Суперстан: Уйку жөнүндө кызыктуу маалыматтар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Нефрология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уйку жөнүндө кызыктуу маалыматтар

#1 Пользователь офлайн   МИЯ   07 Декабрь 2008 - 20:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 259
  • Катталган: 19 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2015 15:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Дабакер укроп
Кадимки эле укроп уйкусуздукка жакшы жардамын тийгизет. Анда эфир майы бар болгондуктан организмдеги чыңалууну кетирип, жакшы уйкуга өбөлгө болот. Мындан тышкары ал тамакка болгон табитти ачып, көкүрө ктөгү какырыкты да алып чыгат.
Жатаар алдында укроптон чай демдеп, 1 стакан ичсеңиз катуу уйкуга чөмүлө сүз. Укроптун өзү жокто анын уругун да пайдалансаң ыз болот. 2 чай кашык урукту 2 стакан кайнак суу менен демдеңиз да, күнүнө 3 жолу жарым стакандан тамакка чейин жана 1 стакан уктаар алдында ичиңиз.

Суудан соң, сулаңыз…
Бир күндүк чарчооңуздан кутулууга жылуу ваннадан өткөн керемет жок. Ал эми ага бир канча чөптүн түрүнө н салып жатсаңыз - мемиреген уйкуга жетеленип, түнүң үз бейпил болот.
Кечки тамактан бир сааттай убакыт өткөн соң 37-38 градус температурадагы сууну толтуруп, 50 граммдан жалбыз, ромашка, мелисса, календула, роза гүлүн же өзүң үзгө жыты жаккан башка бир чөптөн кошуп, сууда 20 мүнөт жатып эс алыңыз (андан ашыкча эмес). Мындан соң дароо жатууга камданың ыз.
Кебете-келбет кем болбосун
 Бөбөк балдар уйкусунун канбаганынан улам чалынып жыгылуу, денесин кокустатып алууга көп чалдыгышат.
 Өспүрү мдөр наристелер сыяктуу эле 8,5-9 сааттан кем уктабашы керек. Тилекке каршы, алар улуулардын жашоосу менен жашап, убагында эс алышпайт.
 17-19 саат уктабаган айдоочу мас адамдан жаман. Жолдо баратып уктап кеткен айдоочу айынан көптөгө н автокырсыктар кездешет.
 Уйкудан калган адам эртең мененкисин кебетеси жагымсыз тартып, өз жашынан улуу көрүнө т.
Түндүн бейпили, күндүн куунагы жакшы
Уйку - денеңиз эс алатурган, көңү лүңү з тынч алатурган жай.
Башкача айтканда, акысыз санаторий десек да болот. Эчкандай аракет кылбай, акча коротпой эле уйкунун кучагында жатканда өзүң үзгө, денсоолугуң узга көп пайдалуу нерсе аласыз. Тынч уктап, бейпил түн өткөргө н адамдын денсоолугу да жакшы, жашоосу да сергек болот.

Акылкөрө ңгөң дү сакта
Эртең мененкисин уйкусу канбай туруп кеткен адамдын организми уйку-соо абалында кала берет. Мындай убакта кантамырың ыз жай согуп, ички органдарың ыз да ишке жакшы киришпей, тамакка табит тартпайт. Уйку канбаган убакта сырткы суукка жылуу кийинип чыгуу да таасир бербей, адам чыйрыга берет.
Уйкусуздук менен жабыркагандарга оору бат жугуп, сакайуу кыйындыкка турат, организм алсыз болот. Аз уктаган адам акыл калчоо жагынан да аксайт. Канадалык профессор Стенли Ковендин айтуусу боюнча, уктабай калган ар бир саатың аң-сезимиң ди 1%га төмөндө төт. Анын жүргүзгө н тажрыйбасы суткасына 3 саатка кем уктагандардын акыл көрөң гөсү 15%га төмөндө гөнүн көрсөткө н.

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн…  Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктө рү иштеп, ал уйкуну келтирбө өгө жардам берет.
 Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктү н согушун тездетип, артериалдык канбасымды көтөрү п жиберет.
 Муздак аба, муздак сууга чайынуу денеңизди сергитет, уйкуңузду умачтай ачат.
 Бирөөлө р менен жандуу сүйлөшү ү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрү ңүздү ачат.
Уйкуга эмнелер тоскоол?
Кофе, кызыл чай, кока-кола уйкуну бузат. Жакшы уйку үчүн жалбыз, валериана чөптөрү нөн демделген чай, же бир стакан жылуу сүт жутуңуз.
Жатаар алдында буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түнкү ичилген коньяктан кийин болсо таңында ойгонуу,калыбың а келүү өтө кыйын.
Жатаар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирү ү менен алектенип, уйку менен эсалдырууга күчү жетпей калат.
Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тоскоолдук кылат.
Уктоочу бөлмөдө гү турган иш столу, компьютер уктоого терс таасирин тийгизет.
Башжагың ызда турган сааттын "бетин" тескери буруп коюу оң натыйжа берет.
Уктабаган адам - дөөрү кчүл
Уйкудан дайыма жапа чегип жүргөн адам жөнүжок ачууланып, сөз көтөралбай, нерви чыңалуу абалында жүрөт. 1896-жылы эле америкалык доктурлар нерви жайында, денсоолугу чың адамдарга тажрыйба жүргүзү п, аларды 90 сааттык түнкү эс алуусунан ажыратышкан. Натыйжада: 2-3 күндүк уйкудан калган тигилер аң-сезимдү ү ойлонуу, көңү л буруу, маалымат кабыл алуудан калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушкан. 5 күнгө чейин уктабагандары болсо соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрү гөн абалга жетишкенде - доктурлар андан ары тажрыйбаны улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан.
Ал эми Чикагонун медициналык борборундагылар жүздөгө н жубайлардын ажырашуусун көзөмө лдөп, уйку сүйүү чүлөр оор, кайгы-капа бастырган ажырашууну оңой көтөрө рүн далилдешкен. Кыргызча айтканда, "санаасы жок - уйкучу" беле...
Чөп-жаздык
Чөп чайын демдегенден, чөп суусун даярдагандан жалкоолонсоң уз, же шартыңыз болбосо, жыпар жыты уйкуга жетелеген чөптөрдө н жаздык даярдап алсаңыз болот. Бул шыпаагерчиликтин денсоолукка таптакыр зыяны жок жана жагымдуу.
Арча, ромашка, карагай тобурчактарын майдалап, жука чүпөрө ктөн тигилген баштыкчага салып баш жагыңызга коюңуз да, жыттап жатыңыз. Же болбосо жаздыктын өзүн чөптөр менен толуктап алсаңыз да болот. Жогорудагы чөптөрдү н баары эфир майын камтып, жыттаган сайын организмди эсалдырып, тынч уйкуну берет.
Чарчап жумуштан кайтканда
Кээ бир адамдар иштен чарчап кайтканда бир аз жыргап, эс алып же уктап алып, анан үй тиричилигине киришүү нү жакшы көрүшө т. Бирок күндүзү иштеп, кийинки уйку денени жанчып, алсыздандырып коёт жана түнкү уйку бузулат. Жумуштан келген соң дароо бөлмөнү желдетип, үйгө кийүүчү кийимдериң изди которунуп кийиңиз.
Колдоруң уз менен бир нече бошоңдотуучу кыймылдарды жасап, керилиңиз. Анан чалкаңдан жатып, булчуңдарың ызды бошотуңуз да, дем алуу тереңдигин күчөтпө й, көздөрү ңүздү жумуп,бир калыпта дем аласыз. Дем алуу кыймылынын ритмикасы жөн эле саноо жолу менен жүргүзү лөт. Мисалы, дем алуу-бир, эки; дем чыгаруу-бир, эки, үч. Ушундай дем алуунун натыйжасында 5-10 мүнөт өткөндө н кийин, нерв системасында тормоздоо жүрүп, адам өзүн уйкусуроо абалында сезет. Анан жүрөк кан тамыр, дем алуу, тамак сиңирү ү системаларынын активдүү лүгү басаңдап, вегетатив борборлорунда тормоздонуу процессинин башталгандыгы байкалат. Бул процедура 20-30 мүнөткө созулат. Ушундан кийин таза абага бир аз чыгып, анан үй тиричилигине кирише берсеңиз болот. Мындай дем алууну адамдарга байкоо жүргүзгө ндө, бардыгы тең өзүн жакшы сезип, сергектенип, эмгекке жөндөмдү үлүгү жогоруларын айтышкан.

Уйку качканда
Жумуштан үйгө келдиңиз, бүгүн бир жакшы уктап алгыңыз келет, ал эми канча аракеттенсең из да уйку жок. Бир саат жатасыз, эки саат, үч саат, анан туруп уйкунун дарысын ичесиз, ушундан кийин уктадыңыз дейли, бирок эртең менен баш көтөрү лбөй денеңиз жанчылгандай оорлошуп калат. Ушундай абал бир нече жолу кайталангандан кийин, уйку качты дейбиз. Бирок ушул абал көп убактарда жөн эле бир жөнөкө й гигиеналык эрежени бузганга байланыштуу болушу дагы мүмкүн. Маселен, уктоочу бөлмө үп болуп, дем алууга кыйын же жамынып жаткан жууркан өтө жылуу болгондуктан да уйку качат. Болбосо жатарда кофе же кара чай ичсе да ушундай абалга алып келет.
Ошон үчүн уктаарда ушул өңдү ү уйкуга зыяны тийүүчү тамак-аштан алыс болуп, бөлмөнү желдетип алуу керек, чай же кофенин ордуна жылуу сүт, ромашканын кайнатмасы же бир чай кашык бал кошулган жылуу суу ичсеңиз, булар уйкуну тезирээк чакырат.
My life is DANCE
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   FarID   01 Июль 2010 - 21:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Мен уйкумду келтирүү үчүн китеп окуйм. Чакчайып турган көздөр жумула баштайт.. Рахмат авторго. ЖАкшы маалыматтар экен. Анан да кыпкыргызча!
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Merischka   01 Август 2010 - 02:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

...menin ujkum kachty da karmatpaj ;) superge kirip, antaryp atyp ...uh

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   ALYKER   14 Октябрь 2010 - 21:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 06 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 19:41

Jakshy maalymattar eken.

НЭЭТИН ___ ЖОЛДОШУН

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   amantur   14 Октябрь 2010 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Жакшы жазыпсыз МИЯ, мага жакты. Эгер билсениз уйкуну кантип качырууну жазып коойсоңуз жакшы болоор эле, кофе жардам бербей калды.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Aydashka   08 Ноябрь 2011 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Тез уктоо үчүн 6 кеңеш
Уйкусуздуктун себептери ар түрдүү. Бирок кээ бир эрежелерди сактоо менен бул көйгөйдөн арылууга болот.
Кээде ушунчалык чарчап, башым жаздыкка тиери менен уктап калам деп ойлойбуз. Бирок ойлогондой болбой калат. Андыктан төмөндөгү кеңештерди карап көрүңүз:
1.Уктаганы жатканда чарчаганыңызга толук ишениңиз, ары-бери оодарыла бербеш үчүн.
2.Уктоочу бөлмө ысык болбош керек. Уктаар алдында бөлмөнү желдетип коюңуз. Эгер ысып кетсеңиз түнү ойгонуп, тердеп кыйналасыз.
3.Керебетиңиздин абалы жакшы болушу керек. Төшөнчүлөр катуу жана денеңизге ыңгайлуу болушу шарт, абдан жумшак болбошу керек.
4.Эгер күндүз кандайдыр бир окуя болгон болсо, аны жатканда ойлобогонго аракет кылыңыз.
5.Жеген тамагыңыз жеңил жана оңой сиңе турган болушу кажет. Ачкарын уктаганга да болбойт.
6.Уктатуучу дарыларга азгырылып кетпеңиз. Ага көнүп алуу оңой.

Прикрепленное изображение: imgres.jpgjpg]
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   uktabas   10 Ноябрь 2011 - 17:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 156
  • Катталган: 24 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 09 Янв 2022 00:33
  • Телефон:0552622800
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:osh

Ушунда-ай бекен эээ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   dina   17 Ноябрь 2011 - 13:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Эртен менен кыйналбай туруу учун же бир уктагандан кийин эч ким ойгото албай кыйналгандар учун кенештер бар бекен?
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   stafs   31 Декабрь 2011 - 15:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Цитата

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн…  Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктө рү иштеп, ал уйкуну келтирбө өгө жардам берет.

Эн жакшы ыкма.:good: Менин байкем д алаыс жолго чыкканда тандыр нан алып алат, уйкусу келгенде нан чайнап озун алаксытат:кола-жүгөрү:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   aminali   01 Январь 2012 - 07:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Мен дагы өз ойумду айтып койоунчу,жатаарда" кока кола" ичпегиле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Aydashka   31 Январь 2012 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Уйку тууралуу тест
Сүрөт
Уйку канбоо - ден соолуктун бузулушуна алып барат. Төмөнкү суроолорго жооп берип, толук кандуу эс алып жатасызбы же жокпу, сизге канча уйку жетишпейт, билип алыңыз.
1. Сиз угуш үчүн будильниктин үнү өтө катуу чыгышы керекпи?
А) ооба
Б) жок
2. Будильник шыңгыраганда басып коюп андан ары уктай бересизби?
А) ооба
Б) жок
3. Ойгонгон соң төшөктөн турушуңуз абдан кыйынбы?
А) ооба
Б) жок
4. Кээде будильниктин үнүн укпай да каласызбы?
А) ооба
Б) жок
5. Дем алыш күндөрү башка күндөргө караганда көп уктайсызбы?
А) ооба
Б) жок
6. Өзүңүздүн "тур, жуунуп, жумушка жөнө!" деген буйругуңузду аткаруу жеңилби?
А) ооба
Б) жок
7. Күнүмдүк милдеттериңизди аткаруу сиз үчүн оор жана кызыксызбы?
А) ооба
Б) жок
8. Бош отурганда же гезит-журнал окуганыңызда уйкуңуз келип кетеби?
А) ооба
Б) жок
9. Телевизор көрүп отуруп уктап каласызбы?
А) ооба
Б) жок
10. Чогулушта, лекцияда же театрда отуруп уктап каласызбы?
А) ооба
Б) жок
11. Түшкү тамакты тоё жегенден кийин уйкуңуз келе баштайбы?
А) ооба
Б) жок
12. Эгерде унаага отуруп бир сааттан ашык жол жүрсөңүз үргүлөй баштайсызбы?
А) ооба
Б) жок
13. Машина айдап баратып авто тыгынга туш болгондо уйкуңуз келеби?
А) ооба
Б) жок
14. Бир кружка сыра, бир бокал вино же башка спирт ичимдиги сизге катуу таасир этеби?
А) ооба
Б) жок
15. Сиз бир күндө төрт кружкадан көп кызыл чай же кофе ичесизби?
А) ооба
Б) жок




Эгерде сиздин жообуңузда "ооба" деген жооп 4 же андан аз болсо:
Сиздин уйкуңуз жетиштүү. Сизде эч кандай чарчагандыктын жана уйкунун жетишпестигинин белгилери жок.
5-6 "ооба" деген жооп:
Сиздин да уйкуңуз жетиштүү эле. Кээде гана уйкуңуз канбай калат. Аны ордуна келтирип алуу оңой.
7-8 "ооба" деген жооп:
Сизде уйку канбоонун белгилери бар. Бул сиздин ишиңиздин натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Уйкуңуз жакшы канбай, көңүлүңүз бир жерде болбогондуктан, жумушта майда катачылыктарды кетирип коёсуз, айрым нерселерди көз жаздымыңыздан кетирип коёсуз. Мындай учурда сизге кылган ишиңизди кайра-кайра текшерүүгө туура келет.
9-11 "ооба" деген жооп:
Сиздин уйкуңуз көп эле жетишпейт. Жумушта чоң катачылыктарды кетирип коюшуңуз мүмкүн. Атүгүл экинчи жолу текшергениңизде да ошол катаңызды байкабай каласыз. Уйку канбоонун бул деңгээли маанайдын түшүшү, болбогон нерсеге кыжырдануу сезимдери менен коштолот.
12-13 "ооба" деген жооп:
Уйку канбоонун мындай деңгээлинде олуттуу жагымсыздыктар болуп кетиши мүмкүн. Бир гана жумушуңузга эмес, жашоодогу көп нерселерге болгон кызыкчылыгыңыз жоголот. Мындай учурда бирөө менен сүйлөшүүнү да каалабай каласыз. Сизге бардык фильмдер кызыксыз, телеберүүлөр маанисиз, китептер менен музыкалар тажатма сезилип калат. Өзүңүзгө өзүңүз ишенбөөчүлүк сезими пайда болуп, өзүңүздү эч кимге кереги жоктой сезесиз. Бул болсо депрессияга жеткирет. Ал эми депрессияны уйку менен айыктыра албайсыз.
14-15 "ооба" деген жооп:
Мындай упай топтогон адамдар өзүнүн жашоо образын шашылыш түрдө алмаштыруу керек. Анткени, алардын физикалык жана психикалык абалына чоң коркунуч келүүдө. Эгер сиз дагы ушундай адамдардын тобуна кирген болсоңуз, тезинен психологго, невропатологго көрүнүңүз.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Mahabbat27   21 Февраль 2012 - 20:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 20 Февраль 12
  • Соңку аракети: 24 Фев 2012 21:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Негизи менде андай деле койгой иш жок. Чарчаганданбы айтор башым жаздыкка тиер замат уййкуга кетем. Кичине болсо да менден кенеш: уйкуга чейин таттуу нерсе жегенден алыс болгула!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Asus84   11 Май 2012 - 14:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 67
  • Катталган: 16 Май 11
  • Соңку аракети: 06 Сен 2016 10:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

мен болсо таакыр уйкучу болуп алдым эч бир уйкум канбайт буга кандай кенеш бересинер?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   stafs   11 Май 2012 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Батыштын медициналык коз карашы боюнча: Жаны торолгон балдардан баштап, 18-20 жашка чейинки балдар кечинде эрте уктаса, боюу узун болот деген коз караштар бар. Себеби ТУНу саат 22.ден танкы саат 2ге чейин (4 саат) ушул убактарда жакшы уктаган баланын денеси бир калыпта эс алгандыктан бой осуу гармону болунуп чыгып, натыйжада оспурумдун боюу осуушуно чон себеп болот деген жыйынтыктар бар.
Андыктан баланын боюуу жакшы осуушун кааласаныз, кечки 20.30да баланы жуунтуп-тазалантып, саат 21де уктатсаныз, бой остуруу гармону бала катуу уктагандан кийин 1 саатан кийин болунуп баштайт деген тушунуктор бар.:give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   shari   11 Май 2012 - 14:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 27 Февраль 12
  • Соңку аракети: 16 Июн 2015 20:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург!!!

Просмотр сообщения Asus84 (11 Май 2012 - 11:18) жазган:

мен болсо таакыр уйкучу болуп алдым эч бир уйкум канбайт буга кандай кенеш бересинер?


Менда ушундай болуп калыпмынгоооСүрөт .
Я помню каждую минуту своей жизни проведенной с тобой.
И хочу чтобы эти минуту повторились и никогда не кончались.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   shari   11 Май 2012 - 14:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 27 Февраль 12
  • Соңку аракети: 16 Июн 2015 20:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург!!!

Просмотр сообщения Aydashka (30 Январь 2012 - 21:46) жазган:

Уйку тууралуу тест
Сүрөт
Уйку канбоо - ден соолуктун бузулушуна алып барат. Төмөнкү суроолорго жооп берип, толук кандуу эс алып жатасызбы же жокпу, сизге канча уйку жетишпейт, билип алыңыз.
1. Сиз угуш үчүн будильниктин үнү өтө катуу чыгышы керекпи?
А) ооба
2. Будильник шыңгыраганда басып коюп андан ары уктай бересизби?
А) ооба
3. Ойгонгон соң төшөктөн турушуңуз абдан кыйынбы?
А) ооба
4. Кээде будильниктин үнүн укпай да каласызбы?
Б) жок
5. Дем алыш күндөрү башка күндөргө караганда көп уктайсызбы?
А) ооба
6. Өзүңүздүн "тур, жуунуп, жумушка жөнө!" деген буйругуңузду аткаруу жеңилби?
Б) жок
7. Күнүмдүк милдеттериңизди аткаруу сиз үчүн оор жана кызыксызбы?
А) ооба
8. Бош отурганда же гезит-журнал окуганыңызда уйкуңуз келип кетеби?
А) ооба
9. Телевизор көрүп отуруп уктап каласызбы?
А) ооба
10. Чогулушта, лекцияда же театрда отуруп уктап каласызбы?
А) ооба
11. Түшкү тамакты тоё жегенден кийин уйкуңуз келе баштайбы?
А) ооба
12. Эгерде унаага отуруп бир сааттан ашык жол жүрсөңүз үргүлөй баштайсызбы?
А) ооба
13. Машина айдап баратып авто тыгынга туш болгондо уйкуңуз келеби?
А) ооба
14. Бир кружка сыра, бир бокал вино же башка спирт ичимдиги сизге катуу таасир этеби?
А) ооба
15. Сиз бир күндө төрт кружкадан көп кызыл чай же кофе ичесизби?
А) ооба

12-13 "ооба" деген жооп:
Уйку канбоонун мындай деңгээлинде олуттуу жагымсыздыктар болуп кетиши мүмкүн. Бир гана жумушуңузга эмес, жашоодогу көп нерселерге болгон кызыкчылыгыңыз жоголот. Мындай учурда бирөө менен сүйлөшүүнү да каалабай каласыз. Сизге бардык фильмдер кызыксыз, телеберүүлөр маанисиз, китептер менен музыкалар тажатма сезилип калат. Өзүңүзгө өзүңүз ишенбөөчүлүк сезими пайда болуп, өзүңүздү эч кимге кереги жоктой сезесиз. Бул болсо депрессияга жеткирет. Ал эми депрессияны уйку менен айыктыра албайсыз.



Сүрөт Эми эмне болот?
Сүрөт
Я помню каждую минуту своей жизни проведенной с тобой.
И хочу чтобы эти минуту повторились и никогда не кончались.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sarabanda   21 Май 2014 - 07:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 857
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 06:06
  • Жынысы:Аялзаты

24 саат бою уктабадым... эртен 12 саат иштешим керек...иш жоопкерчиликтуу эле...уйкуну кантип келтирбоонун жолун билесинерби? Крепкий кофе,адреналин, бёрн,редбул ж.б.у.с. напитоксуз. ...
Мен бактылуумун. !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   21 Май 2014 - 09:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Уйкуну кантип..." темасы менен бириктирилди.
Автор, төмөнкү билдирүү сизге жооп болсун.

Просмотр сообщенияМИЯ (07 Декабрь 2008 - 20:48) жазган:

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн… Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктөрү иштеп, ал уйкуну келтирбөөгө жардам берет.
 Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктүн согушун тездетип, артериалдык канбасымды көтөрүп жиберет.
 Муздак аба, муздак сууга чайынуу денеңизди сергитет, уйкуңузду умачтай ачат.
 Бирөөлөр менен жандуу сүйлөшүү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрүңүздү ачат.
Уйкуга эмнелер тоскоол?
Кофе, кызыл чай, кока-кола уйкуну бузат. Жакшы уйку үчүн жалбыз, валериана чөптөрүнөн демделген чай, же бир стакан жылуу сүт жутуңуз.
Жатаар алдында буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түнкү ичилген коньяктан кийин болсо таңында ойгонуу,калыбыңа келүү өтө кыйын.
Жатаар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирүү менен алектенип, уйку менен эсалдырууга күчү жетпей калат.
Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тоскоолдук кылат.
Уктоочу бөлмөдөгү турган иш столу, компьютер уктоого терс таасирин тийгизет.
Башжагыңызда турган сааттын "бетин" тескери буруп коюу оң натыйжа берет.
Уктабаган адам - дөөрүкчүл
Уйкудан дайыма жапа чегип жүргөн адам жөнүжок ачууланып, сөз көтөралбай, нерви чыңалуу абалында жүрөт. 1896-жылы эле америкалык доктурлар нерви жайында, денсоолугу чың адамдарга тажрыйба жүргүзүп, аларды 90 сааттык түнкү эс алуусунан ажыратышкан. Натыйжада: 2-3 күндүк уйкудан калган тигилер аң-сезимдүү ойлонуу, көңүл буруу, маалымат кабыл алуудан калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушкан. 5 күнгө чейин уктабагандары болсо соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрүгөн абалга жетишкенде - доктурлар андан ары тажрыйбаны улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан.
Ал эми Чикагонун медициналык борборундагылар жүздөгөн жубайлардын ажырашуусун көзөмөлдөп, уйку сүйүүчүлөр оор, кайгы-капа бастырган ажырашууну оңой көтөрөрүн далилдешкен. Кыргызча айтканда, "санаасы жок - уйкучу" беле...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Июль 2014 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Уйкум таттуу болсун десең...
Кечке бут тарталбай иштесек да, кээде уктай албай кыйналабыз. Ак халатчандар буга көп факторлор таасир берет дешип, төмөнкүдөй кеңештерди беришет.
o Уктаарга жакын майлуу, күчтүү тамактардан качыңыз. Ашказанды жер-жемиш менен деле алдасаңыз болот.
o Төшөк өтө жумшак болбошу шарт. Өтө катуусу да жарабайт. Жаздыкты бийик жаздануу моюн омурткалар үчүн зыян.
o Ызы-чуу уйкуну бузуп, мээни эс алдырбайт. Эгер уктоочу бөлмө машине көп өткөн көчөгө же музыка жаңырган оюн-зоок жайларга жакын болсочу? Мындай учурда кулакка кебез тыгып коюнун зыяны жок.
o Мерчемдүү бир белгиленген убакта жатып жана ойгонууга аракет кылыңыз.
o Каракүч жана акыл-эсти талап кылган жумуштар уктаарга 4-5 саат калганда токтотулушу абзел.
o Уктаарга жакын күнүмдүк кылган ишиңизди анализдеп, жаман ойлорду өзүңүздөн оолак кууңуз.
o Уйкусуздуктан жабыркагандар тамеки, алкоголь жана кофеден баш тартуусу керек. Жатар астында жылуу ваннага чайкануу же сүткө бал кошуп ичүү жакшы жардам берет
.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 12 Июль 2014 - 20:17

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aikoo2014   13 Июль 2014 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Жакшы кенештер экен,менин уйкум келип кетти. Уктап калсамбыСүрөт же кино корсомбу?Сүрөт
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Нефрология
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: