Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#181 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   31 Декабрь 2013 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Умар радзиаллоху 'анху озунун кызматчысы Аслам менен демейдегидей Мединанын чет жакасын кыдырып журушуп, капысынан алыстагы ээн чолдон оттун жарыгын коруп калышты. Ал: "Ал жерге бироолор токтогон окшойт. Балким карангы кирип кетип, шаарга кире албай калган кербендер. Журчу, аларга коз салып, тункусун озубуздун коргообузга алалы"- деди.
Алар жакын келишип, балдары бар аялды корушту. Балдары ыйлап жатышат. Отто болсо казан асылуу эле, Умар радзиаллоху 'анху салам айтып, уруксат сурап, ага жакындады да: "Балдар эмнеге ыйлап жатышат?" , деди.
Аял:
-Анткени алар ачка!
-А казанда эмне бар?
-Бул жон гана суу. Тамак жакында бышат деп ойлошуп, тынч уктап калышсын деп эле асып койгом- деди да мындайча кошумчалады:
-Ах! Аллах Таала кыямат кайым куну Умар радзиаллоху 'анху экообузду, ал мен кыйналып турганда камкордук корбогондугу учун сурак алаар - деди.
Бул создорду угуп Умар радзиаллоху 'анху буркурап ыйлап, мындай деди:
-Аллахтын сага мээрими болсун! Умар радзиаллоху 'анху сенин акыбалын тууралуу кайдан билмек эле?
- Эгер ал биздин окумдар (амир) болгондон кийин, ал баарын билиши керек- деди.
Умар радзиаллоху 'анху шаарга кайтып келип, туз эле казынага (байтул-малгаф) жоноду. Ал жерден капка ун, курма жана май, дагы кийим кечек, бир аз акча салып, кап толгондо, Асламды жонуна котортуп коюуусун отунду. Аслам каршы болду:
Оо, момундардын амири! Сенден суранам, бул капты мен которушум керек!
Умар радзиаллоху 'анху аны уккусу да келген жок. Аслам дагы бир нече жолу отунгондон кийин халифа ага: Кыямат куну да менин жугумду сен которосунбу? Бул капты мен которушум керек, анткени тиги дуйнодо бул аял учун менден сурак болот!- деди.
Аслам аргасыздан капты Умар радзиаллоху 'анхунун жонуна котортту эле, ал шашкан бойдон тиги аялдын чатырына жоноду. Аслам артынан жоноду. Умар радзиаллоху 'анху чатырга келип, казанга бир аз ун, курма, жана май салып, аларды аралаштыра баштады. От катуураак куйсун деп аны уйлоду эле, тутун анын коюуу сакалын аралап отуп жатканын Аслам коруп турду. Бир аз убакыттан кийин тамак даяр болду. Умар радзиаллоху 'анху оз колу менен аялга жана балдарга берди. Алар тоюшкандан кийин, ал каптагы калгандарды кийинкиге да керек кыласынар деп калтырды. Балдардын конулдору ачылып ойной башташты. Аял Умар радзиаллоху 'анхуга ушунчалык ыраазы болуп:
Сенин кылган жалшылыгын учун Аллах ыраазы болсун! Сен дана Умар радзиаллоху 'анхунун ордуна халифа боло турган адам экенсин деп айтты.
Умар радзиаллоху 'анху: Халифага келсен, мени ошол жерден табасын деп бир аз алар менен балдар ойноп жатканына коз салып олтурду да, Мединага кайтты. Жолдо келе жатып, Асламга: Аслам, билесинби, мен эмне учун калдым ?
Мен алардын ыйлап жаткандарын коргон элем, эми кантип кулушоор экен деп, коргум келди- деди Умар радзиаллоху 'анху.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   31 Декабрь 2013 - 01:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Умар радзиаллоху 'анху танкы намазында туруп, "КАХФ" (ункур), "Тоо Хаа" жана ушундай суроолорду окуп, ушунчалык катуу ыйлагандыктан бир нече катар Аршта турушкандар дагы анын мундуу ыйын угушаар эле. Бир жолу танкы намазда "ЮСУФ" суроосун окуп жатып, томонку:
"Мен озумдун кайгы-мунум учун, Аллахка гана даттанам" деген создорго келгенде, ал ушунчалык катуу ыйлагандыктан уну чыкпай калаар эле, Кээде ал тахажжуд намазында мундуу ыйлагандыктан, жыгылып калып, ооруп калаар эле.
Анын Умар деген аты эле, ошол кездеги эн кучтут падышалардын журогунун ушун алган. Умар радзиаллоху 'анху Аллах Тааладан ушунчалык коркот эле. Керек болсо бугунку кундогу элдерди дагы Умар радзиаллоху 'анху тууралуу окуп жатышканда аларды Аллахтан коркуу сезими каптап турат. Эми бугунку кундо озунун кол алдындагыларга ушунчалык конул коюп, мамиле кылган адам бар болду бекен?

Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 31 Декабрь 2013 - 01:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   31 Декабрь 2013 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

.

Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 31 Декабрь 2013 - 01:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   aika2013   02 Январь 2014 - 04:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бейиш

Бир куну мас абалындагы достор машинасы менен жоноп кетээрде алардын бироосунун апасы : -Балдарым Аллах сиздер менен болсун дейт.Арасынан бироо : Машинабызда Аллахка орун жок!Кааласа БАГАЖга чыгып алсын дейт.Арадан бир сааттай убакыт отуп алардын кырсыкка жолукканын жана эч бири тируу калбаганын угушат. Кызыгы ошол машинанын багажына эч кандай зыян жеткен эмес.Андан да тан калчу нерсе багаждагы бир баштык жумуртканын бироосу да сынган эмес. Куч-кубат жалгыз Раббибизге таандык.Аллах туура жолунан адаштырбасын!

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1470950_548584308563868_646204739_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: aika2013: 02 Январь 2014 - 04:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   aika2013   02 Январь 2014 - 04:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бейиш

Абу Хурайранын айтымында Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Силер, мусулмандар, чеги корунбогон байлыкка ээ болмоюнча Кыямат болбойт. Байлыгынар ушунчалык коп болот, ал байлыктын ээлери (малынан) курмандык чалып, (этин) кимге таратаарын билбей абдан кыйналышат. Акыры садака беруу аркылуу соопко ээ болоюн деп чечип, байлыгын таратууга киришкенде ага айтышат: «мен садакага муктаж эмесмин» (Бухарий жана Муслим).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: туболук.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: aika2013: 02 Январь 2014 - 05:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Жолоочу_SaliXa_* 04 Январь 2014 - 22:03

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эн сонун сабак ала турган окуялар экен. Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   06 Январь 2014 - 00:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

-Аборт-

Кыскасы досумдун икаясында катарынан 3 кызды коргон бир аял компьютер аркылуу тортунчу перзентинин жынысын аныктоо учун жол алат. Узи кызматкерлери 4унчусу дагы кыз экенин айтканда ыйлай ыйлай уйуно кайтат. Эрине ушул кабарды жеткирет. Тынбастан перзенттери кыз б.п туулуп жаткан эри аялынын оюн дароо андап тушунот. Аял ушул тороло элек перзентти аборт кылып таштамак ниетинде эле. Эри менен келишип алган сон, акырын жолго аттанат.
Аллахтын ыраадасын караныз! Уйдон чыгып кетип жатканда алдынан кошуна аял чыгып калат. Жашы бир канчага жетип калган аял коншу келиндин алдына оз жумушу менен чыккан эле.
Коздору ыйынан ишип кеткен келиндин акыбалын коруп:
-Тынчылыкпы кызым? деди.
-Тынчылык эмес энеке! Тортунчусу дагы кыз экен деген жооп уккан коншу аял:
-Кош, тортунчусу да кыз болсо эмне болуптур? Тырмака зар болгон адамдар да бар го кызым- деп кичине тынчтандырган болду. Бирок эри менен келишип болгон аялдын максаты чечкиндуу эле:
-Жок энеке! Мага ушул 3 кыздарым да жетет. Узиге баратканымда мен эгер ушунусу да кыз болсо алдырып таштайм деп озумо озум убада бергенмин.
Капыстан карыя аялдын коздору тус алды, кейишке толду:
-Эмне, сен кимсин озу? Аллах бутундой маклуктарын жаратып туруп озу каалаган пенделерине неймат, ырыскы, перзент берип жаткан болсо, сен заифа акыбалын менен Анын амирине каршы журойун дединби? Эгерим Ал сага кыз беришти ыраа коргон экен, ушуга шугур кылып ыраазы бол! Дагы бир жолу ушундай кебинди уксам уйуно кадам баспаймын, уйундон оокат жебеймин, саламына алик да албаймын!
Мына ушул акыркы соз 3 кыздын энесине катуу таасир кылды. Уйуно кайра кейиштуу кирди. Эринин суроолуу карашына:
-Ыраазы болун тороймун деди.
Куну келип аялды торотканага алып барышты. Дагы узиден откорушту. Компьютер бобоктун чоноюп калганын, жакынкы кундордун ичинде тууганы жатканын тастыктады. Торот уйунун канасынан бобоктун ый уну угулганда 3кыздын атасы айласыз колун чоктогуно салып тортунчу кызы учун суйунчу пул алышка шашылды. Ичкериден врач аял чыгар экен, анын уул бала кордунуз дегени жанагы кишини дендароо кылып катытып койду:
-Болушу мумкун эмес, акыры.. - деп созун акырына жеткизе албай коздорунон жаш сызыла акты.

Эмнеге болушу мумкун эмес? Сен ким болдун эгер Аллахтын бол деген амирин болушу мумкун эмес деп жатсан!
Аллахка бир перзентти сыноо тарикасында кыз корсотуп, ушуга сабыр кылат бекен деп, торолуш убагында уул болуп дуйного келтиришинин кандай оордугу бар?
3 кыздын атасы коз жаштарын жашыра албайт эле. 2 апта мурун оз колу менен комуп таштамакчы болгон перзенти уул болуп туулуп турса кандай кылып чыдасын! Аллахтын тагдырына мына ушунда чын дилинен ыйман келтирген болсо ажеп эмес! Икая ушул жерден бутот.
Акыйкатта пайганбар саллаллаху алейхи ва салламдан алдынкы жахилия доорун окуп тан калабыз.
-Чын эле адамдар ушунчалык зулумдук, адашкандыкта болушканбы? - деп.
-кыздарды комуп ташташкан ээ деп коёбуз. Бирок азыр да ушундай окуялар б/п кетип жатат, буларды жадакалса ошол мекке мушриктери корсо жакаларын тиштеген болот эле! Себеби алар кыздарын жок дегенде комуп коюшат эле. Азырчы? Аборт кылып , кестирип же талаага, туалет, мусурга да таштап кетип калып жатышат.
Пайгамбар Мухаммад салаллаху алейхи ва саллам аялдардан ант алып жатканда озунун 5 шартын койгон. Мына ушул шарттардын ичинде балдарынарды "оокатыма шерик болот"- деп олтурбойсунор деген шарт бар.
Бугунку кунку бнча мынча эже карындаштарыбыз имменно оокаттарына шерик болбосун учун карындагы баланы алдырып таштабайтабы?
Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам оз хадистеринде уммотумдун коптугу менен кыяматта сыймыктанам деген болсо да, биз уммот болушу мумкун болгон перзенттерди жок кылып салмактабыз! Мунун жообу эмне болот азиздер? Бул катылдыктын аягы кандай болот бурадарлар?
Аллах Хаким зат! Ага дуба кылалы, Озунон сурайлы! Момун, салих перзенттерди атаа этсин.
Уулбу, кызбы мунун эч кандай мааниси жок, негизгиси биз кайтыш болгон сон аркабыздан дуа, рахматтарды жиберип туран перзенттерден болсун!Намаз окусун, бузук иштерден алыс журсун, мына ушуну сурайлы!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Жолоочу_SaliXa_* 08 Январь 2014 - 16:12

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кайра-кайра окугандан тажабадым Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   myrza_kyrgyz   09 Январь 2014 - 14:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 10:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жабир риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз ( С. А. В. ) айтты: " Кыямат куну мага жакыныраагынар кулк-мунозу жакшыраагынар. Ал эми мага жек корунгондор жана менден алыс болуучулар, пайдасыз создорду коп суйлогондор ." сахабалар сурашты: " Оо , АЛЛАХтын элчиси ! Пайдасыз, маанисизсуйлогондор кимдер ; ? Пайгамбар ( С.А.В. ) айтты: " Текеберлер" . (Тирмизи. )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   myrza_kyrgyz   09 Январь 2014 - 14:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 10:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Наполеон Аты тарыхта аскер башчы,
ошону менен бирге саясий
ишмер ка¬тары таанымал
болгон Франция императору
Биринчи Наполеон (1769¬1821)
Египедге кирген жылы (1798.ж) Ислам дининин улуулугуна,
туура- лыгына таң калып, жада
калса, кээ бир учурларда
Исламиятты кабыл алуу
тууралуу да ойдо болгон.
Төмөндөгү айтылган сөздөр Черфилстин “Bonaparte et Islam”
деп аталган китебинен алынган:
“Ал мындай дейт: “Аллаху
тааланын бар жана бир
экендигин Муса алейхиссалам өз
үммөтүнө, Иса алейхиссалам да өз үммөтүнө, ал эми Мухаммед
алей-хиссалам болсо бүткүл
ааламга билдирди. Аравия эли
толугу менен бут- тарга
(жасалма теңирлерге) сыйынчу.
Иса алейхисаламдан алты кылым кийин Мухаммед
алейхиссалам өзүнөн мурда
келген Ибрахим, Исмаил, Муса
жана Иса алейхиссаламдар
билдирген Аллаху тааланы
арабдарга таанытты. Арабдарга жакын болгон ариандар (Ариус
мазхабындагы христиандар)
жана Иса пайгамбардын
чыныгы динин бузуп, ага үч ку-
дай, б.а., Аллах, Аллахтынуулу,
Ыйыкрух сыяктуу түшүнүксүз ишеним- дерди жаюуга аракет
кылгандар чыгыштын ыракат
жана тынч жашо- осуна
залакасын тийгизген эле.
Мухаммед алейхиссалам аларга
чыныгы жолду көрсөткөн, Аллахтын бир экендигин, Анын
атасы да, баласы да
жокэкендигин билдирүү
аркылуу бир канча кудайга
сыйынуунун буттар- га
сыйынуучулуктан калган адат экендигин түшүндүргөн”.
Китептин дагы бир жеринде
Наполеон: “Жакын арада бүткүл
дүйнөнүн интелли- генттерин
жыйнап, бир мамлекет курууга
жана бул мамлекетти Ку- ранда жазылган өкүмдөрдүн
негизинде башкарууга
мүмкүнчүлүк табам деп
ойлоймун. Бир гана Куранда
жазылган негиздердин туура
экендигине ишенемин. Алар адам баласын бакытка
жеткирет”, - деп айтат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   myrza_kyrgyz   09 Январь 2014 - 14:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 11 Янв 2022 10:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Зайд бин Харис жашы сегизге чыгып калган кезде Бани Кайн
жортуулчулары тарабынан болгон
баскынчылыкта качырылып, Указ
жарманкесине алынып келинген соң
кул караты сатыкка коюлат. Хаким
бин Хизам жаш кулду төрт жүз дирхамга сатып алат да, эжеси
Азирети Хатижага тартуу кылат.
Ааламдардын Ардагы (саллаллаху
алейхи васаллам) Зайдды көрөөрү
менен:
– Ушул кул меники болгондо, сөзсүз азаттыка чыгармакмын! – дейт.
Ак тилек өмүр шеригинин мүдөөсүн
орундаткысы келген Азирети Хатижа
марттык кылат:
– Андай болсо бул сеники болсун!
Азирети Пайгамбарыбыз аны дароо азат кылат (Ибн Хишам, I, 266; Ибн
Саад, III, 40).
Уулун уурдап кеткенден бери
кайгы-муңга баткан байкуш ата
күнү-түнү зарлап, убайым тартат.
Акыры түтпөй издеп жөнөйт. Эки ай жүрөгү эзилип барбаган жер,
сурабаган адам калбайт.
Сурамжылап олтуруп анын Меккеде
жүргөнүн ажылардан угары менен
бир туугандары менен Меккеге
келип, Азирети Пайгамбарыбызды табышат. Зайдды сатып алмайын
артка кайтпасын билдиришип,
колдон келсе, наркты арзаныраак
айтууну өтүнүшөт. Ааламдардын
Ардагы (саллаллаху алейхи
васаллам): – Мындан башка чараларды да
карап көрсөк кандай болот?– деп
сунуш киргизет.
– Кантип, кандай чара?
– Баланы бул жерге чакыралы.
Тандоо эркин өзүнө койолу. Эгерде силерди тандай турган болсо, эч
кандай акы төлөбөй алып кете
бересиңер.! А эгер мени тандай
турган болсо, Кудайга ант болсун,
мени менен калууну каалаган
адамды эч кимге бере албайм! Окуянын жүрүшүнө таң калган
Зайддын атасы менен агаларынын
жүзүнө кан жүгүрө баштайт.
– Сен абдан жоомарт, ынсаптуу
чечим чыгардың. Чоң сый жана
тартууну ыроолодуң! – деп алкап ыраазылыгын билдиришет.
Баары бир бүтүмгө келишкен соң
Зайд ортого чакырылат. Жылуу
маанайда жолугушуу өткөн соң
маселе Зайдка билдирилет.
– Мен сизди эң ишенимдүү инсан катары жакшы көрөм! Кудайга ант
болсун, мени сизди эч кимге
алмаштырбайм! Сиз мен үчүн атам-
энемсиз. Мен сиздин гана
жаныңызда калам, – деп көшөрүп
туруп албаспы. Ал үчүн алыстан таман жоорутуп
келген ата, агалары жылуу-
жумшак, айтып да, катуу айтып да
көндүрө алышпайт. Зайд акырында
аларга агынан жарылат:
– Ишенсеңер, мен бул улуу инсандын жалаң жакшылыгын
жана ажайып нерселерди (таң
калыштуу керемет) көрүп келем.
Ошол себептен бул инсанды эч
кимге теңей албаймын. Бул
кишинин жанынан эч жакка кетпейм!
Зайддын артка кайтпастыгын көргөн
Жаратылыш Нуру (саллаллаху
алейхи васаллам) аны жетелеп,
Каабага алып барат да, ал жердеги
ак көз, кара көзгө кайрылат: «– Урматтуу калайык! Күбө болгула,
мындан кийин Зайд менин уулум,
мен ага мураскермин, ал мага
мураске!»
Ошентип, Алланын Элчиси Зайдды
асырап алат 21. Азирети Мухаммаддын Зайдка болгон
аталык жылуу мамилесине жибиген
издөөчүлөр аман жүрсөң болду
деген тейде өз журтуна кайтышат
(Ибн Хишам, I, 267; Ибн Саад, III,
42). Окуядан маалым болгондой, Аалам
Ардагы (саллаллаху алейхи
васаллам) адамдарга ушунчалык
сылык, нары кичи пейил мамиле
кылгандыгы себептүү эч ким андан
кооптонгон эмес, тескерисинче, анын мээримдүүлүгүнө жылынышкан.
Бүтүндөй адамзат, ал тургай айлана
чөйрө дагы анын боорукерлигине,
күн сыяктуу жаркыган жылуу
жүзүнө, изги ахлагына таң калган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   Shekerbek   09 Январь 2014 - 15:06

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 17 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Фев 2014 11:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Акыр заман болоордо угуп койбой атасын,
Уулу кетет урумга. Кызмат кылбай энэге кызы кетет кырымга.
Кыянат кылган кишинин кынгыр иши бат болот.
Мээнэт кылбай пул табып мингени тэмир ат болот.

Оомал токмол заманда окуганы кат болот.
Береке турбай уйундо бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп загыра наны кант болот.
Алдаган киши кобойуп айткан бир созу ант болот.

Аялы укпай созуну бетине кара дак болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо козу ачыктар коп чыгат.
Коп жерлерди куйгузуп жерден жайнап орт чыгат.

Адамдардын ичинен асылдары аз чыгат.
Желмогуздар кобойуп жер астынан газ чыгат.
Куйоого чыкпай кыздары уйундо тороп олтурат.
Бойго жеткен балдары болбогон ишти болтурат.

Кан тогулот жондон жон кундо айылда чуу болуп.
Ичкичтер ото кобойуп арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет жакпаса да уу болуп. Атасынан баласы отуп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо темирди жиптей оросунг.
Отуруп алып очойуп ааламды уйдо коросунг.

Жамандар менен бир басып жакалашып журосун.
Кой-ай деген кожонг жок озунго озун торосун.
Арам-ариш нерсени арамдыгын сезбейсин.
Уят-сыйыт жоголуп катып калган бездейсин.
Базарга кетет аялын кайсы жерден издейсин.
Кайда бардынг катын деп калп эле аны тилдейсин.

Катынды уйдо сакташтын жол-жобосун билбейсин.
Айтып турса аалымдар айтылган созго кирбейсин.
Акыр заман болоордо эркектен кубат, куч калат.
Очойуп уйдо олтурат катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарын кочодо кетип бараткан жигитти корсо ышкырат.

Билмексен болуп калп эле бир динди бекем тутпайсын.
Билип алдым копту деп бирингди бирин укпайсын.
Ынтымагын ыдырап ыгын тапсан муштайсын. Озунду ойлоп озгону балекетке туштайсын.
Акыр заман болоордо шарыят билбейт жакынын.
Сойконгдоп барып ар жерде сойкулук кылат катынын.

Оруска кетет ойт берип табам деп уйдун татымын.
Арам тамак жеп-ичип ажырайт эстен акылынг.
Жан талашып бийликке жалганды чындай суйлойсун.
Акылы аздар деп койуп аалымдар менен журбойсун.
Кембагал олсо капилет жаназа окуп кирбейсин.
Олукту жууп кепинди олсон да аны билбейсин.

Акыр заман болоордо тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры карангы корго жайлашат.
Чындыгында амалдар ниеттерге жараша болот !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   09 Январь 2014 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Залаалат, куноо жана бузукулук толкундарында агып жургон бир жигит туз хидаят жолуна тушту. Бузукулуктардан токтоп хидаят кемесин минди, намаз окушту баштады. Мечитке каттап, кечелери Курани Карим тилаваты менен алек боло баштады. Хидаят жашоосунун лаззатын таткан жигит бир куну озунун эски досторун эстеди. Алар дагы деле бузукулук, куноо иштеринин ичинде батып журушот. Мусулман досубуз аларды да тообо жана хидаят кемесине чыгып алыштарын жана бул менен ийгилик тапкан кербендерге жетип алыштарын ото каалап, алар менен корушмоко жол алды.
Бул насыйкат акыйкат жолду эми эле тапкан, тообо эшиктерин эми эле каккан ар бир инсанга каратылган эле!
Сиз эй тообо кылган досум! Эски фасык досторунуздун алдына жалгыз барбан, аларды хидаятка чакырышта албетте сизге жардам бере турган бираар бир такыбадар бурадарыныз менен барын! Анткени копчулуктун таасири жалгыздыдарды сындырып коет. Жигит досторуна хидаятты, ыйманды илинип барды, бирок фасык достор ага ар тараптан таамай алаамат окторду жаадыра башташты:
-Ыы, кары аке. Эсинизден чыгып калдыбы? Озулору да кечээ эле биз менен эмнелерди гана кылып жургондору! Эсиниздеби паланча кундогу жургондорубуз,
Унуттунузбу паланча кундогу отуруштарыбыз.
Ыстыкзаалар, маскаралар, кычык пычык кулкулор. Бул иштери менен жигиттин эски дарттарын жанылай, эми бутоюн деген жараларын дагы кучото башташты. Ыстыраптары дагы да артткан жигит уйуно маанайсыз абалда кайтып келди. Кундордун биринде мусулман досубуздун алдында достору кош тырнак ичиндеги достору пайда болуп калды:
-Ушу десен машина алыш учун паланча шаарга кетип жаткан элек, биз менен барсан жакшы болот беле - дешти.
Жигит болсо не дешин билбей турса алар дагы мындай деп улантышты:
- Биз менен барсан бизди Исламга даават кылаар элен, сапар намаздары кандай окулушун уйротоор элен. Билесин го биз буларды али анча билбейбиз, кийин сапарда бизге имамдык кылмаксын.
Сапардын планы жигитке жага тушту. Нафсиси бул сапарды ага зыйнаттуу кылып корсотту. Ал достору менен бирге жоноду, кана эми барбаса эле!!!
Жол журуп кечке маал бир мейманканага конушту. Жигитти канада калтырышып аны муну кылып келебиз деп кочого чыгышты.
Фаасык достор шаарды айланып журушуп
Оздорунчо турдуу план тузушуп
Кенеш кылып жигит устунон кулушуп. Алардын бул пландары эмне кылып болсо да жигитти абалкы жахилдик короого кайтарыш эле. Аудзубиллахи мин заалик. Ошол куну алар тунду башка жерде клуб слуб дискотека, музыка кумарына аралашып откозушту. Жигит болсо аларды мейманканада кутуп жатаар эле. Эртеси куну бул фаасыктар бир бузук сойку аялды табышты жана ал тиги жигит менен зына кылганга , арак ичиришке себепкер болсо каалаган акчасын бере тургандарын айтып кондурушту!
АЛЛАХ ТААЛА Аньфа суроосунун 36 аятында: "Албетте каафыр болгон кимселер мал дунуйолорун Аллах жолунан тосуш учун иштетишет" деген.
Алар сойку менен бирге мейманканага кайтышкан сон бир колуна ичимдиктер дагы бир колуна музыка касеталары менен магнитафонду берип жигит каткан канага киргизип жиберишти.
Арак акылды алуучу нерсе, музыка болсо зынага туртуучу нерсе сыпатында бааланды жигиттер тарабынан. Сойку аял мусулман жигит менен жалгыз калды.
Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам оз хадистеринде:
Бир эркек менен махрамсыз аял эч ким жок жалгыз калса учунчусу шайтан болушун айткан.
Сойку аял ага тилин жагымдуу кылып суйконо баштады, жигит озун четке алды, секин секин кепке салып бир амал кылып ага арак ичириди, анан дагы, андан кийин дагы акыры эн коркунучтуусу болуп отту. Аянычтуу лаззаттар, кумарлар отту. Бул маскарага кубо болуп жаткан канадагы дубалдар ал корунуштон жарылып бузулайын деди. Жигит сойкунун койнунда уйкуга кетти, жыланач, олгучо мас, чарчаган, талыккан. АЛЛАХ сактасын. Тан атты.
Ниетине жеткен фасыктар эшикти тыкылдата башташты. Бутун мейманкананы башына которуп шоокун салышар, бийик дооштору менен маскаралап кулушор эле. Эшикти сойку ачты:
-Тигинде досунар, кирип корушунор мумкун - деди.
-Не кеп? Эмне жанылык деп сурашты. Ал:
-Куш кабар, курсанчылык, ана баардык нерсени кылды арак да ичти мас да болду, бирге да болдук мына тошокто жыпжыланач калды, уктап жатат деп тыржайды.
Акыбалынарга убайым болсун эй фаасыктар! Аллахка куноокор болгону учун курсан болуп атасынарбы? Бири биринерге куш кабар айтып атасынарбы? Кечээ намаз окуп Куран тилават кылып жаткан досунар шайтанга алданып арак ичип, зынаа кылып, куноого оронуп жатканына шаттанып атасынарбы? Эй жахилдер?
Канага бакыр чакыр кыйкырык менен кирип келишти. Жигис корпого оролуп жатаар эле. Достору аны туртуп туртуп ойгото башташты:
Оой кары аке, турун эми. Болоор эми мазза кылганыныз. Тура калсын эми азиреттери деп маскаралап ойгото башташты. Негедир жигит жооп бербес, уйкудан турайын дебес эле.
:Турун эми, кутуп калдык. Жигит дагы да жым, ошондо алардан бири жакыныраак келди да жигитти кыймылдатып устундогу корпону алып таштады. Жигит болсо кын дебейт. Бир кайраттанып аны жамбашына антарышты. Не коз менен корушбосун жигит олуп жаткан болчу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   10 Январь 2014 - 00:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Окуяга конул бурунуздар
Намазкан досубуз арак ичип, зына кылып, сойку менен бир тошокто уйкуга кеткен. Ушу кеткен боюнча вакий уйкуга кеткен. Тундо бузукулук ичинде эн жаман катымы менен олум тапкан. Инна лиЛлахи ва инна илайхи рооьжиун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   vankuver   11 Январь 2014 - 01:32

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Nurdoolot94 (10 Январь 2014 - 00:39) жазган:

Окуяга конул бурунуздар
Намазкан досубуз арак ичип, зына кылып, сойку менен бир тошокто уйкуга кеткен. Ушу кеткен боюнча вакий уйкуга кеткен. Тундо бузукулук ичинде эн жаман катымы менен олум тапкан. Инна лиЛлахи ва инна илайхи рооьжиун.





Жаман болгон экен. Жараткан озу сактасын! мындай олумдон..
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   aika2013   14 Январь 2014 - 02:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бейиш

баарыбызды ыйманыбыз менен алсын,ЭЙ АЛЛАХ,мудурултуп гана ал!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   aika2013   14 Январь 2014 - 02:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бейиш

МЭЭРИМДҮҮ ЖАНА ЫРАЙЫМДУУ АЛЛАХТЫН АТЫ МЕНЕН!!! " Атасы , 20 жаштагы баласына жакын келип , жылмая сурады: Мен күчтүүмүнбү же сенби ? Бала жылмайып, жооп берди: - Мен күчтүүмүн атаке! Атанын жүзүндөгү жылмайуу жоголо түшүп, олуттуу боло калып кайра баласынан сурады: - Сен күчтүүсүнбү же менби, Бала кайра жылмая айтты : - Атаке мен күчтүүмүн! Ата бейчара 3 ,4 кадам баласынан шаша алыстап . токтой калып 3-чү жолу, акыркы жолу , Баласынан сурады: - Балам мен күчтүүмүнбү же Сенби!! Бала Суз боло түштү да : Мен Күчсүз, алсызмын атаке - деп жооп берди. Ата таң калып: - Анан эмне жаныңа барып 2 жолу Сураганымда - Мен күчтүү, Алдуумун деп жаттың деп атасы суроо салды. Баланын жообу : - АТА АНДА СИЗ ЖАНЫМДА ЭЛЕҢИЗ, СИЗ ЖАНЫМДА БОЛСОҢУЗ МЕНДЕН КҮЧТҮҮ, АЛДУУ АДАМ ДҮЙНӨДӨ БОЛМОК БЕЛЕ? АЛ ЭМИ АЗЫР 4 КАДАМ АЛЫСТА ТУРАСЫЗ .СИЗ ЖАНЫМДА БОЛБОСОҢУЗ МЕНДЕН КҮЧСҮЗ АДАМ ДҮЙНӨДӨ БОЛМОК БЕЛЕ!!! " ****************************** АЛЛАХ ТААЛАНЫН бизге, белинен кубат кетип, көзүнөн курчтук кетип, барган сайын каарылыктын изи, жүзүндө, чачында, сакалында билине баштаган , АЛЛАХТЫН бизге берген алмаштыргыс дөөлөтүбүз, ырыскы ташуучубуз, байлыгыбыз, эми каарый баштаганда, АЛЛАХТЫН бизге берген аманатына айлана баштаган АТАЛАРДЫН ТИРҮҮСҮНДӨ КАДЫРЫНА ЖЕТСЕК ЭКЕН!!! Апа - сөздү сылык кылып болсо да, айландырып болсо да , айтып алат аялдык касиетине салып... Ата Бейчара Ичине салат ичине салат. Бала үчүн тилин тишине басат тишине басат. Эркектикке салып, эч үн катпайт,эч үн катпайт. Бала үчүн , тоо бүркүтүндөй щаңшыган " гордый" үнүн пас кылып, Баякы жогору кармаган , улуу башын жаш кылып, Баласы үчүн эмнелерди гана кылбайт, эмнелерди гана жасабайт. " ЖОК НЕРСЕЛЕРДИ ЭҢСЕП ОЛТУРУП, БАР НЕРСЕЛЕРДИ ЖОГОТУП АЛБА!" " ЭНЕ - Бейишке карай жол болсо Ата- бейиштин эшиги" АТА- ЭНЕ КӨЗҮ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙ АЛСЫН! ӨТКӨНДӨН КИЙИН ЖЕТИ КҮН , ЖЕТИ ДУБАНГА АШ БЕРГЕНИҢ БИР ТЫЙЫН! ЖАМАНБЫ, ЖАКШЫБЫ, ААЛЫМБЫ АЛКАШБЫ, АМАЛДУУБУ, АМАЛСЫЗБЫ ,ЭЛ АЛДЫБЫ, ЭЛ АРКАСЫБЫ, БААРЫ БИР АТАҢ! КӨЗҮ БАРДА СЫЙЛАЙ ЖҮР!!! ( чоң атамдын (Сыдыков Тургун жайы бейиштен болсун )дайым кулагыма куйуп, кайталоочу мага болгон насааты эле.)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage (14).jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   aika2013   14 Январь 2014 - 02:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бейиш

Жетимкананын дарбазасындагыжазуу: "Эй, ата-эне! Сен бул жерге"Mээрим" деген нерсени таштапkетип атасын. Андан "КААР" дегендарак осуп чыгышы эсинде болсун!" .КААРЫЛАР УЙУ ДАРБАЗАСЫНДАГЫЖАЗУУ: "Эй балдар! Ата- эненди аман -эсен жайгаштырып чыктынбы?Баракелде! Бугун сен "ТОЗОК" тун алоолопжанып турган кудугунан озуно жайдаярдадын. Куттуу болсун...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   vankuver   14 Январь 2014 - 17:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

адамдарга тарбия болчу маанилуу билдируулор экен. дагы коп коп жазышыныздарды кутом.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   dina   21 Январь 2014 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Адам баласы жаралгандан тарбияга муктаж болот. Ошол тарбиянын аркасы менен коомчулукта өз оордун таап, сиңет. Тарбияны АТА, ЭНЕден, билим берүү тармактарынан, жандап жүргөн адамдардан, айлана-чөйрөдөн алабыз. Анын аркасы менен табиятты таанып-билүү, бир нерсеге умтулуу жана ишеним менен жашоого үмүттөнөбүз. Кээде жөнү жок жашоодон тажап кеткен учурларыбыз да болот. Көпчүлүк учурда колубузда бар “алтынды” баалай албай калабыз. Дүйнөбүздүн өзгөрүүсү, өзүбүздү өзгөртүүдөн башталарын байкабайбыз. Мына ушундай учурга тушукканда төмөндөгү аңгемелер, хадистер, макалдар жана ойчулдардын тарбиялык-философиялык ой толгоолору менен таанышууну сунуштайм.
“Турмуш сабактары” китебинин үчүнчү чыгарылышынан алынды. Түзгөндөр: Жамал Бекчороева, Насыпбек Асанбаев.
(Сүрөттөрү интернеттен алынды)
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: