Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#321 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 01:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

(Уландысы)- Уфф! Абышка оор үшкүрүп алды. Анын чылпактаган, жүлжүгүй, бирок али нуру өчө элек көздөрүнөн не баласына не өзүнө не тагдырына болгон тарыныч билинбеди. Болгону батыраак бирөө кире калып ордуна жаткызып койсо экен деген гана жалбаруу сезилип турду. Аңгыча тилегени кабыл болуп эшиктен тамагын көтөрүп багуучу аял кирип келди. Аны менен башында топусу бар, сакалчан бир адам кошо кирди. Аял эми тааныштырайын деп калды эле тиги андан озунуп:

- Ассаламу алайкум ата. Биз сиздерди зыярат кылганы келдик эле, эгер сизге зыян кылбасак бир аз сүйлөшүп отуралы – деп, анын жообун күтпөй эле бош турган кроватка отурду. Абышка аялга кол жаңсап, жаткызып кой дегенсиди. Качан гана аял аны жакшылап жаткырып жайгаштыргандан кийин, эмне кааласаң айта бер дегенсип тигини карап калды. Ал кол баштыгынан ар түрдүү жер-жемиштерди алып столчонун үстүнө койду да, бир кутуча сокту ачып, столдун үстүндөгү стаканга куюп абышканын колуна карматып өзү аны өйдө кылып сөйөп турду. Абышка бир эки уурттаган болду да кайра өзүнө берди да:

- Ырахмат, балам – деди, кирилдеп араң чыккан добушу менен.

- Ата, ооруган адамдарды, картайган адамдарды барып кабар алуу мусулмандардын милдети. Пайгамбарыбыз карыяларды сыйлабагандар менин үммөтүм эмес деген. Ошон үчүн сиздерге келдик. Бир аз жардамыбыз бар эле тыяакка тапшырдык. Сизди ордунан жыла албайт дегенинен атайын кирдим эле. Туугандарыңыз, балдарыңыз барбы? – деп сурады тиги. Балам бар деп айтууга аталык намысы жол бербедиби же таштап кеткен баласын балам деп атагысы келбедиби, айтор:

- Ээ балам, тууганым да балам да жок. Балам болсо ушунда жатмак белем – деп койду акырын.

- Ата, мен сизге келген максатымды ачык айтайын. Мен атадан эрте калганмын. Атанын камкордугун, атанын тарбиясын көрбөдүм. Карысы бардын ырысы бар дейт ата, жүрүңүз сизди үйгө алып кетейин, мага ата болуп бериңиз, акыл –насаатыңызды айтып, үйгө башчы болуп бериңиз - деди абышканын колунан кармап. Абышкага буга чейин такыр жакпаган узун сакал менен узун чапан азыр эмнегедир көзүнө жакшы көрүндү. Абышканын жүрөгү элжиреп кетти. Жүлжүйгөн көздөрүнүн кычыгынан чыккан жаштары кулагын көздөй сызыла агып жатты. Бул, сакалчан адамдын оозунан чыккан ар бир жылуу сөз көөдөнүн жибитип, көңүлүн эргитип жиберди. Тээ жүрөк түпкүрүндө, качандыр бир кезде катуу жаңылганын даана сезип жатты. Калтыраган колу менен тигини өзүнө тартып маңдайынан өптү да:

- Атанын тарбиясын албаганың менен Алланын тарбиясын алыпсың балам. Менин берген тарбиям тарбия болбой жолдо калсын. Менин, берген акыл–насаатымдын кайрымжысы ушул күндөр. Ырахмат сага уулум, бирок мен бул жерден эч жакка кетпейм. Менин кыйналганым жакшы. Колуң менен кылганыңды моюнуң менен тарт деген. Мен бул нерселерди көрүшүм керек – деди. Анын сөздөрүнүн маанисине жакшы түшүнбөй калган тиги:

- Жок ата, сизди алып кетпесем болбойт. Мында кыйналып каласыз – деп сөзүн кайра баштады эле, абышка акырын колун көтөрүп аны токтотту да:

- Убара болбо уулум. Мен бул дүйнөдөн баласыз өтүп кетем го деп ойлодум эле, эми мына балалуу да болдум. Менде эч кандай арман жок эми, болгону менин сенден бир гана суранычым бар, ошол суранычымды аткарууга убада бер – деди калтаарыган үнү менен.

- Кандай өтүнүчүңүз болсо да аткарам ата, тартынбай айта бериңиз – деди.

- Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес. Бүгүн эртэң мен да көз жумам, сенден суранарым ушул, мен жаназасыз көмүлүп калбайын. Жаназа окуп, ак кепиндеп өзүң жашыр – деп андан аркы сөзүн айта албай бышактап жиберди.

- Коюңузчу ата өлүмдүн кечи жакшы, ага шашылбаңыз – деп сооротмокчу болду эле, абышка кайра анын колун кармап:

- Жок уулум, мага убада бер, жаназсыз кетип калбайын – деди жалооруп.

- Макул ата, убада берем – деп күлүмсүрөгөн болду да – ата, Лаа илаха илла-Лооху Мухаммадар- расуулул-Лох деп көбүрөөк айтыңыз, бул келменин пайдасы көп – деп ордунан турду да: - Балким мени менен кетерсиз – деди акыркы үмүтү менен. Абышка алсыз калтыраган колдору менен көз жашын сүрткөн болду да:

- Ырахмат уулум, убара болбо.Убадаңды унутпа – деп дагы бир нерсени айтууга аракеттенгенсиди, бирок анын эки эрини гана бир аз кыймылдап оозунан чыккан үн эч кимге угулган жок. Абышканын жүлжүгүй көздөрү же ачык экени же жабык экени билинбей тынчып жатып калды. Бир аз убыкытка жымжырттыкка бөлөнө түшкөн бөлмө ичинде, атага зар болгон бала менен, балага зар болгон атанын биринчи жана акыркы сүйлөшүүсү андан ары уланбады. Жакын жердеги акыр-чикирдин сасык жытынын киргенине да кайыл болуп аңырайта ачып коюшкан терезеден алгылыктуу жел кирбей бөлмө ичи үп болуп ысып турду.


Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 01:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

АЗАН
- Аллаху Акбар, Аллаху акбар…azan


Сабыр чочуп ойгонду. Жаздыктан башын көтөрүп, эмне болуп кеткенин билбей бир азга селейип отуруп калды. Аа, эми эсине келди. Азан айтылып жаткан тура.

- Ой ушулардыкы өттү – деди күбүрөнүп, - таң атпай уйкуну бузуп.

Жаздыкка кайра баш койду. Күндө уйкусун кайра улап кетчү. Бүгүн уктай албай койду. Азан айтылып бүткөнчө кыймылсыз жатты да, ордунан туруп кетти.

Үйдүн ичи кунарсыз, аңгырап бош калгандай көрүндү. Баласынын бош турган орунун бир карап койду. Эч себеби жок эле баласын алып кетип калган аялына болгон ачуусу дагы козголо түштү.

- Деги эмне жетпейт ушуга? – деди күңкүлдөп, диванга отуруп башын мыкчып ойго чөмүлдү. Чындап эле эмне жетпейт, үй десе үйү бар, акчаны каалаганындай таап берет, машинаны деги алып берди. Эл кийбегенди кийип, эл жебегенди жеп эле жүрбөйбү. Иштеймин деди ишке орноштурду. Балалуу болушту. Баары жетиштүү. Анан эле болбогон нерсени шылтоолоп кетип калат. Жумуштан эрте келбейсиң дейт. Тентип кетесиң дейт. Арак ичесиң дейт. Балаңа көңүл бөлбөйсүң дейт. Кызык… Адам болгондон кийин тыяк-биякка басасың да, тели-теңтуш, дос-жар дегендер бар. Арак ичип аракеч болуп кеткен жери жок. Анча-мынча эле майрамдап койгону болбосо. Элдин аялдарына ырахмат, жегенге наны жок болсо да унчукпай жашап жүргөн.

- Уфф. – Оор үшкүрүнүп алды Сабыр. Деги бул жашоодо бактылуу жашаган бирөө жок го. Тээ бала кезинде, апасы балдарынын бетинен өөп – менин бактым ушулар, ушулар барда мен бактылуумун – деп калчу. Атасы күнгө күйүп, эмгектен туурулган капкара колу менен маңдайынан сызылган терин сүртүп:

- Бакыт деген эмгек, менин колумда кетменим турганда мен бактылуумун – дечү. Байкуштар экөө тең эрте кетип калышты. Өздөрүн бактылуубуз дешкени менен чыныгы бакытка жетпей кетишти окшойт. Мына менин деле балам бар. Атамдын эмгегинен жеңил, бирок кирешелүүрөөк жумушум бар. Бирок баары бир бакыттын даамын алигече тата элекмин го.

Чындыгында бактылуулукту байлыктан же бийликтен издөөнүн өзү бактысыздык окшойт. Сабырдын жашоосунда эч кандай кемчилиги жок болсо да, күндөн-күнгө жан-дүйнөсү тарып, өзүн жаман сезип жүрөт. Кээде бир жери ооругандай болот. Бирок кайсы жери ооруганын өзү да билбейт. Баалуу буюмун жоготкон эмедей болуп жүрөт көптөн бери. Бирок эмнени жоготконун да, эмнени издээрин да билбейт.

Сабыр көңүлсүз гана дубал саатына карап койду. Жумушка жөнөөчү убагы болуп калыптыр. Баргысы келбесе да, ушул азыр өзүн жутуп жиберчүдөй суук көрүнгөн үйүнөн алысыраак кеткиси келди. Жалкоолоно кийинип, оозуна наар албастан, машинасынын ачкычын алды да, илкий басып сыртка жөнөдү.

- Аллаху Акбар, Аллааху Акбар…

Сабыр үйүнө эми эле киргенде азанчынын үнү жаңыра баштады. Терезеге жакын келип, бүткөнчө угуп турду. Мурун такыр көңүл бурбагандыктанбы же баягысын дагы баштады деп жек көрүп укпагандыктанбы айтор азандын кандайдыр бир жагымдуу ыргактары бар экенин сезген эмес экен. Азыр бир дагы сөзүнө түшүнбөсө да, ыргактуу кооз үн жан дүйнөсүнө башкача бир жагымдуулук тартуулагандай болду. Бүгүн жумушта да көңүлү көтөрүлбөй, бир аз эс алайын деп паркка чыккан эле. Паркта да көпкө жүрө албай, издегени такыр башка тараптадай сезилип үйүнө келе берген. Эми азыр эле азанчынын үнү менен бирге пайда болуп, жүрөгүнө бейпилдик тартуулаган таттуу сезим, азандын бүтүүсү менен кайра жок болуп кеткенсиди. Эртеден бери эч нерсе жебесе да курсагы ток сыяктанып табити эч нерсеге тартпады. Муздаткычты ачып бир нерселерди кичине жалмалаган болду. Тээ жүрөк түпкүрүндө жандүйнөсүнүн ачкалыгын сезгенсиди. Жандүйнө ачкалыгын тамак менен тойгуза албастыгын да даана түшүндү. Аны тойгозуунун жолун таппай башы катты. Телевизор койгусу келди. Кайра айныды. Душка түшсөм сергип калам го деп ойлоду. Түшкүсү келбеди. Аялына телефон чалайын деп ниеттенди. Чалган жок.

- үйрөнгөн адаты да, эртең эле өзү келет баласын алып – деп ойлоп койду ичинен. Тамекисин кутудан алып оозуна салып кайра түкүрүп таштады. Бөлмөдө ары-бери басканы да көөдөнүндөгү санааны жеңилдете алган жок. Диванга боюн таштап, жүз төмөн түшүп шолоктоп ыйлай баштады. Жаш балдар гана ыйлайт деп айткандар жаңылышат экен. Жаш баладан да өтүп өпкөлөп ыйлады Сабыр. Эгерде бирөө аялдар гана ыйлайт десе ал да жаңылыптыр. Бардык күчүн көз жашынан чыгарган долу аялдан да өтүп шолоктоп ыйлады Сабыр. Ата-энесинен ажыраганда да атына жарашкан сабырдуулугу менен мынчалык ыйлаган эмес эле. Азыр болсо бүтүндөй жашоосунан ажырап калгандай муңканып, буулугуп ыйлап жатты. Караңгы туңгуюкка камалып, чар тарабынан жан алгычтар курчап келе жаткандай коркуу менен аянычтуу ыйлап жатты.

- Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…

Же уйкуда эмес же ойгоо эмес нес болуп жаткан Сабырды азанчынын үнү тургузду. Көпкө жатып калган экен. Бети-башын жууп, машинасын гаражга киргизип коюу үчүн сыртка жөнөдү. Бир аз жеңилдеп калгансыптыр. Эшик алдынан эми аттаганда, катуу чуркап келе жаткан жаш бала бутуна урунуп алып жыгылып кете жаздады.

- Көзүңө карасаң боло? Кайда мынча шашылып? – деди Сабыр ачуулана. Ыргып кеткен топусун алып жаткан бала корккон көздөрүн бакырайтып:

- Кечирип кой байке, кутулууга шашып бараттым эле – деди шашкалактап. Артынан бирөө кууп келе жаткан го деп түшүнбөй калган Сабыр:

- Кимден кутулууга, бирөөдөн качтыңбы? – деп сурады.

- Азаптан байке, азаптан кутулууга – бала кылчая калып кыйкырганча чуркап кетти.

Сабыр аны узата карап турду да, ал мечиттин короосуна кирип кеткенде гана бир нерсени түшүнгөнсүдү. Бир чети таң калса, бир чети күлкүсү келди. – Азаптан деп коёт дагы. Жашабай жатып азапты сөз кылганын кара. Эмитен эле тиги дүйнөнүн камын көрүп жүрөт го бул чычым.

Үйүнө киргенден кийин да баланын сөзү эсинен чыкпады. Жумшак отургучка чалкалай отуруп дагы ойго чөмүлдү. Тээ бала күнүнөн азыркы убагына чейинки жашоосу көз алдына тасмадай тартылып өттү. Чынында өзүн бактысыз деп деле айтканга болбойт тура. Болгону кичинекей эле бир нерсе жетишпей ошонун айынан көптөн бери азап тартып жүрөт окшойт. Азап деген сөз көңүлүнө келгенде жүрөгү болк дей түштү. Көрсө азап тиги дүйнөдө эле эмес бул жашоодо деле болот турбайбы. Дагы баягы баланын сөзү кулагына угулгансыды:

- Азаптан кутулууга байке, азаптан.

Өз эркинен сырткары башын буруп саатты карады. Күүгүм кирип бараткан, ушул убакта да азан чакырылчу эле. Терезеге басып келди да, мечит тарапты карап: - батыраак эле баштаса экен – деп ойлоду ичинен. Буга чейин уккусу келбеген, кээде жаздыкка башын катып угуудан качкан азанчынын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жатты. Күткөн нерсенин кечикмеги азап. Күндө бат-баттан эле айткандай болчу эле, азыр болсо кылым күткөндөй болду Сабыр. Азан чыгаары менен мечитке барууну ойлоду. Бирок эч нерсени болбейт да. Бир азга ойлоно түштү да чуркап барып столдун тартмасынан качандыр бир кезде таанышы таштап кеткен кичинекей китепчени таап чыкты. Ачаар замат даарат алууну үйрөткөн сүрөттөргө көзү чалынды. Аларды бир сыйра карап өттү. Анан азандын сөздөрүн окуй баштады. Качан гана: -«намазга келгиле, кутулууга келгиле» - деген саптарды окуганда, баланын сөзүнүн төркүнүнө толук түшүндү.

-Алааху Акбар, Аллааху Акбар…

Сабыр намаз туралуу эми окуюн дегенде кайрадан азан жаңыра баштады. Ал ордунан дароо ыргып турду. Мына, жанатан бери күткөнү. Угары менен кубанып кетти, анан эмне кылаарын билбей алдастай түштү. Китепти чөнтөгүнө сала коюп, ваннага чуркады. Оозу-мурдун, бети-колун жууп чыга калды. Анан кайра чуркады, бут жууганды унутуп калыптыр көрсө. Шашыла кийинип, бут кийимин бутуна иле сала сыртка чуркап жөнөдү. Эшик алдынан жаңы зле кирип келе жаткан улгайыңкы аялды ийни менен коюп алды.

- Ийе ботом, көзү барбы мобунун, кайда мынча шашкалактап – ачуулана буркулдады аял.

- Кечирип коюңуз апа – деди Сабыр оңтойсузданып, анан издегени табылган адамдай жүзүнө жылмайуу аралап: - кутулууга шашып бараттым эле – деп кошумчалады. Анын сөзүнө түшүнө албай калган аял:

- Эмнеден кутулат экенсиң? – деп таңыркай сурады. Сабыр аял тарапка бир аз ийилип :

- Азаптан апа, азаптан – деди да чуркап кетти.

- Азаптан дейби? Ал эмнеси экен – деп күбүрөнгөн аял ойлоно жолун улады.

Айлананы караңгылык каптап, үйлөрдүн чырактары жаркырап күйө баштады. Кабат үйдүн маңдайынан Сабырдын гана терезеси караңгы бойдон турду. Качантан бери издегенин тапкан Сабыр мечиттен чыккан жок. Жандүйнөсү жабыркап, тирүүлөй азап чегип жүргөн адамга мечит ичи башка дүйнөдөй көрүнүп, эч нерсе билбесе да башын саждага койгон сайын, көөдөндөгү бугу чыгып жеңилдеп өзүн башка дүйнөдө жүргөн сыяктуу сезип отурду.

Жараткандын дагы бир күнү артта калып, коюу караңгылык: - «Болду эми кыймылыңарды токтокула» - дегенсип айлананы толук каптап калды.

-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…

Азан кайрадан жаңыра баштады. Пенделерди азаптан кутулууга, өздөрүн жараткан Жаратуучуга сыйынууга, жүрөктүн түпкүрүнө чейин орун алып калган убактылуу дүнүйөдөн бир аз убакытка четтеп, түбөлүктүү акырет үчүн намаз окууга чакырган азан үнү тээ алыстарга чейин жаңырып жатты. Бул жашоодогу максатын билгендер азан үнү чыккан тарапка шашылып, билбегендер бул үндүн аларга эч тиешеси жок сыяктуу кайдыгер гана тескери басып кетип жатышты…

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Күтүлбөгөн белек Терезеден жаңы башталган жаздын жыты коштогон жел кирип, кыздын чачын акырын сылап өттү. Сыдырым жел, салкын аба, жаңы гана ачыла баштаган бактардын жыпар жыты, аркы аянтчада ойноп жүрүшкөн наристелердин кыраан-каткырык күлкүлөрү, бак ичинде муңкана сайраган кандайдыр бир канаттуунун мукам үнү кимдин болбосун көңүлүн көтөрбөй койбойт. Бирок, кызга булардын баары жагымсыздай сезилди. Ал ыйлап отурду. Ал өзүн эң бир бактысыз, байкуш сезип отурду. Эгерде адамга бакытты, өң-түс, кебете-кешпир же мал-мүлк алып келчү болсо, анда кыз эч качан өзүн бактысыз деп эсептемек эмес. Кыздын бой-келбетинде да өңү-түсүндө да айыбы жок эле. Анын апакай беттеринен нур төгүлүп, жазы маңдайынан куюлуп келип токтоп калгансыган кырдач мурду, ичке ийим кара каштарына куп жарашкан музоо кирпик бакырайган кара көздөрү, оймоктой оозу, кыздын сулуулугун айгинелеп турчуу. Анын ак куудай койкойгон узун моюну, суйкайган денесине дал келип, назик, мукамдуу үнү, ийкемдүү кыймылы сулуулуктун символу сыйяктуу көрүнчү. Бирок, Жараткан тартуулаган бул сулуулук кызды бактылуу кыла албады. Кыздын атасы да, апасы да жакшы жумушта иштегендиктен, ал эч нерсеге муктаж болбой чоңойду. Кедейлик, муктаждык эмне экенин билбеген бай турмушта, ата-эненин, бир туугандардын маңдайында жыргап жашаса да, ал өзүн бактылуу сезе албады. Анын бактысына жол тоскон, көптөн бери аткарылбай жүргөн бир гана тилеги бар. Ал өзүнүн балалык тунук сезиминде, таза, аруу жашоону максат кылчу. Бул жарык дүйнөгө жөндөн-жөн эле жаралып калбагандыгын, бул кыска дүйнөдө кимдир бирөөнүн тартибине баш ийип, ак, таза жашап өтүү керек экенин жүрөк тереңинде сезип турчу. Чоңдордун кандайдыр бир максатсыз, баш аламан жашоосуна акылы жетпей, алардын ар кандай жаман иштерди жасап жатканына таң калчу. Кийинчерээк бир аз бой тартып, акылы толо баштаганда, адамдардын бул жашоодогу максаттарын билбей жөн эле күн өткөрүп жатышканын билсе да, эмне үчүн чоң эле адамдар ушундай акылсыз болоруна көпкө чейин түшүнө албай жүрдү. Акыры, акыйкат жашоону башкадан издебей, өзүнөн баштоо керек экендигин сезип-билди. Өзүнүн дене-мүчөсүнө башкалардын суктана карап калганын көргөн сайын, итиркейи келип, аларды жек көрчү. Эми аларды жек көрбөй, аларга денесин көрсөтүп ачык жүргөн өзүн жек көрө баштады.


Дене-башын жаап жүрүүнү каалаганын биринчи эле жолу апасына айтканда андан катуу кагуу жеди. Азыр түшүнбөй жатат го анан макул болоор деген кыздын ою ишке ашпай ушул күнгө дейре максатына жете элек. Алгач атасы, апасы, бир туугандары баары бир ооздон каршы болушту. Анан кызынын талыбаган көк беттигинен тажадыбы, же кызынын айтканында кандайдыр бир чындыктын бар экенин сездиби, атасы: «эмне кылсаң ошо кыл» - деп кол шилтеп койду. Бир туугандары болсо, сенин кандай кийингениңдин бизге эмне тиешеси бар дегенсип бул маселеге көп аралашпай калышты. Өз сөзүн бербей катуу каршы болгон апасы гана калды. Эненин сөзүн эки кыла албаган кыз, ортодо чүнчүп кыйналып кетти. Бирөөлөр аны караган сайын жан дүйнөсү тарып, өзүн күнөөкөр сезет. Эмне үчүн менин денемди башкалар көрүүсү керек? Бул жеткен адилетсиздик эмеспи - деп ойлойт ичинен. Бирок мындан кутулуунун жолун таба албайт. Өзүнү төрөгөн, багып чоңойткон, эч нерседен кем кылбай өстүргөн апасына каршы тура албайт. Ага канча жолу түшүндүрсө да, түшүнгүсү келбедиби, же чындап эле түшүнө албадыбы, айтор такыр көнбөй койду. Эне менен кыздын тирешүүсү, эненин ачууланган кыйкырыгы, кыздын шолоктогон ыйы менен гана аяктачу болду.


Кыз бүгүн да ошол үчүн ыйлап отурат. Бирок ал апасынын каршылыгына эмес, апасына катуурак сүйлөп койгондугуна өкүнүп ыйлады.


Сөздү алгач апасы баштаган:


- Туулган күнүңө эмне каалайсың кызым, мен жумуштан чыгып сага белек ала келейин. Чындыгында кыз туулган күнү келип калганын да билген эмес экен:


- Чын эле туулган күнүм келип калдыбы – деп чочуп кетти ал.


- Акылыңдан айнып баратасың десем, ишенбейсиң – деди апасы, - карачы эми туулган күнүңдү да унутуп калыпсың.


- Ырахмат апке эстетип койгонуңузга – деди кыз апасынын бетинен өөп, анан апасына эркелей кулагына эңкейди да акырын гана: - апке мага жоолук анан хижаб сатып берчи – деди жалооруй. Жанатан бери күлүп-жайнап отурган апасынын түрү дароо өзгөрө түштү. Ийнине асылган кызын ары түртүп:


- Тапкан экенсиң алчу нерсени, жакшы эле бир нерсени айтат десе, дагы баягысын баштайт – деди ачуулана.


- Өзүңүз сурабадыңызбы, мен каалаганымды айттым да – кызы күнөөлүүдөй мостойо түштү.


- Экинчи бул жөнүндө ооз ачпа, кемпирлердей болуп далбырап, карзың барбы аны кийгенге, кыздын кыздай эле болгону жакшы.


- Мен дагы ошол кыздай болоюн деп атпаймынбы, кайдагы эркектердин киймин кийбей - деп кызы да өз оюн берген жок.


- Элдин баары эле ошентип жүрүшпөйбү, сен эле жашабай жатып молдо болосуң, азыр мен айтканды кийесиң, мен өлгөндөн кийин мага демектен оронуп-чулганып жатып кал – апасы чындап эле ачуулана баштады.


- А кокустан сизден мурда мен өлүп калсамчы, ушунча күнөө менен менин абалым кандай болот.


- Ой болдучу эми башты оорутпай, эркелетип унчукпай койсо чектен ашып баратасың – апасы ордунан тура калып кыйкырып кирди: - жоготкун тээтиги албырап-салбыраган юбкаларыңды, бүгүндөн баштап мен бергенди гана киесиң, кыска юбка, топик сатып келем, ашыкча сөзүңдү токтот.


- Биротоло Моссоветтен орун ала келиңиз анда, – оозунан кандай сөз чыгып кеткенин кыз сезбей калды. Кызынын жаагына чак эттире чаап алганын эне да билбей калды. Азыркы ызы-чууну ап эттире сугунуп алгансып бөлмө ичи бир азга тунжурай түштү. Оор жымжырттыкты шолоктоп ыйлаган кыз менен бышактап ыйлаган эненин үнү бузду. Андан ары сөз уланбай, кызына кол тийгизип алганына өкүнүп ыйлаган эне жумушуна кетти да, энесине катуу сүйлөп алганына өкүнүп ыйлаган кыз үйдө калды.


Апасы чыгып кеткенден кийин кыз көпкө ыйлады. Бүт арманын көз жашынан чыгарып ыйлап-ыйлап алды да бир аз жеңилдегенсип калды. Кызарып шишиген көздөрү менен терезеге үңүлүп ойлонуп отурду. Болду деди ичинен, эми апасына эч качан катуу айтпайт. Бүгүнкү кылганы үчүн сөзсүз кечирим суроо керек. Кечирет болду бекен, эне го, эне баласын кантип кечирбесин. – Оо Кудай, мени кечире көр – деди кыз эринин кыбыратып. - Эми анын гана айтканын кылам. Эмнени алып келсе да кием. Кыз андан өзүн токтото албай дагы шолоктоп, бир топко чейин отуруп араң басылгансыды.


Эненин көңүлү жумушка келгенде да ачылбады. Эмнеге уруп жибердим экен деп ойлонду өзүнчө, капа болуп калды го бойго жеткен эме. Кечирим сурап койсом унутуп калаар, эстүү кыз эмеспи кантсе да. Өзүн-өзү тынчтандырган менен көңүлү жайланбай туруп алды. Эмне эле ушул кийимге кызыгат билбейм, же бир билгени барбы? Эненин башы ооруп кыйналып кетти. Эки-үч пациентти кабыл алды да, жумуштан суранып кетмекчи болуп, жаңы эле туруп жөнөгөндө, бир аял кирип келди.


- Эже мен азыр кетип атам, бир аздан кийин башка врач келет ошого кайрылыңыз- деди ага карап.


- Жок айнанайын, мен өтө зарылмын бир азга тура турсаңчы, мен кызымды алып келдим эле - деп жалдырап өтүндү тиги. Энени эне кантип түшүнбөсүн, ыйдан кызарып шишиген көзүн, кайгылуу жүзүн көрүп туруп жок дей алган жок. Эми эле чечкен халатын кайра кийип, ордуна жөнөдү. Анын отуруусун күтпөстөн эле:


- Ай мен куруюн, мен куруюн – деп ыйлай баштады тиги. Эмнени айтып жатканына түшүнбөй:


- Эже жайыраак айтчы, деги эмне болду – деди таңыркап. Тиги дагы эл токтоно албай:


- Ушул күндү көргөнчө өлсөм жакшы болмок, эми эл эмне дейт кокуй, өлдүм мен, тирүүлөй өлдүм – деп шолоктой берди.


- Эже мен сиздин ыйыңызды укканга зар эмесмин, өзүмдүн кайгым деле жетишет, айтпайсыңбы эмнеге келгениңди. Аял бир аз өзүн токтотуп:


- Кызым өлүптүр, биз аны окуп жүрөт деп жүрө бериппиз, ал окуудан да жок, башкадан да жок көчөдө калыптыр, алты айлык боюнда бар экен, анысын жашырып жүрө бериптир, эми бир нерсе кылып бербесең болбойт кокуй. Иштин чоо-жайы эми түшүнүктүү болду.


- Эже мен врачтык милдетимди аткарам, бирок алты айлык деген өтө кыйын болот да аны алдыруунун кереги жок го деймин. Врачты сүйлөтө кобой эле:


- Жок айнанайын, алты эмес тогуз болсо да алып сала көр, атасы укса, бир туугандары укса өлдүк анда – деп жалдырады аял.


- Эже сиз туура түшүнүңүз, бул ден соолукка өтө зыяндуу, анын үстүнө балага да убал болот го.


- Кандай кылсаң да жардам бербесең болбойт, жерге киргир десе баарына мен күнөөлүмүн, жакшыраак тарбия бербей, элдин кыздары жакшына эле окуп жатышат. Кыска юбка кийип, башы-көзүн боёгулап калганда эле бир жамандыкты сезгем. Анын андан аркы сөздөрү кулак сыртында калып, кызы менен болгон бүгүнкү окуя кайра эсине түштү. Кызык, бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө деген ушул бейм, бул эне кызынын жаман чыкканына өкүнүп ыйлап отурса, мен кызымдын жакшы жолго басканына өкүнөм. Бала жакшы болсо бала, жаман болсо балээ деген ушул тура, кызым акылсыз болсо бул эненин ордунда мен дагы отурмакмын да кан жутуп - деп ойго бата түшкөндө:


- Ой эмне эле эсейип калдың –деген аялдын үнү оюну бузуп жиберди: - акчаны ашыгы менен берем, бир нерсе кылып жасап бере гой – деп, кол сумкасын ача баштады ал.


- Мага эч нерсенин кереги жок эже, акча да албаймын жасабаймын дагы, азыр менин ордума башка врач келет ошону менен сүйлөшүп көрүңүз – деди да анын сөзүнө кулак салбастан кийинип сыртка жөнөдү. Каридордун ортосуна чейин чуркап барды да, бир нерсесин унутуп калгандай кайра чуркады. Эшик алдында эмне кыларын билбей селейип турган жанагы аялга келип:


- Эже сизге чоң ырахмат, сиздин жакшылыгыңызды эч качан унутпаймын – деп кучактап бетинен чоп эттирие бир өөп кайра чуркап кетти. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калган аял,- «Мен эле айнып калганмынбы десем бул да айныган эме го» - деп отуруп калды.


Энеси кол баштыгын көтөрүп кирер замат кызы чуркап келип, баштыгын колунан алып жерге таштай койду да:


- Апаке мени кечирип койчу, байкабастан катуу сүйлөп алыпмын – деди эркелей. Эненин жүрөгү элжиреп кетти. Көзүнөн сызыла чыккан жашты кызына байкатпай сүртө калды да:


- Мен сенден кечирим сурайын деп келгем, таарынып калдың го, экинчи сага колум тийсе куруп калайын – деди калтаарыган үнү менен.


- Койуңузчу апаке, мени өлтүрсөңүз да сизге таарынбайм.


- Алтыным менин, сендей кыздуу болгон тагдырыма ыраазымын. Сен менин көзүмдү ачтың. Сен болбосоң балким көр бойдон жүрүп өтүп кетмекмин. Эне кызынын алдындагы күнөөсүн сезди, кемчилигин моюнуна алды. – Баса унутуп баратканымды кара, туулган күнүңө белек алып келгем. Толкунданган эне шашыла жерде жаткан кол баштыктан шылдыраган жалтырак кагазга оролгон кийимдидерди алып чыга баштады. Бою менен тең суналган узун хижабты, үлпүлдөгөн жибек жоолукту көргөндө кыздын көздөрү жайнап кетти.


- Апаке, апкем менин – кыз андан башка сөз айтууга күчү жетпеди, апасын катуу кучактап адатынча шолоктоп ыйлай баштады. Апасына чексиз ыраазы экендигин, анын көңүлүн көтөрө турган жакшы-жакшы сөздөрдү айткысы келди, бирок көөп калган өпкөсүн баса албай ыйлай берди.


- Эмне болот, болду эми- деди апасы акыры чыдабай кетип, - андан көрө мобуну карачы кандай экен. Ал дагы бир хижаб менен жоолукту кызына көрсөтө баштады.


-Апаке, мага азырынча бирөө эле жетет эле, албай эле койсоңуз болмок – деди кызы мукактанып.


- Муну сага алды деп ким айтты – энеси кызын сынай карады да, сөзүн улады: - муну мен өзүм кийем.


Эне менен кыз кайрадан кучакташып калышты. Көптөн бери ыйманга суусап жүргөн кыздын түрсүлдөп соккон жүрөгүнөн: « мына, сен жашоодогу максатыңа жеттиң, сени эки дүйнөдө бактылуу кылуучу жолду эми таптың» - деген үндү угуп жаткансыды эненин сезимтал жүрөгү.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   omur2105   22 Июль 2014 - 02:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 02 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2019 23:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екб

Просмотр сообщения Evelet (09 Июнь 2013 - 08:07) жазган:

Жаш жигиттин окуясы.

“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 - жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”-деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра-кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт. Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп, агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү айтты. Алар менин өлгөндүгүмө аябай кайгырышып, аябай ыйлашты, аларды көрүп мен да ыйлап жаттым. Эмнеге булар мени укпай жатышат, эч түшүнө албай жаттым. Келесо болуп калгансыдым. Эмнеге мындай? Эмнеге мен агаларымды, аялымды көрүп, угуп жатам да, алар мени угушпайт? Алар мени жерге көмүү жөнүндө сүйлөшүп, “Эгер бул жакшы адам болсо, Аллах менен эртерээк жолуктурушубуз керек. Эгер жаман адам болсо, анда мындан эртерээк кутулушубуз керек”-деп жатышты. Мени жууп, кепинге орошту. Көрүстөнгө алып жөнөштү. Мен болсо, алдымдан чыккан адамдын баарына “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун”-деп айтып жаттым, бирок мени эч ким укпады, эч ким мага жооп бербеди. Көрүстөнгө жеткенде мени жерге имамдын алдына коюшту. Оролгон бойдон жерде жатам, имамды жалооруй карап, “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун. Эмне кылып жатасыңар?”- деп жаттым. Бирок имамдан да жооп болбоду. Баары бир добуштан куран окуй башташты. Куран окуп болушкандан кийин мени кабырга кое башташты. Ал эми мен болсо, “Токтоткула! Мени көмбөгүлө! Мен тирүүмүн! ”-деп кыйкырып жаттым. Эч ким укпады. Алар кабырды тактайлар менен тосуп, үстүнө топурак сала башташты. Ошондо мен Мухаммаддын (САВ) бир хадисин эстедим: “Чындыгында, өлүү адам сөөктү көмүп бүтүп бараткан адамдардын ар бир кадамын угат”. Мен да мени көмүп бүтүп бараткан адамдардын кадамдарын угуп жаттым. Караңгы, ным жерде жатып мунун баарына түшүндүм. Ошол убакта эки адам пайда болду. Бирөөсү менин баш жагыма, бирөөсү бут жагыма туруп, мени сурап башташты.

- Сенин кудайың ким?

- Менин кудайым....... ... Менин кудайым....... ...........

Кудайым ким экенин билчүмүн, бирок эстей албай жаттым, ким эле... кантип анын атын унутуп калдым...... ким эле....... ким эле...........

Алар дагы суроо берди.

- Сенин Элчиң ким?

- Менин Элчим........... ... Менин Элчим........... .......

- Сен диниң кайсы?

- Менин диним........... .. Менин диним........... .........

Менин аялымдан, дүкөнүмдөн, акчаларымдан, машинамдан башка эч нерсе акылыма келбей койду. Жашоомдогу эң жагымсыз, уяттуу учурлардан башка эч нерсени эстей албай жаттым. Бир кезде алар мени дубинка менен катуу уруп жиберишкенде, мен кыйкырып жибердим. Ачуу үнүм менен кыйкырып, үйдө уктап жаткандардын баарын ойготуп жибердим. Коркуп кеткен аялым: “Эмне болду? Эмне кыйкырып жатасың? Тез жардам чакыралыбы? ”-деп сурап жатты. Ошондо гана мен мунун баары түш экенине түшүндүм. Анан эле мечитте багымдатка азан чакырып калды. Ушул жерден менин жаңы жашоомдун барагы ачылды. Бул түш менин жакшы жолго түшүшүмө, Жараткан тарабынан тыюу салынган нерселерден алыс болуума себеп болду. Мен Жараткандын буйругу менен ага баш ийип, ислам жолуна түштүм.

Азыр аялым, балдарым, агаларым менен бактылуу турмушта жашайм, мени адашуудан сактап калган Аллахга шүгүр кылам жана биздин жаныбызды алып жатып, бизден мусулман катары ыраазы болушун суранам.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   omur2105   22 Июль 2014 - 03:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 02 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2019 23:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екб

Бул менин башымдан откон окуя, колумдан келишинче жазайын. 2 жыл мурун куз айлары эле динден таптакыр алыста&nbsp; &nbsp;жургон балдардан эле, жумуштан кийин кафелерге барчуумун ичип чегип дагы башка куноо иштерди кылып журчумун. Бирок ичимден уйлонсом бул иштердин баарын таштап намаз окуп Аллахга ибадат кылам дечу ниетим бар болчу. Ошентип кундордун биринде достор менен бутылкага тутотуп наша чегип жатканбыз, чынын айтсам аталышын деле билбейм ага чейн кайф кылып жургонбуз. Ошол куну мен эми чегип баштаганда журогум аябай катуу согуп жатканын сездим, ошолмаалда кимдир бироо мага сааты кара деди карасам 22:20&nbsp;&nbsp; болчу кийин озумду жоготум. Жан дуйном кыйналып ушунчалык оору болуп жатты жан чыдагыс мен ал убакта мен ким экенимди качантан бери кыйналып жатканымды бул жашоодо жашаганымды таптакыр унутуп койгон элем, ошентип бир жерге алып келди ошондо олгонумду билдим биринчи жаратканын ким деген тушунук болду мен корконумдан баардыгын унутуп койгон элем. Карасам тоо турат,&nbsp; &nbsp;дагы бир эже отурат башкы дагы бир нерсе турат бирок бир эле тандоо бир эле жолу мен кимге барып жалынышымды билбейм кийин Субахан Аллах деп эстеп кетип кайталап айтып жаттым анан кереметуу Лаа Илохо Илалах деп жатым жанагы мени кыйнап эзген оору азайып бараты. Кийин менен дараты жок деп сурак кылды анан бардык куно иштерим чыгып жатты мен ошордо окунуп жаттым намаз окуйм бул иштерди таштайм деп журот элемго улгурбой калыпмында деп окунуп жаттым аябай, бул жалган жашоо бир ширин туш корсок эртеси ойгонсок кайра ошол тушту улап коро албайбызго ошол сымал отуп кетет экен,мен аябай жалынып суранып жаттым мага убакыт берсе мен бардык кылат турган иштеримди кылайын ибадатарды. .Ошентип жалынып жатып мага убакыт берилгенин сездим, анан мен туулганымдан баштап бардык откон кундорумду коруп жаттым кылган иштеримди жана башкаларды. Ошентип мени кайра жанымды денеме алып келди да жана дагы сурады сен кимсин деп аты жонумду кимдин баласынмын кайсыл жерде торолгонум азыр кайсыл жерде эмне кылып жургонумду айтым, анан сааты кара деди кара чамамда эки саат отуптур. Ошол эки саатын ичинде мен эмнелерди кана корбодум озумо кадимкидей келдим эя кандай жанагы нашанын таасири жок сопсоомун, карасам эки досум аябай коркуп скорый чакырабыз деп жатышкан экен аларда мага эмне болгонун тушунушту уйуно жеткирип койобуз деседа болбой качып кеттим ошол жерде туруштан коркуп жаттым. Уйго барып укташтан корком турбай каламбы деп тан атар маалда уктап кетиптирминэртеси турсам, менин жаны жашоомдун биринчи куну башталды тамеки пиво жана башка нерселерди ушунчалык жек коруп калыптырмын. Ошентип намаз окуп ибадат кылышка чын ниеттен аракеттенип баштадым. Азыр болсо Альхамдулилахь баардыгы жакшы Аллахга шугурлор болсун мага жана бардык момун мусулмандарга убакыт берип жатканына ибадат кылышка. &nbsp;Колумдан келишинче эстеп жаздым. Аллахым бардык момун мусулмандарга ыйман берсин Амин!<div> <br></div>

Билдирүүнү түзөткөн: omur2105: 22 Июль 2014 - 04:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   CauseLove   22 Июль 2014 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 298
  • Катталган: 02 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 20:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Утба ибн Фаркад ас-Салминин
рабаятынан: "Бир ирет Умарга
мен табакка толтура татту
азыктарды салып алдына
койдум. Умар бир тике табакты
карап: "Мусулмандын баары
ушул нерселерди жегенге
мүмкүнчүлүгү болуп калганбы?"
деп сурады. Мен: "Жок,
момундардын амири, бул
нерселер менен падышалар
гана азыктанат" дегенимде,
"Мен мусулманын" - деп ооз
тийбестен, алдындагы табакты
түртүп койду."



Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   SaIixa   04 Август 2014 - 16:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 10 Март 14
  • Соңку аракети: 30 Июл 2019 13:35
  • Жынысы:Аялзаты

Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем...Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт....Дейди досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук...Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз кайбат,"өрдөк учурмай" сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда "бышып калыптыр" , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... куду ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, адындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: "Сен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! " Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Куда кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда "атта...атта" деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. "Шайтандын азгырыгынан өзүң асырагын" деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: "Атта, Батый акам даннатка тетти...Аллага тетти" десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир... Доктор Сайфуллах Насирхан
2: Кудай айтат:::кимди менден артык корсон аны сенден алып коем,ансыз жашай албайм дебе ансыз деле жашатып коем,мезгил отот колоко берген дарактардын бутактары кургайт,сабыр тугонот,озундон артык суйгонун да бир куну жат болот,эсин жоголот,досун душманына айланат,душманын келип дос болот.Ушундай кызык бир дуйно.Болбойт деген эмнен болсо баары болот,жыгылбайм дейсин жыгыласын,адашпайм дейсин адашасын,эн кызык ушул дуйно болот.Олдум деп мин кайталасан да ажалын келбесе жашайсын.Кайгырасын кубанасын,жашоого тойдум дейсин тойбойсун.Байлыкты бакыт деп ойлойсун байлыка да жетесин андан эч кандай бакыт таппайсын.Жашоо тугонбойт улана берет омурун тугонот.Суйууну бакыт деп ойлойсун суйгонуно жетесин суйуудон да бакыт таппайсын.аракет кылса баары болот дейсин буйрубаса эч нерсе жок.БАКЫТ бул ислам дининде, намазда.Намаз окусан эки дуйнодо тен бактылуусун. Дин менен жашасан намаз окусан журогунду тазартат.Ошондо элге еле эмес магада керек болосун...урматту момун Мусулмандарым бул создорду баары окуш учун ар досуна жибер досум.Иншаллах.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   azamat1992kg   23 Август 2014 - 01:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азан
- Аллаху Акбар, Аллаху акбар… (азан айтылып жатты...)

Сабыр чочуп ойгонду. Жаздыктан башын көтөрүп, эмне болуп кеткенин билбей бир азга селейип отуруп калды. Аа, эми эсине келди. Азан айтылып жаткан тура.

- Ой ушулардыкы өттү – деди күбүрөнүп, - таң атпай уйкуну бузуп.
Жаздыкка кайра баш койду. Күндө уйкусун кайра улап кетчү. Бүгүн уктай албай койду. Азан айтылып бүткөнчө кыймылсыз жатты да, ордунан туруп кетти.
Үйдүн ичи кунарсыз, аңгырап бош калгандай көрүндү. Баласынын бош турган орунун бир карап койду. Эч себеби жок эле баласын алып кетип калган аялына болгон ачуусу дагы козголо түштү.
- Деги эмне жетпейт ушуга? – деди күңкүлдөп, диванга отуруп башын мыкчып ойго чөмүлдү. Чындап эле эмне жетпейт, үй десе үйү бар, акчаны каалаганындай таап берет, машинаны деги алып берди. Эл кийбегенди кийип, эл жебегенди жеп эле жүрбөйбү. Иштеймин деди ишке орноштурду. Балалуу болушту. Баары жетиштүү. Анан эле болбогон нерсени шылтоолоп кетип калат. Жумуштан эрте келбейсиң дейт. Тентип кетесиң дейт. Арак ичесиң дейт. Балаңа көңүл бөлбөйсүң дейт. Кызык… Адам болгондон кийин тыяк-биякка басасың да, тели-теңтуш, дос-жар дегендер бар. Арак ичип аракеч болуп кеткен жери жок. Анча-мынча эле майрамдап койгону болбосо. Элдин аялдарына ырахмат, жегенге наны жок болсо да унчукпай жашап жүргөн.
- Уфф. – Оор үшкүрүнүп алды Сабыр. Деги бул жашоодо бактылуу жашаган бирөө жок го. Тээ бала кезинде, апасы балдарынын бетинен өөп – менин бактым ушулар, ушулар барда мен бактылуумун – деп калчу. Атасы күнгө күйүп, эмгектен туурулган капкара колу менен маңдайынан сызылган терин сүртүп:
- Бакыт деген эмгек, менин колумда кетменим турганда мен бактылуумун – дечү. Байкуштар экөө тең эрте кетип калышты. Өздөрүн бактылуубуз дешкени менен чыныгы бакытка жетпей кетишти окшойт. Мына менин деле балам бар. Атамдын эмгегинен жеңил, бирок кирешелүүрөөк жумушум бар. Бирок баары бир бакыттын даамын алигече тата элекмин го.
Чындыгында бактылуулукту байлыктан же бийликтен издөөнүн өзү бактысыздык окшойт. Сабырдын жашоосунда эч кандай кемчилиги жок болсо да, күндөн-күнгө жан-дүйнөсү тарып, өзүн жаман сезип жүрөт. Кээде бир жери ооругандай болот. Бирок кайсы жери ооруганын өзү да билбейт. Баалуу буюмун жоготкон эмедей болуп жүрөт көптөн бери. Бирок эмнени жоготконун да, эмнени издээрин да билбейт.
Сабыр көңүлсүз гана дубал саатына карап койду. Жумушка жөнөөчү убагы болуп калыптыр. Баргысы келбесе да, ушул азыр өзүн жутуп жиберчүдөй суук көрүнгөн үйүнөн алысыраак кеткиси келди. Жалкоолоно кийинип, оозуна наар албастан, машинасынын ачкычын алды да, илкий басып сыртка жөнөдү.
- Аллаху Акбар, Аллааху Акбар…
Сабыр үйүнө эми эле киргенде азанчынын үнү жаңыра баштады. Терезеге жакын келип, бүткөнчө угуп турду. Мурун такыр көңүл бурбагандыктанбы же баягысын дагы баштады деп жек көрүп укпагандыктанбы айтор азандын кандайдыр бир жагымдуу ыргактары бар экенин сезген эмес экен. Азыр бир дагы сөзүнө түшүнбөсө да, ыргактуу кооз үн жан дүйнөсүнө башкача бир жагымдуулук тартуулагандай болду. Бүгүн жумушта да көңүлү көтөрүлбөй, бир аз эс алайын деп паркка чыккан эле. Паркта да көпкө жүрө албай, издегени такыр башка тараптадай сезилип үйүнө келе берген. Эми азыр эле азанчынын үнү менен бирге пайда болуп, жүрөгүнө бейпилдик тартуулаган таттуу сезим, азандын бүтүүсү менен кайра жок болуп кеткенсиди. Эртеден бери эч нерсе жебесе да курсагы ток сыяктанып табити эч нерсеге тартпады. Муздаткычты ачып бир нерселерди кичине жалмалаган болду. Тээ жүрөк түпкүрүндө жандүйнөсүнүн ачкалыгын сезгенсиди. Жандүйнө ачкалыгын тамак менен тойгуза албастыгын да даана түшүндү. Аны тойгозуунун жолун таппай башы катты. Телевизор койгусу келди. Кайра айныды. Душка түшсөм сергип калам го деп ойлоду. Түшкүсү келбеди. Аялына телефон чалайын деп ниеттенди. Чалган жок.
- үйрөнгөн адаты да, эртең эле өзү келет баласын алып – деп ойлоп койду ичинен. Тамекисин кутудан алып оозуна салып кайра түкүрүп таштады. Бөлмөдө ары-бери басканы да көөдөнүндөгү санааны жеңилдете алган жок. Диванга боюн таштап, жүз төмөн түшүп шолоктоп ыйлай баштады. Жаш балдар гана ыйлайт деп айткандар жаңылышат экен. Жаш баладан да өтүп өпкөлөп ыйлады Сабыр. Эгерде бирөө аялдар гана ыйлайт десе ал да жаңылыптыр. Бардык күчүн көз жашынан чыгарган долу аялдан да өтүп шолоктоп ыйлады Сабыр. Ата-энесинен ажыраганда да атына жарашкан сабырдуулугу менен мынчалык ыйлаган эмес эле. Азыр болсо бүтүндөй жашоосунан ажырап калгандай муңканып, буулугуп ыйлап жатты. Караңгы туңгуюкка камалып, чар тарабынан жан алгычтар курчап келе жаткандай коркуу менен аянычтуу ыйлап жатты.
- Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…
Же уйкуда эмес же ойгоо эмес нес болуп жаткан Сабырды азанчынын үнү тургузду. Көпкө жатып калган экен. Бети-башын жууп, машинасын гаражга киргизип коюу үчүн сыртка жөнөдү. Бир аз жеңилдеп калгансыптыр. Эшик алдынан эми аттаганда, катуу чуркап келе жаткан жаш бала бутуна урунуп алып жыгылып кете жаздады.
- Көзүңө карасаң боло? Кайда мынча шашылып? – деди Сабыр ачуулана. Ыргып кеткен топусун алып жаткан бала корккон көздөрүн бакырайтып:
- Кечирип кой байке, кутулууга шашып бараттым эле – деди шашкалактап. Артынан бирөө кууп келе жаткан го деп түшүнбөй калган Сабыр:
- Кимден кутулууга, бирөөдөн качтыңбы? – деп сурады.
- Азаптан байке, азаптан кутулууга – бала кылчая калып кыйкырганча чуркап кетти.
Сабыр аны узата карап турду да, ал мечиттин короосуна кирип кеткенде гана бир нерсени түшүнгөнсүдү. Бир чети таң калса, бир чети күлкүсү келди. – Азаптан деп коёт дагы. Жашабай жатып азапты сөз кылганын кара. Эмитен эле тиги дүйнөнүн камын көрүп жүрөт го бул чычым.
Үйүнө киргенден кийин да баланын сөзү эсинен чыкпады. Жумшак отургучка чалкалай отуруп дагы ойго чөмүлдү. Тээ бала күнүнөн азыркы убагына чейинки жашоосу көз алдына тасмадай тартылып өттү. Чынында өзүн бактысыз деп деле айтканга болбойт тура. Болгону кичинекей эле бир нерсе жетишпей ошонун айынан көптөн бери азап тартып жүрөт окшойт. Азап деген сөз көңүлүнө келгенде жүрөгү болк дей түштү. Көрсө азап тиги дүйнөдө эле эмес бул жашоодо деле болот турбайбы. Дагы баягы баланын сөзү кулагына угулгансыды:
- Азаптан кутулууга байке, азаптан.
Өз эркинен сырткары башын буруп саатты карады. Күүгүм кирип бараткан, ушул убакта да азан чакырылчу эле. Терезеге басып келди да, мечит тарапты карап: - батыраак эле баштаса экен – деп ойлоду ичинен. Буга чейин уккусу келбеген, кээде жаздыкка башын катып угуудан качкан азанчынын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жатты. Күткөн нерсенин кечикмеги азап. Күндө бат-баттан эле айткандай болчу эле, азыр болсо кылым күткөндөй болду Сабыр. Азан чыгаары менен мечитке барууну ойлоду. Бирок эч нерсени болбейт да. Бир азга ойлоно түштү да чуркап барып столдун тартмасынан качандыр бир кезде таанышы таштап кеткен кичинекей китепчени таап чыкты. Ачаар замат даарат алууну үйрөткөн сүрөттөргө көзү чалынды. Аларды бир сыйра карап өттү. Анан азандын сөздөрүн окуй баштады. Качан гана: -«намазга келгиле, кутулууга келгиле» - деген саптарды окуганда, баланын сөзүнүн төркүнүнө толук түшүндү.
-Алааху Акбар, Аллааху Акбар…
Сабыр намаз туралуу эми окуюн дегенде кайрадан азан жаңыра баштады. Ал ордунан дароо ыргып турду. Мына, жанатан бери күткөнү. Угары менен кубанып кетти, анан эмне кылаарын билбей алдастай түштү. Китепти чөнтөгүнө сала коюп, ваннага чуркады. Оозу-мурдун, бети-колун жууп чыга калды. Анан кайра чуркады, бут жууганды унутуп калыптыр көрсө. Шашыла кийинип, бут кийимин бутуна иле сала сыртка чуркап жөнөдү. Эшик алдынан жаңы зле кирип келе жаткан улгайыңкы аялды ийни менен коюп алды.
- Ийе ботом, көзү барбы мобунун, кайда мынча шашкалактап – ачуулана буркулдады аял.
- Кечирип коюңуз апа – деди Сабыр оңтойсузданып, анан издегени табылган адамдай жүзүнө жылмайуу аралап: - кутулууга шашып бараттым эле – деп кошумчалады. Анын сөзүнө түшүнө албай калган аял:
- Эмнеден кутулат экенсиң? – деп таңыркай сурады. Сабыр аял тарапка бир аз ийилип :
- Азаптан апа, азаптан – деди да чуркап кетти.
- Азаптан дейби? Ал эмнеси экен – деп күбүрөнгөн аял ойлоно жолун улады.
Айлананы караңгылык каптап, үйлөрдүн чырактары жаркырап күйө баштады. Кабат үйдүн маңдайынан Сабырдын гана терезеси караңгы бойдон турду. Качантан бери издегенин тапкан Сабыр мечиттен чыккан жок. Жандүйнөсү жабыркап, тирүүлөй азап чегип жүргөн адамга мечит ичи башка дүйнөдөй көрүнүп, эч нерсе билбесе да башын саждага койгон сайын, көөдөндөгү бугу чыгып жеңилдеп өзүн башка дүйнөдө жүргөн сыяктуу сезип отурду.
Жараткандын дагы бир күнү артта калып, коюу караңгылык: - «Болду эми кыймылыңарды токтокула» - дегенсип айлананы толук каптап калды.
-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…
Азан кайрадан жаңыра баштады. Пенделерди азаптан кутулууга, өздөрүн жараткан Жаратуучуга сыйынууга, жүрөктүн түпкүрүнө чейин орун алып калган убактылуу дүнүйөдөн бир аз убакытка четтеп, түбөлүктүү акырет үчүн намаз окууга чакырган азан үнү тээ алыстарга чейин жаңырып жатты. Бул жашоодогу максатын билгендер азан үнү чыккан тарапка шашылып, билбегендер бул үндүн аларга эч тиешеси жок сыяктуу кайдыгер гана тескери басып кетип жатышты…
(Автору белгисиз)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Азан.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 23 Август 2014 - 01:11

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Сентябрь 2014 - 19:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Айт куну аялы,буурчакты сууга бышырып,тасмалга (дастаркон) койду.Дастаркондун устундо буурчактан башка эч нерсе жок.Куйоосу экоо дастарконго олтурушту.
Аялы:жок дегенде бугун,бугун майрамда элдерге окшоп эт же нан болсо болбос беле?!-деди.

Куйоосу лам дебеди,ичинен ооба бугун кообу эт жанан нан жеп жатышат деп ойлонду да буурчактын кабыгын аарчып жеп баштады.Аялы буурчактан ооз дагы тийбестен,оозун кубуротуп оомийн(амин) кылды да,эшике чыкты.
Тамдын бурчунда уч-торт аялдын шыбырашып жатканын угуп,аларды коздой басты,караса терезенин тубундо бир киши,ыргытылып жаткан буурчактын кабыгын,алып жеп жатыптыр.Аял аябай уялып кетти да,кишиге: Уйго кирип чай ичиниз?-деди,

Киши,жок мен бугунку ырыскымды жеп буттум рахмат,деп жоноп кетти.

Аял болсо,Оо Аллах бизди ушул буурчактан дагы куру койбо деп бата кылды.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Сентябрь 2014 - 19:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Айт куну аялы,буурчакты сууга бышырып,тасмалга (дастаркон) койду.Дастаркондун устундо буурчактан башка эч нерсе жок.Куйоосу экоо дастарконго олтурушту.
Аялы:жок дегенде бугун,бугун майрамда элдерге окшоп эт же нан болсо болбос беле?!-деди.

Куйоосу лам дебеди,ичинен ооба бугун кообу эт жанан нан жеп жатышат деп ойлонду да буурчактын кабыгын аарчып жеп баштады.Аялы буурчактан ооз дагы тийбестен,оозун кубуротуп оомийн(амин) кылды да,эшике чыкты.
Тамдын бурчунда уч-торт аялдын шыбырашып жатканын угуп,аларды коздой басты,караса терезенин тубундо бир киши,ыргытылып жаткан буурчактын кабыгын,алып жеп жатыптыр.Аял аябай уялып кетти да,кишиге: Уйго кирип чай ичиниз?-деди,

Киши,жок мен бугунку ырыскымды жеп буттум рахмат,деп жоноп кетти.

Аял болсо,Оо Аллах бизди ушул буурчактан дагы куру койбо деп бата кылды.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   rumaika5544   16 Сентябрь 2014 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бир жолу тил билген илимпоз,бир аралга саякаттап келууго камынды.Жолго чыкса кеме менен уч саат жол журуш керек экен.Бир кайыкчыны жалдап,экоосу жолго чыгышты.Бир маалда илимпоз,мыскылдуу турдо,

Сен канча тил билесин?-деп кайыкчыга кайрылды.
Кайыкчы:Мен эч бир тилди билбейм-деп жооп берди.
Илимпоз:Каап, буга чейинки омурунду текке кетирген турбайсынбы? ! Деди,кайыкчы унчукпады.
Бир маалда,асманды кара булут каптап,шамал катуу болуп,кайыкты оодарып салды,анда илимпоз сууга чогуп олойун деп,кайыктын кырына жармашты.Кайыкчы ага сузуп келип,
Сен сузушту билесинби?! -деп сурады,
Илимпоз: жок,сууга сузушту уйронгон эмесмин,деп жооп берди,анда
кайыкчы: Каап,мындан кийинки омурунду текке кетирмей болдун?! Деди.

Мына,бул,окуяларда, ибаарат акыл ээлери учун чон,маани жатат.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   rumaika5544   16 Сентябрь 2014 - 19:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Колуна себет кармаган чон чон апа кочодо себетти аран которуп баратты.Жолдун ортосуна жеткенде,чон апаны велосипедчен, бала сузуп,чон апанын колундагы себети жерге тушуп ичиндегилер тогулуп,аларды тере баштады.Бала артына карап,жардам бербестен жоной баштады.

Чон апа: эй балам бир нерсен тушуп калды окшойт?! Деди
Бала,кана,кана? -деп издеп себеттерди тебелеп жоноду.
Чон апа,сен тушуп калган нерселеринди эч убакта таппайсын,себеби сен аны эчак эле жоготконсун деп жооп берди.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   rumaika5544   16 Сентябрь 2014 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бугун,эшиктин алдына суу алып келип,кумурага куюп кетчу, киши,уйдун ээсин(аялды)танданып карады. Демейде баш которуп карабаган бул кишинин жоругуна тан калган,аял негедир,ушул саам суунун акчасын,кишинин колуна бергиси келди,басып барып колуна карматты,тигил киши аялдын колун кармап кысып койду да жоноп кетти.
Аял,ушул саам,Аллахтан коркуп кетти да,жолдошуна бул окуяны айтууну туура корду.

Жолдошу келгенде,болгон окуяны айтып берди.Жолдошу болсо,
Кызык,бугун мен дагы жасаган билеригимди, кардарымдын колуна таккым келип,колун кармап тагып койгом,бирок Аллахым менден кылган нерсем учун эки эселеп алып койуптур деп ойлонду.

Мына,ушундай, бироого жамандык кылсак,озубуз дагы эки эселеп алат экенбиз.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   rumaika5544   16 Сентябрь 2014 - 19:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бугун,эшиктин алдына суу алып келип,кумурага куюп кетчу, киши,уйдун ээсин(аялды)танданып карады. Демейде баш которуп карабаган бул кишинин жоругуна тан калган,аял негедир,ушул саам суунун акчасын,кишинин колуна бергиси келди,басып барып колуна карматты,тигил киши аялдын колун кармап кысып койду да жоноп кетти.
Аял,ушул саам,Аллахтан коркуп кетти да,жолдошуна бул окуяны айтууну туура корду.

Жолдошу келгенде,болгон окуяны айтып берди.Жолдошу болсо,
Кызык,бугун мен дагы жасаган билеригимди, кардарымдын колуна таккым келип,колун кармап тагып койгом,бирок Аллахым менден кылган нерсем учун эки эселеп алып койуптур деп ойлонду.

Мына,ушундай, бироого жамандык кылсак,озубуз дагы эки эселеп толоп калат экенбиз.

Билдирүүнү түзөткөн: rumaika5544: 16 Сентябрь 2014 - 20:07

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   rumaika5544   16 Сентябрь 2014 - 21:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.


Бир байдын,дайыма тапканына топук кылган,аз алса да коп алса да лам дебеген,дайыма убагында келген,кызматкери болчу.

Бир куну ошол кызматкер жумушка кечирээк,келет дагы унчукпастан жумушуна киришет.Тан калган бай эмнег унчукпайт деп,кечинде акысына бир динар кошуп берип коет.Кызматкер, эмнеге ашыкча дебестен,кетип калат.Бир канча кундон кийин даагы баягы кызматкер жумушка кеч келет,дагы унчукпастан жумушуна киришет.Тан калган бай,кечинде акысынан,бир динар алып коет.Кызматкер даагы унчукпастан жоноп калат,ошондо бай токтотуп сурайт.
Эмнеге сен,жумушка эки жолу кечигип келдин,анан акындан,кичирейсе дагы кобойсо дагы эмнеге деп сурабайсын? Деди,анда кызматкер, биринчи кечиккенимде уулдуу болгон элем,кобойгон ырыскыны,баламдын ырыскысы деп билдим.
Экинчи кечиккенде, энем бул дуйнодон кетти(каза болду) ,азайган ырыскы ошонуку болсо керек деп билдим, деп жооп берген экен.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   rumaika5544   16 Сентябрь 2014 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.


Кызына сойкулука уруксат берген ЭНЕ!

Жаш эле, жашы 25ге чыга элек кыз, энесинен сойку болуш учун уруксат сурады. Байкуш эне канчалык сыздаса дагы кызына билгизбей,

Эмнеге, эЭмне учун?!— деп сурады.

Ал жол мага жакты, акчасы дагы коп экен"-деди кызы.


Маакул :shok: деди эне, бирок менин бир отунучумду аткарсан гана макул боломун деди.
Кандай өтүнүч,?

Бул кумураны аласын дагы, хандын күндө аңчылыктан кайтчу жолун тороп, калп эле ээси оогон киши болуп кулайсын, деди эне.



Биринчи кун: Кыз , хандын кайтаар жолун, аңдып олтурат. Хан дагы көрүндү, жакындаганда, суу көтөрүмүш болгон кыз, эси ооп кулап калды. Хан өзү аттан түшө калып чуркап келди, кыздын бетине суу сээп,эс алдырып, атына өңөрүп үйүнө жеткизип койду.




Экинчи күн: Кыз даагы күтүп олтурат. Хан көрүндү, кыздын эси ооп жыгылды, хан вазирин жумшап өзү кайрылбастан кетип калды, вазири келип, кыздын бетине суу сээп, эс алдырып, койуп кетип калды.



Үчүнчү кун: Кыз даагы күтүп олтурат, Хан көрүндү, кыздын даагы эси ооду, ...бирок бул саам, эч ким жардамга келбеди ......эмнеге кыз көпкө жатты дагы, туруп үйүнө барып, энесине болгон иштин баарын айтты.

Энеси: көрдүнбү кызым, жанысында баары кызыгышат, акырындап, сенин дагы кызыгың бүтөт, эч ким карабай калат, ошол убакта, канда й акыбалда болосун деп, кызын жаман жолго түшүүдөн, акылмандык (хикматтык) менен алып калыптыр.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 16:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Уулкан Амираева
Динсиз кетти бир адам, динсиз кетти.
Бир ирет азан чакырбай, үнсүз кетти.
Акыр бир күн өлөөрүн мойунга албай,
Акыретти ойлобой, муңсуз кетти.
Балким качпас көңүлдөн, көздөн кетти.
Эл-журт айткан, жылуу жумшак сөздөн
кетти.
Атак-аброй, мал-мүлктү жыйнап жүрүп,
Баары калып көз кулач өздөн кетти.
Алтын башын Аллага ийбей кетти.
Шарияттын шарттарын сүйбөй кетти.
Эч болбосо жума күн, Раббиси үчүн,
Жайнамазга маңдайы тийбей кетти.
Күлүп келген күнөөдөн качпай кетти.
Молдо айткан сөздү да аттай кетти.
Кош дүйнөлүк бакыт менен кабыштырган,
Куран-Карим барагын ачпай кетти.
Жүрөгүнө сиңирбей ыйман нурун.
Ийгиликсиз кылымдан жыйган билим.
Сооп ишке жарабай тирүүлүктө,
Көр кучактап жатыптыр мына бүгүн.
Казак тилинен которулду.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 17:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бир убакыт эле Мага апам келип,
кийим-кечеден озуно керектуу
буюмун алуу учун аны менен бирге
базарга барып келуумдуу
отунду.Озум сабырсыз жан
болгондуктан болсо керек,базар
аралап дукон кыдырганды
жактырчуу эмесмин
такыр.Мумкунчулугум жетишинче
дайым барбаганга аракет кылаар
элем,баш тартат элем.Бирок.. . апага
жок деп айтса болмок беле.. Терен
дем алдымда (ушкургондой),
макул болдум.
Ошентип базарга жоноп
калдык .Буюм-тайым сатчу жерге
келген сон,тилеке каршы апам,
дукондон дукон аралап,бирин
таштап экинчисин карап,кийип
коруп,жактырбай сунуш кылган
кийимдердин баарын четке
кагып,тандоосун бир буюмга
тоткон жок . Убакыт отуп жатты..
бул менин кыжырымды келтирип
баштады... Базар бутпочудой
сезилип акыркы кучум
менен,озумду колго алып, эптеп
апама комок корсоткондой болуп
шерик болуп басып бараттым
жанында.Барып барып акыры
козго жагымдуу ,женил
кездемеден тигилген кофта,узун
юбкадан турган ачык тустогу
Бешмант (аялдардын костюму)
апамдын конулун бурду.Мен аны
кийип коруу учун,апама алып
кирип бердим атайын кийим чечип
кийуучу жайга.Андан сон коп отпой,
апам мени чакыргандай болду
кайра.Барсам кийип коргон
кофтанын арткы моюн жагында
бир-эки топчусу бар
болгондуктан, апам канчалык
аракет кылбасын аны туйо албай
жатыптыр..
Кысылган,санаа таркан кабагы
менен ,мени карап жардам берип
коюмду суранды .. ошого
карабастан мунаасактан (артрит)
буралган апамдын манжалары
дагы эле болсо ошол топчуларды
туйууго аракет кылып турду.. Бул
колдор ушунчалык жакын жана
тааныш колдор болчу... ага
конулум тушор замат даро
сабырсыздыгым, менен кошо
кыжырдаанум жоголуп ордун
боорукердик, мээрим,апама болгон
суйуу толкундануу алмаштырганын
туйдум. Козумдон тамчылаган
жаштарды бекитким келип
жузумду буруп алдым ылдый
карап.. Сездирбегенге аракет
кылып ,токтоо болуп, озумду колго
алдым да бат-баттан ал
топчуларды туйуп
койдум.Колдорум озумо баш
бербей титиреп жатканын билип
“Эмне болду балам?” деди
апам.”Эчнерсе, эчнерсе баары
жакшы” дедим мен апамдын жузун
карагым келбей.
Алган нерселердин акчасын
толоп.Уйго кайттык.базарга болгон
сапарыбыз аягына чыкты,бирок ал
коп-коп жылдарга бекем эсиме
кептелип кала берди менин...
Ошол куну, бир кун кечке апамдын
колдору коз алдымдан тартылып
турду элес болуп.
Ал колдор жашоомдогу эн кымбат
колдор эле.Ал колдор мени багып
остургон,мени кийиндирген, мени
ичиндирген ,мени жуундурган .Мен
учун канча туйшук тартып,мага
дайым камкор болгон колдор
эле..Мени колдоп кубаттап,оорусам
санаа тартып мен учун
жалынып,жалбарып амандыгымды
сурап,мен учун Аллах Таалага
сунулган колдор эле.
Кеч болчу озумду кармай албай
апамдын болмосуно кирип
барып,апамдын колдорун колума
кармап,жузум сылатып чекеме
коюп ооп жаттым апамды тан
калтыра. Толкунданган унум менен
“апаа... апооо.. “ дедим .”Апоо
суйуктум менин,жашоодогу эн
соонун, колдор-сеники. Мен
Жараткандан тилек кылып умут
гана кыла алам бир кун келип
менин да журогум ,колдорум
сеникиндей камкор, суйкумдуу эн
жакшы болушун.Ыракмат сага
апаке.Ыракмат сага баары учун” .
Апам мени бооруна кысып
кучактап ,апам да ыйлады ,мен да
ыйладым.
Которгон: Мелис ШЕРМАТОВ
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Күндөрдүн биринде бир сахаба
пайгамбарыбызга (сав): “Ээ, Аллахтын элчиси!
Сени аябай жакшы көргөндүктөн, дайым сени
менен чогуу болгум келет. Үйүмө барганда сени
сагынгандыгыман кайра эле сага келип жатам.
Эртең эле сен дагы мен дагы өлөбүз, мен
бейишке кирсем деле экөөбүздүн ортобуз алыс
болот. Анткени, сен башка пайгамбарлар менен
жогорку жакта болосуң, ушуну ойлоп, санаа
тартып, убайым тартуудамын” дейт. Аллахтын
элчиси (сав) ал адамга эч нерсе дебейт. Бирок
кийин төмөндөгү аят келип түшкөн: “Ким
Аллахка жана Анын элчисине баш ийсе, анда
алар Аллах өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн
пайгамбарлар, чынчылдар, шейит болгондор
жана салих адамдар менен бирге болушат.
Алар эщ сонун шериктер”.
(Ниса сүрөсү, 69-аят).
Бул аят түшкөндөн кийин Аллахтын элчиси
(сав) ал сахабага “Пенде жакшы көргөн адамы
менен чогуу болот” деген сүйүнчү кабарды
айткан. Абу Хурайра да: “Сахабаларды бул
хадистей эч нерсе бактылуу кыла алган эмес”
деп айткан.
Башка күнү башка бир сахаба: “Ээ, Аллахтын
элчиси! Кыямат кайым качан болот?” деп
сурайт. Пайгамбарыбыз (сав) ага жооп
берүүнүн ордуна: “Сен кыяматка эмне
даярдадың?” деп сурайт. Ал адам: “Аллахкга
ант ичем, Аллахты жана Анын элчисин сүйүүдөн
башка эч нерсем деле жок” деп жооп бергенде
пайгамбарыбыз (САВ): “Анда сен сүйгөндөрүң
менен бирге (чогуу) болосуң” деп айткан.
Бул хадис адам баласы жалган дүйнөдө кимди
үлгү алып, жакшы көрсө, акыретте да өзү
жактырган адамдар менен жакын арада
болооруна ишарат кылган. Ошондуктан, бул
хадистин түпкүрүндө жактырган адамдарды
тандоодо жакшылап көңүл буруубузду
билдирген сунуш жатат. Анткени Аллахтын досу
болгон адамдар башка, же тескерисинче
Аллахтын душманы болгон адамдар таптакыр
эле айрымаланат эмеспи.
Окурманда мындай суроо туулушу мүмкүн:
“Пайгамбарыбызды жакшы көргөндөр көп
болгондуктан, кыяматта аны үйүлгөн топ (көп
эл) каптап калат го”. Ага жооп катары, “Күн
деле бирөө, бирок баарыбызга бирдей нурун
берет, мында эч кандай маселе жок”
демекчибиз. Бирок биз күндөн өтө эле
алыстабыз да” деши мүмкүн. Биз болсо, “Бирок
күн бизге жакын, карап көрчү баарыбызды өз-
өзүнчө жылытып, баарыбызга нурун чачып,
башыбызды сылоодо” деп жооп берээр элек.
Аллахын элчисин (сав) сүйүүнүн белгилери
кайсылар?
Аллахтын элчисин (сав) сүйүү ыймандан, биз
үчүн важиб болуп саналат. Пайгамбарыбыз
(сав) азирети Умардын: “Ээ, Аллахтын элчиси!
Мен сени напсимден башка бардык нерседен
артык көрүп, сүйөмүн” деген сөзүнө: “Ээ, Умар,
мени напсиңден да артык көрүп сүймөйүнчө,
ыйман келтирген адам болуп эсептелбейсиң”
деген. Муну уккан азирети Умар: “Азыр сени
өзүмөн да артык көрүп, жактырамын” деп
айткан.
Албетте кур эле жактыруу эч нерсеге татыбайт.
Жүрөк менен сүйүп, тил менен айтып, кылган
иш-аракеттер аркылуу сүйүүнү билдирүү керек.
Сүүйүнүн кээ бир жышандары (белгилери)
болот. Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүүнүн
жышаандарына ээ болууну каалабайбызбы,
албетте каалайбыз. Дал ошол белгилердин бир
канчасы төмөнкүлөр:
1. Аны тез-тезден эстеп туруу
Баарыбызга белгилүү болгондой адам
жактырган адамынын атын кайра-кайра айтып,
аны эстөөдөн ырахат алат. Жакшы көргөн
адамдардын атын тоого, ташка, дубалга,
даракка, бактарга жазуу менен жүрөгүндөгү
ашыктык сезимин билдирет. Адам жактырбаган
адамдын атын дагы атагысы келбейт.
2. Ага салават айтуу
Бир хадисте Аллахтын элчиси (сав): “Аллахтын
ээн-эркин кыдырып жүрүүчү периштелери бар,
алар мага салават айткан адамдардын
саламдарын айтып келишет (жеткиришет), мен
болсо бир саламга он салам кылып жооп
берем” деп айткан. Албетте пайгамбарыбыз
(сав) биздин саламыбызга муктаж эмес,
тескерисинче, биз ага муктажбыз, ал саламдар
бизди кечирүүнүн башаты болуп саналат.
Ошондуктан, салават айткан адам ибадат
кылуу чөйрөсүнө кирген болот.
3. Анын сүннөтү менен жүрүү
Аллахтын элчисинин (сав) жолу менен жүрүү,
Аллахты сүйүүнүн жышааны экендиги Куранда
берилген. “Айт, ээ, Мухаммед, эгер силер
Аллахты сүйсөщөр, анда мени ээрчигиле.
Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөщөрдү
кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Боорукер” (Али
Имран сүрөсү, 31-аят).
Пайгамбарыбыздын (сав) бардык сүннөттөрүн
аткаруу мүмкүн эмес, бирок сөзсүз аткара
турган сүннөттөрү да бар. Ансыз деле коомдо
да ал кыймыл-аракеттерди аткаруубуз абзел.
Бул кыймыл-аракеттерди сүннөткө
айландыруунун жолу пайгамбарыбыз
Мухаммадды ойлоо менен ишке ашат. Мисалы,
“бисмиллах” деп айтуу менен ордунан туруу,
“бисмиллах” деп айтуу менен тамактанууга
киришүү, кийинип жатканда оң тараптан
баштоо жана уктаарда оң тарап менен жатуу
баарыбыз эле аткара ала турган амалдарга
кирет. “Аллахтын элчиси (сав) мындай кылат
эле” деп, ал кыймыл-аракеттерди көп кылуу
аркылуу сүннөткө айландыра алабыз.
4. Көп-көп хадис окуу
Диндин негизи жана Ислам дининин экинчи
булагы болгон хадистерди көп окуу, түшүнүү
жана иш жүзүнө колдонуу менен гана чыныгы
адам болуу мүмкүн. Хадистер адам баласынын
аң-сезимин өркүндөтүп, Аллахтын элчисин
(сав) жакшылап таануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Аллахтын элчисин (сав) жакшылап таануу
менен гана Аны сүйүү мүмкүн болот. Вахийдин
(Алланын аяндарынын) көзөмөлүндө айтылган
хадистер ар бир учур жана ар бир
муктаждыкка жооп берүү менен бирге Куранды
туура түшүнүүгө өбөк болууда. Хадисти окуп
үйрөнүп башка адамдарга жеткизгендер үчүн
пайгамбарыбыздын (сав): “Менден бир хадисти
угуп, эстеп калгандан кийин, ал хадисти
укканындай кылып башка адамга жеткизген
адамдын бетин Аллах нурландырсын” (Абу
Дауд) деген дуба тилеги бар.
5. Анын адеп-ахлагы менен ахлактануу
Тактап айтканда, сабыр, жоомарттык, сөзгө
туруучулук, кечиримдүүлүк, ырайымдуулук,
боорукердик, жөнөкөйлүк жана адилеттүүлүк
менен адамдарга Аллахтын элчиси (САВ)
сыяктуу мамиле кылуу менен аны сүйүү.
Улуу Алла Таала бири-бирибизди сүйүүнү насип
кылсын, Элчисин (САВ) бизден ыраазы
кылсын! Аминь
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   rumaika5544   21 Сентябрь 2014 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

АКЫЛДУУ СОТ
Илгери-илгери, тээ 1506-жылы бир соодагер
шаардын жарманкесин кыдырып жүрүп, ичине
сегиз жүз алтын салынган түйүнчөгүн жоготуп
жиберет. Түйүнчөгүн таап алган жыгач уста
үйүнө алпарып, ачып караса, ичи толтура
алтын көрөт, ал коркуп кетип, түйүнчөктүн ээси
табылгычакты катып коёюн деп ойлойт. Эртеси
күнү жекшемби экен. Чиркөөнүн попу, бир
соодагердин алтын салган кабын жоготуп
жибергенин, тапкан кишиге жүз алтын бере
тургандыгын жарыя кылат. Жыгач уста ал күнү
чиркөөгө барбай калганы үчүн, ал жарыяны
укпай калат. Чиркөөгө барып келген устанын
аялы жарыяны угуп: “Ошол капты биз таап
алсак кандай сонун болор эле. Бизге жүз алтын
беришет болчу”, дейт. Анда уста аялына: Сен
жогорудагы бөлмөгө барып, үстөддүн
жанындагы дубалдын тешигинде бир түйүнчөк
бар, ошону алып кел дейт. Аялы барып, алып
келсе, чын эле каптын ичинде 800 алтын бар
болот. Жыгач уста попко барып: “Чын эле
тапкан кишиге жүз алтын берет бекен” деп
сурайт. Анда поп баш ийкеп: -Ооба… албетте,
дегенде, жыгач уста: Мейли аңда… Соодагерди
чакыргыла, алтындарын мен таап алгам. Аны
уккан соодагер абдан сүйүнүп, жүгүргөн бойдон
поптун жанына келет. Акчасын жакшылап
санап туруп, жыгач устага беш алтын сунат:
Мына… Бул беш алтынды сага белек кылам.
Анткени мен айткан 100 алтынды ансыз деле
алып алыптырсьга. Себеби капта тогуз жүз
алтын бар болчу,-дейт. Жыгач уста жини
келгенинен, кыпкызыл боло түшөт да: Мага
ушуңдай деп айтканта кантип тилиң барат?
Түйүнчөгүңөн бир да алтын алган жокмун. Мен
деген абдан чынчыл жана намыскөй кишимин.
Соодагер айтканынан кайтпаганда, чогуу сотко
барышат. Сот соодагерди суракка^алып: Тогуз
жүз алтын жоготконуңа ант ичесиңби? дейт.
Соодагер: Албетте, дейт. Анда сот устадан
сурайт: Сегиз жүздөн ашык алтын таппаганыңа
ант бересиңби? Уста да: Албетте, деп жооп
берет. Сот чечимди мындайча чыгарыптыр:
Экөөң тең туура ант бергениңерге ишенем.
Бирөөң 900 алтын жоготтум дейсиң, бирөөң 800
алтын таптым дейсиң. Ошондуктан соодагар
900 алтын тапкан кишини издесин, ал эми уста
800 алтын жоготкон киши табылгычакты
алтындарды катып койсун-дейт. Ошентип
адилеттик орун таап, сөзүңцө турбаганы үчүн
ач көз соодагер алтындарынан кол жууп калган
экен.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 28 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 28, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: