Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#381 Пользователь офлайн   rumaika5544   25 Октябрь 2014 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Жан бермек бар, эр бермек жок
Аялдар кыйын калк болушат. Бечара
эркектерди жөн эле алдап коюшат. Аны айтып,
муну айтып, күлүп, ыйлап, кыскасы амалдын
алтымыш түрүн колдонуп олтуруп эркектерди
жөн эле чарыгы менен суу кечирип коёт го,
чиркин.
Ушундай амалы башынан ашкан аялдардын
бири күйөөсүнө:
- Мен сени ушунчалык жакшы көрөм, жакшы
көргөнүмдү ушундан бил, мен сага экинчи
аялды өзүм эле алып берем, - деп кулагынын
кужурун ала берет. Анын айтканы кулагына кош
жактыбы, же башка бир ою барбы, айтор
күйөөсү ага макул болуп, короо четине бир
бөлмөлүү үй тургузду. Үйүн бүткөндөн кийин,
экинчи аял алып келүү үчүн башка шаарга
сапарга аттанып кетти. Арадан эки-үч күн
өткөн соң күйөөсү түн ичинде айлына кайтып
келди. Бирок, аял албай эле чоң кумараны
көтөрүп келди. Түн ичинде жаңы бүткөн үйүнө
кумараны алып кирип, төшөккө жаткырды да
үстүн жаап, бирөө уктап жаткандай абалга
келтирип койду. Эртеси эртең менен аялына
келип:
- Сага ырахмат, сенин ыраазылыгың менен
экинчи аялдуу болдум. Эми сен ага жакшы
мамиле жаса. Ал али жаш. Жаштык кылып
кетирген катасын оңдоп, туура эмес кылыгын
көрсөң кечирип кой, - деп, анан – ал жолдон
чарчап келди, мен келгенче эс ала берсин, - деп
кошумчалады да, кетменин көтөрүп талаага
кетип калды.
Ошол бойдон түш оогондо келген күйөөсүн аялы
ый аралаш кыйкырык менен тосуп алды:
- Ой-иий, карангүн! Кайдагы ажаан эмени таап
келгенсиң?! Келе албай жатып мени беттен алат
го мунуң! Мен сага өзүм таап берем дегем
жакшы аялды, жогот мунуңду тез арада, - деп
кыйкырып сала бербеспи.
- Ой, сага эмне болду, деги жайыраак
түшүндүрбөйсүңбү? – деп таңданды күйөөсү.
- Мобул катын болумушуң мени оттон алып
сууга, суудан алып отко салып жатат. Же ушул
ажаан менен жаша, же мени менен жаша!
Мындан башка жол жок! – деп кыйкырды
аялы.
- Ой ал жөн эле уктап жатпайбы, эмне жалган
сүйлөйсүң? – күйөөсү таңдана сурады.
- Ооба, уктап жатат, кылгылыкты кылып коюп,
уктамыш болгонун кара тыркыйып. Азыр эле
тили буудай кууруп жатпады беле мунуңдун! –
аял андан бетер албууттанды. Иштин жайы дал
өзү ойлогондой болуп чыкканына бир чети
кубанып, бир чети таңданган күйөөсү аялын
жоошута сүйлөдү:
- Мен сага акарат кылган аялды бул жерге алып
калбаймын. Атүгүл, аны жөн кетирбей төбөсүн
жарып жолго салам. Жалган ачууланымыш
болгон күйөөсү аялын колунан жетелеп,
кетменин колуна алып, жаңы келин уктап
жаткан үйдү көздөй кадам шилтеди. Аялы
кудуңдап андан алдын жөнөдү. Бөлмөгө кирип
барган күйөөсү:
- Сен эмне үчүн келе албай жатып менин
аялыма сөз тийгизесиң! ? – деп кетмен менен
кумараны майдалай чапты. Майдаланган
кумараны жинди болгон эмедей чапкылап
кыйкыра берди:
- Сен жакшы аял болом деп убада бербедиң
беле, эмнеге ага сөз тийгизип тыркыйып уктап
жатасың, кет бул жерден, экинчи сага окшогон
эмени эшигиме жакындатпайм! Жогол! Жогол!
Куулук кылам деп абийири ачылган аялы эмне
дээрин билбей, кумарага согулган ар бир сокку
өз башына тийип жаткансып кулагын басып,
жердин катуулугунан эле жер түбүнө кирип
кетпей араң чыдап турду.
Көрсө, аял заты оозу менен сүйлөй бергени
менен, тээ жүрөк тереңинде күйөөсүн эч ким
менен бөлүшө албайт тура. "Жан бермек бар, эр
бермек жок" деп ошондон улам айтылып калса
керек...Аялдар мени урушакей жок а мени, чын эле ушкндай экенбиз да

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#382 Пользователь офлайн   al-abu-kinesz   30 Октябрь 2014 - 02:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 19 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ala-Buka

Просмотр сообщения Xanif (15 Октябрь 2014 - 15:53) жазган:

Астагфирулоох, мындай логичный нерселерди эмес, факт, акыйкатты жазууну уйронсок жакшы болмок. Бул Христяндардын цитаталары. Биз мусулмандардын акыйдасына- ишенимине коро, мындай ангемелер чон куноого алып барат. Ушуну билип алалы - АЛЛААХ Ж.Ж инсанияттын тушуно кирбейт,(кирседа жонгана ишарат, т.а белги берет, аны илхам деп койот. Кристяндарга эчкачан кирбейт. Ислам аалым-олуяларга кирип, тушундо илхам-белги берет жонгана, озу материальный, жылмайып кирберйт) жада калса Пайгамбарда сав 100 дон 2,3 кишинин тушуно кирет. Ушундай адамдарды чукул дем салдырып, окутуп жинини чыгарып салуу керек. Адамга жин киргенде ушинтип, аркандай акылга сыйбаган ж.а логикага туура келбеген создорду суйлоп калат, тимеле кереметти айтып жаткансып. Кудайдын баласы, Кудай ата, Кудай м.н онумдо же тушумдо суйлоштум же Кудайдан интервью алдым деген адамдарды кезиктирсениздер, дароо тооба келтирип, артка чегининиздер, себеби жин кирип кеткен аларга. АЛЛААХ Ж.Ж Куранда мынтет: "Эй ыймандуулар, аталарынар, туугандарынар м.н достошпогула, эгер алар ыйманга каршы куфурчулукту суйушсо. Силерден, кимдир бироо аларды дос тутса, мына ошолорда заалимдердин оздорунон" 9,23. Муну муфассирлер- "ачыктап, тушундуруп берген аалымдар" , баптис, егово, тенирчи, буддис, ж.б.у.с исламга каршы идеология м.н дин иштерини жургузгон жамааттар экенин баса белгилеп кетишкен. Булар м.н суйлошуп ж.а достошуудан качууну сунуштаган. Автор. сизда мындай ангемелерди, инеттен аласызбы же бироолордон угасызбы, айтор АЛЛААХ Ж.Ж ка шек келтирген нерселерден оолак болушунузду сунуштамакмын. Мындай былжырак ангемелерден пайда таппайс, бирок куноо дептериниз толо бергени окунучтуу.

маашаллах, мен да ушундай эле мааниде совет берип койгонума кагуу жеп калдым окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#383 Пользователь офлайн   rumaika5544   30 Октябрь 2014 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Закяттын -пайдалары көөп нерсеге, ооруга да шыпаа болот.Бул икаяны айтып берейин....


Жакында эле,Арабстандагы болгон окуя.

Ал кишинин баяндап берүүсү менен жазайын...
Мен дейт ошо киши,ушунчалык байлыка умтулган,байлыка ашыкча мехр (махабат) койгон киши элем..
Байлык, дүнйаны дагы Аллах мага аябай берген,бирок мен зекет жөнүндө ойлонбоппмун же эстеген эмесминби... айтор берген эмес болушум керек.
Ошентип дүнйанын артынан кууп жүрүп катуу ооруп калдым,ооруганда дагы адамдын мотору болгон "жүрөк "оорусу менен,мага башка жүрөк койуш керек экен,койгондо деле жашап кетүүгө 30% эле ишеним бар экен...Ошентип менин оперециям чет элде болмок болду,Лондондо ..Лондондун ооруканасында жаттым,оперецияга үч күн калганда врачымдан сурандым,үйүмө жиберүүсүн, үй-бүлөмдү көрүп келүүгө,бирок врач каршы болуп туруп алды,мен айттым "өзүңөр менин жпшап кетишиме кепилдик жок деп жатасыңар,жок дегенде үй бүлөм менен коштошуп алайын,"деп, үй бүлөм менен коштошуп алайын дегенде даарыгеримдин боору ачыдыбы же аргасызбы макул болду.....Тоолтура дары-дармек, диетага олтурууну жазып берди...Дарыгеримдин айтканына макул болуп,үйүмө баратканыма сүйүнүп ошол эле күнү үйүмө кеттим,барып аял-бала чакама жолугуп,досторго да жолуугууну ойлоп, досторум менен кафеде жолугуп, сүйлөшүп,олтурсак, кафенин маңдайындагы эт чапкан кичинекей күркө көзүмө түштү.Аны караап олтуруп,эт чапкан кишинин маңдайында каарыган аялдын,жерге, эт чабылганда жерге ыргыган сөөк, эттерди терип жатканына көзүм түштү,досторума да карабай ошол жакты көздөп жөнөдүм.....
Жетип эле,каарыган ападан "апа,бул жерден, бул сөөк,майда эттерди эмнеге терип жатасыз" деп сурадым...

Тигил апа мени таң калган боюнча,мен муну үйдөгү неберелериме алып барып бышырып берейин деп терип жатам деди,

Мен таң калып,эмне үйдө бага турган эркек жокбу "дедим

Кемпир болсо "бплам дагы келиним дагы каза болуп калган,бага турган адам жок, ошондуктан, бул эттерди терип,неберелериме кайнатып бышырып берем "деди

Бул эми кичикий эт "канча тамак болмок эле "деп сурадым

Бул этти бир жума ичебиз деди...
СубханАлла, таң калып жумасына канча эт кетет десем,кемпир мынча деп эсептеп берди..Касапчыга кирип, ушунча эт жумасына канча акча болот,жылына канча болот деп, бир жылдык акча берип,жумасына ушул кемпирге ушунча эт берип турасың деп кеттим.
Үйгө жетип, эшикти такылдаттым, эшикти уулум ачты, "Ааий ата жүзүңүз мынча нурдуу " оорубай калдыңызбы деп сурады, таң калып(оорусун үй бүлөсүнөн жашырган болот)
Мен жакшы элемин, деп үй бүлөм менен божурап олтурдук,үй бүлөмдүн ушунчалык соонун экенин ушул убака чейин билбегениме өкүнүп,коштошуп Лондонго жөнөп кеттим....

Опереция күнү: Врачтар,келип, опересиянын алдынан даагы рентгенге салып көрүшмөк болду, тартышты.. өздөрүнчө күбүр-сүбүр болушуп,каайра менин бүт денемди тартып көрүшмөк болду,тартышты. ....даагы деле өздөрүнчө шыбырашышат. ..акыры чыдабай дарыгерлерден сурадым "эмне болгонкн айткыла,не болсода айткыла "деп...

Шондо өзүмдүн дарыгерим басып келип,айтчы өз жергеңе барганда эмне кылып дарыландың деди, мен болсо, силер жазып берген дарыны ичтим,десем ишенбейт...эмне болуптур айт десем " сенде оорунун дагы да калбаптыр, сенин жүрөгүң оорукчан эмес деди......Нес болуп ойлондум, акыры ошол каарыган кемпирге садака кылганымды айтып бердим.....Мени ошол садака себептүү Аллах оорумдан айыктырды деп,....садаканын пайдасын айтып кетти..

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#384 Пользователь офлайн   rumaika5544   30 Октябрь 2014 - 20:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Эгер намазга кийинчерээк деле жетишем десеңиз адашасыз..Буга бул окуяны баяндап берейин

Белгилүү имамдардын бири тарабынан айтылып берилген:
Мен дейт, ошол имам,кошунамдын бей намаз экенине өкүнүп,дайыма Алланын үйүнө чакырар элем."Пайгамбарыбыздын, өзүңө каалаган нерсени башка бурадарыңа кааламайынча толук момун болбойсуң "деген хадисин карманып ,кошунамдын жанын,койбой, тажабай чакыра береер элем,ал намаз окубаса да ,үйүнө баяндарга,кураан окууга шарт түзүп,дайыма садака берип жүрөт эле,ошентсе деле пайгамбарыбыздын "көргө киргенде эң биринчи амалы намаздан суралат деген "хадисин кармап ал кошунама айтсам,ал болсо "э таксыр,мен окубайм деген жокмун окуйм,мына эми бир айдан кийин туулган күнүм,мүчөлүм, 48 ге чыгам,ошону чооң той кылып,элден бата алып,эртеси күнү сиз менен багымдат намазга чыкпасам мени "эркек " деп айтпай эле койуңуз десе деле болбой,мечиттен келе жатканда сөссүз кошунама кайрылып намазга чакырып кетеээр элем.
Арадан бир ай убакыт өтүп,кошунамдын туулган күнү дагы келди, шарият туулган күнгө уруксат бербегендиктен, барбадым,элдер айтышты аяббай заманбап болуп,дүркүрөгөн той берди дешти,ошол күнү кечинде куптан намазынан кайтып келе жатып, кошунамды намазга чакырууну эп көрүп,кайрылып, дарбазасын такылдаттым. Ачты кызуурактай,
А кошуна,эртемененки намазды унутпаңыз э?
десем кошуна

Албетте, албетте эсимде деп,калды,мпн болсо үйүмдү көздөй жөнөп,5 метрдей жылганда,кошунамдын, "бирок,башым аяябай ооруп жатат да " деген сөзүн уктум,кайрылып ушундай,азабын бер мекчи болгонумда, кирип кетиптир, "аа мейли мас да ,эртеге сүйлөшөм "деп үйүмө барып уктап калдым. Түшүмдө "кошуна экөөбүз,чөлдө жүрүптүрбүз, ушунччалык, чазкап,чарчап, суу издеп жүргөн экенбиз,бир маалда мен алыстан бир идиштен суу турганын көрүп чуркап жөнөдүм,жетип барып, суусаганымды кандырып,кел кошуна деп карасам кошуна жок экен.....кошунаа, кошунааа деп кыүкырып жүрүп ойгонуп кеттим,жүрөгүм лакылдап калыптыр,мени менен кошо турган аялыма айткан жокмун,себеби пайгамбарыбыздын "жаман түш көрсөңөр эч кимге айтпаңдар "деген насыйкатын эске салдым,саат эки болгон экен.Аялымды тынчтандырып койуп,эшике чыгып нары бери басып,ойлондум, эмне кылсам,баоып кошунамы ойготсомбу .....деп,жок Алла сактасын деп,багымдатка чыгабыз го акыры деп жатып уктап калдым.......Арадан эки саат өтпөй эшик ушунчаллык такылдады,эшикти жулуп алчудай болуп,аялым коркуп кетти...Эшикти ачсам,кошунанын аялы, ыйлай бергенден көздөрү шишип кеткен.

Кошуна деди, ал: мындан он мүнөт мурда,күйөөм катуу ооруду,аны көрүп,балдарымы ойготуп,кийинттим, анын акыбалы оорлоду,балдарым ээми эшикти ачып, доктурга жөнөшөөрдө , күйөөм аманатын тапшырды деп ыйлып жатты

Мына кызыык,саат ошондо төрт болгон экен,а багымдат,төрттөн беш минута өткөндө кирчү,мына Алла, пендесин беш минута кийинки боло турган намазга калтырбаптыр. ....

А бизчи,элүү алтымышка чыкканда окуйбуз дейбиз...

Өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз окурман

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#385 Пользователь офлайн   rumaika5544   01 Ноябрь 2014 - 20:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Аял сатылчуу базар
Кайсы заманда, кайсы жерде экенин эч ким
билбейт, айтор бир шаарда үйлөнүүчү эркектер
аял тандап ала турган базар курулган экен.
Базар деп айтылганы эле болбосо, ал жети
кабаттан турган бир эле имарат болчу экен.
Жети кабаттан турган бул имараттын ар бир
кабатынан өзүнө жаккан аялды тандап алууга
мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле дешет.
Бир ирет көптөн бери өзүнө ылайыктуу жар
таба албай жүргөн адам ушул имаратка туш
болуп калат. "Бул жерден өзүңүз каалаган
аялды таба аласыз" деген жазууга көзү түшкөн
жолоочу, көктөн издегени жерден табылганына
сүйүнүп, дароо эле баш бакты. Биринчи
кабаттын кире беришинде "Бул кабатта
ыймандуу, колунан иш келген аялдар бар" деген
жазуу бар экен. Жолоочу аны бир дем менен
окуду да, биринчи кабатка кирбестен экинчи
кабатка көтөрүлдү. "Бул кабатта ыймандуу,
колунан иш келген, балдарга жакшы эне
болуучу аялдар бар" деп жазылып туруптур,
экинчи кабатта. Жолоочу аны да кунт коюп
окуду да, ичкери кирбестен үчүнчү кабатка
көтөрүлдү. Үчүнчү кабатта "Бул кабатта
ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы
эне болуучу, өңдүү-түстүү аялдар бар" деп
жазылган экен. Аны окуган жолоочу сүйүнүп
ичкери кирүүгө кадам шилтемекчи болду.
Бирок, үстүндө мындан да жакшысы болуп
жүрбөсүн деген ой аны үстүңкү кабатка
көтөрүлүүгө аргасыз кылды. Төртүнчү кабатка
чыкса, анда "Бул кабатта ыймандуу, колунан
иш келген, балдарга жакшы эне болуучу, өңдүү-
түстүү, күйөөсүн сыйлаган аялдар бар" деп
жазылыптыр. Жолоочу ошол кабатка кирүүгө
бел байлады. Бирок, баягы эле "мындан
жакшысы болуп калаар" деген үмүт аны
бешинчи кабатка алып чыкты. Анда "Бул
кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга
жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн
сыйлаган, бай аялдар бар" деп жазылыптыр.
Эмнегедир жолоочу бул кабатка кирүүнү
ойлогон да жок. Ал дароо эле алтынчы кабатка
көтөрүлө баштады. Алтынчы кабатта "Бул
кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга
жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн
сыйлаган, бай жана тектүү аялдар бар" деп
жазылган экен. Жолоочу аны бир сыйра окуп,
жетинчи кабатка көтөрүлдү. Жетинчи кабатка
маңдайы жарыла чуркап чыккан жолоочунун
кубанычы суу сепкендей боло түштү. Анда "Сен
бул кабатка чыккан 4 363 748-эркексиң. Бул
кабатта эч кандай аял жок. Анткени бул кабат -
"Эркектер эч качан ыраазы болбойт" деген
сөздүн далили. Бизге келгениңиз үчүн ырахмат.
Эскертүү: бул кабатка чыккан адам кайра
артына кайта албайт. Сизди өзүбүз узатып
коёбуз. Күнүңүз көңүлдүү улансын" деп
жазылган экен. Көзү ымыр-чымыр болуп,
жазууну аягына чейин оңдуу окуй албай жаткан
жолоочуну эңгизээрдей болгон эки эме
колтугунан сүйөдү да, ачык турган эшикти
көздөй алып кетишти.
Ошентип, бул базардын канча убакыт иштеп
турганы белгисиз, бирок бир да эркек ал
жерден аялдуу болуп чыккан эмес дешет.

«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#386 Пользователь офлайн   rumaika5544   01 Ноябрь 2014 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Эркектердин эле даражасын көтөрө бербей,аялдардыкын дагы көтөрүп койулучу,эркек канаатанбайт экен да ыйманы кичине сулуу болбойт беле деп,сулуу болсо кичине ыйманы болбойт беле деп....анан мени ортого албагыла э :crazy-girl:
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#387 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Ноябрь 2014 - 02:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Адамдан шайтан уркот дейт. :)

Бир киши өзү жалгыз жолчулукта
жүргөндө шайтан адам келбетинде
жанына келип, ага жолдош болот.
Ал киши бешим намазын, аср
намазын, шам намазын жана куптан
намазын окубады. Шайтан аябай
таң калып турду. Ар жолу: "Балким
убактысынын аягында окуса керек,
унутуп койсо керек”, - деп күттү.
Бирок, андай болгон жок.
Кеч болот. Баягы киши жатып
уктайт. Таң атат, багымдат намазын
дагы окубай тургандыгы белгилүү
болуп калганда шайтан ал кишинин
жанынан кетүүнү каалайт. Ал киши:
"Кандай сонун жолдош элек, же
сени таарынтып койдумбу? Бир
нерсе кылган болсом айт”, - дейт.
Шайтан жооп бербеди. Ал киши:
"Айтпасаң болбойт”, - деп туруп
алат.
Шайтан: "Сен менин ким экенимди
билесиңби?”, - деп сурайт. Ал киши:
"Сен баланча кишимин деп
айтпадың беле?” - дейт. Шайтан:
"Жок, мен шайтанмын. Эки жүз миң
жыл толугу менен ибадат кылдым.
Ал убакыттын ичинде бир жолу
Аллахка күнөөкөр болдум жана
ошондуктан куулдум. Сен болсо бир
күндө беш жолу Аллахка каршы
чыктың. Балким азыр сага Аллахтын
азабы келип калаар. Сенин
жаныңда жүрүп мен дагы азапка
учуроодон коркуп турам”, - деп, ал
жерден кетип калат.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#388 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Ноябрь 2014 - 02:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Аллах кечируучу!

– «Силерден мурдагы коомдо, бир
адам токсон тогуз адамды өлтүрөт.
Анан, бул күнөөдөн кутулуунун
кандай жолу бар экенин билүү үчүн,
илимдүү адамды издеп жөнөйт. Ага,
ар дайым кудайга сыйынып жүргөн
бир адамды көрсөтүшөт. Ал,
сыйынуучудан:
– Токсон тогуз адамды өлтүргөн
кишинин тообасы кабыл болобу? –
деп сурайт.
– Жок, тообасы кабыл болбойт –
дейт сыйынуучу. Ошол замат
жүзүнчү кылып тигини да өлтүрөт.
Кайрадан илимдүү адамды издей
баштайт. Ага илимдүү адамды
көрсөтүшөт. Андан:
– Жүз адамды өлтүргөн адамдын
тообасы кабыл болобу?
– деп сурайт.
– Ооба, Аллах менен тообанын
ортосун ким тосо алмак эле. Бирок,
сен өз жериңе барбагын. Ал жерде
жаман адамдар жашайт. Сен тиги
жерге баргын, бул жерде Аллахга
сыйынган адамдар жашайт – дейт
илимдүү адам.
Тиги, илимдүү адам айткан жакшы
адамдар жашоочу жерге жөнөйт.
Бирок, ал жерге жетпестен, жарым
жолдо каза болуп калат. Ошондо,
аны азап периштеси менен рахмат
периштеси талаша баштайт.
– Бул тооба кылып, Аллахга
жүздөнүп бараткан – дейт рахмат
периштеси.
– Бул эч кандай жакшылык кылган
эмес – дейт азап периштеси. Ошол
мезгилде, Аллах Таала аларга адам
сүрөтүндөгү периштени жөнөтөт.
Периште келип, аларга:
– Ал турган жерди ченегиле, кайсы
адамдар жашаган жерге жакын
болсо, ошолордон болсун – деп
өкүм чыгарат. Жерди ченешкенде,
Аллахтын каалоосу менен жакшы
адамдар жашаган жерге бир карыш
жакын болуп чыгат да, аны рахмат
периштелери алып кетет».

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#389 Пользователь офлайн   jasi   15 Ноябрь 2014 - 11:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

«Энесин көрүп кызын ал, үйүн көрүп төрүнө өт»

Ислам тарыхындагы Пайгамбардан с.а.в. кийинки экинчи халиф Умар ибн Хаттаб р.а. элдин акыбалын билүү үчүн түндө чыгып шаар кыдыраар эле. Ошондой түндөрдүн биринде сүт саткан аялдын дубалына бир демге жөлөнө кетет да үй ичиндегилердин маеги анын көңүлүн бурат. Сүт саткан аял: «Тур, туруп тигил сүткө суудан кошуп кой» - деген буйругуна кызы: «Апа, момундардын амири Умар сүткө суу кошпой саткыла» дебеди беле?!» деп каяша айтат. Анда апасы: «Умар азыр көрүп туруптурбу? Тур, кошуп кой!» деп кайра буюрат. Кызы: «Апа, Умар көрбөсө да Умардын Аллахы көрүп турат. Мен ага көпчүлүктүн арасында баш ийимиш болуп, жалгыз калганда зулумдук кылганым туура эмес!» деп жооп берет. Муну уккан Умар эртеси уулу Асымга сүт саткан аялдын үйүн айтып - «Уулум, эгер ага куда түшүп койушпаган болсо, сен ошол кызга үйлөн, мүмкүн Аллах сени ошол берекелүү адам аркылуу ырыскыландырат» деп буйрук кылат. Умардын уулу Асым ошол кызга үйөнүп, бир кыздуу болушат. Ал кызга Абдул-Азиз ибн Марван үйлөнөт да, алардан ислам тарыхында адилеттүүлүгү боюнча бешинчи халиф деп аталган Умар ибн Абдул-Азиз төрөлөт.
Күйөөсүнүн көңүлүн калтырбаган, келип-кетип турган тууган уруктарын сүйлөгөн сөзү, кылган мамилеси, жайган дасторкону, коюлган тамагы менен тамшандырып, үй ичин таза кармап, балдарын куурчактай кийгизип, өзү ак маңдай жар болгон затты кыргыз эли ырыс-кешик, байлыкка теңеген. Себеби, үйүнө конок келсе, күйөө зайыбын карайт. Анын кабак-кашынан, келген конокту жактырганы же сүйбөгөнү байкалат. Маңдайы жарык, келген коногуна бары-жоктон сыр алдырбай, ыраазы кылып узаткан зайыпка кыргыздар - дилбар – дилди, көңүлдү тартып турган, ак жоолук делбир деген кеп чыгарган жана андай эненин кызы талашка түшүп, аны алуу - ар бир үйгө сыймык болгон.
Ошентип, уулдун ата-энеси: «Ууру-кескинин кызы болуп балабыздын медери чөкпөсүн, жары начар чыгып, балабыз кор болуп калбасын» деп алгач кыздын атасын, анын үйдөгү кадырын, элге сиңген баркын сүрүштүрүп, анан энесин, бир туугандарын сурамжылаган. Анан гана атайы сынчы жиберишип, кызды сындатышкан. Сынчы кыздын басканынан баштап, чай куйганы, малга, тиричиликке жөндөмү, сүйлөп-ойлогону, кебетеси, күлүп- каткырганына чейин байкаган. Албетте, жакшы энеден жакшы кыз чыгат жана андай кыздын кабары кыргызда куш менен тараган. Антпесе Акмөөрдүн даңкы Кеминге жетмекпи да, Жантай салпактап Соңкөлгө бармакпы?!
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#390 Пользователь офлайн   jasi   15 Ноябрь 2014 - 11:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Көпкө жар тандоо кесепети

Кыргызда илгертеден уул-кыздардын жашына карай, ар түрдүү атап келишкен. Эркек балдарды - бөбөк, өспүрүм, боз улан, тестиер, жигит дешсе, кыздарды чачына жараша: секелек (бул маңдайындагы чачынын аталышы), кара далы, бийкеч деп аташкан. Секелектен өткөн кыздар чачын артына кырк бөлүп өрүшкөн да ал турмушка чыгып, келин болгон соң эки өрүмгө айланган. Кара далы деген сөз - чачы көпкө чейин экиге бөлүнбөй кырк чач бойдон далысын карайтып жүргөн кыздардан улам келип чыккан кеп. Начар тарбия көргөн кыз кара далы болуп, үйдө отуруп калса ата-энеге оор. Буга кээде кыздар өздөрү да себепкер болушат. Анткени, алардын дээрлик көпчүлүгү эр тандай берип, таалайын жаза өткөрүп жибергендер. Пайгамбар с.а.в.: «Эгер дини жана ахлагы жакшы адамдар куда түшүп келсе, кызыңарды аларга бергиле, андай кылбасаңар ал жерде азгыруу жана бузукулук пайда болот» дейт. Дин менен адеп-ахлактан башкасы азгыруу жана бузукулукка жетелейт жана салых кишинин жуучулугун кайтаргандар кийин бузуку күйөөгө туш келип, бактысынан кур калууга мүмкүн.
Көпкө күйөө тандап, бактысыз калган кыздар жөнүндө кыргыз эпосторунда, жомокторунда көп айтылат. Мисалы, «Олжобай менен Кишимжанда» Бегимжан эр тандап жүрүп тийгенине карабай тез эле жесир калат. Эрте жесир калган Зулайка да көпкө чейин тандап отуруп акыры Кожожашка араң макул болгон. Эр төштүктө Көк дөөнүн кыздары да тандоо өткөрүшүп, эки кызынын күйөөлөрү начар чыгат. Манаста Шорук канды чапканда кырк кыз өздөрүнө эр тандашат. Ошолордун баары кийин жесир калат. Акылай баласыз болуп калат. Жаңыл мырза канчалаган күйөөлөп келген жигиттерди чанып жүрүп акыры карыган Калматайга тийип, акыр аягы аны өлтүрүп тынат. Казактын Кызжибеги да алтымыштан ашык жуучуну чанып отуруп Төлөгөнгө тийет, жашабай туруп, кыз боюнча жесир калат. Албетте булар жомок дечи, бирок акылдууга жомоктон деле ибарат табылат.
Жашы жыйырмадан аркалаган кыздын – али жашмын – дегени тайыз ойлуулугу. Анын үстүнө кээ бир ата-эненин кызын ойноп алсын дегени таң калыштуу. Бойго жеткен кыздын оюну – бузукулугу да, ага кантип жол беришет? Бул да болсо кудайдан коркпогондук. Оюнга тойбогон кыз алтымышта да ойной берет. Эртесин ойлогон кыз ата- үйүндө эрге камынып, жигиттердин өңү түсүн, боюн-кашын карай бербей такыбарагын тандап, күйөөгө тез чыкканга аракет кылат. Эрте тынган кыз – ата-эненин, тууган–уруктун, эли-жердин да санаасын тындырат. А негизи кыздын эрте турмуш куруусу ваажип. Шариятта ваажип деп милдеттен кийинки, жообу милдеттей эле болгон талапты айтат.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#391 Пользователь офлайн   Beka.   16 Ноябрь 2014 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2017 19:11
  • Жынысы:Эркек

Мединанын базарында күнүгө “Оо, агаларым! Мухаммедге кошулбагыла. Ал акылынан адашып калган, ал - жалганчы, ал - бакшы. Эгер силер ага кошулсаңар, анда ага көз каранды болосуңар! ”- деп кыйкырып туруучу бир азиз иудей кайырчы болор эле. Ал Мухаммед (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) менен тааныш болбосо да, пайгамбар менен бир да жолу жолукпаса да, жанына ким келбесин, баарына Мухаммед (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)болгон жек көрүүсүн айта берчү.

Бул кайырчы жөнүндөгү кабар Мухаммед(Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) пайгамбарыбызга да жетип турат эле. Бирок Аллахтын элчиси кайырчы иудейдин бул сөздөрүнө көңүл бурчу эмес. Тескерисинче, Пайгамбарыбыз (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)ага ар бир күнү эртеңменен тамак алып келип берчү. Кайырчыга эч бир сөз сүйлөбөстөн, аны өз колу менен тамактандырып кетчү. Ал эми кайырчы болсо, кубануу менен Пайгамбарыбыз (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)алып келген тамактан жеп жүрдү. Курсагы тойгондо ыраазычылыгын да билдирчү.

Пайгамбарыбыз бул дүйнөдөн көзү өткөнгө чейин милдеттүү түрдө ар бир күнү кайырчыны тамактандыруусун уланта берет. Сокур кайырчы ким аны ар бир күнү тамактандырып аткандыгы жөнүндө ойлонгон да жок. Бирок Мухаммед пайгамбар (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)бул дүйнөдөн өткөн күндөн баштап, ага эч ким тамак алып келбей да, аны эч ким тамактандырбай да калат. Кайырчы анын эмне үчүн келбей калгандыгын көп ойлонуп, себебин таба албады. Ал ар бир күнү тамак алып келчү адамды күтө берди. Көп күттү, бирок ал адам кайрылып келбеди.

Күндөрдүн биринде Аллахтын Элчисинин (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)жакын сахабасы Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) кызы Айшанын (Аллах андан ыраазы болсун) үйүнө барып калып, Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) сурайт:

- Кызым, Аллахтын Элчисинин (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)буга чейин мен бир да жолу жасабаган сүннөтү бар беле?

- Ата, Аллахтын Элчисинин (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) сүннөтөрүнөн бирөөсүн гана сиз буга чейин жасаган эмессиз.

- Ал кандай иш эле?

- Аллахтын Элчиси(Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) ар бир күнү эртең менен базардагы сокур кайырчыга тамак алып барып, өз колу менен тамактандырып келчү.

Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) кийинки күнү тамагын көтөрүп алып, базардагы кайырчыга жөнөдү. Кайырчыга келип, аны өз колу менен тамактандыра баштады. Бирок Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) биринчи эле жолу тамакты анын оозуна салганда, ал ачууланып кыйкырып жиберди.

- Сен ал адам эмессиң! Себеби ал мени жагымдуу тамактандырчу. Буга чейин мага тамак ташыган адам мени тамактандыруудан мурун алгач тамакты жумшартып, анан менин оозума салчу. Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) кармана албай көз жашын төктү, шолоктоп өксүп ыйлады. Кайырчыга аны мурда ким тамактандырып жүргөнүн айтып берди.

- Чындыгында мен ал адам эмесмин. Мен анын сахабаларынын бирөөсүмүн. Ал адам биздин арабыздан кетти. Эми ал биздин арабызда жок! Ал жөнөкөй эле бир адам эмес эле, ал - Аллахтын Элчиси Мухаммед (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) эле.

Кайырчы мукактана:

- Мухаммед..... ..? Мухаммед..... ......?

Абу Бакр:

- Ооба. Ал Мухаммед САВ эле.

Ошол секундаларда кайырчы үмүтү үзүлө өксүп ыйлады. Ушуга чейин аны Аллахтын Элчиси Мухаммед (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун)тамактандырып келгенине ынанып мойнуна алды.

Мойнуна аккан көз жашын аарчып, “Ушунча убакыт....Ушунча убакыт мен ага наалат айтып, артынан ушак сүйлөдүм. Бирок ал мени бир да жолу тилдебеди, бир да жолу мазактабады. Тескерисинче ал мени ар бир күнү өз колу менен тамактандырды. Ал - Боорукер” – деди.

Кайырчы Абу Бакр Сыдыкка (Аллах андан ыраазы болсун) колун сунуп, анын алдында күбө келтирип, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммед Аллахтын Элчиси деп жар салды. Кайырчы ушул күндөн баштап, ислам динин кабыл алып, мусулман болду.

Билдирүүнү түзөткөн: Beka.: 16 Ноябрь 2014 - 23:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#392 Пользователь офлайн   FREZIYA   16 Ноябрь 2014 - 23:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

Румайка жазган эле го муну! Кайталап жаза бересиңерби

Билдирүүнү түзөткөн: FREZIYA: 16 Ноябрь 2014 - 23:31

Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#393 Пользователь офлайн   rumaika5544   02 Декабрь 2014 - 12:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Мадина мусулмандарынын бири болгон Салаба
абдан бай болгусу келип, бул боюнча
Расулалладан (саллаллоху алейхи васаллам)
дуба кылуусун суранат. Анын бул талабына
Алланын элчиси минтип жооп берет:
- Шүгүр кылган аз байлык шүгүр кылдырбаган
көп байлыктан артык. Анын бул сөзүнөн кийин
өз тилегинен баш тарткан Салаба көп өтпөй
байлыкка умтулуусу кайра жанданып, кайра
Расулаллага (саллаллоху алейхи васаллам)
келип, ошол эле нерсени өтүнөт. Бул сапар
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи
васаллам) мындай дейт:
- Мен сага жетиштүү үлгү эмесминби? Аллага
ант кыламын, эгер кааласам ушул тоолор
аркамдан алтын-күмүш болуп агып келет эле.
Бирок мен байлыктан баш тарттым. Салаба
тилегинен дагы баш тартат. Бирок ичиндеги
байлыкка болгон сүйүү, ач көздүк сезими
ташкындап турган эле. Жаман оюнда:
«Бай болуп калсам, кедей кембагалдарга
жардам берип, көбүрөөк сооп табам!» деп
ойлоп, напсисинин катуу талабына жеңиле
үчүнчү ирет Азирети Пайгамбардын (саллаллоху
алейхи васаллам) алдына барып:
- Сени чыныгы пайгамбар катары жиберген
Аллага ант болсун, эгерде мени бай кылса, бей-
бечараларды коргоп, ар бир кишиге өз акысын
беремин! – деп суранат.
Акыры мынчалык көп суранганынан, Алланын
Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):
- Иа, Рабби! Салабага каалашынча дүнүйө бер!
– деп дуба кылат. Көп өтпөй эле бул дубанын
арты менен Алла Таала Салабага чоң байлык
берет. Короо-короо малга ээ болот, бирок буга
чейин «мечит кушу» деген атка конгон Салаба
мал-мүлк менен алек болом дебатып,
акырындап отуруп жамаат менен окулчу
намаздарга келе албай калчу болот. Акыркы
күндөрдө бир гана жума намаздарына келчү
болуп калат. Дагы бир аз убакыт өткөндөн
кийин, жума намаздарын да унутат. Бир күнү
анын абалын сураштырып билген Алла Элчиси
(саллаллоху алейхи васаллам):
«Салабага убал болду!» - дейт. Салаба бул
кайдыгерлиги менен гана чектелип калбастан,
зекет чогултканы келген кызматкерлерге:
«Силер зекет эмес эле, салык алып жатасыңар! »
- деп мурда убада кылгандары мындай турсун,
кедей-кембагалдардын аят менен аныкталган
акысын дагы бериштен баш тартып, эки
жүздүүлөрдөн болду. Бул абал Куранда
мындайча баяндалат:
«Алардын (эки жүздүүлөрдүн) бири: «Эгер Алла
өз артыкчылыгынан бизге да берсе, калетсиз,
кайыр-садага берип, салихтерден болот элек!»
– деп Аллага сөз берди. Бирок Алла аларга өз
артыкчылыгынан (байлык) бергенде, алар
сараңдык кыла (Алланын буйруктарынан) жүз
үйрүп, сөздөрүнөн айнышты.» (Тообо: 75-76)
Өзүнүн акмактыгынын айынан Азирети
Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам)
эскертүүсүнө кулак салбастан, кайгылуу
акыбетке дуушар болгон Салаба дүйнөнүн
убактылуу байлыгына алданып, түбөлүктүү
ааламдын жардысы болду. Бул кылганына
өзөктү өрттөгөн өкүнүч менен өлүп баратканда,
кулагына Азирети Пайгамбарыбыздын
(саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкү сөздөрү
жаңырып турду:
- Шүгүр кылган аз байлык шүгүр кылдырбаган
көп байлыктан артык.
Бирок бул эскертүүгө кулак салбаган Салаба
убактылуу жалган байлыктын адамды жексен
кылган айлампасынын ичинде, түбөлүк кайгы-
капага дуушар боло жан берген. Бакты-таалай
деп ойлогон кыска гана убакыттагы байлыкка
алдана түбөлүктүү байлыгы болгон бейишин
жексен кылып алды! (Ахмед Шахин, Тарыхтын
шарапаттуу барактары, 27).
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#394 Пользователь офлайн   Topcubai   10 Декабрь 2014 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Аябай кызыктуу экен
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#395 Пользователь офлайн   Ali.12   20 Декабрь 2014 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Энесинин
курсагындагы
эгиздердин диалогу
Кошбойлуу аялдын ичиндеги эки
ымыркай
сүйлөшүп жатат. Биринчиси
мусулман экинчиси атеист
Атеист ымыркай:
–Сен төрөттөн кийинки жашоого
ишенесиңби?
Мусулман ымыркай: –Албетте,
төрөттөн кийин жашоо бар экендиги
баарыга түшүнүктүү. Биз бул жерде
болушунча
күчтүү жана бизди күтүп жаткан
нерселерге даяр
болуу үчүн жашап жатабыз.
Атеист ымыркай:
– Бул келесоолук! Төрөттөн кийин
эч кандай жашоо жок! Сен кандай
жашоо болорун
элестете аласыңбы?
Мусулман ымыркай:
–Мен майда–чүйдөсүн айта албайм,
бирок, ал
жакта мындан да жарык жашоо
болоруна
ишенем жана биз өзүбүз басабыз,
өзүбүз тамактанабыз.
Атеист ымыркай:
–Кандай гана акылсыздык! Өзүбүз
басып, жеп–
ичкенге мүмкүн эмес! Бул күлкү
келээрлик нерсе!
Бизди киндик азыктандырат.
Билесиңби,
төрөттөн кийин жашоо жок, анткени
биздин жашоо–киндик, ал эми
киндик ансыз да кыска.
Мусулман ымыркай :
–Мен ишенем, бул мүмкүн. Бардыгы
бир аз
башкачараак болот. Муну элестетсе
болот.
Атеист ымыркай:
–Бирок, ал жакка эч ким барып
келген эмес! Жашоо төрөт менен
бүтөт. Жашоо бирөө гана, Мусулман
ымыркай:
–Жок, жок! Жашообуз кандай
болорун так биле
албайм бирок, кандай болсо да, биз
апабызды
көрөбүз жана ал биздин камыбызды
ойлойт.
Атеист ымыркай:
–Апа, Сен ага ишенесиңби? Ал
кайда жүрөт? Мусулман ымыркай:
–Ал биздин айланабызда, бардык
жерде жүрөт.
Биз ал бар үчүн жашап турабыз.
Атеист ымыркай:
– Жеткен акылсыздык! Мен эч
кандай апаны
көргөн эмесмин, ошондуктан ал
жок, болбойт дагы.
Мусулман ымыркай:
–Мен сени менен макул эмесмин,
анткени кээде
анын ырдаганын угууга болот.
Тонубуздан сылап
жатканканын сезүүгө болот. Биздин
чыныгы
жашообуз төрөттөн кийин
башталарына терең ишенем.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#396 Пользователь офлайн   Ali.12   21 Декабрь 2014 - 04:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

БИР НЕРСЕНИН БАРКЫН БИЛУУ
Сууда жашаган бир
балык суунун кадырын
билбейт, суудан
чыгарып койсоң, кайра
сууга жетиш үчүн жан
алакетке түшөт.
Адамдар дагы ушундай.
Колунда турган
жакшылыктардын
шүгүрүн анык биле
албайт, жамандын
жаманын көрмөйүнчө,
башынан өтмөйүнчө
анча түшүнө бербейт.
Бир падыша кулу менен
бирге кемеге түшөт.
Кул эч качан деңиз
көрбөгөн жана кеме
машакатын тартпаган
эле. Онтоп ыйлап
баштайт. Калтырап
титирейт. Сооротуш
үчүн канча аракет
кылышса да басылбайт.
Падышанын тынчы
кетет.
Кемедегилер эмне
кылууну билбей турган
кезде карыя бир адам
падышанын алдына
чыгат, уруксат
берсеңиз, мен анын
үнүн басайын дейт.
Падыша мунун сунушун
жактыруу менен
кабылдайт.
Карыянын буйругу
менен кулду деңизге
ыргытышат. Кул бир
нече жолу сууга чөгүп,
кайра чыгат. Кийин
чачынан кармап, кеме
тарапка тартышат. Кул
кемеге жакындаганда
эки колу менен жипке
бекем карманат,
ошентип кемеге чыгып,
бир бурчка кадалып
энтигип отуруп калат.
Карыянын кылган
жоругу падышаны таң
калтырат. "Бул
ишиңдин сыры эмне?” -
деп сурайт.Карыя адам
жооп берет: "Кул алгач
сууга чөгүү, тумчугуп
өлүү коркунучун
башынан өткөргөн эмес.
Ошондуктан кемедеги
жан саламатынын
кадырын билбеди.
Мына, тынчтык жана
бакыт ушундай болот,
бир жамандык көрбөгөн
адам көңүл
тынчтыгынын кадырын
биле албайт.”
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#397 Пользователь офлайн   Ali.12   21 Декабрь 2014 - 04:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

АКЫЛМАНДЫКТЫН АКЫЙКАТЫ
Күндөрдүн бир күнүндө
Византия башкаруучусу
Багдатка чабарманын
жөнөтүүнү чечип,
мусулмандарга үч
суроону берүүнү буйрук
кылат. Шаарга жетип
келген элчи
башкаруучунун
кабарын алып келгенин
айтат. Мусулмандардын
падышасынын сарайына
кирип, үч татаал
суроосун жарыя кылат.
Багдат халифи
шаардагы аалымдарды
чогултат. Чабарман
бийик трибунага чыгып:
-Мен силерге үч суроо
менен келдим, эгер
жооп таба алсаңар
Византия башчысы
ченемсиз байлыкка
бөлөйт -, дейт да
суроону айтат.
-АЛЛАХ жаралганга
чейин эмнеге
жаратылган?
-АЛЛАХ кайсы тарапты
карап турат?
-Азыркы учурда АЛЛАХ
эмне менен алектенип
жатат?
Бул соболдорду укканда
акылмандар үн жыңсыз
тыным алып калышат.
Жымжырттыкты
жамааттын арасынан
чыккан ичке добуш
бузат:
- Ата, бул суроого мен
жооп берсем болобу?
Менин жообумдан тиги
чоочун жерден келген
адам унчукпай калар.
Бала суроого суроо
менен жооп кылып:
-Санакты билесиңби?
-Ооба, -деди тиги
чабарман.
-Анда, ондон артты
көздөй саначы-деди
бала. Тиги санап кирди:
- он, тогуз,
сегиз......бирге чейин
санады.
-Кана, бирден мурда да
сан барбы?
-Жок, бул акыркы сан-
деп тан калды.
Эгер арифметикалык
бирдиктен мурда эч
нерсе жок болсо,
Жалгыз, Түбөлүктүү,
Абалкы жана Акыркы,
Белгилүү да, Жашыруун
болгон ЗАТтан мурда
эмне болушу мүмкүн?!
–деп өктөм жооп
кылды. Мындай жоопту
күтпөгөн чабарман
четке кага алган жок.
Ал кийинки суроосун
кайталады:
-Кана айтчы, АЛЛАХ
азыр кайсы багытты
карап турат?
-Шам алып кел да,
жартчы-деди бала.
Шамдан чыккан жарык
кайсы тарапты карап
турат?
- Баардык тарапты,
түндүктү, түштүктү,
батышты да чыгышты
да карап турат,- деди
чабарман тан калып.
Муну уккан бала:
-Эгер физикалык жарык
төрт тарапты карап
турса, АЛ кайсы
тарапты карап турат
жана асман, жердин
нуру АЛЛАХтан эмнени
күтүп жатасың?! АЛЛАХ
баардык учурда
баардык тарапты карап
турат. Чабараман
чындап тан калып,
көргөн көзүнө
ишенбеди. Ушул
абалында акыркы
суроосун берүүгө аракет
кылды. Бирок, бала
сөзүн бөлүп :
-Токто, сен суроо
берүүчүсүң, мен ага
жооп берүүчүмүн.
Сенин суроолоруң элге
жакшы угулгандай,
менин жоопторум да
жакшы угулсун. Эгер
экөөбүз ордубузду
алмаштырып турсак
адилеттүү болмок.
Чабарманга ордун
бошотту, бала анын
ордуна трибунага
чыкты. Тиги адам
үчүнчү суроосун
кайталады.
-АЛЛАХ азыр эмне
кылып жатат?
Бала көкүрөгүн көтөрө:
- АЛЛАХ исламды
мыскылга алган,
калпычыны
(трибунандан) ылдый
түшүүгө мажбур кылып
карап отургандардын
алдында басмырлап
койду. Ал эми ким
АЛЛАХтын
жалгыздыгына ишенсе,
анын тилинен
чындыкты сүйлөтүп,
көтөрүп койду.
«Асмандардагы жана
жердегилердин баарысы
Андан тилешет. Ал күн
сайын иретке
келтирүүдө» (Ыйык
Куран, Ар-Рахман, 29)
Чабарман кыларга эч
нерсе калган жок. Ал
уят болгон абалда
өзүнүн шаарына
кайтты. Бала эр жетип,
исламдагы белгилүү
аалым болду.
Кудуретүү АЛЛАХ
ырайымына алып, ага
өзгөчө акылмандыкты
жана динди терең
түшүнүүнү насип
кылды. Ал баланын
атын Абу Ханифа
(АЛЛАХ андан ыраазы
болсун) деп
чакырышчу. Ал
кадимки улуу устат
жана ислам аалымы
Имам Аъзам сыяктуу
атакка жетти.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#398 Пользователь офлайн   Ali.12   22 Декабрь 2014 - 02:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

АЯЛ ЖАНА АРЫСТАН
Бир күнү бир Аалымга
бир аял келип, күйөөсү
өзүнөн башканы сүйбөй
турган кылып, уу
чөптөрдөн дары жасап
беришин сурайт. Аалым
айтты:
- Бисмилях! Макул,
жасап берейин.
- Чын элеби?
- Ооба, бирок ал дарыны
жасаш үчүн мага бир
нерсе керек.
- Эмне?
- Мага тирүү арстандын
жалындагы кылынан
алып кел.
- Мен аны кайдан
табам? Тирүү арстандын
жалынын кылын
кантип алам? Өлүк
арстандан болсо, алып
келмекмин.
- Жок, тирүү
арстандыкын гана алып
келишиң керек.
- Макул, алып келгенге
аракет кылам.
Аял күйөөсү өзүн гана
сүйөрүн аябай
каалагандыктан,
мергенчилерге барып
айтты.
- Арстандын жалынан
кылды кантип алууга
болот?
- Арстан адамды
жанына жакын
жолотпойт, кылды
арстандын курсагы ток
кезинде гана алса
болот.
Аял аракет кылып
көрүүнү чечет.
Мергенчилерден
арстандар жүрчү
жерлерди билип, эт
сатып алып, токойго
жөнөдү. Күткөн
арстандарга кезигип,
эттен аз-аздан ыргытып
бере баштады. Ар бир
күнү ушинтип арстанга
эт берүүсүн уланта
берди. Арстан да
аялдын курсагын
тойгозгонун сезип, ага
үйрөнүп калды.
Экөөнүн аралыгы
күндөн-күнгө жакын
болуп баратты. Акыры
бир күнү арстандын
жанына барды. Жалын
колу менен сыйпалады,
арстан каршылык
көрсөтпөдү. Ошол
убакыттан пайдаланып,
аял арстандын жалынан
бир тутам кыл кесип
алып, артка карай
жөнөдү. Аалымдын
айтканын алып келди.
- Мынаке, алып келдим.
- Субхан Аллах! Мага
айтып берчи, кандай
айла менен алып
келдиң?
Аял болгон окуянын
баарын айтып берди.
- Мен арстандын
мүнөзүн, адаттарын,
өзүн кантип алып
жүрөөрүн, баарын
үйрөнүп чыктым. Анан
мен ага жакындоонун
эң жакшы ыкмасын
тандадым.
Анда окумуштуу
жылмайып, “Эми үйүңө
бар да, ушул ыкманы
күйөөңө колдон! Бирок
ал арстандай жырткыч
эмес, ал сени жебейт!”-
деди.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#399 Пользователь офлайн   Ali.12   22 Декабрь 2014 - 02:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

ИМАМ АХМАТ ЖАНА НААБАЙЧЫ
Имам Ахмад күндөрдүн
биринде саякатка чыгат.
Ал барчу жерине жете
электе түн кирип
калгандыктан, аны эч
ким тааныбаган бир
айылда туруп калат.
Имам Ахмад ал айылдан
кичинекей бир мечитти
көрүп намазга барып,
андан кийин ошол
мечитке уктап алууну
чечет. Уктайын дегенде
алдынан мечиттин
кароолчусу чыгат.
- Эй, сен эмне кылайын
деп жатасың?
- Уктайын деп жатам.
- Бул жер уктоочу жай
эмес! Кароолчу Имам
Ахмадты тааныбады.
Имам Ахмад да ким
экендигин айтпады.
Эгер кароолчу Имам
Ахмадты тааныганда,
сөзсүз аны мечитте
калтырмак. Бирок Имам
Ахмад өзүнүн аты,
кадыры менен мактанчу
эмес.
Кароолчу:
- Мечиттен чыгып кет!
Имам Ахмад:
- Бир аз уктаганга
уруксат берчи.
- Жок, сен бул жерде
уктабайсың! Бул жерде
уктатканга бизге тыюу
салынган. Чыгып кет!
Кароолчу имамды
мечиттен чыгарып
жиберди. Имам Ахмад
мечиттин дарбазасынын
жанында жерге жатып
уктай баштайт.
Кароолчу кайрылып
келип, мечиттин
дарбазасынын жанында
уктаганга болбостугун
айтып, имамды жолдун
ары жагына түртүп
чыгарып салат. Ошол
кезде эрте менен нан
бышыруу үчүн камыр
жасап жаткан наабайчы
кароолчу Имам
Ахмадты көрүп калат
да, имамга келип, “Жүр,
менин наабайканама
барып эс ал.
Наабайканам ысык жер.
Бүгүн менин коногум
болосуң” - деп,
наабайканасына
чакырат. Имам ордунан
туруп, наабайчынын
артынан жөнөйт.
Наабайканага кирип,
наабайчынын камыр
жууруганын байкап,
наабайчынын камырды
ар бир ийлеген сайын
"АстагфируЛлах" деп
айтып жатканын көрөт.
Наабайчы да имамды
тааныбайт эле.
Наабайчынын ар бир
кыймылына көз салып
олтурган имам, ордунан
туруп, “Көптөн бери
ушинтесиңби”- деп
сурады.
- Ооба. Көптөн бери.
- Сураган дуаңдын
жемишин көрдүңбү?
- Ооба.
- Кандай жемиш?
- Мен кудайдан эмнени
сурабайын, баарын
берип келет. Бир эле
дуамды кабыл кыла
элек.
- Ал кандай дуа эле?
- Мен кудайдан Ахмад
ибн Ханбаль имам
менен көрүшүүнү
суранып келем.
- Аллаху акбар! Аллах
сенин суранычыңа
жооп берди. Мен Ахмад
ибн Ханбалмын. Мени
Аллах сенин
наабайканаңа түртүп
алып келип койгон
Ахмад ибн Ханбалмын!
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#400 Пользователь офлайн   Ali.12   22 Декабрь 2014 - 02:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

КЫЛГАНЫНДЫ КОРОСУН
Аябай карыган, көздөрү
жакшы көрбөгөн,
кулактары укпай
калган, муундары
бошогон бир абышка
жашаптыр. Ал
тамактанып атканда
кашыкты колуна
кармай албай калган
абалга келип, дайым
дасторконго тамагын
төгүп алчу, кээде
оозундагы тамагы
оозунан түшуп калчу.
Баласы менен келини
абышкага жийиркенүү
менен карашып, тамак
ичү убакта аны мешке
көмүр салдырганга
отургузуп, эски идишке
тамак салып беришчү.
Абышка мештин
жанында отуруп,
тамактанчу столду
кайгылуу карап,
көздөрү нымдалышат.
Бир күнү тамагы
салынган идишти
колдору кармай албай
калтырап, жыгылып
түшүп, идишин
сындырып алат.
Ачууланган келини
абышканы уруша
баштады, абышка эч
нерсе деп үн катпады,
ичинде гана
кыйналды. Ошондон
кийин абышкага
жыгачтан жасалган
мискей сатып
беришти. Бир
күнү келини баласынын
сарайда эски жыгач
идиштерин чогултуп
жургөнүн көр.
- Ал эски идиштерди
эмне кыласын, уулум?
- Силер да чон атамдай
болуп карыганда
силерге тамак берем.
Уулунун окуясынан
кийин абышканын
баласы менен келини
Аллахга тообо
кылышып, абышкадан
кечирим
сурашат.Абышка менен
бирге тамактанышып,
ага көңүл бөлүшүп,
анын ыраазы кылганга
аракет кылышат. Көрсө,
бир туугандар, ата-энеге
кандай мамиле кылсак,
өз балдарыбыздан да
ошол мамилени көрөт
турбайбызбы!
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 19:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: