Устукандардын аттарын жана алардын кимге тартыларын жазсаңар.
Сыйлашалы, устукандашалы,
форумчулар,
бири-бирибиз менен.
Устукан
#2 15 Май 2009 - 12:19
Устукандардын аттарын жана алардын кимге тартыларын жазсаңар.
Сыйлашалы, устукандашалы,
форумчулар,
бири-бирибиз менен.
Эн эле сонун эн эле Кыргыз учун урп адат,каада салт башкача айтканда салт катары келе жаткан Устукандардын аттары кыргыз баатырларында чон рол ойнойт азаматсыз Лайф мырза олуттуу тема.
Эмне дейбиз Устукан алуу белгилуу адамдардын же кандайдыр кыргыздын той тополон жайындыларында, уруул
ардын белгилуу адамдардардын бир табакта олтуруп калуулары боюнча чон рол ойнойт .Устукан тартуу улууларга тартылат биринчиден, аябай кылдаттык менен маани берип узатылат.Мисалы мен атап кетсем:"Эн улуу жилик деп Кашка жилик деп эсептейм ал жиликти сизге атаймын Лайф мырза теманы ачканынынз учун тамаша.Капчыгай ,керебет,жамбаш, уча дагы эсимден чыгып калыптыр.Сонун тема.
#3 15 Май 2009 - 12:36
Абдан сонун тема. Баарыбыз бир кыргыз болгон менен сөздөрдө
гү диалектилик айрымачылыктар сыяктуу эле, устукан тартуу жана алардын аталыштары ар жерде башка-башка.
.. Мына ушуну жалпы кыргыз жаштары (ошонун ичинде карылары деле) билип алганы оң. Устукандоо канаттуудан баштап, жылкы, төөгө
чейин бири-биринен аз да болсо өзгөчө
лөнөт эмеспи. Ошондуктан,
азыр биз көбүнесе пайдаланылган койдун жиликтери жана аны устукандап тартуу тууралуу сөз кылганыбыз оңбу дейм, кандай дейсиң Лайф мырза? Жогоруда эле Архидеянын билдирүү
сүнөн көрүнү
п тургандай устукандардын аталыштарынан да айрымачылыктар чоң. Аны: "Сеники туура эмес, мына бизде мындай аталат тиги жилик, демек кыргызча ушул гана туура аталыш",- деп, жеке көз караштарың
арды таңуулоого аракет кылууну токтотууну сунуш кылат элем. Ар бир чөлкөм өзүнү
күн аталашы менен кайсы устукан кимге тартыларын айтсын, анан биз өзүбү
здүкүн айталы! Сен айтып жаткан устукандоо усулу кайсы жерге таандык экенин так көрсөтү
ү керек. Мисалы, Архидея кайсы жердин устукандоосун айтты мага түшүнү
ксүз болуп калды. Дагы бир орчундуу нерсе: Өзүбү
здүн өтө эле тамашакө
й экенибизди көрсөтү
мүш болуп, туура эмес маалымат берип, же калжың аралаштыруу,
бери болгондо алжакелик болуп калат. Демек, бул темага олуттуу мамиле зарыл. Себеби, кичине эле туура эместик, конокто отурганда өтө ыңгайсыздыкты туудурарын ар бирибиз жакшы билебиз да ,ээ?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#4 15 Май 2009 - 13:46
Барс аба, туура айтат. Жазгыла билишиңерче урушуп-талашпып,
бөлүнү
п жарынбай устуканга келгенде да.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#5 15 Май 2009 - 14:24
Барс байке создорду соокко жеткидей жазыпсыз.Болгону оюмду,билгеним жана укканым жаздым сиздей жакшы билбейт экенмин.Бойроктон шыйрак чыгарыпсыз рахмат кенешиниз катуу кабыл алдым мындан кийин калжылдап жазбоого аракет кылабыз.Мен атаган жилик кимге тиешелуу деген созунуз тушунбодум,
адашпасам улууларга карап болунот,дагы башкача болунушун билбейт экенмин.
#6 15 Май 2009 - 14:52
Архидея, сенин сөөгү
ңө жеткидей нени жазганымды мен да түшүнө
албай калдым... Кызык... Сен шашылбай менин жазганымды дагы бир сыйра окуп чыгып, анан мага таарынчы, бай болгур! Сенин атаган устукандын кимге тиешелүү
экенин түшүнбө
дүм дегеним жок. Сен кайсы жердин устукандоо усулун жаздың ошону түшүнбө
дүм дедим. Мисалы, кара-суулуктардыкыбы,
ноокаттыктардыкыбы ж.б. Ал эми мен "Бөйрө
ктөн шыйрак чыгарган жокмун"...
"Бөйрө
ктөн шыйрак чыгаруу" дегендин мааниси чатак кокуй, аны экинчи оозанба!!
!
Акырында, "Сиздей билбейт экенмин " деп какшык аралаштырбай эле кой, бара-бара менче болгунча билип кетесиң, карындашым! Жогорудагы менин жазганымды дагы бир сыйра оку да, анан мага таарынычың ды айт!
Акырында, "Сиздей билбейт экенмин " деп какшык аралаштырбай эле кой, бара-бара менче болгунча билип кетесиң, карындашым! Жогорудагы менин жазганымды дагы бир сыйра оку да, анан мага таарынычың ды айт!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#7 15 Май 2009 - 15:01
Барс байке таарынганым жок болгону мына бул созунузду жаздым койдум ( (Дагы бир орчундуу нерсе: Өзүбү
здүн өтө эле тамашакө
й экенибизди көрсөтү
мүш болуп, туура эмес маалымат берип, же калжың аралаштыруу,
бери болгондо алжакелик болуп калат)) .Мен Лайфка арнап жилик берип тамашалап койдум болчу ошого катуу кабыл алдым.Себеп тамаша соз менден башка эч ким жаза элек.Какшык соз жазганым жок байке чынында да сиздей билбеймин Устукан адаттарын,чынында да озунуз айткандай сиздин жашынызга барганда билип калам, а балким сизден да жакшы билип калаармын деген ойдомун аллах колдоп берсе гана.
#8 15 Май 2009 - 15:03
Кайсы устуканды талашып жатасыңар – түшүнгө
н жокмун. Мен кашка жиликти алып, жанатан бери мүлжүп жатам жыргап коюп.
Башка устукандар жөнүндө жазгылачы, сураныч. Мисалы, жамбаш кимге тартылат жана кай жерде?
Башка устукандар жөнүндө жазгылачы, сураныч. Мисалы, жамбаш кимге тартылат жана кай жерде?
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#9 15 Май 2009 - 16:40
Устукан кимге кандай тартылат?
Таак, баштай берейин ээ.
Менимче жамбашты быссмылда дегенде эле Барс акеге беришибиз керек. Анткени ал биздин улуубуз, сулуубуз... (коп жакшы пикирлерди жазганыныз учун сулуубуз деп койдум дааа)
Таак, баштай берейин ээ.
Менимче жамбашты быссмылда дегенде эле Барс акеге беришибиз керек. Анткени ал биздин улуубуз, сулуубуз... (коп жакшы пикирлерди жазганыныз учун сулуубуз деп койдум дааа)
Бирок, жамбашты байбичелерге тартышчу эле. Суусамырда.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#10 15 Май 2009 - 16:44
Демек, койдун учасы (Аксыда "куймулчак"
деп да коет) редактор айым shasiгеби, же улуулата Аечкагабы? Калганын уланткыла!
Аксыда учаны (койдукун) байбичеге, ал эми жамбашты мага эле тартышат.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#11 15 Май 2009 - 17:13
Темада жазылгандарды окуп алып бираз маанайым которулуп калды, рахмат LIFE, жакшы тема, сен ачкан темаларды жаман десек,мени менен макул болушбастыр.
Дайыма ушуга окшогон олуттуу темаларды ачкандан эч жазбагын шок жигит.
Мен устукан жонундо "почти" билбейм, бираз эле билем.Жамбашты улуу аксакалдарга тартышат, ал эми куймулчакты куйругу менен (койдун учасын) кудагыйларга, алар жок болсо улуу апаларга тартышат, коп эле жерде. Токтогулда "башты" бир жилик кошуп аксакалдарга тартышат. Кабырга дагы чон устукан болуп эсептелет. Моюнду жаны торогон келинге тартат, баласынын моюну батыраак "какайсын" деп, батыраак моюну катысын деп башкача айтканда. Моюнду дагы жалпы эле келиндерге да тарта беришет, анткени дегенде моюнго башты кармап турган. Тошту созсуз турдо кыз кишиге тартышат. Устукандардын атын билбеймин, адаштыра берем, бирок корсом тааныйм, кайсынысын кимисине тартат ал жагын билем. Кыргыздарда ар бир устуканды кылдаттык менен тартышат, ар биринин оз милдети бар, озгочо куда тоскондо абдан билинет.

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#12 15 Май 2009 - 17:19
Мен темага байланыштуу,
т.е. жиликтер жонундо эч нерсе билбейт экенмин. Уят ээ?
Мага койдун терисин деле ыраазымын, бир нерсе жасап алаттырмын. .. Бирок аны деле билбейм...
Жаман ээ, малга аралашпасан, ушинтип куржалак каласын дегендей...
Мага койдун терисин деле ыраазымын, бир нерсе жасап алаттырмын. .. Бирок аны деле билбейм...
Жаман ээ, малга аралашпасан, ушинтип куржалак каласын дегендей...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 15 Май 2009 - 18:28
Ой, негизгиси баш калыптыр го! Ырахмат Аечка, эске салганың
а... Эми башты Көлдүн көп жеринде кичүүгө
тартат, Ал эми Чүйдө эң улуусуна тартат экен. Ал эми Аксыда аны улуу кишиге алып келет. Анан ал киши кулагынанбы,
же көздүн жанынанбы, бир аз алып ооз тиет да, аны жанындагыларга аздан, бир-экөө
сүнө үлөштү
рүп туруп, катарда отурган жаштардын бирине узатат. Ал башты ыгы менен жигине ажыратып бөлөт да, баш бөлүнгө
н табакты баарына кайра айландырат.
Ошентип, баштан баары ооз тийишет. Баштын бөлүгү
нү эң улуу усутканы көздөрү
, анан кулак... ошентип кете берет. Башты жиги менен бузуу-өзү
нчө искусствону талап кылып, ошого жараша баш бузган киши бааланат. Демек, алгач башты мага алып келишиңер керек. Анан мен ооз тийген соң, Аксыда аздыр-көптү
р жашап калган Лайфка узатам, ал бөлгөндө
н кийин баарыбыз жейбиз, буйруса!..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#14 15 Май 2009 - 18:45
Туура Барс аксакал, башты улууларына тартылса сиз айткандай ал кичуусунобу,
же озу сыйлаган жигитке узатат. Ал жигит кетенчиктеп,
жок мен баш бузалбайм деп айткандарга абдан уят болот. Башты тартканда дагы бир кулагын кесип алып анан тартышат, козду берип жатканда коздошуп журолу деген максатта дагы бир сыйлуусуна узатат. Кудагыйдын куймулчагын дагы ушу баш сыяктуу эле, куйругунан кесип алып элдин баарына узатат алган киши. Жамбаштан экоо болгондуктан,
бироосун улуу аксакалга, экинчисин аялдардын улуусуна, сыйлуусуна тарта берет бут эле жерде. Ошондуктан аксакал, мен кудагый болбогондуктан,
жамбаштын бироосун мен алып кеттим, менден улуу айым жок болуш керек бул форумда,ээ? Ал эми далы- кимге тартылат, кайсы убакта... ким айтып бере алат?
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#15 15 Май 2009 - 18:55
Мен дагы эстегендерим жаза берейин. Таласта, Токтогулда башка кошулуп бир сыйлуу жилик кошулат, жото жилик же кар жилик.
Жото жилик (чуколуу жилик) чон устукандардын бири, кашка жилик, кар жилик, далы жана ушуларга кошуп сырттуу кабыргаларды кошуп берсе болот. Омурткалар да устукан катары тартылат, созсуз бирден кабырга кошулат. Кабырганы эгер киши коп болуп кетсе озунчо устукан катары да бериле берет.
Жото жилик (чуколуу жилик) чон устукандардын бири, кашка жилик, кар жилик, далы жана ушуларга кошуп сырттуу кабыргаларды кошуп берсе болот. Омурткалар да устукан катары тартылат, созсуз бирден кабырга кошулат. Кабырганы эгер киши коп болуп кетсе озунчо устукан катары да бериле берет.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#16 15 Май 2009 - 18:57
Эгер конокто кудалар отурган болсо, куймулчак кудагыйга тартылса, анда кудага жамбаш тартылат. Экинчи жамбаш дагы бир куда жактан аксакалына эркекпи, аялбы айрымасы жок, тартыла берет.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#18 28 Май 2009 - 14:49
мага карын берип койгулачыыыыыыыы , жегим келип жатат !
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной,
имею наглость быть счастливой!
!!
#19 03 Июль 2009 - 13:14
Эн сонун тема экен!!!
Кайсы устукан кимге тартылаарын билбей отурган кандай уят, мумкун болушунча билгендер айтып берип тушундуруп жатканда, кыпчылып, калжың аралаштырбай коё тургулачы суранам. Аechka ,Барс байке дагы билгендеринер менен болушо кеткилечи...
.
Ал эми ким тамаша соз айталбай отурса, башка темалар коп эле тамаша курууга.
Ал эми ким тамаша соз айталбай отурса, башка темалар коп эле тамаша курууга.
#20 25 Август 2009 - 18:30
Мына кызыыык... Ушуга чейин форумдун ашканасына кире элек экенмин тообо. Себеби мен реалда да ашкана тарапка баспайт элем да ошондуктан болсо керек... Эми темага кайтсак: Негизинен 12 жилик бар койдо
1. Жамбаш
2. Кашка жилик
3. Жото жилик
4. Далы
5. Кар жилик
6. Мукуй.
Булар жилик деген атка ээ биз жакта т.а. Кара-Кулжада(Ош облусундагы район). Анан дагы буларга кээдеКуймулчак, Карчыганын ар бир омурткасы адам кобуроок маалда кошулуп кетет. Ал эми Башты(бизде калда делет) Аксакалдардын бирооно же болбосо отурган коноктордун ортосуна коюп берет, анан алар оз ара чечишип бирооно берет. Дагы кошумча:Кабыргалар бизде жаш балдардыкы. Менимче баарын эле жаздым окшойт, эгер унутуп калган болсом дагы улап жазам кийиниреек. ..
Келгиле анда ЖИЛИКТЕРге карагыла да тартынбастан улуулата ала бергиле..

Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия