Меним Пумпуйскам 1,2ай басканы жатат буюрса. Телефондо кадимкидей суйлошот атасы менен,атасы апа меники деп койсо бакырганча жетип келет,такыр жолото койбойт,уктаганда менин жанымда жатат а тан атканда ортобузда жаткан болот.
Балакайлардын кылыгы
#222 05 Июнь 2014 - 23:07
#223 05 Июнь 2014 - 23:11
менин орун басарым,он колум болгон уулум буйруса 2 айлык болот.Эми гана кылыктары чыга баштаган убагы.Ар дайым уктаганда менин койнума башын,апасынын ичине болсо кочугун тийгизип жатат.Кичине ондоп жаткырайын десен тополонду баштайт.Бул жонундо апама айтсам,анда "сен да ошондой элен"-деп,
мени кубантып атпайбы
Наристе жыты кандай сонун , жыттап коюнузчу уулунузду .
#225 06 Июнь 2014 - 16:44
Менин козума 2ай болду. Кылыктары чыгып кулуп бизди суйунтуп жаткан учуру. Мамасын эмип жатканда оозунан чыгып кетсе тебип тебип койот. Уктап жатып ойгонуп калса кучактап жатсак кайра уктап калат.
#226 06 Июнь 2014 - 17:22
Menin uulum hadanokto jurgon ubagy,ke4ke tynbait,meni korso bir suiunot emi
Адилет
#227 17 Июнь 2014 - 03:04
Азыр биздин балабыз 9айга толду жормолоп суйунтуп жатат кунуго ар кандай кылыктары чыгып жатат эзилип кетем баламы коргондо менден бактылуу адам жоктой.
#228 17 Июнь 2014 - 04:38
Балабыз жаңы төрөлгөндө апасы экөөбүздүн сабактарыбыз бар эле, ошондуктан аны эшикке илинген селкинчек сатып келип ошого салып койчубуз. Ал жерге секире берип бир күнү карасам буттарына булчуң толуп, балтыры капкатуу болуп калыптыр. Анан басканда бутунун учу менен басып жүрдү, андай болсо баса албайт экен да. Жалаң чуркачу, азыр таманы жерге тийгени менен дайыма чуркап жүрөт. Чоң апасы, чоң атасынын колунда, абдан бейбаш болду деп кейип калышат. Качан алып кеткиле деп айтышаар экен деп күтүп жүрөм, бирок азырынча айтыша элек.
#230 07 Август 2014 - 21:27
#231 11 Август 2014 - 21:09
Балдарымдын кылыктарын коро албай журомун аялым айтип калат ортончу уулумду колуна эмне кирсе кулагына телефон кылып ава ава деп журот деп
#232 29 Август 2014 - 01:04
Менин байкемдин баласы 4 жашка чыгып калды.Чогуу ойногондордун көбү кыз экен.Өткөндө эжеси менен базарда жүрүп "мага кукла(куурчак) алып бер"-дептир.
Аны кыздар ойнойт деп күлсө "мен кызмын да" дейт имиш.Анан "ой тообо кылдым"дегенди чоң энесинен үйрөнүп алыптыр.Автобуска чоң энеси экөө түшүп,автобус жүрүп кетсе "ой тообо кылдым"деп баарын күлгүзүптүр))
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#233 02 Сентябрь 2014 - 18:44
менин орун басарым,он колум болгон уулум буйруса 2 айлык болот.Эми гана кылыктары чыга баштаган убагы.Ар дайым уктаганда менин койнума башын,апасынын ичине болсо кочугун тийгизип жатат.Кичине ондоп жаткырайын десен тополонду баштайт.Бул жонундо апама айтсам,анда "сен да ошондой элен"-деп,
мени кубантып атпайбы
Буйруса жакында беш айлык болот экенбиз." Бала деген балдай"-деп бекеринен айткан эмес экен,азыр кун откон сайын кылыктары чыгып,кубантып жаткан кези.Айрыкча машинени коргондо "був бум був"-деп калат.Анан да кечке мени корбогонгобу кечинде жумуштан барсам,эч кимге барбайт.Анан да хаданокко отуруп,алып, тим эле "шумахер" болот да.Айтоор айта берсен ото эле коп кылыктары.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#234 03 Сентябрь 2014 - 14:55
Менин чон балам 3ко чыгайын деп калды.Анан куйоомдун атынан айтып чакырып жатсам,Эй апа,атаны ата деп айт,болбосо ата болбой коет!" дейт.
Озумдун бир тууган эжемдин жанында олтуруп,балам чучкуруп анан "алхамдулиллах" деп айт деп уйротуп койгом,анан чучкурсо,эжем алхамдулиллах' де,десе балам болсо
"заткнись" озум айтам!' десе аябай кулдук.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#235 03 Сентябрь 2014 - 15:59
Менин уулум менен кызым да чон ата энесинин колунда аябай эрке болуп чоноюшууда.
Кызым озу жалгыз ойноп жатып,эки жагын карап туруп,мени кормомуш болуп суйлоп коет "мен зейигип жатам гооо,мени менен ким ойнойт" деп.Дагы бир куну баарыбыз кайын синдиме Чон Алайга кетип жатып,тамашалашып кой байлап тургула десек,балам тел.ду алып "эже тоок сойсонуз деле боло берет"дейт да.Алар оздору депозит менен эми эле иштегени кетишкен эле да.Эжесин аяп жатат деп кулдук баарыбыз.

#236 03 Сентябрь 2014 - 21:41
Менин балам азыр. 2,3 ай маймылча суйлоп чулдурап журот))) жакында эле уйдо иш кылып жургом балам менен кошунанын кызы экоо ойноп жатышкан , Бир маалда ундору чыкбай калды эмне болду деп, эшике чыксам эле балам кыздын белинен кучактап отурат экоотен бири-бирине жакын отурушуп алышкан.Коруп алып кулдум )))) кайдан билет кызды кучакташты деп
#237 07 Сентябрь 2014 - 21:05
Менин кызым азыр бир жарым жашта жаш балдар менен уйдун жаныда тогулгон кумда ойноб жатыбтыр балдар оппа оппа дэб секирсе а мен кызым апам апам дэб секириб ойноб жатат оппа дэгенге тили келбей
#238 07 Сентябрь 2014 - 23:03
Менин ширинтайым өтө эле шок ходонокту жакында сындырганы калды, гүлөөнүп, гүлөөнүп өзүнү дубалга сүзүп ойнойт. Кой десең кайра кыткылыктап күлүп күчөп алат. Тоок, жөжө көрсө эле болду "ээй,ээй"
деп өзүнүн тилинде бир нерселерди айтып урушуп кирет. Тамакты өзүм жейм деп тополоң салат, берип койсоң өзү калаагандай төгүп чачып жесе да.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#239 08 Сентябрь 2014 - 19:46
Биздин эркебиз - ото тентек , ожор , кежир ... Козун тептегерек кылып, бар-жокту байкайт да , бир аз эле алагды болуп калсан, тентектенип баштайт. Мага ото конуп алгандыктан,
жок эле болсом "аКа,аКаа"
деп ыйлайт, ал АПА дегени... Мама дейт , ата дейт... Менсиз журсо , мен келген сон суйунуп , кучактап калат , ал анын мени сагынганы...
Кечээ тамашалашып , таякеси экообуз чапкылашып ойноп калсак , арыраакта эле ойноп аткан , жормолоп келип таякесинин колун тартып , апамы чаппа дегенсип чынырып жиберип атат , мээримдуум менин ...
Азыр да жанымда "аптатапта таптапта "дегендей создорду айтып ойноп журот... Музыканы угуп калса эле, колдорун кыймылдатып бийлей баштайт.
4тиши бар,астында 2,устундо эки ,атасын жакшы коруп, обом деп оозун кырча тиштеп коет. Чачты , сойкону тартат , баардык нерсени тушунот , жини келсе тиштеп коет байкатпай. Ушундай кылыктары чыгып , чонойгон сайын тентектиги ашып баратат.

ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия