Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#421 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Имам жана анын 11 жаштагы Зайд аттуу уулу ар
жума күнү «Бейшике жол» деген китепче таратыша
турган. Ушундай күндөрдүн бир жума күнүндө күн
сууктап, жамгыр жаап жатты. Жылуу кийинип,
өзүнүн жумушуна камданып бүткөн Зайд атасына
карап:
-Ата, мен даярмын!-деди.
Атасы:
-Балам, бүгүн күн суук, үйдө эле бололу. Анын
үстүнө мен бүгүн сасык тумоодон жакшы боло албай
жатам,-дейт.
Зайд:
-Анда мен жалгыз эле бара берейин,-дейт атасына
суроолуу карап.
Атасы:
-Бисмилля, бара кой.
Зайд кубанган көздөрүн жайнатып Бейишке
чакырык кылган жука китепчелерди таратуу үчүн
үйүнөн чуркап чыгып кетет.
Ал күндүн бүркөөсүнө, көчөдөгү адардардын сейрек
болгонуна карабай китепчелерди таратып жүрдү.
Бир маалда караса, колунда жалгыз китепче калган
экен. Зайд колундагы акыркы китепчени бере турган
караан таппай туруп калат да, биринчи көргөн үйдүн
эшигин кагат. Коңгуроону басса, эч ким жооп
бербейт... 1... 2... 3-жолу басат... Жок, эч ким жооп
бербейт... Ал кетүүгө кам уруп жатып да коңгуроону
баса берди... Акыркы жолу басканынан көп өтпөй,
эшик акырын ачылды. Каалганын артынан
улгайыңкы аял киши көрүндү. Көңүлү анча
ачылбаган аял Зайдга
-Эмне болду? деди.
Зайд жылмайып:
-Кечирип коюңуз, мен сизге Аллах сизди жакшы
көрөт. Ал сизге мээримин аябайт деп айткым
келди,-дейт да колундагы китепчени сунуп,
-Бул китепчеден Аллах тууралуу, жашоодогу
максатыңызды жана бул дүйнө менен акырет
жашоосу тууралуу биле аласыз.
Аял:
-Ыракмат, сага!
... Бул күндөн толук бир жума өткөндөн кийин имам
жума хутбасын өтүп бүтүп, отургандардан суроо
барбы?-деп сурайт. Тыным өтүп, мечиттин аялдар
жамааты отурган тараптан аялдын үнү чыгат.
-Мен бир жума мурун эле Ислам тууралуу билчү
эмесмин. Мусулманчылыкка кызыгам деген ой үч
уктасам түшүмө кирчү эмес. Менин абышкам бир
нече ай мурун каза болду. Мен бул дүйнөдө жалгыз
калдым. Мен үчүн жашоонун мааниси жоголду.
Менин өлгүм келди. Өз өмүрүмө кол салып, арканды
алып өлүмгө даярдана баштадым. Арканды шыптын
устунуна байлап, моюнум бата тургандай кылып
даярдап башымды салдым. Мына бир кадам
калганымда, коңгуроону уктум. Азыр, кетип калат
деген ой менен эшикти ачкым келбей өлгүм келип
жатты... Жок, коңгуроо тынымсыз кагыла берди.
"Мени ким издеп жатат?" деген толкундоо эшикти
ачуума себеп болду. Каалганы ачтым. Мен
толкунданып кеттим! Анткени, көзүндө кубаныч
жайнаган, ууртунда жылмаюу уялаган өспүрүм
турган экен. Анын: «Аллах сизди жакшы көрөт. Сизге
мээримин аябайт!» деген сөзү менени денемди
аралап кетти. Мен эшикти жаап, колумдагы
китепчени шашыла көз жүгүрттүм... Кубандым,
жүрөгүм жибип кетти!.. Бир канча мүнөт мурдагы
келесоолугума ачуум келди! Жанымды сактап калган
Аллахка миң мербе шүгүр айттым. Мен ошол
мүнөттөн тартып Кудайды тааныдым... Исламды
кабыл кылдым. Китепченин артында мечиттин
дареги жазылган экен. Мына, мен бүгүн аман-эсен,
бактылуу абалда силердин алдыңарда турам. Мен
ошол балага ыраазычылык билдирем...
Бул окуяны отургандар бир дем менен угушту.
Зайддин атасы баласына келип кыса кучактап,
Аллахка шүгүр келтирди. Оо, Аллах! Бизди жана
биздин укум-тукумду ыкыласман, такыбаа кыла
көр, амин!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#422 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кожо Насредин суроо берген адамдын ниетине,
акыл-эсинин деңгээлине жараша жооп берүүнүн
устаты болгон. Бир жолу аны кимдир бирөө келесоо
катары кабыл алат да, шылдың менен суроо узатат:
- Эмне үчүн кай бир адамдар бир багыт менен, бир
тарапка кетип жатышса, а экинчилери тескерисинче,
аларга түз эле карама-каршы келе жатышат?
Насредин токтоосуз жооп берет:
- Түшүнөсүзбү, ардактуум, эгерде адамдардын
баардыгы жердин бир бөлүгүндө жайгашып калса,
анда алар өтө эле оордук кылып, жер башын көтөрө
албай, мойну салаңдап, аңтарылып кетпейби?!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#423 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Атасы баласына; Балам билесиңби негизи адам
баласы Жаннатка бекер кирет. Ал эми тозокко
кирүү үчүн акча берет десе да болот. Тан калган
баласы; ал кандайча?-деп сурайт.
Атасы; ооба балам тозок оту бекер эмес.
Мисалы:Ким кумар ойносо ал үчүн акча төлөйт, арак
ичсе да төлөйт, зина да бекер эмес, тамеки да акча
турат, кыдырсаң да баары бир төлөйсүң. Ал
Жаннатка кирүү балам бекер. Намаз окуу бекер,
орозо кармоо бекер, Алланы зикир кылуу бекер.
Алладан коркуп харамга көз салбоо бекер,
жадагалса Мечитке кирүү да бекер. Эми эмнеге
бекер Жаннат турганда тозокко акча төлөп
киришибиз керек.
Бул кабарды сен бекер алдың.Эми силер да бекер
таркаткыла. Ошентип Алладан бекер сооп аласыңар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#424 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чоң энесинин кат жазып жатканын көргөн небереси:
"Чоң эне, мен жөнүндө жазып жатасызбы?” деп
тынчын алды. Чоң эне небересине жылмайып, “Ооба,
тентегим. Сен жөнүндө жазып жатам. Бирок менин
жазганым эмес, эмне менен жазып жатканым
маанилүү. Качан сен чоңойуп, эр жеткенде ушул
калемдей болушуңду каалаймын” деп, башын
сылады.
Небереси калемди ары-бери тегеретип карап,
өзчөлөнгөн эч нерсени байкабайт.
-Башка калемдерге окшош эле экен го!
-Буюмду кандай карап жатканыңа байланыштуу.
Сенин татыктуу жашап өтүүңө шарт түзүп бере
турган беш сапатка бул калем ээ.
Биринчиден: Сен акылдуу болушуң мүмкүн, бирок эч
качан Багыттоочу Колдордун бар экенин унутпашың
керек. Биз ал колдорду Жогорку күч деп атайбыз.
Ал күчкө ишен жана аны сезе бил!
Экинчиден: Жазыш үчүн калемди учтоого туура
келет. Калем үчүн бул бир топ ооруну жаратат, бирок
учталгандан кийин калем ичке жана сулуу жаза
баштайт. Ошондуктан, ооруга чыдай бил жана ал
сага жагымдуулук тартуулаарын эстен чыгарба!
Үчүнчүдөн: калем менен туура эмес жазып
алгандарды өчүргүч менен тазалап, оңдоого болот.
Өзүңдү оңдоо-дайым эле жаман боло бербейт.
Көпчүлүк убакта бул туура жолдо жүрүүнүн жалгыз
ыкмасы болуп калат.
Төртүнчүдөн: Калем дегенде анын жыгачтан
жасалганын же формасын эмес, ичиндеги графитти
түшүнүү керек. Ошондуктан, ар дайым сенин ички
дүйнөңдө эмнелер болуп жаткандыгын ойло!
Бешинчиден: Калем менен жазгандан кийин ар
дайым из калат. Ошол сыңары сен да өзүңдүн
жасаган иш-аракеттериң менен артыңа из
калтырасың! Ошондуктан, ар бир кадамыңды
ойлонуп жаса!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#425 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Пайгамбар (алейхи салам): “Намаз- көзүмдүн
кареги” деген.
Намаз – көздүн нуру, жүрөктүн шыпаасы, дененин
ыракаты, жашоонун деми,бактылуулуктун жолу.
Намаз- ийгиликтин булагы, жашоонун
чырагы,бейиштин ачкычы, кабырдын нуру, тозоктун
калканы.
Эң негизгиси, Алланын буйругу! Намаз аркылуу гана
Аллах менен мамилебизди жакшырта алабыз! Ар
бир адамдын акыркы деминде жакын адамдарына
айта турган осуяты болот. Адам өлүм төшөгүндө
жатканда, эң зарыл,эн көйгөйлүү сөзүн айтып калат.
Ал эми Пайгамбарыбыз (алейхи салам) өлүм
алдында ушул сөздү бизге көп айтып жатып жан
берген эле:
"Намаз! Намаз! Намазынарга бекем болгула!
Намазынарды өз убагында окугула!
Хадиске түшүндүрмө :
Пайгамбар (алейхи салам) өлүм алдында жатканда
намазга бекем болушубузга көп насаат
кылды.Себеби, ал эч бир жан намазсыз Алланын
ырайымына жете албасын жакшы билген эле.
Башкача айтканда, пенде намазсыз эки дүйнө
бактысын таба албайт.
Урматтуу бир тууган, келиңиз намазды
баштаңыз.Сиз өзүңүздүн жаныңызга өзүңүз
күйбөсөңүз, сизге эч ким күйбөйт.Тозоктон
кутулайын, жашоом оңолсун, эки дүйнөдө бактылуу
болгум келет десеңиз, намазга бекем болуңуз.
Намаз окуйм десеңиз, анда намазыңызды чын
жүрөктөн аткарыңыз. Намаз каза болуп калбаш
үчүн эмес, Аллага жакындайын деген ыкылас сизди
намазга жетелесин. Ыкыластуу амал гана бейишке
жетелейт!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#426 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Урматтуу туугандар!
Балдарыбыздын укугун унутпайлы. Айрым ата-
энелер балдарына нааразы болуп “элдин баласы
тигиндей, мындай а сен жүрөсүн” деп баланы капага
салып ого бетер артка тартат.
Ата-энелер балдарына кичинесинен жакшы тарбия
берүүгө умтулуусу керек. Чоңоюп калганда
урушуп,башкаларга салыштырып тарбия берүү
болбогон нерсе.
Сиздерге сахабалардын (Алла ыраазы болсун)
заманында болгон окуядан бир мисал.
Умар (Алла ыраазы болсун) Ислам мамлекетинин
халифасы болуп турган кезде бир адам уулунун
начар чыккандыгын даттанып халифага келет.
Халифа атанын арыз-муңун уккандан кийин
маселени чоо-жайын иликтөө максатында баласын
чакыртып, эскертүү берет. Катуу ойлонгон бала
халифадан сурайт:
– Халифам. Өзүңүз айткандай балдардын мойнунда
ата-эненин акысы бар экен, ага макул дейли. А ата-
эненин мойнунда балдардын акысы жокпу?
– Албетте бар. Ата эң башта келечектеги таза урпак
үчүн ыймандуу эне тандашы керек, перзенттерине
жакшы ысым коюшу керек, замандын шартына
ылайык окутуп, таалим бериши керек.
– Халифам, чынын айтайын, менин ата-энем сиз
айткандын бирөөсүн да аткарган эмес. Атам бир
отпарастын күңүнө үйлөнүптүр, энемдин Исламдан
эч кандай кабары жок. Атымдын да мааниси жок.
Мени окутмак тургай, жакшы тарбия беришпеди.
Баланын жообун уккан халифа даттанып келген
атага баш чайкап мындай дейт:
– Балаң сенин эмес, сен балаңдын акы-укугун
тебелептирсиң.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#427 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайсы заманда, кайсы жерде экенин эч ким
билбейт, айтор бир шаарда үйлөнүүчү эркектер аял
тандап ала турган базар курулган экен. Базар деп
айтылганы эле болбосо, ал жети кабаттан турган бир
эле имарат болчу экен. Жети кабаттан турган бул
имараттын ар бир кабатынан өзүнө жаккан аялды
тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле дешет.
Бир ирет көптөн бери өзүнө ылайыктуу жар таба
албай жүргөн адам ушул имаратка туш болуп калат.
"Бул жерден өзүңүз каалаган аялды таба аласыз"
деген жазууга көзү түшкөн жолоочу, көктөн издегени
жерден табылганына сүйүнүп, дароо эле баш бакты.
Биринчи кабаттын кире беришинде "Бул кабатта
ыймандуу, колунан иш келген аялдар бар" деген
жазуу бар экен. Жолоочу аны бир дем менен окуду
да, биринчи кабатка кирбестен экинчи кабатка
көтөрүлдү. "Бул кабатта ыймандуу, колунан иш
келген, балдарга жакшы эне болуучу аялдар бар"
деп жазылып туруптур, экинчи кабатта. Жолоочу
аны да кунт коюп окуду да, ичкери кирбестен
үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Үчүнчү кабатта "Бул
кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга
жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү аялдар бар" деп
жазылган экен. Аны окуган жолоочу сүйүнүп ичкери
кирүүгө кадам шилтемекчи болду. Бирок, үстүндө
мындан да жакшысы болуп жүрбөсүн деген ой аны
үстүңкү кабатка көтөрүлүүгө аргасыз кылды.
Төртүнчү кабатка чыкса, анда "Бул кабатта
ыймандуу, колунан иш келген, балдарга жакшы эне
болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн сыйлаган аялдар
бар" деп жазылыптыр. Жолоочу ошол кабатка
кирүүгө бел байлады. Бирок, баягы эле "мындан
жакшысы болуп калаар" деген үмүт аны бешинчи
кабатка алып чыкты. Анда "Бул кабатта ыймандуу,
колунан иш келген, балдарга жакшы эне болуучу,
өңдүү-түстүү, күйөөсүн сыйлаган, бай аялдар бар"
деп жазылыптыр. Эмнегедир жолоочу бул кабатка
кирүүнү ойлогон да жок. Ал дароо эле алтынчы
кабатка көтөрүлө баштады. Алтынчы кабатта "Бул
кабатта ыймандуу, колунан иш келген, балдарга
жакшы эне болуучу, өңдүү-түстүү, күйөөсүн
сыйлаган, бай жана тектүү аялдар бар" деп
жазылган экен. Жолоочу аны бир сыйра окуп,
жетинчи кабатка көтөрүлдү. Жетинчи кабатка
маңдайы жарыла чуркап чыккан жолоочунун
кубанычы суу сепкендей боло түштү.
Анда "Сен бул кабатка чыккан 4 363 748-эркексиң.
Бул кабатта эч кандай аял жок. Анткени бул кабат -
"Эркектер эч качан ыраазы болбойт" деген сөздүн
далили. Бизге келгениңиз үчүн ырахмат. Эскертүү:
бул кабатка чыккан адам кайра артына кайта
албайт. Сизди өзүбүз узатып коёбуз. Күнүңүз
көңүлдүү улансын" деп жазылган экен. Көзү ымыр-
чымыр болуп, жазууну аягына чейин оңдуу окуй
албай жаткан жолоочуну эңгизээрдей болгон эки
эме колтугунан сүйөдү да, ачык турган эшикти
көздөй алып кетишти.
Ошентип, бул базардын канча убакыт иштеп турганы
белгисиз, бирок бир да эркек ал жерден аялдуу
болуп чыккан эмес дешет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#428 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кайгыга түшкөн адам даанышмандан сурады..
Кайгылуу адам : Мен сизге аябай капалуу абалда
келип олтурам кантип мындай кайгыдан чыга
аламын?
Даанышман :Мен сенден эки суроо сурайын жооп
бер!!
Кайгылуу адам : Сураныз, жооп берейин...
Даанышман айтты : Сен бул дүйнөгө келгенде
жанагы айткан кайгы-капаларың бирге келди беле?
Кайгылуу адам : Жок
Даанышман : Сен бул дүйнөдөн өткөндө ошол
кайгы-капаларыңды алып кетесинби?
Кайгылуу адам : Жок
Даанышман айтты : Сени менен бирге келбесе же
чогуу кетпесе. Андай нерсе сенин жашооңду кайгыга
салууга татыктуу эмес. Бул жашоо бейиш эмес.
Ошондуктан жашоонун иштерине сабырдуу болгун.
Асмандай бийик узун карап ойлогун, жети күндүк
жашоону ойлоп капа болбогун!
Сенин ырыскың бөлүнгөн,тагдырын чечилген.
Жашоонун түйшүктөрү кайгы тартып артка кетүүгө
татыбайт.
Себеби бул жашоодогу жакшылык жамандыктын
бардыгы Аллах Тааланын колунда. Аллах Таала
менен мамилеңди оңдосоң бардыгы оңолот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#429 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аялдар кыйын калк болушат.Байкуш эркектерди
жөн эле алдап коюшат. Аны айтып, муну айтып,
күлүп, ыйлап, кыскасы амалдын алтымыш түрүн
колдонуп олтуруп эркектерди жөн эле чарыгы менен
суу кечирип коёт го, чиркин.
Ушундай амалы башынан ашкан аялдардын бири
күйөөсүнө:
- Мен сени ушунчалык жакшы көрөм, жакшы
көргөнүмдү ушундан бил, мен сага экинчи аялды
өзүм эле алып берем, - деп кулагынын кужурун ала
берет. Анын айтканы кулагына кош жактыбы, же
башка бир ою барбы, айтор күйөөсү ага макул
болуп, короо четине бир бөлмөлүү үй тургузду. Үйүн
бүткөндөн кийин, экинчи аял алып келүү үчүн башка
шаарга сапарга аттанып кетти. Арадан эки-үч күн
өткөн соң күйөөсү түн ичинде айлына кайтып келди.
Бирок, аял албай эле чоң кумараны көтөрүп келди.
Түн ичинде жаңы бүткөн үйүнө кумараны алып
кирип, төшөккө жаткырды да үстүн жаап, бирөө
уктап жаткандай абалга келтирип койду. Эртеси
эртең менен аялына келип:
- Сага ырахмат, сенин ыраазылыгың менен экинчи
аялдуу болдум. Эми сен ага жакшы мамиле жаса.
Ал али жаш. Жаштык кылып кетирген катасын
оңдоп, туура эмес кылыгын көрсөң кечирип кой, -
деп, анан – ал жолдон чарчап келди, мен келгенче
эс ала берсин, - деп кошумчалады да, кетменин
көтөрүп талаага кетип калды.
Ошол бойдон түш оогондо келген күйөөсүн аялы ый
аралаш кыйкырык менен тосуп алды:
- Ой-иий, карангүн! Кайдагы ажаан эмени таап
келгенсиң?! Келе албай жатып мени беттен алат го
мунуң! Мен сага өзүм таап берем дегем жакшы
аялды, жогот мунуңду тез арада, - деп кыйкырып
сала бербеспи.
- Ой, сага эмне болду, деги жайыраак
түшүндүрбөйсүңбү? – деп таңданды күйөөсү.
- Мобул катын болумушуң мени оттон алып сууга,
суудан алып отко салып жатат. Же ушул ажаан
менен жаша, же мени менен жаша! Мындан башка
жол жок! – деп кыйкырды аялы.
- Ой ал жөн эле уктап жатпайбы, эмне жалган
сүйлөйсүң? – күйөөсү таңдана сурады.
- Ооба, уктап жатат, кылгылыкты кылып коюп,
уктамыш болгонун кара тыркыйып. Азыр эле тили
буудай кууруп жатпады беле мунуңдун! – аял андан
бетер албууттанды. Иштин жайы дал өзү ойлогондой
болуп чыкканына бир чети кубанып, бир чети
таңданган күйөөсү аялын жоошута сүйлөдү:
- Мен сага акарат кылган аялды бул жерге алып
калбаймын. Атүгүл, аны жөн кетирбей төбөсүн
жарып жолго салам. Жалган ачууланымыш болгон
күйөөсү аялын колунан жетелеп, кетменин колуна
алып, жаңы келин уктап жаткан үйдү көздөй кадам
шилтеди. Аялы кудуңдап андан алдын жөнөдү.
Бөлмөгө кирип барган күйөөсү:
- Сен эмне үчүн келе албай жатып менин аялыма
сөз тийгизесиң! ? – деп кетмен менен кумараны
майдалай чапты. Майдаланган кумараны жинди
болгон эмедей чапкылап кыйкыра берди:
- Сен жакшы аял болом деп убада бербедиң беле,
эмнеге ага сөз тийгизип тыркыйып уктап жатасың,
кет бул жерден, экинчи сага окшогон эмени эшигиме
жакындатпайм! Жогол! Жогол!
Куулук кылам деп абийири ачылган аялы эмне
дээрин билбей, кумарага согулган ар бир сокку өз
башына тийип жаткансып кулагын басып, жердин
катуулугунан эле жер түбүнө кирип кетпей араң
чыдап турду.
Көрсө, аял заты оозу менен сүйлөй бергени менен,
тээ жүрөк тереңинде күйөөсүн эч ким менен бөлүшө
албайт тура. "Жан бермек бар, эр бермек жок" деп
ошондон улам айтылып калса керек...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#430 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кудайдын бергенине топук-каниет кылып, жокко
чөкпөй, барга көппөй жашоосун өткөргөн бир момун
пенде бар эле. Ал кожоюнунун кызматын так
аткарып, жумуштан түк кечикчү эмес. Күндөрдүн
биринде ал жумушка абдан кечигип келди. Кожоюн
ага эч нерсе деп айткан жок. Башка иш менен
алагды болуп калды окшойт деген ой менен анын
күнүмдүк маянасына бир теңге кошуп койду. Бирок,
кызматчы буга эч кандай маани берген жок. "Эмне
үчүн маянам көбөйдү?" - деп бир ооз сурап
койбогон кызматчысына кожоюн да ичинен тынып
кала берди.
Арадан бир канча күн өткөндө кызматчы дагы
жумушуна кечигип келди. Анын себебин суроого
кожоюн даабады. Болгону кечиккени үчүн күнүмдүк
маянасын бир теңгеге азайтып койду. Кызматчы
буга да маани берген жок. Эмгек акысын эмне үчүн
азайткандыгы тууралуу сурайт го деп күткөн
кожоюн бул жолу да жоопсуз калды. Акыры
кызматчыны өзүнө чакырып, кыжаалат болгон
суроосун узатты:
- Биринчи жолу кечигип келгениңде, маянаңды
көбөйтүп койдум, ага ыраазылык айтпадың. Экинчи
жолу кечиккениңде маянаңды кайра азайттым, ага
нааразылыгыңды да билдирбедиң, жок дегенде бир
ооз сөз айтып койсоң боло?
Кызматчы башын ийип, жылуу жылмайды:
- Кожоюн, алгач кечиккенимде, Кудай берип, аялым
төрөдү эле, ошого алагды болуп кечигип калдым. А
сиз кошкон бир теңгени ошол ымыркайга Кудайдын
берген ырыскысы экен деп эсептедим. Экинчи жолу
кечиккенимде, Кудайдын каалоосу экен, картайган
энем дүйнө салып кетип, ошого алагды болуп
кечигип калдым. А сиз кемитип салган бир теңгени
энемдин өзү менен ала кеткен ырыскысы го деп
түшүндүм.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#431 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аллах Таалам инсандын табиятына жылкыны
жакшы коруу сезимин салган. Өзгөчө кыргызда:
"Мен кыргыздын кулунумун" деп өзүбүздү жылкыга
салыштырып сыймыктанабыз. Эч ким мен тиги же
бу жердин торпогумун, же козусумун дебейт.
Жылкыны кастарлаган: "Ат адамдын канаты",
"Эшектен жыгылсаң туягын төшөйт, аттан жыгылсаң
жалын төшөйт... ж.б. көп макалдарыбыз бар.
Биздин көчмөн турмушубуз, улуттук оюндарыбыз
жылкыга байланыштуу. Жылкы өз тукумун таза
сактап, айгыр чоңойгон эркек кулундарын үйүрдөн
болуп салат. Таза суу ичет, ылгап оттойт, уйга
окшоп шалтактап өз кыгына жатпайт. Ат минүү ден
соолукка чоңпайда, бээ сүтү дары, эти топуктуу,
холестерини жокко эсе.
Жылкы жиндерди көрөалат. Ээн талаада жиндер
топтолгон жерден кошкуруп баспай коет, ал жерден
айланып өтөт, ээсин сактайт....
Жараткан Аллаh Куранда ("Аадият (Тулпарлар)
сүрөсү): 'Алкынып чуркаган тулпарларга ант!
Туягынан от чачырата чуркаган аттарга ант!... деп
жаныбарлардын ичинен бир гана жылкы менен ант
бергени бекеринен эместир!.
Чындыгында жылкы Аллахтын бизге берген чон
нээматы, берекелүү, таза, сулуу,
касиеттүүжаныбары. ..
Баардык мактоолор Аллахка гана болсун! Ал
баардык нерсеге Кудуреттүү! Аллах Акбар!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#432 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чон энемдин колунда өстүм, ал киши Аллах жолунда
түз жүргөн, беш маал намаз окуп, орозону такай
кармаган такыба эле. Энем ушул окуяны айтып
берген: "Кичине эс тартып калган кезим. Жайлоодо,
айлана жапжашыл жай күнү. Ата энем айылдын
молдосун конокко чакырып боз үйдүн алдында
дастаркон жайып, кымыз ичип сүйлөшүп
олтурушкан. Бир маалда молдонун чапанынын
этегине бир жашыл чегиртке секирип келип коно
калды. Ал этегинен түшүрүп жиберейин деп силкип
жиберсе чегирткенин бир буту сынып түшүп секире
албай туруп калды. Ошо жерден молдо: "Оо,
Аллахым ушул чегирткенин тарткан азабын мага
ушул дүйнөдө бер" -деп дуа кылып ийди. Мен бул
эми бир чегиртке да деп тан калдым. Бир жума
өткөн жок, молдону жылкы тээп буту сынып, көпкө
чейин төшөктө жатканы эсимде. Ошо мага чон сабак
болду балам. Бейкүнөө эч бир жандыктын убалына
калбагыла, ачка калбасаңар кайберендерди атып
кырбагыла. Алла жараткан бүт жандыктарынын
убал сообу, укугу, акысы болот"- деп айткан эле...
Азыр ойлосом ал молдо "Кыяматта- Улуу Сот күнү
ким эгер бир инсанга же жандыкка бейкүнөө
зулумдук жеткирген болсо Аллах зулум бергенден
өчүн, акысын алып берет, эсептештирет деген
хадиске амал кылган экен, Соттогу так
эсептешүүгөдаярданып, ал күндө жан чыдагыс
азапка чыдай албасын билип жазасын бул дүйнөдө
сураган экен...
Азыр эми токчулук заманда кумар учун кызыл
китептеги кекилик, улар, балык, каз өрдөк, эчки
текелерди кырып, эттерин сатып жүргөн
аңчылардын Улуу сот күнүндөгүабалы тообо кылып
токтошпосо не болот... Бейкүнөөжандыкка зулумдук
жеткиргенден сак болсок, алардын ээси Улуу
Кыямат күндүн Падышасы Адилетуу Аллах...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#433 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абу Бакр ас-Сыддык (Аллах ага ыразы болсун)
Халифалык кызматка киришип жатып элге
кайрылып сүйлөгөн сөзү:
"О, эл-журт!
Мен силердин үстүңөргө башкаруучу болуп коюлдум,
бирок силердин эң жакшыңар эмесмин, эгер мен
жакшы жолго баштасам жардам бергиле, ал жолдон
четке чыксам мени кайтаргыла.
Чынчылдык - ишеним, а калп - ишенимден
чыгуу...Эгер Аллах кааласа, мен анын укугун
коргогонго чейин силердин алсызынар мен үчүн
күчтүү болот, а силердин күчтүүңөр аны
башкалардын укугун мажбурлап болсо да
сактатканча мен үчүн алсыз болот.
Элде бузукулук таркаганда Аллах ал коомго балээ
жөнөтөт...
Силерге карата Аллахка жана Анын пайгамбарына
гана баш ийсем мага баш ийгиле.
Эгер Аллахтын жолунан тайсам, силер мага баш
ийүүгө милдеттүү эмессиңер... Намазга тургула,
Аллах силерди кечирсин! ".
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#434 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абу Бакр ас-Сыддык (Аллах ага ыразы болсун)
Халифалык кызматка киришип жатып элге
кайрылып сүйлөгөн сөзү:
"О, эл-журт!
Мен силердин үстүңөргө башкаруучу болуп коюлдум,
бирок силердин эң жакшыңар эмесмин, эгер мен
жакшы жолго баштасам жардам бергиле, ал жолдон
четке чыксам мени кайтаргыла.
Чынчылдык - ишеним, а калп - ишенимден
чыгуу...Эгер Аллах кааласа, мен анын укугун
коргогонго чейин силердин алсызынар мен үчүн
күчтүү болот, а силердин күчтүүңөр аны
башкалардын укугун мажбурлап болсо да
сактатканча мен үчүн алсыз болот.
Элде бузукулук таркаганда Аллах ал коомго балээ
жөнөтөт...
Силерге карата Аллахка жана Анын пайгамбарына
гана баш ийсем мага баш ийгиле.
Эгер Аллахтын жолунан тайсам, силер мага баш
ийүүгө милдеттүү эмессиңер... Намазга тургула,
Аллах силерди кечирсин! ".
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#435 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 03:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абышка-кемпирдин түтүн-булатканына алтымыш
жыл болду. Жашоонун бир караганга узун, бирок көз
ачып жумганча өтүп кеткен бул ирмемин экөө
ынтымак, бакыт менен өткөрүштү. "Казан аяк
кагышат" деп коёт эмеспи эл ичинде, булардын
казан аягы деле кагышкан жок. Мунун сыры эмнеде
деп ойлоп калдыңызбы? Мунун сыры кичинекей
темир сандыкчанын ичине катылган болчу. Баса,
абышка-кемпир эч качан сырларын жашырышчу
эмес. Алардын жашоосунда баары ачык болчу.
Болгону баягы эле кичинекей сандыкча сырдуу эле.
Ооба, ал абышкага гана сырдуу болчу. Колуктусу
босогосун аттаганда ошол сандыкчаны көтөрө
келген эле. Алгач анын кооздугуна суктанып, колуна
алып көрүү үчүн жанына барганда, жаш жубайы
акырын гана:
- Сүйүктүүм, бул менин сыр сандыгым, сизден
сураныч, мен уруксат бермейинче ага колуңузду
тийгизбеңиз, - деген жылмайып. Көөдөнүндө
жубайына болгон сүйүүсү ашып турган жигитке анын
сөзү мыйзамдай сезилген. Колун сандыкчага
жеткирбей акырын тартып алган. Ошол күндөн ушул
күнгө чейин сандыкты көзү менен гана карап
койгону болбосо, ага кол суна элек. Бир канча жолу
батынып анын сырын сурагысы келди, бирок "Мен
уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбеңиз"
деген жагымдуу үн кулагына жаңырып, жагымдуу
жаштыгы эсине түшүп кыялга батат да, сандыкты
эсинен чыгарып коёт. Мына андан бери арадан
алтымыш жыл өтсө да сандык сырдуу бойдон
турат.
* * *
Кемпирдин ооруусу күчөп, төшөккө жатып калды.
Табып көпкө чейин тамырын кармап, абышканын
кулагына: "Байбиче адам боло албайт, аркы-
беркисине камына бер" деп шыбырады. Абышка
кайгыга батты. Өмүрлүк жарыңды жаш кезиңде
канча сүйбө, канча жакшы көрбө андан ажыроо ал
кезде жеңил болот. "Катын жолдо, бала белде" дейт
эмеспи. Дагы бирөөнү таап аласың да, мурункусун
бат эле унутасың. Бирок, карыгандыкы кыйын экен.
Картайганда кемпирден жетим калгандан сактасын
Кудай. Абышканын муундары бошошуп кетти.
Сексендин сересине чыгып калса да, баскан-турганы
тың абышка, бир күндө өзүн таштап жиберди.
Керебетте кыймылсыз жаткан кемпир да өз абалын
билип калды. Абышкасынын колунан акырын сылап,
текчедеги сандыкчаны алып келүүсүн суранды.
Калтыраган колдору менен сандыкчаны кармап,
абышка кемпирге алып келди. "Ача бер" дегендей
белги берди кемпир, жылмайып. Абышка
сандыкчаны ачты. Кызык, сандыкчада кийизден
жасалган эки куурчак, бир баштык толо күмүш
тенгелер бар экен. Кемпир алсыз колдору менен
куурчактарды кармалап, абышканын суроолуу көз
карашына жооп кыла күбүрөдү:
- Мен сизге жаңы турмушка чыккан күнү чоң энем
мага насаатын айтты: "Эркек менен жашоо өткөрүү
абдан оор, эгер бүгүнкү чыгып жаткан сапарыңдын
ийигиликтүү болуусун кааласаң, менин бир
осуятымды өлөр-өлгөнчө аткарып өт" - деди ал. –
"Менин осуятым ушул: качан күйөөңө ачууң
келгенде кийизден бир куурчак жаса жана ачууңду
күйөөңө билдирбе, бир күн келет сен бул ишиңе
ыраазы болосуң". Мен чоң энемдин осуятын
аткарып, сизге ачууланган сайын бирден куурчак
жасап койчумун.
Кемпирдин жанатан берки икаясын угуп отурган
абышка азыр эле башына түшүп турган кайгыны
эсинен чыгарып, көздөрү күлмүңдөй түштү:
- Сен мага ушунча жылдын ичинде болгону эки эле
жолу ачууландыңбы, демек, мен татыктуу күйөө
боло алган турбаймынбы?
Ооба, абышка чындап эле кудуңдай түштү, анан
баштык толо теңгелерди колуна алып:
- А булардын сыры эмне, булар кайдан келген? –
деп сурады. Кемпирдин көздөрү жашылдана түштү,
жылмаюуга аракет кылды, үнү жанагыдан алсыз
чыкты:
- Булар ошол куурчактарды саткандан түшкөн акча.
Абышканын жанагы кубанычы суу сепкендей болду.
Кемпирдин алсыз колун кармап, көзүнө жаш алды.
Ушунчалык көп ачуусун басып, сабыр менен
жашаганына ыраазылык айтып, кечирим сурайын
деп кемпирине үңүлө карады. Бирок...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#436 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 14:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ибн Укайл шакирттерине сабак өтүп жатса бир кычы
адам келип, суроо узатып калды:
- Устазым, мен бир күндө бир канча жолу сууга
түшөм, ошого карабастан таза болдумбу, же
болбодумбу деп күмөн санап жүрөм, менин
намаздарым туура болуп жатабы же, туура эмеспи,
ушуга жооп берсеңиз?
- Сенин мойнуңдан намаз сакыт болуптур, намаз
окубай деле койсоң болот, - деди Ибн Укайл. Тиги
таң калып сурады:
- Эмне үчүн?
- Мен пайгамбарыбыздын бир хадисин билем, анда
"Үч түрдүү адамга күнөө жазылбайт: жинди адам
акыл-эсине келмейинче, уктап жаткан адам
ойгонмоюнча, жаш бала балакатка жетмейинче" деп
айтылган. Сага окшош бир күндө бир канча жолу
сууга түшүп, өзүнүн таза болгон-болбогонун билбеген
адам шек-күмөнсүз жинди экени анык.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#437 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Рамазан айы. Ооз ачар убакыт болуп күйөөсү менен
аялы дасторкондун айланасына олтурушту. Күйөөсү
алакан жайып дуба кылып, акырында жакын досу
үчүн да дуба кыла баштады:
- Оо, Жараткан Кудай, досума ыймандуу, сулуу, таза,
жакшы үй-бүлөөдөн тарбия алган жубай бергин...
Күйөөсү дагы улантмакчы болду эле кокустан аялы
тура калып анын колун ылдый түшүрө койду да:
- Досуңа, узун өмүр, кенен ырыскы тилебейсиңби
андан көрө? - деп сөзүн бөлдү. Таң калган күйөөсү
жакшы түшүнбөй жооп кайтарды:
- Ал азыр аялга гана муктаж болуп турат,
муктаждыгына дуба кылып жатпаймынбы?
- Жок, болду токтот дубаңды! - аялы эми чындап
эле кыйкырып жиберди. Күйөөсүнүн оозу ачылган
бойдон, таң калып сурады:
- Эмнеге досума дуба кылдыра койбойсуң?
- Бир мусулман экинчи мусулманга дуба кылган
кезде, периштелер "сага да ушундай болсун" деп
кошумчалап турарын билбейсиңби? ! – деди аялы
ачуусун баса албай. Кептин төркүнү кайда жатканын
эми түшүнгөн күйөөсү каткырып күлүп жиберди.
Анын каткырыгы азыр эле ачуусу бетине чыгып
турган аялдын жүрөгүн жибитип ал да каткыра
баштады. Ооз ачаардагы кубанычтын үстүнө
кубаныч кошулуп, жубайлар тамакка киришти.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#438 Пользователь офлайн   kanat4ik   26 Январь 2015 - 15:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күйөөсү менен аялы абдан кедей жашачу. Бирок,
башка тартса бутка, бутка тартса башка жетпеген
кедейчилик алардын ынтымагын буза алган жок.
Алар абдан ынтымактуу жашоо кечирчү. Бир түнү
аялы күйөөсүнө эркелей карап:
- Жаным, чачым чатышып аябай жүдөп кеттим, мага
бир тарак сатып бере аласыңбы? – деп суранып
калды. Күйөөсү оор үшкүрүп:
- Жаным, бир аз сабыр кыла тур, ал эмес саатыма
боо ала албай жүрөм, - деп жооп кайтарды.
Акылдуу аял сөзүн экинчи жолу кайталаган жок.
Жубайлар өз ойлору менен көпкө алп урушуп жатып
уктап кетишти.
Эртеси эртең менен күйөөсү жумушка кетти. Түшкө
чейин жумушун бүткөрүп, шашып-бушуп базарга
барды да, жарыбаган акчага боосу жок саатын
сатып, жакшынакай тарак сатып алып, үйүнө
шашылды. Үйүнө кубанычы койнуна батпай келген
күйөөсүн аялы да кубануу менен тосуп турган экен.
Бирок, экөө бири-бирин көрөр замат жүздөрү
томсоро түштү. Аялы босогодо турат. Чачы түбүнөн
кыркылган. Колунда саатка боо. Күйөөсү да
босогодо. Колунда тарак. Экөө тең бир азга селейе
катып калышты да, анан көз карегине айлана
түшкөн көз жаштарын бири-биринен жашырып,
кучакташып калышты. Дүкүлдөп соккон жүрөктөр
бул эки жан бири-бири үчүн өлүмгө да даяр экенин
айтып жаткансып дүкө-дүк, дүкө-дүк кагып
жатты...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#439 Пользователь офлайн   samina86   30 Январь 2015 - 03:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

Просмотр сообщения dina (04 Октябрь 2014 - 04:29) жазган:

Кудай менен болгон маек<br>Бир жолу түш көрдүм, түшүмдө кудайдан интервью алып жатыпмын.< br>Кудай: " сен менден интервью алгын келдиби?" деп сурады.<br> Мен: Эгер убактын болсо?<br> Кудай жылмайып: "менин убактым бул Түбөлүктүүлүк" деди.<br>Кудай: "кандай сурооң бар?" деп сурады.<br> Мен: Адам баласында сени эмне көп таң калтырат? дедим<br>Кудай: "Алар бала кезинде чонойгонго шашышат, а чоңойгондо кайра&nbsp; балалыгын кыялданышат. <br>Алар жаштыгында& nbsp; акча табуу үчүн ден соолуктарынан ажырашат, каарыганда ден соолук таппай баардык акчасын коротушат. <br>Алар келечек жөнүнө кыялдануу менен көп убакытын өлтүрүшөт, ошол учурдагы жашоосун унутуп калып учурду да, келечекти да сезбей өткөрүшөт. <br>Алар эч качан өлбөчүдөй жашашат, а өлөрдө эч качан жашабагандай өлүшөт" деп айтты.<br> Ал колдору менен колумду кармап үнсүз турду...<br> Мен: Жаратуучу катары балдарына эмне айта аласың - деп сурадым.<br> Кудай: "Алар өздөрүн сүйдүрүш үчүн эч кимди мажбурлай албайт, алар өздөрүн жөн гана сүйкүмдүү көрсөтө аларын билишсин. <br>Өздөрүн башкага салыштырган жакшы эмес экенин унутушпасын. Кечиримүүлүктү үйрөнүп, кечиришсин. <br>Сүйүктүү адамдын жүрөгүн жаралоо бир канча секундда, ал эми жарадар жүрөктүү айыктырууга жылдар кетерин эстеринен чынарышпасын. <br>Кимде көп болсо ал бай эмес,&nbsp; аз нерсеге муктаж болгон адам бай. <br>Аларды абдан сүйгөн адамдар бар, болгону ал адамдар өз сезимдерин айтканды үйрөнө элек экенин эстеринен чыгарбасын. <br>Эки адам бир учурда бир эле нерсени карап, бирок эки башка нерсени көрүшү мүмкүн. <br>Бири бирин кечирүү жетишсиз, өзүн да кечире билсин" деп айтты.<br> Мен: убактынды бөлгөнүңө рахмат, дагы барбы айтчу сөзүң дедим.<br> Кудай: "Мен ар дайым алардын жанындамын, алар менен биргемин" деп жылмайды.< br><br><br> Интернеттен алып которуп койдум, автору белгисиз.
. Мындай нерселерди жазбагыла кудай менен маек болбойт пайгамбарларда алейхи саламдар АЛЛАХ менен туздон туз суйлошушкон эмес периште аркылуу суйлошушкон. жазганыбызга суйлогонубузго ойлогонубузга да жооп беребиз ошон учун жазат деселе жаза бербей
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#440 Пользователь офлайн   kerakg   31 Январь 2015 - 12:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

kanat4ik " мен кыргыздын кулунумун" деген жогорудагы билдируун кызык экен ага кошумчалай кетейин.
Сулайман пайгамбардын (алейхиссалам) жылкы тукумуна болгон ынактыгы. Куранда айтат биздин тилде " Анан кечке жуук ага асыл тукум, кулук аттар корсртулду, ( Мен жылкыга болгон ыныктыгым Роббимди тушунуу учун тандадым) Аларды кайра мага алып келгиле ! деди. Анан аларды боорунан, сыйда жалынан сылай баштады. (Сад,31,33)
Мен Роббимдин ысымын эстоо, Анын ыраазылыгын табуу жа Анын ысымын жайуу учун дуйне мулкун суйдум, бул суйуу напсим учун эмес ! деген экен.
Жылкы баласы алмустактан бери жоокерлерди каармандыкка, женишке жа мартабага суроген. Кабарларды шамал мн жарыша жеткирип, суйунчуге жакшы жышаан болгон жаныбар. Кыргыздын кулунумун деген ошондон айтылып келет.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 07:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: