Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#461 Пользователь офлайн   samina86   08 Март 2015 - 16:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

Просмотр сообщения vankuver. (02 Март 2015 - 20:42) жазган:

Ислам жолу
Башкы дарыгердин баяны...

.
Кырк жылдан бери рак оорусуна
жолуккан бейтаптарды дарылайм. Ушул
убакка чейин түрдүү окуяларга туш
келдим. Алардын ичинен 1976-жылы
болгон бир окуяны баяндап берейин...
.
Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда жаш жигит өпкө рагына
чалдыгып келип калды. Аны өзүм
дарылачу элем. Кудайдын уруксааты
менен кыска убакыт ичинде абалы
жакшыра баштады. Болгону, кеминде
беш жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир нерселерден тыйылып турушу
керек эле. Төрт жыл өтүп, ал жигит
Измирге барып келүүнү суранып
калды. Кыш айы болгондуктан
самолётто барып келүү шарты менен
уруксат бердим. Тилекке каршы ал самолётко билет
алалбай, автобус менен жолго
чыгыптыр. Анын үстүнө автотыгында
алты саат суукта калып кетиптир.
Кесели тез арада анын сөөк жана
өпкөлөрүнө таркап кетт. Бул болсо башка оорулардын да сезгенишине
себеп болуп, баса албай, дайыма
кислород менен дем ала турган абалга
алып келди.
Бир жолу үйүнө барганымда:
«Доктор... Мен сизге абдан нааразымын», – деди.
«Эмне үчүн?» деп сурадым.
«Сиз... диндар адам экенсиз. Неге мага
да Аллахты, өлүмдү, акыретти
түшүндүрүп бербедиңиз? »
Анын суроолорунан бир аз ыңгайсыз боло түштүм.
Жигиттин көңүлүн алуу үчүн
аракет кылып: «Догдурга ар кандай
абалда акчасын берип, дарылана
бересиң. Бирок, ыйман дарысын алуу
үчүн чын дилден каалашың керек», – дедим.
Ал чын дилден каалайм деген мааниде
башын ийкеди. Ушундан кийин
үмүтсүз медициналык дарынын
үстүнө ыйман менен да дарылоо
башталды. Ал болсо мен үйрөтүп жаткан ыйман акыйкаттарын чын
жүрөктөн тыңшап, айрым учурда
суроолорун берип турар эле.
Бир күнү «Доктор, – деди... өлүп
баратканда эмне дешим керек?»
«Сага али шахадат келмесин айтуу узундук кылат. «Аллах, Мухаммад»,
десең сага үзүр», – дедим. Оорусу
күчтүү болгон үчүн көп
кыйнабайт элем. Бул арада сапарга
кетип калып, кыска убак көрүшпөй
калдык. Кайтып келгенимде апасы коңгуроо
кылып: «Балам бир жумадан бери укол
албай жатат», – деди.
Тезинен анын үйүнө барып, эмне
үчүн укол албай жатканын сурадым.
Анын жообун ушул убакка чейин унута албайм... Эстегенде титиреп кетем:
«Дарынын таасири менен уктап
жатканда өлүмгө туш келип «Аллах,
Мухаммад», дей албай калсамчы?» –
деди.
Эртеси күнү ага: «Эч коркпо – беймарал укол алышың мүмкүн»
дедим.
Жигит бул учурашуубузда акыркы
суроосун берди:
«Доктор! Азраил... мага кандай...
абалда көрүнөт?» «Уулум, Азраил алейхи салам бир
периште. Кыйналба, ал сага жакшы
кебетеси менен келет Иншаалла», деп
жооп бердим.
Шейшенби күнү жигиттин абалы
оорлошкондуктан үйүн көздөй жол тарттым. Бирок, тилекке каршы
аны менен амандашуу мага насип
болбоду. Үй-бүлөсү бүтүндөй
ызы-чууга түшүп калган экен. Бир гана
диндар карындашы, мени көргөндө
жаныма келип, анын соңку абалын айтып берди: «Бир аз мурун үйдө бир
муъжиза болуп өттү. Агам
кислородун чечип, кыймылдаба
дегенибизге карабай, туруп даарат
алды. Андан кийин эки рекет намаз
окуду. Баардыгыбыз нес болуп калдык. Кийин болсо шахадат келмесин
келтирди жана «Догдурга айтып
койгула, өлүм периштеси ал
айткандан да сонун кебетеде
көрүндү», – деп жаны үзүлдү»... деди.


Машаллах
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   uliana   09 Март 2015 - 21:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

ДОСТУКТУН ФОРМУЛАСЫ
Эки бала дос болот. Алардын достугу коп жылга созулат.Бир куну экоо болбогон нерсе учун талашып тетишет да,бироосу экинчисин жаак чаап жиберет. Экинчиси жаагы ооруганына карабай,унчукпай басып кетет да аары жакка барып кумга"Бугун эн жакын досум мени жаака чапты" деп жазып коет. Ошонтип. алардын достугу улана берет. Бир кун экоосууга тушкону барат. Кырсык болуп, биринчиси сууга тушуп кетээрде,экинчиси аны куткарып калат. Ал озуно келгенден кийин ташка "Бугун эн жакын досум менин омурумду сактап калды" деп жазып коет. Аны коргон досу.                - Мен сеи жаак чаап жибергенде, сен аны кумга жаздын да, сени куткарып калсам аны ташка жаздын. Эмнеге?- деп сурайт. Анда досу:               - Эгер бизди кимдир бироо капалантса. аны кумга жазышыбыз керек. Анткени, шамал аны бат эле тегиздеп, биизбей салат. Ал эми бироо бизге жакшылык кылса. анда ташка жазуубуз керек. Таштагы жазууну эч ким очуро албайт. Пенделик кылып, болбоон нерсеге араздашуу жана ал учун кек сактоо- достуктун иши эмес,-деп жооп берген экен.
Чыныгы мусулман киши- тилинен жана колунан башка башкаларга зыяны тийбеген киши.
 Жуз сомун болгончо-жуз досун болсун. 
  Дос куткуло кудайым суйо турган,
  Акыретте пайдасы тие турган.

Билдирүүнү түзөткөн: uliana: 09 Март 2015 - 21:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   rumaika5544   12 Март 2015 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

АЯЛ ........АЛТЫН.. ......БАКЫТ.
Бир адам жакшынакай жар
күтүп, эл катары үй-бүлө куруп
бактылуу жашагысы келчү.
Бирок алгач кенч таап алып,
дароо байып, анан бардар
турмушта жашасам дечү.
Ошентип, куру кыялга алдырып,
кенч издеп жүрө берет. Бир
күнү кудук казып жатып, катуу
нерсеге туш болот. “Кенч” деп
ойлойт. Ал чынында эле чоң
кулпу салынган сандык эле.
Кыйла кыйналып жатып
сандыкты ачып, ичиндеги дагы
бир сандыкты көрөт. Эптеп
жатып аны да ачат да, “Ким
кенч издесе, деңиз түбүнө
түшсүн” деген жазуусу жана
картасы бар кагазды табат.
Сүйүнгөн бойдон деңзге келип,
ордун таап, ал жактан кенч
издей баштайт. Ошентип, ал
жактан алтын сандык таап алат.
“Ичи толгон дүнүйө экен го” деп
кудуңдап, чоң алтындан
жасалган кулпуну ачат да,
ичинен дагы бир кичинекей
алтын сандыкка туш болот. Ал
сандыкты да ачып, оролгон
жалгыз кагазды көрөт. Ал
баракта төмөнкүдөй жазуу бар
эле:
“Оо акылман адам, аялзаты
эмне да, алтын эмне?
- Аялзаты жүрөктү жалындатып
жибитет, ал эми алтын жүрөктү
муздатат;
- Аялзатынын жанында
адамдын жүрөгү жумшарат,
адам жароокер болот,
алтындын жанында жүрөк катуу
болуп, өзүмчүл, таш боор болуп
калат;
- Алтынды сактап, ал үчүн жан
үрөп кам көрөсүң, ал эми
аялзаты сен үчүн кам көрөт;
- Аялзатын сүйгөн жүрөк нурга
толуп, башка адамга да
жакшылык жасоого умтулат,
алтынды сүйгөн жүрөк ар
дайым сарсанаа болуп,
жакынына да жамандык
кылууга даяр болуп калат;
- Аялзаты сени жамандыкатан
сактайт, алтын болсо
жамандыкка түртөт;
- Аялзаты демиңе дем берип,
өмүрүңдү узартат, алтын болсо
санаага салат, аны сактайм,
көбөйтөм деп жүрүп,
өмүрүңдүн кантип өткөнүн
билбей каласың. Ошондуктан
жашоодо биринчи эмне керек
экенин жакшылап ойлон:
байлыкпы же үй-бүлөбү? Алтын
бактылуу кылабы же
аялзатыбы?”.
Ал адам баракты акырын
бүктөп чөнтөгүнө салат.
Сандыкты болсо жаап, кайра
деңизге ыргытып жиберет.
Ошондон кийин үйлөнүп-
жайланы п, аялы жана бала-
чакасы менен бактылуу жашап
калат.
Нике менен үй-бүлө куруу –
менин сүннөтүм, эгер ким
менин сүннөтүмдөн четтесе, ал
бизден эмес (Хадис).
Байлык мүлктүн көптүгү менен
эмес, балким, напсинин токтугу
менен эсептелет (Хадис).
Адам бактылуу болууга тийиш.
Бактысыз болсо, өзүнөн көрсүн
(Л.Н.Толстой).
Аял – үйдүн чырагы (Макал).
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   kanyshaikg   14 Март 2015 - 02:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Ал кезде жергиликтүү бир радиодо иштечүмүн. Андан бери, болжолу, беш жыл өтүптүр. Бир учур жөн-жай күндөлүккө белгилеп койгон бул окуя бүгүн өзүм эне болгон кезде мени көп ойго салды. Анан жазгым келди.> Токмок шаары… Журналисттик иш менен жүрүп, жалгыз баласы көчөгө таштап кеткен кемпирди жолуктурдум. Бети-башы көгала, каңырсыган жагымсыз жыттан жанына көпкө чыдап отура албайсың. Кудум кошокчулар сыяктуу бир нерселерди кейиштүү муңканып ырдап, анан арада “эч нерсем жок, жадагалса мына бул таякты да өткөндө бирөө берип кетти”, – деп ыйласа, зээниң кейийт. Балдарына, жакындарына эмес, “бирөө берген таякка” сүйөнүп, карылык сыйдан кагылган эненин көргөн күнүн душманга да ыраа көрбөй турдум. Көпкө сүйлөшкүм келди, бирок апанын булдуруктаган тили менен сүйлөнгөн көп сөзүн мен түшүнө албай койдум. >Эки жылдан бери көчөнү байырлап жүргөн бул эне туурасында кеңири билүү үчүн автобекеттин тегерегинде жашаган, иштегендердин көбү менен сүйлөштүм. Арбын маалыматты Токмокто көп жылдан бери жашаган Сайкал эже берди. Бул апа дээрлик эки жылдан бери Токмоктун автобекетин байырлайт. Нарындын Кочкорунан экен. Уулу орус аялын ээрчип кеткен. Ичпейт… Ошон үчүнбү ары-бери өткөндөр боору ооруп колунда барын берип кетет. Бирок жанагы жаш кайырчылар жула качып кетип атышпайбы, шүмшүктөр. Билбейм, убал эле болду байкуш кемпирге. Мен жалгыз жашагандыктан боорум ооруп бир нече жолу үйгө киргиздим. Жуунтуп, кийимдерин алмаштырдым, бирок дайыма эле кароо колумдан келбеди. Былтыр карылар үйүнө алып баралы десек, өзү болбой койбодубу… Сайкал эже мага анын бардык тарых-таржымалын мына ушундайча божурап отурду. Диктофонума баарын жаздым. Кемпир калды, мен шаарга кеттим. Жолдо катар оюмда бир гана кайырчы кемпирдин үмүтсүз тагдыры айланып турду. Жаныңа күч келгенде, 80 жаштагы энени автобекетке таштап, аялын ээрчип Россияга кете берген немени сызгырылта каргагың да келет экен. Кыргызда каргыш деген жаман го? Бирок анте албадым. Анткени ошол эле учурда башымда мына бул суроолор айланып жаткан болчу. – Бул эне өзү учурунда кимдин каргышына калды экен? Бул эне өзгөчө жаш курагында эмнеден ката кетирди? Бул эне баласы боюна бүткөндөн төрөгөнгө чейин же төрөгөндөн бой жеткенге чейин ошол уулуна кандай тарбия берди экен? Эмнеге, эмне үчүн, эмнеден улам?.. Кызыгы, ошол кезде мен бул суроолорго жооп бере алган эмесмин. Мүмкүн, ошол күнү ушул суроолорду берип жатып да мен энесин таштаган уулун бир жактуу күнөөлөп коймоктурмун. Бирок азыр анте албайм.

Билдирүүнү түзөткөн: kanyshaikg: 14 Март 2015 - 02:11

Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   kanyshaikg   14 Март 2015 - 02:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Өткөн кылымдарда Кытайда Ли-Ли деген кыз жашаган. Ал бойго жетип, күйөөгө чыгат. Кайненеси менен бирге жашап, убакыт өткөн сайын алардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгат. Мындай көрүнүштөн улам келини күнөөлүү деген жыйынтык чыгуусунан коркуп, бир айла табуу керектигин ойлойт. Чөптөрдөн дары жасаган атасынын таанышына барып кайгысын бөлүшүп, жардам сурайт. Карыя кызды угуп, бир маңызды берип жатып, үч ай ар күнү эртең менен кайненесинин тамагына кошуусун айтат. “Кайненеңдин өлүмүндө эч ким сенден шектенбөөсү үчүн ууну аз-аздан кошуп, ар дайым ага сылык мамиле жасап, ар түрдүү даамдарды даярдагын”, – деп жаш келинди жолго салат. Кубанычы койнуна батпаган Ли-Ли үйүнө келип карыянын айткандарын так аткара баштайт. Убакыт өткөн сайын келининин мамилесине ыраазы болгон кайнене да өзгөрүп, ага мээримин төгүп, өз кызындай көрө баштайт. Бул өзгөрүүлөрдөн соң Ли-Ли кылган иштерине катуу өкүнүп, атасынын таанышына кайра барат да, кайненесинин өмүрүн сактап кала турган дары жасап берүүсүн өтүнүп ыйлайт. Дары жасаган киши көзү жашка толгон Ли-Лиге карап, каткыра күлүп: «Сүйүктүү кызым, сага бергеним уу эмес, жөн гана витамин болчу. Коркпо, ал кайненеңе зыян эмес, тескерисинче, кубат болот. Чыныгы уу сенин зээниңде эле. Сен да аны өз энеңдей сүйдүң, ал да сени өз кызындай жакшы көрө баштады», – дейт.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   kanyshaikg   14 Март 2015 - 02:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Коңшу айылда бир абдан жоомарт, даанышман карыя жашайт деген сөздү көп уккан бир жесир аял күндөрдүн биринде ошол карыядан жардам сурамакчы болуп жолго чыгат. Сураштырып отуруп, карыянын үйүн таап барат да, каралашары жок жесир, үрүп чыгар ити жок жакыр экенин айтып, жардам берүүсүн өтүнөт. Карыя аялдын кучагындагы наристени жүзүнөн өөп, аялга мындай дейт: «Мен сага каалашыңча алтын берейин. Бирок мен жасаган жакшылыгым үчүн сөзсүз бир нерсе алам. Сенден арзыбаган эле нерсе сурайм, мага балаңдын бир манжасын бер». Аял карыянын өтүнүчүн адегенде тамаша катары кабыл алат. Бирок карыянын олуттуу көз карашынан сестенип, баласын бооруна бекем кысат. «Мага балаңдын буттарынын манжасы эле жетет, мен өзүм догдурмун, эч оорутпай эле кесип алам», – деп баланын буттарын кармалайт карыя. Анын бул жоругуна, бир чети, таңыркап, бир чети, андан чочулаган аял артка кетенчиктейт. Береги карыя бир чоң табак алтын алып келип, дале эсин жыя албай турган аялга сунат да: «Мен тырмагына деле ыраазы болом, ал кайра өсүп калат эмеспи», – дейт. «Акылынан айныган неме го бул» деп ойлогон аял сыртка чыкканча шашат. Ошондо карыя: «Тырмагын да бир табак алтынга алмашпаган казынаң бар туруп жакырмын дейсиң да. Кучагыңдагы бала сенин казынаң эмей эмне? Болгону аны түшүнүшүң керек», – деп күлө узатып калат.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   kanyshaikg   14 Март 2015 - 02:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Майрамдын алдында жаш жигит үйүнө шашып келе жатты. Көңүлү жайында эле. Себеби эртеси – майрам күнү, үй-бүлөсү менен эс алып, көптөн бери баралбай жүргөн ата- энесиникине да барып келишмек. Жолду катар өз ою менен алек болуп баратып, алдыда, жолдун четинде ойноп жаткан балдарды байкабады. Бир убакта алардын бири жолго чуркап чыга калды. Машинаны токтотууга үлгүргөнү менен, баланы катуу урганын сезди. Ошол замат сыртка октой атып чыкты. Шаардын чет жагы болгондуктан, тез жардам чакырып, аны күтүп отургусу келбеди да, баланы машинасына салып оорукананы көздөй шашып жөнөдү. Ооруканадан аны реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишти. Бирок дарыгерлердин бири балага тез арада операция кылуу керектигин, ал үчүн башкы дарыгерге жолугуп сүйлөшүү керектигин айтты. Жигит ошол замат башкы дарыгердин кабинетине барып, тез арада операция кылуусун өтүнүп, жалынып-жалбарды. Бирок дарыгер шашпады, кагазга чиймелеп сандарды жазып жылдырды да:
– Ушул сумманы алып келсең, баланы аман алып калабыз. Болбосо, мында операцияга кезек күткөндөр көп, – деп отургучуна чалкалай отура кетти.
– Мейли, канча болсо да таап келем, болгону баланы сактап калыңызчы, тез арада бир нерсе кылыңызчы! .. Мен бул сумманы сөзсүз таап келем, суранам, баланын өмүрүн сактап калыңызчы?! – деп жигит чуркаган бойдон чыгып кетти.
Ошентип, бир нече сааттан кийин башкы дарыгердин кабинетине жетип келип айтылган акчаны сунду. Бул убакка чейин дарыгер басып барып баланын абалын көрүп да койгон эмес эле. Дарыгер акчаны чөнтөгүнө салып жатып:
– Мына, эми башка иш. Эми барып оорулууну көрөлү, – деди да, реанимация бөлүмүнө жөнөдү.
Ал жерде медайымдар башкы дарыгерди күтүп, баланын өмүрүн сактап калуу үчүн болгон аракеттерин жасап жатышкан эле. Реанимация бөлүмүнө кирип барган башкы дарыгер турган жеринде селейип катып калды. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп түрс-түрс согуп жатты. Көз алдынан алгачкы жумушка киргенден тартып акыркы мүнөттөргө чейинки өмүрү сызылып өткөндөй болду. Канча жолу минтип бейтаптарын күттүрүп, канча жолу оор абалдагы адамдардын алсыздыгынан пайдаланып акча алды эле… Эми минтип… ошол мүнөт ага жылдарга созулуп кеткенсиди. Ошол мүнөттө бүт чачы агарып кеткенсиди… Себеби реанимацияда ажал менен кармашып, өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн жашап жаткан анын жалгыз уулу эле. Ошол учурда баласын аман алып калуу үчүн баарын берүүгө даяр эле… бирок, аттиң, баары кеч болуп калган… өтө кеч болуп калган эле…
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   kanyshaikg   14 Март 2015 - 02:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

«1 доллар»

Бул окуя Американын бир шаарчасында болгон. Бир күнү көчөдөгү бир тилемчи астына салып жаткан гезиттердин биринен кичинекей жарыяга көзү түшүп калат. Бул жарыя өзгөчө жарыя эле: «Эки кабат чоң үй сатылат. Бакчасы, гүл багы, бассейни жана башка бардык шарттары менен. Баасы 1 доллар». Көпкө карап туруп, ал гезитти акырын бүктөп коёт. Ошентип, ал күнү кечинде келет да, баягы жарыяны кайра окуйт. Ишенүүгө мүмкүн болбогон бул жарыя кадимки эле жарыялардын арасынан орун алгандыктан, эч кандай шектенүүгө илинчек таппайт. Үч күн бою тилемчинин оюна баягы жарыядан башка нерсе келбейт. Акыры бир сураштырып көрүүнү чечет. Ошентип, жазылган дарекке жөнөйт. Жакын калганда жол боюнда чоң тактада ошол эле жарыянын жазылып турганын көрөт. «Баасы 1 доллар» деп турат. Тилемчи акырын чөнтөгүнө колун салып, бырышып, майланышып калган 1 доллардан үчтү алып чыгат да, жарыяны дагы бир жолу карап, акырын кадам шилтейт. Көрсөтүлгөн дарекке келип, темир тосмо менен курчалган, кооз бакчасы менен заңгырап турган чоң эки кабат үйдү көрөт да, коңгуроосун баса албай көпкө турат. Эки-үч жолу артка кайрылып барып, кайра келет. Акыры чыгынып, коңгуроону басат. Үйдөн жакшынакай кийинген орто жаштагы аял чыгат да, келген адам менен сылык учурашат. Тилемчинин жарыя боюнча келгенин уккандан кийин үйгө киргизип, кадимкидей тааныштырып чыгат. Мындай мамилеге ансыз да ою бир ордунда болбогон тилемчинин оозу ачыла, ишенер-ишенбесин билбей туруп калат. Анын бул абалын байкаган аял болгон абалды жай түшүндүрүп, бул үйдүн сырын ачат:
– Биз күйөөм экөөбүз көп жылдар бою бактылуу жашаган элек. Бирок акыркы жылдары бир жаш аял анын башын айлантып, арабызды алыстатты. Анан күйөөм кырсыктап кайтыш болду. Мурас кагазына бул үйдү сатып, акчасын толугу менен ал аялга берсин деп жазып кеткенге үлгүрүптүр. Ошентип, мен күйөөмдүн керээзин аткарууга аргасыз болуп турам. Бул жарыяны тынбай берип келе жатканыма жарым жыл болду, ошентсе да биринчи кардар сиз болдуңуз. Кыязы, баасын көрүп эч ким ишенбесе керек, баасынын сырын эми түшүнгөн чыгарсыз…
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   bom.bon   14 Март 2015 - 02:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 07 Март 15
  • Соңку аракети: 03 Мар 2018 12:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Бул жалган дуйно сыноо учун берилген.мумкун баласы баарын тушунуп келгендир.кыйынчылыка сабыр кылган бейишке. Кирер?куноосуз адам болбойт.Кудайым Жакшы адамдарга ушундай сыноо берип куноолорун тазалашына жол берет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   kanyshaikg   14 Март 2015 - 02:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

Бир ыкма

Эрбол чыгыш күрөшүнө кичинесинен баштап кызыгып, бирок ар кандай шарттардан улам машыгууга бара албай жүрөт. Бир күнү кырсык болуп, чөп туураган машинага колун алдырып алат. Ооруканадан сол колун чыканактан жогору жагынан кесүү керектигин айтышат. Ошентип, Эрбол чогуу ойногон балдардан да бөлүнүп, өзүнчө түнт боло баштайт. Аны байкаган атасы дзюдо боюнча курска барып, машыктыруучуга абалды түшүндүрөт да, баласын бир аз да болсо алаксытуу үчүн ал жакка алып барат. Аны көргөн машыктыруучу баланын көңүлүн көтөрүп: «Спортто мындан да кыйын абалда калгандар машыгып, ийгиликке жетишип келген. Сени мен чемпион кылам», – дейт да, машыктыра баштайт. Ал сөздөргө шерденген Эрбол алгачкы үйрөнгөн ыкманы тынбай кайталай баштайт. Бир нече жума бою бир гана ыкманы кайталай берген Эрбол бир күнү машыктыруучудан башка ыкма үйрөтүүнү суранат. Машыктыруучусу ага бир ыкманы жакшы үйрөнгөндөн кийин экинчисине өтөрүн, ага дейре машыгууну улантуу керектигин айтат. Ошентип, дагы бир нече ай, андан кийин жыл бою бир гана ыкманын үстүндө иштейт. Бир күнү машыктыруучу Эрболду чакырып алып эртеси таймашка чыгарын айтат. Мындайды күтпөгөн Эрбол:
– Кантип?! Мен бир эле ыкманы билсем, кантип катыша алам? – дейт.
– Сен таймашка катышып жеңишиң керек. Өзүңдү ошого гана даярдагын, – дейт ага машыктыруучусу.
Эрбол канчалык баш тартса да, машыктыруучусу аны таймашка чыгарат. Баарынан кызыгы – ал биринчи таймашты оңой эле жеңип алат. Бир аз кыйналганы менен, экинчи атаандашын да жеңет. Бул жеңиши аны улам шердентип, ал күнү үчүнчү атаандашын да жеңип, жеңүүчү аталат. Ишенип-ишенбей, бул ийгиликтин сырын машыктыруучусунан сурайт. Ошондо машыктыруучусу мындай дейт:
– Сен бир жылдан ашык бир эле ыкманы кайталап жүрдүң. Ошондуктан бул жерде бул ыкманы сенден мыкты билген эч ким жок. Экинчиден, бул ыкмага туруштук берүү үчүн каршылашың сени эки колуңдан кармашы керек эле.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   rumaika5544   14 Март 2015 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Хиджаб алганы бир бутике
кирсем, артыман кош кабаттуу
жоолукчан келин кирди. Сатуучу
кыздан сурап атат, мага жакшы
жоолук бериңиз деп, сатуучу
кыз өңүңүзгөбү деп сураса жок,
күйөөмдүн экинчи аялына дейт.
Тиги кыз экөөбүз жалдырап
баягы келинди карап калыпбыз.
Анан мен сурадым кайра,
күйөөмдүн экинчи аялы
дейсизби деп, ал болсо күлүп
ооба деп коёт. Кандайча десем
айтат, жолдошум Аллахтын
ыраазычылыгы балдары бар
келинди алды жакында
бакканга. Мен ал келинди
коноктодум, жолдошум аны
дагы жакшы көрөт экен, мен
макул болдум, анткени бул да
Аллахтын каалоосу болду дейт.
Жоолуктун эң жакшысын алды
тандап. Анан ал келин чыгып
кеткенден кийин сатуучу кыз
экөөбүздүн кадимкидей
көзүбүзгө жаш тегеренип туруп
калдык.
Мына чыныгы адамдык жогорку
сапат, алгысы келсе жаш
кыздар толтура го, көпчүлүгү
жаш кыздарга качырып калды
го. Айтайын дегеним, арабызда
ушундай Аллахтын
ыраазычылыгын издеген
адамдар көп болгондо, атасыз
балдар аз болоор беле деген ой
кетти. Мага абдан чоң таасир
калтырды, эми муну ким кандай
ойлойт ар кимдин өз эрки.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   rumaika5544   14 Март 2015 - 11:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

:cray:
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   Ali.12   16 Март 2015 - 20:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Напсинин эң чоң
максаты!
Ар ким душманды сырттан издейт,
бул жаңылыш.
Дүнүйөдө адам үчүн эң чоң
душманы - өзү.
Себеби, Аллаху таала адамдын
ичине ушундай бир макулукту,
ушундай бир малунду, ушундай бир
динсизди койгон, жаратылышы
боюнча ар бир бөлүгү Аллахка,
Расулуна жана акыретке душман.
Бул – напси.
Жакшылыктан кымындай болсо да
насиби жок.
Муну менен дос болуу хубб-и
филлах менен бугд-и филлаха
каршы. Хубб-и филлах деген Аллаху
тааланы, Анын сүйгөндөрүн, б.а.,
мусулмандарды Аллах
ыраазычылыгы үчүн сүйүү болуп
саналат.
Бугд-и филлах болсо Аллахтын
душманы болгон напсини жана
анын досторун сүйбөө дегенди
билдирет.
Ар түрлүү харам - напсинин досу
жана тамагы.
Адам дүнүйөдө кимди сүйсө аны
менен бирге тирилет.
Өз напсинин каалоолору менен
жашаган бир адам кандайча Аллаху
тааланын досу боло алмак эле жана
кандайча Аллаху тааланын
ыраазычылыгына жете алмак эле?
"Кимди сүйгөн болсоң, кимдин
жолунда жүргөн болсоң эми аны
менен бирге бол!” – деп айтылат.
Мына, адам өзү жалгыз эмненин
туура экенине чечим чыгаруусу,
напсинин жамандыктарынан
коргонуусу дээрлик мүмкүн эмес.
Имам Раббани хазреттери мунун
абдан оор экенин билдирүүдө.
Адам бир гана дин бир тууганы
менен бирге болуу аркылуу кутула
алат. Адамдын напси дин бир
тууганынын жанында жүргөндө
жолдон чыгып, кутура албайт.
Анткени, дин бир тууганы эч нерсе
кылбаса дагы анын жүрөгүндөгү
устазына деген, Аллаху таалага
деген махабат бириккен идиштер
сыңары сөзсүз таасир кылат.
Б.а., жамандыктардан, жаман
ойлордон коргойт.
Анын башка, дин улуулары тууралуу
сүйлөшүлсө же алардын
китептеринен окула турган болсо
нур үстүнө нур болот.
Ырайым деген мына ушул.
Бирок адам жалгыз калганда бир
жерде тегеренип тура берет.
Ылайыктуу жолдош таппай жолго
чыкпоо керек. Ошондуктан, "Алгач
рафик (жолдош), анан тарик (жол)”
деп айтылган.
Б.а., жолдош тандап, анан жолго
чыгуу керек.
Акырет жолунда да салих кишилер
менен бирге чыгуу керек.
Напсинин эң чоң максаты эмне?
Напси кайра-кайра харам иш
кылдырып, адамды капыр кылат.
Анын эң соң максаты - куфур.
Себеби, адамды чексиз балээлерге
тартууну каалайт.
Аны менен кандайча дос болуу
мүмкүн?
Бир адам 30-40 жыл бою бир эле
мечитке кирет, бирок, мечитке бара
жатып ар дайым:
"Кызык, мечит кайда?” - деп сурай
берет.
Эң акырында бирөө: "Ага сиз бул
мечитти билесиз да, акылыңыз
деле ордунда, эмнеге дайым мечит
кайда деп сурай бересиз?” – дейт.
"Балам напсимин айтканын кылбоо
үчүн сураймын.
Сенден сураганда сен айткан жерге
бараткан болом”, - деп жооп берет.
Мына, салих адамдар напсиге моюн
сунбоого ушунчалык көңүл бурушчу
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   Ali.12   16 Март 2015 - 21:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Сөзүбүздө гана
мусулман болбостон, ишибизде да
мусулман бололу бир тууган!
Европанын бир университетинде
окуп жаткан мусулман бала
мусулман эмес бир кызга ашык
болуп, аны менен жолуга баштаган
экен.
Үйүнө келип ата-энесине бул
кабарды угузганда баланын атасы
“Мусулман эмес келиндин мага
кереги жок.
Аныңды кулагыма угузба!” деп кесе
айткан экен.
Эмне кылаар айласын таппай калган
бала Европадан үйүнө “Ата, эгер ал
мусулман болсо сизге келин боло
алабы?” деп телефон чалат, бир
тике ойлоно калган атасы “Ооба”
деп жооп берет.
Сүйүнүчү койнуна батпаган жигит
кыздын үйүнө учуп-күйүп жетип
келип “Сүйүнчү, биз үйлөнмөк
болдук, сен мусулман болсоң эле
атам макул болом деди.
Бол эми, келмени айтып мусулман
боло кал, мен атама телефон
чалайын.
“Аллахтан башка сыйынууга
татыктуу Зат жок, Мухаммад Анын
элчиси.” дегенин эле жетиштүү
мусулман болууга.” деп сүйүнүчү
ичине батпай энтиге, кызды өзүнө
бекем кучактады.
Бир четинен сүйүнө, бир четинен
кабатыр боло түшкөн кыз “Айтып
койсом эле мусулман боло албайм
го? Мага Ислам тууралуу китеп,
анан убакыт бербейсиңби ал
китептерди окуп бир чечимге
келгенге? Келмени айтып коюп эле
мусулман болдум дегеним туура
эмес болуп калат го?” деп жигитти
жалбаруу менен карады.
Ал канчалык келмени эле айта
салып жигиттин өмүрлүк жары
болууну кааласа да, кандайдыр бир
ички сезим анын шашпай иш
кылуусун талап кылып туруп алды.
“Макул, окусаң оку, эртең алып
келем китептерди. ” деген жигит
ичинен “Ооба кичине дин тууралуу
окуса жаман болбос атам сынаш
үчүн бир нерселерди сураса,
шакылдата жооп берсе, ого бетер
ыраазы болуп батасын берээр” деп
эртеси тапкан китептин баарын
кызга алып келип берди.
Күндөр өтүп кыз Ислам тууралуу
китептерди кызыгуу менен окуп да
бүттү, ал гана эмес башка
китептерди таап аларды
өздөштүрүүгө жетишти.
Жигиттин үйүнө кайтчу убагы
жакындап, ал келип кыздын эшигин
какты. Хижаб кийген, жупуну
кийинген кыз эшигин ачканда ал
таанылгыс болуп калган эле.
Бала жылмая “Жаным мусулман
болдуңбу?” – деп бактылуу
көздөрүн кыздын жүзүнө такады,
кыз көзүн ала кача “Ооба болдум.
Тиги сен берген китептердин
баарын окуп чыктым, бирин да
калтырган жокмун, көп нерсени
түшүндүм, көп нерсени
кабылдадым, бирок мен сага
турмушка чыгууга макул эмесмин.
Кыскасы мен сага турмушка чыга
албайт экенмин” – деп эшигин жаба
баштады, чочуп кеткен жигит “Кой
эми тамашаңды, ушинтип да
тамашалайсыңбы кел эми” – деп
кызды кучагына алгысы келди,
анын колдорун чечкиндүү түрткөн
кыз “Сен нике кыйылбаган аялды
кучактамак тургай, андай аялга кол
тийгизүүгө укугун жок экенин
билбесиңби?
Зынакорлор кайда болоорун
билбейсиңби же эмне сен мусулман
эмессиңби?” деп үнүн кайратуу
чыгарып “Коё тур!” – деп шаша
үйүнө кирип кетти.
Бир аздан кийин толтура китепти
алып чыгып балага карматып
“Ме, эми сен барып мусулман
парзын окуп, билип кел ошондо мен
сага турмушка чыгууга даярмын.
Мен окуган китептер боюнча сенин
кылган амалдарыңдын бири да
мусулмандын амалына окшобойт
экен.” деп эшигин жаап алды.
Бир тууганым, мусулман
боордошум.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   Ali.12   16 Март 2015 - 21:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

КАРАҢГЫДА
МЕЧИТКЕ КАТТАГАНДАРГА
АЛЛАХТАН СҮЙҮНЧҮ КАБАР
Кыяматта багымдат намазы адамга
нур болот. Ал күндө азыркыдай
жаркыраган Күн, жарык чачкан Ай,
жайнаган жылдыз болбойт. Бүткүл
Ааламды караңгылык каптайт.
Көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта
адамдар кайрадан тирилет.
Чартарапты каптаган
караңгылыктан адам көз алдында
турган нерсени да көралбайт.
Бардык адамдарды жаналекетке
салган мына ошол азаптуу күндө ар
бир адам жарыкка муктаж. Айрыкча
Сырат көпүрөсүнөн өткөн кезде
өтө муктаж. Анткени бир эле туура
эмес кадам таштасаң, астыңдагы
алоолонгон Тозокко кулайсың.
Сырат көпүрөсүнөн Аллах каалаган
пенделери гана аман өтөт.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам, Сыраттан өткөн
адамдардын абалын сыпаттап
мындай деп айтты:
«... Аларга берилген нурларынын
(өлчөмү) кылган иш-аракеттерине
жараша болот. Кээ бирине алдынан
(жаркыраган) тоодой нур берилет,
кээ биринин нуру андан кичине
болот. Кээ бирине оң тарабында
(жаркыраган) курма дарагындай
нур берилет, кээ биринин оң тарап
нуру андан кичине болот. Ошентип
эң акыркы адамдын нуру бутунун
бармагындай болуп, ал бирде
жаркыраса, бирде өчөт. Эгерде
(нуру) жаркыраса басат, өчсө
(жылбай) туруп калат. Баарысы
Сырат (көпүрөсүнөн) өтүшөт.
Сырат (көпүрөсү) – кылычтын
мизиндей курч, тайгак жана
сыйгалак. Ошондо аларга:
«Нуруңарга жараша (Сыраттан)
өткүлө»,– деп айтылат. Кээ бири
учкан жылдыздай (ылдамдыкта)
өтсө, кээ бири куюндай тез өтөт.
Кээ бири көз ирмемде өтсө, кээ
бири жөө чуркап өтөт. (Сыраттан)
өтүү – алардын кылган иш-
аракеттерине жараша болот».
(Хаким “Мустадрак”)
Аллах Таала Кыяматта
ыймандууларга нур берет. Алардын
нурлары бул жашоодо кылган иш-
аракеттерине жараша болот. Бирок
Сырат көпүрөсүнө келгенде
мунафыктардын нуру өчүп, чыныгы
ыймандуулардын гана нуру калат.
Эмне себептен ыймандуулардын
нуру өчпөйт? Анткени алар бул
дүйнөдө Аллах нур берем деп убада
кылган иш-аракеттерди кылышкан.
Мына ошол иш-аракеттердин бири
– багымдат намазын жаамат менен
мечитте окуу. Ал эми мунафыктар
тилдери менен ыйман келтирип,
жүрөктөрүндө Аллахка куфурлук
кылышканы себептүү нурлары өчтү.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа
саллам, Аллахтын сүйүнчү кабарын
жеткирип мындай деп айтты:
«Караңгыда мечиттерге дайым
каттаган адамдарга сүйүнчүлөгүн,
Кыяматта аларга толук нур
берилет». (Тирмизи)
«Чындыгында, Аллах Таала
караңгыда мечиттерге барган
адамдарга Кыямат Күнү
жаркыраган нур берет». (Табарани
“аль-Аусат)
Демек, кимде-ким караңгыда
окулган куптан менен багымдатты
жамаат менен мечитте окуса, анда
ага Аллах Таала Кыяматта
жаркыраган нур берет. Анткени ал
мечиттин алыстыгына, эшиктин
караңгылыгына карабастан Аллах
үчүн мечитке барды. Ошол себептен
Аллах Таала Кыямат
караңгылыгында ага сыйлык катары
нур берди. Бул нур ал адамды
Бейишке киргенге чейин коштоп
жүрөт. Оо, Аллах! Бизге бул
дүйнөдө да, кабырда да, Кыяматта
да нур бер!
Ошондой эле Пайгамбар, саллаллаху
алейхи уа саллам, үммөтүнө
алардын жашоосун, кабырын
нурланткан жана Акыретте Бейишке
карай жолду жарык кылган нурду
Аллахтан кантип суроону үйрөттү.
Бул дубаны Пайгамбарыбыз
мечитке баратканда дайым айтчу:
«Оо, Аллах! Менин жүрөгүмө нур
бер, көзүмө нур бер, кулагыма нур
бер; оң тарабымдан нур бер, сол
тарабымдан нур бер, үстүмдөн нур
бер, астымдан нур бер, алдымдан
нур бер, артымдан нур бер! (Оо,
Аллах!) Мага нур бер». (Сахих аль-
Бухари; Сахих Муслим)
«Аллахумма- джъаль фи қольби
нуурон, уа фи басари нуурон, уа фи
самъи нуурон, уа аън йямиини
нуурон, уа аън йясаари нуурон, уа
фауқыи нуурон, уа тахти нуурон, уа
амаами нуурон, уа ҳальфи нуурон,
уа-джъаль ли нуурон».
☝ЭЛЕСТЕТ...
Кыямат башталды. Чечүүчү Сурак
Күн келди. Бул күндүн кандай
экендигин билесиңби?
Бул күн – адамдар кыпындай да
соопко зар болгон күн. Бул күндөгү
коркунучту сөз менен айтып бүткүс
күн. Ата-эне өз баласынан безген
күн. Азаптан кутулуш үчүн
жанындай көргөн адамын садага
чаап жибере турган күн.
Коркунучунан жаш наристенин чачы
агарган күн. Бүгүн сенин тагдырың
чечиле турган күн.
Адамдар баары бир тегиз тирилди.
Арасында сен да барсың. Көзүңдү
ачсаң эч нерсе көрүнбөйт. Айлана
капкараңгы. Айгайлаган ызы-чуу,
жаналекетке салган чуру-чуу кулак
тундурат. Азаптуу үндөр, жан
чыдасыз кыйкырыктар гана угулат.
Кайда бурулба, кудайлаган адам.
Эми эмне болот деп өкүргөн адам.
Жашоомдо жаңылдым деп өкүнгөн
адам. Жаным аман калсын деп
жандалбастаган адам. “Неге мени
эскертпедиң? ” деп бири-бирине
жалаа жапкан адам. Караңгылыкта
жол издеп кайсалактаган адам.
Аттиң, топуракка айланып жок
болуп кетсемчи деп жер чапчыган
адам. Азаптан кутулуулун жолун
издеп жанталашкан адам. Кайда
качып кутулат? Бүгүн сурактан
качып кутулуу мүмкүн эмес!
Жашооңдо Кудайдан качсаң да,
бүгүн эч жакка качып кутулбайсың!
Кыямат башталды! Кыяматың
башталды!
Бир маалда адамдардын арасынан
кээ бирлеринин жүздөрү четинен
жаркырай баштады. Баары эмес,
саналуу гана адамдар. Балким
менин да жүзүм жаркырайт деп
үмүт кылгандар андан көп. Жүзү
жаркыраган адамдардын
сүйүнүчүндө чек жок. Сага да
жакындап калды. Саналуу гана адам
калды. Кудайга ичиңден “Мага да
нур бере көр” деп жалынып,
жалбарып жатасың. Сенин да
кезегиң жакындап калды. Жаныңда
тургандардан эч кимисинин жүзү
жаркырабады. Мына сен күткөн
учур да келип жетти. Сага нур...
Кандай ойлойсуң, сага нур
берилеби? Сен бул жашоодо
Кыяматтагы нурга татыктуу эмне
иш кылдың? Эртеңки Кыяматка
бүгүн кандай даярдык көрдүң? Бул
суроолорду өзүңдөн сурачы?
Мусулман бир тууганым! Кыяматка
бүгүнтөн даярдан, эртең кеч болуп
калышы мүмкүн. Бүгүнкү берилген
мүмкүнчүлүк эртең болбой калышы
мүмкүн. Анткени мындай
мүмкүнчүлүк бир эле жолу берилет,
аны колдон чыгарба!
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   rumaika5544   17 Март 2015 - 09:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Саад бин Абу Ваккас энесин
абдан урматтачу. Энесинин
айткандарын эки кылбаган,
көзүнүн агы менен тең
айланган жароокер перзент
эле. Жараткан насип буйруп
Саад да дин Исламды
кабылдайт. Уулунун мусулман
болгону алекизаматта күбүр-
шыбыр менен энеге жетет.
Каарданган эне уулун
коркутууга өтөт:
- Ай уулум! Бул эмне кылганың?
Эгер бул динди таштабай
турган болсоң, мен тамак
ичпей койом, ачкадан өлөм!
Натыйжада сен «Энесинин
канкору!» деген наалатка
каласың! Алдастаган Саад
жылуу-жумшак айтып энесин
көндүрө албай койот.
Көшөргөн эне эки күн, эки түн
эч бир наар албайт. Үчүнчү күн
дегенде алсырап саламаттыгы
бир кыйла начарлай түшөт. Бир
жагынан энесинин
кашкөйлүгүнө жаны күйсө, бир
жагынан сүйүктүү энесинин
кайгыга батып алсырап
баратканына сарсанаа болот.
Акырында Алланын Кудуретине
тобокел кылып чечкиндүү
түрдө минтип айтат:
- Энеке! Кудай Таалага ант
болсун! Эгер сизде жүз
жаныңыз болуп, жүзү жүз
жерден чыккан күндө да, мен
бул динден баш тартпаймын!
Уулунун чечкиндүү жообу
эненин шаабайын суутат. Ансыз
да башы кеңгиреп, ашказан
ачышып чыдатпайт, же
жандын таттуулугу белем
мурункусундай тамактанып
тирилигин улаган. Лукман
сүрөсүнүн он төртүнчү жана он
бешинчи аяттары ушул окуяга
карата түшүрүлгөн:
«Биз инсанды ата-энесине
дайыма жакшылык кылсын деп
буйрудук. Энеси аны
алсыздыктын үстүнө алсыз
болуп көтөрөт. Аны эмизүү
мөөнөтү эки жыл. Биз
буйруганбыз:
«Мага жана ата-энеңе ыраазы
бол. Кайтуу Мага». А эгер алар
сени сен билбеген нерселерди
мага шерик кылууга үндөй
баштаса, анда аларга баш ийбе.
Аларга мээримдүү бол! Мага
моюн сунгандардын жолу
менен бол! Андан соң
кайтууңар Мага! Мен силердин
эмне кылганыңар тууралуу
кабар берем!» (Лукман, 14-15)
(Муслим, Фадаилус-сахаба ,
43-44; Ибни-Асийр, Усдул-Гааба,
II, 368).
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   Ali.12   18 Март 2015 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Бир киши шам
намазына кетип
баратса жамгыр жаап жатат
экен.Шашылып баратып кулап
кетип жыгылат.Кийимдери
ылай,жаман болот.Кетип бараткан
жеринен уйуно кайтып барып
жуунуп,тазаланып кийимдерин
алмаштырып кайра жонойт.Кетип
баратып дагы чалынып кетет.Дагы
уйуно барып жуунуп тазаланып
алып дагы жонойт.Кетип баратып
учунчу жолу да жыгылат.Дагы
кайтат,дагы кийимдерин
алмаштырып жолго чыгат.жолдо
бир киши турган болот.Колунда
чырагы бар.Жур деп чырагы менен
карангыда жол корсотуп мечитке
чейин алып барат да озу мечитке
кирбей туруп калат.Жанагы киши
эмнеге кирбей жатасын деп сураса"
мен шайтанмын... .Сен мечитке
кетип баратканында чалып
жыгыттым,а сен жуунуп дагы
жоногонундо Аллаа Таала бут
куноолорундон кечип
жиберди.Экинчи ирет жоногонундо
бут тууган- уруктарындын куноосун
кечип жиберди,а учунчу жолу
жоногонундо бут шаарындын
куноосун кечип жиберди.Эгер дагы
сени жыгытканымда буткул
адамзаттын куноосун кечип
жибермек.Ошондон корктум да
сени жыгытпай алып келдим "деген
экен.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   Ali.12   18 Март 2015 - 13:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 506
  • Катталган: 28 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2023 15:18
  • Жынысы:Эркек

Сокур адамдын
арманы: «Ааламды бир
корсом»-дейт,
- Дулой адамдын арманы: «Табыят
унун бир уксам» -дейт,
- Басалбаган майып адамдын
арманы: «Кадам таштап жер
бетинде бир бассам»- дейт,
- Дудук адамдын арманы: «Бук
болгон создорун бир кыйкырып
айтсам» -дейт,
- Ал эми сен: коросун, угасын,
баскан ары турсун чуркайсын,
оозун жабылбастан сайрайсын.Ушул
катты окуган сон Жаратуучуга мин
мерте шугур айтаарсын.
Озунду эр ойлосон ,бироону шер ойло!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   samina86   18 Март 2015 - 15:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

мин мерте эмес чексиз шугур кылышыбыз керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   mirana9395   18 Март 2015 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 442
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥

Просмотр сообщения sestra (20 Январь 2012 - 23:01) жазган:

бир куну уулумду ойнотуп журсом, балдар ойногон аянтчада бир келин жолдошун абдан жамандап жатат, жерден алып корго чаап, кордон алып жерге чаап. бир убакта жолдошу келип калды, баягы келин эч нерсе болбогонсуп жолдошу экоо балдарын ээрчитип кетип калышты. ошол келин такыр эсимден кетпейт, кантип дуйнодогу эн жакын адамын жамандайт, ал адам менен бир тошокту , бир уйду , бир турмушту, бир тагдырды болушот да, ал адамдан балдарды торогон да, орусча айтканда она его половинка. алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
эже биринчиден кечирим сурап жазам сизден,эгер сиз акылдуу мээримдуу эне,боорукер жубай болгонунузда сиз ошол,жолдошун жамандаган "аялды" сиз жамандабайт элениз бироонун жошоосун билбей туруп,сен ал жонундо соз кылба,сиз ал аялдын окуясын айтсаныз,сиздагы озунуздун жолдошунузду жамандаган мн тен болос.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 47 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 47, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 20:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: