Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1021 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Ноябрь 2016 - 18:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1022 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Ноябрь 2016 - 20:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир жигит уйлонмокчу болуп, бир кыз менен жолугушуга чыкты. Кыз менен жигит суйлошуп, бир бирин жактырышыптыр. Той болот. Тойдун да эртеси болот дегендей, тойун откорушуп ак нике менен жашап жатышты. Бир куну, аялы жолдошуна:
- «Келиниз жарыш кылабыз» деди.
Жолдошу:
-«Кандай жарыш??» десе
Аялы:
-«Куран суролорун жана аяттарын ким коп жаттайт экен!» дептир.
Жолдошу макул болуптур. Кун артынан кундор отор эле. Ар дайым жолдошу аялынан кобуроок жаттап, аялын женип коер эле. Мындан жолдошу сыймыктанып, Куран окууну кобойтурор жана суроолорду тынбай жаттар эле. Бир жылга калбай жолдошу Куранды толук жаттап, хаафизи Куран болуп жетишти.
Жолдошу оз ишине аябай сыймыктанып, Аялынын ата-энесинин алдына барып:
-«Кызынар менен Куран суролорун жана аяттарын ким коп жаттай экен деп жарыш кылар элек. Ар дайымкыдай кызынар менден женилип калды. Мына 30 пара Куранды жаттап алдым деп мактанат.
Бул создордон кыздын ата-энеси бир бирине тан калып карап:
- «Уулум, кызыбыз Куранды 9 жашында эле жаттап буткон эле го??» деп жооп кылышыптыр.
Жолдошу аялынын бул ишине тушуно албай уйуно келип, Аялына:
-"«Эмнеге мындай кылдын» деп
сурайт. Акылдуу аялы:
- «Сиз менен биринчи корушгонубуздо, сизди динден кыйла узак экенинизди коруп, мен сизге турмушга чыгып, сизге Аллахты таанытмакчы болдум. Сиздин тозокко тушушунузду каалабагандыгым учун ушундай жолго бардым» деп жооп бериптир.
Жолдошу коз жаштарын эч токтото албай, жана аялынын бул кылган айла амалына аябай чын дили менен ыраазы болгон экен.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1023 Пользователь офлайн   rumaika5544   18 Ноябрь 2016 - 00:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

uikuchu7
15 Ноябрь 2016 - 20:51


Аллах ыраазы болсун! Чын аяябай таасирдүү экен.

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 18 Ноябрь 2016 - 00:11

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1024 Пользователь офлайн   unikalnyi.paren   21 Ноябрь 2016 - 00:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 22 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Окт 2019 02:13

ЭНЕ МЕНЕН АЯЛ .

Бисмиллаахир Рохманир Рохийм!

Бир канча жыл мурда келининен таяк жеген кемпирдин абалы тууралуу кайсыдыр гезитке чыккан макала эсиме түшөт. Бул окуя мага аябай катуу таасир калтырды. Келини сабаганы аз келгенсип кыштын суук күнү кемпирди көчөгө кууп чыгыптыр. Ызгаардуу кышта ээн талааны бойлоп кеткен көчөдө араң баскан кемпирдин сөлөкөтү көзүмдөн кетпейт. Күүгүм кирээрде анын жанына милициянын машинеси барып токтоду.Кемпир эмне болгонун айткан деле жок.

Болгону милиция сураганынан дарегин атаптыр. Бирок үйгө баргысы жок.Милиция бөлүмүндө түнөп калууга уруксат сурап, тордун артындагы керебетке отура кетиптир. Милиция кептин төркүнүн түшүнгөнбү же кемпирди тордун артына жаткырууга негиз жок дедиби айтор анын уулун чакыртыптыр.  

Уулу келди дейт. Үрөйү учкан. “Бул эмне кылганың” деп энесин жемелептир. “Жүрү кеттик, уят кылдың мени” деп үйгө сүйрөптүр. Мына ошондо кемпир уулуна ушул кептерди айтты дейт. Айтмакчы, бул макаланы кепти угуп отурган милициянын сержанты жазыптыр. 

«Уулум, сен атаң экөөбүздүн кеч көргөн перзентибизсиң. Биз көпкө балалуу болгубуз келди. Бирок тагдырдын сыноосу экен, кудай сени бизге кеч берди. Көп узабай атаңдын да көзү өтүп кетти. Эми менин жашоомдогу жалгыз бакытым сен гана болуп калдың. Сен менин жашоомдун маңызына айландың. Мен ар бир күнүмдү сага арнап, ийгилигиңе кубанып, жеңишиңе шыктанып, сенин жашооң, келечегиң үчүн жашадым.

Мен карый баштадым, а сен бой жетилдиң. Анан сен үйлөндүң. Мен «жалгызыма түгөй кошулду» деп өзүмдү койорго жер таппай кубандым. Бирок кубанычым көпкө созулбады. Сен бат өзгөрө баштадың, аялыңа көп көңүл бурчу болдуң. Сенин көңүлүңдү толугу менен ээлеп алган аялың көп өтпөй мага чабуул койо баштады. Мен ага ашыкча боло баштадым. Сен жокто мени менен айтышчу болду, барган сайын мени кемсинтип, атайы жаңжал чыгармай адат тапты. Мен булар тууралуу сага ооз ачпадым. Үйү бузулбасын деп даттанбадым. Демимди жутуп унчукпадым. Ал мени сага жамандай баштады. Ага ишенип сен да мени тилдей турган болдуң. Мен ошондо да унчукпадым. Чыдадым.

Аялың андан бетер күч алды. Сен жокто мага тамак бергенди токтотту. Буга да көндүм. Арыктап алым кете баштады. Бир күнү жок шылтоо менен мага кол көтөрдү. Каршылыкка алым жетпеди. Үнүмдү чыгарбай зарлап ыйладым. Сени күттүм. Келсе абалымды көрүп түшүнөөр дедим. Сен келдиң, бирок мени карабадың. Адатыңча аялың менен алек болдуң.

Көп өтпөй аялың мени дагы сабады. Ага алым жетпейт. Урба деп жалындым. Ага болбой башка көзгө койгулады. Ордумдан турсам түртө салды эле, кетенчиктеп барып куладым. Жамбашым менен казанга түшкөн экенмин, ысытма чыгып, ооруп жатып калдым. Дагы сени күттүм. Келсе абалымды көрүп өзү түшүнөөр дедим. Сен жумуштан келдиң. Аялың алдын алып мени жамандады. Сен анын сөзүнө ишенип мени дагы жекирип кирдиң. Таң атканча көрпө ичинде ыйлап чыктым. Үнүмдү чыгаргандан корктум. Бугумду чыгара албай кыйналдым. Жок дегенде бакырып алсам...

Убакыт өтөкөн сайын сен менден алыстай бердиң. Акыркы учурларда мени түк карабай калдың. Сүйлөшкүң да келбейт. Сен иштен келээриңди күтөм. Кетээриңден корком. Сен босогону аттарың менен аялың зомбулугун баштайт. Мен ага эч сөз да айтпайм. Жалаң жалынып калдым. Урат, боздоп ыйлайм. Уулуңа айтсаң аныңды уулап өлтүрөм дейт. Сага айтканы корком. Барган сайын абалым начарлай берди.

Мен эч качан тирүү адамдын өлгүсү келээрин ойлогон эмесмин. Мен силерге тоскоол болгум келбеди. Бирок жанымды кыйганы колум көтөрүлбөдү. Кудайдан гана тилечү болдум. Өзүмө өлүм тилечу болдум. Кана ал келсе...

Акыры айласын таап үйдөн качтым. Калганын өзүң билесиң. Мен эми кайтпайм уулум. Болгону мени карыганда ушинтип кордогондон көрө аялың эч кимге көрсөтпөй өлтүрүп салса жакшы болмок» - деп аягында токтоно албай бышкырып ыйлады дейт.

Уулу энесинин сөздөрүн көпкө угуп отуруптур. Аны кандай сезимдер бийлегени белгисиз, таң атаарда көзү илинип кеткенби, короздун кыйкырыгынан ойгонуп кетсе тордун артындагы эне баласынын башын сылап отуруп узап кетиптир.

Бул макала менин кыялымда көпкө жүрдү. Кемпирдин баласынын эмне болгону, аялы менен кантип жашап жатканы, дегеле алардын келечеги мага чынында кызыксыз. Тор артынан баласынын башын сылап отуруп көз жумган кемпирдин элеси көз алдымдан кетпейт.

Эне орду басылгыс зат жана эч ким ага окшой албайт. Аллахтын Элчиси салаллаху алайхи ва саллам: «Ким аялынын тилине кирип алса, ага каргыш тийсин» - деди.

Кудай көрсөтпөсүн, мындай балдар кайдан чыгат. Баары ыймандуу болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1025 Пользователь офлайн   Sagyn.91   21 Ноябрь 2016 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Мындай баланын болгонунан жогу жакшы.
Байкуш эне, энеге зар,мээримине болонгусу келгендер канча.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1026 Пользователь офлайн   Jamalym   21 Ноябрь 2016 - 01:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Козум жашылданып кетти...Эч кимге мындай кунду салбасын! Балдарыбыз акылдуу-эстуу, ыймандуу болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1027 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Декабрь 2016 - 00:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем. Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт...Досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук. Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз гайбат ʺөрдөк учурмайʺ сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда ʺбышып калыптырʺ , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... күн ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, алдындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: ʺСен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! ʺ Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Кудай кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда ʺатта...аттаʺ деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. ʺШайтандын азгырыгынан өзүң асырагынʺ деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: ʺАтта, Батый акам даннатка тетти...Аллага теттиʺ десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир...
Доктор Сайфуллах Насирхан

Алла таала айтат:
ʺкимди менден артык корсон аны сенден алып коем, ансыз жашай албайм дебе ансыз деле жашатып коем, мезгил отот колоко берген дарактардын бутактары кургайт, сабыр тугонот, озундон артык суйгонун да бир куну жат болот, эсин жоголот, досун душманына айланат, душманын келип дос болот. Ушундай кызык бир дуйно. Болбойт деген эмнен болсо баары болот, жыгылбайм дейсин жыгыласын, адашпайм дейсин адашасын, эн кызык ушул дуйно болот. Олдум деп мин кайталасан да ажалын келбесе жашайсын. Кайгырасын кубанасын, жашоого тойдум дейсин тойбойсун. Байлыкты бакыт деп ойлойсун байлыка да жетесин андан эч кандай бакыт таппайсын. Жашоо тугонбойт улана берет омурун тугонот. Суйууну бакыт деп ойлойсун суйгонуно жетесин суйуудон да бакыт таппайсын. Аракет кылса баары болот дейсин буйрубаса эч нерсе жок.

БАКЫТ бул ислам дининде. Шариатка баш ийсен эки дуйнодо тен бактылуусун. Дин менен жашасан намаз окусан журогунду тазартат. Ошондо элге еле эмес магада керек болосун...урматту момун Мусулмандарым. Бул окуяны баары окуш учун ар досуна жибер, Инша'а Аллах.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1028 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Декабрь 2016 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

=АКЫЛДУУ КЕЛИН=
������ Баласын уйлогонуно бир ай откон эне келинин жанына чакырды." Мен баламды 30 жылдан бери намазга тургуза албайт элем.Сен болсо 30 кундун ичинде эле буга жетиштин" коздору жашылдана тушту.
Кайын энесин сооротуп,акылдуу келин мындай деди:
������" Энекем,таш жана кен жонундогу окуяны уктунуз беле?
Чон жолдун так ортосунда откон-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон чон таш бар эле.Бир куну бир жолоочу аны майдалап,жолдон алып коюну чечти.Ал ташты куч менен уруп жатты.Бирок, 99 жолку соккудан кийин ал кишиден куч кетти.Ошол убакта,жанынан отуп бараткан киши ага жардамга келди да,керкини алып куч менен ташты урду.Таш майда болукторго болунду эле,анын ичинен бир кап алтын чыкты.Ташты майдалаган жолоочу айтты:"Ташты мен майдаладым. Алтын мага тийиштуу."
-Мен 99 жолу урганмын.Демек, менин да улушум бар"биринчиси кем калган жок.
Маселе чечилбеген сон,экоо казыга барышты.Аларды кунт коюп уккан казы биринчисине алтындын 99 болугун,ал эми экинчи кишиге 1 болугун берди."Эгерде бул 99 жолу урбаганда,сенин бир жолу урганындан эч кандай майнап чыкмак эмес"деди адилеттуу казы.
Сиз 30 жыл умут узбой баланызды намазга ойготтунуз. Менин бир жолку ойготконум да сиздин мээнетиниздин момосу"деп жооп берди акылдуу келин.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 11 Декабрь 2016 - 02:32

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1029 Пользователь офлайн   Meerman   12 Декабрь 2016 - 10:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 14 Апрель 14
  • Соңку аракети: 12 Окт 2020 23:09

КАБЫР КАЗГАН КАЗАХТЫН ОКУЯСЫ!


Эх, адамзат! Акыйкатты көрүп, сезип турсак да моюн сунбай келебиз ... Өлбөчүдөй тырмалап, жашообуздун кандай өтүп жатканын да сезбей, болгон сайын болсун деп умтула беребиз. Азына кейип, көбүнө көөп, бергенди эмес алганды жакшы көрөбүз. Бир жолу болсо да кечинде же олтурганда, же бош убактыңызда бир күн өлсөм кабырда эмне болот экен? Эмнелер мени күтүп турат? Өзүм жалгыз кандай абалда болом? Суроолорго кандай жооп берем деп ойлонуп көрдүңүз бекен?
Сиз бул айтылгандарга ишенбөөңүз мүмкүн, бирок ушундай сиздин таттуу жашооңузду кесип кетүүчү өлүм бар. Ар ким бул жарыктыкта кандай жүрүп кандай иш кылган болсо жооп бере турган күнү келет. Анда бул окуя сабак болсун ...
Жергебизде көп жана чоң кабырлар бар. Ушундай бир көрүстөндөрдүн биринде бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан көр казган акебиз, ушул окуяны өз көздөрү менен көргөн инсан катары айтып берди, кабар берип жаткан учурда көздөрү жашып жатканын көрдүк. Мен кыйла жылдан бери адамдардын кызматын кылып келем, бирок мындайын али көргөн эмес элем. Өткөн жылдын жаз күндөрүндө унаа кырсыктан көз жумган кырк жаш чамаларындагы бир жигитти көмүү үчүн алып келишти, кеч курун жаны үзүлгөн экен. Багымдат намазынан соң дароо жерге бере турган болушуптур, ошол себептен кабырга коюу аземине катышуума туура
келди. А бирок эмнегедир көрүстөнгө көңүлүм жок келдим, эң кызыгы көрүстөнгө келгенимде эч качан кылбаган ишти кылып койгонумду аңдадым. Кетменим үйдө калып кеткен экен, эмнегедир бир күн мурда ардайым көрүстөндө иштете турган буюмдарымды үйгө алып кеткен экенмин. Иши кылып унаада кайра барып буюмдарымды да алып келдим, жакшыраак жер табып бир аздан соң алынып келе турган сөөк үчүн көр казууга кириштим. Кетменди бир-эки жерге уруп көрдүм эмнегедир өтпөдү, шиш күрөктү дагы пайдаландым, алдымда кандай аспабым болсо иштеттим бирок пайдасы болбоду. Буюмдарымды текшерип көрдүм бул абалды
жердин катуулугуна койдум. Азма-аз орун которуп, алысыраак жерден чабып көрдүм, кызыгы кыйла ным болгон жерде да кетменим казууга жарабады. Таң калганымдан кабырдын жети түрлүү жерлерин казууга кириштим, бирок бир да жерди жарым чарчы болсо да каза албадым. Бир аздан соң шакирттерим жетип келишти аларга болгон окуяны айтып бердим. Шакирттерим ишенбегендерин сездим, кийин күрөктү берип казып көргүлө дедим, жигиттердин колдорунан дагы эч майнап келбеди. Туруп калдык. кабырдын бир да жери казылбай калды. Багымдат намазынан соң жаназа окулган сөөктү алып келишти, мен барып болгонун болгондой имамга айтып бердим. Имам көзүндө жаш кылгыруу менен сөөктүн туугандары алдына жол тартты, баарынын алдында мындан бир саат мурда кылган иштерибизди кайталап, көргөзүп бердик, чындыгында жер казылбай койду. Ошол жердеги баарысы бир гана чындыкты түшүнүп жаткан эле, сөөктү жер кабыл кылгысы жок. Айла жок, имам менен сүйлөшүп сөөктү бир амалдап жарымчарчы казылган жерге көмдүк жана үстүнө топурак тарткан адам болдук, баары муңдуу абалдарында үйлөрүнө кайтышты. Эң жаман окуя эртеси жүз көргөздү, мен башка бир сөөк үчүн кабыр казып жатканымда нараагыракта иттердин үнүн угуп калдым, жүгүрүп барсам бир күн мурда көмүлгөн сөөк тышкарыга чыгып калган экен, көрүстөндө ызгып жүрүшкөн дейди иттер тытып таштаган экен. Иттерди айдадым, ичек- чабагы чыгып калган сөөктү бир амалдап жерге көмүүгө урундум бирок пайдасы жок эле иттерден кечирээк келип калганым үчүн сөөктүн бир сак жери калган эмес эле. Сөөктүн чачылган жерлерин көмүп салдым. Бир нече күндөн кийин келгенимде сөөк иттерге жем болгонун көрдүм. Эч кимге бул окуянын кабарын бербедим, а бирок сөөк тытылып кеткен эле. Миң коркуу менен кетменимди алып жарым чарчылык кабырга жакындаштым, Субахан Алла үч-төрт күн мурун таштай катуу болгон жер пахтадай жумшак болуп кеткен экен, сөөктү Алланын буйругу менен кабыл албагандан кийин башка өлүктөр үчүн жумшак болуп үлгүргөн жерди көрүп көзүмдө жаш, ичимде кан сызуу менен кабырды каза бердим, ээси жок кабыр болсун деп аны кабыр абалына келтирип койдум, ар күнү кабырга келсем ошол кабырды зыярат кылганы адаттанганмын. Анын ичинде ээси жоктугун билем, ар жакка чачылып, тытылып кеткенин менден башка адам билбейт, сүрүштүрөйүн десем баары бир билем өлгөн адам Жаратканына кыянаттык кылган же сүткор болгон, же өлөр-өлгөнчө арак ичкен, же болбосо зына иштери менен алектенген. Мага мунун эмне кызыгы бар, мага бир гана үлгү керек?! Жер дагы Алланын макулугу, эгер Алла Таала жерге буйрук берип, кабыл кылба десе таштан катуу болуп калат экен. Аны дүйнөнүн каалаган жерлерин кезип чыгып көмүүгө жер таба албайт экенсиз. Айбандарга жем болгон соң жер жумшайт экен, Субахан Алла! Алла Тааладан өлүмүбүздү чырайлуу кылуу менен биргеликте кабырыбыздагы абалыбызды дагы оңдоосун сурап, тилейбиз, Алла Таала Мээримдүү жана ыйык Зат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1030 Пользователь офлайн   -FREEDOM-   12 Декабрь 2016 - 11:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москов

Кудай сакта тообо кылдым. Жакшы олум буйрусун,ар бирибизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1031 Пользователь офлайн   tuigan.   12 Декабрь 2016 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 13 Март 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Тообо кылдым...
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1032 Пользователь офлайн   Talantbek1994   12 Декабрь 2016 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Тообо кылдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1033 Пользователь офлайн   Nurmatova.   12 Декабрь 2016 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 642
  • Катталган: 16 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Июн 2021 15:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Тооба кылдым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1034 Пользователь офлайн   Mahabat84   12 Декабрь 2016 - 13:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 14 Мар 2024 22:48
  • Жынысы:Белгисиз

Кудайым озун сакта,билип билбей кылган куноолорубузду кечир :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1035 Пользователь офлайн   Aytur   12 Декабрь 2016 - 14:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 04 Апр 2021 01:01

кудай озун кечире кор!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1036 Пользователь офлайн   mamatmusakuzuraziya   12 Декабрь 2016 - 14:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 170
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 31 Янв 2018 06:32
  • Жынысы:Белгисиз

Тайнем айтып калат эле кор казганда топурак кандай чыкты деп. Казган жерден кара жумшак топурак чыкса иии кудайым каалап бейишке кетет экен деп аа таш шагыл чыкса иии байкуш жаман болуптур деп калаар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1037 Пользователь офлайн   VIK   12 Декабрь 2016 - 14:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 30 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Янв 2022 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Торт тоонун ортосу...:-)

Тообо кылдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1038 Пользователь офлайн   mamatmusakuzuraziya   12 Декабрь 2016 - 15:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 170
  • Катталган: 28 Февраль 13
  • Соңку аракети: 31 Янв 2018 06:32
  • Жынысы:Белгисиз

Тайнем айтып калат эле кор казганда топурак кандай чыкты деп. Казган жерден кара жумшак топурак чыкса иии кудайым каалап бейишке кетет экен деп аа таш шагыл чыкса иии байкуш жаман болуптур деп калаар эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1039 Пользователь офлайн   Naziko_Bayazet   12 Декабрь 2016 - 17:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 22 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2017 08:58

Просмотр сообщения Meerman (12 Декабрь 2016 - 10:02) жазган:

КАБЫР КАЗГАН КАЗАХТЫН ОКУЯСЫ!


Эх, адамзат! Акыйкатты көрүп, сезип турсак да моюн сунбай келебиз ... Өлбөчүдөй тырмалап, жашообуздун кандай өтүп жатканын да сезбей, болгон сайын болсун деп умтула беребиз. Азына кейип, көбүнө көөп, бергенди эмес алганды жакшы көрөбүз. Бир жолу болсо да кечинде же олтурганда, же бош убактыңызда бир күн өлсөм кабырда эмне болот экен? Эмнелер мени күтүп турат? Өзүм жалгыз кандай абалда болом? Суроолорго кандай жооп берем деп ойлонуп көрдүңүз бекен?
Сиз бул айтылгандарга ишенбөөңүз мүмкүн, бирок ушундай сиздин таттуу жашооңузду кесип кетүүчү өлүм бар. Ар ким бул жарыктыкта кандай жүрүп кандай иш кылган болсо жооп бере турган күнү келет. Анда бул окуя сабак болсун ...
Жергебизде көп жана чоң кабырлар бар. Ушундай бир көрүстөндөрдүн биринде бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан көр казган акебиз, ушул окуяны өз көздөрү менен көргөн инсан катары айтып берди, кабар берип жаткан учурда көздөрү жашып жатканын көрдүк. Мен кыйла жылдан бери адамдардын кызматын кылып келем, бирок мындайын али көргөн эмес элем. Өткөн жылдын жаз күндөрүндө унаа кырсыктан көз жумган кырк жаш чамаларындагы бир жигитти көмүү үчүн алып келишти, кеч курун жаны үзүлгөн экен. Багымдат намазынан соң дароо жерге бере турган болушуптур, ошол себептен кабырга коюу аземине катышуума туура
келди. А бирок эмнегедир көрүстөнгө көңүлүм жок келдим, эң кызыгы көрүстөнгө келгенимде эч качан кылбаган ишти кылып койгонумду аңдадым. Кетменим үйдө калып кеткен экен, эмнегедир бир күн мурда ардайым көрүстөндө иштете турган буюмдарымды үйгө алып кеткен экенмин. Иши кылып унаада кайра барып буюмдарымды да алып келдим, жакшыраак жер табып бир аздан соң алынып келе турган сөөк үчүн көр казууга кириштим. Кетменди бир-эки жерге уруп көрдүм эмнегедир өтпөдү, шиш күрөктү дагы пайдаландым, алдымда кандай аспабым болсо иштеттим бирок пайдасы болбоду. Буюмдарымды текшерип көрдүм бул абалды
жердин катуулугуна койдум. Азма-аз орун которуп, алысыраак жерден чабып көрдүм, кызыгы кыйла ным болгон жерде да кетменим казууга жарабады. Таң калганымдан кабырдын жети түрлүү жерлерин казууга кириштим, бирок бир да жерди жарым чарчы болсо да каза албадым. Бир аздан соң шакирттерим жетип келишти аларга болгон окуяны айтып бердим. Шакирттерим ишенбегендерин сездим, кийин күрөктү берип казып көргүлө дедим, жигиттердин колдорунан дагы эч майнап келбеди. Туруп калдык. кабырдын бир да жери казылбай калды. Багымдат намазынан соң жаназа окулган сөөктү алып келишти, мен барып болгонун болгондой имамга айтып бердим. Имам көзүндө жаш кылгыруу менен сөөктүн туугандары алдына жол тартты, баарынын алдында мындан бир саат мурда кылган иштерибизди кайталап, көргөзүп бердик, чындыгында жер казылбай койду. Ошол жердеги баарысы бир гана чындыкты түшүнүп жаткан эле, сөөктү жер кабыл кылгысы жок. Айла жок, имам менен сүйлөшүп сөөктү бир амалдап жарымчарчы казылган жерге көмдүк жана үстүнө топурак тарткан адам болдук, баары муңдуу абалдарында үйлөрүнө кайтышты. Эң жаман окуя эртеси жүз көргөздү, мен башка бир сөөк үчүн кабыр казып жатканымда нараагыракта иттердин үнүн угуп калдым, жүгүрүп барсам бир күн мурда көмүлгөн сөөк тышкарыга чыгып калган экен, көрүстөндө ызгып жүрүшкөн дейди иттер тытып таштаган экен. Иттерди айдадым, ичек- чабагы чыгып калган сөөктү бир амалдап жерге көмүүгө урундум бирок пайдасы жок эле иттерден кечирээк келип калганым үчүн сөөктүн бир сак жери калган эмес эле. Сөөктүн чачылган жерлерин көмүп салдым. Бир нече күндөн кийин келгенимде сөөк иттерге жем болгонун көрдүм. Эч кимге бул окуянын кабарын бербедим, а бирок сөөк тытылып кеткен эле. Миң коркуу менен кетменимди алып жарым чарчылык кабырга жакындаштым, Субахан Алла үч-төрт күн мурун таштай катуу болгон жер пахтадай жумшак болуп кеткен экен, сөөктү Алланын буйругу менен кабыл албагандан кийин башка өлүктөр үчүн жумшак болуп үлгүргөн жерди көрүп көзүмдө жаш, ичимде кан сызуу менен кабырды каза бердим, ээси жок кабыр болсун деп аны кабыр абалына келтирип койдум, ар күнү кабырга келсем ошол кабырды зыярат кылганы адаттанганмын. Анын ичинде ээси жоктугун билем, ар жакка чачылып, тытылып кеткенин менден башка адам билбейт, сүрүштүрөйүн десем баары бир билем өлгөн адам Жаратканына кыянаттык кылган же сүткор болгон, же өлөр-өлгөнчө арак ичкен, же болбосо зына иштери менен алектенген. Мага мунун эмне кызыгы бар, мага бир гана үлгү керек?! Жер дагы Алланын макулугу, эгер Алла Таала жерге буйрук берип, кабыл кылба десе таштан катуу болуп калат экен. Аны дүйнөнүн каалаган жерлерин кезип чыгып көмүүгө жер таба албайт экенсиз. Айбандарга жем болгон соң жер жумшайт экен, Субахан Алла! Алла Тааладан өлүмүбүздү чырайлуу кылуу менен биргеликте кабырыбыздагы абалыбызды дагы оңдоосун сурап, тилейбиз, Алла Таала Мээримдүү жана ыйык Зат.

Дин жана философияга жазсаныз болмок экен,кабырды зыярат кылуу деген исламда жок беле?
Чоң энем рамаатылыктын да айтканы бар эле айылда бир кемпирдин гөрүн казганда таштар чыгып зорго казышкан экен деп ал кемпир өтө ач көз болгон экен эле деп
Ленинди да жер албайт дешетго көбү, бирок динсиздер да жерге берилип жатат
Аллахым бизди солих инсандардан кыла көр жүрөгүбүзгө ыйман бере көр, динди түшүнбөй жаткан туугандарыбыздын жүрөгүнө ыйман нурун сала көр аминь
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1040 Жолоочу_Kosmopolitka_* 12 Декабрь 2016 - 18:43

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Тоообаа.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: