Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#841 Пользователь офлайн   uikuchu7   19 Февраль 2016 - 11:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЖАШООНУН 5 СЫРЫ!

Чоң энесинин кат жазып жатканын көргөн небереси: Чоң эне, мен жөнүндө жазып жатасызбы?” деп тынчын алды. Чоң эне небересине жылмайып, “Ооба, тентегим. Сен жөнүндө жазып жатам. Бирок менин жазганым эмес, эмне менен жазып жатканым маанилүү. Качан сен чоңойуп, эр жеткенде ушул калемдей болушуңду каалаймын” деп, башын сылады. Небереси калемди ары-бери тегеретип карап, өзчөлөнгөн эч нерсени байкабайт.
-Башка калемдерге окшош эле экен го!
-Буюмду кандай карап жатканыңа байланыштуу. Сенин татыктуу жашап өтүүңө шарт түзүп бере турган беш сапатка бул калем ээ.

Биринчиден: Сен акылдуу болушуң мүмкүн, бирок эч качан Багыттоочу Колдордун бар экенин унутпашың керек. Биз ал колдорду Жогорку күч деп атайбыз. Ал күчкө ишен жана аны сезе бил!

Экинчиден: Жазыш үчүн калемди учтоого туура келет. Калем үчүн бул бир топ ооруну жаратат, бирок учталгандан кийин калем ичке жана сулуу жаза баштайт. Ошондуктан, ооруга чыдай бил жана ал сага жагымдуулук тартуулаарын эстен чыгарба!

Үчүнчүдөн: Калем менен туура эмес жазып алгандарды өчүргүч менен тазалап, оңдоого болот. Өзүңдү оңдоо-дайым эле жаман боло бербейт. Көпчүлүк убакта бул туура жолдо жүрүүнүн жалгыз ыкмасы болуп калат.

Төртүнчүдөн: Калем дегенде анын жыгачтан жасалганын же формасын эмес, ичиндеги графитти түшүнүү керек. Ошондуктан, ар дайым сенин ички дүйнөңдө эмнелер болуп жаткандыгын ойло!

Бешинчиден: Калем менен жазгандан кийин ар дайым из калат. Ошол сыңары сен да өзүңдүн жасаган иш-аракеттериң менен артыңа из калтырасың! Ошондуктан, ар бир кадамыңды ойлонуп жаса!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#842 Пользователь офлайн   uikuchu7   20 Февраль 2016 - 00:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

СЫР САКТООНУН БИР ОКУЯСЫ

Эки дос бир кафеде олтуруп, сукбат курушат. Сөз айланып келип аялдардын сыр сактай албастыгына токтойт. Достордун бири дароо беркисине каршы чыгып:
- Мен аялыма ишенемин. Ал менин сырымды эч кимге айтпайт, - деп мактанат.
Экинчиси:
-Мындай болушу мүмкүн эмес. - деп, ага макул болбойт.
Ошентип талаш - тартыш кызыйт. Акырында маселени башкача чечмекчи болгон эки дос:
-Жакшы. Эгерде сенин пикирин ушундай болсо, анын чындыгын сындан өткөрүү аркылуу текшерип көрөлү. Сен бүгүн түнү үйүнө бир жумуртка алып бар. Жатканда төшөгүңдүн алдына катып кой. Анан таң атканда өтө олуттуулук менен аялына жумуртка тууганынды айткын, андан эч кимге айтпоосун сурангын. Ошол окуянын акыркы натыйжасына карап сенин сөздөрүндүн канчалык ырас экендигине ишенемин,-деп айтат.
Ошентип, аялына бекем ишенген дос тигил досу айткандын дал өзүндөй кылат. Эртеси түштөнүү үчүн баякы кафеге кирсе, ал жердеги эл аны:
-Жумуртка тууш кандай, кыйын эмес бекен? - деп мазактуу тосуп алат.
Көрсө, аялы эртен менен булакка суу алганы бара жатып, алдынан чыккан биринчи эле аялга:
- О, кошуна! Бир сыр айтамын. Сен аны эч качан эч кимге айта көрбөгүн: менин күйөөм түндө жумуртка тууду, жумурткасын өз көзүм менен көрдүм, - деп айтпай коюудан өзүн тыя албайт.
Анан бул кабар жарым түн ичинде эле бүт айылга тарап кетет. Ал тууралуу укпаган бир да киши калбайт.

Биз бул икая менен баардык аялдар сыр сактай алышпайт деген сөздү айтмакчы эмеспиз. Ушундай сакадай бою сары алтын аялдар да бар жана ошолор сырларды айрым эркектерге караганда жакшыраак сакташат.

" САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР " китебинен.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#843 Пользователь офлайн   uikuchu7   21 Февраль 2016 - 09:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

КАЙЫКЧЫНЫН ОКУЯСЫ

Бир кайыкчы дарыянын бир өйүзүнөн Экинчи өйүзүнө адамдарды ташып оокат кылчу. Кайыгын кыймылга келтирген эки калагынын бирөөсүнө "ИШЕНИМ" , экинчисине болсо "АРАКЕТ" деп жазылган эле. Дарыядан өткөргөн ар бир киши бул жазуунун маанисин сурай берчу. Кайыкчы да бул турмуштун чындыгын чагылдырган бул жазуунун маанисин айткандан жадачу эмес. Ал дайыма мындай деп айта берчү; " Бул дарыянын бир өйүзүнөн Экинчи өйүзүнө өтүү үчүн эки калакка муктаждык бар. Эгер бирөөсү жок болсо, бир ордунан жылбай айланып тура бересин.
Жашоо да ушундай; ишеним болуп аракетин болбосо же тескерисинче аракетин болуп бир ийгиликке жетээрине ишенбесен,анда бир ордундан алыс кете албайсын" . Бул кайыкты бир калак менен башкарганга тете. Калактарга Береги жазууларды жазып алганымдын себеби ушунда.

Ошол сынары
Адам баласы да бул дүйнөгө жаралуу максатын билген сон, жүрөгүндөгү жалгыз Аллах Таалага болгон ишенимин, сүйүүсүн дагы да арттырып, таат ибадат жасап, ар бир жакшы иште Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүү ниети Жана абдан күчтүү аракети болуусу керек.

Бактылуулук формуласы.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#844 Пользователь офлайн   uikuchu7   23 Февраль 2016 - 11:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

~МААНИЛҮҮ ОКУЯ~

ХАЛАЛ ЖАНА ХАРАМ

Бир жаш жигит Каабанын жанында: "Эй, туура жүргөндөрдүн жардамчысы болгон Аллахым! Эй, харамдардан сактангандардын жардамчысы болгон Аллахым! Сага шүгүр кылам!” - деп кайталай берет. Бирөө келип: "Эмне үчүн кайра-кайра бир дубаны эле кайталай бересиң, андан башка эч бир дуба билбейсиңби? ” - деп сурайт. Ага мындай деп түшүндүрөт:
"Мындан 7-8 жыл мурда Каабада жүргөндө ичинде миң алтыны бар кесе таап алдым. Ичинен бир үн: "Бул алтындар менен мобул-мобул нерселерди кыласың”, - деп азгырып жаткан эле. Өзүмө-өзүм: "Жок, бул меники эмес, бирөөнүн буюмун колдонуу харам болот”, - дедим. Ушул кезде бирөө: "Баланча кесе таап алган адам барбы?” - деп кыйкырып жүргөн болот. Аны чакырдым. Кесенин кандай экендигин сүрөттөдү да, ичинде 1000 алтын бар болгондугун айтты. Алтын салынган кесени ага бердим. Ал болсо кеседен отуз алтын чыгарып менин колума карматты.
Базарга бардым. Таза, келбеттүү бир жаш туткун баланы мактап, сатып жатышкан экен. Ал жаш баланын тазалыгы менин назарыма түштү. "Бул туткун үчүн канча сурайсың?” - дедим. "Отуз алтын”, - деп жооп берди. Алтындарды берип, ал жаш баланы сатып алдым. Арадан бир-эки жыл өттү. Жаш бала өтө эмгекчил жана адептүү эле.
Бир күнү аны менен кетип бара жатканда алдыбыздан үч киши келе жатканын көрдүк. Жаш жигит мага: "Мырзам, мен Фас өкүмдарынын баласымын, мына бул келе жаткандар атамдын кишилери, мени издеп жүргөндөр. Сенден мени сатууңду сурашат. Сен жакшы адамсың, отуз миң алтындан төмөн сатпа!” - деди. Үч киши жаныбызга келип: "Бул туткунду бизге сатасыңбы?” - дешти. "Сатамын, бирок, отуз миң алтындан төмөн болбойт”, - дедим. Бираз соодалашып, болбогондон кийин айласы жок макул болушту. Алтындарды берип, жаш жигитти алып кетишти. Мен бул алтындар менен жумуш орундарын ачып, соода-сатык менен алектенип, андан да байып кеттим. Бир күнү туугандарым: "Өтө бай үй-бүлөнүн жакшы бир кызы бар, атасы жакында кайтыш болду. Аны менен сени үйлөнтөлү”, - деди. Мен макул болдум.
Нике кыйылды. Төөгө артылып, кыздын себин алып келишти. Себинин арасынан бир кесе менин назарыма түштү. Жубайыман: "Бул эмне?” - деп сурадым. "Ичинде 970 алтын бар. Атам бир убакта Каабада жоготкон экен. Тапкан адамга отуз алтынын бериптир. Калганын мага белек кылды. Себиңе кошоорсуң деп айткан”, - деп жооп берди.
Демек, бул алтындар менин ырыскым экен. Кайтарып бербегенимде харам жолдон келмек эле. Азыр болсо халал жолдон кайра өзүмө келди. Мага көмөктөшүп, харамдардан коргогон, көптөгөн ниматтарды берген Раббиме шүгүр кыламын...

Ачуу болсо да чындыкты айткыла... Баары бир тагдырга жазганын көрөсүң... Насибиңден артыгын көрбөйсүң...

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#845 Пользователь офлайн   uikuchu7   23 Февраль 2016 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шүгүр кылганды үйрөнөйлү... .

АЙТ күнү аялы, буурчакты сууга бышырып, дастарконго койду. Дастаркондун үстүндө буурчактан башка эч нерсе жок эле. Күйөөсү экөө дастарконго олтурушту. Аялы:жок дегенде бүгүнкү майрамда элдерге окшоп эт же нан болсо болбойт беле?!-деди. Күйөөсү лам дебеди, ичинен ооба бүгүн көбү эт жана нан жеп жатышат деп ойлонду да буурчактын кабыгын аарчып жеп баштады. Аялы буурчактан ооз дагы тийбестен, оозун көбүрөтүп оомин кылды да, эшике чыкты. Тамдын бурчунда үч-төрт аялдын шыбырашып жатканын угуп, аларды көздөй басты, караса терезенин түбүндө бир киши, ыргытылып жаткан буурчактын кабыгын, алып жеп жатыптыр. Аял аябай уялып кетти да, кишиге: Үйгө кирип чай ичиңиз?- деди, Киши, жок мен бүгүнкү ырыскымды жеп бүттүм рахмат, деп жөнөп кетти. Аял болсо, Оо Аллахым бизди ушул буурчактан дагы куру койбо деп дуа кылды.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#846 Пользователь офлайн   uikuchu7   23 Февраль 2016 - 11:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Алькома"

Пайгамбар (сав) доорунда бир ибадатка бекем, орозо кармоочу, садака берүүчү, көп намаз окуучу жаш жигит бар эле. Анын аты Алькома. Күндөрдүн биринде ал жаш жигит каттуу ооруп калды. Анын аялы Пайгамгамбарыбызга (сав) келип:

-"Менин күйөөм өлүм төшөгүндө жатат" -деди.
Пайгамбар (сав) Аммар, Сухад, Билал деген сахабаларын жөнөтүп: -"Барып ага шахадат келмесин айтып тургула" -деди. Бул үч сахаба келип Алькоманы өлүм төшөгүндө тапты. "Лаа илаха илла Аллах" келмесин кайра-кайра кайталап турушту бирок анын тили эч айланбайт эле. Пайгамбарга (сав) бул тууралуу кабар жеткирилди. Пайгамбар (сав) : -"Ата энесинин кимиси тирүү экен, ошол тууралуу билиниздерчи" -деди. Айтылды:

-Оо Аллахтын Элчиси (сав) анын өтө карып калган энеси бар экен -деди.
Пайгамбар (сав) ага элчи жөнөтүп:

-Оо Алькоманын энеси эгер мага келүүгө дараметин болсо кел, эгер келе албасан Аллахтын Эчиси сага келет -деп айттырып жиберди.

-Чындыгында мен каарып калдым, бирок ошентседа өзүм барамын -деди.
Ал Пайгамбарга кирип келип салам берди. Пайгамбар ага алик алып:

-Оо Алкоманын энеси сен балаңдын кандай абалда экенин билесинби? -деди

-Ооба! Ал көп орозо кармайт, көп ибадат кылат жана көп жакшылыктарды жасайт -деди.

-Анда эмнеге ал шахадат келмесин (лаа илаха илла Аллахты) айта албай жатат? -деди Пайгамбар (сав),

-Оо Аллахтын Элчиси мен андан нааразы болгонмун, аны ак кылганмын-деди

-Эмнеге? -деп сурады Пайгамбар (сав).

-Ал менденда аялын жогору коюп ага көңүл буруп мени унутуп койду -деди.

-Ошондуктан ал шахадатты айта албай жаткан экен. Оо Билал мен үчүн көөп отун жыйнап кел -деди.

Энеси:
-Эмнеге оо Аллахтын Элчиси? -деп сурады.

-Сенин алдында баланды өрттөйбүз! -деди

-Менин жүрөгүм мындайга чыдабайт, жок андай болбойт! -деди.

-Оо Алкоманын энеси Акыреттин азабы мындан күчтүүрөөк. Ал түбөлүктүү. Эгер анын өзү ыраазы болгон жерде болуусун кааласаң сенин ыраазылыгың керек. Эгер сен ыраазы болбосоң анын намаздары, жакшылыктары, туткан орозолору кабыл кылынбайт -деди.

Ошондо эне:
-Аллах жана анын Периштелери жана мусулмандар сиздер күбө болуүуздар мен баламдан ыраазымын деди.

-Оо Билал кабар алчы ал шахадатты айттыбы, эгер эне чындап эле ыраазы болуп кечирген болсо ал шахадатты айтат -деди Пайгамбар (сав).
Билал Алкоманын алдына кирип баратып анын "Лаа илаха илла Аллах" деп айтып жатканын укту. Качан ал кирип келгенде Алькома мындай деди:

-Аларга айткын. Эгер Алькоманын энесин өз уулунан ыраазы болуп кечирбегенде ал шахадатты айта алмак эмес, качан ал кечирип жибергенде ал шахадатты айтты –деди да соң жан берди.

Кийин Пайгамбар (сав) келди аны гусул кылышты, кепиндешти кийин жаназасын окушту андан кийин жерге беришти. Сон мүрзөнүн алдында туруп Пайгамбар (сав) мындай деди:
-"Оо мухажир жана ансарлардан турган эркектер! Кимде ким аялын өз энесинен жогору коюп кетсе ага Аллахтын, Периштелердин жана бүткүл момундардын лаанаты (каргышы) болсун. Чындыгында Аллахтын ыраазылыгы, эненин ыраазылыгында, Аллахтын нааразылыгы, эненин нааразылыгында" -деди.

Урматтуу мусулман бир туугандар бизгеда ата-эненин ыраазылыгын таап жана алардын жакшылык күндөрдө колун көтөрүп балдарына дуа кылганды жана өмүрүбүз акырында "Лаа илаха илла Аллахты" айтып чырайлуу өлүм тапканды насип этсин аамиинъ.

<<БЕЙИШКЕ КАРАЙ ЖОЛ>>
__________ИЛИМ_________
________ЧЫЙЫРЫ_______

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#847 Пользователь офлайн   uikuchu7   23 Февраль 2016 - 12:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аллахтын Расулу салават айткан үммөттөрүн тааныйт.

Ибадат элинен болгон бир инсан Пайгамбарыбыз (саллалллооху ъалайхи ва саллам)ды түшүндө көрүш ниетинде уктайт. Ал инсан ошол кезде түшүндө Пайгамбарыбыз(саллалллооху ъалайхи ва саллам)ды көрөт, бирок ал зат инсанга эч кандай конул бурбады? Ал инсан:
- Оо, Росулллулох (саллалллооху ъалайхи ва саллам) менден капасызбы?-деп сурады.

Пайгамбарыбыз(саллалллооху ъалайхи ва саллам):
-Жоок ,капа эмесмин ,деди
Алзат:
- Мени тааныбадынызбы ?Мен ибадат кылуучулардан болгон үммөтүңүзмүн деди
- Сени тааныбадым.
- Мен ислам Аалымдарынан Пайгамбарыбыз(саллалллооху ъалайхи ва саллам)өз үммөттөрүн ата -эне перзенттерин тааныганындай тааныйт, деп укканмын.
- Аалымдардын сөзү туура, бирок мен, мага коп салават айткан үммөттөрүмдү тааныймын,-деп жооп берди.
-------☆☆☆☆☆☆

САЛАВАТ АРКЫЛУУ ДООМАТТАН КУТУЛГАН МОМУН.

Бир яхудий төөсүнүн жоголгонун айтып мусулман бир инсанга доомат кылат.Өзү менен бирге эки жалган күбөнү келтирет. Окуядан кабары болбогон мусулманды чакыртырат. Яхудий мусулманга доомат кыла баштайт. Мусулман тан калып эмне дээрин билбей калат жана колдорун жогоруга жайып:
---------☆☆☆☆☆
" Аллахым !Сага бардык нерсе маалым. Сен ар нерсени жакшы билүүчүсүн. Бул төөлөр өзүмдүкү" деди жана Пайгамбарыбыз (саллалллооху ъалайхи ва саллам)га карап:
" Оо Росулллулох !Сиздин бере турган өкүмүңүз хакк,туура өкүм. Сизден суранам акыйкатты ушул төөдөн сураныз"- деди
Пайгамбарыбыз(саллалллооху ъалайхи ва саллам):төөгө карап:《эй төө! сен кимдин төөсүсүң》деп сурады . Төө тилге кирип: эй Росулллулох, мен мусулмандын төөсүмүн. Булар жалган күбөлүк берип жатат деди. Ошондо Росулллулох(саллалллооху ъалайхи ва саллам)《эй момун кандай жакшы иш кылдын эле? Алла Таала сен үчүн бул төөнү тилге киргизди》деп сурады. Ошондо момун киши《Оо Росулллулох мен ар бир түнү сизге он жолу салават айтмайынча уктабаймын》деди Пайгамбарыбыз (саллалллооху ъалайхи ва саллам):
"Сага ушундай сүйүнчү берейин , бул салаваттын шапатынан сен куру дооматтан ,башына түшкөн бул кайгы кападан кутулдун" -деп айтты.

ЭН КАСИЕТТҮҮ САЛАВАТ .

"Аллохумма солли ъала саййидина Мухаммадин ва ъала алихи кулламахталафал малавани ва таъакобал асрони ва каррол-жадийдани вастакбалал фаркодани ва баллиг рухаху ва арваха ахли байтихи минат-тахийятта вас-салама вархам ва баарик ва саллим ъалайхи касийрон- касийро. Ила явмил хашри вал карор."

" САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР " китеби.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#848 Пользователь офлайн   Musabaeva   24 Февраль 2016 - 16:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 930
  • Катталган: 26 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Апр 2016 13:19

Бисмилляхи Рахмани Рахим.
Ааламды жараткан жана буткул макулуктарга ырыскы берип жаткан Аллах таалага чексиз мактоолор болсун.Аллах таала жоктон барды, бардан жокту, тируудон олукту, олуктон тирууну жаратат.Ошондой улуу заттын элчиси жана кулу болгон Пайгамбарыбыз С.А.В.саламдар жана салаваттар болсун.Урматтуу мусулман бир тууганым мен бул нерсени айтышым керек, бул биздин парзыбыз.Анда конул бурунуз.
Арак ээн эркин ичилип баштады кыяматтын белгиси.
Зына ачык болуп калды кыяматтын белгиси.
Кыз бала ата-энесин укпай калды кыяматтын белгиси.
Улууга урмат, кичууго ызат жоголду кыяматтын белгиси.
Суткорлук, процент салтка айланды кыяматтын белгиси.
Уруш жанжал коп болуп жатат кыяматтын белгиси.
Аялы куйоосуно, куйоосу аялына урмат сый жоголду кыяматтын белгиси.
Олум коп болуп жатат кыяматтын белгиси.
Убакыт ото кыскарып жатат кыяматтын белгиси.
Жамгырдын берекеси кетип жатат кыяматтын белгиси.
Жакшылык кылуу жоголду, жамандык кылуу кобойду кыяматтын белгиси.
Эл бузулуп баратат кыяматтын белгиси.
Элдер уй салыш боюнча бири бирине атаандашып калышты кыяматтын белгиси.
Зекет беруу жоголду кыяматтын белгиси.
Тууган тууганын коро албагандар кобойду кыяматтын белгиси.
Кыйбат ото куч алды кыяматтын белгиси.
Арам нерсе адал боло баштады адал нерсе арам боло баштады кыяматтын белгиси.
Техника кучоду адамдар жалкоо болуп баштады кыяматтын белгиси.
Каапырлар саясатын жургузо баштады кыяматтын белгиси.
Оозу бузукулар кобойду кыяматтын белгиси.
Урматтуу мусулман бир тууган ойлон, кыямат ото жакын калды, качан болоорун бир гана Аллах билет.Бирок кыяматка ото эле жакын калганда жогоруда айтылган белгилер болушу хадистерде айтылган.Бул бутуп бараткан дуйного берилди.Кыяматка даярдан урматтуу мусулман бир тууганым. Ал ушундай коркунучтуу кун болот.Жаны торолгон ымыркай коркконунан чачы агарып кетет, боюнда бар аялдын боюнан тушуп калат.Кыяматтын силкиниши ото коркунучтуу. Кеч боло электе ойлон, мен ишенем ушул нерселерди билгенден кийин ойлонуп чечим чыгараарсын. Аллах ыраазычылыгы учун бул создорду бары билсин.Менден ката кетсе кечирим сурайм.Урматтоо менен мусулман бир тууганынар.
Ассалоому алейкум ва рахматуЛлахи ва баракатух.

Билдирүүнү түзөткөн: Musabaeva: 24 Февраль 2016 - 17:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#849 Пользователь офлайн   uikuchu7   26 Февраль 2016 - 10:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"ЖАКШЫЛЫК ДА ӨЗҮҢӨ, ЖАМАНДЫКТА ӨЗҮҢӨ....
Кийимдери жыртылган, бети-колу күнгө тууралган дербиш айыл аралап: "Жакшылык кылсаң да өзүңө, жамандык кылсан өзүңө" деп күбүрөнө тилемчилик кылып жүргөн. Айыл этегинде урушпаган адамы калбаган, көк бет, долу аял жашачу. Эшик алдына келип "Жакшылык кылсаң да өзүңө, жамандык кылсан да өзүңө" деп күкүбүрөнүп турган дербишти көрүп, шайтан сайып, жарты нандын ичине уу сээп колуна карматат да:
-Жакшылык болсо да, жамандык болсо да көрдүм, өзүң да, сөзүн да маанисиз бир неме экенсин-деп жекирип, мыскылдай кирип кетет.
Жарты нан болсо да шүгүр кылган дербиш ыраазылыгын билдирип басып кетет. Айылдан эми гана чыгып, көк шиберге көчүк баскан дербиш жарты нан менен өзөк жалгамакчы болот. Ошол убакта жанынан чубалган кербен өтүп калат. Кербенге илешип, жашап калган бир киши менен бир жаш жигит келе жаткан экен. Жарты нанын кармап отурган дербишти көрө коюп, экөө тен ачка калганын айтып, бир сындырым болсо да нанынан берүүсүн суранышат. Токпейил дербиш нанын ошол бойдон экөөнө карматып, өзү жолун улайт. Жарты нанды тең бөлүп жеген тиги экөө ууланып, ошол жерде жан таслим болот. Азыр эле дени-карды соо келе жаткан жолоочулардын өлүп калганына шектенген кербен башы дербишти карматып келет. Дербиш жарты нанды айыл этегиндеги үйдөн чыккан аял бергенин айтат. Бир топ адам чаап барып катынды алып келишет. Сен берген нанды жеп, биздин эки жолдошубуз ууланып калды,- деп ага өлүп жаткан эки жолоочуну көрсөтүшөт. Аларды коргон катын чачын жулуп, бетин тытып өкүрүп ыйлай баштайт. Көрсө, бул эки жолоочу анын алыс сапарга кеткен күйөөсү менен баласы экен.
Ошентип, дербиштин "Жакшылык кылсаң да өзүңө, жамандык кылсаң да өзүңө" деген кубуру кулагына жанырган долу катын өңгүрөп ыйлап кала бериптир.

" САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДҮҮ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР " китебинен.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#850 Пользователь офлайн   Allahtynkulu   27 Февраль 2016 - 19:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 13:39

Бугун эле бир сайттан окудум. Бир аял жазып атат: Кошуна аялдын аябай катуу ыйлап жатканын угуп шашып бардым. Себебин сурадым. Алардын беш кыздары бар болчу. Аялынын дагы боюнда болот. Куйоосу болбой узиге тушургону алып барат. Кыз экен дешет. Куйоосу алдыртып сал дейт. Аялы акыры макул болуп, журогунун астындагы наристесин алдырып салат. Натыйжада наристенин уул экени билинет. Ошого кошунам окунуп, куйоосуно нааразылана ыйлап жаткан экен деп жазат.
Мына достор Аллахымдын керемети, Аллахтын бардык нерсеге кадырлыгы. Бергенине шугур кылалы. Сураганыбызды бул дуйнодо бербесе да, акыретте созсуз берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#851 Пользователь офлайн   Allahtynkulu   27 Февраль 2016 - 21:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Мар 2017 13:39

Дагы бир окуя. Уй-булодо 4 кыз болот. Аялынын дагы боюнда бар экенин билген куйоосу узиге алып барат, кыз экен дешет. Алдырасын мага кыздын кереги жок дейт куйоосу. Аялы ыйлап конбойт. Убактысы келип аялы толготуп торотканага жоношот. Суйунчу айтып келе жаткан медайымга суйунчу даярдап, дагы кыз да деп ойлонгуча " суйунчу уулдуу болдунуз" деген соз угат. Кубанганынан коздоруно жаш тегеренет. Аллахка шугур келтирип, аялына ыраазы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#852 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   28 Февраль 2016 - 11:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Алла Тааланын ар бир иште хикматы бар

Өткөн бир замандарда падышанын вазири жашап өткөн экен. Ал вазир ар бир болгон ишти «Алланын хикматы»- деп билген экен. Күндөрдүн биринде падышанын көзүнө чымын конуп, курттап көзү көр болот. Вазири муну дагы «Алланын хикмат»- десе, падышанын ачуусу келип, аны зынданга таштайт. Күндөрдүн бир күндөрүндө падыша жан-жөөкөрлөрү менен токойго ууга чыгат. Токтойдогу бир топ каракчылар падышанын жан сакчыларын өлтүрүшүп, падышаны колго түшүрүшөт. Каракчылардын каадасында адамдын ден-соолугунда бир кемчилиги болсо, өлтүрбөй турган салт-санаасы бар болгондуктан аны өлтүрбөй койо беришет. Падыша аман-эсен кайтып келип, дароо зындандагы вазирин чыгарып, анын туура айтканын эскерет.

Падыша вазирине:

-Сенин зынданга камалышында эмне хикмат болду?-деп сурады.

Анда вазири:

-Эгер сиздин жаныңызда болгонумда мени да өлтүрүшмөк. Хикмат ушул -деп жооп берип, кызматын уланткан экен.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#853 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   28 Февраль 2016 - 11:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жараткандын алдында барктуу бол

Психология сабагында мугалим студенттерге 100 долларды көрсөтүп: "Муну ким каалайт"- деди.
Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны колу менен бырыштырып "ким каалайт?" -деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Андан кийин акчаны жерге таштап, буту менен тепсеп: "ким каалайт?" -деди. Студенттердин бардыгы колдорун көтөрүштү.
Мугалим студенттерге: "Бул бүгүнкү сабагыңар" - деди.
Акчаны колу менен бүрүштүрсө да, буту менен тепсесе да акча өз баалуулугун жоготкон жок.
Ошондуктан, адамдар сени канчалык басынтышса да кемсинтишсе да, сени канчалык шылдыңдашса да, сени канчалык жамандашса да, сага көңүл бурушпай кош көңүл мамиле кылышса да - Кудайдын астындагы баалуулугуңа эч ким таасирин тийгизе албастыгына ишен!!!
Өзүңө ишенгин!! !
Алар айтышат: Кудайдан башка таянары жок, "байкуш "-дешет. Балким алар өздөрү байкуш. Анткени, алар аны түшүнүшпөйт. Ким Кудайды тапса, бардык нерсени тааптыр. Ким Кудайды жоготкон болсо, анда ал бардык нерсени жоготуптур. Ким Кудай менен дос болсо, ага эч ким душмандык кыла албайт. Кимге Кудай каршы болсо, аны эч ким Кудайдын азабынан сактай албайт.
Өзүң кылбаган нерсеге сыймыктанба!
Сулуулугуңа суктанып, аны менен сыймыктанба! Анткени, аны сен жараткан эмессин.
Ата-тегиң менен сыймыктанба! Анткени, ата-тегиңди өзүң тандап алган эмессин.
Тынчсыздануу термелип турган отургуч сыяктуу, сени термелтиши мүмкүн, бирок эч жерге, эч бир максатка жеткире албайт.
Мүнөзүм жаман деп эле бардык адамдарга орой мамиле кыла бербе! Адамдардын бардыгы апаң сыяктуу эмес сени түшүнө турган.
Кээ бир адамдар менен маектешсең даражаң көтөрүлөт. Кээ бир адамдар менен сүйлөшпөй койсоң даражаң көтөрүлөт.
Нафил намаздарда
Аллах Тааладан муктаждыктарыңды сурап бүтмөйүңчө, саждадан башыңды көтөрбө!
Адамдардын бардыгына өзүңдү сүйдүрө албашың мүмкүн, Бирок,бардык адамдардын сый-урматына ээ болсоң болот.

Ким ортосунан экиге айрылып калган акча сыяктуу эки жүздүү болуп калса, анда өмүрүнү адамдардын чөнтөгүнөн- чөнтөгүнө өтүп жүрүп өткөрөт...
Бардык адам баласы ката кетирип, күнөө ишке түшүп калуусу мүмкүн...
Ката кылган адамдар эки түрдүү болушат.
1. ката кылып күнөө ишке түшүп калат да, катасына өкүнөт.
2. күнөө кылып, катасын мойнуна албай ар кандай шылтоолорду айтат.
Өз көзүң менен көрбөгөн нерсеге, тилиң менен күбөлүк бербе!!!
Эки түрдүү адам менен мамилең уланышы мүмкүн:
биринчиси: Сага ишенген.
экинчиси: Сени сыйлаган.
Тамеки тартуу, адамдын эркек экендигин далилдебеген сыяктуу.
Эки эринди кызартып боёп алуу, адамдын аял экендигин далилдебейт.
Ар-бир эркек өзүнүн эркек экендигин далилдеген иш менен, ар-бир аял өзүнүн аял экендигин далилдеген иш менен алек болуусу зарыл.
Адамдар айткан сөз чоң таш сыяктуу, же ал ташты көтөрүп белиңди сындырып аласын, же ал ташты астыңа коюп өйдөгө көтөрүлөсүн.
Өзүң жазганыңа карабай биринчи жолу окуганда таң кала турган китеп - өзүң жазган китеп. Аны кыямат күнүндө окуйсуң. Ошондуктан китебиңди жакшы жаз!
Бир киши олуяга келип: "Эгер Раббың тагдырдын жебелери менен ата турган болсо, андан кантип кутула алам?" - деп сурады. Олуя: "Жебе менен атуучу Раббыңдын жанында болсоң кутуласың" - деп жооп берди.

Аалымдар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#854 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   28 Февраль 2016 - 11:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кумурсканын окуясы

Бир киши Башар бин Алхаариске келип: "Мага насаат айтыңыз - деп суранганда" ,- Алхаарис мындай деди: "Бул короодо жайында дан жыйнап, кышкысын ошону менен күн көрчү кумурска бар. Күндөрдүн биринде кумурска оозуна дан алып баратса, бир чымчык учуп келип кумурсканы оозундагы даны менен кошо көтөрүп кетти. Кумурска жыйнаган данын жей албады жана үмүтүнө жете албады. Бул дүйнөнүн акыйкаты да ушул кумурсканын окуясы сыяктуу. Адам байлык жыйнайт, ажал келип өзүн да байлыгын да алып кетет."
Артыңдан жакшы из калтыр. Өзүң өтсөң да атың өчпөсүн.

Аалымдар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору
Абдишүкүр ажы Нарматов
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#855 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   28 Февраль 2016 - 11:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Оорукчандарыңарды садака менен дарылагыла

Бир жигиттин энеси ооруканага түшүп калат. Күндөрдүн биринде дарыгерлер жигитти чакырып: "Апаңдын айыгып кетээрине үмүт жок, абалы аябай оор жана бул жашоо менен кош айтышарына аз күн калды"- дейт.
Жигит апасынын жүзүнө карап көз жашын төккөн бойдон ооруканадан чыгып кетет. Эртеси энесинен кабар алганы келаткан жигит машинасына май куюп алуу үчүн токтоп, май куюп берүүчү жумушчуну күтүп турган кезде картондун астында ачка жаткан мышыктарга көзү түшүп калат. Жанындагы дүкөнгө чуркап кирип, консерваланган балык сатып алып кичинекей мышыктарга берет да ары карай жолун улайт. Ооруканага жетип энеси жаткан бөлмөгө кирсе ал жерде энеси жок болот. Коркуп эмне кылаарын билбей калат! Апамдан айрылып калдым деп ойлоп көзүнө жаш ала баштайт. Кайра тактап алуу максатында энесин караган мед айымдан: "Энем кайда?" - деп сурайт.
Мед айым: "Энеңиздин абалы жакшырып калды, ошол себептен кошуна бөлмөгө чыгардык" - дейт. Сүйүнүчү койнуна батпай чуркаган бойдон бөлмөгө кирсе энеси өзүнө келген болот. Энеснин колун өөп саламдашат да эмне болгонун сурайт. Апасы: "Эсим келбей жаткан кезимде мышыктардын колдорун көтөрүп Аллага дуба кылып жатканын көрдүм" - деп жооп берет. Жигит мышыктарга тамак бергендиги үчүн Алла Таала энесине шыпаа бергендигин түшүнөт.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Курманын жарымын берип болсо да садака кылгыла". "Садака балээден сактайт". "Оорукчандарыңарды садака менен дарылагыла" .
Аллахым ата-энелерибизди ар-кандай оору сыркоолордон сактасын.
(хадис)
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#856 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   28 Февраль 2016 - 12:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Маймылдан болгон керемет

Бир сүт сатуучу бар эле. Ал акчасын чогултуп жүрүп, кобойгөн кезде ажыга барууну максат кылды. Кемеде кубанычы койнуна батпай ажылык сапарга баратты. Ал түшкөн кемеде толтура эл ар түрдүү улуттагылар жана ар түрдүү кесиптегилер бар эле. Алардын арасында бир маймыл үйрөтүүчү адам жана анын желкесине чыгып, түшүп ойногон кичинекей маймылы да бар эле.
Сапар уланууда биздин каарманыбыз улам ычкырындагы тыйын салынган баштыгын өз ордунда бекен дегенсип улам-улам кармалап койчу. Бир убакта кеменин бурчунда жатып көзү илинип кетет. Чочуп ойгонуп эле бир шумдукту сезгенсип, баштыгын кармаласа жок. Ал дамам ордунда эс учун жоготуп, ордунда катып калды. Өмүр бою чогулткан тыйыны заматта жок болуп кеткенине кыжалат болду. Бир азга эсин жоготуп кайра өзүнө келди. Ал адам кыялында ууруну тапкансыды. Ал маймыл деп ойлоду. Ошол убакта акчасын жоготкон адам маймылды издей баштады. Ал убакта маймыл болсо эчак эле кеменин парусунун чокусуна чыгып, чочоюп олтуруп алган болчу. Акчасын жоготкон адам маймылдын ээсин тапды да жанынан чон канжарын сууруп чыгарып, анын кекиртегине такады.
Акчасын жоготкон адам:- "Менин тыйынымды сенин маймылын гана алды. А сен болсо ага акчаны урдоого үйрөткөнсүн. Тез менин акчамды кайтарбасан ушул жерде мууздап салам",- деди ал.
Маймыл үйрөтүүчү:- "Тыйынын менде эмес, ишенбесен тинтип көр капчыгымды" ,-деди.
Акчасын жоготкон адам : -" Сенде болбосо маймылында. Айт ага тыйынымды кайтарып берсин",- деп канжарын дагыда кекиртегине батыра такап турду.
Маймыл ээси "Болду болду токтот. Алып беремин анда болсо",- деп жалдырап ийди. Анан чокуда тыйын салынган баштыкты кармап ойноп олтурган маймылга кожойуну ылдыйда туруп дагы бир баштыкты көрсөттү. Чокудагы маймыл да баштыгын кожойуну көрсөткөндөй кайталады. Анткени маймыл, ээсин тууроону үйрөнгөн болчу. Маймылдын кожойуну баштыктан бир акчалык тыйынды чыгарып жерге таштады. Маймылда так ээсиндей кылып баштыктан бир тыйынды алды да кемеге таштады.
"Алхамду лиллаах", - деди муну көрүп турган сүт сатуучу. «Акчам кайра колума тийгидей болду»,- деп кубанды. Маймыл ээси баштыктан экинчи тыйынды алып жерге таштады. Маймыл да баштыктан экинчи тыйынды алды да бирок, аны кемеге эмес, денизге таштады. Таң калаарлык окуя болду. Маймыл бир тыйынды кемеге, бир тыйынды денизге таштай берди. Акыры баштыкта тыйын түгөндү.
Сүт сатуучу адам муну ан-тан болуп көккө карайт эле. "Оо Жараткан кудуретинен айланайын. Ушунчалык адилеттүү белен",- деп көз жашын тыялбай окүрүп ыйлайт эле. Себеби, ал сүткө тең барабар суу кошуп сатчу.
Ал адам: -"Мына эми сууңдуку сууга, сүттүкү жанга калды",- деп боздоп атты.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#857 Пользователь офлайн   uikuchu7   28 Февраль 2016 - 15:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Болгон окуя)

Кечинде шаардан кайтып такси кармасам кымбатыраак айтып,акчам аз эле ушунчага алып кетесизби десем, пасажирлердин бироо Оштуктар дайым
тырышасынар деп сайылып калды.Ээ бар ээ деп эшигин жаба салсам, шафёр көңүлүн калбасын олтур деп ала кетти.Тиги дагы баштайын деди эле шафёр аны тыйып сөз баштады.. Бул жашоонун негизги максаты бирөөнү коркутуп,үркүтүп авторитет болуу же
өзүндүн кыйын жагынды көрсөтүү эмес экен.Көнүл калуу,каргыш, назардан калуу дегендерден түшүнүгүм жок
экен.Оштук,чүйлүк эмес негизи баарыбыз
кыргызбыз адамгерчиликтүү, ынтымактуу
жашоодо..
Мен мектепте атаман элем,авторитеттин баары менде болчу.Үйлөнүп, үй салып дегендей оокатым жакшы,өтө бай болбосомда, орто бай элем.Орустар көчүп,оштуктар келе баштады.Менин кошунам да үйүн сатып бир оштук алды.Бирөөгө зыяны жок өз арабасын
кылдыратып, жан багып жүргөн.Бирок жаны келгенгеби кыйналып жашап жүрчү. Анын жашоосу мага жакпады,майрамдарда арак ичпейт а түгүл, көп аралаша да бербейт.Бир күнү машинам тыгылып жолдо турсам,өтүп бараткан экен кайрылып: байке не болду деп калды. Түртүшүп койчу деп күнк эттим.Ал түртүшүп
коюп кайра кетти.1 күнү кичине сеп
этип алып келе жатсам жолугуп,ансызда аны жаман көрүп жүргөн жаным,бугумду чыгарып алдым.Ал өзү коркоокпу,же маска тенелбейин дедиби каяша эч сөз айткан жок.Анан мага адат болду,кичине сеп этип аны сөзгө сындырып арак
алдырыш.Барган сайын оштуксун,сартсын бул жака неге келдин? Ошуна кетпейсинби? Бул көчөдө мага окшогон
крутойлор жашаш керек,сен кедейсин, жакырсын. Оштуктарды чүйдөн кууп
чыгыш керек деп мээсин чагып коркутуп
жүрдүм.Бара бара аны жек көрүүм күчөп, ага тынчтык бербей көчүп кет деп кубалап жүрдүм.Ал жылмайып кутулат,ооз ачып сөз кайтарбайт. 1 күнү жумуштан келсем тажаганбы дубалына Yй сатылат деп жазып коюптур.Мен жендим деп өзүмчө бөтөлкө сындырдым.Ал оштук настроениеси жок жүрдү. Көп өтпөй үйү сатылып көчүп кетти.Көчүн артып бүтүп мени карады эле анын көзүнөн ар нерсени окууга болот эле.Эмне мени жаман карайт деп атырылганча калдым. Дагы жолугаарсын деп кекенип калдым. Мына эми жашоо деп ушуну айт.Оштуктун үйүн бир казак алыптыр.Оокатка тын экен дароо эски үйдү бузуп,көчөбүздүн көркүн ачып,зангыратып жаны үй салды. Мени менен жакшы катташып,бирге майрамдашып, тез эле тил табышып
кеттик.Жашообуз өтүп жатат,бирок
жумушум начарлап,үйдүн берекеси кетип, куту кача баштады.Ан сайын аракка оой
баштадым.Аз келгенсип кыздар менен жүрө баштадым.Саяк жүрсөн таяк жейсин дегендей бир күн аялыма да кармалып калдым.Ошондон баштап үйдө жанжал күчөй баштады.Баягы картина кайра кайталанып жолдо машинам тыгылып турсам казак кошунам жип машинасы менен келе жаткан экен сигналын басып, чырагын жылт эттирип колун булгап өтүп кетти.Үйгө келсем жанжал.Акыры аялымды сабап да жүрдүм, балдарым болсо мени көрүп чыркырайт.Бир нерсе эле болсо аялымды коркутуп,кууп чыгам көчөдө каласын деп сабап журдум.Эми кыздар менен ачык жүрө баштадым.Бир күнү үйдө чонураак жанжал чыгып,аялымды донуздай сабап сени кетирем сен мени бактысыз кылдын дедим.Аялымдын жаны ачып кеттиби же көнүлү калдыбы ажырашам деди.Мен ичимден сүйүнүп багымды ушул байлап жаткансып макул болдум.Экөөбүз сот аркылу арыз берип ажыраштык. Мүлкүбүздү экиге бөлүп үй менен балдар анда калды.Үйдүн бааланган жарым
акчасын ал төлөп берди. Көрсө казак
кошунадан алыптыр.Ошентип акчалуу болгон жаным үйдөн чыгып кеттим.Мен эми эркин кушмун,каалагандай жүрө баштадым.Мас болуп машинамды каттурак айдайм деп бир байдын кымбатыраак машнесин уруп алып болгон нерсемди сатып,карызга батып жүрүп,аран кутулдум. Карызын кыстагандар, ишим жүрүшпөгөнү менен алышып жатып убакыт да өтө берди. Балдарымды сагындым. Акыры чымырканып кийим кечек,белек бечкек дегендей алып балдарымды коргону келдим.. Муздап калганбы? Атаке деп чуркап келчү балдарым чоочун адам көргөндөй алып баргандарымды карап да койгон жок ангыча аялым
чыкты,6-7 айлык боюнда бар.Артымдан
жанагы казак кошунам кирди эле балдарым папаа деп чуркап мойнуна жабышса болобу? Көрсө ажырашкандан кийин аялым кыйналып казак кошунага токол болуп тийип алыптыр.Казактын 1- аялы төрөбөйт имиш,токол алууга макул болуп,алыстан издебей эле менин аялыма үйлөнүп алыптыр. Колундан келгенин кыл дегендей керсейет. Мага карап чыгып кет да 2-келбегин дейт.. Баса калып, ачуумду чыгарып,ургум келди бирок акчалуу неме милиция чакырып салып береби, анын үстүнө кыйналып турган
жаным. Милициядан кантип чыгам деп
тенселип,чынын айтсам духум жетпей келген жолума түштүм. Оюма ар нерсе келип өткөн күндөргө көз салдым.. Эмнеге адамдарга каттуу тийдим? Ким айтты мага оштуктар кетсе чүйлүктөр
жыргайт деп? Оштуктар келгенче
орустардан коркуп,токмогун жеп жүрбөдүк беле? Оштуктан казакты жакын кылам деп,үй жайым аялым даже балдарымды тартырдым. Андан көрө оштукту козгобой жайына койсом казак келбейт эле го? Азыр балдарымдын алдында олтурбайт белем? Мага
оштук эмне зыян келтирип, аны нараазы
кылдым эле? Ойлоп жатып таанышканыбыз
эстедим.Машинам тыгылса байкелеп келбеди беле? Ошондой эле казак сигналын басып коюп эле өтүп кетпеди беле? Кыргызга кыргыз жардам бербесе башкалар бербешин ошондо түшүндүм. Өкүндүм бирок баары кеч эле. Кыйналып жүргөндө канча адам мени эми тенине албай,көңүлүмө тие баштады. Оомал
төкмөл дүнүйө экен баарын түшүндүм. Азыр да мүмкүндүк бар эми эч кимдин көнүлүн оорутпай жашашым, кимдин көңүлүнө каттуу тийсем кечирим сурайм, анткен биз Оштукпу? Чүйлүкпү? Казакпы?Кыргызбы? Байбы? Кедейби? Эркекпи?Аялбы? Күчтүүбү? Коркоокпу? Кудайдын алдында бир пенде экенбиз. Аламын десе байлыгынды 2секунда алып коёт экен. Беремин десе байлыкты 2секунда эле берип коёт экен. Ырыскы берүүчү Аллах, баары Аллахтын колунда экен.Адамдар
бири бирине жөн эле себеп болот экен. Ушуларды түшүнүп эми эч кимдин
көнүлүн калтырбайын баарынан кымбат көнүл экен деп сөзүн аяктады...

ПС : Урматтуу бир тууганым! Урматтуу кеменгер кыраакы кыргыз калкым! Өзүбүздө болгон ушундай карангычылык, акмактык, дөөпөрөстүк, акылы жоктук бир күн башыбызга балээ алып келбестен
мурда Жаратканга тообо кылып кечирим сурайлы. Эсибиз барда этекти жабалы туугандар.

Же муну түшүнүш үчүн сөзсүз башыбызга бир балээ, кырсык келиши керекпи? Ойлон... Ойгончу... Бир тууганым !

Ырыс алды - Ынтымак, Ынтымагын бар болсо куусаң да кетпейт ырыс-бак !

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#858 Пользователь офлайн   uikuchu7   29 Февраль 2016 - 14:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЭШЕКТЕН ҮЙРӨНГӨН ДААНЫШМАНДЫК.

Өткөн бир доорлордо дыйкан жашаган экен.Анын жалгыз эшеги кудукка түшүп кетип,чон ызы-чуу салып,кыйкыра баштайт. Чуркап келген дыйкан эмне
кылышын билбей: “Эми бул эшекти кантип чыгарып алам?”-деп ойлоно баштайт.
Акыл калчап,акыры дыйкан: “Эшегим деле көп жылдан бери кызмат кылып,картайып калды.Бул кудукка түшүп кетпегенде деле,бир күн өлүп калмак да.Анан да жаңы жаш эшек сатып алам деп жүрбөдүм беле.Кудукта да суу жок экен,эчак эле
кургап калган.Бул кудукту биротоло көмүп салып,жаңы кудук казам деген оюм да бар болчу.Бир ок менен эки коен атууга кез келди окшойт.Кудукту көмгөнчө, эшектин өлүгүнөн да кутулайын”, -деп чечет. Жоро-жолдош, коңшуларынын баарын кудукту көмүп
салууга чакырат.Баары ынтымактын негизинде колго күрөк алып,ишке киришет.Кудук ичинде камалган эшек үстүнөн чаң-топурак түшө баштаганда, өзүнүн абалын түшүнүп айкырыгы күчөй баштайт.Бирок бирааз убакыттан кийин анын үнү угулбай калат.Беш-алты күрөк ыргыткан соң,дыйкан бир карап коюуну чечет.Ал көргөн көзүнө ишенбейт, анткени эшек үстүнө түшкөн топуракты
акырын кагып,буттары менен тепсей берет.Адамдар топурагы ыргыткан сайын, ал бийиктеп,акыры кудуктан чыгып кетет.
Жашообузда да ушундай сымал абалдар көп эле болот.Эгер үстүңүзгө кыйынчылык, мүшкүлдүктөр түшсө,аны жөн гана силкинип түшүрүп салыңыз. Тагдыр сизге башка бир кыйынчылыктардын
порциясын жаадыра баштайт.Башына кайгы келгенде эшек сымал айкырып-кыйкырбай эле,ал кыйынчылыктаржы жеңип,бара-бара кудук сымал оор абалдан чыгасыз.Аракет жана сабырдуулук аркылуу дүйнөдөгү эң терең кудуктан да чыкса болгонун унутпаңыз,урматтуу мусулман бир
тууганым!

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#859 Пользователь офлайн   uikuchu7   29 Февраль 2016 - 14:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

СЕН КАНДАЙ БОЛСОҢ,БАШЧЫҢ ДА ОШОНДОЙ
БОЛОТ

Ислам тарыхында улуу сахабалар болгон Али ибн Абу Талиб жана Муавия ибн Абу Суфьян(Аллах алардан ыраазы болсун) ортосунда фитна доорунда пикир келишпестиктер орун алган учурлар да
болгон.Ошондой убактарда бир киши халиф болгон Алиге(Аллах андан ыраазы болсун) келип,мындай деп кайрылат:
-О,падышам! Абу Бакр жана Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) мезгилинде абал жакшы болчу,ал эми сиздин падышачылык мөөнөтүңүздө бир топ жаман иштер болуп жатат.Мунун себеби эмнеде?,- деп , мамлекетти чабал башкарып жатасың деген дооматын айткандай болот. Анда Али(Аллах андан ыраазы болсун):
-Абу Бакр жана Умар мен жана мага окшогондордун үстүөн башкарып турган. Ошондуктан ал мезгил жакшы болчу.Ал эми мен азыр сен жана сен сыяктуулардын үстүнөн башкарып жатам. Абалыбыздын начарлыгы ошондон улам.
Абу Бакр жана Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) башчы деген ким жана ал башчыга кантип моюн сунуу керек дегенди билгендер убагында падыша болгон. Ал эми сага окшогон муун келгенде мен алсыз болуп калдым.Башчы айдан түшпөйт,өз коомунан чыгат эмеспи. Арабтарда сонун бир сөз бар: “Сен кандай болсоң,башчың да ошондой
болот”.Демек баардык күнөөнү башчыга (падыша,аким, губернатор,ишкана башчысы, командир) арта берген болбойт.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#860 Пользователь офлайн   uikuchu7   01 Март 2016 - 21:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"КИМ АКЫЛДУУ???"

Аббасийлердин доорунда Харун Рашид падыша болуп турган учур.

Күндөрдүн биринде Харун Рашид жолдо баратып, өзүн маскарапоз кылып көрсөткөн жинди кишинин, кабырдын жанында отурганын көрүп калып: "О,
маскарапоз, жинди! качан акылыңа келесин?" - деп, одонолук менен суроо узатат. Жинди киши ордунан секирип турат да, дарактын эң жогорку бутагына чыгып алып: "О, Харун! О, жинди! Качан акылыңа келесин?" - деп, катуу кыйкырат.
Харун Рашид аты менен дарактын түбүнө келип:
"Кабырдын жанында отурган сен жиндиби, же мен жиндиби?" - деп, суроо узатат.
Жинди киши: "Мен акылдуумун" - деп, жооп кайтарат. Харун Рашид:
"Эмне үчүн акылдуумун? " - деп,
жатасын дейт. Жинди киши Харун Рашидтин кан сарайын көрсөтүп: "Мен сенин тиги сарайыңдын жок болорун, жана бул кабырдын жок болбой каларын
билем. Сен кабырыңдан мурда сарай курдуң, а мен болсо сарайдан мурда кабырымды курдум. Ажал келип бул жашоо менен кош айтышарыңды билсең да,
кабырдан сарайыңды артык көрөсүң. Кабырга келгиң келбейт, бирок өз аягың менен келбесең, сени элдер алып келишет. Эми айтчы: "Сенин оюңча
кимибиз жинди?" - деп, суроо берет.
Харун Рашид бул сөздөрдөн таасирленип, ыйлап баштайт. Көзүнөн аккан жаш сакалын суулап, көпкө чейин ыйын баса албай туруп калат. Ыйын басып алган соң: "Аллага ант! Сен туура айтасың, сен жинди эмессин. Мага насаат айт" - деп суранат.
Маскарапоз: "Алланын китеби Куранды бекем карма, Ага амал кылып жаша, сага ошол жетиштүү болот" - дейт.
Харун Рашид: "О, маскарапоз! Эмне
кажетиң бар сура! Каалаган нерселериңди берем" - дейт. Маскарапоз: "Үч кажетим бар, эгер ошолорду орундатсаң ыраазы болоор элем сага" - дейт. Падыша:
"Сура! Орундатам" - дейт. Маскарапоз:
"Өмүрүмдү узартып бер" - деп суранат.
Падыша: "Ал менин колумдан келбейт" - дейт. Маскарапоз:
"Анда өлүм периштеси жанымды алаар
кезде, мени алардан сактап кал!" - дейт. Падыша:
"Колумдан келбейт"- дейт. Маскарапоз:
"Мени тозоктон сактап калып, бейишке киргиз!" - дейт. Харун Рашид:
"Ал да колумдан келбейт - дейт.
Маскарапоз:
"О, Харун Рашид! ушулардын бирөөсүн
да аткара албасаң анда сен кулсун, падыша эмессин! Менин сенде эч кандай кажетим жок, бардык кажеттеримди берүүчү Алла Таала мага жетиштүү" - деп кете берет.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 06:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: