Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#1121 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   30 Апрель 2017 - 20:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Өзүмдөн мурда акчамды Акыретке жөнөттүм.*

Осмон падышачылыгынын учурунда Үчбаш Насреддин Хамза аттуу атактуу аалым болгон экен. Ал киши акчасын коромжу кылгысы келбей, атка минбей жөө басып, эски чапан, эски көлөчүн жаңылабаптыр. Ошентип өмүр кечирип көп байлык жыйынаптыр. Аны берегидей эски-уску кийимчен жүргөнүн көргөн айылдаштары «Акчалуу молдо» деп койчу экен.
Акчалуу мырза күн келип чогулткан акчасына Фатих Карагумрук деген жерге «Үчбаш» атындагы медресе, «Үчбаш» атындагы мечит салдырат. Аалымдар жана үйү жок кембагалдар жашай турган далистүү бөлмөлөрдү курдуруп ишке киргизет. Элдин баамында акчаны жандан артык сүйгөн молдонун бул жигердүү камкордугу көпчүлүктү таң калдырат. Айрымдар тартынбай сурайт:

-Таксыр, сиз акчаны жандан артык көргөнүңүзгө карабай, ушунчалык зор ишке кантип батындыңыз?

Мыйыгынан жылмайган молдо берегидей маңыздуу жоопту узатат:

-Кадырман замандаштар! Силер туура айтып жатасыңар. Мен акчаны абдан жакшы көрөм. Ошондуктан анын бу дүйнөдө калып кетишине көңүлүм түтпөдү. Өзүмдөн мурда акчамды Акыретке жөнөттүм.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1122 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   30 Апрель 2017 - 20:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

«КАЙНЕНЕМЕ ТАТЫКТУУ КАРЫЛЫК ТАРТУУЛАГЫМ КЕЛЕТ…»

 

Мен көпчүлүк учурда курбу кыздарымдын кайненелери менен тил табыша албай жатканы тууралуу айтышканын угуп калам. Алар “кайненемден тажадым, кылган ишимден кыйкым таап эле отурат” деп көп айтышат. Мен деле алардай келинмин, турмушка чыкканыма 7 жыл болду, жолдошум экөөбүз 3 кыздын ата-энесибиз. Бирок мен кайненеме ыраазычылыгымды гана айткым келет.
Мындан 7 жыл мурун, 11-класста окуп жаткан кезимде апамдын каалоосу менен жолдошумдун үйүнө келин болуп баргам. Азыр ойлосом, өткөөл курактагы турмушту оюнчук ойлоп жүргөн кезим экен. Ошентип, мектепке кайын журтумдукунан бара баштадым. Оюмдун баары көчөдө, кыздар менен отуруп кээде үйгө кеч барам. Кечкисин бийге баргым келет, кыздар менен көчө кыдыргым келет. Ар нерсени жегим келет, жарашыктуу кийим кийгим келет. Кызыгы, мунун баарын каалап эле тим болбостон аткарганга шашылчу элем. Өз үйүмдө көрсөтпөгөн кылыктарымдын баарын кайненеме көрсөтөм, ыйлайм, кыскасы, корс мүнөзүмдү сыртка чыгарып алчу элем. Азыр ойлосом, кайын журтум, өзгөчө кайненем менин өткөөл курагымдагы кыял-жоругумдун баарына чыдаптыр.
Акыркы коңгуроого башыма бантик байлап кайненем жиберген. Турмушка чыккандан кийин 2 жыл төрөй алган жокмун. Организмим деле жаш болсо керек. Ойлоп көрсөм, төрөгүчө кайын журтумдун кичүү кызындай эле ойноп-күлүп жүрө бериптирмин. Ошондуктан азыр төркүнүм менен өтө сый мамиледемин. Жаш кезде турмуш кургандыктан, кичинемден эле кайненемдин колунда өскөндөй сезим жаралып калган. Өзүмдүн апама көп сырымды айта албайм, көрүшкөндө ортобузда аралык сакталат. Кээ бирлердей болуп эне-баладай элжирешип отурбайбыз. Бирок муну кайненем менен кылам, сырдашабыз, түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурабыз. Ал кеп-кеңештери менен бөлүшүүдөн тажабайт, мен аларды эсиме түйүп калууга аракет кылам. Анын мага жасаган мамилесин көрүп, жолдошумдун энеси ушундай экендигине ыраазы болом. Бир канча күн көрүшпөй калсак, ар дайым телефондон ал-акыбалымды сурап турат. Анан үйгө келгенде жүзүмдөн өөп, эркелетип тосуп алат.
Өзүм 3 кызды төрөгөнүм менен, алар мага бир туугандай, алардын баарын апакем
(кайненем) багып чоңойтту.
Ушул күнгө чейин мага карата катуу сүйлөгөн эмес. Бул анын мени сыйлагандыгы деп түшүнөм.
Кээ бир кайненелер келиндери жаман мамиле жасашса таң калышат, мунун негизги себеби – кайненелер өздөрү келиндери жаңы келгенде алардын жүрөгүн оорутуп коюшкандыгы болсо керек. Анткени жашоомдо келинди анчалык сыйлай бербеген кайненелерди көп эле кезиктирдим. Аларды көрүп ошол эне кызына да кайын журту ошондой мамиле жасашын каалайт бекен деп ойлойм. Мындай окуялардан улам көп кыздар турмушка чыккандан заарканышса керек.
Жашоомдун бул бөлүгү менен бөлүшкөнүмдүн себеби – беш кол тең эмес. Дайыма эле келиндерди күнөөлөй берүүнүн кереги жок. Кайненелер дагы жылуу сөзү менен келинди өз кызындай кабыл алышса болот деп айткым келет.
Мени өз кызындай көргөн кайненеме татыктуу карылык тартуулагым келет.

Жазган:Гүлбарчын

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 30 Апрель 2017 - 20:39

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1123 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   30 Апрель 2017 - 20:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Таксисттин арманы

Ош –Ноокат аялдамасында улам «Ноокат,Ноокат, бир адам »-деп кайра-кайра кыйкырып, адамдарды өзүнө бурган жаш жигиттин күмүш түстүү Мерседес маркасындагы машинасына эки колтугуна таяк таянган, бир буту жок отуздар чамасындагы киши келип олтурду.
Ал машинага жайгашаар менен жанагы эпилдеген жигит да рулга олтуруп жолго сапар алды. Маарага түшкөн ат атаандаштарынан аран алдыга чыккандай, шаардагы тыгындардан, жол чырактардан, жөө жүргүнчүлөрдөн араң бошонгон бул машина, шаар четиндеги трассага түшөрү менен зуулдап жөнөдү. Арада алдынан чыккан автоуналар бипилдеткенине карабай кайдадыр шашып,аларды буйтап өтүп зымырап баратты. Ичиндегилердин көпчүлүгү жаштар болгондуктан айрымдары телефон чукуп, кээ бирлери кулактарына телефондун шунурун тыгып бир нерселерди угуп бараттышты. Бир гана таяк таянган жанагы жигит улам машина ылдамдыгы күчөгөн сайын, «акырын айда,абайлап айда»-деп айдоочуга эскертип баратты. Ал болсо кардарынын мындай акылыңа зар эмесмин дегенсип,жактырбагандай түр менен тиктеп койду.Ошол жетиштүү болдубу,айтор тиги киши андан ары тилин тишине кысып олтуруп калды..
Алмалыкка кире бериштеги бурулушка жеткенеде зуулдаган машина карыщылаш келе жаткан Камаз менен сүзүшө кетейин деп араң токтоп калды. Жанатан бери угуп келе жаткан музыкаларына баш чайкап, жазышкан смстерине жылмайып келе жаткандардын оозунан заматта «Аллалаган, апалаган үндөр угулду. Машина оңго-солго жүрүп тумшугу жол чекесиндеги чоон ташка барып такалды. Баары бир саамага тыный түшүштү. Бир топко барып өздөрүнө келишти. Анан биринен-бири өтүп,ар түрдүү сөздөр менен айдоочуга асыла башташты. Жанатан бери өпкөсүн колтуктап алаган айдоочу жигит. Үн да катпай, сөз да айтпай купкуу жүзү менен жолун улады.
Бирканча жүргөн соң жанагы таяк таянган жигит кеп тизгинин алып, акырын сөз баштады.
-Досум билесиңби, сен өзүңдүн шашмалыгын, ашыккандыгын менен аз жерден бизди о дүйнөгө жөнөтүп сала жаздадың. Пешенең бар экен. Бактылуу экенсин. Жанатан бери санап олтурсам алдыңдан чыккан машиналар сигналдарын бергенине карабай алты жолу жол эрежесин буздуң. Билем, машина жаны, өзүң жашсың..
Сен үчүн азыр эн башкысы барар жерине тез барып кайтар жеринен тез кайтып, көбүрөөк акча табуу. Мен да мындан алты жыл мурда ошондой ойлор кучагында жашачуумун. Кулагыма канчасы өз жолунда жүр, эрежени бузба. Жолдо жүрүүдө да өзүңдүн жана бирөөнүн акысы бар .Бирөнүн акысына кирбе деп канчасы айтты. Алардын баарына айта беришет дегендей маани берчү эмесмин. Мындай сөздөр мага мораль окугандай сезилип, кулагымдын сыртынан кетчү эле.Сен өткөндөй мен да машиналарды артыма калтырып, маңдайыман чыккандардан мен эмес өздөрү буйтап өтүшчү. Сөөк-саактуу нерсемин да. Канчасы менен мындай кылыгымдын айынан кер-мур айтышпадым дейсиң. А канчасы сөгүнүп.сигналдарын бипилдеткен бойдон өтүп кетишчү.Ошентип шамалдай учуп жүргөн күндөрүмдүн биринде бир клиент чыкты. Жаш кыз экен. Сүйлөштүм. Россиядан келе жатыптыр. Үйүнө эртерээк жеткирип коюну суранды. Акымды алдын ала берди. Шаардан районго жол алдык.Жол жүргөнгөбү жанагы кыз уйкуга кетти. Мен адатымча магинтофондо койгон бойдон, ылдамдыкты катуулата баштадым. Бир канча жүргөндөн кийин кыз чочуп кетип, «акырын айданызчы» деп суранды. Өзүмө анан калса,жаңыдан гана жаңылап алган машинама ашыкча ишенгем чамасы ,анын сөзүн таназарыма да албадым.Ылдамдыкты акыры жолу караганымда жүздөн ашкан эле. Көптөгөн машиналарды артка калтырып келе жатканбыз. Анан эле бир бусикти оозор маалда сөз менен болуп маани бербей калыпмын, маңдайыбызда келе жаткан КАМАЗдын астына кирип бара жаткандыгыбызды бир билем. Кыздын апаа деп чынырганын бир билем. Башка эч текени эстей албайм. Көзүмдү ачсам арадан алты күн өтүптүр. Ак халатчандар бир бутумду кесип салышыптыр. Башым, колдорум, таңылган. Тилим аран күрмөөгү келди. Жанагы кыздын абалын сурадым. Эч ким үн катпады. Эки күндөн кийин анын ошол күнү ааламдан өткөнүн угузушту.
Ата-энемдин буту ошол кыздын үйүндө калды бар дүйнөсүн сатып. Түшүнгөн адамдар экен.Өздөрү перзентинен айрылып кан жутуп турса да, тагдырга там беришип мени кечиришти. Аларго кечиришти. Өзүмчү,өзүмдү өзүм ушул күнгө чейин кечирбей келем. Он гүлүнөн бир гүлү ачычла элек ошол кыздын өлүмүнө себепчи болгон менин жер бетинде басып жүрүүгө канчалык акым бар? Өзүң көрүп тургандай бирөөнүн акысына кире берсен жараткан өзү тегиздеп коет экен. Бүгүн минтип бир буттуу адамга айланганмын. Арадан алты жыл өтсө да ошол күн эч эсимден кетпейт. Кыздын «акырын айданызчы, абайлаңызчы» деген жалынган үнүн кулагыма жаңыра берет.көз алдымда КАМАЗ, анан сынган бутум, бизди куткарып жаткан чоочун адамдар ,тезжардам маишансы баары-баары тартыла берет
Сага бүгүн кудайым боор ачыды.Эскертти. Ушуну унутпа, магада ушундай эскертүүлөр далай берилген, бирок…»-деп оор үшкүрүндү. Аны кыргылданган үнүк кылгырыпчыккан көз жашы машинадаглардын баарын ойго салды.
Эч ким сүйлөбөдү. Машина жана анын ичинидегилер акырын дем алып баратышты….
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1124 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   06 Май 2017 - 04:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абийирдүү атанын кызына жазган каты

Жаным кызым, убакыт учкан куш сымал тез өтөт тура. Кечээ эле секелек кыз элең, бүгүн минтип бойго жетип, жыйырма бир жаштын тузун татып отурасың. Бул сенин жашооондо өз бактыңды аныктай турган куракка келгениңди билдирет. Эми, жашооңдун жаңы баскычына кадам шилтеп, өзүнчө түтүн булатасың. Андыктан айлана чөйрөңө абал салып, ар нерсеге аяр мамиледе бол. Эгер эч ким көрүп билбейт деп чекилик кылсаң, анда өзүңдү да, өзгөнү да бактылуу кыла албайсын.

Көп жигиттер менен таанышып, ойноп кулуу силердин дооруңарда балким кызыктуудур, бирок, маани бербей жаштык мастык менен аша чаап кетсең бат эле сыймыгыңдан да, абийириңден да айрыласың.
Башкалардын жашоосунан сабак алуу, башкалардын кетирген кемчиликтерин кайталабоого тырышуу адамдын бакытка карай багыт алышына оболго түзөт.
Жаштык курактын эң жаман жагы – жаркын келечекке, бактылуулукка алып баруучу жолду аңдабай, акыйкатты көрө албай өтктндүктө.

Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар жаш кезиндеги жаңылыштыгынын азбын өмүр бою тартышат.
Кызым, сенин бактылуу болушунңду абдан каалаймын.
Сага айтайын дегеним -өмүрлүк жолдошуңду тандоодо жанылыштык кетире көрбө.
«Маңдайыңа жазылганын көрөсүн», бирок, ага сенин себепкер болоруңду унутпа. Тандаган кишиңдин мал-мүлкүнө, байлыгына, мансап даражасына көнүл бурба. Бул маселеде көңүл бурушуң керек болгон айрым жагдайларга кыскача токтолуп кетейин.

Эн оболу сүйгөн кишиңдин жан дүйнөсү таза болгонуна көңүл бур. Жан дүйнөсү таза же таза эместиги анын журум турумунан, сүйлөгөн сөздөрүнөн, башкалар менен болгон мамилесинен дароо байкалат.
Анын адамдык даражасын сага жасаган жылуу мамилесинен эмес, башкаларга жасаган мамилесинен байка…

Билим деңгээлине, ыйман-ариетине маани бербесең, анда аны менен кошо карагылыктын торуна тз ыктыярың менен чалынган болосуң.

Көңүл бур кызым, кудайдан коркпогон киши ар кандай зоокурлукко барат. Өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан алып айта турган болсом, өмүрлүк жолдошуң экөөңөрдүн ортоңордо таза сүйүү байлык, бийлик, жан кумары үчүн эмес, бир гана жараткандын ыраазычылыгы үчүн болуусу өтө маанилүү. Мына ошондо гана бул дүйнөнүн утурумдук жыргалчылыгана эмес, бейиштеги жашоону да эске алып жашайсынар. Ошондой эле, эктөңөрдүн тең максатыңар жараткандын ыраазычылыгына жетүү болуусу зарыл.
Милдетиңди так аткарууң үчүн мурунку жаман көндүмдөрүңдүн жана секелектик кыялдарыңдан баш тартуун керектигин унутпа. Эгер буга күчйң жетпесе турмушка чыгууга шашылба. Анткени, өмүрлүк жарыңды бактысыз кылууга акың жок, кызым, оболу сага айтаарым өмүрлүк жолдошуңа карай көйкөлүп басканыңда кийген ак көйнөгүң сыяктуу, жан дүйнөң да дагы апапак, таптаза болушу керек. Турмушка чыккандан кийин алдыңда жапжаңы, таптакыр башкача жашоонун башталганын көрөсүң. Мунун ары кызыктуу, ары сырдуу жактары да бар. Турмушка чыкканыңды эч унутпашың керек болгон маанилүү жагдайлардын бири бул өмүрлүк жолдошуңа болгон жакындыгың, кызым. Ал сенин, сен анын жашоосундагы эң жакынысың. Кайгырса кайгысына, кубанса кубанычына сен ортоктош болушуң керек. Аны менен сыймыктанганыңды дайыма белгилей жйр. Аны сүйөөрүңдү ачык айтып, ага болгон сүйүүңдй жылуу мамаиле менен билдирип жүр. Анткени, үй- бүлөөдөгү бакыт жашоо дал ушуга байланыштуу. Жолдошуң кечинде жумуштан чарчап келгенде жылмайып тосуп ал. Ал сени көргөндө чарчаганын унутуп эс ала түшсүн. Кээде өзүнчө ачууланышы мүмкүн, бул адамдын табиятындагы көрүнүш. Балким, ошол күнү күнүмдүк маселелер аны сага капалуу көрсөтүп жаткандыр. Сенин эң чоң милдетиң үйүңдүн босогосунан башталат, кызым. Жолдошуңдун ошол күндү кантип өтктргөндүгүн сага айтып жеңилдеп алышына мүмкүнчүлүк түз. Сенин мындай мамилен аны кубанычка бөлөйт. Сүйүлгөнүн сезген эркек өмүрлүк жарың дагы сөзсүз сүйөт, а түгүл, сүйүүсү баштагыдан да артат.
Өмүрлүк жолдошуңдун анча мынча кемчилдиктерине көз жумууда шалаакылык кылба кызым. Кемчилдиксиз пенде болбойт. Кечиримдүү бол. Маани берүүчү жагдайлардын дагы бири сен маанилүү деп эсептебеген майда барат нерселер өмүрлүк жарың үчүн өтө маанилүү болушу мүмкүн, мына ошол маани берилбеген нерселер убакыттын өтүшү менен жашоондо чоң окуялардын болушун шартташы ыктымал. Мындан улам, ар нерсеге өз убагында маани берип жолдошуңдун түшүнүгүнө, ойлоруна жараша мамиле кылуун зарыл.
Унутпа, эркектердин сезими бат өзгөрөт. Аял заты катарында сен ага чыдай албайм деп ойлошуң мүмкүн. А түгүл, бул оюң сенин жолдошуңа каршы чыгууңа да түрткү бериши ыктымал. Бирок, турмуш куруу акыр аягы билинбеген бир кайрымдуулук, жоомарттык кылуу дегенди билдирерин эсинден чыгарба, кызым.
Сен канчалык сабырдуу болуп, марттык кылсаң өмүрлүк жарың дагы сага берешендик кылууга аргасыз болот жана мына ушундайча үй- бүлөңөрдүн ынтымак ырашкерлиги артып, пайдубалы бекемделет.
Азыр эскертүүлөрймдүн эң маанилүүсүнө келдим.Бал саптарды бир канча жолу окуп, айтайын дегендеримди түшүнгөнгө аракет кыл, кызым!

Азырынча жашсың тажрыйбаң аз. Мындан улам кээ бир сөздөрүмдүн төркүнүн түшүнбөй калышың мүмкүн. Катымды айрып, керексиз буюмдай ыргытып сала көрбө, тескерисинче, качан болсун тапкыдай жерге сары майдай сактап жүр. Качандыр бир тунгуюкка кептелип, жол таба албай карайлап калганыңды ачып окуп, туура жолду тандап аларсын…

Эркектер жалпысынан назданган чырайы менен башкаларды өзүнө арбап алган аялзатын жактырышат. Аларга суктанышканын эркекетер түрдүүчө билдиришет. Бул эч качан сенин жарым жылаңач кийинип жүрүүго алып барбасын!
Женил ойлуукка алдырсаң, эң чоң жаңылыштыгың ушул болот. Анткени, эч бир эркек жубайына башкалардын көз карашын каалабайт жана буга чыдай албайт. Сен жолдошуңдун каалоосуна баш ий, айлана чөйрөңдүн, ушакчылардын курмандыгы болбо!

Өмүрлүк жолдошуң үчүн бардык шарт жагдайды түзө бил, аны ыраазы кылуунун жолдорун изде. Жолдошуң издегени менен самаганын өзүнйн үй- бүлөөсүнөн тапсын, көңүлү башкаларга бөлүнөт, көзү сыртта калбасын. Жан кызым, сага сөзүмдүн акырында төмөнкүлөрдү айткым келди.
Жашоодо эмнени эксең, ошонун түшүмүн гана жыйнайсың. Кыскасы бактылуу болгуң келсе алгач өмүрлүк жарыңды бактылуу кылышың керек.
Жолуң шыдыр, келечегиң кең болсун кызым….

Кудай сени бул жалганда адаштырбасын!!!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1125 Пользователь офлайн   uikuchu7   09 Май 2017 - 11:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жүрөгү таза

Кол жуугучка келип намаз окуганы даарат ала баштаган. Агасынын эки иниси ызы-чуу түшүп кошо жарышып келип артына кезекке туруп калышты. Бири-бирин түркүлөп, бири-бирине чурулдап бир нерселерди талашып алышкан.
- Биринчи колду жууш керек. Манжалардын арасына чейин жуусаң! - деди агасы инисин эскертип.
- Билем мен деле. Таенем үйрөткөн кечөө, - деди иниси да моюн бербей.
Агасынын үйүнө көптөн бери келбегендиктен бөбөктөрүнүн кылыгын алгач түшүнө алган жок.
- Силерге эмне болду? Эмне даарат аласыңарбы? – деди таң кала.
- Ооба. Сиз менен намаз окуйбуз, - дешти экөө дагы жарыша сүйлөп. Айрыкча тили балдыраган иниси агасынан дегеле кем калчудай эмес.
- Биз намаз окуганды үйрөнүп атабыз. Күнүгө мечитке барабыз, - деди ал жарылдап.
Артында мынча жамаат күтүп калган соң ылдамдабаса болбойт. Ичинен инилеринин ыйманга суусап турганын сезип, кубанып турду. Ары-бери дааратын алып бүтүп, сүлгү менен аарчынып жатып экөөнөн даараттын шарттарын сурап көрдү. Чын эле билип алышыптыр. Тыкылдайт экөө тең.
- Макул анда, күтүп турам. Жуунуп келе калгыла, - деп төркү бөлмөгө кирип кетти.
Ошону менен экөө бир топко чурулдап жүрүп артынан келишти. Анча-мынча эскертүүлөрдү айтып, артына катарга тургузду да, чогуу шамды окушту. Андан кийин үчөө тегерек тартып отуруп алышып зикир чалышты. Албетте, муну берки экөө үйрөнө элек экен. Бирок ынтызарлана сурап, ал тургай кагаз-калем таап келип жазып да алышты. Анан бытыйган алакандарын жайдырып алып дуба кылдырды. Бир топко дуба кылышкан соң эмне деп дуба кылгандарын бир-бирден сурады.
- Мен «атам менен апам оорубасын. Биз жакшы окуп, жакшы бала бололу. Үйдө тамак көп болсун, апамдын башы оорубасын. Атамдын буту оорубасын. Ии... Сабактарымды жакшы окуюн. Бизди жакшы көр, оо Аллахым» деп дуба кылдым, - деди кичүүсү. Көзүн бакырайтып өз кезегин күтүп отурган улуусу анын артынан эле өзүнүкүн айта баштады.
- Мен болсо «дүйнөдө тынчтык болсун. Кыргызстанда жаман кишилер аз болсун. Атам, апам, чоң атам, чоң апам, таятам, таянемдер оорубасын» дедим. Анан сизди да «иштери жакшы болуп, үйгө бат-бат келип турсун» деп дуба кылдым, - деди.
Экөөнү мактады да, өзүнүн дубаларын айтымыш болуп дагы жакшы тилек тилегенди да үйрөтө кетти.
- Өзүңөргө, тууганыңарга, эли-журтуңарга ыйман тилегенди да унутпагыла. Себеби, акча, тамак-аш, окуу деген жакшы, бирок ыйман жок болсо анын баары эч нерсеге татыбай калат. Мисалы, жакшы окуган балада ыйман жок болсо, ал кийин кыйын ададм болгону менен, жаман адам болуп кетиши мүмкүн. Жанагы кинолордо аябай кыйын бирок дайыма жаман иш кылгандар болот го. Ошолордой болуп калат. Кээ бир кишилер акчаны көп таап бай болушат. Бирок, ал акчалары менен эч кимге пайдасы жок, тескерисинче элге зыянын тийгизет. Ошондуктан ыймандуулукту унутпаш керек.
Экөө эч бир кири жок жалжылдаган көздөрүн бакырайтып, мурдуларын быш-быш тартып коюп дем чыгарбай угушту. Аларды карап отуруп чыныгы тазалыкты, чыныгы аруулукту даана сезди. Анан ачык турган эшиктен наркы бөлмөдө эч нерсе укпамыш болуп телевизор тиктеп отурган агасы көзүнө илинди. Анын «адамдын жүрөгү таза болсо болду да. Сөзсүз намаз окуп, сыйынуунун эмне кереги бар?» деген сөзү мээсине тык этти ошондо. Чынында мурда бул сөзүнө жооп таба албай калчу.
- Өз нанымды өзүм таап, маңдай терим менен жанымды багып жүрөм. Эч кимге жамандык тилеп, бут тосконум жок. Кимдир бирөөгө арам санап, бирөөнүн акысын тартып алган да жерим жок. Кудайга ишенем. Болду да. Мындан артыктын кереги эмне?!Эң негизгиси жүрөк таза болсо болду, – дечү ал. Ошондо, аз болсо да убакыт бөлүп, тереңирээк баам салбай жүргөн агасына кантип түшүндүрүштү билбей калчу. Аны айтып, муну айтып далилдейин дейт, андай сөзгө тигиниси кызыкпайт. Кайра баягы «жүрөгүнүн аппактыгын айтып» каршы чыгат. Жөн гана талашка, дебатка айлантып жиберет. Кээде, айласы кеткенде урушуп жиберейин дейт, агасына катуу айта албайт. Анан калса, улуу болбогон күндө да кыйноо, урушуу менен таасир бере албасын жакшы билет. Айла жок, унчукпай калчу. Азыр да ошол сөздөрү эсине келди. «Эхх жүрөгү тазам» деди ичинен. Мыйыгынан күлдү.
- Байке, сиздин жүрөгүңүз тазабы, же мобу балдардын жүрөгү тазабы? – деди агасынын жанына барып. Агасы бир өзүн карап, бир жазып алган сөздөрүн жаттай албай кужурап отурган балдарын карады да,
- Албетте балдардыкы таза да. Биздин жүрөк болбой калды го, - деп жооп кайтарды.
Беркиге так ушул жооп керек болчу.
- Туура. Тигине жүрөгү таза адамдар ыйманга так ошол балдардай болуп суусап турат. А сиз экөөбүздүн жүрөк болбой калган да. Бирок, ошого да карабай «жүрөгүбүз таза, жүрөгүбүз таза» дегенибиз деген, - деди.
Агасы кептин кайда баратканын дароо түшүндү окшойт. Бир саам оңтойсузданып, ордунан козголуп же туруп кете албай, же отуруп киносун уланта албай кала берди. Сөздү мындан ары узатыштын кереги деле жок болчу беркиге...

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1126 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   13 Май 2017 - 06:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул эки жигиттин бирөөсүнүн бешиктен бели чыга элек, экинчисинин жашы жетиге жете элек мезгилде, эрте жазда атасынан айрылышкан. Бечара Бөрүбай тырмалаңдап  эс тарткандан баштап отуз жылдык өмүрүнүн аягына чейин дыйканчылык менен күн  өткөрдү. Жерден кар кеткен тээ алашарбыттан баштап, күнү күркүрөгөн  кеч күзгө чейин желкесинен кетмен түшпөй, жер менен сырдашып, жер менен акылдашып дыйканчылык кылчу. Элдин баары Бөрүбайды тыккан киши  дешчү. Ананчы, анын короо-жайы да, эгин айдаган  талаасы да, башкалардыкынан башкача болуп турчу. Иреттүү, баарысы орду-ордунда, буюм-тайымдары да жай-жайында турчу. Кандай ишке бел байлабасын майын чыгара, чын дилинен аткарчу. Ошого анча-мынча алканы калыңдар эгин-тигин айдатып, септиргенде, сугарганда, жыйнаганда Бөрүбай тыкканды мандикер жалдашчу. Өмүрү кыска экен, ошентип дыйканчылык кылып жүргөн  күндөрдүн биринде кокусунан жүрөгү кармап, талаадан үйүнө араң келип үзүлгөн.

Андан бери канча суулар агып, күн кеч кирип, таң атты дейсиң. Ошол убакыт жебеси менен жарышып, анын балдары да бойго жетишти. “Алма сабынан алыс түшпөйт” дегендей балдары да атасын тартып жакшы чыгышты. Бирөөлөргө пайдасы тийбесе, зыяны тийбейт булардын. Кол арага жарагандан бери эле экөөсү тең тырышчаак. Дыйканчылык, чарбачылык менен күн көрүшөт. Бошой калышканда кимдир бирөөнүн үйүн шыбап, тамдарын жаап дегендей устачылык да кыла коюшат, бир туугандар биргеликте.

Быйыл эрте жазда ага-ини масилеттешип, айылдын мал жандыгы кышкысын жайылган кара кырдын артындагы “Дасторкон -Тахта” аталган тегиздикке жаздык себишкен. Ошол күндөн бери бир туугандардын буту ушул жакта. Бири коюп бири кезек менен кароолчулук кылып жүрүштү. Бешенелерине быйыл  күн жаанчыл келип, буудайлары жакшы болду. Кечээ жакында орушуп, кырман бастырышты. Тоодой болуп үйүлгөн кырмандын четинде ага-ини кылган мээнеттеринин акыбетин кайтарып бергенине Жаратканга шүгүрчүлүк айтышып, алган  түшүмдү кантип  бөлүшөөрүн масилеттеше баштады. Алгач агасы: Иним кудайга шүгүр. Быйыл куруу кол калтырбады. Атам ыраматылыктын; Дыйканчылыкта өтө сооп көп. Биринчиден, “оп бысмылда” деп, жакшы ниет менен жерге  дан чачсаң, аны жер астындагы курт-кумурскалар жейт. Мында бир сооп. Экинчиден, ал өсүп чыгып. Дан байлаганда куш-чымчыктар азыктанышат, буга дагы бир сооп, анан жыйын-терим болгондо алган түшүмүңдөн бей-бечарага,  жетим-жесирге, жакыр-жалчыга үшүр бересиң. Мында дагы бир сооп. Анан калганын өзүн бала-чакаң менен пайдаланасың- бул нерсеге дагы бир сооп жазылат” – дегенин кулагым чалган эле. Эгер макул көрсөң, эң алгач кырмандан айылыбыздагы Абдирашит акенин балдарына үшүр берели. Кантсе да, ал кишинин көзү өтүп кеткенден  бери жаш балдары аябай кыйналып калышты. Анан кырманды тең экиге бөлөлү деп сөз баштады.

Жанатан бери агасынын сөзүн муюп угуп олтурган иниси макул дегенсип баш ийкеди. Кырмандан алгач үшүр берилди. Анан тең экиге бөлүндү.

Ташууга келгенде иниси агасына:

-Мен карап турайын сиз биринчи ташыңыз. Келгениңизде мен жөнөйүн. Кезек-кезек менен ташыбасак. Жол алыс чарчап калабыз” – деген сунушун айтты. Бул пикир агасына да макул келди. Ал бир эки кап буудайды эшегине артып үйүнө жол алды. Агасы көздөн кайым болгондон кийин инисине бир ой келди. Бул пикир чындап таң калыштуу эле. Ал өзүнчө жалгыз башымды эптеп багамын. Агама кыйын. Кантсе да, жаш балдары бар. Кой өзүмө тийген тийешеден ага билдирбей кошуп салайын деп ойлонду да, агасы келгиче бир челек буудай салып, агасы тарапка төгүп койду.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн соң агасы келди. Инисине буудай капташып жолго салды. Ал нарыраак жылганда, агасынан башында да бир ой кылт этти. Өзүнчө менин үй-бүлөм бар. Эптеп күнүмдү көрөмүн. Ушул иним бойдок жүрөт. Буудай  көбүрөөк тийсе сатып, бүлөлүү болуп алса ажеп эмес. Ке, жакшысы ага билдирбей, өзүмдүн энчимен кичине кошуп салайын деди да, инисинин буудайына бир челек төгүп койду.

Эки бир туугандын мындай бири-бирине болгон урматына, сыйына, ызаатына ыраазы болгон жараткан, алардын кырманына береке берди. Экөөсү аз гана көрүнгөн кырманды  үч күн бою ташышты. . . .
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1127 Пользователь офлайн   Baktyluu_bolgum_kelet   13 Май 2017 - 16:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 687
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 09 Июн 2024 19:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:♡♡♡ОШ♡♡♡

Бир олуя болгон экен. Анын аялы текебер, ачуулуу экен.Олуя азирети күн сайын түн жарымында тахажуд намазын окуу үчүн мечитке барып, ал жерден биротоло таңкы багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак беруу үчүн медресеге өтүп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине;
” Бар биздикине барып, жене жакшы жатып турдунузбу? Устазыбыз сурап жатат деп кабар алып кел”-деп дайындайт экен.
Бир күнү бир окуучу барып;
”Жеңе жакшы жатып-турдуңузбу? Устаз сурап жатат”- дептир. Ал аял:

” Ээ устазың өлүп устазсыз калгыр, ошол бетпакты устаз кылып алганыңа таң калам”-деп бакыра баштаптыр.Шакирт артына бурулуп качыптыр.Жолдо өзүнчө ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болор деп, медресеге келип “жеңем жакшы экен” дегенден башка сөз айтпаптыр. Күндөрдүн биринде олуя дагы бир окуучуну жиберип биринчи окуучуга айткан сөзүн кайталайт..
Аялы да биринчи окуучуга айткан жообун айтат..ошондо баягы окуучу таң калыптыр да, олуя адамдын аялы да ушундай болобу?
Азыр барып болгон окуяны айтып беремин деп устазынын алдына келиптир да:

“Устаз, сиз аалым жана олуя болсоңуз. Мындай аял менен жашап эмне кыласыз, талагын берип кое бериң”-дептир. Ошондо олуя:

” Эй балам , аялымдын айрым бир амалы кудайга жагып калыптыр да , мени ага туташтырыптыр. Менин айрым бир кылыгым кудайга жакпай калганбы, аны мага туш келтириптир.

Мен- ал үчүн ырахатмын, ал- мен үчүн АЗАП.Мен ошол азаптарга сабыр кылсам, кудай буюрса бейишке кирем. Эми айтчы бейишке киришиме себепчи болуп жаткан аялды кандай кылып талак берип коё берем”- дептир..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1128 Пользователь офлайн   rnurzida   13 Май 2017 - 21:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

*=ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!=*



Жалбырактар кубулгон куздун айлары да бутуп,кычыраган кыш колун созуп,келе жаткан эле.Бакыт менен Али сабактары буткон сон дайым зангыраган мечитти коздой чуркашаар эле.Алар аран 7-класс болушса да ото зирек ары акылдуу,боорукер, ыймандуу жана адептуу балдардан.
Бакыт Алиге абдан суктанчу.Анткени анын ата-энеси динзар,илимдуу, кадыр-барктуу кишилер.Копчулук учурда Бакыт Алинин уйундо болчу.Экоо бир туугандай болуп калышкан.Кундордун биринде Бакыт досуна:
-Досум,менин ата-энем да сеникиндей Кудайдан корккон,намаз окуган ,туура жургон адамдардан болушса ээ?-деди.
-Албетте ошондой болот!Досум сен коп дуба кыла бер,Аллах албетте аларды туз жолго салат.
-Мен элестетип коройун да Али?
-Эмнени?
-Ата-энемдин намаз окуп,жакшы иштерди кылууну адат кылып,арам аракты таштап,ыймандын таттуу каймагына малынып жатышканын. -деп Бакыт,козун жумуп,созун улантты:
-Эгерде ошондой болсо ,мен Багымдатка алардан эрте туруп,апакеме, атакеме дааратына суу даярдап,алардын чекелеринен суйуп ойготмокмун, анан биргеликте намаз окумакпыз.Апакем биздин усту-башыбызды карап,кийимдерибизди жууп,таттуу тамак-аш кылып,акылдуу аял болмок.Атам болсо бизге адалдан тамак-аш табып келип,бакмак. Мектептеги ата-энелер жыйналышына тынбай барып,менин келечегим учун кам корушоор эле.
Билесинби досум,ата-энем жанымда жана тируу болушса да,мен бары бир эмнегедир жетим сыяктуумун. -деди ыйлап. Али досуна боору ооруп:
-Кайгырба Бакыт,буйруса баары ордуна келет.Сен ойлогондой, кыялдангандай кун созсуз келет.-деп досун кучактады...
Бакыттын уй-булоосу жакыр жашачу.Ата-энесинин ичкиликтен башы чыкчу эмес.Кээде уулу Бакыттын бар экенин да унутуп коюшчу.Аларда мээримдуулук, боорукерлик сыпаттар очуп,жашоосунун манызы жок,супсактан супсак эле.
Бакыт мектептен чыгып уйуно келди.Адатынча уйдун берекеси учуп,арактын, тамекинин жыттары буркурап,конулду айлантып,бака- шака добуштар маанайынды тушурот.Бакыттын журогу тилинип,жан- дуйносу ыйлап турду.Ал басып барып алар отурган болмону ачты.Караса атасы,апасы жана ичкилик ичкен атасынын достору отурушат.Апасынын чачы албарстыдай болуп саксайып,жудоп калган.Бакыттын ичи ирин болуп,эмне деп соз айтаарын билбей нес болуп турду.Анан апасы:-Келдинби? -деди корсулдап.
-Ооба апа.
-Келсен эмне корбой турасынбы уйдун абалын?Тезинен жыйнап идиштерди жуу да,анан билгенинди кыла бер.-деди да ахаалап,башка баласына конул бурган жок.
Ношорлоп жааган жамгыр кандай болсо,Бакыттын коз-жаштары да ошондой болду.Ыйлап уйду жыйды,эки-уч кундук топтолуп калган идиш-аяктарды жууду.Бир убакта атасынын достору да кетти.Бакыт алар ичип отурушкан болмого башбакты.Адатынча атасы менен апасы ызы-чуу салып,атасы апасын уруп жатыптыр.Идиштер талкаланып тамактар тогулгон...Бакыт ыйлап,бакырып, колдон келген аракетин кылып жатып аран аларды болуштурду. Ата-апасы экоо тен алжып мас жана коркунучтуу абалда эле.Ошентип кеч да кирип баары укташты.
Тун ортосунда Бакыт жаш болсо да ,суукка карабай,карангыдан коркпой,даарат алып,тахаджуд намазын ыйлап окуду,жана ал алакан жайып,
-Оо Аллахым сен эн боорукер,эн мээримдуу затсын!Суранам ата-энемдин куноолорун кечир.Аларды озуно жакындат! Дуйнодо алар да сени таанып,ибаадат кылып калышсын.Мен сенден байлык ,акча сурабайм,сенден ата-энемдин шайтандын торунан ак жолго чыгуусун суранам.Бизди ачка кылсан кыл бирок жан-дуйнобузду, журогубуздогу ыйманыбызды алсыратып ачка кылба!Туура! Балким сен ата-энеме таарынгандырсын, бирок алар жакшы адамдаар,мен аларды жакшы кором.Суранаарым аларды ороп алган карангылыктан чыгара кор.Аллахым эгерде аларга туура жол насип этпесен,алардын акыбалы акырээтте кандай болот?Кабырда жан чыдагыс азап тартып,коркунучтуу тозокто куйуп,ирин суу ичип,кылган куноолору учун чынжырларга байланып кыйналышын каалабайм! Эч каалабайм! Айрыкча алар бул дуйнодо сени унутуп,тааныбай кеткен болсо,сен ата-энеме акырээтте "МЕН ДА СИЛЕРДИ УНУТТУМ"дешинден корком.Бизди арамдардан алыстат!-деп коз жашын кол кылып ыйлап дубаа кылды да,кайра ордуна барып,муздак жуурканын жамынып,умут менен уйкуга кетти.
Эртеси Бакыт багымдат намазынан сон,ата-энесине тамак даярдап аларды ойготту.Бети- колдорун жуушкан ата-энеси чайга отурушту.Тып- тынч тамактанып жатышты.Ал тынчтыкты Бакыт бузуп,мындай деп кеп баштады:
-Атаке-апаке суранаам силерден эми башка ичпегилечи. Мени ойлобосонор да озунорду ойлогулачы. Кааласанар тизе бугуп жалынайын.Суранам алтындарыым, ушул арам сууну оозунарга албагылачы. ..-деп жатканда Атасы тамак ичкен столду тарсылдатып, -Токтот,очур унунду!Айбандын гана баласы!Сен эмне бизге акыл уйрото турган даражага жетип калдынбы?! Акмак!Бир тыйын уйго алып келбейсин дагы анан кайдагы сандырак создорду суйлойсун! -деди.Бакыт ыйлап,тамак ичкен болмодон чуркап чыгып кетти.Кийинип, коздору шишип,окуусуна жонойун деп батинкесин кийди эле,бут кийиминин ичи суу экен.Башка батинкесинин жоктугунан ошол суу батинкеси менен окуусуна кете берди.Жолдо Бакыт эмнегедир кундогудон озун абдан жаман сезди.Журогу ойнолоктоп, козу кубара тушту.Журогу катуу ооругандыгынан жерге отура калды.Бир аз отургандан сон оорусу женилдей тушуп,жакшы боло тушту.Бакыт журогунун ооруганына маани берген да жок.Оюнун баары ата-энесинде эле.
Ошентип кундор куштай учуп,бир жыл заматта отуп кетти.Бакыттын уй-булоосу озгоргон жок,мурда кандай болсо азыр да ошондой эле.Бирок Бакыттын журогу мурдакыдан коп оорумай болуп,оорусу кучоп бараткан.Ата- энесине айтайын десе,алар тушунууну каалашчу эмес.Ары даарылатканы чак-чамалары да жогун тушунгон Бакыт,дартын жашырып, эч кимге ундогон да эмес эле.
Бакыт 8-класста окуп жаткан кез.Сабак буткон сон,досу Али менен чогу басып келе жаткан. Анан досуна :
-Али,мен сага бир катты берем,суранам, аны ата-энеме тезинен жеткире аласынбы?-деди. Али танкалып:-Сен эмне бугун уйуно барбайсынбы? -деди.Бакыт болсо:
-Уксан Али,ашыкча суроо бербечи суранам,аны озум да билбейм.Сен болгону менин кичине кагазымды ата-энеме жеткирип берчи.
Али кулуп:-Бугун сага эмне болгон?Ой макул жеткирем да ,качан созунду эки кылдым эле?-деди.Бакыт колундагы кичинекээй катты Алиге сунду да,досун катуу кучактап,кундокудон башкача коштошту.Али эч нерсеге тушунбой,танкалып турду.Экоо эки жака кетишти.
Бакыт жолдо баратып,апасын- атасын кучактап,опкусу келди.Бирок ата-энеси уулун эс тарткандан баштап, бир да жолу жакшы эркелетип,оппогондуктон, мени жаман коротко деп ойлочу.Эмнегедир олоорун билгенсип,катуу чуркап,досу менен кундо намаз окуучу мечитти коздой чуркады.Акыры жетип,даарат алып,намаз окуп баштады.Коз- жашы молт-молт агып,журогу катуу кысылып,денеси чымырап ,аран намаздын эки рекетин окуп,учунчусун окуп жаткан кезде,шайы кетип,шалдырап, коздору тумандап акыры Бакыт жан берди...
Али катты берейин деп Бакыттын уйуно барса Кудай жалгап экоо тен соо экен.Али:
-Ассальаму алайкум,байке сизге Бакыт кат берип ийди.-деди.Атасы:
-Кат?Кандай кат ?-деди таныркап.
-Билбейм,мага да айткан жок,болгону ушул катты сизге берип коюумду отунду.-деп Али катты берди да уйуно кетти.Ал катты атасы алаары менен окуду да,эч нерсеге тушунбогон бойдон турду.
Ал катта Бакыт: " Ардактуу атакем,асыл апакем мени кечиргиле.Мен силерди катуу жакшы кором,катуу! Апа-ата Алланы эстегиле! Атаке сизден отунуп суранаарым ЖАНЫМ УЗУЛГОН ЖЕРГЕ БЕШ УБАК БАРЫП ТУР!
<<уулунар Бакыт>>."
Алар эмне деп ойлонгучакты мечиттен Бакыттын олгондугу тууралуу кабар келди.Ошондо гана ата-энеси уулунун жиберген катына толугу менен тушунушту.Апасынын журогу,суйуусу эми гана ойгонуп,чыркырап ыйлады.Балам- балаам десе да Бакыттын кайрылып келбестигине ишенбей турду. . .
Атасы акылына келип,жакшы уулунун баркына жетпегенине окунуп,баласынын суранычын жерге таштабай,кундо беш убак Бакыттын жаны узулгон мечитке барып,жакшы адамдарга кошулуп,намазын узбой окуп жатты.....

*ЭСКЕРТҮҮ:* _Макаланы башка тармактарга жүктөгүңүз келсе, эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз_.
*СЕБЕБИ КҮНӨӨ БОЛОТ*




Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1129 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Май 2017 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Таасирлуу экен Нурзи эже коздон жаш чыгып кетти го.:(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1130 Пользователь офлайн   kaidasyn   14 Май 2017 - 11:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Бактыяр,каарынын видео сабактарын уктум жакшы таасир калтырды.

Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 14 Май 2017 - 11:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1131 Пользователь офлайн   KeHeBeC   15 Июнь 2017 - 17:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 14 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Июл 2017 21:06

Басра шаарында бир Кудайдан корккон такыбадар инсандын ажалы жетип өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын көрүп:
– Мени төшөктөн чыгарып олтургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты. Анда ал атасына карап:
– Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына көзүнөн жашы токтобой:
– Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып:
– Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, жүрөгүмдү жаралантып кетип жатасың ал мен үчүн айыкпас дарт – деди. Андан соӊ жубайына карап:
– А сени эмне анча ыйлатып жатат? – деди. Жубайы да көздөн жашын агызып:
– Сенин жакшылыгыңдан айрылдым. Эми сенден башка адамдын көзүнө карап каламбы? – деп, ыйлап жатам деди. Андан соң балдарына карап:
– Силер эмне үчүн ыйлап жатасыңар? – деп, сураганда:
– Биз сизден айрылып жетим калабызбы, мындан кийинки жашообуз кандай болот? – деп, ыйлап жатабыз дешти. Алардын баарынын жоопторун уккан соң ал адам өзү эчкирип ыйлап кирди. Баары ыйларын токтотуп андан сурап киришти:
– А сени эмне ыйлатып жатат? – дешип. Анда ал такыбадар адам аларга карап:
– Мен силерди көрүп ыйлап жатам, ар бириңер өз жаныңарды ойлоп ыйлап жаткан турбайсыңарбы мага эмес? – деди. Кайра эле аларга карап:
– Силердин араңарда менин узак сапарга чыгаарымды ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин жатар жайым жабынаар жуурканым кара топурак экенин билип ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин эсеп күнүмдү ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин Улуу Жаратканымдын алдында кандай туруп жооп береримди ойлоп ыйлаганыңар барбы?! – деди да, жүзү менен жерге карай жыгылды. Аны кайра жерден көтөрүшкөн кезде анын жаны чыгып кеткен болчу.
– Сапарым алыс, жете турган жол азыгым аз. Күчүм калбай барган сайын алсызданып барат, бирок акыйкат ажал тынбай талап кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1132 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тыянак чыгарууга шашпа
Илгери бир доордо абдан кедей карыя жашаган экен,бирок анын өтө келишимдүү ак түстөгү аты болгон.Падышалардын баары атка суктанып,карыяга бир топ чоң акчаларга сатууну сунушташат. Ар дайым бай-манаптар алтындарын белге байлап,ат сатууну суранганда, карыя мынтип жооп берчүү:

-Бул ат мен үчүн жөн гана ат эмес.Ал мен үчүн бир дос сымал,ал эми адам баласы досун да сатчуу беле?!
Карыянын жашоосу абдан оор болсо да,бирок атын сатпады.
Күндөрдүн биринде атканага кирсе,жакшы көргөн аты жок.Айылдын баары келип аны жемелей баштады:
-Карыганда алжып калган экенсиң да!Биз күндөрдүн биринде баары бир атыңды бирөө-жарым урдашыны билген элек.Анда көрө сатып жиберсең болмок.Каап, кандай гана бактысыздык десең…
-Антпегиле жана азырынча шашпагыла.Жөн гана ат ордунда жок деп эле койгула.Аттын жоктугу- факт,ал эми силердин сөзүңөрдүн баары-божомол жана тыянак чыгаруу.Бул жамандыкпы же жакшылыкпы бир Кудайга маалым,аны мен да,силер да билбейсиңер. Балким мунун артында башка эле нерсе тургандыр?!
Адамдардын баары карыяны шылдыңдаган абалда үйлөрүнө кайтышты.Элдин баары карыяны айнып калган деп ойлочу.Бирок арадан эки апта өтпөй, түндөсү аты кайрылып келет.Аны эч ким уурдабай эле,өзү эле качып чыккан болот.Жалгыз кайтып келбестен,бир үйүр жылкыны да ээрчите келет.Айылдаштардын баары чогулуп:
-Карыя туура баамдаган экен.Бул бактысыздык эмес эле,чоң бакыттын дал өзү го!
-Силер дагы эле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар.Жөн гана ат кайра келди дегиле.Бул нерсе жакшылыкпы же жамандыкпы, ким билет?Бул жөн гана жашоодогу бир фрагмент.Силер бир сөздү окуп алып эле,китеп жөнүндө сүйлөй бересинерби?
Бул жолкусунда адамдар бетине айтпаса да,ичинен карыя мурункудай эле дөөрүп жатат го деп таркашты.Кантип эле келишкен 12 жылкы-жамандык болсун.
Карыянын жалгыз бир уулу бар эле,келген аттардын баарын минип алып,күн сайын аларды суутуп турчу.Күндөрдүн биринде аттан кулап,эки бутун сындырып алат.Адамдар чогула калып,мурункудай эле:
-Сен ошондо да туура айткан экенсиң.Бул нак бактысыздык экен.Жалгыз балаңдын эки буту сынып,таянычың жок калдың.Эми мурункудан да жаман абалга түштүң.
-Силер тыянак чыгаруу илдети менен ооруйт экенсиңер.Болгону бутун сындырып алды деп эле койгула.Бул Жараткан берген нейматпы же жазабы,ким билет?Жашоо бизге өз сырларынын азын гана билгизет эмеспи,андан ашыгын билүүгө чамабыз да жетпейт.
Бир жумадан соң карыя жашаган өлкөдө согуш башталып,баардык эр-жигиттер согушка аттанат.Айылдын баары согушка кетип,бир гана карыянын буту чолок баласы калып калат.Ата-энелери балдарын жөнөтүп жатып абдан кейишет.Анткени, бул чоң салгылашуудан көбү кайтмак эмес.Карыянын алдына топтолуп:
-Өткөнкү сөзүңдүн акыйкатын бүгүн сездик.Чындыгында балаңдын буту сынганда да-бир жакшылык бар экен.Балаң чолок болсо да,бирок жаныңда калды.А биздин балдарыбыз кайткыс жоого жөнөп кетишти.
Анда карыя эл-журтка мынтип кайрылды:
-Силер дагы деле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар.Эч ким эч нерсени билбейт!Жөн гана биздин балдарыбыз сенин балаңдан айырмаланып согушка жарактуу экен дебейсиңерби! Чындыгында, бир гана Кудай бул иштин артында жакшылык же жамандык бар экенин даана билет.
Силер тыянак чыгарып жатканча,өсүп- өнүкпөйсүңөр! Тыянак чыгаруу-мээнин катып калганын туюндурат.Акыл эс ар дайым тыянак чыгарууга шашат,анткени анын өнүгүүсү чоң мээнетти талап кылат.Акыйкатта, эч бир саякат аягына чыкпайт.Бир эшик жабылса,экинчиси ачылат.Силер бир бийиктикке жеткенде,андан бийик экинчиси пайда болот.Жашоо- узакка созулган саякат!
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1133 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Карыган кемпирдин окуясы
Сөзүн мындай баштайт: Менин үч уулум бар. Мен алардан бөлөк өзүм жалгыз жашайм. Бир күнү улуу уулумдун үйүндө конок болуп түнөп калуу үчүн бардым. Эрте менен келинимден дааратка суу алып келүүсүн сурандым. Алып келген сууга даарат алып, калганын өзүм жаткан төшөккө төгүп салдым.
Эрте мененки тамак учурунда келиниме: “Кызым картаң кишини билесиң. Төшөккө сийип койдум…” -деп сөзүмдү аяктагыча, мени каргап уруша баштады. “Төшөктү жууп кургатып кой, экинчи кайталоочу болбо. Эгер кайра кайталоочу болсоң…” Мен ачуумду жутуп, төшөктү жууп кургатып койдум да, экинчи уулумдун үйүнө бардым. Анын үйүндө да кайталадым. Келиним катуу зекиди. Мага болушат го деген ойдо уулума айтсам келиниме унчуккан жок. Алардын үйүнөн да чыгып, кенже уулумдукуна бардым. Ал жерде да кайталадым. Эрте мененки чайда келиниме абалымды айттым. Келиним: “эч нерсе эмес энеке, биз кичинебизде канча ирет көйнөгүңүздөргө сийип койгонбуз. Бул карылыкта боло турган көрүнүш.” -деп жууп, кургатып койду.
Мен келиниме: Кызым, менин бир кошунам бар. Ал мага базардан зер буюмдарды ала келүүм үчүн акча берген эле. Жүр мени менен базарга барып кел. – деп, базардан бир топ алтын, күмүш тагынчактарды сатып алдым.

Ошол күнү кечинде балдарымды аялдары менен кошо кичине келиндин үйүнө кечки тамакка чакырдым. Баарына болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Сатып алган зер буюмдарды кенже келиниме бердим да: “Мына ушул келиним мен эч нерсеге жарабай калган мени карайт. Калган өмүрүм ушул келинимдин үйүндө өтөт.”-дедим. Калган эки келин кылгандарына аябай өкүнүштү…

Которгон: Ж. Шамшиев
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1134 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Фираун энесин сыйлаганбы?
Фираундун ким экенин билесиңби?

Фираун Исраил коомунда адамдарды кой мууздагандай мууздайт эле…

Аялдардын курсагын жарып өлтүрөт эле…

Аллахтын пайгамбары Муса алайхис-саламды өлтүрүүгө аракет кылган эле…

Муса алайхис-салам менен талашуу үчүн сыйкырчыларын топтоп келген эле…

«Мен силердин Кудайыңармын» деп өзүн Жаратуучуга теңеген эле…

Анын каапырлыгы жана залымдыгы чектен ашып кеткен болчу.

Ошон үчүн Муса пайгамбар Аллахка кайрылып: …
«Оо, Раббим! Сен Фираун менен анын адамдарына дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң. Оо, Роббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. Оо, Роббим! Алардын малмүлкүн кыйратып, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын! » – деп дуба кылат. (Юнус сүрөсү, 88-аят).

Дубанын күчтүүлүгүн кара жана бул дубаны ким кылып жатканына көңүл бур.
Дубаны Муса пайгамбар, Аллах менен түздөн-түз сүйлөшкөн пайгамбар кылып жатат.

Аллах Таала бул дубаны кабыл кылды, бирок анын жообун арадан кырк жыл өткөндөн кийин гана кайтарды. Эмне үчүн?

Эмне үчүн ушундай чектен чыккан адамды Аллах Таала дароо эле жазалабады?

Бул суроого Ибн Касир (Аллах аны ырайым кылсын) өз тафсиринде минтип жооп берет:

Фираундун энеси бар болчу. Ал энесин сыйлап, жакшы мамиле жасайт эле. Ошол себептен анын энеси дүйнөдөн өткөнгө чейин Аллах Таала аны жазалаган эмес. Аллах Таала ата-энеге жакшылык кылуучуларды ушундай сыйлайт…
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1135 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЖҮРӨКТҮН ЖҮГҮ


Бир акылман адамга бир топ киши келет. Алардын баарынын дарты окшош эле. Бирөөсү бир жыл мурун үйү өрттөнүп кеткенден кийин өрттөн коркуп калганын, бирөөсү көп суммадагы акча алдатып койгондон кийин чоң ишке акча салуудан корко берерин, дагы бирөөсү ар дайым зомбулук көрсөткөн күйөөсүнөн ажырашкандан кийин кайра турмуш куруудан корко берерин, ошол коркуулары жашоодо көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтып, айтор, жардам сурайт. Алардын сөздөрүн уккандан кийин акылман адам аларга бир күлкүлүү окуя айтып берет. Угуп отургандардын баары көздөрүнөн жаш чыкканча күлүшөт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ошол эле окуяны кайра айтып берет. Бул жолу угуп тургандар жылмайышып, айрымдары кичине күлгөн болушат. Ошол эле окуяны үчүнчү жолу айтканда эч ким күлбөйт. Кээ бири акылманга таң калып, туура эле келдимби дегендей карап калат. Ошондо ал жылмайып мындай дейт: «Бир эле күлкүлүү окуяга силер ар дайым күлө бербейсиңер. Үчүнчү жолу айтканда эле кызыгы кетип калды. Анда эмнеге кайгылуу нерселерди жүрөгүңөргө жакын алып жүк кылып, ар дайым коркуп же кайгыра бересиңер? Эмне үчүн аны унута албайсыңар? Адамдын акылын жана жүрөгүн эмне бийлеп алса, жашоосуна ошол нерсенин таасири күчтүү Инсанда бир түйүм эт бар, ал жакшы болсо, дене да жакшы болот. Эгер ошол бир түйүм эт жаман болсо, дене да жаман болот. Ал бир түйүм эт – жүрөк. (Хадис)

Акыл деген – алтын таажы, ар бир башка жарашкан. (Макал)

Акыл үч жолу кемийт: капаланганда, уктабай жүргөндө жана курсак ачканда. (Эл нускасы)

Эгер адамдар өздөрүнө жакпаган нерселер менен алектене беришсе, анда ийгиликке жетүүсү кыйын болот. (Дейл Карнеги)

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 17 Июнь 2017 - 15:21

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1136 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Канадалык доктор Ж. Миллер исламды кантип кабыл алган?


Доктор Ж. Миллер Канада боюнча христиан динин жаюуда эң белгилүү болгон доктор Ж. Миллер ислам динин кабыл алып, Канадада эң чоң ислам жаюучулар катарына кирген. Ал убагында, бир гана эң активдүү христиан миссионери болбостон, Инжил китебин эң жакшы билүү менен да башкалардан айырмаланып турган.

Илимдерден эң жакшы көргөнү математика болгондуктан, ал логика менен диалектиканы да жакшы көрчү. Бир күнү ал, Курандан ката табуу, ошондой эле мусулмандардын арасында авторитетке ээ болуп, аларды христиан динине чакыруу максатында Куранды толук окуп чыгууну чечет. Ал, Куранды байыркы китеп деп санап, он төрт кылым мурда чөлдөгү жашоо тууралуу жазылган деп ойлочу. Бирок ал Куранды ачып окуй баштаганда, окуган нерсесинен улам чоң тоскоолго учурайт. Ал Куранда башка эч бир китепте жазылбаган нерселердин бар экенине күбө болду. Ал, пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) башына келген кыйынчылыктар; аялы Хадича энебиздин өлүмү, балдарынын жана кыздарынын өлүмү сыяктуу кыйынчылыктар Куранда жазылган деп ишенчү. Бирок андай эчтеке таппайт. Аны дагы да таң калтырган нерсе; Куранда «Марьам» (Мария) деп аталган толук сүрөгө кабылат. Азирети Марьам үчүн мындай сый-урматты ал христиан китептеринен көргөн эмес эле. Куранда Айша же Фатима (пайгамбарыбыздын аялы жана кызы) деп аталган сүрөнүн жоктугу, анын ого бетер таң калуусун арттырат. Ошондой эле, Куранда Иса пайгамбардын аты 25 жерде, ал эми Мухаммед пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аты 5 эле жерде эскерилгени аны таң калтырат. Ал дагы эле Курандын алсыз жерлерин табуу максатында мурдагыдан да көбүрөөк көңүл буруп окуй баштайт.

Бирок “Ниса» (Аялдар) сүрөсүнүн 82-аятына жеткенде, бул аятта айтылган укмуштуудай сөз аны чагылган чапкандай болот. Бул аятта Аллах Таала мындай дейт:

“Акыры алар Куран жөнүндө ойлонушпайбы? Эгерде ал Аллахтан башка бирөө тарабынан болгондо, анда көп карама-каршылыктарды табышаар эле го?!»

Курандагы дагы башка бир аятта “карама-каршылык” деген сөз кездешпегени, Курандын бирден-бир кереметтеринен. Ал сөзүн төмөндөгүчө улантат:

“Эч бир автор өз чыгармасында бир да ката жок деп айталбайт. Бирок Куран тескерисинче эч бир ката жок экендигин бекемдеп айтып, ошол эле учурда бизге ката тапкыла деп сунуштайт. Бирок Курандан ката табуу мүмкүн эмес».

Доктор Миллер дин көңүлүн бурган дагы бир аят «Анбия» (Пайгамбарлар) сүрөсүнүн 30-аяты болчу. Ал аятта Аллах мындай дейт:

“Каапыр болгон адамдар асмандар да, жер да бириккен абалда болуп, анан Биз аларды кийин ажыратканыбызды жана бардык жандыктарды суудан (пайда) кылганыбызды көрүшпөдүбү? ».

Анан минтип айтат: Бул аят 1973- жылы Нобел сыйлыгына ээ болгон илимий изилдөөгө туура келет. Бул илимий изилдөө чоң жарылуу теориясына тиешелүү болуп, бүткүл аалам чоң жарылуунун натыйжасында пайда болгонун жарыялайт. Аятта болсо, бүткүл аалам башында бир болуп, кийин бөлүнүп, бири-биринен алыстай баштаган.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1137 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абдышүкүр ажы Нарматов: “Ар бир үйдө бейишке карай ачылган эшик бар”


Биздин ар бирибиздин үйүбүздө бейишке карай ачылган эшик бар. Бирок тилекке каршы, көпчүлүгүбүз эшик ачык турганда анын кадырына жетпей, качан гана ал жабылып калганда гана бармагыбызды тиштеп өкүнүп, «аттиң ай!..» – деп арман кылабыз. Деги ал кандай эшик болду экен?

Ал албетте, биздин ата-энебиз.

Жахима Пайгамбарыбызга келип:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Мен казатка аттангым келди. Мына ошондуктан сени менен кеңешкени келдим, – деди.

Пайгамбарыбыз андан:

– Сенин энең тирүүбү? – деп сурады.

Ал:

– Ооба – деп жооп берген кезде, Пайгамбарыбыз ага карап:

– Андай болсо, анын алдынан жылбагын. Анткени бейиш – анын таманынын астында – деди.

Мына ушул хадистин негизинде: «БЕЙИШ – ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА» – деген куттуу сөз айтылып калган.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бейиш сенин энеңдин таманынын астында болсо, анын ортоңку дарбазасы сенин атаң болсо, анда эмне үчүн сен бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн кадырына жетпейсиң! ? Эмне үчүн бейиштин эшиги сенин үйүңдө турса, аны башка тараптан издейсиң?

Мурдагы заманда ыймандуу адамдардын бирөөсүнүн энеси каза болот. Ал абдан кайгырып, көз жашын төгө боздоп ыйлайт. Курбу-курдаштары аны жубатканга аракет кылышканы менен анын ыйын токтото алышпайт. Эч айласы калбаганда курбу-курдаштары ага:

– Сен эмне Алла Тааланын тагдырына нааразы болуп жатасыңбы?! Энең менен акыретте жолугарыңа ишенбейсиңби? ! – деп айтышат. Ошондо энесинен айрылган тиги киши:

– Мен энемдин каза болгонуна эмес, үйүмдөгү бейиштин эшиги жабылып калганына абдан кайгырып жатам – деп жооп берген экен.

Азыркы учурда баарыбыздын жумушубуз көп. Кээ бирибиз жумуш, кээ бирибиз окуу, дагы кай бирибиз ар түрдүү көйгөйдүн артынан чуркап, үйүбүздөгү бейиштин эшигин эсибизден чыгарып коёбуз.

Убакыт деген – бул зымырык куш тура. Эч бир нерсе мурдагысындай эле бир калыпта өзгөрбөстөн тура бербейт экен. Жаңы эскирет, мата жыртылат, темирди дат басат, тирүү жандык өлөт, бар жоголот, жок болгон унутулат… Мына ошондуктан үйүңүздөгү бейишке карай ачылган эшик дайыма эле ачык тура бербейт экен. Анын да жабыла турган учуру келет тура. Бирок анда баары кеч болуп калат.

Абдуллах бин Масуд Пайгамбарыбызга келип:

– Оо, Алланын элчиси! Кайсы амал Алла Таалага ары жагымдуурак, ары сүйкүмдүүрөөк? – деп сураганда, Пайгамбарыбыз ага:

– Өз убагында окулган намаз – деп жооп берет. Кутман сахаба:

– Андан кийин кайсы? – деп узаткан суроосуна:

– Ата-энеге жакшылык кылуу– деген жооп алат.

Кутман сахаба кайра эле:

– Андан кийин кайсы? – деген суроосун узатканда, ага Пайгамбарыбыз :

– Алла Тааланын жолунда жихад кылуу – деп жооп берет.

Алла Тааланын жолунда жихад кылуу, казатка аттануу – исламдагы эң маанилүү жана өтө сооптуу амалдардан болуп саналат. Алла Тааланын жолунда жихадга чыккан адам ошол казатта шейит кетсе, анын бейишке кирүүсү милдеттүү болуп калат. Ал адамдын денесинен аккан кандары кыямат күнүндө миск-атырдын жытындай жыпар жыты буркураган шейит болот. Бирок, Пайгамбарыбыз ата-энеге жакшылык кылууну жихаддан да алдыңкы, андан да жогорку орунга койгон.

Ардактуу Пайгамбарыбызга бир жигит келип, анын да жихадга аттангысы келгендигин, ошон үчүн уруксат берүүсүн суранат. Анын сөзүн угуп, оюн билгенден кийин Пайгамбарыбыз андан:

– Сенин ата-энең тирүүбү? – деп сураганда тиги жигит:

– Ооба, экөө тең тирүү – деп жооп берди. Анын жообун уккандан кийин Пайгамбарыбыз ага:

– Андай болсо, сен ал экөө үчүн жихад кылгын, – деген кеңешин айтып, ал жигиттин жихадга чыгуусуна уруксат бербестен, ата-энесине кызмат кылуусун буйруган.

Биз бул хадисти көп эле жолу угуп жүрөбүз. Бирок, анын маанисин, хадистин төркүнүн жакшы түшүнбөйбүз. Пайгамбарыбыздын, «андай болсо, сен ал экөө үчүн жихад кылгын» – деп айтышынын себеби, ата-эне картайган кезде алдан-күчтөн тайып, башка бирөөнүн көмөгүнө аябай зар болуп калгандыгы үчүн аларды кароо перзенттери үчүн оор болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, картайган адамдын кыялы жаш баланыкындай болуп калары бышык. Андай кезде аларга демейдеги кадыресе болгон сөздөр да оор болуп, ар бир айтылган же жасалган ишти өзүнүн көңүлүнө жакын алып алуусу турган иш. Баласынын айткан сөзүнө түшүнбөй же кулагы укпай калышы ыктымал. Мына ошондой учурда баласы ата-энесине сабыр кылып, аларга кызмат кылуусу – бул Алла Тааланын жолунда жихад кылууга тете. Керек болсо, андан да жогору турат.

Эми өзүң терең бир ойлонуп, өткөндү эстечи. Сенин да тилиң жаңы гана чыгып, көзүңө көрүнгөн нерсенин баарын «ал эмне?», «тетиги эмне?»- деп сурай бергениңде, ата-энең тажабастан берген суроолоруңдун баарына жооп берчү эле го. Алар сага бир да ачууланбастан, кайра тескерисинче, сенин ар бир сөзүңө кубануу менен жооп беришчү. Сен эми ошонун акысын, кайрымын бербейсиңби?

Ата-эне ооруп төшөктө жатып калса, ордунда даарат ушатып калса, сен ага сабыр кылып, жихад кылгын. Сен да ымыркай кезиңде, ордуңда даарат ушатчу кезиңде сенин энең ар бир саат сайын алдыңды тазалап, сени бапестеп караган эмес беле?! Ал сенин андай жоруктарыңа ачууланбастан, кайра тескерисинче, «баламдын ден соолугу таза экен» – деп, кубанычтан албырган жүзү менен сага мээримин төкчү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын, «андай болсо сен ал экөө үчүн жихад кылгын!» – деп айткан сөзүнүн мааниси, түпкү төркүнү мына ушунда жатат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эненин перзенти үчүн тарткан азабы, толгоосу, чүрпөсүн багуудагы көргөн кыйынчылыгы, эмизген ак сүтү, кылган кызматы эч качан акталбайт. Эч бир жан энесинин ак сүтүн, баласы үчүн кылган кызматынын акысын толугу менен төлөй да, актай да албайт.

Улуу сахабалардын бири Абдуллах бин Умар ажылык амалын аткарып жаткан учурда, энесин мойнуна көтөргөн бир жигит келип:

Мен энемди Хорасандан бери мойнума көтөрүп келип, Каабаны жети айланып, ажы амалдарын аткарттым. Эми мен энемдин ак сүтүн актай алдымбы? – деп сурайт. Ал кишинин айткан сөздөрүн уккандан кийин Абдуллах бин Умар ага мындай дейт:

– Жок! Сен энеңдин ак сүтүн актаган жоксуң. Керек болсо, анын сени төрөш үчүн тарткан бир толгоосун да актаган жоксуң. Бирок, сен сооптуу иш жасап, энеңе жакшылык кылдың. Ошентсе да, Алла Таала аз гана амалга мол сооп бере турган Айкөл Зат.

Чынында эле карыган ал байкуш эне өз алдынча эч бир нерсе жасай албайт эле. Уулу энесин даарат ушаттырып, ага даарат алдыргандан кийин түз эле ошол кездеги улуу халифа Умар бин ал-Хаттабга барды. Себеби, улуу халифанын уулу Абдуллах бин Умардын айткан сөзүнө канааттанган эмес. Жигит халифанын алдына кирип, энесин тээ алыстан бери көтөрүп келип, ажылык амалдарын аткартканын айткандан кийин:

– Оо, момундардын амири! Адилеттүү өкүмдар! Мен энемдин акысын, ак сүтүн актай алдымбы? – деп сурайт.

Умар ага жөн гана жайбаракат, бирок ишенимдүү түрдө:

– Жок! Актай алган жоксуң – деп айтты.

Мындай жоопту күтпөгөн жигит халифадан оң маанайдагы жоопту алуу үчүн:

– Карасаңыз! Жакшылап ойлонуп көрсөңүз… Мен аны жонума көтөрүп келбедимби? .. Бүтүндөй убактымды ага бөлүп, өзүм кызмат кылбадымбы? – дейт.

Ошондо халифа Умар ага мындай дейт:

؟

– Өзүң да бир ойлонуп көрчү. Энең да сага жаш кезиңде кабагым-кашым дебестен кызмат кылган. Бирок, ал кызмат кылган кезинде сенин көпкө жашашыңды тилек кылган. Азыр сен да энеңе кызмат кылып жатасың. Бирок, сен кызмат кылып жатып, мындай кыйынчылыктан батыраак кутулууну самайсың. Эми өзүң айтчы, экөө бири-бирине тең келеби, оо, Кудайдын кулу?

Алла Таала Курани Каримде минтип айткан:

«Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен көтөрүп жүрөт. Төрөлгөн соң аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар! » – деп айткан.

Мына ошентип ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таала бизге осуят кылды. Ошондой эле, осуяттын өкүмү буйруктун өкүмүнөн жогору турат.

Оо, менин мусулман бир тууганым!

Карагын. Энең сени кыйынчылык- тын үстүнө кыйынчылык менен тогуз ай көтөрдү. Эненин курсагында бала чоңойгон сайын аны көтөрүү эне үчүн кыйындагандан кыйындай берет. Ошого карабастан, курсагындагы бала чоңойгон сайын эненин кубанычы да көбөйүп, арта берет. Андай кубанычты энелерден башка эч бир жан билбейт. Эне тогуз ай курсагына көтөрүп төрөгөн баласын эки жылдай кучагында, көкүрөгүндө көтөрөт. Андан кийин деле өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүрөт. Ошентип, эне өзү бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейин балдарын кыйынчылык үстүнө кыйынчылык менен жүрөгүндө көтөрөт. Эненин сен үчүн кылган мына ошондой жакшылыктарына шүгүр келтирбесек, ага өз ыраазычылыгыбызды билдирбесек, кызматын кылбасак, анда биз кимбиз?! Ата-энени ыраазы кылып, алардын бата-дубасын ала албаган адам бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу боло албайт. Бул тууралуу мына бул куттуу хадисти айтпай кетсек болбостур:

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз минбарга чыгып баратып:

– Тумшугу менен кара жерге кирсин! Тумшугу менен кара жерге кирсин! Тумшугу менен кара жерге кирсин! – деп кайталайт.

Сахабалардын бири:

– Оо, Алла Тааланын Элчиси, кимди айтып жатасыз? – деп сурайт.

Ошондо Пайгамбарыбыз :

– Улгайган ата-энесинин бири же экөө тең тирүү кезинде, бейишке кире албаган адамды, – деп жооп берет.

Күндөрдүн биринде Муса пайгамбар Алла Таалага кайрылып: «Оо, Кудайым! Бейиште мени менен бирге боло турган адамды мага көрсөтчү» – деп суранат. Алла Таала тарабынан: «Азыр сенин жаныңдан өткөн адам сени менен бейиште бирге болот», – деген жооп келет. Ошол убакта анын жанынан жупуну кийинген касапчы жигит өтүп калат. Муса Пайгамбар таң калат да, анын артынан ээрчип жөнөйт. Жигит кичинекей бир алачыкка барып, ичине кирип кетет. Муса пайгамбар анын артынан келип караса, жигит бир картайган кемпирге тамак берип, анын буту-колун ушалап, ага төшөк салып берет. Кемпир анын кулагына шыбырап дуба кылат. Жигит кайра чыккандан кийин Муса пайгамбар андан: «Бул кемпир ким?», – деп сурайт. Жигит: «Бул менин энем. Күн сайын жумуштан келгенде ага тамак берип, ал-абалын сурап турам», – дейт. Муса пайгамбар: «Ал сага азыр эмне деп бата берди?», – деп кызыга сурайт. Жигит ага: «Оо, Алла Таалам! Менин баламды Имрандын уулу Муса Пайгамбар менен бейиште бирге кыла көргүн деп дуба кылды», – дейт. Муса Пайгамбар: «Анда энеңдин дубасы кабыл болуптур. Мен Имрандын уулу Мусамын. Алла Таала тарабынан мага экөөбүздүн бейиште бирге боло тургандыгыбыз тууралуу кабар келди» – деп жигитке сүйүнүчтүү кабар айтат.

Келиңиздер! Бир жакшылап ойлонуп көрөлүчү. Эмне үчүн биздин азыр кылган дубаларыбыз кабыл болбой жатат? Балким, бул атабыздан же энебизден жүз сом акчабызды аяп жатканыбыздан болуп жүрбөсүн? Ар бирибиз өзүбүзгө-өзүбүз суроо берип көрөлү: Ата-энеңе акыркы жолу качан белек алып бердиң эле? Аларды акыркы жолу качан зыярат кылдың? Алардын ал-абалын акыркы жолу качан сурадың экен?..

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Ооба, баарыбыз ибадат кылууну, сооптуу амалды жасаганды каалайбыз. Намаз окуйбуз, ажылык амалын аткаргыбыз келет. Бирок, ошол ибадаттардын сообундай соопко ээ кыла турган ата-энеге жакшылык кылуудан эмнегедир аксап келебиз.

Куттуу хадистердин биринде минтип баяндалат:

Анас бин Маликтин айтканы боюнча:

Сүйүктүү Пайгамбарыбызга бир киши келип:

– Мен да жихадга чыгууну самаймын. Бирок, ага менин кудуретим жетпейт, – дейт.

Пайгамбарыбыз андан:

– Ата-энең тирүүбү? Жок дегенде бирөө барбы? – деп сурайт. Ал киши:

– Ооба, энем бар, – деп жооп берет.

Ал кишинин жообун алгандан кийин Пайгамбарыбыз ага минтип айтат:

– Энең тууралуу Алла Тааладан корккун (жана ага урмат-сый көрсөтүп, жакшылап карагын)! Эгер энең (жасаган кызматың үчүн) сага ыраазы болсо, анда сен ажы, умра жана жихадга чыккан (ушуларды аткаргандай чоң соопко ээ) болосуң. Алла Тааладан корккун жана ага жакшы мамиле жасагын!

Факих Абу Исхак ал-Бухарий аттуу аалымга бир шакирти келип:

– Устаз, мен түшүмдө сиздин сакалыңыздан каухар-берметтердин куюлуп жатканын көрдүм, – дейт. Ага устазы жылмайган абалда күлүмсүрөп:

– Мен сакалымды энемдин таманына сүртүп жаткан болчумун, – деп жооп берген экен.

Эми ушул жерде энесине ак кызмат кылгандыгы үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мактоосуна татыган жана анын дубасын алганга сахабаларды үндөгөн адам тууралуу айта кеткенибиз оң болуп турат.

Күндөрдүн биринде Пайгамбары- быз улуу сахабалардан Умарга) карап:

– Эгер, йемендик Увайс бин Аамир силерге келип калса, колуңардан келсе анын дубасын алып калганга аракет кылгыла, – деген кеңешин айтат.

Увайс бин Аамир Йеменде жашаган жана Пайгамбарыбызды көргөн эмес. Ал эми Пайгамбарыбыздын андан дуба сурагыла деп айтуусуна, Увайстын ата-энесин абдан урматтагандыгы жана аларга кылган ак кызматы себеп болгон.

Ошентип Умар ар дайым Йеменден келген адамдардан: «Увайс аттуу адам келдиби?», – деп сурап жүрөт. Бир жолу адаттагыдай эле соода кылуу үчүн келген йемендиктерден сураса, алар ага Увайсты көрсөтүшөт. Ага келип:

– Сен Увайс бин Аамирсиңби? – деп сурайт. Тиги:

– Ооба, – деп жооп берет.

– Сен ала оорусу менен ооруп айыккан белең?

– Ооба. Мен ала оорусу менен ооруп айыкканмын. Бирок, бир теңгедей гана жерим ак боюнча калган, – деп ошол жерин көрсөтөт. Умар:

– Сен мен үчүн дуба кыл. Сенин батаңды алып калайын – деп суранат. Увайс:

– Оо, момундардын падышасы! Сен Пайгамбарыбыздын эң сүйүктүү жолдошу болсоң, мен сага кантип дуба кылып, кантип бата бермек элем? – деп баш тартат. Анда Умар:

– Мен Пайгамбарыбыздын: «Эгер Увайс келсе, андан дуба кылуусун сурангыла, батасын алып калганга аракет кылгыла» – дегенин укканмын. Андыктан, келгин да бизге өз батаңды бергин, – дейт.

Мына ошондой улук адамдан Пайгамбардын оозунан өзүнүн аты чыкканын уккан Увайс кубанганынан ыйлап, дуба кылып, батасын берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Алла Таала ар бир күнөө үчүн жаза даярдаган. Күнөөкөр пенде акыретте күнөөсүнө жараша жазаланат. Ал эми ата-энесин нааразы кылган адамдын жазасы акыретте да, бул дүйнөдө да болот. Ата-энесин карабай таштап кеткен, ата-энесине кол көтөргөн, аларга тил тийгизген, аларды жаман көзү менен караган ар бир бала жана кыз эртең эле өзү да ата-эне болот. Алар ата-энесине кылган мамилени ашык-кеми жок өз балдарынан көрөрү шексиз. Бул Алла Тааланын алар үчүн бул дүйнөдө берген азабы. Пайгамбарыбыз :

«… Ата-энеңерди урматтап-сыйлагыла! Мына ошондо өз балаңардын урмат-сыйын көрөсүңөр…» – деп айткан. Ал эми ата-энени нааразы кылган адам үчүн болуучу акырет азабы айтпаса да баарына маалым.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Ата-эне бизден эмнени каалайт? Аларга биздин акчабыз, малыбыз, байлыгыбыз керек эмес. Аларга болгону сенин бир ооз жылуу сөзүң гана, бир гана жылуу көз карашың, болор-болбос убактың гана керек. Сенин аялың: «Алып келген жоксуңбу, качан алып келесиң?» – деген сөздөрдү айтып, алууну гана каалайт. Ал эми энең болсо: «Алып кеткен жоксуңбу, качан алып кетесиң?» – деп, берүүнүн гана камын ойлойт. Аялыңдын көңүлү чөгүп, сага таарынымыш болуп калса, анын көңүлүн көтөрүү үчүн колуңдан келгендин баарын жасайсың. Эми энеңдин көңүлү кандай экенин сурабаганыңа канча күн болгонун бир эстеп көрчү?

Бир жолу зер буюмдарды саткан дүкөнгө жаш жигит аялы менен кирип калат. Алардын артынан жаш баланы көтөргөн улгайып калган аял да кирет. Келин сөйкө, шакектерди тандап отуруп, акыры эки жүз долларга бир сөйкө сатып алат. Жигит анын акчасын төлөп жаткан мезгилде, сатуучу ага: «Эки жүз сексен доллар бересиз», – дейт. Жигит: «Кандайча? Эмне үчүн?» – деп сураганда, сатуучу: «Мына бул аял да сексен долларга бир шакек алды»,– деп, жанагы бала көтөргөн аялды көрсөтөт. Ошондо ачууланган жигит: «Сага мунун эмне кереги бар эле?» – деп тиги аялга кыйкыра баштайт. Аял уялганынан колундагы баланы жерге коюп, шакекти таштайт да, дүкөндөн чыга качат. Келин күйөөсүнө карап: «Сен эмне үчүн ага айкырасың?! Эми баланы ким көтөрөт? Ким карайт?»– деп аны жекире баштайт. Жигит жерде жаткан шакекти алып, сыртка чыгат да, тиги аялга карап: «Эне кечирип коюуңуз, ала бериңиз бул шакекти» – деп, ага сунат. Бирок, көзүнө жаш алган эне жүзүн буруп: «Ыракмат балам. Мен эми өмүрүм өткөнчө шакек тагынбаймын» – деп жооп берет. Көрсө, жанагы улгайган аял ошол жигиттин энеси экен.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Баарыбыз өзүбүздү мусулманбыз, ыймандуубуз деп эсептейбиз. Келгиле, ушул куттуу мечиттен чыкпастан туруп өзүбүзгө мусулмандык убадабызды берели.

Ким ата-энесинен көптөн бери кабар ала элек болсо, барып кабар алсын.

Ким ата-энеси менен көптөн бери сүйлөшө элек болсо, телефон чалып ал-акыбалын сурасын.

Ким көптөн бери ата-энесине белек тартуу кыла элек болсо, белек берсин.

Ким шайтанга азгырылып ата-энесин нааразы кылып койгон болсо, кечирим сурасын.

Ал эми кимдин ата-энеси бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо, Куран окуп, аларга багыштап дуба кылсын.

Оо, Алла Таалам! Ар бирибиздин билип-билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечиргин! Ата-энелерибиздин да кылган күнөөлөрүн кечиргин! Ата-энебиз бизге ымыркай кезибизде кандай мээрим төккөн болсо, сен да аларга ошондой, керек болсо андан да ашкан өз мээримиңди төккүн.

Оо, Алла Таалам! Ар бир баланы ата-энесин урматтоочу, аларга ак дилден кызмат кылган, кылган жакшылыктары себептүү ата-энесинин батасын алган бактылуу пенделериңден кылгын.

Оомииин!..
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1138 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Имам Бухарийдин даанышмандуулугу

Имам Абдуссалам Аль Мубарак Фуурий (р.а) бул окуяны мындайча эскерет.

Бир жолу Имам Бухарий рахматуллахи алайхи бир кемеде сапарга бараткан болчу.

Сапарлаштардын бирөөсү Имам Бухарийге өзүн жакын алып, урматтап, кызматын кылып, өтө жакшы көрүп, сыйлаарын айта баштады. Имам Бухари анын адеп ахлагын, ыкластуулугун көрүп, сырдашып баратты.
(бир риваятта айтылуусу боюнча ал киши Имам Бухарийден жалган сүйлөөнүн арамдыгы тууралуу хадистерди сурап жатты). Имам Бухарий ага хадистерди баяндап берди.

Ал киши айтты:

-Сиз дайым туура сүйлөсөңүз, канча акчаңыз бар экенин ачык айтыңызчы? деп сурады.

Имам Бухарий миң динары бар экенин айтты. Кыскасы ал киши акчанын так суммасын билди. Бир түнү жанагы киши Имам Бухарийнин жанында жатып таң атырды да эрте менен өкүрүп кыйкырып, кийимдерин жыртып, чачтарын жулмалай баштады.

Элдер чогулуп эмне болгонун сураганд:

-Менин бир баштыгым жоголду, анда миң динарым бар болчу,- деди.

Элдер кемедеги ар бир жүргүнчүнү жеке-жеке текшерип көрүүнү кеңешип, текшере баштады. Ошол кезде Имам Бухарий акырын баштыгын сууга чөктүрүп жиберди. Элдер баарын текшерип, эчкимден таппай койгондуктан жанагы кишини жемелей башташты. Кеме жээкке чыккандан кийин жанагы киши Имам Бухарийден:

-Динарлар кайда калды? деп сурады.

Имам Бухарий:

-Сууга чөктүрүп жибердим,- деди.

Киши:

-Ошончо акчаны жоготуп алууга кантип бардыңыз? деди.

Имам Бухарий:
-Эй жаахил сен билесинби! Мен бүт өмүрүмдү хадис чогултууга жумшаганмын. Ааламдагы мусулмандар менин ишеничтүү экениме ынанып , менин хадистеримди эч бир күмөнсүз эле кабыл алышат. Мен кантип уурулукка дооматка калып, элдин ишеничинен чыгып калайын. Андан көрө бираз динардан ажырап калганым артык эмеспи,-деди.

Даярдаган: Юсуп ажы Сайпиев
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1139 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аалымды ыйлаткан келин
Күндөрдүн биринде бир келин муфтиятта иштеп жатканымда келип, мага мындай суроо берди:

-Мен 5 убак намаз окуюн десем, күйөөм катуу каршылык көрсөтүп жатат. Бирок күйөөмдү капа кылып албайын деп, ваннага кирип сууну агызып коюп, ванна ичинде тар жерде намазымды окуймун. Намазымды окуп бүтүп, чачымды суулап, сүлгү менен оронуп чыгам. Бир күндө 5 жолу ушинтип күйөөмдү алдап келем. Ушул намазым жарайбы же жарабайбы?!

МЕН ЖООП БЕРЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ!! !

Ал келин кетээри менен өз бөлмөмө кирип алып ыйладым. Бир чети өкүнүп ыйласам, бир чети кубанып ыйладым

– Ушундай Кудайдан чын ыкластан корккон аялдар Кыргызстанда да бар экенине кубанып ыйладым; -Кыргызда да ушундай чын ыкластан күйөөсүн сыйлаган аялдар бар экенине кубанып ыйладым;

Мен ишенем мына ушундай аялдардан гана кыргызды башкаруучу, элине чын ыкыластан күйүп кызмат кылуучу эл мыктылары төрөлүүсүнө! !! Эстен чыгарбайлы ар бир курч, атактуу эркектин артында аял жөлөп турат…

Автор: Шейх Чубак ажы Жалилов
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1140 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   17 Июнь 2017 - 15:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АЛ УШУНДАЙ ЖИНДИ....


Күйөөсүнүн жана балдарынын ушунчалык сый – урматына татыган аялдын мындай бакубат жашоого кантип ээ болгондугу тууралуу баяны….

Ал аял сөзүн минтип баштады:

“Биз жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашып калды. Ушул жыйырма жылдын ичинде бетимде жылмаю пайда болуп, жашоонун ырахатын сезип бактылуу жашаган күндөрүм аз болду. Жашообузда күн сайын уруш – талаш, акыйнек айтышмай.

Ошентип жүрүп бир күн бир китептен бир аалымдын айткан сөзүн окуп калдым. Ал мындай болчу:

“Эркек адам аялы менен болгон мамилесинде аялын жинди деп билүүсу керек, ал эми аял адам күйөөсү менен болгон мамиледе күйөөсүн жинди деп билүүсү керек”- деп, жазыптыр. Биринчи бул нерсеге акылым жетпей таң калдым. Мындай нерсе кантип эле болсун деп.

Бирок бул нерсеге көнүл деле бурбай койдум. Анткени жолдошум жогорку билимдүү, акыл эси жайында, ден соолугу жакшы эле. Үй бүлөмдү бактылуу кылуу үчүн жашоодо бардык жолдорун колдонуп көрдүм. Бирок эмнегедир тыянак чыкпай жатты. Акыры ажырашууга да аз калды. Айлам жоктугунан улам жанагы аалымдын айткан сөзун жашоомдо бир колдонууну чечтим. Мына ошондо ошол сөздү жашоомдо колдонгонума эч өкүнбөймүн. Тескерисинче кайра-кайра ушунчалык сүйүнөм.Ошол күндөн баштап менин бактылуу жашоом башталды.Анткени жолдошум экөөбүздүн арабызда ызы чуу, уруш – талаш башталганда мен өзүмдү кармап, ага теңелбей, өз ичимден өзүмдү жоошутуп кирем:

“Сен ага тенелбе ал ушундай жинди, анын ден соолугу жайында эмес, Аллахым өзу шыпаа берсин. Ал эмне дегенин өзү билбейт. Эгер анын акылы жайында болгондо бул нерсени айтмак эмес, бул нерсени кылмак эмес”, – деп.

Бир канча убакыт ушинтип өзүмдү кармап ага тен келбей жүрдүм. Албетте кээде өзүмдү араң кармандым. Бирок сабырдуулуктун баары акыры мага женишти алып келди.

Жолдошум да акыркы күндөрү ага карап сөз кайтарбашымды, ага карап акыйнек айтышпаганымды байкап жатты. Күндөн күнгө ага болгон мамилемдин сылыктыгын жана жумшактыгын сезгенин көздөрүнөн, сүйлөгөн сөздөрүнөн байкап жүрдүм. Ал да мага жылуу мамиле кыла баштады. Мурдакыдай үнүн бийик чыгарып кыйкырбай калды. Акыры барып жаңы түрмуш курган жаш жубайлардай болуп калдык.

Биздин үйдө согуштун ак байрагы көтөрүлдү. Тынчтык өкүмү сүрө баштады. “Сабырдын түбү сары алтын” – дегени мына ушул турбайбы “,-деп акылдуу аял сөзүн аяктады. Аял-эркек маселесинде ким унчукпай койсо,ошол утат.
” САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР ” китебинен.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 03:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: