар мени дагы жакшы көрөт”.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#14 03 December 2011 - 18:28
Ушул күнү:
Ибрахим пайгамбар төрөлгөн;
Иса пайгамбар асманга көтөрүлгөн;
Ибрахим пайгамбар отко сыйынгандардын отунан сакталган;
Жунус пайгамбар чоң балыктын ичинен чыккан;
Аюб пайгамбар узакка созулган оорусунан айыккан;
Жакып пайгамбар баласы менен жолуккан;
Сулайман пайгамбар падыша болгон;
Жусуп пайгамбар түрмөдөн чыккан;

#15 03 December 2011 - 18:29
Ашура күнү, анын алдындагы жана андан кийинки күндөрү орозо кармоо – сүннөт иштерден. Хадисте келгенде кимде-ким дал ушул күндөрү орозо кармаса, анын бир жыл мурдагы жана бир жыл кийинки майда күнөөлөрү кечирилет. Ал эми ушул күндөрү берилген садака үчүн Ухуд тоосундай сооп жазылат.
Ашура күнү садака берүү, жакындарга белек тартуулоо, Куран окуу жана башка жакшы иштерди кылуу ошол иштерди кылган адамдын өзүнө эле пайда.
Дал ушул күнү Аллах Таала асмандарды, жерди, Аршты, Курсийди, периштелерди жана биринчи адам – Адам Атаны жараткан.
Кыямат Күн дагы дал ушул күнү – Ашура күнү болот, иншаАллах.
Ашура күнү садака берүү, жакындарга белек тартуулоо, Куран окуу жана башка жакшы иштерди кылуу ошол иштерди кылган адамдын өзүнө эле пайда.
Дал ушул күнү Аллах Таала асмандарды, жерди, Аршты, Курсийди, периштелерди жана биринчи адам – Адам Атаны жараткан.
Кыямат Күн дагы дал ушул күнү – Ашура күнү болот, иншаАллах.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#16 03 December 2011 - 19:08
Ушул күнү, мухаррам айынын онунчу күнү көптөгөн кылымдар мурун Аллахтын керемети болгон окуя болуп өткөн.
Муса пайгамбар фараондун аскерлеринен качып бараткан. Аллах Исраил балдарына деңиз суусун бөлүп андан пайда болгон эки тарабы суу ал эми түбү кургак болгон өтмөдөн алып өткөн. Бул кереметти көрүп туруп өздөрүнүн наадандыгынын айынан аларды кууп жетебиз деп суу алдында фараондун менменсuген аскерлери калган. Исраил уулдары жээкке чыкканда Аллах сууну кайра бириктирип салган. Аллахтын мындай жардамына ыраазычылык иретинде Муса пайгамбар жана анын жолдоочулары ушул күнү орозо кармашкан. Бул, албетте, Аллахтын чоң керемети жана мээрими. Ушул керемети үчүн кыяматка чейин ыраазычылык билдирүүнүн ордуна алар, Исраил уулдары Аллахтын жана анын динин душмандарына айланышты.
Бирок, Аллах эгер кайсы бир коом Анын айткандарына моюн сунбай баштаса аларды сөзсүз түрдө башка татыктуу коом менен алмаштырып коёт. Аллах бизге өзунүн пайгамбарын, Мухаммадды (ага Аллахтын саламы жана саламаты болсун) жиберип биздин Аллахтын бизге кылган мээримин жана кереметин көрүп билүү үчүн бизге Туура Жолду жана ушул күндү көрсөттү.

#17 03 December 2011 - 19:10
Бул күндө орозо кармоодон биз кандай пайда ала алабыз жана дегеле бул дата бизге эмнени эстетет?
1) Ашура күнү орозо кармоо – бул пайгамбарыбыздун сүннөтү. Ошондуктан орозо кармоо жактырылат. Аллахтын кулу канчалык пайгамбарынын кылган ишин кылса, аны Аллах ошончолук жакшы көрөт. Анан да ар бир кылынган жакшы ишке сооп, жаман ишке жаза эмеспи?.
1) Ашура күнү орозо кармоо – бул пайгамбарыбыздун сүннөтү. Ошондуктан орозо кармоо жактырылат. Аллахтын кулу канчалык пайгамбарынын кылган ишин кылса, аны Аллах ошончолук жакшы көрөт. Анан да ар бир кылынган жакшы ишке сооп, жаман ишке жаза эмеспи?.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#18 03 December 2011 - 19:11
2) Бул күнү орозону бир гана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) туткан эмес. Тарыхка көз чаптыра турган болсок ушул күндөгү орозону Муса алейхи салам дагы туткан. Бул жерден айта кетчү нерсе – кээ бир адамдар айткандай Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) жүүттөрдүн кылган ишин туурап орозо кармаган эмес. Келтирилген хадистерге ылайык ал муну жүүттөр дагы кылаарын билгенге чейин деле орозо кармачу. Алар Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) ушул күнү Аллах фараондун укуругунан жүүт элин жана Мусаны куткарган күн экендигин айтканда ал, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) асмандан, Аллахтан бекемдөөчү кабар алып, анан ал: “Мен жүүтөргө караганда Муса алейхи саламга жакынмын”
, - деп айткан. Анан да ал, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) эч качан бир иште башка диндегилерге окшошкон эмес.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#19 03 December 2011 - 19:15
3) Ашура – байыртадан бери урматталып келген улуу күн. Бирок, христиандар Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) убагында тутуп жүрүшкөндөй азыркы күндө бул күндө орозо тутушпайт. Бул бизге жакшы иштеди жасабаса унутта калып кетээринен кабар берет. Эгер адамдар өздөрүнүн пайгамбарларынын осуяттарын аткарбаса, ал алардан ушул осуят тууралуу илимди алып коёт дагы, татыктууларына берет.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#20 03 December 2011 - 19:16
4) Ашура күнүнүн мурунку жана кийинки күндөрү орозо тутуу – мусулмандарга Исламдын негизги принциптеринен – башка диндегилерге окшошпоо тууралуу кабар берет. Анткени, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан: “Кимде-ким башка коомго окшошсо – ал ошолордон”
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]

Супер-Инфо
super.kg
видео