Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#441 Пользователь офлайн   baktyluu_bolom   31 Январь 2015 - 16:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 148
  • Катталган: 23 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Апр 2016 20:22
  • Жынысы:Аялзаты

КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕК
Терезеден жаңы башталган
жаздын жыты коштогон жел
кирип, кыздын чачын акырын
сылап өттү. Сыдырым жел,
салкын аба, жаңы гана ачыла
баштаган бактардын жыпар
жыты, аркы аянтчада ойноп
жүрүшкөн наристелердин
кыраан-каткырык күлкүлөрү,
бак ичинде муңкана сайраган
кандайдыр бир канаттуунун
мукам үнү кимдин болбосун
көңүлүн көтөрбөй койбойт.
Бирок, кызга булардын баары
жагымсыздай сезилди. Ал
ыйлап отурду. Ал өзүн эң бир
бактысыз, байкуш сезип
отурду. Эгерде адамга
бакытты, өң-түс, кебете-
кешпир же мал-мүлк алып
келчү болсо, анда кыз эч
качан өзүн бактысыз деп
эсептемек эмес. Кыздын бой-
келбетинде да өңү-түсүндө да
айыбы жок эле. Анын апакай
беттеринен нур төгүлүп, жазы
маңдайынан куюлуп келип
токтоп калгансыган кырдач
мурду, ичке ийим кара
каштарына куп жарашкан
музоо кирпик бакырайган
кара көздөрү, оймоктой оозу,
кыздын сулуулугун айгинелеп
турчуу. Анын ак куудай
койкойгон узун моюну,
суйкайган денесине дал
келип, назик, мукамдуу үнү,
ийкемдүү кыймылы
сулуулуктун символу сыйяктуу
көрүнчү. Бирок, Жараткан
тартуулаган бул сулуулук
кызды бактылуу кыла албады.
Кыздын атасы да, апасы да
жакшы жумушта
иштегендиктен, ал эч нерсеге
муктаж болбой чоңойду.
Кедейлик, муктаждык эмне
экенин билбеген бай
турмушта, ата-эненин, бир
туугандардын маңдайында
жыргап жашаса да, ал өзүн
бактылуу сезе албады. Анын
бактысына жол тоскон,
көптөн бери аткарылбай
жүргөн бир гана тилеги бар.
Ал өзүнүн балалык тунук
сезиминде, таза, аруу
жашоону максат кылчу. Бул
жарык дүйнөгө жөндөн-жөн
эле жаралып калбагандыгын,
бул кыска дүйнөдө кимдир
бирөөнүн тартибине баш
ийип, ак, таза жашап өтүү
керек экенин жүрөк
тереңинде сезип турчу.
Чоңдордун кандайдыр бир
максатсыз, баш аламан
жашоосуна акылы жетпей,
алардын ар кандай жаман
иштерди жасап жатканына
таң калчу. Кийинчерээк бир аз
бой тартып, акылы толо
баштаганда, адамдардын бул
жашоодогу максаттарын
билбей жөн эле күн өткөрүп
жатышканын билсе да, эмне
үчүн чоң эле адамдар
ушундай акылсыз болоруна
көпкө чейин түшүнө албай
жүрдү. Акыры, акыйкат
жашоону башкадан издебей,
өзүнөн баштоо керек
экендигин сезип-билди.
Өзүнүн дене-мүчөсүнө
башкалардын суктана карап
калганын көргөн сайын,
итиркейи келип, аларды жек
көрчү. Эми аларды жек
көрбөй, аларга денесин
көрсөтүп ачык жүргөн өзүн
жек көрө баштады.
Дене-башын жаап жүрүүнү
каалаганын биринчи эле жолу
апасына айтканда андан
катуу кагуу жеди. Азыр
түшүнбөй жатат го анан макул
болоор деген кыздын ою
ишке ашпай ушул күнгө дейре
максатына жете элек. Алгач
атасы, апасы, бир туугандары
баары бир ооздон каршы
болушту. Анан кызынын
талыбаган көк беттигинен
тажадыбы, же кызынын
айтканында кандайдыр бир
чындыктын бар экенин
сездиби, атасы: «эмне кылсаң
ошо кыл» - деп кол шилтеп
койду. Бир туугандары болсо,
сенин кандай кийингениңдин
бизге эмне тиешеси бар
дегенсип бул маселеге көп
аралашпай калышты. Өз сөзүн
бербей катуу каршы болгон
апасы гана калды. Эненин
сөзүн эки кыла албаган кыз,
ортодо чүнчүп кыйналып
кетти. Бирөөлөр аны караган
сайын жан дүйнөсү тарып,
өзүн күнөөкөр сезет. Эмне
үчүн менин денемди
башкалар көрүүсү керек? Бул
жеткен адилетсиздик эмеспи -
деп ойлойт ичинен. Бирок
мындан кутулуунун жолун
таба албайт. Өзүнү төрөгөн,
багып чоңойткон, эч нерседен
кем кылбай өстүргөн апасына
каршы тура албайт. Ага канча
жолу түшүндүрсө да,
түшүнгүсү келбедиби, же
чындап эле түшүнө албадыбы,
айтор такыр көнбөй койду.
Эне менен кыздын тирешүүсү,
эненин ачууланган
кыйкырыгы, кыздын
шолоктогон ыйы менен гана
аяктачу болду.
Кыз бүгүн да ошол үчүн ыйлап
отурат. Бирок ал апасынын
каршылыгына эмес, апасына
катуурак сүйлөп койгондугуна
өкүнүп ыйлады.
Сөздү алгач апасы баштаган:
- Туулган күнүңө эмне
каалайсың кызым, мен
жумуштан чыгып сага белек
ала келейин. Чындыгында кыз
туулган күнү келип калганын
да билген эмес экен:
- Чын эле туулган күнүм келип
калдыбы – деп чочуп кетти ал.
- Акылыңдан айнып
баратасың десем,
ишенбейсиң – деди апасы, -
карачы эми туулган күнүңдү
да унутуп калыпсың.
- Ырахмат апке эстетип
койгонуңузга – деди кыз
апасынын бетинен өөп, анан
апасына эркелей кулагына
эңкейди да акырын гана: -
апке мага жоолук анан хижаб
сатып берчи – деди жалооруй.
Жанатан бери күлүп-жайнап
отурган апасынын түрү дароо
өзгөрө түштү. Ийнине асылган
кызын ары түртүп:
- Тапкан экенсиң алчу
нерсени, жакшы эле бир
нерсени айтат десе, дагы
баягысын баштайт – деди
ачуулана.
- Өзүңүз сурабадыңызбы, мен
каалаганымды айттым да –
кызы күнөөлүүдөй мостойо
түштү.
- Экинчи бул жөнүндө ооз
ачпа, кемпирлердей болуп
далбырап, карзың барбы аны
кийгенге, кыздын кыздай эле
болгону жакшы.
- Мен дагы ошол кыздай
болоюн деп атпаймынбы,
кайдагы эркектердин киймин
кийбей - деп кызы да өз оюн
берген жок.
- Элдин баары эле ошентип
жүрүшпөйбү, сен эле
жашабай жатып молдо
болосуң, азыр мен айтканды
кийесиң, мен өлгөндөн кийин
мага демектен оронуп-
чулганып жатып кал – апасы
чындап эле ачуулана
баштады.
- А кокустан сизден мурда мен
өлүп калсамчы, ушунча күнөө
менен менин абалым кандай
болот.
- Ой болдучу эми башты
оорутпай, эркелетип унчукпай
койсо чектен ашып баратасың
– апасы ордунан тура калып
кыйкырып кирди: - жоготкун
тээтиги албырап-салбыраган
юбкаларыңды, бүгүндөн
баштап мен бергенди гана
киесиң, кыска юбка, топик
сатып келем, ашыкча сөзүңдү
токтот.
- Биротоло Моссоветтен орун
ала келиңиз анда, – оозунан
кандай сөз чыгып кеткенин
кыз сезбей калды. Кызынын
жаагына чак эттире чаап
алганын эне да билбей калды.
Азыркы ызы-чууну ап эттире
сугунуп алгансып бөлмө ичи
бир азга тунжурай түштү. Оор
жымжырттыкты шолоктоп
ыйлаган кыз менен бышактап
ыйлаган эненин үнү бузду.
Андан ары сөз уланбай,
кызына кол тийгизип
алганына өкүнүп ыйлаган эне
жумушуна кетти да, энесине
катуу сүйлөп алганына өкүнүп
ыйлаган кыз үйдө калды.
Апасы чыгып кеткенден кийин
кыз көпкө ыйлады. Бүт
арманын көз жашынан
чыгарып ыйлап-ыйлап алды
да бир аз жеңилдегенсип
калды. Кызарып шишиген
көздөрү менен терезеге
үңүлүп ойлонуп отурду. Болду
деди ичинен, эми апасына эч
качан катуу айтпайт. Бүгүнкү
кылганы үчүн сөзсүз кечирим
суроо керек. Кечирет болду
бекен, эне го, эне баласын
кантип кечирбесин. – Оо
Кудай, мени кечире көр –
деди кыз эринин кыбыратып.
- Эми анын гана айтканын
кылам. Эмнени алып келсе да
кием. Кыз андан өзүн токтото
албай дагы шолоктоп, бир
топко чейин отуруп араң
басылгансыды.
Эненин көңүлү жумушка
келгенде да ачылбады. Эмнеге
уруп жибердим экен деп
ойлонду өзүнчө, капа болуп
калды го бойго жеткен эме.
Кечирим сурап койсом унутуп
калаар, эстүү кыз эмеспи
кантсе да. Өзүн-өзү
тынчтандырган менен көңүлү
жайланбай туруп алды. Эмне
эле ушул кийимге кызыгат
билбейм, же бир билгени
барбы? Эненин башы ооруп
кыйналып кетти. Эки-үч
пациентти кабыл алды да,
жумуштан суранып кетмекчи
болуп, жаңы эле туруп
жөнөгөндө, бир аял кирип
келди.
- Эже мен азыр кетип атам,
бир аздан кийин башка врач
келет ошого кайрылыңыз-
деди ага карап.
- Жок айнанайын, мен өтө
зарылмын бир азга тура
турсаңчы, мен кызымды алып
келдим эле - деп жалдырап
өтүндү тиги. Энени эне кантип
түшүнбөсүн, ыйдан кызарып
шишиген көзүн, кайгылуу
жүзүн көрүп туруп жок дей
алган жок. Эми эле чечкен
халатын кайра кийип, ордуна
жөнөдү. Анын отуруусун
күтпөстөн эле:
- Ай мен куруюн, мен куруюн
– деп ыйлай баштады тиги.
Эмнени айтып жатканына
түшүнбөй:
- Эже жайыраак айтчы, деги
эмне болду – деди таңыркап.
Тиги дагы эл токтоно албай:
- Ушул күндү көргөнчө өлсөм
жакшы болмок, эми эл эмне
дейт кокуй, өлдүм мен,
тирүүлөй өлдүм – деп
шолоктой берди.
- Эже мен сиздин ыйыңызды
укканга зар эмесмин, өзүмдүн
кайгым деле жетишет,
айтпайсыңбы эмнеге
келгениңди. Аял бир аз өзүн
токтотуп:
- Кызым өлүптүр, биз аны окуп
жүрөт деп жүрө бериппиз, ал
окуудан да жок, башкадан да
жок көчөдө калыптыр, алты
айлык боюнда бар экен,
анысын жашырып жүрө
бериптир, эми бир нерсе
кылып бербесең болбойт
кокуй. Иштин чоо-жайы эми
түшүнүктүү болду.
- Эже мен врачтык
милдетимди аткарам, бирок
алты айлык деген өтө кыйын
болот да аны алдыруунун
кереги жок го деймин. Врачты
сүйлөтө кобой эле:
- Жок айнанайын, алты эмес
тогуз болсо да алып сала көр,
атасы укса, бир туугандары
укса өлдүк анда – деп
жалдырады аял.
- Эже сиз туура түшүнүңүз, бул
ден соолукка өтө зыяндуу,
анын үстүнө балага да убал
болот го.
- Кандай кылсаң да жардам
бербесең болбойт, жерге
киргир десе баарына мен
күнөөлүмүн, жакшыраак
тарбия бербей, элдин
кыздары жакшына эле окуп
жатышат. Кыска юбка кийип,
башы-көзүн боёгулап
калганда эле бир
жамандыкты сезгем. Анын
андан аркы сөздөрү кулак
сыртында калып, кызы менен
болгон бүгүнкү окуя кайра
эсине түштү. Кызык, бирөөгө
кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө
деген ушул бейм, бул эне
кызынын жаман чыкканына
өкүнүп ыйлап отурса, мен
кызымдын жакшы жолго
басканына өкүнөм. Бала
жакшы болсо бала, жаман
болсо балээ деген ушул тура,
кызым акылсыз болсо бул
эненин ордунда мен дагы
отурмакмын да кан жутуп -
деп ойго бата түшкөндө:
- Ой эмне эле эсейип калдың –
деген аялдын үнү оюну бузуп
жиберди: - акчаны ашыгы
менен берем, бир нерсе
кылып жасап бере гой – деп,
кол сумкасын ача баштады ал.
- Мага эч нерсенин кереги жок
эже, акча да албаймын
жасабаймын дагы, азыр
менин ордума башка врач
келет ошону менен сүйлөшүп
көрүңүз – деди да анын
сөзүнө кулак салбастан
кийинип сыртка жөнөдү.
Каридордун ортосуна чейин
чуркап барды да, бир
нерсесин унутуп калгандай
кайра чуркады. Эшик алдында
эмне кыларын билбей
селейип турган жанагы аялга
келип:
- Эже сизге чоң ырахмат,
сиздин жакшылыгыңызды эч
качан унутпаймын – деп
кучактап бетинен чоп эттирие
бир өөп кайра чуркап кетти.
Эмне болуп кеткенине
түшүнбөй калган аял,- «Мен
эле айнып калганмынбы
десем бул да айныган эме го»
- деп отуруп калды.
Энеси кол баштыгын көтөрүп
кирер замат кызы чуркап
келип, баштыгын колунан
алып жерге таштай койду да:
- Апаке мени кечирип койчу,
байкабастан катуу сүйлөп
алыпмын – деди эркелей.
Эненин жүрөгү элжиреп кетти.
Көзүнөн сызыла чыккан
жашты кызына байкатпай
сүртө калды да:
- Мен сенден кечирим
сурайын деп келгем,
таарынып калдың го, экинчи
сага колум тийсе куруп
калайын – деди калтаарыган
үнү менен.
- Койуңузчу апаке, мени
өлтүрсөңүз да сизге
таарынбайм.
- Алтыным менин, сендей
кыздуу болгон тагдырыма
ыраазымын. Сен менин
көзүмдү ачтың. Сен болбосоң
балким көр бойдон жүрүп
өтүп кетмекмин. Эне кызынын
алдындагы күнөөсүн сезди,
кемчилигин моюнуна алды. –
Баса унутуп баратканымды
кара, туулган күнүңө белек
алып келгем. Толкунданган
эне шашыла жерде жаткан
кол баштыктан шылдыраган
жалтырак кагазга оролгон
кийимдидерди алып чыга
баштады. Бою менен тең
суналган узун хижабты,
үлпүлдөгөн жибек жоолукту
көргөндө кыздын көздөрү
жайнап кетти.
- Апаке, апкем менин – кыз
андан башка сөз айтууга күчү
жетпеди, апасын катуу
кучактап адатынча шолоктоп
ыйлай баштады. Апасына
чексиз ыраазы экендигин,
анын көңүлүн көтөрө турган
жакшы-жакшы сөздөрдү
айткысы келди, бирок көөп
калган өпкөсүн баса албай
ыйлай берди.
- Эмне болот, болду эми- деди
апасы акыры чыдабай кетип, -
андан көрө мобуну карачы
кандай экен. Ал дагы бир
хижаб менен жоолукту
кызына көрсөтө баштады.
-Апаке, мага азырынча бирөө
эле жетет эле, албай эле
койсоңуз болмок – деди кызы
мукактанып.
- Муну сага алды деп ким
айтты – энеси кызын сынай
карады да, сөзүн улады: - муну
мен өзүм кийем.
Эне менен кыз кайрадан
кучакташып калышты. Көптөн
бери ыйманга суусап жүргөн
кыздын түрсүлдөп соккон
жүрөгүнөн: « мына, сен
жашоодогу максатыңа
жеттиң, сени эки дүйнөдө
бактылуу кылуучу жолду эми
таптың» - деген үндү угуп
жаткансыды эненин сезимтал
жүрөгү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#442 Пользователь офлайн   happyflower   01 Февраль 2015 - 02:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 11 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Авг 2021 16:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где Ред Бен!

Ассолому алейкум! Урматтуу Румайка5544, Канатчик, Сестра ж.б жалпы ушул болумго жазуучулар Аллах сиздердбен ыраазы бн. Ылайым калеминиздер ку рчуп, котормочулук жондомунуздор жогорулай берсин. Бул жазган баалуу окуяныздар кимдир бироонун бутундой озгоруусуно оболго тузоорун унутпаныздар! Дагы бир жолу Аллах ыраазы бн!
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#443 Пользователь офлайн   samina86   01 Февраль 2015 - 12:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

Просмотр сообщения baktyluu_bolom (31 Январь 2015 - 16:53) жазган:

КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕК
Терезеден жаңы башталган
жаздын жыты коштогон жел
кирип, кыздын чачын акырын
сылап өттү. Сыдырым жел,
салкын аба, жаңы гана ачыла
баштаган бактардын жыпар
жыты, аркы аянтчада ойноп
жүрүшкөн наристелердин
кыраан-каткырык күлкүлөрү,
бак ичинде муңкана сайраган
кандайдыр бир канаттуунун
мукам үнү кимдин болбосун
көңүлүн көтөрбөй койбойт.
Бирок, кызга булардын баары
жагымсыздай сезилди. Ал
ыйлап отурду. Ал өзүн эң бир
бактысыз, байкуш сезип
отурду. Эгерде адамга
бакытты, өң-түс, кебете-
кешпир же мал-мүлк алып
келчү болсо, анда кыз эч
качан өзүн бактысыз деп
эсептемек эмес. Кыздын бой-
келбетинде да өңү-түсүндө да
айыбы жок эле. Анын апакай
беттеринен нур төгүлүп, жазы
маңдайынан куюлуп келип
токтоп калгансыган кырдач
мурду, ичке ийим кара
каштарына куп жарашкан
музоо кирпик бакырайган
кара көздөрү, оймоктой оозу,
кыздын сулуулугун айгинелеп
турчуу. Анын ак куудай
койкойгон узун моюну,
суйкайган денесине дал
келип, назик, мукамдуу үнү,
ийкемдүү кыймылы
сулуулуктун символу сыйяктуу
көрүнчү. Бирок, Жараткан
тартуулаган бул сулуулук
кызды бактылуу кыла албады.
Кыздын атасы да, апасы да
жакшы жумушта
иштегендиктен, ал эч нерсеге
муктаж болбой чоңойду.
Кедейлик, муктаждык эмне
экенин билбеген бай
турмушта, ата-эненин, бир
туугандардын маңдайында
жыргап жашаса да, ал өзүн
бактылуу сезе албады. Анын
бактысына жол тоскон,
көптөн бери аткарылбай
жүргөн бир гана тилеги бар.
Ал өзүнүн балалык тунук
сезиминде, таза, аруу
жашоону максат кылчу. Бул
жарык дүйнөгө жөндөн-жөн
эле жаралып калбагандыгын,
бул кыска дүйнөдө кимдир
бирөөнүн тартибине баш
ийип, ак, таза жашап өтүү
керек экенин жүрөк
тереңинде сезип турчу.
Чоңдордун кандайдыр бир
максатсыз, баш аламан
жашоосуна акылы жетпей,
алардын ар кандай жаман
иштерди жасап жатканына
таң калчу. Кийинчерээк бир аз
бой тартып, акылы толо
баштаганда, адамдардын бул
жашоодогу максаттарын
билбей жөн эле күн өткөрүп
жатышканын билсе да, эмне
үчүн чоң эле адамдар
ушундай акылсыз болоруна
көпкө чейин түшүнө албай
жүрдү. Акыры, акыйкат
жашоону башкадан издебей,
өзүнөн баштоо керек
экендигин сезип-билди.
Өзүнүн дене-мүчөсүнө
башкалардын суктана карап
калганын көргөн сайын,
итиркейи келип, аларды жек
көрчү. Эми аларды жек
көрбөй, аларга денесин
көрсөтүп ачык жүргөн өзүн
жек көрө баштады.
Дене-башын жаап жүрүүнү
каалаганын биринчи эле жолу
апасына айтканда андан
катуу кагуу жеди. Азыр
түшүнбөй жатат го анан макул
болоор деген кыздын ою
ишке ашпай ушул күнгө дейре
максатына жете элек. Алгач
атасы, апасы, бир туугандары
баары бир ооздон каршы
болушту. Анан кызынын
талыбаган көк беттигинен
тажадыбы, же кызынын
айтканында кандайдыр бир
чындыктын бар экенин
сездиби, атасы: «эмне кылсаң
ошо кыл» - деп кол шилтеп
койду. Бир туугандары болсо,
сенин кандай кийингениңдин
бизге эмне тиешеси бар
дегенсип бул маселеге көп
аралашпай калышты. Өз сөзүн
бербей катуу каршы болгон
апасы гана калды. Эненин
сөзүн эки кыла албаган кыз,
ортодо чүнчүп кыйналып
кетти. Бирөөлөр аны караган
сайын жан дүйнөсү тарып,
өзүн күнөөкөр сезет. Эмне
үчүн менин денемди
башкалар көрүүсү керек? Бул
жеткен адилетсиздик эмеспи -
деп ойлойт ичинен. Бирок
мындан кутулуунун жолун
таба албайт. Өзүнү төрөгөн,
багып чоңойткон, эч нерседен
кем кылбай өстүргөн апасына
каршы тура албайт. Ага канча
жолу түшүндүрсө да,
түшүнгүсү келбедиби, же
чындап эле түшүнө албадыбы,
айтор такыр көнбөй койду.
Эне менен кыздын тирешүүсү,
эненин ачууланган
кыйкырыгы, кыздын
шолоктогон ыйы менен гана
аяктачу болду.
Кыз бүгүн да ошол үчүн ыйлап
отурат. Бирок ал апасынын
каршылыгына эмес, апасына
катуурак сүйлөп койгондугуна
өкүнүп ыйлады.
Сөздү алгач апасы баштаган:
- Туулган күнүңө эмне
каалайсың кызым, мен
жумуштан чыгып сага белек
ала келейин. Чындыгында кыз
туулган күнү келип калганын
да билген эмес экен:
- Чын эле туулган күнүм келип
калдыбы – деп чочуп кетти ал.
- Акылыңдан айнып
баратасың десем,
ишенбейсиң – деди апасы, -
карачы эми туулган күнүңдү
да унутуп калыпсың.
- Ырахмат апке эстетип
койгонуңузга – деди кыз
апасынын бетинен өөп, анан
апасына эркелей кулагына
эңкейди да акырын гана: -
апке мага жоолук анан хижаб
сатып берчи – деди жалооруй.
Жанатан бери күлүп-жайнап
отурган апасынын түрү дароо
өзгөрө түштү. Ийнине асылган
кызын ары түртүп:
- Тапкан экенсиң алчу
нерсени, жакшы эле бир
нерсени айтат десе, дагы
баягысын баштайт – деди
ачуулана.
- Өзүңүз сурабадыңызбы, мен
каалаганымды айттым да –
кызы күнөөлүүдөй мостойо
түштү.
- Экинчи бул жөнүндө ооз
ачпа, кемпирлердей болуп
далбырап, карзың барбы аны
кийгенге, кыздын кыздай эле
болгону жакшы.
- Мен дагы ошол кыздай
болоюн деп атпаймынбы,
кайдагы эркектердин киймин
кийбей - деп кызы да өз оюн
берген жок.
- Элдин баары эле ошентип
жүрүшпөйбү, сен эле
жашабай жатып молдо
болосуң, азыр мен айтканды
кийесиң, мен өлгөндөн кийин
мага демектен оронуп-
чулганып жатып кал – апасы
чындап эле ачуулана
баштады.
- А кокустан сизден мурда мен
өлүп калсамчы, ушунча күнөө
менен менин абалым кандай
болот.
- Ой болдучу эми башты
оорутпай, эркелетип унчукпай
койсо чектен ашып баратасың
– апасы ордунан тура калып
кыйкырып кирди: - жоготкун
тээтиги албырап-салбыраган
юбкаларыңды, бүгүндөн
баштап мен бергенди гана
киесиң, кыска юбка, топик
сатып келем, ашыкча сөзүңдү
токтот.
- Биротоло Моссоветтен орун
ала келиңиз анда, – оозунан
кандай сөз чыгып кеткенин
кыз сезбей калды. Кызынын
жаагына чак эттире чаап
алганын эне да билбей калды.
Азыркы ызы-чууну ап эттире
сугунуп алгансып бөлмө ичи
бир азга тунжурай түштү. Оор
жымжырттыкты шолоктоп
ыйлаган кыз менен бышактап
ыйлаган эненин үнү бузду.
Андан ары сөз уланбай,
кызына кол тийгизип
алганына өкүнүп ыйлаган эне
жумушуна кетти да, энесине
катуу сүйлөп алганына өкүнүп
ыйлаган кыз үйдө калды.
Апасы чыгып кеткенден кийин
кыз көпкө ыйлады. Бүт
арманын көз жашынан
чыгарып ыйлап-ыйлап алды
да бир аз жеңилдегенсип
калды. Кызарып шишиген
көздөрү менен терезеге
үңүлүп ойлонуп отурду. Болду
деди ичинен, эми апасына эч
качан катуу айтпайт. Бүгүнкү
кылганы үчүн сөзсүз кечирим
суроо керек. Кечирет болду
бекен, эне го, эне баласын
кантип кечирбесин. – Оо
Кудай, мени кечире көр –
деди кыз эринин кыбыратып.
- Эми анын гана айтканын
кылам. Эмнени алып келсе да
кием. Кыз андан өзүн токтото
албай дагы шолоктоп, бир
топко чейин отуруп араң
басылгансыды.
Эненин көңүлү жумушка
келгенде да ачылбады. Эмнеге
уруп жибердим экен деп
ойлонду өзүнчө, капа болуп
калды го бойго жеткен эме.
Кечирим сурап койсом унутуп
калаар, эстүү кыз эмеспи
кантсе да. Өзүн-өзү
тынчтандырган менен көңүлү
жайланбай туруп алды. Эмне
эле ушул кийимге кызыгат
билбейм, же бир билгени
барбы? Эненин башы ооруп
кыйналып кетти. Эки-үч
пациентти кабыл алды да,
жумуштан суранып кетмекчи
болуп, жаңы эле туруп
жөнөгөндө, бир аял кирип
келди.
- Эже мен азыр кетип атам,
бир аздан кийин башка врач
келет ошого кайрылыңыз-
деди ага карап.
- Жок айнанайын, мен өтө
зарылмын бир азга тура
турсаңчы, мен кызымды алып
келдим эле - деп жалдырап
өтүндү тиги. Энени эне кантип
түшүнбөсүн, ыйдан кызарып
шишиген көзүн, кайгылуу
жүзүн көрүп туруп жок дей
алган жок. Эми эле чечкен
халатын кайра кийип, ордуна
жөнөдү. Анын отуруусун
күтпөстөн эле:
- Ай мен куруюн, мен куруюн
– деп ыйлай баштады тиги.
Эмнени айтып жатканына
түшүнбөй:
- Эже жайыраак айтчы, деги
эмне болду – деди таңыркап.
Тиги дагы эл токтоно албай:
- Ушул күндү көргөнчө өлсөм
жакшы болмок, эми эл эмне
дейт кокуй, өлдүм мен,
тирүүлөй өлдүм – деп
шолоктой берди.
- Эже мен сиздин ыйыңызды
укканга зар эмесмин, өзүмдүн
кайгым деле жетишет,
айтпайсыңбы эмнеге
келгениңди. Аял бир аз өзүн
токтотуп:
- Кызым өлүптүр, биз аны окуп
жүрөт деп жүрө бериппиз, ал
окуудан да жок, башкадан да
жок көчөдө калыптыр, алты
айлык боюнда бар экен,
анысын жашырып жүрө
бериптир, эми бир нерсе
кылып бербесең болбойт
кокуй. Иштин чоо-жайы эми
түшүнүктүү болду.
- Эже мен врачтык
милдетимди аткарам, бирок
алты айлык деген өтө кыйын
болот да аны алдыруунун
кереги жок го деймин. Врачты
сүйлөтө кобой эле:
- Жок айнанайын, алты эмес
тогуз болсо да алып сала көр,
атасы укса, бир туугандары
укса өлдүк анда – деп
жалдырады аял.
- Эже сиз туура түшүнүңүз, бул
ден соолукка өтө зыяндуу,
анын үстүнө балага да убал
болот го.
- Кандай кылсаң да жардам
бербесең болбойт, жерге
киргир десе баарына мен
күнөөлүмүн, жакшыраак
тарбия бербей, элдин
кыздары жакшына эле окуп
жатышат. Кыска юбка кийип,
башы-көзүн боёгулап
калганда эле бир
жамандыкты сезгем. Анын
андан аркы сөздөрү кулак
сыртында калып, кызы менен
болгон бүгүнкү окуя кайра
эсине түштү. Кызык, бирөөгө
кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө
деген ушул бейм, бул эне
кызынын жаман чыкканына
өкүнүп ыйлап отурса, мен
кызымдын жакшы жолго
басканына өкүнөм. Бала
жакшы болсо бала, жаман
болсо балээ деген ушул тура,
кызым акылсыз болсо бул
эненин ордунда мен дагы
отурмакмын да кан жутуп -
деп ойго бата түшкөндө:
- Ой эмне эле эсейип калдың –
деген аялдын үнү оюну бузуп
жиберди: - акчаны ашыгы
менен берем, бир нерсе
кылып жасап бере гой – деп,
кол сумкасын ача баштады ал.
- Мага эч нерсенин кереги жок
эже, акча да албаймын
жасабаймын дагы, азыр
менин ордума башка врач
келет ошону менен сүйлөшүп
көрүңүз – деди да анын
сөзүнө кулак салбастан
кийинип сыртка жөнөдү.
Каридордун ортосуна чейин
чуркап барды да, бир
нерсесин унутуп калгандай
кайра чуркады. Эшик алдында
эмне кыларын билбей
селейип турган жанагы аялга
келип:
- Эже сизге чоң ырахмат,
сиздин жакшылыгыңызды эч
качан унутпаймын – деп
кучактап бетинен чоп эттирие
бир өөп кайра чуркап кетти.
Эмне болуп кеткенине
түшүнбөй калган аял,- «Мен
эле айнып калганмынбы
десем бул да айныган эме го»
- деп отуруп калды.
Энеси кол баштыгын көтөрүп
кирер замат кызы чуркап
келип, баштыгын колунан
алып жерге таштай койду да:
- Апаке мени кечирип койчу,
байкабастан катуу сүйлөп
алыпмын – деди эркелей.
Эненин жүрөгү элжиреп кетти.
Көзүнөн сызыла чыккан
жашты кызына байкатпай
сүртө калды да:
- Мен сенден кечирим
сурайын деп келгем,
таарынып калдың го, экинчи
сага колум тийсе куруп
калайын – деди калтаарыган
үнү менен.
- Койуңузчу апаке, мени
өлтүрсөңүз да сизге
таарынбайм.
- Алтыным менин, сендей
кыздуу болгон тагдырыма
ыраазымын. Сен менин
көзүмдү ачтың. Сен болбосоң
балким көр бойдон жүрүп
өтүп кетмекмин. Эне кызынын
алдындагы күнөөсүн сезди,
кемчилигин моюнуна алды. –
Баса унутуп баратканымды
кара, туулган күнүңө белек
алып келгем. Толкунданган
эне шашыла жерде жаткан
кол баштыктан шылдыраган
жалтырак кагазга оролгон
кийимдидерди алып чыга
баштады. Бою менен тең
суналган узун хижабты,
үлпүлдөгөн жибек жоолукту
көргөндө кыздын көздөрү
жайнап кетти.
- Апаке, апкем менин – кыз
андан башка сөз айтууга күчү
жетпеди, апасын катуу
кучактап адатынча шолоктоп
ыйлай баштады. Апасына
чексиз ыраазы экендигин,
анын көңүлүн көтөрө турган
жакшы-жакшы сөздөрдү
айткысы келди, бирок көөп
калган өпкөсүн баса албай
ыйлай берди.
- Эмне болот, болду эми- деди
апасы акыры чыдабай кетип, -
андан көрө мобуну карачы
кандай экен. Ал дагы бир
хижаб менен жоолукту
кызына көрсөтө баштады.
-Апаке, мага азырынча бирөө
эле жетет эле, албай эле
койсоңуз болмок – деди кызы
мукактанып.
- Муну сага алды деп ким
айтты – энеси кызын сынай
карады да, сөзүн улады: - муну
мен өзүм кийем.
Эне менен кыз кайрадан
кучакташып калышты. Көптөн
бери ыйманга суусап жүргөн
кыздын түрсүлдөп соккон
жүрөгүнөн: « мына, сен
жашоодогу максатыңа
жеттиң, сени эки дүйнөдө
бактылуу кылуучу жолду эми
таптың» - деген үндү угуп
жаткансыды эненин сезимтал
жүрөгү.

Аябай таасирлуу окуя экен хиджап эмне экенин кандай пайдалары бар экенин билбей жургон аталарга энелерге агаларга кыздарга деги эле баардык адамдарга чоон тарбия боло турган эскертуу экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#444 Пользователь офлайн   kerakg   01 Февраль 2015 - 18:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

чын эле таасирлуу экен. Алла баарыбызга ыйман берсин.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#445 Пользователь офлайн   rumaika5544   02 Февраль 2015 - 12:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Жергебизде коп гана чон
кабырлар бар. Атыны
баяныбызда айтбашыбыз жана
ошондой бир корстондордун
биринде бир нече жылдан бери
иштеп келе жаткан гор казган
акебиз, ушул окуяны оз коздору
менен коргон инсан сыпатында
айтып береер экен коздору
толо жашта коробуз.
……………………………………………….
Мен дейт кор казган аке кыйла
жылдан бери адамдардын
кызматын кып келем, бирок
бундайын али корбогон эмес
элем. Откон жылдын жаз
кундорундо авто кырсыктан
коз жумган 40-жаштуу бир
жигитти комуш учун алып
келишти, кеч курун жаны
узулгон экен Баамдатка чыгара
турган болушуптур, ошол
себептен кабырга коюш
арафасына катышыма тура
келди. А бирок эмнегедир
корустонго конулум жок
келдим эн кызыгы горустонго
келгенимде эч качан кылбаган
ишти кылып койгонумду андап
жеттим. Кетменим уйдо калып
кеткен эле эмнегедир бир кун
мурда ардайым горустондо
турган иштеткен
баюмдарымды уйго алып
кеткен экенмин. Иши кылып
машинада барып
буюмдарымды да алып келдим
жакшыраак жер табып бир
ааздан сон алынып келетурган
соок учун гор казууга кириштим
кетменди бир эки жерге уруп
кордум эмнегедир отбоду
лапаткадан дагы пайдаландым
алдымда кандай аспабым
болсо иштеттим бирок пайдасы
болбоду. Буюмдарымды
текшерип кордум бул абалды
жердин каттулугуна жойдум.
Аз-маз нарагырактан чабып
кордум кызык кыйла ным
болгон жерде да кетменим
жарабады Тан калганымдан
корустондун жети турлуу
жерлерин казууга кириштим
бирок бир да жерди жарым
метир болсун казый албадым
бир ааздан сон шагирттерим
жетип келишти аларга болгон
окуюны айтып бердим
шакирттерим
ишенишбегендерин сездим
кийин лапатканы берип казып
коргуло дедим, жигиттердин
колунанда эч нерсе келбеди.
Туруп калдык корустондун
бирда жери казылбай калбады,
Багымдат Намазынан сон
жаназа окулган соокту алып
келишти мен болгонун
болгондой барып Имамга
айтыпбердим. Имам козундо
жаш менен сооктун эгелери
алдына жол тартты, баарынын
алдында будан бир саат мурда
кылган иштерибизди кайталап
коргозуп бердик, чындыгында
жекр казылбайт эле
(казылбады) ошол жердкги
баарысы бир гана чындыкты
тушунуп жеткен эле, соокту жер
кабыл кылгысы жок. Илаажы
жок Имам менен маслатташып
соокту бир амалдап жарым
метир казылган жерге комдук
устуно топурак тарткан адам
болдук баары муунду уйуно
кайтышты. Эн жаман окуя
эртеси жуз берди мен башка
бир соок учун кабыр кавзып
жатканымда нараагыракта
иттердин унун угуп калдым,
жугуруп барсам бир кун мурда
комулгон соок тышкарыга
чыгшып калган корукстондо
ызгып журушкон дайды иттер
тытып таштаган экен. Иттерди
айдадым ичек чабагы чыгып
калган соокту бир амалдап
жерге комуугог урундум бирок
пайдасы жок эле иттердин
алдына кечираак келип
калганым учун сооктун бир сак
жери калган эмес эле. Сооктун
чачылган жерлерин комуп
салдым. Бир нече кундон7
кийин келгенимде соок иттерге
жжем болгонуну кордум. Эч
кимге булл огкуянын кабарыны
бербедим а бирок соок
тытылып кеткеч мин корку
мменен кетменимди алып
жарым метирлик кабырга
жакындаштым, Субахан Алла
3.4 –кун мурда таштай каттык
болгон жер пахтадай жумшак
болуп кеткен эле соокту
Аллахтын буйругу менен кабыл
албагандан кийин башка
олуктор учун жумшак болуп
улгургон эле козкмдо жаш
ичимде алам менен кабырды
каза бердим ээси жок кабыр
болсун деп анны кабыр
абалына келтирип койдум ар
куну кабырга келсем ошол
кабырды зыярат кылганы
адаттанганмын. Анын ичинде
ээси жоктугун биллем ар жака
чачылып тытылып кеткенин
менден башка адам билбейт
суруштуройун десем барибир
билем олгоьн адам
Жаратканына кыянаттык
кылган же сут кор болгон, же
олгу чекти арак ичкен, же
болбосо зына иштери менен
алектенген мага бунун не
кызыгы бар, мага бир гана улгу
керек жер да Аллахтын махлуху
эгер Алла жерге буйрук берип
икабыл кылба десе
ташатанкату болуп калат экен
аны дуйнонун
Каалаган жерлерин кезип
чыгын комушко жер таба
албайт экенсиз айбандарга
жжем болгонсон жер жумшайт
экен Субахан Алла Аллах
Тааладан олумубузду чырайлуу
кылыш менен биргеликте
кабрыбыздагы абалыбыздыда
ондошун сурап калабыз, Аллах
мээримдуу жана ыйык Затдыр.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#446 Пользователь офлайн   Akman95   02 Февраль 2015 - 22:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 276
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Апр 2015 17:14

Мусулмандардын падышасы бир куну жубайы экоо дениз жээгине сейилдеп келгени чыгышат.Дениздин жээги м.н бара жатышса алдынан бир олуяны корот.Ал кумдан сарай куруп жаткан.Падыша олуяга эмне кылып жатасын дейт.Олуя кумдан сарай жасап жатам дейт.Баасы канча десе бир дирхам дейт.Бул сарайды алган адамга эмне бар дейт падыша.Аллага дуба кылам Бейиштен сарай берууго дейт олуя.Ага конул бурбай кетип калат падыша.бирок аны аялы сатып алган болот.Тундосу падыша туш корот.Тушундо ал Бейиште жургон болот.Бейиште жургондо бир чоон алтындан жасалган сарай корот.Дарбазада аялынын аты жазылган болот.Ии бул менин аялымгоо деп ичкери кирейин десе дарбазанын сыртында сакчылар киргизбей коет.Ошол мезгилде падыша ойгонуп кетет.Анан ал сарайды менин аялым сатып алып койгон турбайбы дейт.Эртеси падыша баягы дениз жээгине барат.Барса олуя дагы кумдан сарай жасап жаткан болот.Эмне кылып жатасын дейт падыша.Сарай куруп жатам дейт.Алган адамга эмне бар десе мен Аллага дуба кылам Бейиштен сарай бер деп дейт олуя.А баасы канча дейт падыша.Бул дуйнонун буткул байлыгы дейт.Менде андай акча жокта десе.Олуя Бейишке барып келгендерге ошондой деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#447 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ислам аалымдарынын бири шейх Мухаммед
Шаровий баштан кечирген бир окуяны минтип
эскерет: «Мен бир радикалдуу жаш бала менен
маектешип калдым. Ага:
- Мусулман өлкөдөгү түнкү клубду жардырганга
болобу? -деген суроо берсем, ал айтат:
- Албетте, болот жана аларды өлтүрсөң да болот.
Мен ага:
- Эгер, сен аларды Кудайга баш ийбей жүргөндө
өлтүрсөң, анда алар Акыретте кайсы жакта
болушат?
Ал:
- Албетте, тозокто.
Мен ага:
- Шайтанга мунун эмне кереги бар?
Ал:
- Тозокко түшүрүш үчүн керек.
Мен:
- Демек, сени менен шайтандын максаты
адамдарды отко салуу турбайбы!
Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам)
тарыхынан бир окуяны эстегим келип турат.
Күндөрдүн бир күнүндө бир жөөттү акыркы сапарга
узатып жатканын көргөн Пайгамбар ыйлап жиберет.
Муну көргөн сахабалар: «Сиздин ыйлаганыңызга
эмне себеп болду?»-дешет. Сүйүктүү Элчи
(саллаЛлаху алейхи ва саллам): -Ал ким болсо да,
жан эмеспи? –дейт. Алла Элчиси (саллаЛлаху
алейхи ва саллам) менен силердеги айырманы
карагыла. Ал адамдарды туура жолго баштаганга,
тозок отунан сактаганга кандай гана аракет
кылган?!"
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#448 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Имам Абу Ханифага бир аял келип, “Эки жыл мурун
күйөөм экөөбүздү никеге тургуздуңуз эле, эми
бизди ажыраштырыңыз. Мен мындан ары күйөөм
менен жашаганды каалабайм”- деди.
Абу Ханифа:
- Эмне себептен ажырашууну каалап атасың?
Аял:
- Башкалардын күйөөлөрү үйлөрүнө күнүгө убагында
келет. А менин күйөөм болсо, ар дайым кечигип
келет. Ошондон улам үйүбүздө күнүгө жаңжал болот.
Абу Ханифа:
- Болгону ошол себеппи? -деп таң калуу менен
сурады.
Аял:
- Ооба, ошол себеп. Мен мындай кемчилиги бар
адам менен жашабайм.
Имам:
- Мейли, ажыраштырса, ажыраштырайын. Бирок, бир
шарт менен... Үйүңө барып, чоң таттуу нан бышырып
мага алып кел. Нанга кошула турган туз, суу жана
унду үйүңдөн албай, кошуналарыңдан сурап,
ошондон кошуп жаса. Аларды эмне кылуу үчүн
сураганыңды жана күйөөң менен ажыраша
турганыңды кошуналарыңа сөзсүз айткын.
Тиги аял үйүнө барып, нан бышырууга киришти.
Коңшусунан ар нерсе сурай баштады.
- Оо, Марьям, мага суу берип турчу?
Коңшу:
- А эмне сууңар түгөнүп калдыбы? Кудуктан суу
чыкпай калдыбы?
Аял:
- Жок, суу чыгып жатат. Мен күйөөм экөөбүздү
ажыраштыруу үчүн имамга бардым эле, ал ушундай
кыл деди.
Сөзүн аягына чейин айтып бүтө электе кошунасы
үшкүрүнүп:
- Эх! Менин күйөөмдүн кандай экендигин билбейсиң
да!-деп арызданды.
Ал кошунасынан суу алып, Асия кошунасынын үйүнө
туз сураганы барды.
- Асия, мага бир эле кашык туз берип турчу?
Коңшу:
- Үйүңдө тузуң түгөнүп калдыбы? А, эмнеге бир эле
кашык?
Аял:
- Туз бар, бирок мен имамга күйөөм менен
ажыраштыр деп бардым эле ...
Асия кошунасынын сөзүн угуп бүтө электе
кыйкырып жиберди. –
- Эх, менин күйөөмдүн кандай экендигин билсеңчи!
Кайсы кошунасына барбасын, баарынын күйөөсүнө
болгон нааразычылыктарын айтып,
арыздангандарын укту.
Наны даяр болуп, имам Абу Ханифага алып барды
да, мындай деди:
- Сизге ыракмат! Менин жасап келген нанымды
балдарыңызга а алып барып бериңиз. Бирок мени
күйөөм менен ажыраштыруу жөнүндө ойлобоңуз!
Имам:
- Эмнеге? Сага эмне болду, кызым?
Аял:
- Көрсө, менин күйөөм баардыгынан жакшы күйөө
экен!-дейт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#449 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир адам азрети Умардын жанында бир маселе
тууралуу күбө болгон эле. азрети Умар андан: "Мен
сени тааныбайм, сени тааныган бир адамды алып
кел”,-дейт.
Ошол жерде тургандардын бири: "Мен аны
тааныйм”-дегенде, азрети Умар: "Ал кандай адам?”
– деп сурайт. Ал: "Ишеничтүү жана адилеттүү
адам”-деп жооп берет.
Азрети Умар кайра сурайт:
- Күндүзү дагы, түндө дагы кандай экендигин
билгидей жакын кошунаңбы?
- Жок.
- Адамдын такыбалыгын белгилүү кыла турчу нерсе
мамилеси болуп саналат. Бул адам менен бир нерсе
алышып-бериштиң беле?
- Жок.
- Аны менен адамдын ахлагынын жакшы,же жаман
экендигин билүүгө мүмкүндүк берчү кандайдыр бир
сапарга чыгып көрдүң беле?
- Жок.
- Ошондо азрети Умар: "Сен аны тааныбайсың”- деп,
тиги адамды карап: "Бар, сени тааныган бир
адамды алып кел”-дейт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#450 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Умар ибн Хаттабдын доорунда исламга ыкласман
мыкты жоокер адам болгон. Бирок, кайгы-капа
болсо ичкилик ичкен жайы бар эле. Аны көргөндөр
маселени чечүү үчүн Умар ибн Хаттаб халифке
келишип: “Бул адамга кандай жардам кылалы?”-деп
сурашат. Халиф колуна калем сап алып, ал адамга
кат жазат: “Умар ибн Хаттабдан сага Алланын
тынчтыгын каалайм. Мен сен үчүн Аллахка дуба
кылам. Аллахтан башка кудай жок!”-деп келип,
“Ишенүүчү” сүрөөсүнүн биринчи үч аятын: “Ха. Мим.
Бул жазуу Баарын Жаратуучу, Баарын Билүүчү
Аллахтан келген. Күнөөлөрдү Кечирүүчү, дубаларды
Кабыл Кылуучу, Жазалоочу, Баары Сыйынуучу.
Аллахтан башка Кудай жок жана баарыбыз Ага
кайтуучубуз”, -деп жазды. Аятта: “Аллах кечирет,
бирок Аллахтын жазасы каардуу”-деген маани
айтылган эле. Умар ибн Хаттаб катты берип жатып:
“Ал адам убактысынын көбүн мас болуп жүрүп
өткөрөт экен. Силер аны артынан карап жүргүлө да,
катты ал акыл-эси ордунда, таза кезинде бергиле”,-
дейт. Тигилер ошол учурду аңдып жүрүшүп, катты
жеткиришет. Ал катты ачып, “Аллах Кечирүүчү,
Аллах Ырайымдуу, бирок Аллахтын жазасы
каардуу!” деген аяттарды окуп жатып ыйлап
жиберет. Аллахка жалынып, тообо кылат.
Умар ибн Хаттаб кат жазып жатып, ошол жердеги
күбөлөрдүн баарынан ал адам үчүн дуба
кылууларын суранган эле. Аллах алардын баарынын
тилектерин кабыл кылып, ал адамдын кемчилигин
сезип тообо кылууга жеткирди. Натыйжада тиги
мыкты жоокер да дуба кылды. Умар ибн Хаттабга
бул жөнүндө кабар келгенде, ал: “Мына, биз
баарыбыз бири-бирибизге ушундай мамиле
кылышыбыз керек, ким ката кетирип, туура эмес иш
жасаса, ага жардам кылып ал адам үчүн Кудайдан
тилек кылышыбыз зарыл. Шайтанга жардам
бербешибиз керек”. Бир тууганыңыздарга каршы
шайтанга жардам бербеңиздер! Биз шайтанга
каршылык жарыялап, жашообуздан сүрүп
чыгарышыбыз керек!
Бул учурдагы мусулмандар үчүн абдан
маанилүү мисал. Маңзат колдонгон, ичкилик
ичкен, зына кылган туугандарыбыз бар.
Алардын айрымдары чын каалоосу менен
мындай иштерден арылгылары келет. Бирок
алар мындай арам нерселерге малынып
калгандыктан таштай алышпайт, бошоно
алышпайт. Эгер биз аларга орой мамиле
жасасак, мындай мамилени терс кабыл алат.
Тескерисинче, биз аларга жардам колубузду
сунушубуз зарыл. Биз идеалдуу эмеспиз,
түшүнүктүү болушубуз керек. Биз аларды бир
арам, фасик, же күнөөлүүсүң дебейлик. Муну
шайтан гана айтат. Биз аларды “арамдар” деп
мечиттен түртүп чыгарбашыбыз керек.
Баарыбызга жакпаган бул арам иштер кимге
жакмак эле! Жада калса, алардын өздөрүнө да
жакпайт.
Үммөт тарыхындагы “Мыкты муундар” деген
атка татыган мусулмандар да “Бул адамды
жазалаш керек, түрмөгө камаш керек, бойкот
жарыялаш керек” дешкен эмес, алар “Келгиле,
ага жардам берели” ,- деп гана айтышкан.
Умара ибн Хаттабдын сираларынан
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#451 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир күнү Умар ибн Хаттаб кечинде адамдардын
тиричилигин көрүү үчүн шаар аралаганы чыгат.
Көчөдөн өтүп баратып, сүт сатып күн өткөргөн
аялдын үйүнө кирет. Ал келген убакта аял кызы
менен сатканга сүт даярдап жатышкан эле.
Кокусунан эне менен кызынын сүйлөшүп
жатканынугуп калат.
Апасы:
- Кел, сүткө суудан кошуп коелу.
Кызы:
- Апа, буга башкаруучу тыюу салган эле го!
Апасы:
- Кошконубузду башкаруучу кайдан билмек эле!
Кызы:
- Апа, башкаруучу көрбөгөнү менен Аллах көрүп
турат.
Кыздын бул сөзүн уккан Умардын жүрөгү жылып,
уулу Асимди ушул кызга үйлөндүрүүнү чечет.
Булардын урпагынан адилеттүү башкаруучу Умар
ибн Абдулазиз төрөлөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#452 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Белгилүү даанышман Ибн Саммак күндөрдүн
биринде байлыгы жана бийлиги менен чиренген
Харун ар-Рашид башкаруучуга жолугушууга келет.
Ибн Саммак келген учурда Харун ар-Рашидге
ичкенге суу алып келишет. Харун ар-Рашид
чөйчөктөгү суудан ичейин дегенде Ибн Саммак:
- Оо, башкаруучу! Эгер суусуздуктан өлүп
баратканыңда бир ууртам суунун ордуна
байлыгыңдын жарымын сураса берет белең?
- Макул болмокмун.
Башкаруучу суусун ичип бүтөт. Даанышман дагы
сурайт:
- Эгер ичип жаткан суу ашказаныңдан кетпей туруп
калса, аны дарылап кетирүү үчүн байлыгыңдын
калган жарымын берүүңдү сураса берет белең?
- Ооба, бермекмин.
- Демек, сенин бийлигиңбир ууртам суу жана анын
бөлүнүшү экен. Андай болсо, анда байлыкты аша
чаап эңсөөнүн кереги барбы?-деген экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#453 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Момундардын башчысы Умар ибн аль-Хаттабга
(Аллах андан ыраазы болсун) мөөнөтүнөн үч ай
мурда төрөгөн аялды “ойноштук кылган” деп
айыпташып, алып келишти. Умар “аны сабап
салгыла!”- деп буйрук берет. Умардын бул чечими
жөнүндө уккан Али ибн Абу Талиб (Аллах андан
ыраазы болсун) «Бул аялды жазалоого болбойт», -
дейт. Умар Алинин эмне үчүн мындай дегенин суроо
үчүн чабарманын жөнөтөт. Анда Али ибн Абу Талиб
(Аллах андан ыраазы болсун) мындай жооп берет:
-Улуу Аллах айтты: “Бала эмизүүчү энелер
балдарын толук эки жыл эмизгенге милдеттүү, эгер
баланын атасы баланы эмизүүнү токтотууну кааласа
гана эмизүүнү мөөнөтүнөн эртерээк токтотсо болот.”
Аллах дагы мындай деди: «Бойго бүткөндөн
эмчектен чыгарганга чейин 30 ай өтөт. Бул учурда 6
ай кош бойлуулук убактысына кетсе, 24 ай эмизүү
менен өтөт.”
Умар аялды коё бердирет да, «Эгер Али болбогондо,
Умардын иши бүтмөк» -дейт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#454 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун)
башкаруучу болуп турган кезде үч киши
биржолоочуну Умаргаалыпкелишет да:
-Момундардын башчысы, бул киши биздин
атабызды өлтүргөнү үчүн аны жазалашыңды
суранабыз» - дешет, Умар күнөөлүү делген адамга
карап:
-Сен эмне үчүн булардын атасын өлтүрдүң? -деп
сурайт.
-Мен төө жана эчки багам. Менинтөөлөрүмдүн
бирөөсү булардынатасынынжайытынанбир түп чөп
жеп алыптыр. Булардын атасы төөнү көрүп
ачууланып, ташменен урду эле, төө эс-
учунжоготупжыгылды. Анан мен да ачууланып, ошол
төөнү урганташмененанынөзүн урдум, ошентип ал
өлүп калды.
Умар болгон окуяны угуп мындай деди:
- Бирөөнү өлтүргөнүң үчүн жаза тартышың керек,
биз сени өлтүрөбүз.
Умардын аябай адилеттүү, боорукер жана элинин
суранычына көңүл бурган падыша экенин билип,
малчы ага акыркы суранычы менен кайрылды:
- Башчым, мага үч күн убакыт бер, атамдан калган
мурасты бөлүштүрө элек элем. Эгер силер азыр
мени өлтүрсөңөр, иним да, мал-мүлк да жоголот,
ошон үчүн буларды жай-жайына коюуга 3 күн
убакыт берүүңдү суранам, мага мындан башка эч
нерсе керек эмес!
Муну уккан Умар ачууланып:
-Бул жерде сени эч ким тааныбайт. Сен чоочун
адамсың! Сени кимге ишенип тапшырмак элем!»-
деп каарданат. Койчу аянтка чогулган адамдарды
үмүт менен карап туруп, тургандардын арасынан
бир адамды көрсөтүп «мына бул адам!» - деп
кыйкырып жиберет. Бул Пайгамбар Мухаммаддын
(Аллахтын саламы жана ыракматы болсун) нурлуу
тилектеши жана баары жакшы көргөн Абу Зарр эле.
Умар Абу Заррга кайрылып:
- Сен чын эле бул адам үчүн жооп бересинби? –
дейт.
Абу Зарр башын ийкеп макулдугун билдирет.
Аянттагы адамдар Абу Заррдын бул кылганы үчүн
аны жемелеп жатышты. Эгер киши өлтүргөн чоочун
адам качып кетсе, анын жазасын Абу Зарр тартмак
эле. Бирок бул ойлор Аллахтын Элчисинин нурлуу
тилектешин артка кайтара албады. Ал берген
убадасында турду. Чоочун адамга 3 күн убакыт
берилип, ал үйүнө жөнөтүлдү. Аянттагы адамдар Абу
Зарр үчүн сарысанаа болушуп, үйлөрүнө кайтышты.
Чоочун кишинин кайрылып келерине көпчүлүгү
ишенишпеди. Күндөр өтүп жатты. Мединадагы
адамдардын баары жазага тарта турган күндү күтүп
жатышты. Убадалашкан күн да келди. Элдин баары
аянтка чогулушту. Бирок чоочун кишинин карааны
да көрүнбөдү. Күн батып баратты. Бир убакта
көпчүлүктүн ичинен «Ал кайрылып келе жатат,
кайрылып келе жатат»- деген үн угулду. Алыскы
жолдон чарчап-чаалыккан малчы Умардын алдына
келип, бийик үн менен:
-Убадамды аткардым. Мен айткан мал-мүлктөрдү
орду-ордуна жайгаштырдым. Эми жазамды алуу
үчүн мага эч нерсе тоскоол болбойт,- деди. Умар
таң калуу менен жүдөгөн малчыга карап, анын
чечкиндүүлүгүнө суктана:
- Оо, Аллахтын кулу! Сенин кайра кайрылып
келишиңе эмне себеп болду? Эмнеге ушунча күн
ичинде качып кетпедиң?
Койчу:
- Мен адамдардын «Адамдарда ишеним калбай
калыптыр»- деп айтышарынан корктум.
Умар Абу Заррды чакырып, «Сенин өмүрү
тааныбаган, бир да жолу көрбөгөн, дагы көрөр –
көрбөсүңдү билбеген адамга жооптуу болгонуңа
эмне себеп болду?» - деп сурайт.
Абу Зарр:
- Мен адамдардын «Адамдарда ишеним калбай
калыптыр»,- деп айтышарынан корктум.
Бул сөздөр өлгөн кишинин балдарынын жүрөктөрүн
жумшартат. Алар Умар ( Аллах андан ыраазы
болсун) башчыга кайрылышып :
-Биз аныкечирдик», - дешти.
Момундардын башчысы:
- Эмнеге?
Тиги даттанып келген эки адам:
- Биз адамдардын «Адамдарда кечирим калбай
калыптыр»,- деп айтышарынан коркобуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#455 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Февраль 2015 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Күндөрдүн бир күнүндө Париждеги мечиттердин
бирине өспүрүм кирип келип имамга кайрылат:
-Апам мени силердин мектебинерге окуганы
жиберди!
Имам:
-А сенин апаң кана? Биз аны менен сүйлөшүшүбүз
керек.
Бала:
-Ал сыртта күтүп турат. Ичкери кире албайт,
анткени ал мусулман эмес.
Имам баланын энеси ким экенин, эмне максатта
келгенин билүү үчүн эшикке шашыла чыкты.
Аял:
- Мени менен коңшу жашаган аял мусулман. Ал ар
качан балдарын мектепке узатып жатканда
балдары апасынын колунан өөп коштошуп жатканын
көрөм. Урматтуу имам, мен бул өлкөдөн ата- энесин
карылар үйүнө калтырган бир дагы мусулманды
көргөнүм жок. Менин балам да ушундай тарбия
алышын каалайм. Балама үлгү-насаат берүүңүздү
өтүнөм. Алдан күчтөн тайыганда силер сыяктуу
дөөлөттүү карылыкты көргүм келет,-деген экен
ислам тарбиясына болгон таасирин жашыра албай.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#456 Пользователь офлайн   kerakg   07 Февраль 2015 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

жакшы жаза бер, бири болбосо бирине тиет пайдасы, Канатчик ушул жазгандар журкте сакталса анда, эн жакшы бар бол, бардар бол.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#457 Пользователь офлайн   unknown666   07 Февраль 2015 - 22:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 429
  • Катталган: 29 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2021 20:34
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Аска зоолуу, ала тоонун бир боору.

Канатчик сиздин жазгандарыныз ар дайым Сонун.просто чудо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#458 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   12 Февраль 2015 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Жаш кезибизде баш кошуп, экөөбүз чогуу турмуш курдук. Заңгыраган ата-энеңдин үйүнөн мени менен кол кармашып үстүнөн суу аккан бир бөлмөлүү, эч кандай шарты жок, батирге кирип келдиң. Астыбызга салынган бир төшөк, жамынган бир жууркан, эки кашык, эки кеседен башка бизде буюм тайым жок эле. Жаздыгыбыз өзүбүз саткан баштыктар болду. Кир жууюн деп беш литрдик канистирди кесип алып чылапчын кылып кир жууп жүрдүн. Ошондо сен сабыр кылдын. Ошондо сен мага тирек болдуң. Эки жүз граммдап суу май сатып келип китлап менен тамак ичип бир далай жыл жашадык. Ошондо да сен мага түрлөп тамак жасап берүүгө болгон аракетин жасап келдиң. Ошондо да сен мага кайрылып “тажадым” деген жоксуң. Жок, анткен жоксуң, тескеринче “Бул да болсо Кудайдын сыноосу, сабыр кылсак баары болот” деп мени жоошутуп келдиң. Себеби, ал кезде адалдан ырыскы табыш бир кыйла оор эле. Ошентсе да сен арамдан мени тыйып келдиң, менин түзөтүүчүм болдуң. Кыштын кыраан чилдесинде түн ичинде мени жылыткан бул дүйнөдөгү бирден-бир адам сен болдуң. Токойго барып отун кыйып, балам үшүбөсүн деп, үйгө отун ташыганымда жолумду жарык кылган сен болдуң. Өтүк алганга акча жок болуп бир кыш бою ботс кийип жүрдүн, ошондо да наалыган эмес элен. Дале эсимде, бир батирден экинчи батирге көчкөндө болгон эмерегибизди кол арабага салып көчүп кеткенибиз. Аллахыма чексиз шүгүр ошондо сага кайрат берип, мага жөлөк кылганына. Дагы бир окуя эске түштү, жер алабыз деп анча-мынча тыйын чогултуп, архитектурада иштеген тааныш балага берген элем. Кечинде, сен, жумуштан келсем “тиги бала алдап кетпейби, эптеп чогулттук эле” деп калдың. Бушайман болуп отуруп, акыры түнкү саат он бирлерде ал баланын үйүнө барып, эшигин кактым. Эшигин ачаар менен атын атап, мени билесиң, алдап кетсең жашайм деп ойлобо дедим. Таанышым каткыра күлүп, “канча адамга жер алып берип жатам, анан ошончодон сени алдамак белем” деди эле, анысын угуп үйгө келип, экөөбүз бактылуу уктап калган элек. Аллахыма чексиз шүгүр сени мага жар кылып бергенине. Аллахыма чексиз шүгүр сени мага жөлөк, тирек кылганына. Аллахыма чексиз шүгүр сени менин ыйманымдын жартысы кылганына.
Оо Аллахым, дубаларды кабыл кылуучу, Оо Аллахым тилектерди орундатуучу, Оо Аллахым үмүттөрдү улоочу, Сенден гана суранып, Сенден гана тиленем, жарымдын дартына шыпааңды бер! Йа Аллахым дагы да мага тирек, жөлөк болуп жүрө беришин насип кыл! Оо момундар, менин келинчегим бүгүн-эртең операция болгону турат, келинчегим аман-эсен, сакайып кетсин деп дуба кылып коюңуздар! Оо Аллахым, бир туугандарымдын дубасын кабыл кыл! Амин!
(Интернет булактарынан алынып эркин которулду)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: ima.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#459 Пользователь офлайн   vankuver.   02 Март 2015 - 20:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Ислам жолу
Башкы дарыгердин баяны...

.
Кырк жылдан бери рак оорусуна
жолуккан бейтаптарды дарылайм. Ушул
убакка чейин түрдүү окуяларга туш
келдим. Алардын ичинен 1976-жылы
болгон бир окуяны баяндап берейин...
.
Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда жаш жигит өпкө рагына
чалдыгып келип калды. Аны өзүм
дарылачу элем. Кудайдын уруксааты
менен кыска убакыт ичинде абалы
жакшыра баштады. Болгону, кеминде
беш жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир нерселерден тыйылып турушу
керек эле. Төрт жыл өтүп, ал жигит
Измирге барып келүүнү суранып
калды. Кыш айы болгондуктан
самолётто барып келүү шарты менен
уруксат бердим. Тилекке каршы ал самолётко билет
алалбай, автобус менен жолго
чыгыптыр. Анын үстүнө автотыгында
алты саат суукта калып кетиптир.
Кесели тез арада анын сөөк жана
өпкөлөрүнө таркап кетт. Бул болсо башка оорулардын да сезгенишине
себеп болуп, баса албай, дайыма
кислород менен дем ала турган абалга
алып келди.
Бир жолу үйүнө барганымда:
«Доктор... Мен сизге абдан нааразымын», – деди.
«Эмне үчүн?» деп сурадым.
«Сиз... диндар адам экенсиз. Неге мага
да Аллахты, өлүмдү, акыретти
түшүндүрүп бербедиңиз? »
Анын суроолорунан бир аз ыңгайсыз боло түштүм.
Жигиттин көңүлүн алуу үчүн
аракет кылып: «Догдурга ар кандай
абалда акчасын берип, дарылана
бересиң. Бирок, ыйман дарысын алуу
үчүн чын дилден каалашың керек», – дедим.
Ал чын дилден каалайм деген мааниде
башын ийкеди. Ушундан кийин
үмүтсүз медициналык дарынын
үстүнө ыйман менен да дарылоо
башталды. Ал болсо мен үйрөтүп жаткан ыйман акыйкаттарын чын
жүрөктөн тыңшап, айрым учурда
суроолорун берип турар эле.
Бир күнү «Доктор, – деди... өлүп
баратканда эмне дешим керек?»
«Сага али шахадат келмесин айтуу узундук кылат. «Аллах, Мухаммад»,
десең сага үзүр», – дедим. Оорусу
күчтүү болгон үчүн көп
кыйнабайт элем. Бул арада сапарга
кетип калып, кыска убак көрүшпөй
калдык. Кайтып келгенимде апасы коңгуроо
кылып: «Балам бир жумадан бери укол
албай жатат», – деди.
Тезинен анын үйүнө барып, эмне
үчүн укол албай жатканын сурадым.
Анын жообун ушул убакка чейин унута албайм... Эстегенде титиреп кетем:
«Дарынын таасири менен уктап
жатканда өлүмгө туш келип «Аллах,
Мухаммад», дей албай калсамчы?» –
деди.
Эртеси күнү ага: «Эч коркпо – беймарал укол алышың мүмкүн»
дедим.
Жигит бул учурашуубузда акыркы
суроосун берди:
«Доктор! Азраил... мага кандай...
абалда көрүнөт?» «Уулум, Азраил алейхи салам бир
периште. Кыйналба, ал сага жакшы
кебетеси менен келет Иншаалла», деп
жооп бердим.
Шейшенби күнү жигиттин абалы
оорлошкондуктан үйүн көздөй жол тарттым. Бирок, тилекке каршы
аны менен амандашуу мага насип
болбоду. Үй-бүлөсү бүтүндөй
ызы-чууга түшүп калган экен. Бир гана
диндар карындашы, мени көргөндө
жаныма келип, анын соңку абалын айтып берди: «Бир аз мурун үйдө бир
муъжиза болуп өттү. Агам
кислородун чечип, кыймылдаба
дегенибизге карабай, туруп даарат
алды. Андан кийин эки рекет намаз
окуду. Баардыгыбыз нес болуп калдык. Кийин болсо шахадат келмесин
келтирди жана «Догдурга айтып
койгула, өлүм периштеси ал
айткандан да сонун кебетеде
көрүндү», – деп жаны үзүлдү»... деди.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#460 Пользователь офлайн   vankuver.   02 Март 2015 - 20:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Ислам жолу
Башкы дарыгердин баяны...

.
Кырк жылдан бери рак оорусуна
жолуккан бейтаптарды дарылайм. Ушул
убакка чейин түрдүү окуяларга туш
келдим. Алардын ичинен 1976-жылы
болгон бир окуяны баяндап берейин...
.
Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда жаш жигит өпкө рагына
чалдыгып келип калды. Аны өзүм
дарылачу элем. Кудайдын уруксааты
менен кыска убакыт ичинде абалы
жакшыра баштады. Болгону, кеминде
беш жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир нерселерден тыйылып турушу
керек эле. Төрт жыл өтүп, ал жигит
Измирге барып келүүнү суранып
калды. Кыш айы болгондуктан
самолётто барып келүү шарты менен
уруксат бердим. Тилекке каршы ал самолётко билет
алалбай, автобус менен жолго
чыгыптыр. Анын үстүнө автотыгында
алты саат суукта калып кетиптир.
Кесели тез арада анын сөөк жана
өпкөлөрүнө таркап кетт. Бул болсо башка оорулардын да сезгенишине
себеп болуп, баса албай, дайыма
кислород менен дем ала турган абалга
алып келди.
Бир жолу үйүнө барганымда:
«Доктор... Мен сизге абдан нааразымын», – деди.
«Эмне үчүн?» деп сурадым.
«Сиз... диндар адам экенсиз. Неге мага
да Аллахты, өлүмдү, акыретти
түшүндүрүп бербедиңиз? »
Анын суроолорунан бир аз ыңгайсыз боло түштүм.
Жигиттин көңүлүн алуу үчүн
аракет кылып: «Догдурга ар кандай
абалда акчасын берип, дарылана
бересиң. Бирок, ыйман дарысын алуу
үчүн чын дилден каалашың керек», – дедим.
Ал чын дилден каалайм деген мааниде
башын ийкеди. Ушундан кийин
үмүтсүз медициналык дарынын
үстүнө ыйман менен да дарылоо
башталды. Ал болсо мен үйрөтүп жаткан ыйман акыйкаттарын чын
жүрөктөн тыңшап, айрым учурда
суроолорун берип турар эле.
Бир күнү «Доктор, – деди... өлүп
баратканда эмне дешим керек?»
«Сага али шахадат келмесин айтуу узундук кылат. «Аллах, Мухаммад»,
десең сага үзүр», – дедим. Оорусу
күчтүү болгон үчүн көп
кыйнабайт элем. Бул арада сапарга
кетип калып, кыска убак көрүшпөй
калдык. Кайтып келгенимде апасы коңгуроо
кылып: «Балам бир жумадан бери укол
албай жатат», – деди.
Тезинен анын үйүнө барып, эмне
үчүн укол албай жатканын сурадым.
Анын жообун ушул убакка чейин унута албайм... Эстегенде титиреп кетем:
«Дарынын таасири менен уктап
жатканда өлүмгө туш келип «Аллах,
Мухаммад», дей албай калсамчы?» –
деди.
Эртеси күнү ага: «Эч коркпо – беймарал укол алышың мүмкүн»
дедим.
Жигит бул учурашуубузда акыркы
суроосун берди:
«Доктор! Азраил... мага кандай...
абалда көрүнөт?» «Уулум, Азраил алейхи салам бир
периште. Кыйналба, ал сага жакшы
кебетеси менен келет Иншаалла», деп
жооп бердим.
Шейшенби күнү жигиттин абалы
оорлошкондуктан үйүн көздөй жол тарттым. Бирок, тилекке каршы
аны менен амандашуу мага насип
болбоду. Үй-бүлөсү бүтүндөй
ызы-чууга түшүп калган экен. Бир гана
диндар карындашы, мени көргөндө
жаныма келип, анын соңку абалын айтып берди: «Бир аз мурун үйдө бир
муъжиза болуп өттү. Агам
кислородун чечип, кыймылдаба
дегенибизге карабай, туруп даарат
алды. Андан кийин эки рекет намаз
окуду. Баардыгыбыз нес болуп калдык. Кийин болсо шахадат келмесин
келтирди жана «Догдурга айтып
койгула, өлүм периштеси ал
айткандан да сонун кебетеде
көрүндү», – деп жаны үзүлдү»... деди.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 28 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 28, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 08:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: