Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#81 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 19:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Ар дайым жакшы ойдо бололу


Карыган адам 25 жаштагы уулу менен үйүнө баруу үчүн поездге түшүштү.Уулу вагондун терезесине барып олтурду. Поезд жүрө баштаганда, уулу колдорун терезеден абага чыгарып, бир кезде суктануу менен кыйкырып жиберди.

- Ата, карачы, биз алдыга баратсак, дарактар артты көздөй баратат!

Атасы уулун карап жылмайды. Алардын жанында бараткан жубайлар 25 жаштагы жигиттин жаш балача кыялын көрүп уялышты.

Уулу кайрадан сүйүнүү менен кыйкырып жатты.

- Ата, карачы, көлдөр, жаныбарлар, булуттар, баары биз менен бирге баратат.

Тиги жубайлар жаш жигиттин таң калыштуу жоруктарын, атасынын уулуна кадимкидей эле жасаган мамилесин байкап баратышты. Бир убакта жамгыр себелеп кирди. Жаандын тамчылары колдоруна себелегенин көргөн уулу көздөрүн жумуп, толкундануу менен кайрадан атасына кыйкырды.

- Ата, көрдүңбү? Жамгыр жаап жатат. Менин колдорума жаандын тамчылары себелеп жатат.

Абышканын жанында олтурган жубайлар кандайдыр бир жардам бергиси келип, жаш жигиттин атасынан сурашты.

- Уулуңузду эмне үчүн ооруканага көрсөткөнү алып барбайсыз?

- Биз ооруканадан келе жатабыз. Ооруканадан эми гана чыктык. Бүгүн менин уулум биринчи жолу бул дүйнөнү көзү менен көрдү...


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 19:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Кудай бар болсо...


Бир киши чачын кырктырып, сакал-мурутун алдырганы чачтарачканага барат. Чачын кырктырганча чачтарач менен ар нерсени сүйлөшүп, Кудай жөнүндө да сөз козгошот. Анда чачтарач: "Мага Кудай жөнүндө айтпаңыз, мен Кудайдын бар экенине ишенбейм" деп анча жактыра бербейт.
-Эмне үчүн?
-Ансыз деле түшүнүктүү!
Кудайдын жок экендигин билүү үчүн көчөгө чыгуу жетиштүү. Карасаңыз. Эгер Кудай бар болсо, анда эмнеге оорулуу адамдар абдан көп? Эмне үчүн кароосуз калган балдар абдан көп? Эгер чын эле Кудай бар болсо, кыйналган, ооруган адамдар болмок эмес! Мындайлардын баарына жол берилип жатса, кантип анан Кудайды сүйөм?”- деп өзүнө ишенимдүү түрдө айтат. Тиги киши талаш менен эч нерсе чечилбейт экенине ынанып, унчукпай калат. Чачтарач ишин бүтүп, чачтарачканадан чыгып бара жатып, көчөдөн чачы кыркылбаган, сакал-муруту алынбаган, жүдөө адамды көрүп, кайра кирет да “Билесиңерби, чачтарачтар бул дүйнөдө жок окшойт" – дейт.
-Кандайча? - чачтарач таң кала карайт. -Менчи? Мен чачтарачмын да!
-Жок! Чачтарачтар жок.. Эгер алар бар болсо, көчөдөгү тиги кишиге окшогон чачы өскөн, сакал-муруту алынбаган адамдар болмок эмес!"- деп үнүн жогорулатты тиги киши.
- Ой, маселе чачтарачтарда эмес! Адамдар өздөрү чачтарачка келбейт,
ошону үчүн алардын сакал-муруту, чачтары өсүп кеткен.
- А маселе ошондобу?! Сиз өзүнүздүн сурооңузга өзүнүз жооп бердиңиз. Кудай бар, болгону адамдар Аны издешпейт жана Ага жакындашпайт. Ошон үчүн дүйнөдө ушунча кыйынчылыктар ... ушунча оорулар...

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 19:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Жашоонун 5 сыры


Чо ң энесинин кат жазып жатканын көргөн небереси: "Чоң эне, мен жөнүндө жазып жатасызбы?” деп тынчын алды. Чоң эне небересине жылмайып, “Ооба, тентегим. Сен жөнүндө жазып жатам. Бирок менин жазганым эмес, эмне менен жазып жатканым маанилүү. Качан сен чоңойуп, эр жеткенде ушул калемдей болушуңду каалаймын” деп, башын сылады.
Небереси калемди ары-бери тегеретип карап, өзчөлөнгөн эч нерсени байкабайт.
-Башка калемдерге окшош эле экен го!
-Буюмду кандай карап жатканыңа байланыштуу. Сенин татыктуу жашап өтүүңө шарт түзүп бере турган беш сапатка бул калем ээ.

Биринчиден: Сен акылдуу болушуң мүмкүн, бирок эч качан Багыттоочу Колдордун бар экенин унутпашың керек. Биз ал колдорду Жогорку күч деп атайбыз. Ал күчкө ишен жана аны сезе бил!


Экинчиден: Жазыш үчүн калемди учтоого туура келет. Калем үчүн бул бир топ ооруну жаратат, бирок учталгандан кийин калем ичке жана сулуу жаза баштайт. Ошондуктан, ооруга чыдай бил жана ал сага жагымдуулук тартуулаарын эстен чыгарба!

Үчүнчүдөн: калем менен туура эмес жазып алгандарды өчүргүч менен тазалап, оңдоого болот. Өзүңдү оңдоо-дайым эле жаман боло бербейт. Көпчүлүк убакта бул туура жолдо жүрүүнүн жалгыз ыкмасы болуп калат.

Төртүнчүдөн: Калем дегенде анын жыгачтан жасалганын же формасын эмес, ичиндеги графитти түшүнүү керек. Ошондуктан, ар дайым сенин ички дүйнөңдө эмнелер болуп жаткандыгын ойло!

Бешинчиден: Калем менен жазгандан кийин ар дайым из калат. Ошол сыңары сен да өзүңдүн жасаган иш-аракеттериң менен артыңа из калтырасың! Ошондуктан, ар бир кадамыңды ойлонуп жаса!

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 09 Июнь 2013 - 19:58

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 20:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Жакшы сапатты көрөлү


Бир күнү мугалим өзүнүн окуучуларын чакырып, ортосунда кара чекити гана бар таза баракты көрсөттү да, “бул барактан силер эмнени көрүп турасыңар” - деп сурады. Чекит... Кара чекит... Кара чекит... деп жооп беришти. Ошондо алардын сүйүктүү мугалими бурчка отуруп алып ыйлап баштады.
-Айтыңызчы, эмнеге сиз мынчалык катуу ыйлап жатасыз? - деп аябай таң калды окуучулары.
- Менин окуучуларым бир гана кара чекитти көрүп, ак баракты көрбөгөнүнө ыйлап жатам - деди мугалим.
Биз дайыма адамдын жетишкендиктерин эмес, кемчиликтерин гана көрөбүз.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 09 Июнь 2013 - 20:04

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Эмнеге тилегибиз орундалбайт?
Күндөрдүн биринде Ибрахим ибн Адхам Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп баратып. Адамдар ага кайрылып : "О Ибрахим! Чындыгында Алла Таала: «Мага дуа кылгыла, Мен силерге жооп беремин»** - деп убада кылган эле . А биз Аллага дуа кылып келебиз, бирок эмнеге дуаларыбыз кабыл болбойт?" – деп сурашат. Ал мындай деп жооп берди: «Анткени силердин жүрөгүнөрдү он нерсе өлтүрүп салган:

1) Алланы билип, бирок Анын буйругун аткарбадынар

2) Куранды окуп, бирок ага амал кылбадынар

3) Пайгамбарды жакшы көрөбуз деп, Суннөтүн таштадынар

4) Шайтанды анык душман деп, аны ээрчидинер

5) Бейишке кирүүнү энсеп, ага татыктуу иш кылбадынар

6) Тозок азабынан коркуп, өзүнөрду андан куткарбадынар

7) Өлүм анык деп айтып, ага эч даярдык көрбөдунөр

8) Адамдардан айып издеп, оз айыбынарга көнүл бурбадынар

9) Алланын берген ырыскысын жеп, Ага шугур кылбадынар

10) Өлгөндөрдү көмүп, алардан улгу-насаат албадынар

Анан кантип силердин дуанар кабыл болсун?!»


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Беш жыл сүйлөбөгөн эр


Эри жумуштан кеч келет. Сыналгы көрөт, гезит окуйт. Күйөөсүн кечке күтүп зериккен аялы күйөөсүн сөзгө тарткысы келет. Бирок күйөөсү "кийинчерээк, кийинчерээк" -деп уктап кала берет. Бул абал беш жылга созулат. Ошондо аялы бир даанышман дарыгерге барып кеңеш сураса, дарыгер ага бош кассетаны сунуштайт. Аял дарыгер айткан кеңеш менен үйүнө келип күйөөсүн күтөт. Күйөөсү келгенде ага: «Кымбаттуум, сага бир жакшы кассета алып келдим, уксаңабдан пайдалуу экен», - дейт. Күйөөсү кассетаны магнитофонго коёт. Беш, он , он беш мүнөт өтөт. Эч бир добуш жок. Күйөөсү: «Бул кассета бош окшойт»,-дейт.
Анда аялы: «Азыр , азыр башталат».
Жарым саат өтөт, үн жок. Күйөөсү кыжаалат боло баштайт.
Акыры ачууланып: «Сен , мени шылдыңдап жатасыңбы?! »
Аялы: «Жок, жок менимче кассетанын экинчи бетинде окшойт», - деп экинчи бетине которот. Ошентип бир саат өтөт. Дагы деле үн жок. Ошондо күйөөсүнүн ачуусу келип: «Сенин айыңан бир сааттан бери сүйлөбөгөн кассетаны күтүп отурам!» –десе, аялы: «А мен болсо беш жылдан бери сүйлөшпөгөн эр менен жашап келатам», -деп жооп айтыптыр.

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Kыйынчылыктан кантип кутулам?


Хасан Басрийге бир киши келип кургакчылыкты айтып даттанат. Анда ал: “Аллахтан кечирим сура!”-деди. Башка бирөөсү жакырчылыкты айтып даттанды, ага ал : “Аллахтан кечирим сура!”-деп жооп кылды. Дагы бирөө: «Балалуу боло албай жатамын» - деди. Ага да “Аллахтан кечирим сура!”-дейт. Дагы бирөө бактарынын куурап калгандыгын айтып даттанды. Ага дагы: “Аллахтан кечирим сура!”-деп айтты. Биз андан «Ар бири ар кандай суроо менен келди, а сиз бир эле жооп менен кайтардыныз? » -деп сурадык. Хасан Басрий: «Мен жеке өзүмдөн эч нерсе айтпадым. Аллах “Нух”( 10-14) сүрөөсүндө: “Жараткандан кечирим сурагыла, анткени Ал – Баарын Кечирүүчү. Ал силерге асмандан мол жамгырды жаадырат, силердин мүлкүңөрдү жана балдарыңарды коргойт, силер үчүн бактарды өстүрөт жана силер үчүн дарыяларды жаратат”, -деген деп жооп берди.»
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   konfetka_love   09 Июнь 2013 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Jakshy hadister bar eken :гезит: . Men dagy okup taasirlenip kaldym
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 20:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Барар жерибизге кайдыгер болбойлу! !!


Бир даанышман молдо жаназа намазын окуганы барат. Жаназанын алдында адамдарга кайрылып эскертүү жасайын деп, өлүм жөнүндө эскертип баштайт. Ал жердеги адамдар сөз бербей, “Молдоке, ошондойуңду токтотчу! Ансыз деле мына адам өлүп жатат го!” - дешет. Бул сөздү уккан даанышман алардын кайдыгерлигине аябай капа болуп, көзүнө жаш толуп, мындай дейт: “Айылынарда өлүм жок болсо, атанар кайда? Элиңерде өлүм жок болсо, эненер кайда? Ар бир нерсенин алгандан кийин бермейи бар. Ар бир адамдын келгенден кийин кетмейи бар. Жашоо канча узак болсо да, бүтө турган күнү бар. Түн канча узун болбосун, баары бир таң атаар! Жашоо болгондон кийин өлүм бар....»- деп ыйлаган экен.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Aidana91   11 Июнь 2013 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Мар 2021 03:21
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Алай

Окуп чыгып жашоомду башкача жашагым келди. Рахмат,дагы болсо жазып коюнуз?
May7.14
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Evelet   13 Июнь 2013 - 02:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Өзү казган аңга түштү

Бир күнү Абу Жахил Пайгамбарыбызга «саллаллаху алейхи ва саллам» бир тузак даярдамакчы болуп, үйүнүн алдына чуңкур кылып аң каздырат. Кийин Алланын элчисин үйүнө чакырат. Пайгамбарыбыз бул чакырыкты кабыл алып, Абу Жахилдин үйүнө карай жолго чыгат. Абу Жахилдин үйүнө жакындаган кезде Жабраил алейхис салам Пайгамбарыбызга келип, Абу Жахилдин үйүнүн алдына тузак кылып, аң каздырганын айтат. Бул кабарды алган Пайгамбарыбыз өз үйүнө кайтат. Абу Жахил болсо, Пайгамбардын артка кайтып кеткенин түшүнбөй калат. Себебин сурамакчы болуп, үйүнөн жүгүрүп чыгып, эшиктин алдына бутун басар замат өзү каздырган аңды унутуп калып, өзү аңга түшүп кетет.

Анын аңга түшүп кеткенин көргөндөр аны чыгарыш үчүн жип узатышат. Абу Жахил жипке жете албайт. Жипти узартышкан сайын чуңкур тереңдей берет. Абу Жахил аңдын ичинде акылынан адашаарлык абалга жетет. Айласы кеткенде адамдар Расулуллахка кабар беришип, Абу Жахилди аңдан чыгаруусун өтүнүшөт. Пайгамбарыбыз САВ аңдын жанына келип айтат:

- Сени чуңкурдан чыгарсам ыйман келтиресинби?

Абу Жахил кабыл кылат.

Пайгамбарыбыз мубарек колдорун узатып, Абу Жахилди чуңкурдан чыгарат. Абу Жахил чуңкурдан чыгар замат: “Өмүрүмдө сенчелик күчтүү сыйкырчыны көргөн эмесмин” – деп ыйман келтирбей жүз буруп басып кетет.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Evelet   13 Июнь 2013 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Жаш бойдон калуунун сыры
Үч бир тууган болгон экен бири 70 жашта,экинчиси 80 жашта, үчүнчүсү 90 жашта.Үчөө тең сыртынан 60 жаштагы үч эгиздер сыяктуу көрүнүшчү экен. 70 жаштагысынан жаштыкты сактоонун сырын сурашат. Ал болсо: "80 жаштагы агаман сурагыла, менден он жаш улуу болсо да, мен сыяктуу 60 жаштагы адамдай жаш болуп турат”-дейт. 80 жаштагы агасына барышат. Ал болсо. 90 жаштагы агасын көрсөтүп: "Менден улуу болсо да 60 жаштагыдай жаш болуп турат, ошондон сурагыла”-дейт. 90 жаштагы жигит аксакалга барышат. "Анда эмесе келгиле силерге түшүндүрүп берейин. Алгач бир нерсе жеп алалы, андан кийин айтып берем” - дейт.

Тамактан кийин өзүнө окшогон тың кемпирине дасторконго дарбыз алып келүүсүн өтүнөт. Кемпири үстүңкү каттагы чатырдан бир дарбыз тандап келет. Жигит аксакал дарбызды жактырбай, мындан да жакшыраагын алып кел дейт. Кемпири барып кайра дарбыз алып келет. Биздин жигит аксакал аны да жактырбайт, кайра башка дарбыз алып кел дейт. Кемпири дагы бир дарбыз алып келет, бирок, аны да жактырбайт.

Конокторго: "Кемпир жакшысын тандай албады, келгиле бирге дарбыз тандайлы”, - дейт. Чатырга барганда карашса бир эле дарбыз турат. Кемпирдин бир эле дарбызды кайра-кайра алып кетип жүргөнүн түшүнүшөт.

Жигит аксакал конокторуна: "Эми жаш бойдон калуунун сырын түшүндүңөрбү? ” – деп сурайт. Алар да түшүнгөн жокпуз дешет. Аксакал: "Чатырда дарбыз бирөө эмес беле? Кемпирим мени уялтпаш үчүн ар келген сайын башка дарбыз алып келгендей болуп көрүндү. “Чатырда башка дарбыз бар беле, болгону бирөө”-деген жок. Ал мени эч капалантпады, мен дагы аны эч капалантпадым. Үй-бүлө ичиндеги эч бир нерсени сыртка, башкача айтканда өз эне-атабызга да, башкаларга да эч качан билдирген жокпуз. Бири-бирибизди башка бирөөлөрдүн алдында жаман абалда калтырган жокпуз, уялткан жокпуз. Ошону үчүн экөөбүз тең жаштыгыбызды сактадык” - деп жаштыктын сырын түшүндүргөн экен.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Evelet   13 Июнь 2013 - 02:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Менин колумдан эмне келет эле дебеңиз!


Бир күнү Немрут падыша Ибрахим алейхис саламды отко ыргытууга чечим чыгарат. Ушунчалык чоң от жаккандыктан, өзү дагы отко жакындай албайт. Бир убакта бир кумурска оозуна суу алып, отту өчүрүш үчүн алыстан алып келаткан болот. Бирок, жакын бара албайт, отко жакын бир жерге алып барып таштайт.

Соолих киши сурайт экен:

- Сен эмне кылып жатасың?

Анда кумурска айтат:

- Ошону сураба! Аллахтын Пайгамбарын өрттөгөнү жатышат. Отту өчүргөнгө аракет кылып жатам.

Олуя зат сурайт:

- Сен көтөрүп келген бир тамчы сууң менен бул тоодой болгон от өчмөк беле?

- Аллаху Таала ар кимден күчүнө жараша эсеп сурайт. Менин күчүм ушунчалык.

Аркы тараптан бир жылан токтобостон отту тутандырып жаткан болот. Айтат:

- Сен эмнеге минтип жатасың?

Жылан айтат:

- Бүгүн майрам! Бир Пайгамбар өрттөнөт.

Жылан дагы күчүнүн жетишинче колунан келген жамандыкты кылууга аракет кылууда.

Демек, айбандар дагы эки топко бөлүнсө, адамдар дагы эки топко бөлүнөт экен: бири отту тутандыргандар, экинчиси отту өчүргөндөр.

Аллах Таала бизди отту өчүргөндөрдөн кылсын!


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Evelet   13 Июнь 2013 - 02:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Күйөөсүнөн аялына кат




Мен сен үчүн бейпилдик менен тынчтыкты ар дайым орнотоормун. Сыноо жолунда Аллах мага жардамчы кылган адамга, жашоодогу менин таянычыма, менин балдарымдын энесине! Мага Аллах андан адилеттүүлүктү жана жакшы мамилени парз кылган адамга!
Менин жүрөгүмдүн берметине арналат.
Сен менин үйүмдүн атмосферасына сүйүүнү жана назиктикти толтурган, жыргалчылыкты жана бейпилдикти орноткон адамымсың!
Сен менин балдарымдын кең пейил мусулмандардан болуп чоңойушун каалап, Исламдын духу менен тарбиялап жаткан адамымсың!
Аллахтын Элчиси Мухаммад САВ “Аялыңарды баалуу алмаздай сактагыла”, - деп айткандай, мен сага караганда менин көздөрүм сүйүнөт.
Сен менин жубайымсың, жан дүйнөмдүн кулпурган гүлүсүң!
Менин ар бир күнүм кандай гана болбосун, үйүмө куш сыяктуу учуп келгенге шашам. Анткени, үйүмдө ар дайым кечки же түшкү тамак, жуунганга жылуу суу, намаз окуганга таза жайнамаз жана жаркыраган күлкү күтүп турарын билем. Мени үйүмдөгүлөр ар дайым күтөөрүн, сүйөөрүн, түшүнөөрүн жана сыйлаарын сезем. Сенин мага назик үнүң менен тынчтандырып айткан сөздөрүң мендеги үйүлгөн оор көйгөйлөрдү аябай жеңил кылып, менин жалгыз эместигимди түшүндүрөт.
Мен кандай гана жагымсыздыктарга учурабайын, кандай гана үмүтсүздүк курчабасын, сен ар дайым үмүт менен кадам таштаганга, эргүү менен иштенге, коркпостон иштегенге дем берген сөздөрүңдү айтасың!
Мен көп убакыт үйдө жок кезде сен Аллахтын буйругун аткарып, бардык күчүң менен аракет кылып менин урматымды жана мүлкүмдү сактаганга аракет кыларыңды билем.
Кээде мен себепсиз эле кыйкырып, урушкан күндөрүм болот. Сен болсо жөн гана жер карап, менин ачуумдун тарашына мүмкүнчүлүк берип башка бөлмөгө кирип кетесиң. Мен себепсиз эле ачууланганымды, сени себепсиз эле таарынтканымды түшүнөм. Сенден кечирим сураганы кирип, ыйды женген баягы эле назик жылмайууну көрөм жана сен мени кечиргенге күч табасың!
Сен менден бийиктиктерди талап кылбаганың үчүн ыраазымын. Эгер кандайдыр бир ашыкча акчаң болсо, өзүңө майда-чүйдө жасалгаларды сатып албастан, мени жана балдарымды кубантканга шашасың. Кандайдыр бир себептерден улам сени жана балдарымды тамак-аш менен камсыз кыла албай калсам, ал милдетти сен өзүңө алганыңа ыраазымын. Кээде сенден кандайдыр бир нерселерди сурансам, менин ыраазычылыгым үчүн чын көңүлүңдөн кылганга аракет кыласың! Анткени, сен Аллах күйөөсүн ыраазы кылган аялдарды ыраазы кыларын билесиң! Менин балдарыма кылган камкордугуңду көрүп, сенин чыдамкайлыгыңа ыраазы болом, менин балдарымдын ушундай энеси бар экендиги үчүн Аллахга шүгүр айтам. Мага ар дайым көңүл бөлүп, сүйүү, назиктик тартуулап турасың.


Мен сенин жолдошуң, балдарыңдын атасы, сенин Жаннатыңдын ачкычымын, Иншааллах! !!
Аллах менин күбөм болсун: мен сенден ыраазымын, мен сенден ыраазымын,
мен сенден ыраазымын! !!



Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Evelet   13 Июнь 2013 - 02:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Аялынан күйөөсүнө кат


Жараткан менин турмуштук тагдырлашым кылган адамга!
Жараткан менин тагдырымды байлаган, жүрөгүбүзгө сүйүү берген, бизди Өзүнүн эркинде кылган, бири-бирибизге урмат жана боорукердик жасаган адамга!
Сурак күнүндө мен үчүн Аллах алдында жоопкерчилик алгандан коркпогон адамга!
Иншааллах, сен менин өмүрлүк жолдошумсуң, сен менин бейишимдин ачкычысың!
Сенин үйүң бейпилдик жана тынчтыкта жашаган, өзүмдү корголгон адам катары сезген, таарынычка, уруш-талашка орун жок менин сепилим! Мен кайда болбойун, бирок сенин сепилиңе келгенге шашам.
Ар бир таңда сенин жаныңда уйкудан ойгонуп, Аллахка сени мага жолуктурганына ыраазычылык билдирем.
Ар бир күнү сени менин балдарыма тамак таап келүүгө жөнөтүп жатканда, мүмкүн, бул менин сени акыркы жолу жөнөтүп жатканымдыр деп жүрөгүм кооптонот.
Ар бир күнү сен эшикти жаап, сыртка чыгып кетериң менен сени сагынам жана кечинде сен кайрылып келип, мен сени кайрадан көргөнчө күтө албайм.
Сен менин бул жашоодогу таянычымсың, менин тайгак жолумдагы жолоочумсуң! Эгер мени менен саламдашпасаң, сенин көздөрүңдө тынчсыздануу пайда болуп, үнүң сенин мага кайдыгер эмес экениңди айтып турат.


Эгер мага жардам же кеңеш керек болсо, мен сага кайрылам, себеби менин көйгөйүмдү жоопсуз калтырбашыңды, менин көйгөйүм сенин да көйгөйүң экендигин билем. Эгер мен туура эмес иш жасасам, сен ачууң келгенин байкатпай, мени жумшак гана жазалап, катамды оңдоого жардам бересиң жана Кудайдан менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн суранасың!
Убакытың аябай аз болсо да, сен аны үй-бүлөң үчүн арнайсың! Ар бир адамдын көйгөйүн укканга, түшүнгөнгө жана жардам бергенге аракеттенесиң! Сенин бул кылгандарың мен үчүн аябай маанилүү!


Эгер кокусунан сени нааразы кылсам, сен мени кечиргенче менде тынчтык жок жана ар качан сен мени кечиргенге өзүңдөн күч табасың.
Ар дайым кичинекей уулуңду көтөргөнүңдө же кичинекей кызың менен ойногонуңда мен эрксизден сенин назик, жылмайыңкы көздөрүңдү сүйөм, менин балдарыма ушундай атаны насип кылгандыгы үчүн Аллахка шүгүрлөр келтирем жана өзүмдү аябай бактылуу эне сезем.
Ар дайым сен менин көздөрүмө тигиле карап, “Сени Аллах үчүн сүйөм” деп айтканыңда, мен Аллах бизге ырайым менен карап тургандыгын эстейм.


Мени колумдан кармаган кезиңде, мен биздин күнөөлөрүбүз манжаларыбыз аркылуу суу сыяктуу агып кетип жаткандыгын эстейм.
Мен сенин жубайыңмын, балдарыңдын энесимин жана Аллахка ырайымдуулугу үчүн миллион жолу шүгүрлөрдү келтиремин!



Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Evelet   13 Июнь 2013 - 02:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Бир ооз сөздүн салмагы


Бир ооз сөз жүрөк жаралайт,
Бир ооз сөз абийир каралайт.
Билинбей туруп адамга,
Бир ооз сөз ооруну дарылайт.
Бул кыска жашоодо эч кимдин көнүлүн орутпайлы!

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 13 Июнь 2013 - 02:28

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Evelet   16 Июнь 2013 - 06:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Кишини таануунун ченеми

Бир адам Хазрети Умардын жанында бир маселе тууралуу күбө болгон эле. Хазрети Умар андан: "Мен сени тааныбайм, сени тааныган бир адамды алып кел”-дейт.

Ошол жерде тургандардын бири: "Мен аны тааныйм”-дегенде, Хазрети Умар: "Ал кандай адам?” – деп сурайт. Ал: "Ишеничтүү жана адилеттүү адам”-деп жооп берет.

Хазрети Умар кайра сурайт:

- Күндүзү дагы, түндө дагы кандай экендигин билгидей жакын кошунаңбы?

- Жок.

- Адамдын такыбалыгын белгилүү кыла турчу нерсе мамилеси болуп саналат. Бул адам менен бир нерсе алышып-бериштиң беле?

- Жок.

- Аны менен адамдын ахлагынын жакшы же жаман экендигин билүүгө мүмкүндүк берчү кандайдыр бир сапарга чыгып көрдүң беле?

- Жок.

- Ошондо Хазрети Умар: "Сен аны тааныбайсың”- деп, тиги адамды карап: "Бар, сени тааныган бир адамды алып кел”-дейт.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Evelet   16 Июнь 2013 - 06:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Бар нерсенин баркын билүү

Сууда жашаган бир балык суунун кадырын билбейт, суудан чыгарып койсоң, кайра сууга жетиш үчүн жан алакетке түшөт. Адамдар дагы ушундай. Колунда турган жакшылыктардын шүгүрүн анык биле албайт, жамандын жаманын көрмөйүнчө, башынан өтмөйүнчө анча түшүнө бербейт.

Бир падыша кулу менен бирге кемеге түшөт. Кул эч качан деңиз көрбөгөн жана кеме машакатын тартпаган эле. Онтоп ыйлап баштайт. Калтырап титирейт. Сооротуш үчүн канча аракет кылышса да басылбайт. Падышанын тынчы кетет.

Кемедегилер эмне кылууну билбей турган кезде карыя бир адам падышанын алдына чыгат, уруксат берсеңиз, мен анын үнүн басайын дейт. Падыша мунун сунушун жактыруу менен кабылдайт.

Карыянын буйругу менен кулду деңизге ыргытышат. Кул бир нече жолу сууга чөгүп, кайра чыгат. Кийин чачынан кармап, кеме тарапка тартышат. Кул кемеге жакындаганда эки колу менен жипке бекем карманат, ошентип кемеге чыгып, бир бурчка кадалып энтигип отуруп калат.

Карыянын кылган жоругу падышаны таң калтырат. "Бул ишиңдин сыры эмне?” - деп сурайт.Карыя адам жооп берет: "Кул алгач сууга чөгүү, тумчугуп өлүү коркунучун башынан өткөргөн эмес. Ошондуктан кемедеги жан саламатынын кадырын билбеди. Мына, тынчтык жана бакыт ушундай болот, бир жамандык көрбөгөн адам көңүл тынчтыгынын кадырын биле албайт.”


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   kaitpas   16 Июнь 2013 - 14:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Чындыгында таасирлүү окуялар экен, дагы көп-көптөн жазып тур Эвии....рахмат.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Azem2013   16 Июнь 2013 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Пайдалyy kенештер эkен рахмат , жаза бергиле дагы koп-koптoн okyп тyралы.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 03:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: