Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#781 Пользователь офлайн   uikuchu7   25 Январь 2016 - 15:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЖҮРӨКТӨРДҮН АРАЛЫГЫ
Бир күнү мугалим сабакта студенттерден сурап
калды:
– Кана балдар, айткылачы, эмне үчүн адамдар
урушканда кыйкырып башташат?
– Себеби, алар эмоцияга алдырып коюшат, – деди
бирөө.
– Бирок, экинчи адам жанында болуп турбайбы, эмне
үчүн кыйкыра беришет? Жай эле сүйлөшсө
болбойбу?
– Ачуусу келген үчүн кыйкыра баштайт, – деди дагы
бирөөсү. Ошентип, ар кимиси ар кандай жооп айтып
жатты. Акыры, алардын ичинен унчукпай турган бир
студент колун көтөрүп мындай деп жооп берди:
– Адамдар нааразы болгондо, алардын жүрөгү бири-
биринен алыстай баштайт. Канчалык бири-бирине
жини келген сайын алардын жүрөктөрү ошончолук
алыстайт да, ал аралыкты жоюу үчүн алардын
кыйкырганы күчөй баштайт.
– Туура, – деди мугалим анын айтканын коштой, –
чындыгында эле ушундай. Мисалы, бирин-бири
жакшы көргөн адамдарды карагыла, алар канчалык
жакшы көргөн сайын бири-бирине жай сүйлөй
баштайт. Себеби, алардын жүрөгү өтө жакын болуп
калат. Ал эми сүйүшкөндөрчү…. Алар бирге
отурганда шыбырашып калышат. Айрым учурда
сөздүн да кереги жок болуп калат, туурабы? Демек,
адамдардын арасындагы аралык физикалык жактан
гана эмес, алардын ортосундагы мамиледен дагы көз
каранды болот экен.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#782 Пользователь офлайн   uikuchu7   25 Январь 2016 - 22:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Психология сабагында мугалим студенттерге 100
долларды көрсөтүп: "Муну ким каалайт"- деди.
Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны колу менен бырыштырып "ким
каалайт?" -деди. Студенттердин бардыгы колдорун
көтөрүштү.
Андан кийин акчаны жерге таштап, буту менен
тепсеп: "ким каалайт?" -деди. Студенттердин
бардыгы колдорун көтөрүштү.
Мугалим студенттерге: "Бул бүгүнкү сабагыңар" -
деди.
Акчаны колу менен бүрүштүрсө да, буту менен
тепсесе да акча өз баалуулугун жоготкон жок.
Ошондуктан, адамдар сени канчалык басынтышса да
кемсинтишсе да, сени канчалык шылдыңдашса да,
сени канчалык жамандашса да, сага көңүл бурушпай
кош көңүл мамиле кылышса да - Кудайдын
астындагы баалуулугуңа эч ким таасирин тийгизе
албастыгына ишен!!!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#783 Пользователь офлайн   Meruet84   26 Январь 2016 - 09:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ТОЮ КУНУ ЖООБУН АЛГАН КЕЛИН...
(болгон окуя)

Ушул окуя бир жигитин апасына болгон меерими, суйуусу жана жалпы энелерге болгон сый урматы жонундо.Той куну келин, куйоо бала аябагандай бактылуулукту, бири бирине болгон суйуусуну, эч кимден жашыра алышпай, бардык тойго келген коноктордун коз алдында жаркырап отурушат эле.Той аябай кызып, ортодо тойго келген коноктор аябай шандуу бийлеп,Тууган уруктар эки жашка оздорунун чын журокторунон чыккан каалоо, тилектерин айтып жатышты.Эки жаш аябагандай, бактылуу бирин бири карап жылмайышып, дуйнодо оздоруну эн бактылуу сезип жатышты.Бул жерде озуну баарынан бактылуу сезген, дагын бир инсан бар эле.Ал мееримдуу инсан баланын апасы болчу,Ортодон чыкпай шандуу бийлеп,Келген коноктор акчаларды кыстарып, башы акчага толгон, баланын мееримдуу энеси, келген коноктордун алкышы астында эле.Бир убакта келин Куйоо баланын кулагына шыбырап калды апанды ортодон чыгар.Менин курбу кыздарым оздору чыгып бийлесин аларда тойго бийлегени келген деп.Ошондо жигит ортого чыгып микрафонду алып,Музыканы токтотуп апам кимге керек деп кыйкырды.Келин ич ичинен ыраазы болуп,азыртан айтканымды кылса кийинчереек мойнунан байлап алам деп ичинен ойлонуп мыйыгынан кулуп турду.Жигит кучунун барынча апам кимге керек деп кайра кыйкырды.Оз уулунун айтып жаткан созуно капа болуп апасынын козунон жашы тогуло эмне болгонун тушунбой карап турду.Жигит кайрадан апам кимге керек деп кыйкырып,Апам мага керек деп апасынын жанына басып келип,Келинге жообунду бердим деп микрафондо кыйкырып апасыны ээрчитип сыртка жонойт.Кыздын туугандары тополон кылып, балага асылышып эмне болгонун тушундуруп беруусун талап кылышып,Тытмалашканына карабай,сыртка чыгып бара жатканда, эшикти тосуп, кыздын атасы чыгат баладан эмне болгонун тушундуруп беруусун талап кылат.Куйоо бала болгон окуяны, кыздын атасына айтканда,Атасы ыйлап туруп куйоо балам жакшы экенго кызымды тарбиялай алган эмес экенмин мени кечир уулум, сендей уулдарыбыз коп болсун.Эненди сыйлаганын учун аябай ыраазымын бейиш эненин таманында деп куйоо баласын узаткан экен.
{аягында бир соз айтарым аялдар,кыздар сиздер да бир кун АПА болосунар,ЭНЕ болосунар,акылынар менен болгула,сиздер биз учун АБДАН КЫМБАТСЫНАР_! !!!!
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#784 Пользователь офлайн   uikuchu7   26 Январь 2016 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"КУМУРСКАНЫН ОКУЯСЫ"
Бир киши Башар бин Алхаариске келип: "Мага
насаат айтыңыз - деп суранганда" -, Алхаарис
мындай деди: "Бул короодо жайында дан жыйнап,
кышкысын ошону менен күн көрчү кумурска бар.
Күндөрдүн биринде кумурска оозуна дан алып
баратса, бир чымчык учуп келип кумурсканы
оозундагы даны менен кошо көтөрүп кетти.
Кумурска жыйнаган данын жей албады жана
үмүтүнө жете албады. Бул дүйнөнүн акыйкаты да
ушул кумурсканын окуясы сыяктуу. Адам байлык
жыйнайт, ажал келип өзүн да байлыгын да алып
кетет."
Артыңдан жакшы из калтыр. Өзүң өтсөң да атың
өчпөсүн.
Абдушукур Нарматов устаз

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#785 Пользователь офлайн   uikuchu7   26 Январь 2016 - 13:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Периште адамга:
-каалайсынбы сенин басып откон иизинди
корсотом ?
-ооба.
-кара, бул сенин жашоодо басып откон ииздерин.
-эмнеге бул жерде эки адамдын иизи турат деп
тантана сурады.
-жанындагы менин ииздерим, мен дайым сенин
жанында болчумун.
-эмнеге бул жерде ииздер бироо гана ?
-Бул сенин жашоодогу кыйналган учурун.
-сен мени кыйынчылыкта таштап кеткен экенсин да,
деп капалана тушту...
-жоок, мен сени кыйынчылык келгенде которуп
отчумун.......

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#786 Пользователь офлайн   uikuchu7   27 Январь 2016 - 00:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ТЫЯНАК ЧЫГАРУУГА ШАШПА
Илгери бир доордо абдан кедей карыя жашаган
экен,бирок анын өтө келишимдүү ак түстөгү аты
болгон.Падышалардын баары атка суктанып,карыяга
бир топ чоң акчаларга сатууну сунушташат. Ар
дайым бай-манаптар алтындарын белге байлап,ат
сатууну суранганда, карыя мынтип жооп берчүү:
-Бул ат мен үчүн жөн гана ат эмес.Ал мен үчүн бир
дос сымал,ал эми адам баласы досун да сатчуу
беле?!
Карыянын жашоосу абдан оор болсо да,бирок атын
сатпады.
Күндөрдүн биринде атканага кирсе,жакшы көргөн
аты жок.Айылдын баары келип аны жемелей
баштады:
-Карыганда алжып калган экенсиң да!Биз
күндөрдүн биринде баары бир атыңды бирөө-жарым
урдашыны билген элек.Анда көрө сатып жиберсең
болмок.Каап, кандай гана бактысыздык десең…
-Антпегиле жана азырынча шашпагыла.Жөн гана ат
ордунда жок деп эле койгула.Аттын жоктугу-
факт,ал эми силердин сөзүңөрдүн баары-божомол
жана тыянак чыгаруу.Бул жамандыкпы же
жакшылыкпы бир Кудайга маалым,аны мен да,силер
да билбейсиңер. Балким мунун артында башка эле
нерсе тургандыр?!
Адамдардын баары карыяны шылдыңдаган абалда
үйлөрүнө кайтышты.Элдин баары карыяны айнып
калган деп ойлочу.Бирок арадан эки апта өтпөй,
түндөсү аты кайрылып келет.Аны эч ким уурдабай
эле,өзү эле качып чыккан болот.Жалгыз кайтып
келбестен,бир үйүр жылкыны да ээрчите
келет.Айылдаштардын баары чогулуп:
-Карыя туура баамдаган экен.Бул бактысыздык эмес
эле,чоң бакыттын дал өзү го!
-Силер дагы эле тыянак чыгарууга шашып
жатасыңар.Жөн гана ат кайра келди дегиле.Бул
нерсе жакшылыкпы же жамандыкпы, ким билет?Бул
жөн гана жашоодогу бир фрагмент.Силер бир сөздү
окуп алып эле,китеп жөнүндө сүйлөй бересинерби?
Бул жолкусунда адамдар бетине айтпаса да,ичинен
карыя мурункудай эле дөөрүп жатат го деп
таркашты.Кантип эле келишкен 12 жылкы-жамандык
болсун.
Карыянын жалгыз бир уулу бар эле,келген аттардын
баарын минип алып,күн сайын аларды суутуп
турчу.Күндөрдүн биринде аттан кулап,эки бутун
сындырып алат.Адамдар чогула калып,мурункудай
эле:
-Сен ошондо да туура айткан экенсиң.Бул нак
бактысыздык экен.Жалгыз балаңдын эки буту
сынып,таянычың жок калдың.Эми мурункудан да
жаман абалга түштүң.
-Силер тыянак чыгаруу илдети менен ооруйт
экенсиңер.Болгону бутун сындырып алды деп эле
койгула.Бул Жараткан берген нейматпы же
жазабы,ким билет?Жашоо бизге өз сырларынын азын
гана билгизет эмеспи,андан ашыгын билүүгө
чамабыз да жетпейт.
Бир жумадан соң карыя жашаган өлкөдө согуш
башталып,баардык эр-жигиттер согушка
аттанат.Айылдын баары согушка кетип,бир гана
карыянын буту чолок баласы калып калат.Ата-
энелери балдарын жөнөтүп жатып абдан
кейишет.Анткени, бул чоң салгылашуудан көбү
кайтмак эмес.Карыянын алдына топтолуп:
-Өткөнкү сөзүңдүн акыйкатын бүгүн
сездик.Чындыгында балаңдын буту сынганда да-бир
жакшылык бар экен.Балаң чолок болсо да,бирок
жаныңда калды.А биздин балдарыбыз кайткыс жоого
жөнөп кетишти.
Анда карыя эл-журтка мынтип кайрылды:
-Силер дагы деле тыянак чыгарууга шашып
жатасыңар.Эч ким эч нерсени билбейт!Жөн гана
биздин балдарыбыз сенин балаңдан айырмаланып
согушка жарактуу экен дебейсиңерби! Чындыгында,
бир гана Кудай бул иштин артында жакшылык же
жамандык бар экенин даана билет.
Силер тыянак чыгарып жатканча,өсүп- ө
нүкпөйсүңөр! Тыянак чыгаруу-мээнин катып
калганын туюндурат.Акыл эс ар дайым тыянак
чыгарууга шашат,анткени анын өнүгүүсү чоң
мээнетти талап кылат.Акыйкатта, эч бир саякат
аягына чыкпайт.Бир эшик жабылса,экинчиси
ачылат.Силер бир бийиктикке жеткенде,андан бийик
экинчиси пайда болот.Жашоо- узакка созулган
саякат!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#787 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Январь 2016 - 12:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бир куну кокустан телефонума башка мага бейтааныш болгон номер чалып калды. Алсам бир кичинекей кыз:
-Ата ата сенсинби сени сагындым келбейсинби деп ыйламсыраган уну угулду. Адашып тушуп калса керек деген ойдо
-Ээ кызым сен башкага чалып алдын, мен атан эмесмин дедим да телефонду очуруп койдум. Өз алдымча көз алдыма 4-5жаштагы кызды элестеттим да жылмайып койуп жолума туштум. Кечке маал эсимен чыгып кеткен экен, кайра ошол номер чалып калды. Алсам дагы эле ошол кыз
-Ата атаке сенден суранам билемин бизди багамын деп алыс жакка иштегени кетиптирсин. Кел десем келе албасынды да билем апам айтты, жок дегенде телефондон болсо да эркелетип койчу атаке сени эркелеткенинди сагындым деп суйлоп жатканда телефонумдун батарейкасы очуп калды. Озумчо ойлондум да мейли кайра чалса эркелетип койом да деген ойдо калдым. Эртеси кайрадан чалды. Алдын ала даярданып алганга шарт эле:
-Ээ кызым мен да сени сагындым ананайыным, менин кичинекейим деп оозума кирген жакшы создор менен эркелете бердим. Анын кубанычына чек жок экенин, сүюнгөндөн ыйламсырап жатканын да байкап турдум. Макул атаке эртен чалам деп дагы бирдемкелерди айтып жатканда байланыш үзүлүп калды. Кайра чалайын деп чалууга көнүлүм барбады. Эртеси куттум чалып калса кичинекей кыздын көнүлү сынбасын, эркелетсем эмне болуптур өзүмдүн балдарымдай эркелетип коё берем да деп койдум. Арадан 3-4кун өтүп калганда баягы номер кайра чыкты. Шашып калганымдан алло дебей эле кандайсын кызым жакшыбы эмне чалбай калдын деп суйлоп жатсам телефондон чон эле аялдын
-Кечиресиз мен сизге бир нерсе айтайын дедим эле деп мукактана калды.
-Айта бер карындашым тартынбай дегиче болбой озу сөз баштап калды.
-Кызым оорукчан болгондуктан атасы авариядан каза болгонун айта албай, алыска иштегени кеткен десем телефон чалып бер дегенинен оюмдан чыгарып эле ушул атандын жаны номери деп терип колуна карматып койгом. Ошол кундон тартып ал сиз менен ата деп суйлошуп жургон.
"Суйлошуп жургон" деген созу мени кыжаалат кылып шаша-буша
-Азыр кана жакшыбы озу каякта деп суроо артынан суроолорду берип жатып ал аялдын ыйлаган үнүнөн токтоп калдым.
-3-4кун мурда талмасы кармап катуу ооруп жатып жылмайып "атам мени эркелетти, атам жакшы адам а" деп жатып аманатын тапшырды, атасынын артынан кетти, мени жалгыз таштап кетти деп ыйлап жатып телефонду койоордо дагы бир жолу бизди кечирип коюнуз деп очуруп койду. Кайра чалып кантип кайрат айтаарымды билбей башым ман болуп калды деп сөзүн аяктады. Турмушта ушуга окшогон кызыктуу нары кайгылуу окуялар ар бир адамда кездешээрин угуп калчумун. Эми минтип өз башымдан өттү дейт бир байке.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#788 Пользователь офлайн   Shaa-82   27 Январь 2016 - 14:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

Мен кыскачале шефимдин айтып келген окуясын айткым келди. Шефим аял киши, мен жаны ишке келгенде бир жыл мурда, бир айдан кийин эле ишенип баарын мага тапшырып Малайзияга кызы менен эс алганы кетти. Келгенде ушунчалык башкача таасир калтырганын бир айдай айтып журду. Малайзия, Сингапурга бардыле алар жакта адамдар ушунчалык кичи пейил, боорукер экен, баары намаз окуп, бироого катуу суйлошпойт экен, анан да Сингапурду айтып ушунчалык таза шаар экен даже бут кийимибизди чечип жыланаяк журдук кочолорундо дейт. Аларда бут штраф экен ошого кочодо сигарет чеккен, же гамбургер же башка нерсени кочодо жеп жургон даже тукургон адамды корбойсун дейт. Анан да бир ажаатканага кирип чыгып келатканда колумдан телефонум тушуп кетти, энкейин алганымча жанымда турган кыз алып бере койду, карасам мумкунчулугу чектелген кыз экен дейт. Жада калса мумкунчулугу чектелгендери да ушунчалык сылык экен деп копко айтып журду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#789 Пользователь офлайн   uikuchu7   27 Январь 2016 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кабыр азабы........ жакын туугандардын 35жаштагы
баласы каза болуп, олук коюу вазыйпасына катышып
калдым. Кабырдын башына олукту алып келдик. Бир
убакта кор казган киши мени четке чакырып, бир
нерсе айтам деп корго тушушумду суранды. Олук
койчу жайды коргозду, карасам эки кара чаар
жыландар жатат. Шашып эле сыртка чыгып, баланын
атасынан мен озум кирип коеюн деп сурандым.
Ансыз да уулун жоготуп сыздап турган ата маакул
болду. Кайрадан корго туштум да жыландарга
кайрылып:- Аллах тааланын азап берчу
периштелери, силер азыр олукту коюп буткучо бул
жерди бошотуп тургулачы. Олукту койгондон кийин
эмне кыласынар ал силердин ишинер. Аллахтын
буйругу менен келдинер тушунобуз, олукту жайына
койгуча бошотуп тургулачы деп кайрылдым. Экоо
дароо эки жакка тешикке кире башташты. Бутумду
тартып алгыча болбой бир жылаандын куйругу
ботинкемдин сыртын сыйпап отту эле бутум
шилтенбей калды. Ошондо ойлондум, эгерде
киймимдин сыртынан сылап откондо ушундай ахвалда
болсом, анткени буткул денем муздай тушкон эле,
азыр олукту коюп кеткенден кийинки анын ахвалы
кандай болот дедим да аран бутумду шилтеп сыртка
чыктым. Кайра киргим келбей, атасына убада берип
койгондон кийин айла жок олукту жайына койдум.
Чыгып бара жатып, эптеп кучумду жыйнап кайрылып
карасам жыландар олукко жакындап келе
жатышыптыр. ..... Кийин олгон баланын кандай
болгонун сураштырсам элди алдаган, калп айткан,
арак ичип зыналык иштерге коп барчу экен.
Аллахтын бар экенине, сыноо жашоодо жургондо
ыйманыбызды бекемдейли, намаз окуйлу. Аллах
кечирет кечирим сурайлы ката иштерибиз учун. Мен
муну башкаларыбызга сабак болсун деп кочуруп
алдым. Балким таасири коп адамга тиер!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#790 Пользователь офлайн   Zolushka89   28 Январь 2016 - 01:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:52

Кызык сестранын кыз тууганы бар бекен..ага озуно ишенгендей ишенет бекен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#791 Пользователь офлайн   Meruet84   29 Январь 2016 - 12:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

"КЕЧИР"

Арсен бугун жумуштан кеч келди, кутуп олтурган аялын коруп боору ооруду...
- Жази кел экообуз суйлошобуз деди Арсен...
Жубайынын аты Жазгул, Жази деп атап койчу...
Арсен жубайына уйлонгондо баары жакшы болчу, бирок убакыттын отушу менен Жазгулго болгон конулу сууп кетти...
Себеби, озунун иштеген жериндеги, Кымбатты суйуп калган болчу...
Мына бугун Жазгулго ажырашабыз деп айтканга камынып жатты...
- Жазгул баарын ундобой угуп олтурду, Жазгулдун эч нерсе дебестен, чыдап угуп олтурганына ичинен Арсен тан калды...

- Бир кезде, Жазгул дагы соз баштады. Макул Арсен ажырашайлы деп чечипсин, жолуна богот боло албайм, сенден эч нерсенин кереги жок.
Болгону бир канча шартым бар. Уулубузга ажыраша турганыбызды айта корбо, Жана дагы бир шартым, экообуз биринчи уйлонгондо биринчи айларда кандай Бактылуу элек.
Бир ай ошондой Бактылуу коз ирмемдерди откозойлу.
Сен мени биринчи той кунубуздо биз жатчу болмого, колуна которуп алып киргенин эсиндеби???
Мына ошентип кундо мени которуп алып кирип турасын деди жылмая...

- Арсен эмне дешин билбей калды. Жубайын жинди болуп калганбы деп да ойлоду, ыйлап чуу чыгаргандын ордуна мынтип жылмайып суйлоп жатканы эмнеси деди...

- Кундо Жазгул жаш келиндей жаркылдап, тосуп алат чай ичип болгон сон, Жазгулду колуна так которо жатчу болмого алып барат.
Мындай корунуш 10 жаштагы уулуна кызык корунуп, кол чаап кыткылыктап олтурду...

- Кундо ушул корунуш, уулу дагы конуп калгандай Атакее апамды которбойсузбу? ? Деп жыргап калат, уй булоо бир саамга болсо дагы жыргап ойноп кулуп алышат...
Бугун дагы Жазгулду колуна так которуп Экинчи кабаттагы болмого, алып бара жатты.
Так биринчи уйлонгон кунундой, Жазгулдун назик колдору Арсендин мойнуна оролуп бара жатты, бирок Жазгул баштагыдан женил болуп, онунон аза баштаптыр.
Жазгулдун ыссык деми Арсендин кулагына барды, ушундай камкор, мээримдуу, назик жубайын таштай турганын эстеп озуно жини келип кетти.

Эрте менен эрте ишке кетип, иштен кеч келип аялына деле конул бурбаптыр. Убактысын кобунчо Кымбатка арначу, чын эле мээримдуу аялынан айрылгысы келбегенин эми сезди...

Кээде уй булоого жакындашуу, бир бирине мээрим тогуу гана жетпейт экен...

Эртеси эле Арсен Кымбатка жолугуп жубайы менен ажырашпай турганын айтат, ыйлактаган Кымбат жаактан ары бир чаап, уйунон кууп чыгат...
Жолдон жубайына деп атыр гулун сатып алат...
Эмнегедир жубайын коргусу келип, сагынганын сезет...
Барып тизелеп олтуруп кечирим сурагысы келет...
Бирок уйго келип Жазгулдун жансыз денесин корот...
Корсо канча айдан бери, Жазгул айыкпас оору менен алышып келет, анын ондон азып арыктаганы да ошондон болчу...

Уулуна атасын жаман корсотпош учун, Арсенден бир ай бактылуу жашап, отушун отунгон, ошон учун уулуна ажыраша турганын айтпоосун отунгон...

- Эркек эки нерсеге окунбоосу керек, аялына Жана айдап жаткан машинасына.
Экоону тен озу тандаган...
Колдогу байлыктын кадырын билуу керек...
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#792 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Январь 2016 - 14:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~БЕРЕШЕН БОЛ! ~


Уйдо жаш жубайлар тамактаналы деп дасторкон даярдап жатканда, капысынан эшик такылдап калды. Куйоосу : Карачы эшикти, Ким экен ? - дейт. Аялы эшикти ачса, бир байкуш жигит бир кесим нан менен бир чыны суу сурайт. Аялы боору оруп куйоосуно: байкушка берип коёлу, курсагы ач экен- десе, жоок,курсагы ач болсо озу иштесин,мен озум жеген нанды озум таап жеп жатам,эшикти жаап сал дейт. Аялы озунчо капалана « Бир кесим нанды аябай эле берип койсок болмок » деп ызааланат. Ошол кундон кийин , уйдо кут - береке жоголуп,уруш чыга берет. Акыры ажырашканга чейин барышат. Нечендеген жылдар отуп,кыз башкага турмушка чыгат. Бир куну куйоосу менен тамактанып отурса , эшик тыкылдайт, ачса бир байкуш нан сурап келет. Куйоосуно айтса: нан,суу жана шириндиктеринден да бер дейт. Аялы берип эшикти жапкандан кийин ыйлап жиберет. Куйоосу : эмне болду ?- десе, азыркы байкуш менин 1-куйоом эле десе, куйоосу : ошондогу нан сураган байкуш мен болчумун- дептир. Бул дуйно жалган дуйно, бирде ойдо болосун,бирде ылдый болосун. Кылган жакшылыгын пендеден кайтпаса, Аллахтан кайтат. Жана бул дуйно кайтар дуйно экенинда унутпай, ичи таар,саран болбойлучу туугандар! !



لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#793 Пользователь офлайн   jetinur90   30 Январь 2016 - 14:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 641
  • Катталган: 15 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Сен 2016 23:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:БИШКЕК

Бир падышанын 4 аялы бар экен. Эрке,жаш токолунун козун карап,оюндагысын айттырбай кылып озгочо суйот. 3-аялынан да эч нерсесин,башындагы акыл,белиндеги куч,колдо барын аябайт,бирок ушул аялым менден оомат кетсе же олсом дароо башкага кетип калбас бекен деп абдан коркот,убайымга тушот. 2-аялын качан башына кайгы тушсо,же оор койгой жаралса же бир жооптуу суроо туулса чакырып,кенешчу экен. А 1-аялын кез-кезде эстесе эстеп,эстебесе деерлик аны менен ачпы-токпу,оору- сообу иши деле жок экен. 1-аялынан торолгон 5 баланын айрымдарынын жузун гана корбосо,калгандарынын атын эле билет экен. Бир кун ошол падыша олум тошогундо жатып калыптыр. Эн суйкумдуу корор коз эрке токолун чакырып,барымды сага токтум,аябадым, башкадан сенин кызыкчылыгынды ойдо койдум. Эми мени менен мурзого барасынбы,жалгыздатпай жанымда жатасынбы десе,ал токолу так секирип качыптыр. 3-периштесин чакырып жогорудагы суроону берет,ал да кой,сен олсон жалгыз бир кун тура албайм,башкага кетем деп кейишке салат падышаны. Оксугон хан 2-байбичени чакырат,суроону кайталайт. Ал аялы ойлонуп ушунча чыдадым эми дагы бир жакшылыгым сага ошол мурзого чейин кошо барайын,бирок кошо жата албайм дейт. Буларды коруп козун жаштап хан кайгырып атса алыстан алсыз ун угулуп,азып- тозгон,кийиминде жамак коп,жыртыгы андан коп,ач-жыланач, карып-арыган тун суйуусу 1-аялы жанына келип,айланайын жан шеригим,сен жок жерде мен да жок,сен мурзодо болсон мен кошо жатайын жанында дейт. Экоо тен ыйлайт,падыша аттин ай,бугунку акылым болгондо баарын калтырып ушул 2 аялымдын кызматын кылып,5 баламды ардактап бакпайт белем деп оксуптур. Бул болгону бир мисал экен. 4-аял дегени курсак,кийим- кече сыяктуу кунумдук зарылчылык. 3-аял дегени омур бою жыйган-терген мал-дуйно. 2-аялы бул-тууган-урук, дос-жар,уй-було. 1-аял дегени озун амалдары,сооптуу иштери. 5 баласы исламдын 5 туркугу:намаз, ажылык,орозо, зекеттери экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#794 Пользователь офлайн   Meruet84   30 Январь 2016 - 22:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ассалому алейкум мусулман бир туугандар,бул жазып жаткан баян сиздерге азда болсо тасирин тийгизер деген ойдомун.Бул жашоодо бир мусулман бир тууганыбыз болуптур.Ал кыздуу болуп анын туулганына ушунчалык,кубанып кызынын торолгонун достору менен жууп арак шарап ичишет.Кызы чонойгон сайын кылыктары чыгып козуно ото суйкумду жакшына корунуп аны эркелетип жакшы корчу.Бир куну арак ичип олтурса кызы колу менен стаканына бир тийет арак кийимине чачылат.Ал арада кызы эки жашка чыканда ,ото каттуу ооруп бул дуйно менен кош айтышат.Арадан жылдар отот,атасы жанагы эле корунуш арак,шарап,мечит тургай сооп иштерди жасоодон калат.Бир куну ото коп ичип келип уктап калат.Тушундо ээн бир жерде жургон болот айланада эч кандай жан жаныбар жок,бир кезде артынан ото каттуу доош чыгат,артын караса ага карай ото чон ажыдар оозун ачып келе жатканын корот,жан алы калбай качып жонойт ажыдар андан калбай кууп келет.Жолдо чуркап баратып,бир абышканы кездештирет, ото эле жудонку корунот,ошонтсе да ал абышкадан жардам сурайт,ата мени бул ажыдардан куткара корунуз дейт.Анда абышка жок уулум менин кучум аз мен кантип сени куткара алмак элем Аллахтан суран дейт.Андан ары дагы качып жонойт,бир кезде караса тозоктун оозуна келип калганын билет.Андагы отту коргондо журогу тушуп аз жерден ага кулап кете жаздайт.Артынан бир добуш чыгат кайт артка сен тозоко тушпоон керек деп,кайра жанагы абышкага карай чуркайт,дагы жардам сурайт,ошондо тээ тиги тоого карай кач дейт.Ал ошол тоого карай качып жонойт ажыдар жетип эле калган болчу,тоого жакындаган сайын тоонун боорун ото эле чоон сарай корунот терезелери алтындан перделери тир укмуштуудай жасалган сарай экен.Аны коруп периштелер ачкыла эшиктерди бул мусулмандын биздин арабызда балдары бар чыгар куткарып калаалы дейт сарай ачылып жаш балдар кыздар чыгат жуздорунон нур жанган ото суйкуумду корунушот силер кимсинер дегенге,биз мусулмандын балдарыбыз ата энелерибизди кыймат кунго чейин мында кутобуз дешет.Периштелер баарын чыкыла бул мусулмандында баласы бар чыгар арабызда дейт баары чыгат ,ошол кезде озунун кызын коруп тааныйт.Кызыда атасын коруп ага карай чуркайт жардамга Алланы аты менен ант этем бул менин атам,деп келип он колун которуп атасын ажыдардан куткарып калат.кызы курандан аят окуйт атасы тан калып сен куран билесинби деп сурайт биз силерге салыштырмалуу коп билебиз дейт.кызы атасынын тизесине олтура кетет,ошондо атасы тиги ажыдар эмне деп сурайт,ал сиздин жалган жашоодо кылган куноолорунуз, куноолорунуз коптугунон ал ажыдардай болуп сизди тозоко алып барып таштамак ,а тиги жолдогу абышка ким десе ал сиздин жасаган сооп иштериниз ал ошончолук алсыз болгондуктан сизди коргой албады дейт,а бул балдар ким десе булар жаш откон наристелер биз кыйамат кунго чейин ата энелерибизди ушул жерден кутобуз аларга дуа кылабыз дейт.Ойгонуп кетсе тушу экен,жума кун болчу жуунуп таранып мечитке барып намазга жыгылып Аллахтан кечирим сурап ыйлап билип билбей кылган кунолорун кечуурусун сурайт...Мусулман бир туугандар бул дуйно бизге сыноо деп билип сооп иштерди кобурок жасаганга аракет кылалы.Пайгамбарыбыз бизге калдырган куран хадистерге амал кылып ыйманыбызды жандандыраалы окуп чыканыныздарга рахмат Алла ыраазы болсун!! !! .

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 30 Январь 2016 - 22:12

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#795 Пользователь офлайн   uikuchu7   31 Январь 2016 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бир багбан багында журсо, бодононун кооз
сайранган уну угулат.
Багбан анын кооз сайраганына ашык болуп, -эртен
тузак коюуп ушул бодонону кармасам деп кетет.
Эртеси тузак коёт, байкуш бодоно тузакка тушот.
Кубанган багбан бодонону уйуно алпарып капаска
салып. Бир сайраганын угайын деп олтурса, бодоно
адамча суйлоп,
- ээ багбан, мен эми сенин уйундун мучоосу
болдум, сага бир жакшылык кылайын. Мен конуп
турган ошол дарактын астында бир кумура алтын
бар экен, мен кордум. Ошону барып казып ал дейт.
Багбан бодоно чын айттыбы, же жалган айтты бекен
деп деп ойлонуп, дарактын астын казып корсо
чындап алтын чыгат.
Кубанган багбан бодоного келип,
-рахмат сага, аябай акылдуу, козу откур бодоно
экенсин, бирок сага бир суроом бар.
-ушундай козундун откурлугу менен жердин
астындагы алтынды корупсун, неге козун алдындагы
болгон тузакты корбодун ???
-ээ багбан, сенин тузагына тушуш, сенин багында
сайраш "бул менин тагдырымда жазылган" .
Тагдырда акылдуулук, козу откурлук эч нерсени
чечпейт.
АЛЛАХТЫН ИНСАНДАРГА БЕРГЕН ЭН ЧОН
БЕЛЕГИ БУЛ ТАГДЫР деген экен....!! !
Тагдырыбызга ар дайым шугурчулук келтирели... .!!!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#796 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Январь 2016 - 20:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~КАНА ЭМИ БАРБАСА ЭЛЕ~ (окуя)

Шейх ушундай икая кылат. Залаалат куноо иштердин арасында агып жургон бир жигит, ыйман жана туура жолго тушту. Жаман жолдон кайтып, туура жолду тандады. Намаз окуну баштады. Мечитке каттап, кечиндеси куран окуп тилават кылуу менен алек боло баштады. Хадаят жолдун даамын таткан жигит, бир куну озунун жакын болгон досторун эстей баштады. Алар дагы эле туура эмес жолдо куноо иштерди кылуу менен адашып журушот эле. Мусулман досубуз аларды да озу сынары тообо кылып, жаман иштерин таштап, туура жолго тушушуну жана ыймандуулар катарына кошулуп калышыны досторуна ото каалады. Алар менен жолугушуу учун жол алды. Ушул создор туура жолго эми гана кайткан, тообо эшиктерин эми гана каккан, арбир инсанга каратылгандыр. Сиз эй, тообо кылган досум, эски жалган досторунуздун алдына жалгыз барбан, аларды туура жолго чакыра турган болсонуз созсуз бир такыбараак жакыныныз менен барын, кээде копчулуктун создору ыйманды да суздатып койот. Жигит досторуна хидааятты, ыйманды илинип барды. Бирок, жалган достор, ал жигитке кайдагы бир болбогон, жаман создордон огуну ата башташты. Аа Кары аке, эсинизден чыгып калдыбы? Оздору да Кече эле биз менен эмне кылып жургондору, эсиниздеби ? оо баягы кундогу жургондорубуз? Эсиниздеби ? тундогу отурушарыбыз. ……………………………… Жаман создор, маскарлоо. Кулуштор. Бул иштери менен жигиттин эми бутойун деген жараларын дагы кочуро башташты. Андагы ысыраптар дагыда артты, жигит уйуно мундуу кайтып келди. Кундордун биринде мусулман жигиттин алдында достору, жалган достору пайда болуп калышты. Ушу десен машине сатып алуу учун шаарга кетип жаткан элек. Биз менен барсан жакшы болоор беле дээшти. Жигит болсо тан эле, алар болсо дагы созун улантып, биз менен барсан бизди ИСЛАМга даават кылаар элен, сапар намаздары кандай окулаарын уйротоор элен, билесинго, биз буларды жакшы билбейбиз, кийин бизге сапарда имамдык кылаар элен дээшти. Бул сапар планы жигитке да жагып тушту. Напси ага бул сапарды зыйнаттуу кылып корсотту. Ал достору менен бирге кетти, КАНА ЭМИ БАРБАСА ЭЛЕ. Жол журуп, кечиндеси бир мейман канага келишти. Жигитти Канада калтырып, (продукта) кылып келебиз деп кочого чыгышты. Жалган достор кочону айланып журушоор экен оздорунчо турдуу (пландарды) тузушоор, суйлошушоор эле. Алардын бул (пландары) жигитти эмне кылып болсо да, мурдакы туура эмес жолдо жургон кундоруно кайтарыш эле. «Аьуузубикамин Заалик». Ошол куну алар тунду башка иштер жана музика жана башка жыргалчылыктар менен откозушту.
Жигит болсо аларды Канада кутуп жатаар эле. Эртеси куну бул жалаган достор бир сойку аялды табышты. Ага эгер жигит менен зынаа кылууга. Арак ичирууго эришсе каалаган акчсанын беришин айты кондурушту. Аллах Таала Анфо с?р?с?нун 36.чы аятында Албетте каапыр болгон кимдир бироо мал дуйносуну Аллах жолунан тосуу учун иштететтир деген. Алар сойку менен бир мейман канага кайтышкан сон, бир колуна ичимдиктер, дагы бир колуна музика касеталарды жана магинтофонду берип, жигит жаткан канага киргизип жиберишти. Арак акылды алуучу нерсе, музика болсо, зынаага жетелоочу баалу нерсе болуп бааланды балдар тарабынан. Сойку аял мусулман жигит менен жалгыз калды. Пайгамбарыбыз с.а.в. оз хадистеринин биринде бир эркек менен махрам эмес аял бир жерде жалгыз калса учунчусу шайтан болушуну айткан. Сойку ага жакшы суйломуш болуп, келе баштады. Жигит озуну четке алды, сон акырын, акырын, созго салып, бир амалдап ага арак ичирди. Сон жана сон, жана сонунда эн жаманы жуз берди. Аянычтуу абалдар отту. Бул шерменделикке кубоо болуп жаткан кана дубалдары мул нерселерден уялып жарылып бузулайын деди. Жигит сойкунун койнунда тошокто уйкууга кетти. Жыланач, ото мас, чарчаган, талыккан. Аллах сактасын……………………… Тан атты, инсан корунушундогу шайтандар пайда болушту. Нийетине жеткен жалган достор эшикти такылдадата башташты. Бутун мейман кананыны баштарына которуп ызы-чуу кылышаар, катуу унуу менен бакырып маскарылап кулушоор эле. Эшикти сойку ачты. Ал мына досторунар кергиле корушунор мумкун деди. Алар эмне соз, эмне жанылык деп сурашты. Ал куш кабар курсантчылык мына ал баардык нерсени кылды, арак да ичти, мас да болду, бирге да болдук, конул да ачтык. Мына тошокто гырт жыланач жатат деп жыртайды. (озунордон коргуло) эй, жалган достор Аллахтын алдында куноолу болгону учун суйунуп жатасынарбы, бири-биринерге куш кабар айтып жатасынарбы? Кече намаз окуп, куран тилаават кылып жургон досторун бугун шайтанга алданып арак ичип зынаа кылып куноого батып жатканына шаттанып жатасынарбы, эй, (жалган достор)………. . Канага бакыр-чакыр кыйкырыктар менен кирип келишти. Жигит корпого оролуп жатаар эле. Достору аны туртуп, туртуп, ойгото башташты. Ээй, кары аке турун эми, болор эми жыргаганыныз, тура калсын эми хазрат деп ойгото башташты. Эмнегедир жигит жооп бербес, уйкудан турайын дебес эле. Турун эми кутуп калдык, жигит дагыда ундобос эле. Ошондо алардан бироо жакыныраак келди да жигитти кыймылдатып устунон корпону алып таштады. Жигит болсо бир да кыймылдабас эле. Алар тан калышып, аны чалкасынан жаткызышты. Кандай гана коздор менен корушсун жигит олуп жатаар эле. (бул жаман окуяны угунуз, Намазкан досубуз арак ичип, зынаа кылып, сойку менен бир тошокто уйкуга кеткен. Ушул кеткени боюнча туболук уйкуга кеткан тундо эн жаман абалда коз жумган Инна илайхи ва Инна илайхи рожиун.
✏Баяндаган … Хайрулло Хамидов…


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#797 Пользователь офлайн   Meruet84   01 Февраль 2016 - 09:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~МЕН АГА АШЫК БОЛДУМ~

Курани карим окуп жаткан кезде сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ысымын укканда дароо ошол мубарек ысымды урматтоо жана сүйүү керек. Көп ниматка жетет. Муса алейхиссаламдын заманында эч ким жактырбаган, күнөөкөр бир адам бар эле. Бир күнү ал киши өлөт. Айланасындагылар ушул да адамбы деп таштандыга алып барып ыргытып салышат. Аллаху таала Муса алейхиссаламга: «Менин баланча жердеги таштандыда олуя бир кулум бар. Аны ал жерден чыгарып, тазалап, жаназасын окуп жерге бер», - деп буйрук кылды. Муса алейхиссалам алиги адамды таштандыдан чыгарып, жакшылап жууп, кепиндеп, жаназасын окуду. Муну көргөн эл таң калды. Жерге бергенден кийин Муса алейхиссалам ал адамдын үйүнө келип:

-Эй, аял, бул адам эмне кылган, кандай жакшы амал кылган? – деп сурайт. Аял:

-Эй, Аллахтын Расулу, эч ким аны жакшы көрчү эмес, баары андан качышчу, анын эч кандай жакшы амалы жок болчу.

-Эч бир жакшылыгы жок эле, ар дайым күнөө кылчу, - дейт. Үч жолу сурайт:

-Анын сөзсүз түрдө бир жакшы иши бар, Аллаху таала мага аны жерге берүүмдү буюрду, - дейт. Ошондо аял мындай дейт:

-Бир күнү Тоорат окуп жаткан кезде Мухаммед алейхиссаламдын Ахмет деген ысымын кездештирет. Бул кандай көркөм ысым деди, дагы да окуп, бул кандай көркөм ысым. Анан, эй, Раббим ысымы ушундай көркөм болгон адам ким билсин өзү да көркөм чыгар, «мен ага ашык болдум» деп ыйык ысымын өпкөн эле.

Муса алейхиссалам - болду, эми түшүнүктүү, - дейт. Мындай Пайгамбарга үммөт болуу эң чоң нимат.

Бир адам ишенип Мухаммед алейхиссаламды бир жолу көрсө, жанынан, жада калса, аркасынан көргөн болсо же эгер көзү сокур болуп ыйык үнүн бир жолу уккан болсо жана ыйман келтирсе бүткүл илимдер (жаратылыш таануу жана дин өкүмдөрү жана бүткүл үстөмдүктөр) ага берилет. Бул нерсе бойокко салынган кездеменин бойокту сиңирип алуусуна окшойт. Бүткүл үстөмдүктөр жана илимдер ага өтөт. Ошол себептен сахабалардын бардыгы мужтахид эле. Алардын даражасына эч ким жете албайт, бул жогорку даражаларга алар гана татыктуу.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#798 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Февраль 2016 - 09:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~ПЕРИШТЕ ЖАНА ШАЙТАН~

Сахабалардан Дыхйа-и Калби хазреттери өтө сулуу болгон. Ар сапарынан кайткан кезде Пайгамбарыбыздын ыйык неберелери Хазрети Хасан менен Хусейинге белек ала келип, аларды сүйүнтчү эле.

Жабраил алейхиссалам Расулуллахка көбүнчө мына ушул сахабанын анын келбетинде келе турган. Дагы бир күнү анын келбетинде келгенде Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейин аны Дыхйа келди деп кубанып, чөнтөктөрүнө колдорун салып, эч нерсе таба алышпады. Расулуллах ага мындай деди.

-Эй, Жабраил бир боорум! Неберелеримдин бул кылыктарын адепсиздик деп ойлобо! Алар сени Дыхйа экен деп ойлоп калышты. Дыхйа келген сайын бул неберелериме белек ала келер эле. Буларды ошого үйрөтүп койгон.

Жабраил алейхиссалам муну укканда катуу капаланды. «Дыхйа булардын жанына келгенде куру кол келбеген болсо мен кантип куру кол келемин», - деп, Бейиштин жемиштеринен бир салкым жүзүм менен бир анар алып келип балдарга берди. Балдар белектерин алып мечиттин бир четине барып мына жейли деп отурушканда мечиттин эшигине колуна таяк таянган, үстү-башы чаң баскан, кары, ак сакалдуу бирөө келип:

-Эй, балдар, ачкамын, жегенге бир нерсе бергилечи, - деди.

Хазрети Хасан менен Хазрети Хусейин колдорундагы жемиштерди ага бермекчи болушканда Жабраил алейхиссалам ордунан туруп:

-Бербегиле ал лаанаттууга! Ал шайтан. Бейиштин ниматтары ага харам кылынган, – деди.

Анан: "Жогол бул жерден!” - деп шайтанды кууп жиберди.


لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#799 Пользователь офлайн   uikuchu7   02 Февраль 2016 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Окуя: Ар бир иштин башы - «Бисмилла» ( Алланын
аты менен)
Мындан бир топ кылым илгери Ислам динин бекем
карманган Салиха аттуу бир такыба аял жашап
өткөн экен. Анын жакшы бир адаты бар эле. Ал ар
бир ишин ар дайым «Бисмилла» (Алланын аты
менен) деп баштачу. Бирок анын жолдошу Исламга
көп деле маани бербеген адам эле. Ал аялынын
«Бисмилла»дегенин укканда эле: «Ар дайым эле
Бисмилла деп айта бергендин эмне кереги бар?!»
деп өзүнчө кыжыры келчү.
Бир күнү ал ойлонуп отуруп «Жубайыма ар дайыма
эле «Бисмилла» деп айтуунун эч пайдасы жок
экенин бир көргөзөйүн» деген максатта ага бир
кисе (алтын-күмүш салынган батыкча) алтын берип,
аны ишеничтүү жерге сактап коюусун эскертет.
Жубайы кисени алаарда дагы «Бисмилла» деп төркү
бөлмөнү көздөй жөнөйт. Күйөөсү анын артынан
билгизбей ээрчип, тымызын аңдыйт. Жубайы төрдөгү
сандыктын жанына келип, сандыктын оозун
«Бисмилла» деп ачып, колундагы кисени салып коёт.
Арадан бир эки күн өткөндөн кийин күйөөсү
сандыкка жашыруун барып, андагы кисени алып,
сыртты көздөй шашыла жөнөйт. Айылдын чет
жагында жайгашкан кудукка келип, кисени кудукка
ыргытып жиберет. Анан үйүнө келет да жубайына :
«Салиха, акча керек болуп жатат, кисени алып
келчи!» дейт. Жубайын кытмыр карап, эми кантээр
экен деп ичинен кымыңдап отурат. Келинчеги төркү
бөлмөгө кирип «Бисмилла» деп сандыкты ачат.
Караса, кисе сууланып калыптыр. Аял «Кызык, бул
кисе кайдан жүрүп сууланып калган?..» деп өзүнчө
күбүрөнүп таң калат. Жолдошу төркү бөлмөдөн
чыгып келаткан жубайынын колундагы кисени
көрөөр замат мууну калчылдап, апкаара түшөт. Бир
саамдан соң үнү дирилдеп: «Билесиңби, Салиха!
Кесени кудукка мен өз колум менен ыргыткан
болчумун. «Бисмилла» деген сөз сени уят кылган
жок. «Бисмиллахтын» кереметине эми ишендим!
Кечир мени, күнөө менден кетти» деп көзүнөн жашы
тегеренип кеткен экен.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#800 Пользователь офлайн   adi_ko.kg   02 Февраль 2016 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 635
  • Катталган: 05 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Дек 2024 23:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

«Адамдын омуру – ийненин учунда»
Менин бир досум бар эле, аты Айдар, 92
жылкы. Мага жана силерге окшогон эле
адам. Бирок кыздар «сулуу» дешчи,
артынан чуркап журушчу. Узун бойлуу,
кара чачтуу. Ата-энесинин жалгыз
баласы. «Акча» десе – колунда,
каалаганын кылат - кааласа ичет;
кааласа чегет; кааласа кыздар менен
журот; Тагырак айтканда, жаман жолдо
жургон бала эле. Окуудан келе жатканда,
кээде коруп калчымын, мас болуп
жургонун.. Экообуз суйлошуп калсак,
Айдардын уч созунун бироосу – «зъина»
жонундо эле. Дос балдар болуп туура
эмес экенин коп эле айттык, бирок,
баланын озунон окшойт, Айдар таакыр
озгорго жок. Ошол Айдардын мандайына
жазган Тагдыры, мага «чооон Сабак»
болду… «Адамдын омуру – ийненин
учунда» деген созду жакшы тушундум.
2013 жыл, октябрь айы, аба-ырайы
сууктап, бак-дарактар ыйлап,
жалбырагын чачкан кез.
Жума кун эле, «Жума-Намазга» бара
жатсам Айдарды кайра кордум «мас»
болуп жургонун, ото деле мас эмес.
Кормоксонго салып отуп кетейин дегем,
бирок, отуп кете алган жокмун. «менин
досумго» деп жанына келип,
саламдашып, ахвалын сурап, созумду
баштадым…. Менин созумду аягына
чейин угуп, анан бир-аз ойлонуп, мага
мындайча айтты - "досум, мен сени
таарынткым келген жок, мен сени
сыйлайм, бирок, мен мыдайларга
ишенебербейм, сен мени тушунбойсун,
мен сени тушунбойм. Кечир" – деп, мени
жаман коргонсуп басып кетеберди…
Мындай мамилесине, капа деле болгон
жокмун. Бирок, «досум деп келсем, мени
укпай койду» - деп кичине жаман болдум.
Бир куну, Топ-балдар болуп шаарыбыздын
центр’ына сапар алдык, жаныбызда
Айдарда бар. Айдар айткан создорумо
таарынып калганбы, билбейм, бирок мени
менен таакыр суйлошкон жок. Бир малда
такси менен бара жатсак Айдар «башым
ооруп жатат» деп бизге айтып калды.
Андан сурасак – «кичине кечимде
селкинчектен жыгылып сотрясение
алгам, ошондонго, 1 айдан бери ушинтип
ооруп калат» деп жооп узатты. Анан ал
бараалбай, орто жолдон, кайра уйуно
кайтууга туура келди «силер барабергиле,
мен уйго барып жатпасам болбой калды»
деп уйуно кетип калды… ошонтип, дос
балдар болуп озубузчо кеттик…. кечке
маал, уйлорубузго кайра кайтып Айдарды
сурап койолу деп, чалсак, Айдар трубканы
албай койду… эртеси да дагы чалдык –
алган жок. Учунчу куну телефону очук
болуп калды. Ошентип, кундор отоберди,
жумалар отту, артынан айлар алмашты…
баягы досубуздан эч-бир кабар жок, жер
жутуп кеткендей, Айдар жоголуп
кетти.Тааныштардан сураштырсак,
эчкимиси билбейт.
2014 жыл, март айы, чымчыктар сайрап,
алма-бактар бучур байлап, аба-ырайы
тазаланган кез.
Бир куну, мага бир чочун номерден кат
келди: «Салам, Тальу! мен Айдар, создор
бар эле. эртен жолукпайлыбы »…. муну
окуп, Айдар экенин билип… «жолуксак
азыр жолугалы, азыр бош элем» десем,
мени уйуно чакырды… Ак-орго жака кочуп
кетишиптир. 4 автобус менен Ак-оргону
коздой барсам, Ак-оргонун
остановка’сында Айдар мени кутуп
туруптур. Аны коруп абдан тангалдым,
коргонумо ишенген жокмун… Мечиттеги
молдолордон айырмасы жок.– «Допу»
кийип, «сакал» койуп алыптыр, «досум
онолуптур, ыйман жолуна тушуптур» деп,
бир жагынан аябай суйундум. А бир
жагынан жаман болдум, Айдар аябай
арыктаап, козу кирип, ахвалы начар экен.
Мени коруп ал дагы суйунду, узунун бир-
тууганын коргонсуп – ыйлап жиберди.
Уйуно келип, экообуз дасторкондун
алдында коопко чейин суйлошуп калдык.
Бир малда «уй-булоо» жонундо соз кетти.
Мен досуман сурап калдым «качан
уйлоносун» деп. Ал жооп бере албай,
негедир, башын жерге салып, капага
батып «жакында уйлоном, буйурса» деп
койду. Ошол маалда, мага телефон чалып
калды, байкем мени уйго чакырып
жатыптыр. Аны Айдарга айтып
«уйдогулор чакырып жатат, уйго барайын,
дагы шашпай суйлошолу» десем, Айдар
мага соз узатып калды:.«дагы жолугалбай
калабызго……Тальу, сага айтатурган
создорум бар эле, угуптурчу» деп,
айтатурган создорун мындайча баштады:
«Эсиндеби, жарым жыл муруун, достор
болуп, шаарга чыгып баратканда, менин
башым ооруп уйго кеткем. Ошондо
башым чыдатпай, мен 4 гор.больницага
баргам. Ошол кундон баштап менин
жашоом, абдан озгорду…
Качан мага врач "башында шишик бар
экен, жумурткадан кичиреек, рак
экенсин" деп айтканда, мен омурумдо
биринчи жолу асманды карап, кылган
куноолорумду коруп, коз жашым менен
Алладан кечирим сурадым. Кудайга
ишенбечи элем, бирок ошол куну
ушунчалык ишендим. Денем титиреп,
Жараткандан ушунчалык корктум. Жаман
жолго алпарган бутум Мечитти коздой
чуркады. Жандуйном мага "намаз окуу -
намаз окуу" деп улам-улам кайталап
жатты. Жаным эзилет же Намаз
окуганды билбейм, алдымда бир Таксыр
Намаз окуп жатыптыр, ошону туурап
Намаз ыйлап окудум. Алладан кечирим
сурай бердим - сурай бердим... Мечиттен
чыккым келген жок. Боздоп ыйлап
жатып туну бир мал Мечитте уктап
калыптырмын. .. Эртен менен "багымдат"
Намазына бир Таксыр мени ойготту,
Намазды окуп бутуп, уйду коздой
чуркадым... Алтындай болгон - жалгызым
менин Апакем эшикти ачты, корокалып,
Апакемдин алдында тизелеп кечирим
сурадым - "Апаке мени кечириниз, мен ак
сутунузду актай албайм" деп, бутунан
ооп, ыйладым. Катуу ыйлаган окшойм,
бир малда, шашып Атам чыгып калды.
Атамды коруп, даагы жаман болдум -
"Атамдын жалгыз баласы болсом,
Неберелуу кылалбайм" озумду жек
кором»… деп, Айдар катуу ыйлап
жиберди………………………. . Менин дагы
жашым салаалап агып жаты… мен
ушунчалык досумду соороткум келди…
айласын издедим, бирок таппадым,
анткени мен Айдардын мындай болоорун
таакыр куткон эмесмин…
Бир-аз эс алып, мага айтар создорун
уланты:
"Онол балам, онол" - деп Апам мага канча
жолу коз жанын тогуп айткан?! Атамды
канча какшаттым «жалгыз баламсын,
жаман жеринди ташта»… ал эмес
досторум да айтышчу, бирок, мен
онолбодум, Алланын каарына калдым
окшойт…. «Мен ойлогом – батылуулук –
бул сулуу кыздар, кооп акча. эгерде Ата-
энемен алыс кетсем мен бактыылуу
болом го деп ойлогом… жоок, мен ото
жанылышыптырмын. Чыныгы
бактылуулук уй-булоодо экен… Атан сени
карап, менин уулум деп суйунсо- ошол
бактылуулук экен. Апакендин таманын
башына жазданып жатсан - ошол
бактылуулук экен… Жайнамаздын
устундо башынды ийсен - ошол
бактылуулук экен…. бирок мен баарын
кеч тушундум, ушунча окуном, досум.
ишенесинби.
Мага канча ай калса да, ошол айларымды
«жайнамаздын» устуно откоруну чечтим,
озум жаман адам болсом да, элге
жардам берип журом, анткени мен
Алланын каарынан корком…… балдар
уйуно коп барам, тамак аш жеткизип….
Эхх…менинда ушундай балдарым болмок
эле……бирок, мен озум мунун баарын
озумон алыстатып алдым..... Эгерде бул
жошоого кайра келсем, мен башкача
жашамакмын… жакшы адам болмокмун,
Ата энемди эч качан таарынтмак
эмесмин…бирок ото кеч болуп калдыыы, -
деп кайра катуу ыйлап жиберди……. .
мындай создорун угуп, менин да козумон
кайра жаш кетти. Мен Эркекмин, бирок,
коз жашымды токтото алган жокмун……
Айдар кандай соз айтпасын, мага ото
катуу тийип жатты… создоруно
чыдаялбай, жанына тураалбай калдым…
Эмне дееримди билбей... "мен уйго
барайын, кечир мени" деп, сыртка чыгып
кеткенге шашылдым... Кетип бара
жатсам, артыман "Тальу, токточу" деп 2-3
жолу ун салды. Артымды карасам, коз
жашын колдотуп мага мындайча айтты:
«врач айткан мага 1 жыл жашайсын деп,
андан бери 7 ай отту. эми жалгыз Аллах
билет мага канча ай калганын. Козум
барда сенден суранып кетет элем: мен
бул дуноодон кеткенде, менин жаныма
туруп Жаназа Намазын окуп койчу.
Жаназага турбай койсон болот, мен
тарынбайм, бирок, Алланын раазычылыгы
учун Жаназага туруп койчу. Сенден башка
досум жок - Намаз окуган" деп боздоп
ыйлап жиберди....... ...................... ......
"ова, соссуз окуйм, дозум" деп, тилим
такалып, башка соз айталбай,
кетебердим. .…………………………………
Досумдун тагдыры чооон сабак болду....
ойлонуп калам: ,
кун кирип чыккан сайын, биз «олумнго»
жакындайт экенбиз. Бирок, бул дуйнодон
качан кетебиз? Бизге канча убакыт
калды? муну биле албайт экенбиз…
эртенки куну биз эмне болобуз? Аны да
билбейбиз. Ошондуктан ар-бир кундук
жашообузду жон эле откорбошубуз кекрек
экен…«адамдын сулуулугу – козго жагат,
Жан-дуйноосу – журоко жагат» дегендей…
адамкерчиликтуу жана боорурек болуп,
Аллага жаккан пенделерден болушубуз
керек экен… Жыйнаган байлыгыбыз - бир
куну сапырылып жок болот, бир куну -
кайра келет. А уй-булоо бир кетесе -
кайра кайтып келбейт. Демек, Бакытты
акчадан эмес, Уй-булоодон издеш керек
экен……..
2014 жыл, Август айынын аягы. Саратан,
кундун ысыгы чопту куйкалап чегинен
чыккан кез.
Август айынын ортолорунда мен Колду
коздой кетип калдым. Аякта 10 кундой
журдум. Мундан 5 кун мурун, мен колдо
жургондо, таагырак айтканда 6 сентябрь
куну эртен менен бир досуман мага кат
келди - "Дозум, Айдардын уйуно балдар
болуп баратабыз. Тушун"
……………………. .. катты окуп бааарын
тушундум…………………………
Ошол куну баарын таштап, досумдун
Аманатын аткарайын деп, кайра Бишкеке
кеттим. Бишкеке туштон кийин саат 2
лерде жетип, туз эле Айдарддын уйуно
бардым. Барсам, баарынан катуу
сыздаган Атасы «Менин жалгыз туягым,
артынан бироону таштап кетсен
болмок»……. андан катуу ыйлаган Эне
журогу: «менин колоком элен… жалгыз
тоо-аскам кулады»…. …Ата-энесин коргон
элдер да баары ыйлап
жатышты……………………………
(ЖАКЫНДАРЫБЫЗ ДААЙЫМА
ЖАНЫБЫЗДА БОЛУШСУН, АЛЛАХ АР-БИР
АДАМГА ЫЙМАН ЖАНА ДЕН-СООЛУК
БЕРСИН. ООМИН)
Алдыга куч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 34 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 34, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: