Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#761 Пользователь офлайн   Mediziner   14 Январь 2016 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кечирим


Абу Ханифа жолдо кетип бара жатып, жүзүн катып багытын башка тарапка бурган адамды көрдү. Имам өзүн ыңгайсыз сезди. Ал адамды чакырып: -Эмне үчүн мени көрүп башка тарапка бурулдуң?-деп сурады. Тиги адам мукактанып: -Мен сизден 10 000 акча карызга алдым эле, белгиленген убакта төлөй албай калдым. Уялганымдан сиздин көзүңүзгө көрүнбөйүн дедим, -дейт. Улуу имам: -АЛЛАХка мактоолор болсун! Мен ал акчаны сага белек кылдым. Сени жаман абалга калтырганым үчүн мени кечир,- деген экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 14 Январь 2016 - 16:12

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#762 Пользователь офлайн   Mediziner   14 Январь 2016 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дүнүйө азгырыгы

Бир күнү кечинде бир адам соода - сатык кылган катарлардан өтүп бараткан. Жакын жердеги мечитте азанчы намазга азан чакырып баштаганда, күтүүсүздөн бир аялга назары түштү. Кара кийимчен жана бетинде пардасы болсо да ага тартылып кетти. Аял көз багып турган адамды байкаган соң, анын карашына жооп катары жалт бурулуп ага башын ийкеп өз жагына жаңсады да, азгырып соода орундуктарын аралатып алып жөнөдү. Тиги адам сыйкырланып калган сыяктуу көз ирмемде акылын жоготту. Ал белгисиз аялдын изине түшпөө керектигин ойлоп ар кандай жоромол кылууга аракет кылды. «Азыр намаз убагы эмеспи?» - деди өзүнө. Бирок, кеч болуп калган, кайрадан аялдын артынан түштү. Аялдын караанын жоготуп албаш үчүн кадамдарын ылдамдатып демиге соода- сатык катарларын аралап баратты. Ал эми аял болсо, жеткирбей басканга аракет кылганы менен кайрыла турган жерлерде бир аз тыным алып, артында келе жаткан адамга жол көрсөтүп келе жатты.
Аял күтүүсүздөн жалт бурулду. Тиктеше калганда анын жүзүнө жабылган чүпүрөктөн да көздөрү мыскыл күлүңдөп турганын байкады. Бирок, мага ушундай сезилип жатат го деп өзүн ишендирди.
Аял эми тиги кишинин ышкысы менен ойноп жетелеп келе жатты. Улам барган сайын аялга жетип аны кармап ала турган болот. Бирок аял ойт берип улам алдыгы жыла берди. Ушинтип отуруп алар базарды артка калтырышты. Жанагы жолуккан жерден бир топ алыстап кетишти. Балким, бул аял акылынан адашкан немедир? Ал минтип ойлонгуча аял белгисиз жакка алып жөнөдү. Ошентип, алар шаардын четине жетип калышты.
Алардын ортосун 20 мерчемдей аралык бөлүп турган. Качан ал аялды караганда менин артымдан жүр деп качанкы табытка алып бара турган чоң коло эшикти ачты жана өзү кирип кетти. Тиги киши ичкери кирип, шашылып баратып бир бөлмөгө туш келди. Эшиктин маңдайында жыйнактуу керебетте баягы азгырып келген аял отурат. «Бери бурул жана эшикке кара! Ачкычты алып кел!» -деди аял өктөм үн менен. Киши болсо бейтааныш аялдан назиктикти күтүп айтканын аткарды. Аял күтүүсүздөн «муну ыргыт!» деп кыйкырды. Тиги киши аялга азгырылып келгенин эми түшүндү. Мындай чечкинсиздикти байкаган аял: « Кана, сен намазыңды калтырып мени ээрчип келбедиңби? » -деп келекелеп күлө баштады. Тиги киши үнсүз турду.
«Кечки намаздын убактысы өттү» - деп кулагына шылдыңдап шыбырады. Сен эмне турасың? Таштабайсыңбы? Сен менин ким экенимди билгиң келбейби? Тиги киши өзүн кармана албай ыргыткан ачкыч кантип түшүп баратканын байкаш үчүн колун кудукка салды. Ушул учурда анын көкүрөгүндө каардуу сезим пайда болуп, кыйкырып, же талкалап салгысы келди. Ал тан калды, коркту, анан барып түшүндү.
«Эми мени көрсөң болот», - деди бейтааныш аял жамынгычын таштап. Тиги адамдын көз алдында ажарлуу, азыткылуу аял эмес эле бети - башынын тамтыгы жок тырык издер, бырыш баскан мастан турду. Мени көңүл коюп кара! Менин атым Дүнүйө. Мен сен издеген дүнүйөмүн! Мен сенин сүйүктүүңмүн! Сен менин артымдан ээрчийм деп акылыңдан адаштың. Мына биз сенин кабырыңдан кезиктик. Сен муну өзүң каалагансың, кош келдиң!


Урматтуу бурадарым келиниз акыретибизди дүнүйөгө алмаштырбайлы. Бул дүнүйө акыретке эгин эгүүчү жай эмес беле? Бул жашоодо акыретке болгон камыбызга кайдыгер болбойлу!
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#763 Пользователь офлайн   Meruet84   14 Январь 2016 - 20:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~~КИЧИНЕКЕЙ ИМАМ АЗАМДЫН АКЫЛМАНДУУЛУГУ~~

(эн соонун окуя)


Бир атеист (Кудайга ишенбеген адам) христиан өлкөдөн мусулман өлкөсүнө келет. Барган жеринде пикир тартыштарында алдына чыккандын баарын жеңип жүрөт. Сага Ислам аалымдары гана жооп бере алышы мүмкүн дешет. Ошентип, мусулман жергеси болгон Басра шаарына келет. «Мага жооп бере ала турчу бир дагы киши таба албадым», - дейт. Хазрети Хаммад: «Сен биринчи биздин балдар менен талашып көр, керек болсо аалымдар менен дагы көрүшөөрсүң», - деп анын алдына ошол кезде али жаш бала болгон Нуман бин Сабитти (Имам Азамды) чыгарат.

Атеист ачууланып минбарга чыгат да: «Аалымдарыңар кайда? Мага ошол аалым дегендерди чакыргыла! » - дейт. Жаш Нуман бин Сабит: «Эмне болду? Менден корктуңузбу? » - дегенде, атеист чыдай албай биринчи суроосун узатат:

-Бар нерсенин башы менен акыры болбоосу мүмкүнбү?

-Албетте, мүмкүн.

-Кандайча?

-Санаганды билесизби, бирдин алдында кандай сан бар?

-Эч бир сан жок.

-Ушул жалгандуу 1дин алдында эч бир сан жок болсо чыныгы Бирдин алдында кантип бир нерсе болсун?

Атеист бул жооптун алдында өзүн жоготуп шашкалактап калат, кийин минтип суроо сурайт:

-Бардык нерсенин бир багыты болот, сен айткан чыныгы Бирдин жүзү кайсы тарапты карап турат?

-Шамды күйгүзгөндө жарыгы кайсы тарапка түшөт?

-Белгилүү бир тарапка деп айтууга болбойт.

-Бул жалгандуу жарыктын багытын таппаган болсоң түбөлүктүү болгон Жарыктын багытын кантип тапмакчысың?

Атеист дагы бир суроо сурайт:

-Бар болгон нерсенин бир орду болуусу керек эмеспи?

-Ооба, жаратылгандар ошондой.

-Анда чыныгы Бар деген Кудайдын орду каерде? Эмне үчүн аны көрбөйбүз?

-Жараткан менен жаратылганды салыштырып болбойт. Бирок, мына бул сүттө майды көрүп турасыңбы?

-Жок.

-Бар экениң билсең да көрбөй турам деп жокко чыгара аласыңбы? Сенин акылың барбы?

-Албетте, бар.

-Бар болсо көрсөкпүз дейсиң, акылың бар болсо көрсөтчү кана?

-Макул, бар болгон ошол Кудай дал ушул тапта эмне кылып жатат?

-Сен мага бардык суроолоруңду минбарга туруп алып сурадың, эми сен ошол жерден түшүп менин ордума кел, мен минбарга чыгайын сага ошол жерде туруп жооп беремин.

-Атеист минбардан түшүп жатканда жаш Нуман мындай деп минбарга чыгат: «Аллаху таала сен сыяктуу ыймансызды минбардан түшүрүп, мен сыяктуу ыймандууну минбарга чыгарды, Анын азыркы иши ушул.»

Кийин рахман сүрөсүнүн «Андай болсо Раббинин кайсы ниматтарын жокко чыгара аласың?» деген 28-аятын окуду. Бул жагдайдан кийин атеист айтууга сөз таппай жеңилип, маскара болгон абалда ал
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#764 Пользователь офлайн   Meruet84   15 Январь 2016 - 22:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

МААНИЛҮҮ ИКАЯ...

~"ПАЙГАМБАРДЫН (саллаллоху ъалайхи уа саллям) СҮННӨТҮ МЕНЕН ЖАШОО- ДЕН-СООЛУККА ПАЙДАЛУУ" .~

Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллям)дын заманында Мадинага бир табып келет.Ал табыпчылык кылып,анын артынан жан бакчуу экен.Ал Мадинада алты ай туруп калат бирок, бул күндөрү ага көрүнүү үчүн бир да адам келбейт. Ошондо ал,Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллям) га келип,ага көрүнүү үчүн эч ким келбегенин айтат.Анын даттануусуна жооп кылып Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллям) :"Биздин аймакта эч ким табыпка көрүнбөйт,анткени адамдар менин сүннөт-жолум менен жашашат.Анан да булар,курсагы ачмайынча тамак жебейт,уйкусу келмейинче уктабайт, жана маанисиз сөздөрдү сүйлөбөйт" - деп айтат.
Пайгамбарыбыз(саллаллоху ъалайхи ва саллям) дын жогорудагы айтканына көңүл бурсак,анын сүннөтү айрыкча тамактануу, уктоо тууралуу айткандары адамдын ден-соолугу үчүн абдан пайдалуу экендигин байкайбыз. Демек, оорунун көбу сүннөткө амал кылбагандан келип чыгат экен бир тууганым!

Аллахым баарыбызды өзүнүн туура жолунан адаштырбасын , өзүнүн сүйүктүү кулу жана Пайгамбар (саллаллоху ъалайхи ва саллям) дын татыктуу үммөтүнүн катарынан кылсын,Амиинь!


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#765 Пользователь офлайн   Mediziner   18 Январь 2016 - 17:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Эркектер да ыйлаган.

Күндөрдүн бир күнүндө Пайгамбар ага Алланын салават-саламдары болсун, сахабалары менен кетип жатып алардан четтеп кетет. Сахабаларынан алыстап кетип бир кабырдын(мүрзөнүн) жанына барып отуруп ыйлап кирет. Кабырлардын бир кабырынын жанына барып ыйлай баштайт. Кайрадан сахабаларынын жанына кайтып келгенде; Эмне үчүн кабырдын жанында ыйладыңыз?-деп сурап калышат. Пайгамбар да ыйлайбы? Пайгамбар да кабырдын алдында ыйлайбы…. Ал кимдин кабыры экенин билесиңерби? Ал кабыр сүйүктүү Пайгамбарыбыздын энесинин кабыры эле. Ошол кабырдын алдында отуруп кайгыга батып ыйлаган эле. Кийин сахабаларына кайрылып мындай деди: «Жаратуучумдан энем үчүн кечирим суроону сурандым эле, мага уруксат берген жок. Энемдин кабырын зыярат кылууну сурандым эле, мага уруксат берди». (Муслим 976)

Чындыгында бул мүрзөлөр силерге акыретти эскертет. Кабырларды зиярат кылгыла! Кабырларды зиярат кылгыла-деп Пайгамбар алейхис салам ыйлап жатты…
«Биз Сени бүткүл ааламдарга рахмат мээрим катары жөнөткөнбүз». (Анбия, 107-аят)
Бир күнү Пайгамбар эт таркатып жаткан болот. Кокусунан алыс жактан бир кемпир аял келе жатканын көрүп калат. Ал аял жакындаган кезде Пайгамбар алейхис салам кийип жүргөн чапанын чечип жерге төшөйт. Ал кемпирди алып келип анын үстүнө отургузат. Өз колу менен сүт, суу жана тамак алып келип берет. Сахабалар таң калып: Субхан Аллах. Бул аял ким болуп кетти Пайгамбар алейхис салам кийимин чечип ал үчүн төшөнчү кылып бергендей-деп жатышты. Ал аял ким экенин билесиңерби? Ал аял Пайгамбардын сүт эмизген эмчектеш энеси Халима Саьдия болгон. Ал сүт эмизген энеси болгондугу үчүн кийимин чечип, сүт эмизген энесинин алдына салып берип отурат. Элестетип көргүн, сүт эмизген энесине кийимин чечип, суусундук жана тамак аш алып келип, өз колу менен кызмат кылып жатса. Эгер Пайгамбардын ага Алланын салават-саламдары болсун, өзүнүн энеси тирүү болгондо эмне кылаар эле. Кандай мамиле кылаар эле. Кандай кызмат кылаар эле. Эгер Пайгамбардын ага Алланын салават-саламдары болсун, энеси тирүү болгондо ага кандай камкордук кылаарын элестете аласыңбы? Энеси мусулман эмес абалда кайтыш болсо да, анын кабырынын жанына отуруп алып ыйлаган мээримдүү жүрөктү көрдүң беле? Эгер энеси мусулман абалда өлгөн болсо, Пайгамбар ага кандай жакшы дубаларды кылмак? Кандай мээримдүү сөздөрдү айтмак? Кандай сүйкүмдүү сөздөрдү айтмак?…
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#766 Пользователь офлайн   Mediziner   18 Январь 2016 - 17:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ҮЧ ӨГҮЗ ЖАНА АРСТАН

(Керт башынын кызыкчылыгы үчүн “адашкан” мусулман бир туугандарын “арстандын оозуна” салып берип жаткан эксперттерге жана молдокелерге арналат)

Мурунку заманда бир калың токой ичинде ынтымактуу үч өгүз жашаган экен. Бири кара, бири кызыл, бири ак. Дал ушул ынтымак-биримдиги себептүү аларга эч бир жырткыч кол сала албайт экен. Күндөрдүн биринде аларга арстандын өзү көз артып калыптыр. Эми жакындашып, кол салайын десе, үчөө үч тараптан арстанды тороп, найзадай мүйүздөрүн ага туштап калганда, буларга алы жетпей турганын билген арстан, эми айла-амал жолуна өтүптүр:
— О, батырлар келгиле, бул жагына ынтымакта эле жашайлы. Мени билесиңер, ушул токойдун падышасы боломун. Бардык жырткычтардын үстүнөн өкүм-бийлигим бар. Силер дагы менин доорумда аманчылыкта жашагыла. Мен силерди жырткычтардан коргоп, алдыңарда болоюн. Эмне дедиңер?
Өгүздөргө бул сунуш майдай жагыптыр. О-о-о! Кимсиң, арстан аканин өзү аларга телохранитель болууну суранып жатса…
Ошентип, күндөр өтө бериптир. Кайсы бир жырткыч өгүздөргө айланышып калса, арстан аны тыркырата кууп, токойдон айдап чыга баштаптыр.
Күндөрдүн биринде арстан кызыл өгүз менен кара өгүзгө келип, мындай дептир:
— О, шефтерим! Менин бир жаныма үчөөңдү коргоо оор болуп жатат. Айрыкча, мына бул ак өгүздү коргоо машакаттын машакаты. Ап-апак денеси түнү да “мына мен” деп көрүнүп, жырткычтардын шилекейин агызат экен. Аны жегени келген жырткычтан силерге да коркунуч туулат. Силердин түсүңөр түндөсү көзгө урунбагандыктан, мага түйшүгүңөр да аз. Келгиле, ушул ак өгүздү жеп эле салайынчы. Анан силерге да коркунуч азыраак болмок, эмне дедиңер?
Эки өгүз өз жанынын жыргалы үчүн бир тууганын арстандын озуна салып беришти.
Арадан айлар өттү. Бир күнү арстан акырын гана кара өгүзгө келип:
— Сенин түсүң караңгыда билинбейт жана кооп-коркунуч туудурбайт. Ал эми, мына бул кызыл өгүздүн түсү бир аз, бир аз билинип, коопсуздугубузга коркунуч туудуруп жатат да. Ка-а-п! Эмне дейсиң, ушуну жеп салсам, анан экөөбүз эч кандай коркунуч сезбей эле калмакпыз.
Кара өгүз керт башынын кызыкчылыгы үчүн шеригин арстандын оозуна салып берди.
Мына ушундай айла-амал менен эки шеригин жегенден кийин арстан эч бир сурап-нетип отурбай эле, кара өгүздүн өзүнө кол салды. Мына ошондо гана арстандын айла-амалын түшүнүп калган кара өгүз мындай деп арман кылды: “Аттиң-ай! Мен ак өгүз желген күндө эле желген экенмин!”

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 18 Январь 2016 - 17:44

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#767 Пользователь офлайн   jetinur90   18 Январь 2016 - 18:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

МААНИЛҮҮ ИКАЯ...

~"ПАЙГАМБАРДЫН (саллаллоху ъалайхи уа саллям) СҮННӨТҮ МЕНЕН ЖАШОО- ДЕН-СООЛУККА ПАЙДАЛУУ" .~

Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллям)дын заманында Мадинага бир табып келет.Ал табыпчылык кылып,анын артынан жан бакчуу экен.Ал Мадинада алты ай туруп калат бирок, бул күндөрү ага көрүнүү үчүн бир да адам келбейт. Ошондо ал,Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллям) га келип,ага көрүнүү үчүн эч ким келбегенин айтат.Анын даттануусуна жооп кылып Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллям) :"Биздин аймакта эч ким табыпка көрүнбөйт,анткени адамдар менин сүннөт-жолум менен жашашат.Анан да булар,курсагы ачмайынча тамак жебейт,уйкусу келмейинче уктабайт, жана маанисиз сөздөрдү сүйлөбөйт" - деп айтат.
Пайгамбарыбыз(саллаллоху ъалайхи ва саллям) дын жогорудагы айтканына көңүл бурсак,анын сүннөтү айрыкча тамактануу, уктоо тууралуу айткандары адамдын ден-соолугу үчүн абдан пайдалуу экендигин байкайбыз. Демек, оорунун көбу сүннөткө амал кылбагандан келип чыгат экен бир тууганым!

Аллахым баарыбызды өзүнүн туура жолунан адаштырбасын , өзүнүн сүйүктүү кулу жана Пайгамбар (саллаллоху ъалайхи ва саллям) дын татыктуу үммөтүнүн катарынан кылсын,Амиинь!
Ошондон калса керек да денсоолукта болом,оорубайм десен аз же,аз укта,аз суйло деген хадис.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#768 Пользователь офлайн   Meruet84   19 Январь 2016 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~НАМАЗЫНЫЗДЫ КАЙРА ОКУНУЗ ~

✏Эл журтка озун такыба ,диндар корсоткусу келген бир киши жашаган экен. Бир куну ошол элдин падышасы аны сыйлоо учун уйуно конокко чакырат. Алдына дуйум тамак аш коет. Дасторконго отурган тиги киши тамакты адаттагыдан азыраак жеп отурат. Намаз убактысы келгенде намазды адаттагыдан узунураак окуйт. Ошентип уйуно кайтат. Уйуно келер замат аялына дасторкон сал деп буйруйт. Коноктон келип кайра тамакка отурган атасына танданган уулу:
-Атаке, падышанын уйунон тамак жебединизби? -деп сурайт.
-Ой, ал жерде кайдан жейсин. Курсак тойгудай тамак жеди де
йсинби? Падышанын козуно бир аздан жемиш болуп отурдук да,- дейт атасы.
-Атаке, андай болсо намазынызды да кайтарып окуп алыныз ,-дейт баласы, -мумкун аны да падышанын козуно окумуш болуп койгондурсуз! ?
Баласынын ушул созу катуу таасир калтырган экен, тиги киши ошондон кийин элге корунуу учун эмес ,Аллах ыразылыгы учун амал кылып калыптыр.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#769 Пользователь офлайн   Meruet84   20 Январь 2016 - 09:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~~ХАЗРЕТИ АЛИ Р.А НУН ДАРАЖАСЫ~~

Бир күнү Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп сурашты:

-Йа, Расулаллах! Хазрети Алини ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы?

Пайгамбарыбыз:

-Андай болсо Алини чакыргыла! – деди.

Бирөө Хазрети Алини чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз мындай деп сурады:

-Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар?

-Жакшылык менен жооп беребиз.

-Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы?

-Ооба, жакшылык кылабыз.

-Силерге үчүнчү жолу жамандык кылса эмне кыласыңар?

Үчүнчү жолу сураганында эч ким жооп берген жок. Үнсүз баштарын төмөн каратышты. Хазрети Али келгенде Пайгамбарыбыз андан да дал ушул суроолорду сурады:

-Эй, Али! Бир адамга жакшылык кылсаң, ал сага жамандык кылса эмне кыласың?

-Жакшылык кылам.

Пайгамбарыбыз жети жолу сураганда да ушул жоопту алды.

-Баары бир жакшылык кыламын, йа, Расулуллах! Убара болбоңуз, канча сурасаңыз да берер жообум ушул.

Сахабалар бул жоопту укканда таң калып, Пайгамбарыбызга мындай дешти:

-Йа, Расулаллах! Хазрети Алини эмне үчүн мынчалык жакшы көрүүңүздүн себебин билдик. Биз да аны өтө жакшы көрөбүз...

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 20 Январь 2016 - 09:59

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#770 Пользователь офлайн   Meruet84   20 Январь 2016 - 15:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

АЛЛАХТЫН АЛДЫНА КАЙСЫ ЖҮЗҮБҮЗ МЕНЕН БАРАБЫЗ?.

Күндөрдүн биринде Германияда хиджаб кийген бир аял дүкөнгө кирип калат.Аны карап турган сатуучу немец,кечиресиз сизге бир суроо берсем болобу деп кайрылат?
Макул болгон аялга карап.
— Сиз мусулмансызбы?
— Алхамдулиллах мусулманмын.
— Сиздердин Пайгамбарыңыздар Мухаммед Саллаллоху Аллейхи Ва Салламбы,— деп сурады?
Аял.
— Ооба,биздин акыркы Пайгамбарыбыз Мухаммед Саллаллоху Аллейхи Ва Саллам деди.
— Эгер сиз Пайгамбарыңызга жолугуп калсаңыз кандай абалда болот элеңиз деди?
Анда аял,көпкө ойлонду да.
— Мен Пайгамбарыбызга Мухаммед Саллаллоху Аллейхи Ва Салламга жолуугуудан уялам.
Себеби турмушка чыктым жолдошумду сыйлабадым, бала төрөдүм ага Куранды үйрөтпөдүм. Билип туруп көп нерсеге амал кылбадым.
Кайсыл жүзүм менен Пайгамбарыбызга жолугам деген экен.
ОЙЛОП КӨРҮҢҮЗ БИР ТУУГАНЫМ.
Күнөө экенин билип туруп,күнөө болот деп аткара беребиз.
Бирөөнү ушак кылбоо керек экенин билип туруп,гыйбат кыла беребиз.
Намаз,Куран, окушум керек дейбиз да,азыр жашмын,карыганда окуганы үлгүрөм дейбиз.
АНАН КАНТИП АЛЛАХТЫН АЛДЫНА ЖАРЫК ЖҮЗ МЕНЕН БАРАБЫЗ!?.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#771 Пользователь офлайн   Birinchi   20 Январь 2016 - 16:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 416
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 02:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Орто мектепте




Жакшы,айрыкча "Баркталбаган келин"-деген таасирлуу экен...

Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.

Abuxanifa
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#772 Пользователь офлайн   Meruet84   21 Январь 2016 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Биссимиляяхир Рохмаанир Рахиим

"Таасирдуу окуя"

Чын жолоочу.

Омурду тааныгысы келген бир жаш жигит дуйнону аралап, саякаттап жургон элдеринин биринде бир аалымдын уйуно коноко барат.
Саякатчы аалымдын турган уйунун дубалдары китептерге толо экендигин корот. Аябай тан калат. Бирок мунун маанисине жете албайт. Уйдо жерге тошолуу бир килем, дубалдын тубундо бир тошок, ортодо турган бир стол менен отургучтан башка эч нерсе болбойт. Тан калганын жашыра албай сурайт:
-Эмнеге эч кандай заттарыныз, уй эмеректериниз жок?
Аалым колу менен турган заттарын корсотуп жооп берет:
- Бар, мына алар!..
- ..Айтайын дегеним башка уй эмеректериниз, буюмдарыныз кайда?
Аалым бул сураган суроого суроо менен жооп берет:
- Балам сенин да артык эч кандай заттарын жок. Тек мына аркалап жургон сумкан гана бар. Ошондо сенин заттарын кайда?
Жаш жигит бул кутпогон суроого мындай деп жооп айтат:
- Бирок коруп жатасыз го мен жолоочумун. ..
Аалым кулумсуроп туура айтасын дегендей болуп башын ийет да:
- Мен да!.. Мен да акырет жолоочусумун. . - дейт.

(Аягы..)
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#773 Пользователь офлайн   dreambig   23 Январь 2016 - 06:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 20 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 22:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН-АКШ

Баарыныздардан Улуу Жараткан Аллах ыраазы болсун!Ар бирибиз окуган окуяларыбызга амал кылып, бул жашоодон Аллахтын кечирими, мээрими учун мээнет кылалы! Рахмаат чон сиздерге! Мындан ары да ар бир пенденин журошундо "ыйман" орноп, бекем болсун!
Сен ушундай күл, адамдар сени ыйлатуудан уялсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#774 Пользователь офлайн   Meruet84   23 Январь 2016 - 09:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения dreambig (23 Январь 2016 - 06:45) жазган:

Баарыныздардан Улуу Жараткан Аллах ыраазы болсун!Ар бирибиз окуган окуяларыбызга амал кылып, бул жашоодон Аллахтын кечирими, мээрими учун мээнет кылалы! Рахмаат чон сиздерге! Мындан ары да ар бир пенденин журошундо "ыйман" орноп, бекем болсун!

Амин .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#775 Пользователь офлайн   Meruet84   23 Январь 2016 - 09:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Үй-бүлө ынтымагы кантип курулат?


Кай бир заманда баш кошуп бирге түтүн булатып жашаган жубайлар болуптур. Алар үй-бүлө курганына көп болсо да араларында тез-тез жаңжал чыгып турчу экен.

Күйөөсү: “Бир сөздөн калсаң өлөсүңбү? Аялдай болуп баш ийсең боло”, десе, аялы: “Кечке чейин бир ооз жакшы сөз айтып көңүл көтөргөндөн убактыңды аяйсың”,-деп жооп кайтарат. Бул сыяктуу чыр-чатактарды көптөн бери угуп жүргөн коңшусу келип: Аркы өйүздөгү айылда даанышман аксакал бар. Ал силердин ортоңордогу маселени чечип берээрине ишенем дейт. Жубайлар ээрчишип, аксакалдын алдына барып арыз-муңун айтып беришет. Даанышман экөөнү эки башка бөлмөгө жайгаштырып: “Ушул кагазга бири-бириңердин кемчилигиңерди жазгыла”,-деп экөөнө экиден ак кагаз берет. Аялы бир жарым бет баракка эринин кемчилигин жазып чыгат. Эри болсо эки бетти толтуруп, акылманга келип дагы кагаз сурайт. Ошондо даанышман: “Мен кагаз сурап келээриңди билгем. Аялыңдан ажырашууну каалайсыңбы же жарашуунубу? ”,-деп сурайт. Тиги киши, ортобузда эки бала бар, ажыраша турган ниетим деле жок. Мага моюн сунуп жашаса эле болду деп жооп берет.

Аксакал: “Эркек адам эч качан аял кишиге теңелбеши керек. Эгер моюн сунуусун кааласаң өзүңдүн амалың менен бул абалды өзгөртүшүң керек. Мисалы, азыр экөөңө тең кагаз берсем ага теңелип сен да анын кемчилигин жазып жатасың. Колуңдагы кагазды жок кылып, мен чакырганда алдыма келгин. Мен уруксаат бергенге чейин сүйлөбөйсүң дейт.

Көп өтпөй даанышман жубайларды алдына чакырып, аялга жазгандарыңды оку деп ишарат кылат. Аял окуй баштайт: “Менин бар же жок экениме деле көңүл бурбайт, мага убактысын аз бөлөт, кеч келет, жакшы сөз сүйлөгөндөн жаны чыгат...”,-деп жазгандарынын барын окуп бүтүрөт. Даанышман: Эми сен жазгандарыңды оку деп күйөөсүнө кайрылат. Тиги киши бош кагазды аксакалга узатат. Аялы күйөөсүнүн эч нерсе жазбаганын көрүп, анын кемчиликтерин жазып ката кылганын түшүнөт да көзүнөн жаш төгүлүп жолдошунан кечирим сурап алдына жыгылат. Жолдошу аялынын мындай ийилип кечирим сураганын көрбөгөндүктөн, ага мээрими төгүлүп, ошол жерден жарашышат. Даанышманга ыраазылыгын айтышып, үй-бүлө бактылуу өмүр сүрө баштаган экен.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#776 Пользователь офлайн   uikuchu7   23 Январь 2016 - 10:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бар же жок экенин билбедим. Силер менен бөлүшүп коюуну туура көрдүм.

Окуя "Энемди өлтүрдүм
"

40 жылдан бери көзүмдөн жаш тынбайт, 40 жылдан бери ыйлап ибадат кыламын. Ар жылы ажылык кылып ихрам байлаймын мунун себеби бар. Мындан 40 жыл илгери рамазан айында үйгө мас акыбалда кирип келдим. Ушунчалык көп ичкен экенмин бутумда тура албай калыптырмын. Араң үйгө жетип келдим. Эмне деп сүйлөп жатканымды билбеймин. Эшикти ачып үйгө кадам таштадым. Ичкериде аялым нан жабуу үчүн тандырга от жагып жаткан экен. Мени мас акыбалда коруп:

-Ой Кудай ай! Бул эмне акыбал? Рамазанда да ичесизби? ичкериге кириңиз коңшуларга сөз болбойлу -деп мен ичкериге тарта баштады. Ачуум келди:

-Колунду тарт жогол көзүмдөн деп бакырдым. Ал мени дагы ичкериге тартты эле, мен аны өзүмдү билбеген абалда аны көк ала кылып токмоктоп салдым. Ызы чууну уккан энекем үйдөн жүгүрүп чыкты. Башында намаз окуганда оронуп алчуу чоң жоолугу, колунда таспи. Энекем каарып арыктап кеткен эле. Рамазан ичи ансайын арыктап кеткен эле. Мага колун шилтеп:

-Ичтинби?! Рамазанда да ичесинби? Сени жолдон урган досторуң өлсүн, рамазанда мас болбой өлүп кетпейсиңби… -деп каргай кетти.

-Өзүң өл деп энекемди бийик көтөрүп алоолонуп жанып жаткан тандыр ичине салып жибердим. Оозун катуу бекитип койдум. Аялымды болсо ичкерки бөлмөгө камап койгом. Кийин өзүмдү уйку баса баштады. Эртеси турдум аялым ыйлай бергенинен көзү шишип кетиптир. Үстүндө кара кийим кийип алган. Оюмда, байкуш энекем каарып арыктап калган эле, рамазан ичи бир нерсе болуп кеттиби деген ой келди.

-Тынч элеби эмне болду, энем кана? -дедим.

-Энекеңиздин кай жакта экенин билбейсизби? -деди

-Жок билбеймин.Энем кана? Оо энеке... Оо энеке… деп энем жаткан бөлмө тарапка, олтурган жеримден кыйкара баштадым. Оюмда: -"Азыр балам эки рекет сүннөт окуп алайын" дегендей болду. Бирок бул оюмду аялымдын мындай деген сөзү жокко чыгарды:

-Кечээ мас акыбалда келип энекемди тантырга салдыңызго, дуа кылуучу, намазкан энекемди өлтүрүп койдуңузго -деди. Башыма чагылган түшүп, жүрөгүм уруштан токтогондой болду.

-Сен жалган айттын. -деп кыйкырып жибердим. Энемдин жаткан бөлмөсүнө жүгүрдүм, жайнамазы салынуу, Кураны ачык эле, демек энем ушул жерде. Алыска кетсе Куранды жаап кетеер эле.
Оо энеке... Оо энеке деп кыйкыра баштадым. Жооп болгон жок. Аялым көз жашын тыя албайт эле. Тандыр астына бардым. Эң өкүнүчтүүсү тандыр астында энемдин тасписи жана чон жоолугу жатаар эле.
Арак инсанды эмне акыбалга алып барды?

Ошондон бери көзүмдөн жаш тынбайт. 40 жыл болду тообо кылып көз жаш менен ибадат кылам. Ар жылы ажылык кыламын. Энем үчүн ажылык кылып, акысына дуа кылып эртели кеч истифарлар айтамын. Энем атынан садакалар кыламын, баардык жакшылыкты калтырбай жолдоп турамын жана ошондой эле ага жетип баруучу сооптуу амалдарды издеймин.
Урматтуу мусулман бир туугандар балким токтотоорсуңар! !!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#777 Пользователь офлайн   uikuchu7   23 Январь 2016 - 17:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ҮЧ ЭЛЕК…
Бир акылманга бир киши келип,мындай дейт:
-Сен жѳнүндѳ досуң эмне деп жатканыны билесиңби?
-Токтой турчу,-деп акылман жооп берди,-алгач сүйлѳй турган сѳзүңдү үч электен ѳткѳз.
-Үч элек дейсиңби,ал кандай электер?
-Ар бир сѳздү айтаардан мурун,аны үч жолу электен ѳткѳзүү зарыл.Биринчиси ЧЫНДЫК элеги.Сен айта турган сѳз чындык экенине толук ишенесиңби?
-Жок,мен ал сѳздү бирѳѳдѳн укканмын…
-Демек сен бул нерсенин чын же калп экенин деле билбейсиң.Анда экинчи электен ээлеп кѳрѳлү-ЖАКШЫЛЫК элеги.Сен менин досум жѳнүндѳ жакшы нерсе айтайын дедиң беле?
-Жок,тескерисинче терс маанайдагы кеп…..
-Демек менин досум жѳнүндѳ мага терс маанайдагы сѳз айтайын деп жатып,ал сѳздүн чын же калп экендигине кепилдигиң да жок экен.Анда үчүнчү электен ѳткѳрѳлү-ал ПАЙДА элеги.Сен айта турган сѳз мага абдан пайдалуу болуп,аны угууга мен муктажмынбы?
-Жок,ага муктаждыгың деле жоктой….
-Оо,азамат! Сен сүйлѳй турган сѳзүңдүн чындыгы,жакшылыгы жана пайдасы болбосо,аны сүйлѳп не кыласын?,-деп тыянак чыгарган экен акылман киши.

Ошондуктан мусулман баласы пайгамбарыбыз (саллялоху алейхи уа салямдын) хадисине ар дайым амал кылат:
«Кимде-ким Аллахка жана Кыямат Күндүн акыйкат экендигине ыйман келтирсе-жакшы сѳз сүйлѳсүн,болбосо унчукпасын».
Кээде сүйлѳгѳндѳн кѳрѳ,унчукпай коюу жакшыраак.
Оозуңдан чыга элек сѳздүн акимисин,ал эми ооздон чыккан сѳздүн кулусун.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#778 Пользователь офлайн   jetinur90   23 Январь 2016 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Кичинемде авам айтып берер эле. АДАЛ ЫРЫСКЫ. Илгери бир кишинин жалгыз уулу бар экен. Чоноюп калыптыр. Атасы уулун ойноп аткан жеринен чакырып,уйго олтургузуп айтыптыр:уулум, биз карыганда бизди багар,кутор сенсин. Андыктан адал оокат табууну уйрон деп тушундуруп, эртеси иштеп акча таап кел деп уйдон чыгарыптыр. Бала кайда барып,кантип тыйын табууну билбей турат да,оюнга алаксып кетет. Кечинде уйго келсе атасы сурайт,бала шомтуройт,ата урат. Эртеси дагы жонойт бала,кайра эле оюн. Кечинде атасы урбасын деп апасы бираз тыйын кармата коёт. Бала атасына сунат тамак устундо. Атасы кайдан таптын дейт,баланын жалганы чыгат. Арамдан тапкан акчаны деп атасы тыйынды коломтодогу отко ыргытат. Эртеси дагы ошол корунуш кайталанат. Анан атасы адалдан ырыскы табууну уйронмоюн уйго келбе деп кочого чыгарат. Бала башы оогон тарапка жонойт. Тун кирет,кун чыгат,курсак ачат,жолун улайт. Бир куну бир айылга кирсе бир адам наавай жаап жатыптыр,ошондон озок жалгап,жардамчы болуп иштеп калат. Арадан жыл айланып ото даамдуу нан жаап,наавайчы болот. Тапкан бир топ акчасын белине туйуп уйуно келет кеч бешимде. Ата-эне менен корушуп,дастарконго олтурат. Баарын айтып келип белиндеги акчаны атасына берет. Атасы тутамданган тангак акчаны кармап,кайдан билейин,мени алдап бироонукун уурдап келгендирсин деп дагы отко ыргытат. Баягы акча отко тушкондо бала ыргып жетип чоктон колун аябай акчасын сууруп чыгып,ата неге ишенбейсиз, менин канча омурум кетти бул акчага дейт. Ошондо атасы эми ишендим балам,пешене тер менен тапкан акча жандан таттуу болот деген экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#779 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Январь 2016 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~АЯЛДАН АЙЛА КАЧЫП КУТУЛБАЙТ~

Чаңкаган жолоочу суу ичүү үчүн айыл четиндеги кудуктун жанына токтоду.Кудуктан бир аял суу алып жаткан эле,Ал жолоочуга ашкабактын кабыгынан жасалган чөмүчү менен суу сузуп берди.Чаңкоосу канган жолооочу ырахматын айтып,- эркектерден айланса болот,бул чөмүчтү жасаган эркектин колу гүл экенго чиркин,-деди.
-Эрекети эркек кылган аял,алганың жакшы болсо жакаң агарат,алганың жаман болсо чачың агарат,эркек канчалык кыйын болбосун аялдын айласынан кутула албайт-деди аял суу алып жатып.
-Аялдардын куулугун жакшы билем,бирок баардык эле эркектер алдана бербейт- деди жолоочу кетүүгө камынып жатып.
-Эгер кааласам,сени өлүмгө кириптер кыла алам,кааласам сыйга татыктуу кылам-деди аял олуттуу сүйлөп.
-Аны кантип ишке ашырасың, мен күбө болсом болобу?-деди, жолоочу шылдың аралаш.Ошол замат аял чакаларын жерге коюп,жерге жата калды да,кыйкыра баштады:Оой, эл-жуу-уурт,жардамгаа! Өлтүрдүүү-үү. ..!
Аялдан мындайды күтпөгөн жолоочу же качып кете албай же аны токтото албай,эмне кылаар айласын таппай калды. Ошол маалда аял үнүн басып:
-Мына азыр менин күйөөм жана туугандарым келип,сени аркы дүйнөгө узатып коюшат- деди.
Жолоочу эмне дээрин билбей шашып калды:- мени кечирип кой, мен сөзүмдөн жаңылдым чындап эле силерден айла качып кутулбайт экен...
Аял жолоочунун сөзүнө көңүл бурбастан ир чака сууну алды да өзүнүн башынан ылдый куя салды. Жолоочунун эми чындап айласы кетти.Артка бурулуп качмакчы болду эле,айылдан чуркап келе жаткан кишилерди көрүп токтоп калды.
-Эмне болду,ким сага кол тийгизди?! -деп кыйкырганча жетип келди эңгизээрдей болгон бир жигит.Артынан дагы үчөө-төртөө жете келишти.
-Эч нерсе эмес - деди аял үстү-башын кагынып, мына бу азамат жолоочу болбогондо кудукка түшүп кетмекмин,аз жерден сактап калбадыбы.
Аялдын сөзүн уккан жолоочу оор үшкүрүп кудуктун кырына көчүк басты.
-Ырахмат сага,ак жолтой жолоочу. Менин аялымды сактап калдың. Жүрү эми үйгө баралы,сыйлуу коногум бол.- деди данагы эңгизээрдей болгон эме.
-Жок- деди жолоочу калтыраган үнү менен- жолдон калбайын менин да аялым бар,кокус ал да бир жамандыкка учурап жүрбөсүн.Жолоочу ордунан ыргып туруп артына кылчайбастан жолго түштү.Анын бул кылыгына аялдан башка эч кимиси билбеди.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#780 Пользователь офлайн   uikuchu7   25 Январь 2016 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чыныгы достук

Бирин –бири эң жакшы тааныган эки кыйышпас дос бар эле. Ал экөө бала чагынан чогуу жүрүп, көп күндөрүн биргеликте өткөрүшкөн. Бирөөсүнүн пейили тар, митаам болсо, экинчиси ак көңүл, жайдар мүнөз , сылык-сыпаа келген, көп сүйлөөнү жактыра бербеген жигит болчу. Күндөрдүн биринде өз камы үчүн жүгүргөн дос ак көңүл досуна барат да, ага иши жүрбөй жатканын айтып, көп өлчөмдө акча сурайт. Досунун өтүнүчүн четке кага албаган жигит колундагы болгон каражатын ага карматат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ач көз дос, ак көңүл досунун үйлөнө турган кызын жакшы көрүп калгандыгын, ансыз өмүр сүрүүгө мүмкүн эместигин айтып досунун алдына келет. Бир тууганындай мамиле кылган адал дос, кыз үчүн анын көңүлүн оорутууну каалабай, үйлөнө турган кыз менен кездешип аны менен бул туурасында акылдашат. Кыздын уруксаты менен аны досуна никелеп берет.

Убакыттын өтүшү менен ак көңүл достун иштери жүрүшпөй, ою ордунан чыкпай бир топ кыйынчылыктарга кабылат. Оюна эң биринчи эле досум деп жүргөн баягы досу келет. Кантсе да досум, мени ара жолдо калтырбас деген ойдо ага барат. Ал эми досу болсо жумуш таап бермек турсун, эч кандай жардам бере албай турганын айтып жүзүн тескери бурат.

Бир күнү сейил бакта отурса жанына бир кедей кейпиндеги карыя келип, колунда эч нерсеси жоктугунан улам оорууга чалдыкканын, дарыланууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жоктугун айтып жалооруйт. Ал карыянын абалына боору ооруп, ага колунан келген жардамын берет. Дарегин алып мааал-маалы менен карыяны зыярат кылып, ага тамак-аш жеткизип турууну адатка айландырат. Көп өтпөй карыя өмүрдөн өтөт. Өз атасындай болуп калган карыянын каза болушу, анын жүрөгүнө октой тиет. Ал ортодо, карыянын бай болгондугун, болгон байлыгын өзүнө мурас катары калтырып кеткенинен кабардар болот. Көкүрөктө досуна деген бир аз таарынычы бар эле. Ага жооп катары досунун үйүнүн каршы тарабынан үй сатып алат.

Коёндой окшош күндөр өтүп жатты. Бир күнү эшиктин коңгүроосу кагылат. Ачса бир тилемчи эне турган болот. Ал ачка болгонун айтып, өзөк жалгаганга үйүнөн бир нерсе алып чыгабы деген үмүттө балага карайт. Жүрөгү мээримге сугарылган, жигит энени үйүнө киргизип, жакшылап курсагын тойгузат. Экөө көпкө масилеттешип отуруп, тилемчи эненин эч кимиси жок экенин билгенден кийин, ага үйүнүн төрүнөн орун берет. Экөө эне баладай болуп калышат. Бир күнү эне, баласына үйлөнө турган убагы келип калгандыгын, өзү караштырып, ылайыктуу деп жүргөн бир кыз бар экенин айтат. Энени сыйлагандыктан бала, ал кыз менен жолугуп таанышууга макул болот. Кыз менен жолугуп экөө бири-биринин купулуна толот. Көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп, эми гана иштери оңоло баштаган жигит досун үйлөнүү тойго чакырат.

Той кызуу өтүп жаткан учурда, көөдөнүндөгү толкуп-ташкан, досуна болгон тоодой таарынычын айтууга белсенип, сөз сүйлөөнү туура көрөт. Ал өз сөзүндө, өзүнөн да артык көргөн досуна болгон акчасын берип, ал гана эмес үйлөнө турган кызын да, досунун бактысы үчүн өз бактысын курман кылганын айтат. Ал эми иштери жүрүшпөй кыйынчылыкка кабылганда, досунун фабрикасынан бир дагы жумуш орду табылбагандыгын баяндайт. Ага карабай азыр дагы, досу үчүн өзү ээ болгон бардык нерсесин бергенге даяр экендигин жашырбайт.

Келген меймандар мындай доско бир чети таң калып, бир чети өзүмчүл досту жектеп жатышты. Мынчалык ач көз, өзүмчүл адамдар да болобу дешип, анын ким экендигин билүүнү каалап турушту. Ал эми өзүн ойлогон дос, чыдай албай ордунан туруп сөз сүйлөөгө киришти:

-Болуп өткөн окуяда кайрымсыз, өзүн ойлогон, пейили тар менмин… Бирок окуяны менден да угуп коюшуңуздарды суранам. Ооба, ишим жүрүшпөй кыйынчылыкка кабылганда досумдан жардам сурадым. Аман болсун, колундагы болгон нерсесин аябастан мага карматты. Үйлөнүүгө даярданып жаткан кезинде үйлөнө турган жубайын да мага ыроолоду. Анткени, үйлөнө турган кыз досума татыктуу эмес болчу. Ал досумдун байлыгына көз артып, дүнүйө-мүлкү үчүн турмушка чыкмакчы болгон. Досум аны да берди. Андан кийин иштери жүрүшпөй калды, фабрикага келип, менден жумуш сурады, кан досумдун менин кол алдымда, мага баш ийип иштешин каалабагандыктан жумушка алган жокмун. Фабрикада сенин дагы акың бар десем намысынын жол бербей турганын билет элем.

Кыйын кезеңде досумдун турмуш сыноосуна сынып калышын каалаган эмесмин. Кааалабайм дагы! Сейил бакта жолуккан карыя менин атам эле. Атам аябай оорулуу болчу. Атамды анын жанына жөнөтүп, ал каза болгондо анын үлүшүн бергенге шылтоо таптым. Байкасам, досум өзүнө көңүл бурбай калды. Эшигинин алдына тилемчи болуп келген менин энем болчу. Досума баш-көз болсун деп апамды жанына жөнөттүм. Жана акыркы айтар сөзүм, бүгүн менин эң бактылуу күнүм. Анткени жанымдан артык көрүп жаткан досумдун үйлөнүп жаткан кызы менин бир тууган карындашым. Мына биз ушундай доспуз!

Достор, туугандар, дегеле жакын адамдарыбыз биз үчүн эң кымбат асыл жандар. Алар жашоо бакчабыздын кооз гүлдөрү, гүлгө суу куйган өңдүү кыйын кырдаалда жакындарыбызды жалгыз калтырбай, аларды сүйүү, боорукерлик, мээримдүүлүк менен сугаруу жашоо бакчабызды гүлдөткөнгө тете эмеспи. Ал эми гүлдөгөн бакчанын мөмөсүнүн жемиши таттуу да, берекелүү да болоору талашсыз экендиги анык чындык.

Даярдаган: Жанара Каденова,www.kg.insan.kg

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: