Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#621 Пользователь офлайн   Birinchi   09 Сентябрь 2015 - 22:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

ШҮГҮР КЫЛУУНУН ПАЙДАСЫ.

Кабул шаарында жашоочу эки адам өз өмүр— тиричилигин жакшы өткөрүүнү каалап Султан Махмуддан жардам суроо максатында Ганза шаарына сапарга аттанышты.Жол үстүндө бир адам буларга жолдош болду.Ал абдан оор— басырыктуу, барга— жокко канаат кылган адам болчу.Өмүр бою өз кол күчү менен күн кечирип, ак эмгектен тапканына канаат кылып жашаар эле.Жанагы эки адам ошол оор— басырыктуу кишиге эмне максат менен өздөрүнү Ганзга бара жатышкандыктарын айтып,ал адамдын дагы сапарынын себебин сурашты.Ал адам аларга.
—Мен жыгач устамын.Өзүмдүн адал эмгегимин арты менен тапканыма шүгүр кылып жашаймын.Эч кимден эч нерсе үмүт кылбаймын.Султандын тартуу сыйы мага керек эмес.Болгону сейилдеп Ганза шаарын кыдырып келүү үчүн гана сапарга чыктым,— деп жооп берди.
Булар Ганзага жетип келээри менен, эки жолдош Султандын кашына келишти.Бирок шүгүр кылган адам барбады.Баягы эки киши Султанга эмне максат менен Ганза шаарына келгендерин айтып,кошо келген кишинин эмне үчүн Султандын алдына келбей койгондугун дагы айтып өтүштү.Султан адам жиберип ошол үчүнчү шүгүр кылган кишини дагы алдырып келди.Анан алгач эки жолдоштун каалоолорун сурады.Алардын бирөө Султандан бир баштык алтын сурады.Экинчиси болсо ал үйлөнө электигин, мүмкүн болсо сарайыңыздагы кыздардын бирөөсүнө үйлөндүрүп койууну өтүндү.Султан булардын тилектерин аткараарын туюндурган соң,шүгүр кылуучу адамдан.
— Ганзага эмне максат менен келдиң?
—Эмне үчүн менин кашыма келүүнү каалабадың? — деп сураганда,шүгүр кылуучу адам мындай жооп берди.
— Мен Ганза шаарын бир сыйра кыдырып көрүп кетүү үчүн гана келдим.Өзүм болсо чыныгы ак эмгегим менен гана адал кесибимдин саясында өмүр кечирүүнү каалаймын.Эч жерде ар— намысым төгүлүп,абийиримди ойрон болушун каалабаймын. Сиздин тартуу— сыйыңыздын мага бир тыйыны да кереги жок.Ошол себептүү алдыңызга келүүнү каалабадым.
Султан Махмуд тартуу берген, сыйын көрсөтмөк болсо шүгүр кылуучу адам эч макул болбой койду.Султан эки жолдоштун тилектерин орундатты.Ошентип алар Султандын уруксаты менен өз айылына кетүү үчүн жолго чыгышты.Шаардан чыгып бир аз жүрүшкөн кийин алтын ээси чаалыгып, баштыкты баягы шүгүр кылуучу адамга тапшырып андан бир азыраак жерге чейин көтөрүп барууну өтүндү.
Шүгүр кылуучу адам эч кандай тартуу албай койгондугуна каарданган Султан Махмуд өзүнүн бир кызматчысына шашылыш түрдө.
Желкесинде баштыгы жок,ээрчиөкен аялы жок бара жаткан адамды өлтүрүп,башын кесип келгин — деп буюрду.Кызматчысы тезинен аларды кууп жетип,баягы бара жаткан баштык ээсин өлтүрүп, башын кесип Султанга алып келди.
Султан баштыктын ээсинин башын таанып, кайра кызматчысына, жаңылыш өлтүрүпсүң, тезинен кайра барып жанында ээрчиткен аялы жок бара жаткан адамды өлтүрүп,башын кесип келгин деп буюрду.
Дал ошол маалда баягы күң аялдын күйөөсү аялын шүгүр кылуучу адамдын жанына таштап коюп,зарылдык туулган себептүү, караңгыраак жерге чуркаган болчу.Кызматчы шашылыш барып ай— буйга келбей,сурабай— эетпей туруп эле баягыны өлтүрүп, башын кесип Султанга алып келди.Султаг абдан тазданып.
Баштык асынып,жанында аял ээрчиткен адамды өлтүрбөстөн тирүү боюнча алдыма алып келчи,— деп кызматчысын кайра жөнөттү.Кызматчысы барып жанагы адамды Султандын кашына алып келди.
— Султан жылмайып.
— Жолдошторуңа эмне болду?— деп сурады.
Мындай деп жооп берди, шүгүр кылуучу адам.
— Сиз кимге алтын менен аял тартуулаган болсоңуз, акыбетинде алардын жанын дагы өзүңүз алдыңыз.Мен сизден эч нерсе албаганым үчүн аман калдым.
Султан анын сөзүнө ыраазы болуп.Менден каалган нерсеңди тилегин,— деп андан өтүндү.
Шүгүр кылуучу адам мындай деди.
— Макул мен сизден үч нерсе сураймын.Адегенде баштыктагы алтындарга дагы көбүрөөк алтын кошуп,өлгөн жолдошумдун үй бүлөсүнө жөнөтүп,аларды ыраазы кылыңыз.Өз күнөөлөрүңүздү кечирүүлөрүн алардын үй— бүлөсүнөн сураныңыз.Мындан кийин ачууга алдырып, күнөөсүз бирөөнү өлүмгө буюрбаңыз.Өзүңүздү адилеттүү башкаруучу катары көрсөтүңүз.

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#622 Пользователь офлайн   Birinchi   09 Сентябрь 2015 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте

Үчүнчүсү сизден эч нерсе тилебеймин. Эгер уруксат берсеңиз аял бала— чакамды Ганзага алып келип өзүмдүн адал кесибим менен тиричилик кылайын.
Султан Махмуд анын тилегин орундаткан соң,мындай деди.
—Менин да үч тилегим бар.Сиз да ошону кабыл алыңыз,Биринчи менин кетирген каталарымды кечириңиз.Экинчиси ар бир жасаган ишиме мага кеңеш берип туруңуз.Үчүнчү ар бир жума күнү кечкиси менин жаныма келиңиз.Сырдашууңуздан ырахат, акыл алайын.
Ошентип шүгүр кылуучу адам Султандын өтүнүчүн ксбыл алып,өз макулдугун берди.

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#623 Пользователь офлайн   rnurzida   10 Сентябрь 2015 - 02:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Дааватчы Ахи Муслим
~ОКУНУЧ~

Жашым 48 жакындап калды. Бирок ичимдеги бир сыр тынчтык бербей, жан дуйномду кыйнап келет. Жаштыгымдан эрке остум. Ата энемдин жалгыз улуу болгондуктан, каалаганымы ичип, каалаганымды киер элем. Бирок акча ушунчалык жашоонду азгырарын кеч тушундум. Озум да сулуу болгондуктан, кыздар дайым айланамда, айланчыктап журор эле. Бул адатым уйлонгондо да , басылбады. Пешенеме кудайым аябай саабырдуу аял берген экен. Азыркыга чейин, жаманымды да , жакшымды да жашырып келет. Уйго бир кун келсем, уч кун жоголуп кетээр элем. Бул мага кундогу конумуш кундор болуп калган. Клубка, андан чыгып жаман досторума кошулуп карта ойночумун. Андай кундо, кыз болбосо да кызыгы жоктой болуп, кыздарды алып келчуубуз. Бака, шака, каткырык, ызуу чуу. Кундон кунго ушундай кундор уланып жатты. Ал араада уч балалуу да , болуп калдым. Эки кыз бир уулдун атасымын. Бирок балдарды аялым эле, тарбиялап, остуруп жатты. Качан тарбиялайм, эгер бир кун болуп, эки кун уйдо болбосом. Бул иш качанкыга чейин, созулат эле, эгер мынтип, жарым Жан болуп калбаганымда. Бир куну адаттагыдай, досторум менен, машинеде, шарактап келе жатканбыз. Кайдан чыга калды билбейм. Мандайыбыздан бир ит чыгып, машинебиз аварияга учурады. Тарс эткен , добуштан улам баарыбыз куладык. Козум карангылашып, жумулганын билем. Андан аркысын эстей албайм. Козумду ачсам, ооруканда жатыпмын. Балдарым, аялым коз жашын колдотуп, башымда туруптур. Байкуштарым, менин тируу калганыма ыраазы. Козумду ачып эле, досторумду сурадым. Рульда отурганы, ошол эле жерде жан бериптир. Арт жактагы экообуз, тируу калыппыз. Бутумдун ооруганынан улам, ылдый жакты карасам, жарым жанмын. Коргон козумо ишенбедим. Тизеден ылдый жагын, бырчаланып, кеткендиктен кесип ташташыптыр. Ата энем болсо, омурумду тилеп , отурат. Ошентип жарым жылдай дарыланып журуп, ооруканадан чыктым. Аялым дагы деле жылуу мамиледе. Ушунча жашап, аялыма да, жакшы мамиле кылбагам. Ал болсо, мени сыгылбасын деп, ар куну жылмайып жылуу созун айтып турат. Аялымдын саабырдуулгуна тан калам. Убакыт отуп, тун кызымды ээрге бердик. Жакшы эле жашап атышкандай туюлган. Бирок кызым кундон кунго, онунон азып , соолуй баштады. Мени сыгылбасын дейби, дайыма жылмайып кирет. Коздору мундуу эч нерсе айтпайт. Бир жолу аркы уйдо апасы менен суйлошуп отурганын угуп калдым. Ыйлап алган. Апаке чыдай албайм . Саабырым тугонду. Бир кун келип, уч кун жок болот. Ойногону ойногон. Уй булоосу бар экенин да эсинен чыгарып таштайт. Ушул создорду укканымда, журогум селт этип , титиреп баштады. Мен ушинтип журбодум беле. Баардыгы менин кылганыма куюп койгондой окшош. Ойногону. Уйго келбей калганым. Уй булоо не экенин билбегеним. Мунун баарын, куйо балам, кызыма корсотуп жатабы? Башымды мыкчып, ыйлап жибердим. Кайтаар дуйно, эртедир кечтир кайрылып келээрин билсемгана. Менин дартымдан, балам жапа чегуудо. Менден алып качкан коздору, ушуну айта албай турган экен да. Кызымды чакырып, кучагыма басып, буркурап ыйлап жибердим. Кечир кызым, кечир акмак атанды. Адам болуп, айбандарча кун откозгон катамды. Менин кесепетимден, менин дартымдан, менин катамдан, сенин жашоон татаалдашып калды. Баары кайтты, баары келди. Неге кеч тушундум? Эми не амал кыла алам? Аялым да менин тушунгонумо, ыйлап жиберди. Дагы канча отурат элек билбейм балдарым келип, эшикти такылдатпаганда. Ошол кундон баштап, намазга жыгылдым. Кетирген каталарым учун, аябай окунучтомун. Бирок кеч болсо да, адам болуп , озгоруп жашаганыма шугур кылам. Кызым дагы кандай азаптарды, башынан кечирип жатат билбейм. Апасын тартып сабырдуу, намыстуу эч нерсе айтпайт. Сыягы женсен болот деп, апасы уйроткон го. Баардык жаман жолдо жургон эркектерге айтарым. Токтоткула кеч боло электе. Биз кылган катага, эмне учун, балдарыбыз, же карындаштарыбыз , жооп бериши керек. Ойлонгула кайтар дуйно бир кун соссуз кайтып келет дегени анык. Мен сыяктуу, адашпагыла. Менин башыман откозгон, окуялар, кунумдук жашоо, деп ойноп жургон адамдарга сабак болот деген ниеттемин. Ар бир уйдо, ынтымак, ырыскы, бактылуулук болсун. Аллахым ар бир адамга, женил сыноо беруусун насип этсин.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#624 Пользователь офлайн   osh93   10 Сентябрь 2015 - 02:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

⭐УБАКЫТТЫН БААЛУУЛУГУ " Урматтуу мусулман бир тууганым эгер билсениз эн кымбат нерсе ыймандан кийинки орунда турган бул- убакыт" Аны далилдеп Аллах Таала ыйык куранда убакытка коп касам ичкен. ТАН УБАКТЫСЫНА КАСАМ , ШАШКЕ УБАКТЫСЫНА КАСАМ, АСР УБАКТЫСЫНА КАСАМ, ТУНГО КАСАМ, деп Аллах Таала убакттын канчалык маанилуу нерсе экендигин баяндап жатат. Анткени эгерде Биз пенделер касам иче турган болсок бир гана Аллахтын аты м.н касам ичебиз Ал эми Аллахтан улуу нерсе жок болгондуктан Аллах озу жараткан нерсенин маанилуу нерселери м.н гана касам ичет. ⭐Бул дуйно уч турдуу кундон турат: 1- Кече (ал отуп кетти)...... 2- Эртен (сиз ага жетбей калышыныз мумкун)... 3- Бугун ( ал сиздики ошол кундо соопту иштерди кобойтуп калыныз!). ⭐ УБАКЫТ-эн кымбат нерсенин бири , анткени аны: сатып алууга да сактап коюуга да жана кобойтуп алууга да болбойт. ⭐ АЛЛА ТААЛА биз мусулмандарга убакытты ийгиликтуу пайдалануубуз учун: 5 убак намазды бир кундун Жума намазды бир жуманын, Рамазан айын бир жылдын. Ажылыкты бир омурдун эсебин белгилоо учун берди. Эгер сиз эрте менен жакшы маанайда туруп, дарат алып, ыйык жузунузду саждага койуп СУБХААНА РОББИЙАЛ АЬЛАА ( оо Аллах сени тазалык менен эскеремин) -деп жана куну бойу жакшы иштерди аткаруу менен кун кечкиртсениз ал учурда сиз КУБАНЫЧ китебинин ээси болосуз. Ал эми эрте менен тургунуз келбей туш чен де туруп же Аллахты эскербестен, напсинин каалоолорун аткаруу менен кун кечкиртсениз анда КАЙГЫ китебинин ээси болуп каласыз. ⭐АЛБЕТТЕ БИЗ ИНСАНДАР СЫНОО ( эгзамен) ДУЙНОСУНДОБУЗ. ..! Эгер бир студент сынак ( эгзамен) тапшырса анын жыйынтыгын бир жумадан кийин же бир саналуу кундордон кийин чыгуусу мумкун. Ал эми чыныгы сынактын жыйынтыгы чыныгы дуйнодо гана берилет. Бул дуйнодо амал бар бирок эсеп беруу жок, ал эми 《 АЛЛАХТЫН АЛДЫНДА ЭСЕП БЕРУУ БАР БИРОК АМАЛ КЫЛУУ ЖОК》. ⭐Умар р.а дан риваят Мухаммат с.а.в айтты: "озунордон озунор эсеп алгыла. Аллах силерден эсеп албастан алдын.". ⭐ уч жашоо бар. ( жашоодо уч баскычты басып отосуз) Урматту мусулман бир тууган сизге суроо? Бул дуйнодо эн коп жашаган адам канча жыл жашайт? Ж: мумкун 100 жыл же 120 жыл. М: 1- Жашоон 120 жыл ( бул дуйно жашоосу) .... чектуу. 2- Мурзодо 1000 жыл.... чектуу. 3- ал эми туболуктуу жашоо ЧЕКСИЗ........ Мына кордунузбу урматтуу мусулман бир тууган кайсы жашоого кобурок конул буруп анын кызыкчылыгы учун дайардык коруу керек экенин. ⭐ Ислам Нуру кызматы.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#625 Пользователь офлайн   osh93   11 Сентябрь 2015 - 08:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Кимди сүйсөң акыретте аны менен бирге болосуң

Дин улуктары менен бирге болуш үчүн аларды сүйүү жеткиликтүү. Бирок, эч бир ибадат кылбаган жана эч бир күнөөдөн сактанбаган адам улууларды эч качан сүйө албайт. Сүйгөн адам сүйүктүүсүнө баш ийет. Алар сыяктуу боло албайбыз, бирок, колубуздан келгенин кылуубуз шарт. Диндин буйрук жана тыюу салган нерселерине моюн сунбастан бир гана сүйөм деп айтуу жалган болот. Себеби, анда гаухар жок. Сүйүү жогорудан келет. Улуулар аны сүйбөсө, ал адам улууларды сүйө албайт.

Асхабы кирамдан биринин өтө кайгырып турганын көргөн Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” сурайт:

- Мынча эмнеге кайгырып жатасың?

Ал адам айтат:

- Йа, Расулуллах, сиздин айткандарыңызды толук аткара албай жатабыз, абалыбыз кандай болот.

Ушундайча кайгы азап ичинде турганда Пайгамбарыбыз ошол жерде бир сүйүнчүнү билдирет:

"Эль меру меа мен эхаббе”

Сен дейт, кайгырба, бул жерде кимди сүйсөң акыретте аны менен бирге болосуң.

Демек, ким экендигибиз эмес кимди сүйгөндүгүбүз маанилүү.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#626 Пользователь офлайн   osh93   11 Сентябрь 2015 - 08:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Чымчыктын насааты

Ач көз бир адам чымчык кармап алат. Чымчык андан сурайт:

- Мени эмне кыласың?

- Союп жейм.

- Менин бир ууч этим курсагыңды тойгузбайт дагы, дартыңа да пайда боло албайт. Мени коё берсең үч маанилүү насаат айтам.

- Насааттарды айтсаң коё берем.

- Бирөөнү сенин колуңда турганда, экинчисин мына бул бакка конгондо, үчүнчүсүн болсо каршы тарапта турган дөбөгө конгондо айтам.

- Макул, биринчисин айт!

- Колуңан чыккан нерсеге кайгырба!

- Экинчиси эмне?

Чымчык бакка конуп айтат:

- Болбогон нерсеге ишенбе!

- Үчүнчү насаатты айт! Чымчык каршы тараптагы дөбөгө конуп айтат:

- Сен кандай акылсыз акмак адамсың, менин курсагымда элүү граммдан эки даана бермет бар болчу. Мени сойгондо бул эки берметке ээ болмоксуң.

Бермет деген сөздү угар замат ач көз адам дароо эстен танып жыгылат. "Аттиң ай!” – деп өзүн өзү жемелейт. Кийин айтат:

- Үчүнчүсүн айт!

- Сен эки насаатты дароо унутуп койдуң. Үчүнчүсүн айтсам эмне пайда?

- Айт, балким унутпайм.

- "Колдон чыккан нерсеге кайгырба”, - дедим, мени коё бергениңе кайгырдың.

"Болбогон нерсеге ишенбе”, - дедим. Этим, сөөгүм биригип 100 грамм да чыкпайт, а сен болсо курсагымда элүү граммдык эки бермет бар дегениме ишенип калдың.

- Үчүнчү насаатыңды айтпайсыңбы?

- Акылы жок акмак адамга насаат пайда бербейт. Ач көздүк адамды сокур жана дүлөй кылат. Чындыкты көрүүгө кедерги болот.

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#627 Пользователь офлайн   Umka..00   14 Сентябрь 2015 - 14:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бул ааламдын жашоо мөөнөтү соңуна чыгып, акыр-кыямат башталчу күн келгенде ааламда тирүү эч ким калбайт. Ошондо Алла Таала өлүм периштесине кайрылып:

– Жаратылгандардан тирүү жан калдыбы? – деп сурайт.

– Жок, оо, Ааламдардын Жаратуучусу, тирүү жан калбады, баса Жабирайил периште менен Микайил периштеден башка.

– Анда Жабирайилдин жанын алып келгин, дейт Алла Таала. Өлүм периштеси Жабирайил периштенин жанын алып кайра келет.

– Эми тирүүлөрдөн ким калды? – деп сурайт Алла Таала кайра.

– Микайил периштеден башка эч ким калбады.

– Эмесе анын да жанын алып кел. Өлүм периштеси Микайилдин жанын алып келет.

– Дагы тирүү жан калдыбы? – деп сурайт Алла Таала.

– Жок, менден башка тирүү жан калбады, дейт өлүм периштеси.

– Анда өзүңдүн жаныңды чыгар! – деп буйрук берет Алла Таала. Өлүм периштеси өз жанын чыгара баштайт. Жандын чыгуусу абдан кыйын экенин өз руху менен сезгенде, Алла Таалага кайрылып:

“Оо, Ааламдардын Жаратуучусу! Сенин улуктугуңа касам ичем! Эгерде жандын чыгуусу ушунчалык оор болорун билгенимде, пенделердин жанын алууну башка бирөөгө тапшырууңду суранмак экенмин” деп кайгырат. Ушинтип ааламда бир Алладан башка эч ким калбайт.

“Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу. Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Роббиңдин жүзү түбөлүк!” (Ар-Рахман сүрөсү, 26-27-аяттары) .

  • [font=utlicomoon, sans-serif !important]
[/font]

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#628 Пользователь офлайн   Umka..00   14 Сентябрь 2015 - 14:39

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#629 Пользователь офлайн   Umka..00   14 Сентябрь 2015 - 14:40

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

ХАЛИФАНЫН КЫЗЫ ЭМНЕГЕ
ЫЙЛАДЫ?
Бир куну белгилуу халифа Умар бин Абдулазиздин кичинекей кызы атасына ыйлап кирди.
Бул кун Айт куну болчу.
Атасы кызын эркелете чачынан сылап :
- Кызым эмне учун ыйлап жатасын? - деп сурады.
Кызы мурдун шор тартып :
- Балдардын баары жаны кийимдерин кийип алышыптыр, менде болсо жаны кийимим жок,- деди.
~ Умардын журогу эзилип кетти. Чындап эле жанындай коргон кызына жаны кийим алып берип койсо болмок экен.
~ Бирок, уйундо бир тыйын да жок болчу. Кызын акырын алдынан тушуруп, мамлекеттик казынаны козомолдогон кызматчысына жоноду.
~ Мага келерки айдын эсебинен бир аз тыйын болуп бере аласынбы? - деп суранды казына башчысынан.
~ Оо, Момундардын падышасы, мен бул ишти аткарууга даярмын, бирок бир шарт менен - деди казына башчы.
~ Ал кандай шарт? - тан кала сурады халифа.
~ Сиз мага жазып бериниз.
~ Ооба албетте жазып берейин, кана эмне деп жазышым керек? - халифа жазууга даярдана баштады.
~ " Келерки айга чейин тируу болоорума ишенемин" - деп жазып берсениз жетиштуу болот - деди казына башчы.
~ Умардын журогу солк дей тушкондой болду. Ордунан дароо турду да, артына карабастан уйуно жоноду.
~ Уйуно келгенде балдары анын ону кубарып кеткенин коруп, эмне болгонун сурашты.
~ Балдарым силердин алдынарда эки жол бар : Сабыр кылсанар чогуу Бейишке киребиз, сабыр кыла албасанар Атанар Тозокко кирет - деди.
Балдары бир ооздон :
~ Атаке биз сабыр кылабыз, Сизди мындан кийин кыйнабайбыз - деп кичинекей кызы баш болуп, баары бир ооздон жобурашты.
~ Аттин, бугунку заманыбызда Умардай падыша, анын казына башчысындай кызматчылар болсо кана!?
~ Аттин, Умардай Ата, анын балдарындай балдар болсо кана!?
~ Анда жашообуз женилдеп, койгойдун баары чечилип, Умардын заманындагыдай карышкыр менен койлор бирге жайылып калбайт беле...
Аттин!?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#630 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   20 Сентябрь 2015 - 23:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Банкта иштеген карындаштын баяны.
Түшкү тыныгууга аз калганда, мен иштеген банкка бир сакалчан байке келип калды. Мен бош болгон себебинен, менин алдыма келип отуруп “Россиядан акча келет эле, Юнистрим аркылуу” деп мага паспорту менен код жазылган кагазын сунду. Анан шаша “Эки перевод келет биринин коду аркы бетинде” деп сөзүн толуктады. Негедир анын сакалынан иренжий, көңүлүм суз, ага келчү акча каражаттарын компьютерден тактай баштадым. Билбейм эмнеге бирок сакалчан адамдарды көрсөм эле жаман көрүү сезими ойгонуп кетээр эле. Түшүнбөйм себебин, бирок ушундай бир жаман көрүү болоор эле.
Анын акча каражаттарын тактап, кагаздарды толтуруп баштаганда бир тааныш бала келип менден ага керек иш кагаздарын сурап калды, тиги сакалчан байкеге азыр коё турасызбы деп, таанышымды жөнөтүп, байкенин кагаздарын колуна карматып кассага барып акча алуусун айттым. Бир убакта эле кассада отурган Нуржан эже атымды атап “Бул жерге эмне доллар деп жазып койгонсуң?” деп кыйкырып калды. Ойго чөмүлүп отурган жаным, Нуржан эженин жанына чуркап барсам, “3000 доллар деп жазып коюптурсуң, байке рубль алат турбайбы.” деди. Эмне деримди билбей кагазга үңүлдүм, карасам чын эле 3000 доллар деп турат. “Рубль деп ондоп кел!” деп Нуржан эже кагазды мага карматты. Тез арада валютасын өзгөртүп жаны кагаз даярдап байкени кол коюуга чакырдым, ал келип кол коюп жатып “Абдан көп акча берип жатпайбы кассир, абдан чочуп кеттим” деп күлүп калды. “Рахмат байке” дегенге араң жарадым. Эгерде акчаны ал киши унчукпастан алып кеткенинде жумушумда кандай машакаттар башталарын элестетип, ичимен ага ушунчалык ыраазы болдум. “Оо Кудай рахмат. Кудай рахмат.” деп ичимен эрксиз кайталай баштадым. Тиги байке акчасын алып кетип бара жатканда үнүмдү катуу чыгарып “Байке рахмат.” дедим эле, ал мени карап жылмайып “Эч нерсе эмес. Аллах көрүп турат!” деп банктан чыгып кетти.
Түшкү тыныгуу убагында Нуржан эже эмне болгонун айтып берип отурду. “Эки “перевод” келген экен байкеге, биринде 4000 рубль, экинчисинде 3000 доллар деп турат. Анан байкеге кайрылып “Сом менен аласызбы?” деп сурасам “Ооба” деп жооп берди. Ичимен “доллардын курсу өсүп жатса сом менен алып эмне кылат?” деп ойлоп койдум да, кассадан акча алып, санап туруп анын алдына койдум. Байке мени бир карап, акчаны бир карап “Мен мынча акча албайм.” деп акчаны мага түртүп койду. Ичимен “Эмне мээни оорутуп жатат.” деп жиндене “Ай байке! 3000 доллар, анан 4000 рубль келет беле?” десем, “Жок, 3000 рубль анан 4000 рубль келмек. Ашып кетсе 10000 сомдой эле алам” дейт. Анан сага кыйкырбадымбы. Ушундай “честный” адамды биринчи көрүшүм, башка эме болсо жыргап акчаны алып кетип калмак да, туурабы? Тиги болсо акчаны кармабастан кайра мага түртүп жатпайбы. Ой тобоо! Анан сага эмне деди кетип баратып?” деп сурап калды. Ошондо мен ““Аллах көрүп турат!” деди эже.” деп, өзүмөн-өзүм эле туталанып, ыраазы болгондуктанбы же башка бир себептенби, айтор жылуу бир сезимдин кучагында: “Чын эле, Аллах барыбызды көрүп турат. Аллах көрүп турарына ишенген адамдар көбөйө берсин. Аллахым, Анын көрүп турарына ишенген адамдардан ыраазы болсун!”” деп ыйлап ийдим...

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10009771_641832762593542_2222975883428643872_n.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#631 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 22:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абакта айтылган дуба


Харасан акими Абдулла бин Тахир адилеттүүлүгү менен атагы чыккан адам эле. Бир жолу жөкөрлөрү төрт ууруну кармап алат. Аларды акимге алып бара жаткан жолдо би­рөөсүн качырып жиберишет да шаарды түп көтөрө издей баш­ташат. Ошол түнү хираттык бир уста Нишапурга жумуштап келген болчу. Жатарга жай тап­пай көчөдө бара жаткан уста­ны ууру деп ойлогон жөкөрлөр кармап алышат да, төртөөнү акимге алып келишет. Аким аларды абакка салууга буй­руйт.

Кара доомат менен күнөөсүз абакка түшүп калган уста түнү менен намаз окуп, Аллага жа­лынып дуба кылат. Акыркы ду­басында: «Оо, Жараткан Алла, менин күнөөлүү эмес экеним­ди бир гана Сен билесиң жана мени бул абактан Сен гана алып чыгасың» деп жалбарат.

Ушул түнү аким Абдулла түш көрөт. Түшүндө эңгизердей болгон төрт адам келип анын тактысын оодарып салмакчы болушат. Аким чочуп ойго­нуп, даарат алып, эки ирекет намаз окуп кайра жатат. Көзү илинер замат жанагы эле түшү кайталанат. Ошентип түнү ме­нен оңдуу уктай албай чыккан аким таң эрте абак башчысын чакыртат.

– Абакта күнөөсүз камалып калган адам барбы? – деп сурайт андан. Ал:

– Жок, андай болуусу мүмкүн эмес, би­рок кечээки уурулардын бири таң атканча намаз окуп дуба кылып чыкканын уктум, – дейт.

Аким дароо ошол адамды алып келүүгө буйруйт. Аны алып ке­лишкен соң баштан-аяк суроо жүргүзөт. Уста болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Анын күнөөсүз экенине көзү жеткен аким:

– Мени кечиргин, мынабу миң теңгени алгын жана кан­дай тилегиң болсо мага кай­рыл, – деди. Уста теңгени алып:

– Мен сизди кечирдим, тар­тууңузду да кабыл кылдым, бирок тилегимди сизден сурап келе албайм, – деди, сылык сы­паа. Аким таңданып сурады:

– Эмне үчүн тилегениңди су­рабайсың, же мени аны орунда­та албайт деп ойлойсуңбу?

– Жок, урматтуум, менин ти­легимди сиз деле орундаты­шыңыз мүмкүн, бирок мага ок­шогон бечара кулунун дубасын угуп, сиз сыяктуу султандын тактысын оодармакчы болгон Жаратуучумду таштап, сизден тилек кылганым жакшы бол­бос. Эртедир-кечтир Анын ал­дына барганда жүзүнө кантип тигилем, – деп жооп берди да, ыраазылыгын билдирип са­райдан чыга жөнөдү…


لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#632 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аалым менен падыша


Падышанын жан дүйнөсү тарып, ички сырын жарыла айтып бук чыгарууга ылайыктуу киши таба албай өзүн жаман сезип олтурду. Колундагы бийлиги да, байлыгы да түккө татыбай, бир нерсесин жоготуп алгансып көпкө кыйнал­ды. Жанында чарк айланып кошо­маттанган жанжөкөрлөрү көзүнө албарстыдай көрүнүп, жүрөк тере­ңинде алардын ар бир кыймылы жалган сыяктуудай туюлду.

Жалгыз олтуруп мындан жети жыл илгери зынданга салдырган аалымды эстеди. Ошондо мунун каарынан да, заарынан да корк­погон аалым алдына келип, кем­чилигин бетине айткан эле. Аа­лымдын айтканы чындык экенин билип турса да, пенделик алсыз­дыгы менен падышалык текебер­лиги кошул-ташыл болуп анын сөзүнө сынгысы келген эмес. Тес­керисинче, аалымды сындырууга аракет кылган. Бирок, кашайып ал да айтканынан кайтпай туруп ал­ган болчу. Акыры экөөнүн талашы аалымдын зынданга ташталуусу менен аяктаган. Андан бери жети жыл өтүптүр. Буга чейин бир, эки курдай гана аны эстебесе, эсинен такыр эле чыгарып койгон экен. Эмнегедир бүгүн ошол аалым эсине түштү. Кызык, жети жылда ал кандай өзгөрдү экен? Падыша вазирин чакырып, аалымды алып келүүгө буйруду.

Аалым жылуу салам айтып кир­ди. Ооба, чач-сакалы агарып, өңү бозоруп, жүдөңкү тартып калып­тыр. Бирок, көздөрү баягыдай эле ишенимдүү тиктеп, жанып турат.

– Мага каршы сүйлөйм деп, агымга каршы сүзгөн кемеге тү­шүп алганыңды сездиңби? – деп сөз баштады падыша, аалымды сынай карап.

– Мен дарыгермин, – деди аалым, – оорулуу адамга кирсем насаатымды айтам. Падышанын кашы серпиле түштү. Ооба, деди ичинен, мунун көзү да, сөзү да ошол бойдон экен.

– Мага насаат айтууну сага ким буйруду?

– Бул тактыга олтурууну сага ким буйруду? – деп, суроого суроо ме­нен жооп берди аалым.

– Мен калайык-калктын каа­лоосу менен бул тактыда олтура­мын.

– Мен калайык-калктын Жара­туучусунун каалоосу менен сүй­лөймүн.

– Адамдардын башчысына кар­шы сүйлөгөн адам, тумшугу менен зынданга түшөрүн сен дагы эле биле элексиңби?

– Ооба, аны жакшы билип кал­дым, бирок ааламдардын Жара­туучусуна каршы сүйлөгөн адам тумшугу менен тозокко түшөрүн сен али биле элек окшойсуң, па­дышам?

– Эмне үчүн аалымдардын баа­ры сен айткан нерсени айта алыш­пайт?

– Жети жыл зынданда жатуудан коркушат. А мен үчүн бурадарым Жусуптай болуп зынданда жатуу – чындыкты жашыруудан жакшы­раак.

– Мен сени зынданга салып, жети жылдык өмүрүңдү текке ке­тирдим, эми каалаганыңды сура, мен сени ыраазы кылайын, – деди падыша бир аз жумшарып.

– Туура айтасың, менин кырчын курагым өтүп картайып калдым, эми менин бир эле суранычым бар, менин жаштыгымды кайта­рып бер, – деди аалым бир аз ийи­ле.

– Бул менин колумдан келбейт.

– Андай болсо, менин ден соо­лугум начарлап бара жатат, мени өлүмдөн сактап кал.

– Бул да менин колумдан кел­бейт, менин колумдан келчү нер­сени сура! – деп бети-башы кыза­рып чыкты падышанын.

– А мен болсо булардын баарын аткара алуучу Затка жакындап бара жатам, – деди аалым, – баса сен да Ага жакындап бара жата­сың, – деп кошумчалап койду анан.

– Сен менден бир нерсе сурап алмайынча, бул жерден чыгар­баймын! – деп кыйкырып жибер­ди падыша буулугуп.

– Эгер бир нерсе суроого мук­таж болсом сенден эмес, мобу кулуңдан сурап алмакмын, – деди аалым эшик тоскон желдетке кол жаңсап.

– Бул сенин акмактыгың, мен­ден таппаган нерсени кулумдан тапмак белең?! – падыша дагы ачууланды.

– Кулуңдан сурайм десем ачуу­ландың, мен дагы сага окшогон алсыз кулунан сураганым үчүн Жаратуучу Падышамдын ачуула­нуусунан коркомун.

– Мен сага менден бир нерсе сура деп жатам! – падыша кыйкы­рып жиберди.

– Макул, андай болсо артыңа үч кап буудай көтөрүп чыгып бер, ала кетейин, – деди аалым камы­рабай.

– Бул оңой эле, – деп падыша жумшара түштү, – бирок, үч капты мен көтөрө албайм.

– Үч кап буудайды артыңа көтө­рө албасаң, калың журттун мил­детин моюнуңа кантип көтөрүп жүрөсүң? – аалым падышага су­роолуу карады, – биз бул заманда эл милдети эмес, өз арабабызды жарытылуу тарта албай калдык.

Падыша башка сөз сүйлөгөн жок. Тескери бурулуп, аалымга “чыгып кет” дегенсип кол жаңса­ды. Эшик акырын жабылып, анын кадамынан чыккан дабышы угул­бай калганча нес болгон эмедей катып турду. Анан гана оор үшкү­рүп тактысына басып келди. Аа­лымдан жеңилгенине ичи күйүп турса да баягыдай кыйналбай өзүн жеңил сезип калды. Колун асман­га созуп, акырын шыбырай башта­ды: “Оо, ааламдардын Жаратуучу­су, алсыз пендеңдин күнөөсүн кечире көр. Тозок отуна тумшугу менен кирүүчүлөрдөн кылба. Оо, Жараткан…” Чын ыклас менен жү­рөктөн чыккан тообаны коштой, көздөрдөн куюлган жаш тамчыла­ры сакал ылдый агып жатты…
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#633 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жандын чыгуусу азап




Бул ааламдын жашоо мөөнөтү соңуна чыгып, акыр-кыямат башталчу күн келгенде ааламда тирүү эч ким калбайт. Ошондо Алла Таала өлүм периштесине кайрылып:

– Жаратылгандардан тирүү жан калдыбы? – деп сурайт.

– Жок, оо, Ааламдардын Жаратуучусу, тирүү жан калбады, баса Жабирайил периште менен Микайил периштеден башка.

– Анда Жабирайилдин жанын алып келгин, дейт Алла Таала. Өлүм периштеси Жабирайил периштенин жанын алып кайра келет.

– Эми тирүүлөрдөн ким калды? – деп сурайт Алла Таала кайра.

– Микайил периштеден башка эч ким калбады.

– Эмесе анын да жанын алып кел. Өлүм периштеси Микайилдин жанын алып келет.

– Дагы тирүү жан калдыбы? – деп сурайт Алла Таала.

– Жок, менден башка тирүү жан калбады, дейт өлүм периштеси.

– Анда өзүңдүн жаныңды чыгар! – деп буйрук берет Алла Таала. Өлүм периштеси өз жанын чыгара баштайт. Жандын чыгуусу абдан кыйын экенин өз руху менен сезгенде, Алла Таалага кайрылып:

“Оо, Ааламдардын Жаратуучусу! Сенин улуктугуңа касам ичем! Эгерде жандын чыгуусу ушунчалык оор болорун билгенимде, пенделердин жанын алууну башка бирөөгө тапшырууңду суранмак экенмин” деп кайгырат. Ушинтип ааламда бир Алладан башка эч ким калбайт.


“Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу. Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Роббиңдин жүзү түбөлүк!” (Ар-Рахман сүрөсү, 26-27-аяттары).
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#634 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ким жинди?

Падыша Харун Рашиддин заманында Бахлул аттуу жинди адам жашоочу. Жин кирип кеткенби, же башка себеби барбы, айтор Бахлул жаш кезинде эле жинди болуп калган экен. Ошондон анын Бахлул аты өчүп, улуу-кичүүнүн баары аны “жинди” деп чакырышчу. Бахлул жинди болгону менен эч кимге зыян тийгизчү эмес, өзү менен өзү сүйлөшүп, тапканын жеп, караңгы кирген жерде түнөп жүрө берчү. Адатта бирөөлөргө арсылдап үрүп чыкчу ажаан иттерде да аны жакын таанышындай кабыл алып, баш көтөрүп карап коюп уйкусун уланта берчү.

Бир ирет падыша жан-жөкөрлөрү менен талаалап келе жатса, дүмпүйгөн көрүстөндү арасында бир караан жүрүптүр. Жакындап бастырып келсе, ал баягы жинди Бахлул экен. Зеригип келе жаткан падыша жиндини эрмектегиси келип:

– Эй, жинди! Деги сен качан акылыңа келесиң! – деди үнүн көтөрүп. Бахлул селт этип чочуп кетти. Анан маңдайында турган падышанын өзү экенине акылы жеттиби, айтор ырсая күлүп:

– Эй, падыша! А сен качан акылыңа киресиң? – деп суроого суроо менен жооп кайтарды. Өмүрүндө эч кимден каяша укпаган падышанын жүзү кызара түштү. Анан мунун акылы жок жинди экендигин эстеп, бир аз жумшара түштү. Атын бастырып жиндиге жакындады да:

– Өз үйүндө жашаган мен жиндиминби, же кабырда олтурган сен жиндисиңби? – деп демите суроо узатты. Албетте, сен жиндисиң, деди Бахлул камырабай.

– Эмне үчүн, кана айтчы, эмне үчүн мен жиндимин? – деди падыша.

– Мен тээтигинин эртедир-кечтир жок болорун билемин, деди жинди, падышанын ак сарайына ишара кылып, а мунун түбөлүктүү экенин билем, деди кабырды көрсөтүп.

– Мен “тигиден” мурун “муну” куруп коюуну эп көрдүм. Анткени, бул менин түбөлүк жашай турган жерим. Сен болсо түбөлүк келчү жериңди билип турсаң да, убактылуу жашоочу жериңден ажырай албайсың. Эми ким жинди экенин билдиңби, падышам!

Падышанын оозуна сөз келбей калды. Ушундай ачуу чындыкты, акыл-эси жок жиндиден укканына бир чети ачуусу келсе, бир чети жүрөгү жибип көзүнө жаш тегеренди. Анан шолоктоп ыйлап, көз жашы сакалынан ылдый ага баштады. Ооба, деди каргылданган үнү менен, ким жинди экенин бүгүн даана билдим…


لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#635 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ыкластууга шайтандын күчү жетпейт


Адамдардан алыс, тээ токойдун четинде бир ыкластуу адам жашачу. Ал ар дайым Аллахка ибадат кылып, жаман, бузуку иштерден алыс болчу.

Бир күнү ал адаттагыдай эле намаз окуп бүтүп, зикир чалып отурган. Кокустан ага бир топ адамдар келишет да: Сен ар дайым Жалгыз Аллахка сыйынасың бирок, тиякта бир топ адамдар Аллахты таштап, жалгыз өскөн даракка сыйынып жатышат. Сен аларды токтотууга аракет кылбайсыңбы? – дешет. Тигинин ачуусу келип, колуна балтасын алып, жолго чыгат. Жолдо бара жатса анын алдынан балбан адамдын кейпин кийген шайтан чыгып:

– Мынчалык ачууланып кайда бара жатасың? – деп сурайт.

– Адамдар сыйынып жаткан даракты кыюу үчүн бара жатам – дейт, тиги. Ошондо шайтан анын колунан балтаны жулуп алуу үчүн талаша баштайт. Бирок, канчалык аракет кылбасын ага күчү жетпей коёт. Күч менен тартып алууга көзү жетпеген шайтан эми аны башка жол менен алууга аракеттене баштайт да:

– Эгер сен даракты кыйбасаң, мен сага күн сайын он алтын теңге берип турам – дейт. Тиги бир аз ойлонот да, макул болуп артка кайтат.

Биринчи күнү эртең менен ордунан туруп жатып жаздыгынын астында он теңгенин турганын көрөт. Эртеси дагы он теңге алат. Үчүнчү күнү дагы алат. Төртүнчү күнү ордунан туруп, жаздыгынын астын караса эч нерсе жок. Алданып калганына ачууланган тиги балтасын көтөрүп жолго чыгат. Баякы жерге келгенде арык адамдын кейпин кийген шайтан алдынан тосуп чыгат.

– Ачууланып кайда жөнөдүң? – дейт шайтан.

– Адамдар сыйынып жаткан даракты кыйганы бара жатам – дейт тиги. Ошондо шайтан аны колуна жармашып, балтасын оңой эле жулуп алат. Күчү жетпей калганына таң калган киши: Сага Аллахтын каргышы болсун, бүгүн эмне үчүн сага күчүм жетпей калды? – дейт. Ошондо шайтан:

– Сен мурдакы бара жатканыңда Аллах үчүн ачууланып бара жаткансың. Ошондуктан Аллах сага күч берип, мени алсыз кылып койгон эле. Ал эми азыркы бара жатканыңда, алтын үчүн ачууланып бара жатасың, ошондуктан Аллах сени алсыз, мени күчтүү кылып койду – деп жооп берет.



لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#636 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

АЗАН


Сабыр чочуп ойгонду. Жаздыктан башын көтөрүп, эмне болуп кеткенин билбей бир азга селейип отуруп калды. Аа, эми эсине келди. Азан айтылып жаткан тура.

– Ой ушулардыкы өттү – деди күбүрөнүп, – таң атпай уйкуну бузуп.

Жаздыкка кайра баш койду. Күндө уйкусун кайра улап кетчү. Бүгүн уктай албай койду. Азан айтылып бүткөнчө кыймылсыз жатты да, ордунан туруп кетти.

Үйдүн ичи кунарсыз, аңгырап бош калгандай көрүндү. Баласынын бош турган орунун бир карап койду. Эч себеби жок эле баласын алып кетип калган аялына болгон ачуусу дагы козголо түштү.

– Деги эмне жетпейт ушуга? – деди күңкүлдөп, диванга отуруп башын мыкчып ойго чөмүлдү. Чындап эле эмне жетпейт, үй десе үйү бар, акчаны каалаганындай таап берет, машинаны деги алып берди. Эл кийбегенди кийип, эл жебегенди жеп эле жүрбөйбү. Иштеймин деди ишке орноштурду. Балалуу болушту. Баары жетиштүү. Анан эле болбогон нерсени шылтоолоп кетип калат. Жумуштан эрте келбейсиң дейт. Тентип кетесиң дейт. Арак ичесиң дейт. Балаңа көңүл бөлбөйсүң дейт. Кызык… Адам болгондон кийин тыяк-биякка басасың да, тели-теңтуш, дос-жар дегендер бар. Арак ичип аракеч болуп кеткен жери жок. Анча-мынча эле майрамдап койгону болбосо. Элдин аялдарына ырахмат, жегенге наны жок болсо да унчукпай жашап жүргөн.

– Уфф. – Оор үшкүрүнүп алды Сабыр. Деги бул жашоодо бактылуу жашаган бирөө жок го. Тээ бала кезинде, апасы балдарынын бетинен өөп – менин бактым ушулар, ушулар барда мен бактылуумун – деп калчу. Атасы күнгө күйүп, эмгектен туурулган капкара колу менен маңдайынан сызылган терин сүртүп:

– Бакыт деген эмгек, менин колумда кетменим турганда мен бактылуумун – дечү. Байкуштар экөө тең эрте кетип калышты. Өздөрүн бактылуубуз дешкени менен чыныгы бакытка жетпей кетишти окшойт. Мына менин деле балам бар. Атамдын эмгегинен жеңил, бирок кирешелүүрөөк жумушум бар. Бирок баары бир бакыттын даамын алигече тата элекмин го.

Чындыгында бактылуулукту байлыктан же бийликтен издөөнүн өзү бактысыздык окшойт. Сабырдын жашоосунда эч кандай кемчилиги жок болсо да, күндөн-күнгө жан-дүйнөсү тарып, өзүн жаман сезип жүрөт. Кээде бир жери ооругандай болот. Бирок кайсы жери ооруганын өзү да билбейт. Баалуу буюмун жоготкон эмедей болуп жүрөт көптөн бери. Бирок эмнени жоготконун да, эмнени издээрин да билбейт.

Сабыр көңүлсүз гана дубал саатына карап койду. Жумушка жөнөөчү убагы болуп калыптыр. Баргысы келбесе да, ушул азыр өзүн жутуп жиберчүдөй суук көрүнгөн үйүнөн алысыраак кеткиси келди. Жалкоолоно кийинип, оозуна наар албастан, машинасынын ачкычын алды да, илкий басып сыртка жөнөдү.

– Аллаху Акбар, Аллааху Акбар…

Сабыр үйүнө эми эле киргенде азанчынын үнү жаңыра баштады. Терезеге жакын келип, бүткөнчө угуп турду. Мурун такыр көңүл бурбагандыктанбы же баягысын дагы баштады деп жек көрүп укпагандыктанбы айтор азандын кандайдыр бир жагымдуу ыргактары бар экенин сезген эмес экен. Азыр бир дагы сөзүнө түшүнбөсө да, ыргактуу кооз үн жан дүйнөсүнө башкача бир жагымдуулук тартуулагандай болду. Бүгүн жумушта да көңүлү көтөрүлбөй, бир аз эс алайын деп паркка чыккан эле. Паркта да көпкө жүрө албай, издегени такыр башка тараптадай сезилип үйүнө келе берген. Эми азыр эле азанчынын үнү менен бирге пайда болуп, жүрөгүнө бейпилдик тартуулаган таттуу сезим, азандын бүтүүсү менен кайра жок болуп кеткенсиди. Эртеден бери эч нерсе жебесе да курсагы ток сыяктанып табити эч нерсеге тартпады. Муздаткычты ачып бир нерселерди кичине жалмалаган болду. Тээ жүрөк түпкүрүндө жандүйнөсүнүн ачкалыгын сезгенсиди. Жандүйнө ачкалыгын тамак менен тойгуза албастыгын да даана түшүндү. Аны тойгозуунун жолун таппай башы катты. Телевизор койгусу келди. Кайра айныды. Душка түшсөм сергип калам го деп ойлоду. Түшкүсү келбеди. Аялына телефон чалайын деп ниеттенди. Чалган жок.

– үйрөнгөн адаты да, эртең эле өзү келет баласын алып – деп ойлоп койду ичинен. Тамекисин кутудан алып оозуна салып кайра түкүрүп таштады. Бөлмөдө ары-бери басканы да көөдөнүндөгү санааны жеңилдете алган жок. Диванга боюн таштап, жүз төмөн түшүп шолоктоп ыйлай баштады. Жаш балдар гана ыйлайт деп айткандар жаңылышат экен. Жаш баладан да өтүп өпкөлөп ыйлады Сабыр. Эгерде бирөө аялдар гана ыйлайт десе ал да жаңылыптыр. Бардык күчүн көз жашынан чыгарган долу аялдан да өтүп шолоктоп ыйлады Сабыр. Ата-энесинен ажыраганда да атына жарашкан сабырдуулугу менен мынчалык ыйлаган эмес эле. Азыр болсо бүтүндөй жашоосунан ажырап калгандай муңканып, буулугуп ыйлап жатты. Караңгы туңгуюкка камалып, чар тарабынан жан алгычтар курчап келе жаткандай коркуу менен аянычтуу ыйлап жатты.

– Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…

Же уйкуда эмес же ойгоо эмес нес болуп жаткан Сабырды азанчынын үнү тургузду. Көпкө жатып калган экен. Бети-башын жууп, машинасын гаражга киргизип коюу үчүн сыртка жөнөдү. Бир аз жеңилдеп калгансыптыр. Эшик алдынан эми аттаганда, катуу чуркап келе жаткан жаш бала бутуна урунуп алып жыгылып кете жаздады.

– Көзүңө карасаң боло? Кайда мынча шашылып? – деди Сабыр ачуулана. Ыргып кеткен топусун алып жаткан бала корккон көздөрүн бакырайтып:

– Кечирип кой байке, кутулууга шашып бараттым эле – деди шашкалактап. Артынан бирөө кууп келе жаткан го деп түшүнбөй калган Сабыр:

– Кимден кутулууга, бирөөдөн качтыңбы? – деп сурады.

– Азаптан байке, азаптан кутулууга – бала кылчая калып кыйкырганча чуркап кетти.

Сабыр аны узата карап турду да, ал мечиттин короосуна кирип кеткенде гана бир нерсени түшүнгөнсүдү. Бир чети таң калса, бир чети күлкүсү келди. – Азаптан деп коёт дагы. Жашабай жатып азапты сөз кылганын кара. Эмитен эле тиги дүйнөнүн камын көрүп жүрөт го бул чычым.

Үйүнө киргенден кийин да баланын сөзү эсинен чыкпады. Жумшак отургучка чалкалай отуруп дагы ойго чөмүлдү. Тээ бала күнүнөн азыркы убагына чейинки жашоосу көз алдына тасмадай тартылып өттү. Чынында өзүн бактысыз деп деле айтканга болбойт тура. Болгону кичинекей эле бир нерсе жетишпей ошонун айынан көптөн бери азап тартып жүрөт окшойт. Азап деген сөз көңүлүнө келгенде жүрөгү болк дей түштү. Көрсө азап тиги дүйнөдө эле эмес бул жашоодо деле болот турбайбы. Дагы баягы баланын сөзү кулагына угулгансыды:

– Азаптан кутулууга байке, азаптан.

Өз эркинен сырткары башын буруп саатты карады. Күүгүм кирип бараткан, ушул убакта да азан чакырылчу эле. Терезеге басып келди да, мечит тарапты карап: – батыраак эле баштаса экен – деп ойлоду ичинен. Буга чейин уккусу келбеген, кээде жаздыкка башын катып угуудан качкан азанчынын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жатты. Күткөн нерсенин кечикмеги азап. Күндө бат-баттан эле айткандай болчу эле, азыр болсо кылым күткөндөй болду Сабыр. Азан чыгаары менен мечитке барууну ойлоду. Бирок эч нерсени болбейт да. Бир азга ойлоно түштү да чуркап барып столдун тартмасынан качандыр бир кезде таанышы таштап кеткен кичинекей китепчени таап чыкты. Ачаар замат даарат алууну үйрөткөн сүрөттөргө көзү чалынды. Аларды бир сыйра карап өттү. Анан азандын сөздөрүн окуй баштады. Качан гана: -«намазга келгиле, кутулууга келгиле» – деген саптарды окуганда, баланын сөзүнүн төркүнүнө толук түшүндү.

-Алааху Акбар, Аллааху Акбар…

Сабыр намаз туралуу эми окуюн дегенде кайрадан азан жаңыра баштады. Ал ордунан дароо ыргып турду. Мына, жанатан бери күткөнү. Угары менен кубанып кетти, анан эмне кылаарын билбей алдастай түштү. Китепти чөнтөгүнө сала коюп, ваннага чуркады. Оозу-мурдун, бети-колун жууп чыга калды. Анан кайра чуркады, бут жууганды унутуп калыптыр көрсө. Шашыла кийинип, бут кийимин бутуна иле сала сыртка чуркап жөнөдү. Эшик алдынан жаңы зле кирип келе жаткан улгайыңкы аялды ийни менен коюп алды.

– Ийе ботом, көзү барбы мобунун, кайда мынча шашкалактап – ачуулана буркулдады аял.

– Кечирип коюңуз апа – деди Сабыр оңтойсузданып, анан издегени табылган адамдай жүзүнө жылмайуу аралап: – кутулууга шашып бараттым эле – деп кошумчалады. Анын сөзүнө түшүнө албай калган аял:

– Эмнеден кутулат экенсиң? – деп таңыркай сурады. Сабыр аял тарапка бир аз ийилип :

– Азаптан апа, азаптан – деди да чуркап кетти.

– Азаптан дейби? Ал эмнеси экен – деп күбүрөнгөн аял ойлоно жолун улады.

Айлананы караңгылык каптап, үйлөрдүн чырактары жаркырап күйө баштады. Кабат үйдүн маңдайынан Сабырдын гана терезеси караңгы бойдон турду. Качантан бери издегенин тапкан Сабыр мечиттен чыккан жок. Жандүйнөсү жабыркап, тирүүлөй азап чегип жүргөн адамга мечит ичи башка дүйнөдөй көрүнүп, эч нерсе билбесе да башын саждага койгон сайын, көөдөндөгү бугу чыгып жеңилдеп өзүн башка дүйнөдө жүргөн сыяктуу сезип отурду.

Жараткандын дагы бир күнү артта калып, коюу караңгылык: – «Болду эми кыймылыңарды токтокула» – дегенсип айлананы толук каптап калды.

-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…

Азан кайрадан жаңыра баштады. Пенделерди азаптан кутулууга, өздөрүн жараткан Жаратуучуга сыйынууга, жүрөктүн түпкүрүнө чейин орун алып калган убактылуу дүнүйөдөн бир аз убакытка четтеп, түбөлүктүү акырет үчүн намаз окууга чакырган азан үнү тээ алыстарга чейин жаңырып жатты. Бул жашоодогу максатын билгендер азан үнү чыккан тарапка шашылып, билбегендер бул үндүн аларга эч тиешеси жок сыяктуу кайдыгер гана тескери басып кетип жатышты…
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#637 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Демек, эң биринчи өзүңдөн башта

Ички бөлмөдөн беш жашар баласы чыга келип, эми эле жумуштан чарчап келген атасына асылып:
“Ата, жүрү сыртка чыгып ойноп келели. Мени менен паркка барып келчи” деп жалдырай баштайт. Баласынын көңүлүн да ооруткусу келбейт.Бирок, кыла турган иштери да көп. Канткенде баласынын да көңүлүн оорутпай аны алаксытып, өзүнүн иштерин да бүтүрсө болот деп ойлоно баштайт. Эмне кылаарын билбей турганда жанындагы столдун үстүндө турган дүйнөнүн картасын көрө калып, кубанып кетет. Баласын карап:
“Балам, макул… сени менен бирге сыртка чыгып каалаган нерсеңи кылабыз. Бирок, бир шартым бар” деп дүйнөнүн картасын колуна алып баласына көргөзөт:
“Бул дүйнөнүн картасы. Мен муну майда-майда кылып онго бөлүп берем. Эгерде сен бул дүйнөнү мурдагы калыбына келтире алсаң, чогуу чыгып ойноп келебиз” дейт. Баласы сүйүнүп, макул болот да майдаланган картаны колуна алып кайра ички бөлмөгө кирип кетет. “Бул эми эки саатта араң оңдоп келет. Мен да бираз эсалып алайын” деп жата калат. Арадан 5 мүнөт өтпөй атып картаны калыбына келтирип,аны бири-бирине жабыштырып көтөрүп чыга келет. Таң калган атасы:
“Балам! Муну кантип кылдың? Мен да мынчалык тез кыла албайт болчум” деп сурайт. Баласынын жообу атасын айласыз абалда калтырат:
“Ата, бул картанын арт жагында адамдын сүрөтү бар эле. Адамды оңдосом дүйнө да оңдолот экен. Мен ошону гана түзөп, оңдоп чыктым.”
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#638 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тил (аңгеме)


Он жашка чыккан Эмилбек апасынын жалгызы. Үйдүн эркеси. Энеси анын көзүнүн агы менен тең айланат. Дайыма эркелетип, айтканын эки кылбайт. Жегени астында, жебегени артында. Талтаӊдап керели кечке шоктук кылып жүргөнү жүргөн. Көчөдөгү өзү курду балдарга эзели тынчтык бербейт. Бирөөсүнүн оюнчугун алып качса, экинчисине үстөмдүк кылуу үчүн таш менен урат. Иши кылса, Эмилбек эрезеге жетпей жатып чырдуу бала атка конгон. Кокус,бирөө жарым андан өйдөрөөк келип, мойнун толгоп койгон болсо болду, кудай берип, өңгүрөп ыйлап,көчөнү башына кийип алат. Жалгызынын көз жашын көлдөткөнүнө апасы карап турабы. Баягы адатынча бабалактап, урушкан баланы да, аныната-энесин да жерден алып, көргө чейин каргап-шилейт. Көпчүлүк жесир аялга теӊелбейли дешип жым болушат. Андайда ал тим эле жеӊилгис жоону жеӊгендей, анданбетер, алынып, жулунуп, кыйкырып, чуу салып, бакырып жатып калат.

“Келип-келип ушул бир жетимге алыӊар жетет да! Жалгыз да! Жетим да, ошого оолугасыӊар кол көтөрүп. Силер муну ыйлатсаңар, Кудай силерди ыйлатсын! Балаӊардын башынан балээ кетпесин! !!” Анын ушундай сөздөрүн каалабаган көпчүлүк,көбүн эсе Эмил айыптуу болсо да, өз баласын күнөөлөп, жесир аялдын жемелерин угуудан качышат. Мына ошол Эмилбек он үчкө кирген күндөрдүн биринде, кеч кирери менен чыгып кеткен бойдон эл жатаарда тоок көтөрүп келди.

Баласынын мындай кылыгына кубанган апасы “Азаматым десе. Чоңоюп калган турбайбы, апасын минтип тоок эти менен багып” –деп мактап койду. Мактаганды жакшы көргөн Эмил кыйратып койгонсуп, ансайын мардайып калды. Ошентип, күндөр өтө берди. Он алтыга кадам таштаганда үч күн жок болгон Эмилбек төртүнчү күнү бир капта килейген кочкордун этин алып келди. Балам ишке жарап калыптыр деген ой энесин ан сайын кубанычка бөлөдү. Анан адатынча: “Жигит деген ушундай болот.Эгер мындай тапкан болсоң, эртең үй-бүлөңдү бакканда да кыйналбайсың”, -деп далыдан таптап койду.Энесинин бул сөзү баласын дагы да мыкты иштөөгө ан сайын шыктандырып салды.

Арадан эки жыл өтүп-өтпөй Эмилбек бир күнү балдар менен иштеп келем деп кетип, төрт күндөн соӊ түн жамына үйүнө адатынча торпок жетелеп келди. Уулунун иштен куру кол келбегенине кубанган апасы, тамактанып жатып, баласына үйлөнүү туурасында кеп козгоду.Эне- бала бир кыйлага чейин баарлашып, түн бир оокумда гана уйкуга кетишти.

Алардын таттуу уйкусун таңга маал тапыр-тупур үйгө бастырып келген кызыл шапкечендердин: «Кыймылдаба, жөн жат. Турсаӊ курал колдоном» -деген үндөрү бузду. Көз ачып жумганча эки килейген бала Эмилди ордунан тургузбай басып калды. Бирөөсү Эмилди уурулукта айыпталып жаткандыгын түшүндүрүп , атканадагы торпок кошуна айылдагы Анарбай акениники экенин айтты. Колу кайрылып, артына байланган Эмил алардын коштоосу менен энесинин жалынып-жалбарганына, көз жаш төккөнүнө карабай тор машинага салынып, райборборго жөнөдү. Жаш болгонуна карабай уурулукка жетишкен бул жигит, ошентип, он алты жылга кесилип кетти. Жалгызынын жазмышна кейиген эне күндөп-түндөп ыйлап жүрүп, беттерин бырыш каптады. Колдору калтырап таяк сүйөнүп калды.

Чачын ак басты. Бир күн миң күнгө арзып, арадан он алты жыл араӊ өттү. Баласынын абактан чыгар күнүн алдынан эсептен жүргөн эне ошол күнү таӊ эрте бийик дубалдуу, дубалдын башы тикен зым менен оролгон, сүрдүү имараттын дарбазасынын алдына барды. Жалгазын көрүүгө ушунчалык ашыкканы менен түшкө жакын гана имараттын дарбазасы шарактап ачылып, андан өӊү дубалдай бопбоз, бутун араӊ сүйрөгөн Эмил чыкты. Өӊүндө кубануу да, кайгыруу да жок. Мисирейген абалда акырын келди. Энеси болсо “Эмилим эле Эмилим, чырагым, жалгызым” деп кучагына кысып, көз жаш төгүп беттерин өпкүлөп, жаратканга шүгүрчүлүк айтып ыйлап жатты. Оо бир канча убакыт өткөн соӊ гана Эмил акырын:

– Апа тилиӊди чыгарчы-деди. <br style="box-sizing: border-box;"> – Эмне?- апасы суроолуу тиктеди<br style="box-sizing: border-box;"> – Тилиӊди чыгарчы. Тилиӊди.

Баласынын кыргылданган үнүн уккан апасы, эч нерсеге түшүнбөгөн абалда тилин чыгарды. Эмил оң колунун бармактары менен энесинин тилин мыжыгып: “Кечир эне, кечир, сенде айып жок. Күнөөнүн бары мына бул тилиӊде. Эгерде ошондо биринчи жолу кошунанын тоогун уурдап келгенимде ушул тилиӊ мени мактап, жактабай, ушул тилиӊ уурулуктун аягы кууш болорун, арты өкүнүч, арман, кайгы менен аяктаарын айтканда, бүгүн экөөбүз бул жерде минтип турбайт элек. Кечирапа. Кечир. Сенде айып жок. Күнөөнүн баары ушул тилде” -деди да колун тилден тартып алып, артын карабай нары басты. Он алты жыл күндү-күн, түндү-түн дебей жараткандан жалгызынын эсен-аман келишин,жалынып- жалбарып тилеген энеси уулунун эмне үчүн тилин мынчалык мыжыканын түшүнүп-түшүнбөй эсин жоготуп, жерге жатып калды.





لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#639 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Манжаларым эми качан кайрадан чыгат?


Жаңы эле сатып алган, короодо турган машинасын бир карап койойун деген ой менен сыртка чыккан болчу. Ойноп отурган баласы эч нерседен кабары жок, колундагы балка менен ургулап атып машинага кыйла зыян келтириптир. Кыжыры кайнаганда өзүн кармана албай чуркап барып, баласынын колуна балка менен чаап жиберет да кайра шашкалактап ооруканага алып барат. Дабагер (врач) канчалык аракет кылса да, жаш баланын сынып, майдаланып кеткен назик манжаларын мурдагы калыбына келтире албай койот. Айла жок, майдаланган эки манжасын кескенге туура келет. Операциядан чыккандан кийин өзүнө келген баласы колунун таңылып турганын көрүп, акырын чыккан үнү менен:
” Ата, машинаңызга зыян келтиргеним үчүн кечириңиз” дейт да артынан:
” Манжаларым эми качан кайрадан чыгат ата?” деп сурайт.

Балаңыз же жакын тууганыңыз, ким болсо да. Үйдөгү буюмдардын бирин же кандайдыр сиз үчүн баалуу болгон бир буюмду сындырып, ага зыян келтирип койсо, ушул кыска аңгемени эстеңиз. Сабырдуу болууну үйрөнүңүз. Анткени, машинаны кайра оңдосо болот,бирок, манжаны эмес…

Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 26 Сентябрь 2015 - 23:18

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#640 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   26 Сентябрь 2015 - 23:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Аллахыма чексиз шүгүр…


Жаш кезибизде баш кошуп, экөөбүз чогуу турмуш курдук. Заңгыраган ата-энеңдин үйүнөн мени менен кол кармашып үстүнөн суу аккан бир бөлмөлүү, эч кандай шарты жок, батирге кирип келдиң. Астыбызга салынган бир төшөк, жамынган бир жууркан, эки кашык, эки кеседен башка бизде буюм тайым жок эле. Жаздыгыбыз өзүбүз саткан баштыктар болду. Кир жууюн деп беш литрдик канистирди кесип алып чылапчын кылып кир жууп жүрдүн. Ошондо сен сабыр кылдын. Ошондо сен мага тирек болдуң. Эки жүз граммдап суу май сатып келип китлап менен тамак ичип бир далай жыл жашадык. Ошондо да сен мага түрлөп тамак жасап берүүгө болгон аракетин жасап келдиң. Ошондо да сен мага кайрылып “тажадым” деген жоксуң. Жок, анткен жоксуң, тескеринче “Бул да болсо Кудайдын сыноосу, сабыр кылсак баары болот” деп мени жоошутуп келдиң. Себеби, ал кезде адалдан ырыскы табыш бир кыйла оор эле. Ошентсе да сен арамдан мени тыйып келдиң, менин түзөтүүчүм болдуң. Кыштын кыраан чилдесинде түн ичинде мени жылыткан бул дүйнөдөгү бирден-бир адам сен болдуң. Токойго барып отун кыйып, балам үшүбөсүн деп, үйгө отун ташыганымда жолумду жарык кылган сен болдуң. Өтүк алганга акча жок болуп бир кыш бою ботс кийип жүрдүн, ошондо да наалыган эмес элен. Дале эсимде, бир батирден экинчи батирге көчкөндө болгон эмерегибизди кол арабага салып көчүп кеткенибиз. Аллахыма чексиз шүгүр ошондо сага кайрат берип, мага жөлөк кылганына. Дагы бир окуя эске түштү, жер алабыз деп анча-мынча тыйын чогултуп, архитектурада иштеген тааныш балага берген элем. Кечинде, сен, жумуштан келсем “тиги бала алдап кетпейби, эптеп чогулттук эле” деп калдың. Бушайман болуп отуруп, акыры түнкү саат он бирлерде ал баланын үйүнө барып, эшигин кактым. Эшигин ачаар менен атын атап, мени билесиң, алдап кетсең жашайм деп ойлобо дедим. Таанышым каткыра күлүп, “канча адамга жер алып берип жатам, анан ошончодон сени алдамак белем” деди эле, анысын угуп үйгө келип, экөөбүз бактылуу уктап калган элек. Аллахыма чексиз шүгүр сени мага жар кылып бергенине. Аллахыма чексиз шүгүр сени мага жөлөк, тирек кылганына. Аллахыма чексиз шүгүр сени менин ыйманымдын жартысы кылганына.
Оо Аллахым, дубаларды кабыл кылуучу, Оо Аллахым тилектерди орундатуучу, Оо Аллахым үмүттөрдү улоочу, Сенден гана суранып, Сенден гана тиленем, жарымдын дартына шыпааңды бер! Йа Аллахым дагы да мага тирек, жөлөк болуп жүрө беришин насип кыл! Оо момундар, менин келинчегим бүгүн-эртең операция болгону турат, келинчегим аман-эсен, сакайып кетсин деп дуба кылып коюңуздар! Оо Аллахым, бир туугандарымдын дубасын кабыл кыл! Амин!


(Интернет булактарынан алынып эркин которулду)
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: