Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#201 Пользователь офлайн   dina   21 Январь 2014 - 16:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Туз жана суу...

Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмуш ага жалаң гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп, азап тарта берерин айтуудан жадабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралуу айтып, ага кудай баарын бергенин, иштери да жакшы жүрүшүп, балдары да тарбиялуу, жакшы чыкканын, өзүнүн балдары тентек экенин, жакшы бир иш кылууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болбой жатканын айтып, арыздана берет. Ошондой күндөрдүн биринде акылман ал адамды туз алып келгенге жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага алып келген туздан бир кочуш салып, ичүүнү буюрат. Чыны оозуна тийип-тийбей ал адам түкүрүнүп, чыныдагы сууну алыс чачат
- Ачуу бекен? – деп сурайт акылман.
- Ии, аябай ачуу экен, - дейт анда айылдашы.
- Эми жүр, - деп, анча алыс эмес жердеги көлгө алып барат да, көлгө да бир кочуш туз салат.
- Эми көлдүн суусунан ичип көр, - дегенде, ал адам эңкейип, суусуну канганча ичет.
- Суунун даамы кандай экен? Туздун даамын байкадыңбы? – деп сурайт андан.
- Суунун даамы сонун, муздак экен. Туздун даамы такыр жок.
- Турмуштун тузу баарына бирдей берилет. Болгону, бир чындыкты түшүнүш керек: адамдын пейли – суу! Айрым адамдар пейли кенен көл болот, турмуштун тузу канчалык болсо да, татымын билгизбей, жашоосун жакшы жакка багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин көрө албас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы үчүн кубанган “көл” болушуң керек, же чыныдагы суудай болуп тузунун даамына чыдашың керек. Чечим сенин колуңда, - дейт.

Ачуу нерсе балды бузган сыяктуу ичи тардык ыйманды бузат (Хадис).

Ичи тардык кылынган баардык жакшылыктарды от жалынындай күйгүзүп кетет (Хадис).

Кишиликтен кур калган, кишиликсиз,
Кишилерди көп көрөм түшүнүксүз.
кесел түшсө ичтеги дилибизге,
Кетмек беле оңолуп, ишибиз түз. (Н.Алымбеков).

Бет пардаңды сыйрып, анык жүзүң ачылсын,
Бардык жерде жүзүңдөн жарык шоола чачылсын (Юнус Эмире).

Көрө албастык, чагым жана чыр-чатак ар дайым ач көздүктүн артынан ээрчип жүрөт (К.Гельвеций).

Сүрөт

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#202 Пользователь офлайн   dina   21 Январь 2014 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жылмаюу

Бир кичинекей кыз көчөдө өтүп бара жаткан чоочун адамга жылмайып карап турду. Бул өзгөчө жылмаюу чоочун адамдын жан дүйнөсүн ойготту да, ал дагы жылмаюу менен жооп берди. Таң эрте мындай жагымдуу көрүнүшкө туш болгон адам баарын унутуп, айланасындагыларга көңүл бурбай, кичинекей кыздын жагымдуу жылмаюусун көз алдына элестетип баратты. Бул маанайды досу менен бөлүшкүсү келди да, досуна телефон аркылуу эң жакшы сөздөр менен анын мыкты сапаттарын белгилеген кат жөнөттү. Эртең мененки тамагын жеп бүтүп калган досу бул катка аябай сүйүндү. Тамактын эсебин алып келген тейлөөчү кызга жылмая карап, ашыкчасы менен чайлык акча таштап чыгып кетти. Мындай чоң суммадагы чайлык акча алганына сүйүнгөн кыз жумушунан чыгып баратып тилемчини көрдү да, ага акчанын жарымын берип койду. Эки күндөн бери эч нерсе жей элек тилемчинин кубанычында чек жок эле. Ал туз эле аш канага барып курсагын тойгузду. Көңүлү да көтөрүлүп калды. Акырын басып, үч кабат үйдүн жертөлөсүндөгү “бөлмөсүн” көздөй баратып, жолдо үшүп турган ачка итти көрдү да, алып алган нанынан берип, аны да эрчитип алды. Курсагы бир аз тоюп, жылуу жерге барган ит түнү бою уктабай сак жатты. Бир убакта үч кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Алгач алдынкы кабаттан чыккан түтүндү сезген ит тынбай үрө баштады. Иттин үргөнүнөн улам тилемчи жана ошол үч кабаттуу үйдө жашагандын баары ойгонду. Бири-бирин жетелеп сыртка качып чыгышып, баары өрттөн аман калышты.
...Ушул күнү эртең менен кичинекей кыз чоочун адамга карап жагымдуу жылмаюу менен жакшы маанай тартуулаган эле...


Жылмаюу дагы садака. (Хадис).

Жылмаюу – сулуу болуунун эң жакшы жолу. (У.Шекспир).

Жылуу сүйлөсө, жыла-жыла жылан ийинден чыгат. (Макал).

Кичипейилдиктен кичирейип калбайсын. (Макал).

Таза жүрөк – тунук күзгү, буйруп койгон энчибиз,
Чексиздикти чагылдырган биздин анык кенчибиз. (Ж.Руми).


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: guard: 21 Январь 2014 - 17:05

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#203 Пользователь офлайн   dina   21 Январь 2014 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Сүйүү дарагы

Эки жаш сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшөт. алгач баары жакшы болгон менен, акырындап баягы ысык мамиле сууй баштайт. Кичинекей сөздөн эле бири-бирине таарынышуу көбөйөт. Бири-бирин сүйгөнү менен, ар кимиси өз оюн бергиси келбейт, “үйлөнгөнгө чейин сен мени сыйлачу элең, сүйчү элең” деп, бири-бирине нааразы болуу башталат. Ажырашкысы келбесе да, мындан кийин чогуу жашоо мүмкүн болбой калганын түшүнүшөт. Ошондой күндөрдүн биринде экөө отуруп, бул абалдан чыгуунун жолун издешет. “Мен таптым!” – деп бир убакта жигит сүйүнүп кетет: “Бакчабызга бир бактын көчөтүн тигели да, экөөбүз убактылуу эки башка жашайлы. Үч айга чейин ал көчөттү эч карабайлы. Турмуш өзү бизге калыс болсун. Эгер ал үч ай ичинде жакшынакай болуп көктөп кетсе, ажырашпай, үй-бүлөнү сактап калалы”.. Бул акыл экөөнө тең жагат. Ошентип, эртеси бактын көчөтүн бирге тигишет... Арадан бир ай өтөт. Бир күнү бакчадан экөө тең капысынан жолугуп калышат. Ошол замат экөө тең колдорун аркаларына жашыра калышат. Себеби экөөнүн тең колдорунда суу толгон чака бар эле...

Турмуш куруңуздар жана жүйөлүү себеп болбой туруп ажырашпаңыздар. Анткени мындан аалам титирейт (Хадис).

Сезимге сабырдуулук берген адам,
Турмуштун каршылыгын жеңген адам
. (Д.Чосер).

Мыкты ой терең акылдан гана эмес, терең сезимден да келип чыгат (Ф.Достоевский).

Чыныгы турмуштун ырахатын эңсеген адам бардык кыйынчылыкка бел байлап, ал үчүн жанын курман кылууга даяр болушу керек (Ф.Дзержинский).
Сүрөт



Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#204 Пользователь офлайн   Lumia-800   21 Январь 2014 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

СүрөтСүрөтСүрөтСонунго. "Жылмаюу" деген аябай жакты мага.
Чынеле кичинекей балдыр жылмайып караса эн сонун сезим пайда болот, журок жумшарат. Эхх...

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#205 Пользователь офлайн   Lumia-800   21 Январь 2014 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

СүрөтКайдан таптыныз? Дагы жазынызчы ээ...
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#206 Пользователь офлайн   dina   21 Январь 2014 - 17:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

“Таш боор” догдур

Жаш келин жеке догдуруна келет да:
- Эже, мен сизден жардам сурап келдим. мага жардам бербесеңиз болбойт. Менин балам бир жашка чыга элек, бирок кайра кош бойлуу болуп калдым. Өзүбүз жаш болсок, анын үстүнө экөөсү тең ымыркай болсо, эки баланы кантип багабыз деп ойлонуп жатам. Мага жардам бериңизчи, - дейт. Анда догдур кандайча жардам берүү керектигин сурайт.
- Аборт, кош бойлуулугумду токтотуу керек, эже, – дейт анда жаш келин. Бир аз ойлонуп туруп догдур ага мындай дейт:
- Менде бир жакшы ой бар. Ден соолугуңа да доо кетпейт, эки бала багып да убара болбойсуң.
Макулмун дегендей келин жылмайып, ал кандай жол экенин сурайт. Ошондо догдур:
- Сиз эки баланы бага албайм деп кыйналып турасыз, анда төрөлүп калган баланын өмүрүн кыялы. Ошондо аборт кылып ден соолукка да доо келтирбейбиз, экинчиси төрөлгөнчө эс алып да аласыз, - дейт.
Мындайды күтпөгөн келин ордунан атып туруп:
- Эмне-ее! Бул деген кылмыш да! Кайсыл эне өз баласынын өмүрүн кыйсын?! Мага кантип ушуну айтып жатасыз? Бул кандай акмакчылык? ! Таш боор турбайсызбы. .. – деп чаңырат.
Догдур жылмайып:
- Туура, өз баласынын өмүрүн кыюу – кылмыш, акмакчылык. Бирок сиз бир аз мурун ушул эле сунуш менен мага өзүңүз келбедиңиз беле, мен бар болгону башкача жолун айтып койдум, - дейт.
Келин унчукпай отуруп калат да, ыйлай баштайт. Бир убакта ордунан шарт туруп кетүүгө камданат. “А абортчу?” – деп жылмайган догдурга да карабай эшикке атып чыгат.


Балалуу – үй базар, баласыз үй – мазар (Макал).

Ар бир адамдын жашоосунда эки жакшы кун бар: адам бул жашоого келген кунү жана эмнеге келгендигин түшүнгөн күнү (Дж.Максвелл).

Кандай кылууну билбей турсаң, туура деп эсептеген жолду танда (Карл Краус).

Өзүңүзгө ишеним артсаңыз, кандай жашоо керектигин дароо түшүнөсүз (Иоганн Гёте).
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: dina: 21 Январь 2014 - 19:30

Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#207 Пользователь офлайн   Ханбийке   21 Январь 2014 - 18:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Вау керемет! :applause: "Таш боор догдур" жакты! Жаза бериниз кутобуз! :give_rose:
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#208 Пользователь офлайн   Maximus   21 Январь 2014 - 19:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 283
  • Катталган: 26 Апрель 08
  • Соңку аракети: 17 Апр 2015 15:33
  • Жынысы:Эркек

Сонун экен, өзгөчө сүрөттөрдү кошуп койгонуң да укмуш болуптур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#209 Пользователь офлайн   XAKER89   21 Январь 2014 - 23:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 274
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 15 Май 2019 03:38
  • Жынысы:Эркек

Дагы барбы?
ЛЮБОВЬ ЗЛА ПОЛЮБИШЬ И КОЗЛА!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#210 Пользователь офлайн   guard   21 Январь 2014 - 23:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Евелет эстен кетпегендей жакшы нерселерди жазган экен, Евелетке Рахмат !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#211 Пользователь офлайн   vankuver   22 Январь 2014 - 00:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Жылмаюу тууралу сонун экен. Бир кыздын жылмайганы, башка копчулуко жада калса итке да кубаныч тартуулап.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#212 Пользователь офлайн   melashka   22 Январь 2014 - 01:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 11 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2020 07:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

эмне деген китептен жазып атасын сыр болбосо алып окууйун кызыгып калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#213 Пользователь офлайн   miniusha   22 Январь 2014 - 09:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 893
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:no comment...

Вау,йоо, мынча сонун , кыздын темасы жакшы экен,да уландысы болот деген ойдомун!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#214 Пользователь офлайн   dina   22 Январь 2014 - 10:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Мактоо, жактоолор үчун ыраазычылык! Сүрөт Сиздин жашоого болгон көз карашыңызды жакшы жакка 00,1 кадам өзгөртө алса мен кубанычтамын. Сүрөт
Уландысы болот, буйруганынча.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#215 Пользователь офлайн   dina   22 Январь 2014 - 10:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Просмотр сообщения melashka (22 Январь 2014 - 01:55) жазган:

эмне деген китептен жазып атасын сыр болбосо алып окууйун кызыгып калдым.


Китептин аталышы, түзүүчүлөрү тууралуу жогору жакта маалымат бергем.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#216 Пользователь офлайн   dina   22 Январь 2014 - 10:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

"1 доллар" Сүрөт

Бул окуя Американын бир шаарчасында болгон. Бир күнү көчөдөгү бир тилемчи астына салып жаткан гезиттердин биринен кичинекей жарыяга көзү түшүп калат. Бул жарыя өзгөчө жарыя эле: “Эки кабат чоң үй сатылат. Бакчасы, гүл багы, бассейни жана башка бардык шарттары менен. Баасы 1 доллар”. Көпкө карап туруп, ал гезитти акырын бүктөп коёт. Ошентип, ал күнү кечинде келет да, баягы жарыяны кайра окуйт. Ишенүүгө мүмкүн болбогон бул жарыя кадимки эле жарыялардын арасынан орун алгандыктан, эч кандай шектенүүгө илинчек таппайт. Үч күн бою тилемчинин оюна баягы жарыядан башка нерсе келбейт. Акыры бир сураштырып көрүүнү чечет. Ошентип, жазылган дарекке жөнөйт. Жакын калганда жол боюнда чоң тактада ошол эле жарыянын жазылып турганын көрөт. “Баасы 1 доллар” деп турат. Тилемчи акырын чөнтөгүнө колун салып, бырышып, майланышып калган 1 доллардан үчтү алып чыгат да, жарыяны дагы бир жолу карап, акырын кадам шилтейт. Көрсөтүлгөн дарекке келип, темир тосмо менен курчалган, кооз бакчасы менен заңгырап турган чоң эки кабат үйдү көрөт да, коңгуроосун баса албай көпкө турат. Эки-үч жолу артка кайрылып барып, кайра келет. Акыры чыгынып, коңгуроону басат. Үйдөн жакшынакай кийинген орто жаштагы аял чыгат да, келген адам менен сылык учурашат. Тилемчинин жарыя боюнча келгенин уккандан кийин үйгө киргизип, кадимкидей тааныштырып чыгат. Мындай мамилеге ансыз да ою бир ордунда болбогон тилемчинин оозу ачыла, ишенер-ишенбесин билбей туруп калат. Анын бул абалын байкаган аял болгон абалды жай түшүндүрүп, бул үйдүн сырын ачат:
- Биз күйөөм экөөбүз көп жылдар бою бактылуу жашаган элек. Бирок акыркы жылдары бир жаш аял анын башын айлантып, арабызды алыстатты. Анан күйөөм кырсыктап кайтыш болду. Мурас кагазына бул үйдү сатып, акчасын толугу менен ал аялга берсин деп жазып кеткенге үлгүрүптүр. Ошентип, мен күйөөмдүн керезин аткарууга аргасыз болуп турам. Бул жарыяны тынбай берип келе жатканыма жарым жыл болду, ошентсе да биринчи кардар сиз болдуңуз. Кыязы, баасын көрүп эч ким ишенбесе керек, баасынын сырын эми түшүнгөн чыгарсыз...


Кайсыл жерде үмүт оту өчсө, ал жерде боштук пайда болот. (Леонордо да Винчи).

Дүйнөнүн өзгөрүүсүн кааласаң, өзүңдү өзгөртүүдөн башта. (Махатма Ганди).

Жашоого биз кандай мамиле кылсак, ал ошондой мааниге ээ болот. (Торнтон Уайлдер).

Ким өз тагдырын өз колуна албаса, ал анын бут алдында калат. (Л.Сухоруков).

Жашоодон каалаган нерсени алууну кааласаң, алгач эмнени каалайсың – ошону аныктап ал. (Киану Ривз).
Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#217 Пользователь офлайн   guard   22 Январь 2014 - 12:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жылмаюу сонун экен. Алдын ала Рахмат, дагы ушундайлардан кутобуз, кобуроок э !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#218 Пользователь офлайн   Saiha.84   22 Январь 2014 - 12:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Пайдалуу жакшы маалымат экен. Ишинизге ийгилик
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#219 Пользователь офлайн   Strateg   22 Январь 2014 - 13:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 003
  • Катталган: 11 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 10:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Дагы?
```
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#220 Пользователь офлайн   Beka161197kg   22 Январь 2014 - 14:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 08:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Абдан сонун баарынын тарбиялык мааниси зор экен дагы кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: