Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор
#1001 09 Июль 2016 - 12:16
#1002 09 Июль 2016 - 12:19
[left][b][size=" 4"][color="#2f4f4f" ]Бир куну алтын саткан магазинге бир эркек аялы менен келип алтын буюмдарды тандашат. Алар менен чогу, колунда небереси бар Апасы да кирет. Майрам куну болгондуктан, эркек аялынын конулун котороюн деген максатта, аялы кандай алтын буюмдарды тандабасын, кымбатына карабастан алып бергенге даяр эле. Ошентип аялы тандап отуруп, тандап отуруп, баасы 20,000 реалга барабар баалу алтын буюмдарды тандайт. (биздин сом менен эсептегенде 400,000 сом). Эркек кассага келип 20,000 реалды берсе, сатуучу: ʺсизден дагы 100 реал (2000 сом)ʺ дейт. Эркек тангалып: ʺ эмнеге? Тандаган буюмдарыбыз 20,000 реал болдугоʺ десе, тиги сатуучу: ʺсиз менен чогу келген Апа дагы 100 реалга шакек тандап алдыʺ деп, ал эркектин Апасын корсотот. Караса, чын эле колунда жонокой кумуш шакек кармап алган, ал шакекти карап, ушунчалык бактылуу болуп турган Апакесин корот. Бирок, сатуучуну карап: ʺал кемпирге шакектин деле кереги жокʺ деп, апасынын колунан шакекти алып, сатуучуга кайрып берип коет... Уулунан мындай мамилени кутпогон Апакеси шакекти алганына окунуп, козунон жашы буркурап, небересин уулуна карматып коюп, магазинден сыртка чыгып кетет. Мунун баарын байкап турган келинчеги, куйоосуно барып: ʺсен эмне кылып жатасын? Эми баланды ким карайт?ʺ деп куйоосуно айтат. Бирок, келинчеги кайынЭнесин жакшы коргондуктан эмес, небересин карабай коет ко - деген ойдо, корккондуктан куйоосуно: ʺАпана шакекти алып берʺ дейт. Анан куйоосу, ойлонуп, шакекти алып апасыныны артынан барса, Апасын уулуна: ʺмага бул буюмдун деле кереги жок. Бугун майрам болгондуктан, элдер менен чогу откороюн - деп, шакекти тандадым эле. Аллах сени кечирсинʺ дейт экен. (аягы)----------- --------
#1003 09 Июль 2016 - 14:52
Ассаллому ьалейкум ва рохматуллоохи ва барокаатуху! Мен бул жөнүндө айткым келгендин себеби жалпы ата - энеге кайрылаар элем. Эч качан уулдарынызды же кыздарынзды болбогулочу сураныч! Бул нерсе менин кокурогумдо кара так бойдон кала берди же ушунчалык кекчил белем билбейм. Айтоор эсиме түшкөндо сыртыман кулсомда, ичтен сызып жүрөгүм ыйлап алат. Мындай балачак эч кимге каалабасмын. Анда эмесе түшүндүрүп берейин. Биссмилляхи рохмаани рохим. Менин өтө кичинекей балачагым эсте калган жок, бирок аянычтуу күндөр көз алдыга театр сыяктуу тартыла берет экен. Биз өзүбүз көп бир тууганбыз. Атакем эң улуусу эркек болгонун самачуу экен. Эркек болсо карындашкарына көз болуп карайт деп ойлочуу экен. Тилекке каршы улуулары бирөө эмес үч кыз болду. Андан соң эркек кыз аралашкан. Бирок биз үч кыз удаа болгон үчүн үйдүн биринчи тобу сыяктуу ар нерсени эрте уйронуп үй тиричилигине эрте аралаштык. Тагыраак айтканда эркекке тиешелуу ишти да, кыздарга тиешелуу ишти да мен билгеним мектеп жашына келбестен жасай баштаганбыз. Атакем арак ичет эле. Соо кезинде эң сонун, а мас болсо эле андан өткөн жинди жок. Эмнегедир ар кимибизге мамилеси ар башкача эле. Улуу эжеме баары бир мамиле жасачуу. Ал апакеме окшош анын бар жогун деле байкабайт эле. Мени жининдей жаман көрөт эле. Анкени мени өзүнүн бир тууган эжесине ябай окшоштурушат. Кичуу эжем өзүнө окшош. Аны өзгөчө жакшы көрөт эле. Бизди жалдыратып қаратып туруп ага таттуу - токоч, таап келген акчасын, ал эле эмес мектептен жакшы окуп, жакшы баа алып келсе мактап акча берээр эле. Уйдо апакемда бизге болуша коём деп көп чыр чыкчуу . Кичуу эжем ойноп жүргөн болсо бизди урушуп чакырат эле. Ошол убакта далай күндөр отту көз агызган атакем мас болгон учурда. Ичпениз деп айтмактыгул " А"деп сөз ача албайбыз. Урушуп баарыбызды кууп жиберет. Апакеме да колу көп тийген. Бир эле шартыбыз кичуу эжем эле. Ал сүйлөшүп курчактап жаткызып уктатып койоор эле. Бир жолу эсимде. Ерте жаз эле. Эшикте журсок иним чуркап келип айтты" атам келе жатат бекиниз"- деп. Шашып чуркап кирип жашынчуу жер дивандын алдына кирдим. Ал дагы туура басып ошол дивандын үстүнө жатты. Анан кичуу эжемди чакырды. Ал келгенде мактап қызым кел деп курчактап жатып бир топко суйлошушту. Аларды тыншап жатып көздөн жаш чыгат. Дем алсам угуп калчуудай коркуп демимди кысып жатып дивандын астында уктап калган экем. Эжем ойготту атам уктап калды чык деп. Айта берсем буга окшогон күндөр көп болгон. Атакем уктаганча менин бир тилегим Жараткандан суранат элем. Буйруса чонойгондо көрсөтойун жакшы көргөн кызы кандай жаман көргөн кызы кандай болгонун деп. Иштеп эң чоң жардам берсем экен деп тилээр элем. Эң башкы максатым Атакем мага ыраазы болсо экен дечим. Атакем мас болуп келгенде эгер мен үйдө болсом дивандын алдына же шфанердин ичине кирип кетчуум. Эшикте болсом сарайга же огоротту аралап Үйдөн алыстаар элем. Кандай болсо да мени көрбөсун деп. Көргондо деле кууп иймек. Озумо өзүм көп суроо бердим : " Эмнеге өз канынан жаралган кыздарын бирисин жакшы же бирисин жаман көрөт? " - деп. Жашынып далай кышкы түн жана жайкы түн өткөн. Ыйлап жашынып уктап калган кундорум өткөн. Акырындык менен убакыттар өтүп атат. Бир жолу атакем бизге информатикадан сабак берген агай менен чогу сүйлөшүп калган экен. Биз жөнүндө сөз болуп мени аябай мактап "олимпиадага алып барам. Болбосо үйгө чакырып окутам"' деп мен жөнүндө көп айтыптыр. Уйдо чогу тамактанып отурганда агайды айтып сурап калды. Айтып атып жузундо да кубанычтуу сезим бар эле. Тобом кокко жетип ансайын агайдын сабагына көңүл бурдум. Бирок бир туугандарыбыздын баары эң жакшы деген баа менен бутурдук мектепти. Ошентип райондук олимпиадага озумдун класс эмес бир класс ойдо барып биринчиликти алып келдим. Айылда да кабар бат эле жайылат эмеспи. Досторуна жуу берип мактанды. Эжемдер да барган бирок орунга илинишпеди. Айтоор ар бир кадамыма Аллахым жолок болуп жардам берип турат. Аллах кандай улуу Зат. Ачыгын айтсам атакемдин ыраазычылыгын алыш үчүн озумду курмандыкка чалгым келет. Орто окууну бутуп чоң окууга тыпшырдык. Апам өзү чоң окууну окубай эрте турмушка чыкканы үчүн баарыбызды чоң билимдуу кылды буйруса. Ошентип улуу эжем окуусун бутуп турмушка чыкты (ала качып). Кичуу эжем окуусун бутпостон аны дагы ала качты. Ошол күн дагы озунчо трагедия болгон. Атакем дин жөнүндө жакшы билбесе да бизди эки жака чыгарбай жакшы тарбия берген. Энесин көрүп кызын ал дейтко. Апакем аябай оор басырыктуу, тушунуктуу эң жакшы инсан. Ошол себептен да жуучу көп келсе керек☺☺ .Акыры турмушка чыгуу мага келди. Бирок мен озумдун максатыма жетуу үчүн чет олкого сапар алдым. Түркияга Аллахым мен үчүн ырыскы чачкан экен. Бир үй-бүлөөнун кызын карап, тамак жасап, үй жыйнап иштеп журом. Кудайга шүгүр булар жакшы адамдар. Жаңы келгенде қыздары атасы менен ойноп атышса ичим тилине тушчуу. Атакем каршы болгон экен, бирок мен билген эмес элем. . Коркуу сезим менен атам менен эч жакшы суйлошо албайм. Кандай -жакшы менен созубуз бутот. Жакында Кыргызстанга бардым Түркиядагы эркектердин кыздарга болгон мамилесин көп угуп окуптур. Мен дагы барып келуу ойдо билет алып алгам. Иштеп жургонумо 2 жылдан ашты. Билинбегени менен көп жардам берсем керек. Азырда иштеп атам бир четинен ыраазы болуп бир четинен нааразымын. Анын жылуу создоруно ыраазы болуп, кайра кетпечи деп суранганын эстеп нааразы боло берем. Кетем деп жатканда атам жанына чакырып" қызым кетпей эле койчу, мен сага ыраазымын. Мен сени башында эле иштетким келген эмес. Эмне бар Түркияга?-десем апан болбой койгон. Алардын эркектери жаман экен деп (билген окуяларын айтып берди) мен эжен экөөсуно нааразымын. Улуусун жардам кылып иштесин десем коркуп Москвага тайкендерге барбай койду. Милиция болсун десем да кайдагы переводчике окуп эми ага иши жок жатат диплому сандыкта. Кичуусу да эрте тийип кетти окуудан окуу тандап атып. Баары бутту эми бактылуу жашасын. Сен менин аталык мээримимди актадын мен сени канча жолу уруштум, ага карабай мен каалаган окууга окуп, бизге болгон кучунду жумшап, жардам бердин. Эки жылдан бери андай кылдык мындай кылдык. Баарына сен жардам бердин"-деди. Мен бирок укпай келе бердим. Иш боюнча создошмом бар эле. Бир жыл иштеп сизге машина алып берсем, анан озумдун себимди даярдасам келем атаке деп сооротуп келе бердим. Бирок мен азыр Кудайга шүгүр элемин. Жакында тилегим ишке ашып машина алдылар. Бирок өмүр бою иштеп эмес. Мен дагы бактылуу жар, мээримдүү эне болсом экен деп тилек кылам. (аягы)
#1004 09 Июль 2016 - 15:07
Баарыбызга белгилуу, Адам (а.с.) пайгамбардын бою 60 чыканак болгон, жана 1000 жыл жашаган, бирок, кылым откон сайын Адам(а.с) балдарынын жашы ж-а бою кыскарып жатып, азыркы кундо (орто эсесеп менен алганда) 90 жашты тузсо, а бой 170-180 см.ди тузот.Копчулук ыйман келтиргендерге белгилуу окуя: Канчалаган кылымдар мурда, бир Израиль адам аралда(астров) жалгыз омур сурчу. Ал кезде адам балдары 500-600 жыл жашашчу. Ал аралдагы финики бак-дарактардан тамактанып жанын сактап келчу экен. Бирок, ал таптаза адам эле, башкача айтканда эч-бир ушак-жаман создорду суйлобогон, зинаа бузуккулукту билбеген, жалган айтпаган, эч-бир куноо иш кылбаган Адам эле. Андан тышкары Алла таалага 500 жыл сыйынат. Элестетиниздер, 500 жыл сыйынат. Алла таала Ыйык Къуранда айтат: "БАРДЫК ЖАНДЫКТАР ОЛУМ ДААМЫН ТАТЫШАТ"(21: 35)Анан ал 500 жыл сыйынган адамга олум жетип Алланын алдына келет. Алла таала андан сурайт:
- сенин куноон барбы?
Ал адам:
- жок - деп жооп берет. "билишимче эч-бир куноо кылган жокмун"
Ошондо Алла таала кайра сурайт:
- сен бейишке менин мээримим менен киресинби, же, озундун кылган сооп амалдарын менен кыресинби?
Ошондо ал пенде:
- озумдун кылган сооп амалдарым менен кирем - деп жооп берет. Анткени ал пенде "500 жыл Ааллага сыйынганын ото чоон бир сооп иш коруп, бейишке киргенге ошонусу эле жетет" деп, ойлогон.Ошондо Аллах тала периштелерге озунун мээримин жана ал пенденин 500 жыл сооп амалдарын таразага тарттырса, Алла тааланын бир эле коз караш мээрими тиги пенденин 500 жыл сооп амалдарынан оор болуп кетет. Анан Алла таала ал пендени тозоко жиберет... Качан ал пенде, буттары Алланын окуму менен тозоко баратканда: "О, Аллах! Озундун мээримдуулугун менен мени бейишке жиберчи" дейт экен
-------------------
Муслим' ден келген хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в):- "Силердин бироонор дагы оз амалдары учун бейишке кирбейт" - деп айтса,- сен дагы кирбейсинби, о, Алланын элчиси?" деп элдер сурашат.Пайгамбарыбыз(с. а.в):-"эгерде Алла таала мага мээримин чачпаса мен дагы кибейм" -деп жооп берет экен.("сахих" Муслим 2816)Хадис Кудси'де, Алла таала айттат:"Эгерде силерден мурдагы жана кийинки жиндер менен адамдар, чондорунар, кичинекейинер, баардыгынар чогулуп алып мага кызма кылсанар да, менин тактымдын(трон) бир чанча нерсе да кобоюп кетпейт..."
----------------
Урматту бир туугандар, дайыма амалда бололу, бирок, Алла тааладан мээримдуулукту да сураганды унутпайлы. Ар-бир намаздын аягында дуа кылалы:"О, АЛЛАХ! МЕНИН КЫЛГАН АМАЛДАРЫМ УЧУН ЭМЕС, ОЗУНДУН МЭЭРИМИН МЕНЕН КУНООЛОРУМДУ КЕЧИРИП, КАБЫР АЗАБЫН ЖЕНИЛДЕТИП, ТОЗОКТУН ОТУНАН САКТАЙ КОР..."
Билдирүүнү түзөткөн: Topchubai: 09 Июль 2016 - 15:13
#1005 09 Июль 2016 - 15:19
Жашым 65 тен отуп калган, кемпирим экообуз 35 жыл омур сурдук, кемпирим олгонуно туура он жыл болду, 7 балам бар 4 уул,3 кыз,баары жакшы иште иштешет уйлуу жайлуу, чон балам 40 жашында ааламдан отту.Карыганда коп оорудум, ар доктурга барып коруном, бутум ооруйт нервден деп эле жаткырып койушат, палатада кошуна аксакал киши жашы 67 де, ал да башы ооруп жатыптыр.Анын аты Жоробай,эки уулу, бир кызы бар экен , кемпири жаш ааламдан отуп, андан кийин уйлонбоптур, эки уулу кунуго келет, атасына башкача мээрим мн карашат, балдары намаз окуган ыймандуу жигиттер, кызы да эки кундо бир келип турат, тез тез звонок кылып ахывалын сурап туратМына бугун кичине уулу келди, кирип эле баарыбызга Ассалому Алейкум аталар, жакшы жатасыздарбы? Аллах шыпаасын берсин деп жылмайып амандашат, атасына келип корушот, атасынын жузунон ооп колунан жыттап койот.Тамагын берет массаж жасап колу бутун ушалайт, бугун атасынын бутун самындап жууп тырмагын алды, кийимин которду, атасы каршылык кылып-эки кун болду го алмаштырганыма, ботом тим койчу, келинди да кир жуудуруп кыйнабай.Анда баласы
-Ата кир жууш да ишби, сиздин кирди жуубаса анда мен аялды эмнеге алдым-деп тамашалап кулот.Доктурдун узуун каридорунда жетелеп басат, андан келип жаткырып, суйлошуп олтурат, атасы уктаса биздин идиш табакты жууп келет, бизди да колу бутубузду укалап массаж жасайт,рахмат айтсан,Мага бир дуа кылын деп турат.Атасы турганда даарысын берип, тамагын ичирип анан уйуно кетет, эртеси чон уулу келет.Ал ото шустрый баарыбызды каткыртып кулдурот, палатага келип эле жаркылдап салам берет, атасына жетип эле Кубатым, кучум бейишим деп кучактап эркелеп кетет.Атасы каткырып эле
-Ой сен бир шумсун, озун неберелуу болуп калдын дале эркелейсин -деп койот.Кызы келет ал да жоолук ороп, намаз окуган кыз, атакелеп жаны тынбайт,Атаке эмне жегиниз келди эртеге жасап куйоо баланыздан берип жиберейин, мени билесиз кичине келин кунуго келе албай жатам, ата эмнениз кем даары дармек баары барбы, мен врач мн суйлоштум, эки уч кундо чыгат деди-деп суйлоп жатты.Бул Жоробайдын эки уул, бир кызы болсо да кунуго келишет, а менин алты балам бар, уч уул уч кыз, доктурга жатканыма беш кун болгондо бир уулум эки кызым мн келип кетишкен, андан бери беш кун отту, доктурда жатканыма он кун болду, бирок дале эч кимиси жок, кийимим кирдеп тер боло тушту, кичине уулума звонок кылып-Балам менин кийимдеримди алып келип берчи айлайыйын-дедимАл канттиниз даары дармек эмне болуп жатат, тамак ашын кантти дебеди
-Ата иштен бошоп эле алып барам деп телефонду очурду.Балдарыма капа болдум, бир уйдон ыссык тамак жасап келишбеди, келип кабар албады, жада калса звонок кылып сураганга жарашбады, оорудум десем эле кабактары туйулуп,Сиз эле ооруй бересиз, же чын же жалган экенин билбейбиз дешип суйлонушот, баарынын машинасы бар, а мен доктурга корунгону озум басып, кыдырып таап келем.Эртеси кичине уулуму келет деп куттум, бирок анын ордуна жетиде окуган небере балам келди, пакетке кийим алып келиптир.Кийимден башка эч нерсе жок, эч болбосо ыссык атала да кылып бербептир, козумо жаш келди ыйладым, неберем да коруп турду.Кийимди чечип берейин алып кет жууп койор апан дедим.Кийимди которо албай кыйналдым, Жоробайдын кичине баласы алмаштырганга жардам берди, эскилиги жеткен кийимимди элдин алдында алмаштырып жатып намысымдан шороктоп ыйладым, эмнеге оз балдарым мага мындай суук мамиле жасайт деп опко опкомо батбай ыйладым.Корсо балага тарбия бергенде ниет дуба кылганда, чон иште иштесин, чон депутат же аким болсун деп ниет кылбаш керек экен.Балага ыймандуу, нысааптуу Аллах жолунда жургон, ата эне кадырын билген инсан болсун деп,ниет дуба кылыш керек экен...Аллахым бизге тава хавиз жана эн жакшы тукум уруктар беришин сурап кетебиз...АМИИН
Билдирүүнү түзөткөн: Topchubai: 09 Июль 2016 - 15:29
#1006 13 Июль 2016 - 00:27
#1007 14 Июль 2016 - 04:17
" Мен Бейишти кордум жана андан оскон жемиштерди алганы колумду сундук, эгерде мен аны узууго улгургонумдо, анда силер шек кумонсуз ал жемиштерди бул дүйнөнүн аягына чейин жемексинер. Андан тышкары мага Тозоктун жалыны корсотулду, мен бугунку коргонумдон коркунучтуураак эч нерсе коргон эмесмин, Тозок элинин копчулугу аялдар тузоорун кордум ".
Аллахтын элчиси айтат :
Эй аялдар. Жамааты! Кайыр садака кылгыла, анткени мен тозок элинин коп болугу силер аялдар экенигерди кордум. - Деди. Аялдар " Эмне себептен, Оо, Аллахтын элчиси? " - деп сурадык. Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллам) "Силер адамдарды коп каргайсынар, куйоонорго бейопалык кыласыңар" - деп айтты.
Пайгамбарыбыз (алейхи ва саллам) айтты:
"Бейиш элинин эн азы - аялдар" - деген..
Башка хадисте келет.
Тозок эшигинин астында турдум, ал жерге киргендердин копчулугу аялдар экен " - деди..
<Оо, Аллахтын элчиси (СоллаЛлооху алейхи ва саллам) эмне учун андай? ~ деп сурашат. Ал < Себеби алар жакшылыкты билбеген оопасыз>, - деди. Адамдар: <алар Аллахка оопасыз кылышабы?> - деп сурашты. Пайгамбар (СоллаЛлооху алейхи ва саллам) <Алар куйоолоруно оопасыздык кылышат жана оздоруно кылынган жакшылыктарга ыракмаат айтышпайт. Эгер алардын бироосуно омур бою жакшылык кылсан, анан ал сенден озуно жакпай турган нерсе корсо, мен сенден эч качан жакшылык корбодум деп айтат > -деди.
Аннас (разияллооху анху) риваят кылат :
Пайгамбарыбыз( саллаЛлаху алайхи ва саллам) Аллага ант! Силер Мен коргон нерсени коргонунордо, аз кулуп, коп ыйлайт элеңер? > - деди. Сахабалар: < Оо, Аллахтын элчиси! Эмнени кордун? > - деп сурашты. Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллам) <Бейиш жана Тозокту кордум >, - деди.
Оо, Мухаммад сен "Сакар" тозогунун кандай экенин билбейсин. Ал озуно ташталган эч бир кылмышкерди калтырбайт жана жон койбойт. Терини карартып, озгортуп коёт.! Анын учтундо он тогуз орой периштелер бар.
Кээбир аалымдар Тозоктун аттарын айтышат.
1. Жаханнам - куноокор мусулмандар болот.
2. Лазо - жооттор болот.
3. Хутма - Христиандар болот.
4. Сайир - Кунго сыйынгандар болот.
5. Сакар - Мажустар болот.
6. Жахиим - Мушрик араптар болот.
7. Хавия - Мунафыктар болот.
Аллах Таала Тозоктун жети дарбазасын бар экенинен кабар берген. Аллах Таала айтат:
" Сени Иблисти ээрчигендерден бардыгына убада жайы, албетте, тозок! Анын биринен бири томон жайгашкан жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын болук- болук топтору куноолорунун даражаларына жараша азап чегип киришет.
Аллах Таала "Хумаза" суросундо айтат :
Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган баардык шылдыңчыга азап -тозок болсун! Ал мал-мүлкүнту адал -арамына карабай чогулттуп эскптеди. Дуйно - мулкту аны түбөлүк жашатат деп ойлойт. Жок.! Алар Кыйаматта сосуз. <Хутамага > ташталат! (Оо, Мухаммад! ) Сен <Хутама > эмне экенин билбейсин. Ал Аллахтын алоолонгон тозогу, (Денеден теешип отуп) журокторго чейин жетет! Чынында, Тозок алардын устунон жаап коюулган. (Эшиктери) узун чынжырлар менен бекемделген.
<Ал эми, кимдин сооп таразасы женил келсе, Анын энеси - <Хаавия! >. (Оо, Мухаммад) Сен <Хаавия > эмне экенин билбейсин. Ал каттуу кызытылган тозок!"
Эми тозоко кирген адамдын аттары..
Куранда ачык келет.. "Ал Фираун Кыяматта оз коомун жетелеп, Тозокко алып келет"..
Нух жана Лут (а.с) аялдары тозокто куйот
Абу Лахабтын колу кургасын озуда аялыда тозокто куйот.
Аллахтын элчиси айтат:
Олукко окуруп ыйлаган адам, эгер тообо кылбастан олсом, Кыямат куну тургузулат да, ага карай майдан жасалган ыштан (шым) жана оттон болгон соот (Кийим) киргизилет " - деген. Башка хадисте: Олукко окуруп ыйлаган адам, эгер тообо кылбастан олсо. Аллах Таала кара майдан болгон кийим жана оттон болгон соот киргизилет. - Деп айтылат...
Бардыгы сахих Хадис...
Дин таануучу: Исхак Мамасалиев
#1008 07 Август 2016 - 22:21
kaitpas (09 Февраль 2012 - 08:27) жазган:
Сестра айтып жатпайбы жолдошун жамандап алып анан келсе бир жакшы ээрчишип кетти деп.Сураныч кыздар бироонун оюн туура тушунгуло озунорду оюнарды туура деп чечпегиле андан коро темага оюнарды билдирип койсонор жакшы б.олмок
эн туура айтасыз ойунузга там бердим туура тушунуп жазгыла чынын айтканда баары жаман емес еркектер жаман баары бир гор деп жэ айалдар жаман дегенден алыс болгула суйуктуу атанар,баланар, акенер бар дегендей суйуктуу апанар,кызыныр эжэнер бар еске алыныздар.
#1009 14 Август 2016 - 02:10
Mediziner (26 Июнь 2016 - 17:38) жазган:
1. Ал өлгөн соң, анын табытын ошол убактагы Осмон Империясынын эң мыкты жоокерлери көтөрүүсүн табыштайт.
2. Табытты көрүстөнгө көтөрүп барганга чейин, ар бир баскан жолго алтын менен баалуу таштардын чачылуусу керектигин айтат.
3. Табыттан анын колдору сыртка чыгарылып, аны бүт эл көргүдөй болушу керектигин табыштайт..
Аскер башчысы таңыркап, падышадан бул каалолордун себебин сураганда, падыша төмөндөгүчө жооп берет:
1. Менин табытымды эң мыкты аскерлер көтөрсүн, муну көргөн адамдар, өлүм менен бетме-бет келгенде эң мыкты аскерлер да алсыз болуп калаарын түшүнсүн.
2. Менин табытымды көтөрүп бараткандардын артынан алтындарды, кымбат баалуу таштарды таштагыла, аны көргөн адамдар бул дүйнөдөгү тапкан байлык кайра эле ушул дүйнөдө калаарын түшүнсүн.
3. Менин колумду табыттан чыгарып койгула, анын көргөндөр керек болсо Дүйнөнүн падышасы да бул дүйнөдөн куру кол кетээрин түшүнсүн..
Элин ойлогон чыныгы падышалар ушундай болот... Бул чындык.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#1010 01 Сентябрь 2016 - 09:28
Белгилүү аалым Малик бин Динар үйүнүн бир бурчунда тахажуд намазын окуп олтурса, ачык турган терезесинен ууру кирип үй ичин тинте баштайт. Малик бин Динар эл арасында кадыр-барктуу адам болгон менен үйүндө жарытылуу эч нерсеси жок эле. Ууру ары-бери үйдү тинтип, колго урунаар эч нерсе таппайт да, бурчта олтурган аалымды кандайдыр бир буюм го деп ойлоп жанына келет. - Ассалааму алайкум, - деп салам берет Малик бин Динар жанына келген ууруга. Ууру чочуп кетет, бирок кайра артка кайтууга кеч болуп калганын түшүнөт да: - Алайкум ассалам, -деп алик алат. - Келиңиз, таксырым, жакшы келдиңиз, бир аз сүйлөшүп отуралы, - деп Малик ууруну жанына олтургузат. Ууру өтө ыңгайсыз абалга калганына карабастан, аалымдын жанына көчүк басат. - Куттуу үйдөн куру чыкпайт, - дейт Малик уурунун башына өз башындагы топусун алып кийгизип, - сиз издегениңизди таппай калдыңыз, эми бул жерден куру чыкканыңыз жарабас, жок дегенде мени менен эки ирекет намаз окуй кетиңиз. Аалымдын жылуу мамилеси, таасирлүү сөзү, баарынан да сөз менен айта алгыс жупунулугу уурунун жүрөгүн жибитти. Ал: - Мени кечирип коюңуз... – деп, башын ийип кечирим сурамакчы болду эле, Малик аны ийнинен түртүп өйдө кылды да: - Менден кечирим суроонун кажети жок, тескерисинче сиз мени кечирип коюңуз, издегениңизди таппай убара болуп жатканыңызда өзүмдү абдан ыңгайсыз сездим, - деди. Анан туруп барып кумганга суу куюп ууруга карматты. Ууру даарат алып келип Маликтин жанында эки ирекет намаз окуду. Намаз окулуп бүткөн соң, Маликке кайрылып: - Дагы эки ирекет окуп алсам уруксатпы? – деп сурады. - Каалаганыңызча окуй бериңиз, - деп жооп берди Малик. Ошентип экөө таң атканча чогуу болушту. Эртеси ууру, уурулуктан тооба кылгандыгын, эми экинчи мындай жолго барбастыгын айтып, аалымга ыраазылыгын билдирип чыгып кетти. Арадан бир канча күн өткөндө, уурунун көптөн бери «жумушка» чыкпай калганына таңданган эски досторунун бири ага жолугуп: - Сен эмне кен таап алгансыңбы? Жумушка чыкпай калдың? - деп сурап калды. - Ооба, кара курсакты тойгузчу кен эмес, жан дүйнөнү жандантчу кенди таап алдым. Эгер кааласаң сага да аны көрсөтүп коём, - деди. Досу жакшы түшүнбөй калса да, кандайдыр бир нерседен үмүт кылып макул болду: - Макул, мага да көрсөт. - Түн ичинде Малик бин Динардын үйүнө барсаң, ошол жерден баарын табасың...
#1011 03 Сентябрь 2016 - 00:55
Кайсы заманда экени белгисиз, кыскасы бир шашма адам жашаган экен. Ал үйлөнгөндөн кийин бир канча жыл балалуу болбой жүрүп, акыры балалуу да болот. Аялы экөөсүнүн кубанычтары койнуна батпай баласын бапестеп багып жүрүшөт. Бир күнү аял адаттагыдай эле баласын күйөөсүнө калтырып, карай турган адамы жок жалгыз кемпирдин тамак-ашын даярдап, кир-когун жууп берүү үчүн чыгып кетет. Кашайып ошол учурда бир топ желдеттер келип: - Сени хан чакыртып жатат, кечикпестен биз менен жүр! – деп талап кылышат. Тиги же баласын таштай албай, же хандын талабын жок дей албай айласы кетет. Акыры бир чечимге келип, баласын жаткырып, жанына үйдөгү чоң мышыгын калтырат да, жолго чыгат. Алар үйдөн узап кеткен соң босогонун алдынан бир кара чаар жылан сойлоп кирип, балага жакындай баштайт. Сергек мышык анын алдынан тосуп, экөө арбаша кетишет. Акырында мышык так секирип жыланды кекиртектен тиштейт да, муунтуп өлтүрөт. Башы-көзү канга боёлгон мышык, өз эрдигине корстон боло эшик алдына жата кетет. Хан сарайдан шашып келген үй ээси эшиктен кирип эле, оозу-мурду канга боёлуп уктап жаткан мышыкты көрүп нес болуп калат. Оюна жамандыктан башка эч нерсе келбеген үй ээси «Сага ишенип таштап кетсем, сен ушуну кылдыңбы» деп кыйыкырып, колундагы таягы менен мышыкты башка чаап өлтүрөт. Анан таягын сүйрөп, шалдайып төркү бөлмөгө кирет. Кирсе баласы жаткырган жеринде мемиреп уктап жатат. Баланын аяк тарабында канга боёлгон жансыз жылан суналып жатыптыр. Иштин төркүнүнө эми түшүнгөн адам өз шашмалыгына өкүнүп, таягы менен башына чапкылагысы келет. Бирок, өткөн ишке өкүнгөн менен айла жок эмеспи, бармагын тиштеп оту- руп калгандан башка айла жок.
#1012 04 Сентябрь 2016 - 01:01
Бир киши терең кудукка түшүп кетет да элдерден жардам сурап үнүнүн жетишинче кыйкырат. Кыйкырыкты уккан адамдар чуркап келишип аны кудуктан чыгарып алышат. Куткарып алган кишилердин бири ал адамга бир чыны сүт сунат. Сүттү ичип демин басып алгандан кийин адамдар андан кантип кудукка түшүп кеткенин сурашат. Ал окуянын кандай көрүнүштө болгонун сүрөттөп жатып кудуктун жээгине келгенде буту тайып кайра кудукка түшүп кетип ошол жерден көз жумат. Бул кишинин бир чыны ырыскысы калган болчу. Ошол чыны сүттү ичкен соң кайра ошол кудукка түшүп жан берет. Адамдын ырыскысы түгөнбөй туруп ажал келбейт. Ырыскысыз калам деп эч качан коркпо! Болгону анын себебин аткар, ырыскыны Алла берет.
Автор:
Абдишүкүр Нарматов
#1013 15 Октябрь 2016 - 19:58
Бисмиллаахир- рохмаанир-рохиим.
Адам өлөөрдөн алдын, өтө кыйналып жан чыгарын билдим.
Өзүм жаштыгыман баштап илимге амал кылып, Аллах Таалага берилип жана ишенип жашайт элем. Жаштыгыман баштап Аллах берген сыноого чыдап жашайт элем. Бирок, күн өтүп чоңойгон сайын, сыноого чыдаш кыйын болуп, намазга көңүл бурбай, көп жалган сүйлөй баштадым жакындарыма. Куранга болсо такыр көңүл бурбадым. Анан бир күн түшкөрдүм түшүмдө болсо Азиреил (А.С) келип, менин жанымды алып баштады. Өтө капкара кийинип алыптыр, мени ушунчалык кыйнап атты, жаным такыр чыкпай койду аа мен болсо жанымды алып койгулачы деп андан суранып аттым, бирок ал мага үн чыгарбастан кыйнай берди. Ушунчалык кыйналып дене-боюм ооруп чыкты, өтө катуу бакырып ойгонуп кеттим. Турсам өңүмдө да дене-боюм ооруп калыптыр. Анан жандын чыгышы ушунчалык кыйын экенин түшүндүм. Мен намаз окуп жүрүп, көңүл бурбай, жалган сүйлөп койгонум үчүн, ушул азап болсо анда мындан да артык күнөө кылсам, анда кандай азап күтүп турат экен деп өтө ойлондум. Бул окуяны жазганымдын себеби, менин бир тууганым болгон момун мусулмандар, араңарда мага окшогон инсандар болсо кеч болуп жаныңыз кыйналып, чыга электе, тозок оттуна күйө электе, кабыр азыбын көрө электе, кыяматта Аллахтын назарынан кала электе ойлонойлучу. Себеби жандын чыгышы өтө кыйын экен. Сиздерди урматтоо менен мусулман бир тууганыңыздар.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#1014 24 Октябрь 2016 - 10:20
Бир кедей киши жууркан саткан дүкөнгө кирип, сатуучудан: "Эң арзан жууркан канча? Мага алты жууркан керек, өзүмө, жубайыма жана төрт перзентиме. Менде болгону жүз сом акчам бар, ошого алтоону алсам болобу?"- деп сурайт. Дүкөнчү: "Ооба, баасы арзан болгондугуна карабастан аябай жылуу жууркандар бар. Баасы жыйырма сомдон, эгер беш жууркан сатып алсаң, алтынчысын белекке берем" - дейт. Кедей кишинин жүзүндө күлкү пайда болот, демек акчасы жетет. Беш жууркандын акчасы жүз сомду берип, алтынчы жуурканды белекке алып кудуңдаган бойдон үйүн карай кетет. Соода болгон жерде дүкөнчүнүн досу да отурган болот. Кедей киши чыгып кетээри менен дүкөнчүнүн досу: "Бул жууркандарды эң жакшы, эң кымбат жууркандар деп өткөн жумада мага 350 сом сатпадың беле?" - деп ачууланат. Дүкөнчү минтип жооп берет: "Ооба досум! Чындыгында бул жууркандар аябай кымбат, сага сатканымда да өзүнүн баасында бергем, бир сом пайда көрбөгөм. Мен Раббим менен соодалашып жатам, Анын ыраазылыгына жетүү үчүн кедей кишиге арзан бердим. Кыш жакын калды, балдары үшүбөсүн дедим. Балким анын балдарын кыштын суугунан сактаган жууркандардын себебинен, Алла Таала мени тозоктун ысыгынан сактайт. Эгер тиги кишинин кадыр-баркынын түшүп кетүүсүнөн коркпогонумда бекер эле берип салмакмын" -дейт.
"Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар, ар бир сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет. Алла Таала - Жоомарт, Билүүчү". Бакара сүрөсү 261 чи аят.
Кандай болсоңда сени жактырбагандар чыга берет.
Жадагалса суу үстүндө басып кетсеңда "Ал сууда сүзө албайт экен!"-деп кеп кылышат.
#1015 28 Октябрь 2016 - 01:49
Медреселердин биринде өтө зээндүү жана келбети жагынан да абдан сулуу бойдок эжей бар эле.Элдин баары эле: “Сен өтө адептүү жана сулуу кызсын.Эмнеге дагы деле бойдоксун?”, -деп сурай беришчүү. Жооп катары ал төмөнкү окуяны баяндап берди: “Кайсыл бир доордо бир аялдын беш кызы бар эле жана анысы аз келгенсип,кош бойлуу да болчу.Күйөөсү эгер алтынчысы да кыз болсо,ал кыздан кутулабыз деп коркутаар эле.Бирок тагдырдын тамашасына ылайык алтынчы перзенти да кыз болуп төрөлөт.Ызааланган күйөөсү жаш наристени колго алып,багымдат намазынындагы азандан мурун мечиттин эшигинин астына таштап кетет.Кечинде ал кызды эч ким албаганын көрүп,кайра эле үйүнө кайтарып келет.Кийинки күнү да таңга жуук таштап,кечкисин кайра алып келет.Бул окуя бир жума кайталанган соң,күйөөсү акыры жадагандыгынан бул кызды үйдө калтырууга уруксат берет.Муну уккан кыздын энеси абдан кубанат. Бир жылдан соң аялы боюна бүтүп,уул бала төрөйт.Бирок уулу бул дүйнөгө келгенде,чоң кызы чыныгы дүйнөгө сапар тартат.Арадан убакыт өтүп дагы бир эркек бала төрөйт,бирок экинчи кызы көз жумат.Ошентип аял менен күйөөсү беш уулду болуп,бирок беш кызынан ажырайт.Тирүү бир гана кичүү алтынчы кызы калат.Көп өтпөй энеси да кайтыш болуп,жалгыз кызы менен уулдары эр жетилип чоңоет” -Алтынчы кызы ким экендигини билесиңерби? -деп жаш эжей суроо узатат... -Ал менмин!Менин турмушка чыкпай жүргөндүгүмдүн себеби-атам картайып калган жана аны караганга менден башка бир жан жок.Инилерим болсо....кээ бири бир айда бир жолу зыярат кылып койсо да-чоң жетишкендик. Байкуш атам күн сайын убагында мени таштайм деген ниетине кылып,ыйлайт. Чындыгында Аллах биз билбеген тараптан жакшылык ыроолойт эмеспи.
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 28 Октябрь 2016 - 01:55
#1016 06 Ноябрь 2016 - 14:59
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Бир киши балык уулап жан бакчу эле. Күндөрдүн биринде адаттагыдай торун көтөрүп балык уулап келүү үчүн деңиздин жээгине барат. Ал күнү кечке тор салып отуруп бир балык кармайт, жоктон көрө жогору, бир балык болсо да ырыскым деп сүйүнүп үйүнө келет. Үйүнө кирээри менен аялы балыкты алып, аны бышыруу үчүн ашканага кирип кетет. "Бисмилла" -деп балыктын ичин жарса, ичинен бермет таш чыгат. Көздүн жоосун алган кооз ташты, жети уктаса түшүнө кирбеген берметти көргөн аял күйөөсүнө: “Кожоюн... кожоюн ... караңызчы, мен бермет таш таап алдым...” Күйөөсү: “Эмне...? Бермет таш дейсиңби?, кана бери берчи!”-деп, көргөн көзүнө ишене албай бир саамга туруп калат. Заматта зергер кошунасы эсине түшөт, бермет ташты сатып акча кылайын деп анын үйүн көздөй чуркап барат. Барса кошунасы андай кымбат баалуу берметти биринчи ирет көрүп жаткандыгын, аны сатып алганга кудурети жетпестигин айтып, шаардын ортосунда соода кылган чоң зергер соодагерге барууга кеңеш берет. "Кудай, ал кулум десе ушул тура... демек мен да бай болот турбаймынбы" -деп, кыялданган балыкчы шаардагы зергерге барат. Бирок, ал дагы берметти алганга акчасы жетпестигин, андай асыл таштар чанда гана кездешерин, аны падыша гана сатып алганга кудурети жетээрин айтып падышага жиберет. Балыкчы бермет ташын көтөрүп падышанын заңкайган сарайынын жанына келип, эшигин кагып кирүүгө уруксат сурайт. Уруксат берилет, сарайга кирип падышага койнуна катып келген кымбат баалуу бермет ташты көрсөтөт. Аны көргөн падыша: “Бул, мен өмүр бою издеп таппай жүргөн бермет таш турбайбы, бирок мунун баасы аябай кымбат, аны сага кантип төлөгөндү билбей турам... Бирок мага бир пикир келди, сени өзүмдүн казынама киргизем. Ал жерде алты саат жүргөнгө уруксат берем, ошол алты сааттын ичинде эмнелерди алып чыксаң, ошонун бардыгы сеники, алган нерселериң бермет таштын баасы болсун” - дейт... Бакыттан башы айланган балыкчы: “Падышам, алты саат көптүк кылат, мага эки саат эле убакыт берсеңиз жетет-дейт”. .. Бирок, падыша өз чечимин өзгөрпөйт, алты саат деп айттым, демек алты саат, кирип каалаганыңды ал деп балыкчынын башын сылап казынасына киргизип жиберет. Балыкчы казынага кирип анын чоңдугуна, көз уялткан кооздугуна таң калат. Казынанын ичинде үч бөлмөлүү чоң имарат болот. Биринчи бөлмөдө алтын-күмүш, экинчи бөлмөдө жумшак төшөк, жылуу жууркандар, үчүнчү бөлмөдө болсо түрдүү тамак-аштар жана суусундуктар аябай көп болот. Жашоосунда андайды көрбөгөн балыкчы өзүнө өзү: “Мага алты саат убакыт берилди, көп нерсеге жетишсем болот, эң биринчи курсагымды тойгузуп алайын, күч топтоп көбүрөөк байлык чыгарып кетем” – деп, тамак-аш коюлган бөлмөгө кирип алты сааттын эки саатын курсагын тойгузуп отуруп өткөрүп жиберет. Үчүнчү бөлмөдөн чыгып алтын сакталган биринчи бөлмөнү карай жөнөйт, бирок ага жетпей эле экинчи бөлмөдөгү жылуу төшөктөрдү көрүп калат да бир аз уктап алайын, эс алып турсам күчүм топтолуп көбүрөөк алтын чыгарып кетем, мендей байкушка мындай мүмкүнчүлүк бир берилет деп ортонку бөлмөгө кирип уктап кетет. Терең уйкуга чөгүп уктап жаткан кезде падышанын аскерлери келип: “Тур.. ойгон.. тура кой эми акылсыз акмак! Убакытың аягына чыкты” - дейт. “Эмне деп жатасыңар..? Мен эч нерсе ала элекмин.. суранамын, мага бир аз убакыт бергиле”- деп жалынат. Аскерлер: Сага алты саат убакыт берилди, ошол убакыттын ичинде алтындарды ташып чыгып кеткениңде, аларды сатып тамак-аштын эң даамдуусун, төшөктөрдүн эң жылуусун сатып алмаксың - деп казынадан чыгарып салышат.
Окуя ушул жерден бүттү... Бирок, окуядан алынчу сабактар бүтө элек.
Балыкчыга берилген бермет таш бул сенин "Рухуң, жаның", ал баа жеткис аманат байлык. Бирок анын кадырын өлүм келгенде гана билесиң. Ал эми казына дегени бул "Дүйнө" Алтын-күмүштөр болсо "Салих амалдар, намаз, орозо, зекет, хаж жана башка сооп иштер". Жылуу төшөктөр болсо: "Акыретти унутуп капылетте жүрүү". Ал эми тамак-аштар болсо "Алкымына ээ боло албай, напсинин азгырыгына алдануу". Ал эми балыкчы болсо ушул окуяны окуп жаткан "СЕНСИН" .
Окуядагы балыкчынын кейпин кийип калбаш үчүн уйкуңду азайт, жылуу жуурканыңды ташта, акыретке азыгыңды камда, алты сааттык берилген өмүрүңдү текке кетирип алба!
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1017 06 Ноябрь 2016 - 15:05
Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм...
Ошентседа,терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим...
"Кыз-жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын. ..
Тээтигине "Намаз " аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз...
А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл...
- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялдамасы турбайбы?! Бул жерде далай кызыктар менен кайгылуу окуялар болуп өткөн. Мында кайрылып келгим келбейт...
"Мечит" аялдамасы... Өтө таза аялдама, бирок, түшүп калууга убакыт тар, батыраак "Бакытка" жетүү керек. Жүрөгүм таза, ниетим жакшы; азырынча зарылчылыгы жок....
Охоо, "Клуб" аялдамасы. Аттиң, түшүп калгым келип турат...
"Намаз" аялдамасы... Дагыбы?
"Сабыр" аялдамасы... Хмм, жок, азыр эмес...
"Байлык" , Оюн-күлкү" аялдамаларында көп түшүп калчумун убагында...
Аа, автобуста адам калбадыбы? Баары жетчү жерине жетип алган окшойт....
Айдоочунун жанына чуркап бардым:
- "Бакыт" аялдамасына жеттикпи?
- Тууганым ай, эртерээк айтпайт белең, ал үчүн сен "Намаз" , "Мечит" аялдамаларынан түшүп калышың керек болчу. Биз эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы аялдамага келип жеттик.
- Баса, кичи пейлдикке айтып койосузбу, бул эмне деген аялдама?
- Бул аялдама "Кабыр" деп аталат, тууганым?! .
....жакшылык каалаган адамынызга жибериниз!!!
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1018 06 Ноябрь 2016 - 15:09
Ойлон Эркек! Аял заты сен үчүн ким?!
Аял -бул сени тогуз ай курсагында көтөрүп жарыктыкка келүүңө себепчи болгон Апаң!
-Аял -бул бир бооруң болгон, кеңешин берген Карындашың же Эжең!
Аял -бул түбөлүк жаныңда,колдоочу капа болсоң көңүлдү көтөрүп,курсан болсоң бирге бөлүшүп,сенин келечекте тукумуңду уулап берүүчү балдарды төрөп берген Жубайың!
Аял -бул мээрими менен апасынын жардамчысы, кайда болбосун сурап, кабар алып тура турган айдай болгон Кызың!
Бул сөздөрдү эмне үчүн айтып жатабыз. Анткени азыркы күндөрдө мусулман болуп туруп исламдагы эң баалуулуктардын бири болгон аялзатынын ордун билбей, аялына кол көтөргөн "үйдө баатыр, жоодо жок " ,аялынын көзүнө чөп салган эргулдарга бир аз болсо да сабак болуп калса деген максатта! Туура бардык эле эркектер мындай дештен алысбыз сөз ээсин табат,турмуш өзү көрсөтүп турат ....
Аялдын орду үйбүлөөдө болсун, турмушта болсун өтө жогору турат. Алар деген силер үчүн өз үй -бүлөөсүн ,чоңойтуп эрежеге жеткизген ата -энеси,баарын бирге ойноп, биргеликте бөлүп жеген бир боорлорунан кечип, тааныбаган, билбеген башка бир кичинекей үй -бүлөөлө деген мамлекетке сага таянып,ишенип түбөлүк турмуш эшигин ачып кадам таштап,сага жөлөнгөн абалда келет... "Алгычам алтыным алгандан кийин катыным "деп өзүм билемдике салып, кээ бир агалар кызганууну чегинен ашырып,же атың өчкүр аракты ичип алып,мышыкты карап койсо да эч себепсиз сабап кордогону канча. "А эмне болду "-десе алардын дилили да даяр куран,хадиске таянып сабаганга уруксат бар деп.
Бул тууралуу Аллах таала мындай деген:
_*«Аллах бирөөлөрдү экинчилерден артык кылгандыгы жана (ошолор) өз мүлкүнөн аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер аялдардын кожойуну. (Ал эми) Аллахка моюн сунган (аял) бул -күйөөсүнө баш ийген жана күйөөсү жокто Аллахтын коргосунда өз абийирин сактаган аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насыят айткыла! (Ага болбосо анда) төшөгүн бөлүп койгула! (Ага да оңолбосо,акырын сыйпай) ургула! Эгер алар силерге моюн сунуп,оңолушса, анда аларга каршы (аларды кордогонун) жолдорун издебегиле! Акыйкатта,Аллах -Өтө Бийик,Абдан Улуук! »*_(Ниса; 34)
Бул аятта Аллах Таала качан аялыңар силерди укпай, туура эмес иштерге барып жатса анда аларды тарбиялагыла деп эскертип жатат.
Аялдарды тарбиялоодо биринчи баскыч: Мында шариятты түшүндүрүп такыба болуусуна жылуу-жумшак эскертет..
Экинчи баскыч: Айтканга көнбөй мурункусун кайталай берсе анда төшөгүн бөлүп өзүнчө жаткырып коёт.
Үчүнчү баскыч: Айтканына да төшөгүн бөлсө да түшүнбөй кылганын уланта берсе ,жүзүнөн башка жерине акырын сөөмөйүн тийгизип,жеңил желпи опузалап урат. Бул дегени муштуму же буту менен тепкилеп дегени жок"СӨӨМӨЙҮ " менен жеңил эскерт деп айтылып жатат. Бул күйөөсүн сөзүн укпаган аялдарга,а биздикилер үйдө баарын кылып жууп -жыйып,балдарын карап олтурса эч себепсиз сабап салат.
_Ойлончу Эркек! Сен сабаган аял бирөөнүн көзүнүн карегиндей бапестеп баккан, убагы келип сен зөөкүргө аманат деп тапшырган ата -энесинин алтындай кызы болот!_
_Ойлон Эркек! Сен сабасаң сенин карындашың же эжеңди же кызыңды да бир сага окшогон зөөкүр жөндөн -жөн сабашын каалайт белең!_
Жок албетте дээр элең! Сенин аларга кандай жаның күйсө аялыңда башкалар үчүн ошондой!
Билип кой кызган бирок чеги менен, кайсы нерсе болбосун чектен ашса динбизде арам болот,а арам чоң күнөө,чоң күнөөнүн жазасы тозок болот!
Аллах алдында аял затынын зомбулуктан аккан көз жашынын бир тамчысы болсо да суралат муну эч качан унутпа!
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *"Бактылуулук төрт нерседе: ыймандуу аял, кенен турак жай, жакшы кошуна жана татыктуу улоо "* - деп айткан. Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси - ыймандуу аял.
Аллах Таала Куранда минтип айтат: *"Анын белгилеринен - алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып, араңарга сүйүү жана ырайымдуулук берип койду. Чындыгында бул нерселерде акылын иштеткендер үчүн чоң белгилер бар".* Аятта Аллах Таала "Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн" деп айтып жатат. Демек, эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрүүсү керек. Мурда көздөрүң көбүн караган болсо эми бир аялыңды карайсың ,ал кандай болбосун түбөлүк өмүрлүк жарың. Эки -үч балалуу болгондон кийин кээ бир эркектер аялын көзүнө чөп салат. "А эмне болду, андан көрбөгөн жылуулук,сулуулукту башкадан көрүп жатам "деп жооп берет. Сен билбейсиң ошо жылуулук берген аял ал бир байкушту сыздатып жүрөгүнүн. Жашыруун ойноштук кылуу зына, а зына чоң күнөөлөрдөн, чоң күнөөнүн жазасы күйүп турган от болот! Чындыгында жаштар ортосунда сүйүү башында болот андан кийин балдарына өтөт. Ал сага көңүл буралбай, жакшы өзүнө карай албай жаткан болсо, ошо сенин балдарыңды чоңойтом,ичиртем, кийинтем деп жүдөп ошол абалга келген. Аны түшүнүү менен кабыл алуу керек. Аллах Таалам сага өмүрдү,ата-энени, аялды,бала -кыздарыңды аманат катары бергенин эч качан унутпа! Аллах алдында баарына жооп бере турган күн келет!
Му 'авия бин Хайданын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат.
_*«(Бир жолу) мен сурадым: «О,Аллахтын Элчиси биздин ар бирибиздин аялдарыбыздын бизде (күйөө катары) кандай акылары бар? »Ал мындай деди: "Эгер өзүң тамактансаң, аны да тамактандырууга, эгер сен кийинсең аны да кийиндирүүгө миледеттүүсүң, жана анын урууга,ага ыплас сөздөрдүү айтууга,эгер үйдө болбосоң андан тескери бурулуп (жүз үйрүп) кетүүгө акың жок! »*_(Абу Дауд)
_Үй -бүлөөнүн сакталып калуусу үчүн, бекем,сүйүү, мээрим,туруктуулук менен жашоону Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллох алейхи васаллам) дан үлгү алып жашайлы.*_Ал эми чыныгы б.а. өмүрдөн өтүп кеткенге чейин сакталган сүйүүнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жашоосунан гана таба алабыз. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге үйлөнгөн күндөн баштап, Хадича энебиз бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин ага болгон сүйүүсүн таза бойдон сактаган. Ал эмес Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүүсү Хадича энебиз өтүп кеткенден кийин да сакталып кала берди. Хадича энебиз кайтыш болгондон бир жылдан кийин, сахаба аялдардын бири Пайгамбарыбызга келип: "Эми үйлөнүп албайсыңбы? " - деп айтканда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ыйлап: "Хадичадан кийин да Хадичадай аял болмок беле?" - деп баш тартат. Эгер, Аллах Таала дин таралуусу үчүн Пайгамбарыбызды үйлөнүүгө буюрбаганда, ал Хадича энебизден кийин үйлөнбөстөн өтүп кетмек. Мекке шаары мусулмандардын колуна өтүп, адамдардын баары Пайгамбарыбыздын жанына чогулуп, душмандардын баары кечирим сурап, анын айланасына топтолуп жаткан мезгилде, Пайгамбарыбыз алардын баарын калтырып, алыста турган кемпирдин жанына барып, анын алдына чепкенин салып, аны менен бир топко сүйлөшүп отуруп калат. Кийин, Айша энебиз ал кемпирдин ким экендигин сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Ал Хадичанын досу болчу, экөөбүз Хадича тууралуу сүйлөшүп калдык" - деп айтат. Ошондо кызганган Айша энебиз: "Качан эле топурак астында калган кемпир тууралуу ойлой бересиңби, Аллах сага андан жакшысын бербедиби?" - дейт. Пайгамбарыбыз: "Аллахка касам, адамдар мени куушканда, ал мага жөлөк болгон. Адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мага ишенген" - деп, жооп берет. Пайгамбарыбыздын ачууланганын байкап калган Айша энебиз: "Оо, Аллахтын элчиси, мен үчүн Аллахтан кечирим тиле" - деп суранат. - "Сен Хадичага кечирим сура, мен сага кечирим сураймын" - деп жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Айша энебиз айтат: "Аллахтын элчиси Хадичаны абдан көп эстейт эле. Эгер кой союлуп калса, анын бир мүчөсүн Хадичанын досторуна алып барып берчү. "Хадича менин балдарымдын энеси, адамдар мага душман болгондо, ал мага дос болгон, адамдар мени жалганчы дешкенде, ал мени чынчыл деген, ал мага малы менен жардам берген" - деп көп айтчу.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Хадича энебизге болгон сүйүүсүн ушундай амалдары менен ар дайым сактап келген. Хадича энебиздин ар бир сөзүн, ар бир кыймылын эсинен чыгарган эмес. Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үйдө отурганда эшикти кимдир бирөө тыкылдатып калат. Сүйүнүп кеткен Пайгамбарыбыз: "Карагылачы, бул Хадичанын эжеси Хаала болуп жүрбөсүн" - дейт. Эшикти ачышса чындап эле ал Хадича энебиздин эжеси Хаала экен. Айша энебиз аны кантип билгендигин сураганда, Пайгамбарыбыз: "Ал эшикти Хадичага окшош тыкылдатат экен" - деп жооп берди. Азыркы учурдагы аялынын жанынан бир карыш алыстаганда аны унутуп калган эркектер үчүн мындан өткөн сабак жок.
Эмне үчүн азыркы күндө бактысыз ,бузулган,ажырашкан, балдардын жетим калуусу көп катталууда. Бул көрүнүштөргө ким күнөөлүү! Ойлонуп көрөлү,балким тарбияны ар ким өзүнөн баштасын,ыймандуулукту сыртыбызга эле чаптап албай,ичибизге да орнотоорбуз, Аллах алдындагы жооперчиликти билип, Сүйүктүү Пайнагбарыбыз (саллаллоху алейхи саллам) дын көрсөткөн жолу, сүннөттөрү менен жашообузга үлгү алып жашасак мындай өкүнүчтөр,аялдарыбыздын көз жаштары,жалдырган жетим балдарыбыз, кейиген ата-энелербиз аз болмок беле!
_Аллах Таалам эркек менен аялды бири -бирине кийим сыяктуу кылып жараткан соң,башканын кийимин кийбей,кийимибизди башкасына кийгизбей. Беш күндүк жашоодо ар ким алган жубайын,аялы күйөөсүн кадырына жетип,сый -урматта,сүйүү, ырайым,мээрим менен бала-чака,ата -эне менен түбөлүк бактылуулукта жашаганга эмне жетсин!_
_Бактылуу болуңуздар! _
Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 06 Ноябрь 2016 - 15:14
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#1019 07 Ноябрь 2016 - 04:55
#1020 12 Ноябрь 2016 - 22:30
Бейиш гезити