Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор
#861 04 Март 2016 - 17:29
- Салоом алейкум.
- Ва алейкум салам.
- Кандай, доске?
- Жакшы. Рахмат. Өзүң?
- Жүрөбүз Кудай деп.
- Ии? Чалып калыпсың. Тынччылык элеби?
- Тынччылык эле.
- Сүйлө. Кулак сенде.
- Мени менен машине базарга барып, машине тандашып койчу.
- Оо! Макул, качан?
- Эртең.
- Эмне машине?
- Лексус RX.
- Оо! Жакшы, жакшы.
Эртеси Алмазбек досу менен машине базарда машинелерди кыдырып жүрдү. Бишкекте бажы биримдигине кирсек, машине кымбаттайт экен деп акчалуулар дүрбөлөңгө түшүп, машинелерди жыйып алып коюшкан. Мына, эми, өтпөй турат. Алуучудан сатуучу көп. Экөө шашпай кыдырышты. Баасын сурап койсо эле жабыша калышат. Эмне шарты болсо дагы макул. Кааласаңар кредитке, кааласаңар алмашабыз деген эле эл. Кыдырып жүрүшүп, бир лексуска токтолушту.
- Канча сурап жатасың?
- 14500.
- Сомбу?
- Каяктагы сом? Доллар!
- Билебиз, дос. Тамаша кылып жатпайбызбы.
Сатуучу жактырбагандай көз менен карап калды берки экөөнү. Базарда өлүү сезон болуп жатканда каяктагы тамаша...
- Түшөсүңбү?
- Канча бересиңер?
- Сен айт да.
- 14000...
- Ушунча элеби?
- Болуптур. 13500.
- Биз азыр кыдырып келели. Макулбу?
Экөө ары басышты.
- Эмне дедиң, алалыбы?
- Ээ, билбейм, эй... Дагы түш дебейлиби?
- Канча акчаң бар?
- 12 миңден көбүрөөк...
- Анда 12 дейли. Ушуга түшсө аласыңбы?
- Алам, эй...
Экөө башка машинелерди кыдырымыш болуп, кайра жанагы лексуска келишти. Бул сапар машинени от алдыртып, мотордун үнүн угуп көрүштү. Ашыкча үн жок. Салон таптаза. Жата калып астын карап көрүштү. Бир дагы чирик жок. Капот жактан аммортизаторлордун туштарын ныгырып көрүштү. Былк этпейт. Радиосун коюп, магнитафонун текшеришти. Машинени айлана чийиктерин издешти. Бир дагы чийик жок. Интернетке кирип, машиненин тарыхын карашты. Бир дагы "косягы" жок. Кыскасы, машине зыңк.
Көпкө соодалашып отуруп акыры 12ге көндүрүштү. Керектүү докумен иштери бүткөн соң, экөө лексуска отуруп шаарды бет ала зуулдап жөнөштү. Көңүлдөрү жай, кубанычтарында чек жок.
Аңгыча Алмазбектин телефону шыңгырап калды. Алса, аскерий кызматкер болуп иштеген бир досу:
- Салоом алейкум, Алмазбек досум. Кандайсың?
- Алейкум салам.
- Убактым тар досум. Кыскасы мага акча керек болуп жатат. Шашылыш.
- Эмне болуп кетти, ыя?
- Уулум тамактан ууланып, тез жардам чакырттык. Бир дагы сомум жок. Жардам кылчы, досум. Сенден бөлөк эч ким жардам берчүдөй эмес...
- Түү, ата... Эптеп бир айласын табаарбыз. Капаланбай турчу. Азыр мен ойлоноюн. Сага өзүм кайра чалам...
Алмазбек телефонду өчүрүп, шалдая түштү:
- Аттиң... оомал-төкмөл дүнүйө деген ушу турбайбы...
Лексус алган досу сурады:
- Эмне болду?
Алмазбек жагдайды түшүндүрдү. Бул кезде шаарга жакындап калышкан эле. Лексустуу досу машинени түз эле бала жаткан ооруканага айдады.
- Дос, сен тиги досуңа бара берчи. Мени күтүп калышты.
Алмазбектин келмеси оозунан түшүп, эч нерсе дей албай боз ала болуп кала берди. Машине жүрүп кеткенден кийин караанын бир топко узатып карап, ичинен аны ашата сөктү: "Мен муну адам экен деп жүрсө..."
Ооруканага кирсе, досунун баласына керектүү жардамды көрсөтүшүп, тамчылатмага жаткырып коюшуптур. Дагы 2-3 күн ушинтип жатышы керек экен...
Алмазбек чөнтөгүндө болгон акчасын досуна берди. Экөө кеңешип, аялын баласы менен калтырмай болушту.
- Жүрү, досум. Курсагың ачкандыр. Аяшыңа айтып койдум. Тамак жасап жатат.
- Рахмат, досум сен болбосоң, эмне кылмакмын. Эртеңки дарысына акчаны кайдан табабыз эми?
- Аны биздин үйдөн ойлонолу. Кеттик.
Экөө маршруткага отуруп, Алмазбектин үйүнө келишти. Тамак даяр болуп калыптыр. Тамактанышып отурганда досу Алмазбекке болгон арманын айта баштады. Алмазбек улам бир досуна чалат. Баарында эле акча жок болуп жатты. Кээ бири телефонду такыр албай койду...
Ошентип отуруп түн жарымы болуп кетиптир. Бир маалда телефону шыңгыраганынан караса, жанагы лексус сатып алган досу. Алсамбы, албасамбы деп бир азга ойлонуп, акыры алды.
- Эй! Каяктасың?
- Үйдөмүн. Каякта болмок элем...
- Келатам анда. Эч жакка кетпей тур.
Ушинтип туруп коюп салды.
Ичинен каякка кетмек элем деп ойлоп койду.
- Ким экен?
- Аа, бир досум... күндүз экөөбүз базардан машине алдык эле...
- Аа...
Көп өтпөй тиги досу чалып калды:
- Мен келдим. Чыкпайсыңбы?
- Сен кир үйгө.
- Макул.
Алмазбек сыртка чыгып, тигил досун үйгө киргизди. Эки досун бири бирине тааныштырды.
- Баласы ууланган досуң ушулбу?
- Ооба.
- Ме, анда.
Чөнтөгүнөн бир тутам акча чыгарып сунду.
- Машинемди ар кимге көрсөтүп жүрүп, көрүндүк жыйнап келдим!
- Алмазбек тиги досу экөө нес болуп катып калышты.
- Канча?
- 7496 сом!
Баласы ууланган досу сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди...
------------
✨ ОКУЯЛАР ж/а БАЯНДАР
группага катталыныз
[moderated]/OILON
instagram.com/okuyalar
#862 04 Март 2016 - 18:46
Кедей бир кишинин аялы күн сайын сары май сызгырып берчүү.Аны болсо күйѳѳсү жакын арада жайгашкан дүкѳнгѳ сатууга ѳткѳзѳт эле.Сары майды 1 килограммга ылайык кылып,тегерек абалында катырып койчу.Жарды үй бүлѳѳнүн бүткүл кирешеси ушул сары май сатуу менен эле чектелчүү. Күндѳрдүн биринде дүкѳндүн ээси кембагал кишинин чынчыл экендигине шектене баштайт.Анан ал тегерек формадагы сары майды таразага тартып кѳрүүнү чечет.Ар бир тартылган сары май 1кг эмес,900 гана чыгат.Эртеси сары майын кѳтѳрүп келген байкушка дүкѳн ээси ачуулана:
-Экинчи сени да,сары майыңды да кѳрбѳйүн! Мен сенден эми эч нерсе албайм,калпычы десе!Сен тегерек абалдагы сары майларым 1кг деп берчүүсүң,а бирок ар бири 900 г болуп чыкты.Же кѳзүңѳ келесоо кѳрүнүп жатамбы?!, -дейт.
Анда маанайы түшкѳн бечара:
-Кожоюн,бизде тараза деле жок болчу……Тараза ташынын ордуна ѳткѳндѳ сизден алган 1 кг кум шекерди колдончубуз. .Аялым да,мен да ошого теңеп эле жасап жатканбыз,-деп актана жооп берет
……………………………………………………………………………
Ошондуктан биз кантип бааласак,бизди да ошол нерсе бааларын эстен чыгарбайлы, туугандар! Кимге кандай мамиле кылсаң,башка бирѳѳдѳн да ошондой эле мамиле кѳрѳсүң!
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 04 Март 2016 - 18:50
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#863 09 Март 2016 - 10:54
Окуя.
БИР БАШТЫК КАРТОШКА
Шакирт устатына кайрылып:
- Сиз абдан жөнөкөйсүз, ар дайым кабагыныз жарык, каарданбайсыз дагы. Деги эле сиздин бироого жамандык кылганынызды көрбөдүм. Менин да ушундай мүнөз күтүшүмө жардам беринизчи,- деп, суранат. Устат ага макул болуп,мындай дейт:
- Колуна бир баштык ал да, кимдир бирөөгө ачуун келсе,же ыза берсен, баштыгына бир картошка салып кой,-дейт. - Ушул элеби?-деп тандана карайт шакирт. - Жок, бул баштыкты өзүн менен бирге которуп жүрүшүн керек. Адамдарды капа кылган сайын бирден картошка кошуп турасын. Шакирт макул болот. Бир канча убакыт өтөт. Баштыкка картошкалар салына берип, оор тартып калат. Көтөрүп жүрүүгө да ынгайсыз, жагымсыз жыт чыгып андан жийиркене баштайт. Мындай абалга чыдабаган шакирт устатка келип:
- Устат, муну көтөрүп жүрүүгө мүмкүн болбой калды. Биринчиден абдан оор,экинчиден картошка чирип баратат. Жакшы мүнөз күтүүнүн мындан башка жолу жокпу?- дейт. Шакиртине жылмая карап устат мындай дейт:
-Ушул баштыктагы көрүнүш сенин жан- дүйнөңдө да болуп жатат.Качан сен кимдир бирөөгө ачууланганында жана кимдир бирөөнү жек көргөндө жан-дүйнөңдө кара так пайда болот. Муну сен убагында байкабайсын. Ал бара-бара чоноё берет. Кылган ишин адатка,адатын мүнөзгө айланат. Жан-дүйнөң оорлошот. Ошондуктан мен сага бул абалды сезишин үчүн мүмкүнчүлүк бердим. Бирөөнү ыза кылуудан мурда, ал сенин жан-дүйнөңө канчалык салмак болорун ойлон.
АЯГЫ..
"Өлүм периштесин ыйлаткан наристе" китебинен..
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 09 Март 2016 - 11:11
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#864 09 Март 2016 - 11:00
БАКЫТ КУШУ ЖӨНҮНДӨ АНГЕМЕ!! !
Бир адам кудайдан дайыма суранчу экен: Мен бай болсом, аялым сулуу болсо жана атагым бүт дүйнөгө чыкса экен деп. Бир күнү жумушка орношконго, сүйлөшкөнү жолугушууга бараткан болот. Шашып баратса алдынан бир орто жаштагы киши тайгаланып кулап түшүп, тура албай ары- бери өткөндөрдү жардам береби дегендей карап калат. Бурула калып колун сунуп тургузуп койсо деле болмок, бирок шашып баратканын ичинен шылтоолоп кайдыгер басып кетет.Жумушка сүйлөшкөнгө келсе, ишкананын жетекчиси жок болуп калып, жардамчылары албай коет. Жакшы жумуш таба албай эптеп күн көрүп жүрөт. Бир күнү көчөдө клоундор тамаша көргөзүп жатканын көрүп токтоп карап калат. Кызыктуу тамаша бүткөн сон, элдер тарап баштаганда карыган клоун аял жанына басып келип,тамаша кандай болду деп сураса, карыган немеге сүйлөгүсү келбей басып кетет.Көңүлүнө жаккан адамын таппай, жалгыздыкта күн кечирип жашап жүрөт. Дагы бир күнү күүгүм талаш, үйүнө шашып келе жаткан болот, эшик суук, эптеп эле үйүнө жетип, ысык суу толтурулган ваннага жатып жылышта болуп шашып келаткан. Көчөдө жалгыз отуруп алып ыйлаган кемпирди көрөт, өтүп баратып токтоп, эмне болгонун сураса , жөн гана жан дүйнөсүн түшүнүп уккан адам жок экенин айтып, угуп коюсун сурайт. Үшүп, көзүнө жылуу үйүн элестетип келаткан неме, убактым жок деп басып кетет.Ошентип кызыксыз жашоодо жашап, бул дүйнөдөн өтөт. Кудайдын алдына барганда,киши Кудайдан сурайт: мен түз жүрдүм, бир да жанга жамандык кылган жокмун, өмүр бою уч нерсени тилек кылдым, бирок бир да тилегим аткарылган жок, кайсы жеримен жаздым? Ошондо жараткан мындай деген экен: Мен сага үч жолу мүмкүнчүлүк бердим, бирок сен ошону кармап кала алган жоксун.
Биринчиси сен жумушка шашып баратканда тайгаланып жыгылган кишини билесинби? Ошол киши ишкананын жетекчиси болчу,сен кол сунуп тургузуп койгонунда, жакшы жумушка орношуп бай болмоксун.
Экинчиси карыган клоун аялды билесинби, ал сулуу кыз эле, сени бир көрүп жакшы көрүп калган, сен анын коздорунон сага болгон сезимин сезе албай , кол шилтеп басып кеттин.
Үчүнчүсү сенден угуп коюшун суранган кемпир, атактуу жазуучу эле, аны угуп , үйүнө кийирип жакшылык кылып койгонунда, сен жонундо китеп жазып, сени бүт дүйнөгө атактуу кылмак. А сен колуна конгон бакыт кушун сезбей учуруп жиберип жаттын деген экен.
САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР китебинен.
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 09 Март 2016 - 11:23
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#865 09 Март 2016 - 11:03
ЧЫМЧЫККА АЛДАНГАН АҢЧЫ...
Аңчынын тузагына бир чымчык түшүп калыптыр. Аңчы аны эми кармайын дегенде, чымчыкка тил бүтүп адамча сүйлөп жиберет. Ал аңчыга карап:
- Эй адам баласы! Сен ушу жашка жеткиче канча кой, канча уйдун этин жедиң. Ага тойбодуң. Эми муштумдай болгон менин этиме тоюп калмак белен? Андан көрө мени кое берип жибер, мен сага пайдасы тие турган үч ишти айтамын,- деди.
- Макул,- деди анчы бир аз ойлонгондон кийин.
- Бирок, сен мага убада бер,биринчи ишти айткандан кийин кое бересиң. Экинчи ишти сага даракка конгонумдан кийин гана айтам.
- Макул,-деди анчы ага да кайыл болуп.
- Болбой турган ишти ким айтса да ага ишенбегин,-деди чымчык биринчи сөзүн айтып. Анчы сөзүнө туруп чымчыкты кое берди.Чымчык дарактын эгиз бутагына барып конду да, экинчи сөзүн айта баштады:
- Өткөн ишке эч качан өкүнбө. Колунда турган мүмкүнчүлүктү чыгарып жибергенин үчүн да капаланба. Убактыңдын баасын билип,аны бекер коротпо,-деди. Анан эй анчы! Менин ашказанымда 10 дирхамга тен маржан таш бар эле. Сен аны алганында сага эле эмес, сенден кийинкилерге да жетмек. Мен аны деңиздин эн түбүнөн алып чыкканмын. Ага окшош байлыкты сен көрбөйсүң,-деп кошумчалады. Аңчы колунда турган олжону чыгарып жибергенине өкүнүп санын чапкылады.
- Аттиң- деди ал,- кайдагы бир чымчыкка алданып байлыктан куру калдымбы?! Аңчынын ыйлап жатканына таңданган чымчык:
- Эй эмне мынча өкүнөсүң? Мен сага айткан ишке өкүнбө, кетирген мүмкүнчүлүгүнө капаланба дедим беле? Жана да, болбогон ишти ким айтса да ишенбе деп айттым. Деги сен кандай адамсың,менин салмагым эки дирхамга да тең келбесе, менин ичиме 10 дирхамга тен келчу маржан кайдан батмак эле? Чымчыктын тамаша кылып жатканына эми көзү жеткен анчынын жаны жай ала түштү да, чымчыкка кайрылды:
- Мейли эми үчүнчү ишти айт. Чымчык дагы бир бутакка көтөрүлүп конду да:
- Эй, береке тапкыр! Менин эки сөзүмө амал кылбадың, үчүнчүсүн угуп эмне кыласың,менин убактым аз- деп, чырылдаган бойдон учуп кетти. Аңчы эмне дээрин билбей, тузагын кармаган абалда катып, ордунда калды.
Аягы....
"Өлүм периштесин ыйлаткан наристе" китебинен... ..
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 09 Март 2016 - 11:33
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#866 09 Март 2016 - 11:37
Күндөрдүн биринде капаланган кызы атасынын алдына келип,мындай дейт: -Атаке,мен баардык нерседен ушунчалык тажадым,чарчап да бүттүм.Жумушумдагы көйгөйлөр,турмуш куруу маселеси,кыскасы күрөшүүгө күчүм калбады…Эмне кылсам,кеңеш бериңизчи?! Анда атасы: -Мен сага сөз менен айткандан көрө,бир нерсени көрсөтөйүн, -дейт. Атасы мештин(плита) үстүнө үч казанды коюп,ар бирине сабиз,жумуртка жана кофени өз-өзүнчө салып,суу куюп коет.Бирааздан соң казандар кайнап чыккан соң,мешти өчүрүп,кызына кайрылат:
-Эмне болду?
-Сабиз менен жумуртка бышып,ал эми кофе сууга сиңип кетти.
-Туура байкадың,бирок бул үстүрктөн гана байкаган адамга ушундай көрүнөт. Чындыгында каттуу болгон сабиз жумшарганын жана туруксуз болуп калганын байкайсын.Ал эми назик жана жумшак болгон жумуртка тескерисинче каттуу болуп,чыңалган. Экөөнүн тең сырткы келбети өзгөргөн жок,бирок сырткы душмандуу абалдын (кайнак суунун) таасиринен ички абалы өзгөрдү.Адамдар да ушул сымал болот,кээ бири каттуу көрүнгөн менен бирааз сыноо келсе эле маанайы суздашып,өзүн таштап жиберет. Экинчилери болсо жумшак жана эрксиз көрүнгөн менен,кандайдыр бир көйгөйгө сабырдуулук жана аракет аркылуу жооп берет.Канчалык кыйынчылык абал күчөгөн сайын, ошончолук чыңала берет.
-Бул эки абал түшүнүктүү, а бирок кофечи?-деп кызы таң кала суроо узатат. -Кофе?? Ал өзүнчө эле керемет да. Кофе өзүнө каршылаш болгон абалга сиңип, жадагалса ошол абалды өзгөрткөнгө үлгүрдү. Кайнап турган сууну жыты буркураган даамдуу ичимдикке айлантканга жетишти.Адамдардын кээ бирин сырткы таасир өзгөртө албайт,тескерисинче алар ошол сырткы таасирди да өзгөртүүгө жетишет.Бир гана өзгөртпөстөн, ал сыноодон өзүнө пайдалуу нерсени үйрөнгөнгө да аракет кылышат.
Ушул үчөөнүн кайсынысы болооруну-ар бир адам өзү тандайт!
Ыйман казынасы...
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 09 Март 2016 - 11:38
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#867 09 Март 2016 - 11:53
Хазрети Умар мечит тарапка басып бара жаткан. Анын артынан бир кичинекей бала шашылыш келип өтө берди. Ар бир адамдын кыймылына көңүл бөлгөн парасаттуу Умар, бул баланын шашылып бара жатканын билип, ага суроо узатып калды:
— Балам, мынча шашып кайда бара жатасың, же бүтпөгөн муктаждыгың барбы?
— Мечитке шашып жатам, — деп жооп берди, Умарды тааныбаган бала. Кичинекей балага таңданган Умар:
— Сен али кичинекей экенсиң, сага намаз окуу милдет боло элек го? – деди.
— Менимче бул иште чоң-кичине деген болбосо керек, — деди бала, улуу кишинин таңыркай карап, кечээ менден да жашы кичүү бала бул дүйнө менен коштошту. Өлүмгө жашпы, каарыбы баары бир эмеспи, ошондуктан ага даярдануу эч кимге эртелик кылбайт. Умардын көзүнө жаш айланып кетти. Анысын балага көрсөтпөөгө аракет кылып колу менен сүрттү да күбүрөнүп жолун улады:
— Оо, Аллахым, ар бир адамдын жүрөгүндө ушундай ишеним болсо кана, аттиң…
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#868 09 Март 2016 - 16:49
✒ Жаш шакирттеринин бири устазына келип:ʺУстаз, мен жаш болгондуктан кыздарга карабай жүрө албаймын, мындан кандай тыйылсам болот? деп сурайт.Устазы кесе толо сүттү баланын колуна карматып:Ушуну базардагы сатуучуга бир тамчысында тамчылатпай алып барып бер дейт. Анан экинчи шакиртин чакырып: ʺЭгер ,мына бул жигит сүттүн бир тамчысын жерге төксө, ошол жерде камчылагыла ʺдеп колуна камчы карматат.Баягы жигит устазынын сөзүн эки кылбас үчүн ары камчынын уусунан корккондуктан, сүттү бир тамчыда төкпөстөн соодагерге алып келип берет. Кайра келгенден кийин устазы андан:ʺЖолдо канча кызды көрдүң?ʺдеп сурайт. Жигит:ʺМен сүттү төгүп аламго деп чочулап андан башка жакка көз чаптырганга чамам болбодуʺ дейт.Ошондо устазы ʺМусулман адамдын абалы - сүт көтөрүп бара жаткан сенин дал өзүңө окшош болуусу керек.Алланын буйругун бузуп алуудан жана ал үчүн Кыяматта камчы жеп калуудан корккон адам, арам кароого чамасы да жетпейтʺдеп осуят айтат...
БИЗ МУСУЛМАН ЖАШТАРЫ
#869 13 Март 2016 - 04:43
#870 17 Март 2016 - 12:24
Илгери-и өткөн заманда бир падыша жашаптыр, ал ар кандай түркүн түс көйнөк-көчөк кийип эл астына чыгып мактанганды жакшы көрчү экен, акчасынын баарын улам жаңы көйнөк кийип элге мактанып чыкмайга жумшачу. Аскерлеринин астына тек буйрук берүү үчүн чыгабы, же театрга барабы, а турсун токойго эс алууга жөнөсө деле жаңы тигилген кезектеги шумдук көйнөгүн кийип алаар эле. Ар саат сайын падыша үчүн жаңы көйнөк тигилип, жарыктык падыша аны дароо кие калып жаркылдап элге чыккандан тажачу эмес. Эл ичинде аны “көйнөк сүйгөн падыша” деп да атап алышкан.
Падыша жашаган шаар түйшүгү күжүлдөгөн чоң калаа болгондуктан ат тезегин кургатпай ар өлкөдөн коноктор келип тураар эле. Күндөрдүн бир күнүндө шаарга эки алдамчы келет. Алар өздөрүн “тикмечибиз” деп элди алдап, дүйнөдө жок көйнөк тиге алаарын айтышат. Тим эле көздүн жоосун алып, оймолору келишкен ал керемет көйнөктүн жиби өтө бир сыйкырдуу жип экендигин сүрөттөшүп, сыйкыр жип менен тигилген көйнөк көзгө такыр көрүнбөстүгүн, көйнөктүн көрүнбөс экенин өтө аңкоо же иштеп жаткан жумушуна татыксыз адам эле байкабаса ал ажайып көйнөк сыйкырдуу касиетке ээ экендигин эки алдамчы “тикмеч” шилекейи чачырай мактанышат.
Эл арасында бул окуя дуу-дуу сөз болуп, керемет көйнөк таржымалы падышага да жетет. “Ошондой көрүнбөс көйнөк болсо кана!”-деп кыялданат падыша. – Көрүнбөс көйнөктү кийип алсам өлкөмдө ким өз жумушуна татыксыз экенин билип алат элем. Анан да адамдар арасынан акылдары кайсы, аңкоолору кайсы айырмалоого да мүмкүнчүлүгүм болот экен. Кана эмесе, ошол көйнөктү тезинен мага тигип беришсин! ” –деп падыша шаша-буша вазирлери аркылуу алдамчыларга чоң акча жөнөтүп тезирээк керемет көйнөктү тигип бүтүрүүгө тапшырма берет.
Алдамчылар болсо эки тигүүчү станокту астына коюп алышып иштегендей түр көрсөтүп жумушту башташат, а станокто болсо жип-шуусу да жок, кездемеси да жок. Экөө тең сыр бербей падышанын вазирлерине кайрылышып, ипичке жибек кездеме жана таптаза чылк алтын керектигин айтышат. Тигилер айткан нерселерди алып келгенде алтынды чөнтөккө солошуп, баягы эле эчтемеси жок бош станокто олтуруп алышып, түн бир оокумга чейин иштеген түр менен күжүлдөшөт.
“Иш кандай жүрүп жатканын бир барып көрсөм болот эле!”-деп падыша саамга ойлонуп, бирок сыйкыр көйнөк аңкоо адамга же өз жумушуна татыксыз адамга көрүнбөйт деген сөздү эстеп, өзүнө канчалык бекем ишенип турса да кол астындагы эле бирөөнү жөнөтүүнү туура көрөт. Падыша үчүн шумдук көйнөк тигилип жатканын шаардын эли да билип, шаардыктардын ар бири көйнөк батыраак бүтсө, кошунасы аңкоо же соо экенин, татыксыз же татыктуу экенин эртерээк биле калсак,- деп чыдамы кетип жатты. “Тикмечилердин ишин байкап келүүгө өтө көп жыл иштеген , калп айтпаган, чынчыл министримди жиберейин! ”-деп чечимге келет падыша. – Ошол министрим гана барып көрүп келүүгө жарайт, ары акылдуу, ары өз ишине татыктуу! ”
Ошентип падышанын көздөй ишенген министри эки алдамчынын ишканасына барып баш бакса, тигил экөө бош эле турган станокто иштемиш этип коюп олтурушат. “Кудай сакта! Мен эч кандай деле көйнөктү көрбөй турам го!?”-деп министр көзү чанагынан чыга таң калып, бирок оюн сыртка чыгарбай, ичинен күбүрөнөт. А алдамчылар болсо министрдин станокко жакыныраак келип жакшылап кароосун, көйнөктүн оймолору кандай кооз түшүрүлүп , боектор менен кандай кооздолуп жатканын айтышат, шүмшүк тикмечилер бош эле станоктун аны-мунусун көрсөтүп жатканын көргөн байкуш министр көзүн канчалык чоң ачпасын баары бир эч кайсы көйнөктү көрбөйт, себеби тигилер жок эле көйнөктү мактап-жактап апыртып атышкан да. “Кудай сакта! Мен чынында эле аңкоомунбу? Эч убакта ушундай болот деп ойлобоптурмун! Бирок муну эч ким билбеши керек! Мен эмне,.. азыркы министрлик ордума татыксыз белем? Жок, көйнөктү көрбөй жатам деп эч качан айтпашым керек!”-деп ичинен толгонот министр. “Көйнөктү го көрсөттүк, кана, кандай тигилиптир, эмне ой айтасыз?”-дешет алдамчылардын бирөө. “О бул кандай керемет! Эми сөз жок ажайып экен, оймолорун кара, боекторун кара, кандай керемет! Мага бул көйнөк өтө жакканын падышага кабарлайм! ””дейт министр. Алдамчы тикмечилер ыраазылыгын айтып, падышага көйнөктүн оймолору, боектору кандай укмуш түшүрүлүп жатканын маалымдап коюсун айтышат. Көптү көргөн какбаш министр тигилердин айткан сөзүн ар бирин кунт кое жаттап, укканын уккандай падышага жеткирет.
А алдамчылар болсо дагы акча , кичине жибек кездеме жана алтын керектигин, анын баары көйнөктү кооздого өтө зарыл болуп жатканын айтышып, адаттагыдай келген акча менен алтынды чөнтөккө салып, анан баягыдай эле бош станоктун жанында күжүлдөп иштеп аткандай түр көрсөтүп олтура беришет. Бир нече күндөн чоң чыдамы кеткен падыша дагы бир ишенген министрин көйнөктү көрүп келүүгө жөнөтөт. Бул министри деле мурунку министрдин кебетесин кийип, адегенде таң калып, анан эч кимге аңкоо көрүнгүсү келбей, иштеген ишине татыксыз экен делинип шермендеси чыгып жумушунан кол жууну каалабай, бош станоктун жанында көйнөк-мөйнөгү жок эле олтурган алдамчыларды көрсө да көрмөксөн болуп, керемет көйнөк тигилип жатканын падышага сүйүнчүлөп келет. Падышага арналып тигилип жаткан көйнөк баяны эл арасында күндөн күнгө күчөп, көйнөктүн ажайыптыгы, кереметтиги тууралуу кептер ого бетер дуулдайт. Эл арасындагы сөздөргө оолугуп, кантсе да көйнөк станокто тигилип жаткан кезинде бир көрүп коюну катуу каалаган падыша вазирлерин, жардамчыларын, кеңешчилерин, акыл айткычтарын, алардын катарында баягы көйнөктү буга чейин барып көрүп келген эки министрин кошуп алып алдамчы тикмечилердин ишканасына келишет. Карашса эки “тикмечи” күчүнүн болушунча күжүлдөп бош станоктун жанында катыра иштеп жатышкан болот.
“Кандай укмуш көйнөк! Туурабы!? Эгер уруксаат этсеңиз, урматтуу падыша, көйнөктүн оймолорун, боекторун жакындап барып жанынан көрөлү!”- деп баягы эки чиновник ийилип, бүгүлүп эчтемеси жок бош станокту сөөмөй менен көрсөтүшөт. “О кокуй! Бул эмнеси,..мен эчтеке көрбөй турам го! Мен ушунчалык эле аңкоомунбу? Же мен эмне, падышалык ордума татыксызмынбы? ”-деп ичинен күбүрөнгөн падыша саамга ойлоно түшөт да, анан селт эте: “О, чынында кандай керемет көйнөк! Эң мыкты деген баа бердим, жарайт, жараганда да кандай жарайт, мага жакты!”- толкундана сүйлөйт. Падыша көрбөсө да көрүп тургансып бош станктордун айланасын аспиеттеп карап, анын артында коштоп жүргөн коштоочу кишилер да падышаны туурап жок эле көйнөктү суктана карашып: “О бул кандай керемет!” дешип, а түгүл падыша жакында салтанаттуу түрдө эл аралап чыгаарын, аны үчүн жапжаңы , эң кымбат кездемелерди колдонуп, көйнөк тигилип бүтүшү керектигин айтышат. Айтор тикмечилердин ишин көрүп баары толкундана сүйлөшүп, көйнөктүн кандай укмуш тигилип жатканын кеп кылышты. Падыша болсо тикмечилердин түйшүктүү ишин баалап, рыцардык крест менен сыйлап, аларды падышанын короосундагы жеке тикмечилик ишке алуу тууралуу өкүм да чыгарып жиберди.
Падышанын салтанаттуу жүрүш боло турган күнү жакындаган сайын эки алдамчы тегерегине ондогон шамдарды жагып, күнү да, түнү да кандай аракет менен иштеп атканын эл көргүдөй түр менен иштеп жатышты. Акыры бир күнү экөө станоктон көйнөктү алып жаткандай кыймылдарды кылышып, колдоруна кайчы алышып, шакылдатып эле абаны кескилешип , жиби жок эле ийне менен бирдеме тигип аткансып акыры: “Мына көйнөк да тигилип бүттү!”-деп жар салышты. Көйнөк тигилип бүткөнү кабарлаган падыша айланасына эң ишенимдүү, элге атактуу вазирлерин, министрлерин, кеңешчилерин коштотуп алып тикмечилерге баш багат. Тикмечилер болсо көйнөк кармап тургансып колдорун бийик көтөрүшүп: “Мына ич кийими, мына кемсели, мына бел курчанган кемери! Баары жөргөмүштүн желесинен бетер жепжеңил! Муну кийген адам көйнөктүн жеңилдигинен денесинде эч бир кийим кийбей тургансып өзүн өтө жеңил сезет, бул көйнөктүн сыйкыры да, керемети да ушунда!”- дешип падышаны күзгүнүн жанына алып келишет да: “Эми улуу урматтуу падыша, кийип турган кийимиңизди чечиңиз, биз жаңы керемет көйнөктү кийгизели! ”-деп күлмүңдөшөт. Падыша дырдай жылаңач болуп чечинет, алдамчы тикмечилер болсо ага жаңы кийимди кийгизип аткандай кебетеленип, шымын, көйнөгүн, кемселин, курун “кий кийгизип аткандай кебетеленип, шымын, көйнөгүн, кемселин, курун “кийиндиришет”, эн аягында чачпакты кармап туруучу темирди көкүрөгүнө таккандай түр кылышат. Күзгү астында ары айланып, бери айланып өзүн сыймыктуу караган падышанын коштоочулары: “ Ах кандай укмуш! Сизге куп эле жарашат экен да! Саймаларын кара, боекторун кара! Сөз жок, керемет көйнөк!”- дешет бир ооздон. Падышанын чачпагын көтөрүп жүрүүчү атайын кишилер чакырылып, алар да жаңы көйнөккө бир сыйра суктанышып, анан падыша эл астына чыгып, шаңдуу басат. Эл арасынан суктанган, тамшанган мактоолор жаап кирет: “Падышанын жаңы кийими керемет экен! Чачпагын карагылачы, кандай укмуш! Кемсели зынкыйып жакшы жарашыптыр! ”. Эл арасынан эч бир адам падышанын денесинен эч кандай көйнөк көрбөй атканын айткысы келген жок, анткени ошентип айтаары менен элдин баары аны аңкоо же өз ишине татыксыз адам деп ойлоп калмак да! Падышанын буга чейинки көчөгө кийип чыккан көйнөктөрүнүн бирине да эл бу жолкудай таң калган эмес, баары чындап суктанып жатышты.
“Апээй, падыша жылаңач турбайбы! ”-деген кичинекей балакайдын үнү чыкты бир маалда эл арасынан. “Бейкүнөө баланын айтып жатканын кара!”-деп сүйлөндү балакайдан атасы жылмая. Ошондон кийин баары балакайдын айтканын бир бирине шыбырай баштады.
“Падыша жылаңач тура! Тигине балакай айтып атпайбы аны жылаңач деп!
Бара бара элдин баары: “Падыша жылаңач экен!” деп кыйкырып киришти.
Падыша болсо өң-алеттен кетип, ички туюмунда “..эл чын эле айтып жатат окшойт..” деп саамга бүшүркөп, бирок кайра өзүн ойлоп “..мынабы салтанаттын аягына чейин эптеп чыдашым керек..” деп тиштенди. Эл канчалык кыйкырган сайын ал ого бетер моюнун койкойтуп, башын бийик көтөрүп, артында болсо чачпак көтөрүүчүлөр жок эле чачпакты “кармап” алдыны көздөй сыймыктуу баратышты...
Г.Х. Андерсoн
Которгон: Эрнис Кыязов
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#871 21 Март 2016 - 11:33
Менин бир досум бар эле, аты Айдар, 92 жылкы. Мага жана силерге окшогон эле адам. Бирок кыздар "сулуу" дешчи, артынан чуркап жүрүшчү . Узун бойлуу, кара чачтуу. Ата-энесинин жалгыз баласы. "Акча" десе – колунда, каалаганын кылат - кааласа ичет; кааласа чегет; кааласа кыздар менен жүрөт; Тагырак айтканда, туура эмес жолдо жүргөн дос эле. Окуудан келе жатканда, кээде көрүп калчымын, мас болуп жүргөнүн. Экөөбүз сүйлөшүп калсак, Айдардын үч сөзүнүн бирөөсү – "зъина" жөнүндө эле. Дос балдар болуп туура эмес экенин көп эле айттык, бирок, баланын өзүнөн окшойт, Айдар таакыр өзгөргөн жок. Ошол Айдардын маңдайына жазылган Тагдыры, мага чоооң Сабак болду… элибизде айтылган: "Адамдын өмүрү – ийненин учунда" деген сөздү жакшы түшүндүм.
2013 жыл, октябрь айы, аба-ырайы сууктап, бак-дарактар ыйлап, жалбырагын чачкан кез. Ал кезде мен жаныдан Ислам динин карман баштаган учурум. Жума күн эле, Жума-Намазга баражатсам Айдарды кайра көрдүм мас болуп жүргөнүн, өтө деле мас эмес. Көрмөксөнгө салып өтүп кетейин дегем, бирок, өтүп кете алган жокмун. "менин досумго" деп жанына келип, саламдашып, ахвалын сурап, сөзүмдү баштадым…. Менин сөзүмдү аягына чейин угуп, анан бир-аз ойлонуп, мага мындайча айтты - ʺдосум, мен сени таарынткым келген жок, мен сени сыйлайм, бирок, мен мыдайларга ишенебербейм, сен мени түшүнбөйсүң, мен сени түшүнбөйм. Кечирʺ - деп, мени жаман көргөнсүп басып кетеберди… Мындай мамилесине, капа деле болгон жокмун. Бирок, "досум деп келсем, мени укпай койду" - деп кичине жаман болдум.
Бир күнү, Топ-балдар болуп шаарыбыздын центр’ына сапар алдык, жаныбызда Айдарда бар. Айдар айткан сөздөрүмө таарынып калганбы, билбейм, бирок мени менен таакыр сүйлөшкөн жок. Бир маалда такси менен бара жатсак Айдар "башым ооруп жатат" деп бизге айтып калды. Андан сурасак – "кичине кечимде селкинчектен жыгылып сотрясение алгам, ошондонго, 1 айдан бери ушинтип ооруп калат" деп жооп узатты. Анан ал бараалбай, орто жолдон, кайра үйүнө кайтууга туура келди - "силер барабергиле, мен үйгө барып жатпасам болбой калды" деп үйүнө кетип калды… Ошентип, дос балдар болуп озубузчо кеттик…. кечке маал, уйлорубузго кайра кайтып Айдарды сурап койолу деп, чалсак, Айдар трубканы албай койду… эртеси да дагы чалдык - алган жок. Учунчу куну телефону очук болуп калды. Ошентип, кундор отоберди, жумалар отту, артынан айлар алмашты… баягы досубуздан эч-бир кабар жок, жер жутуп кеткендей, Айдар жоголуп кетти. Тааныштардан сураштырсак, эчкимиси билбейт.
2014 жыл, март айы, чымчыктар сайрап, алма-бактар бучур байлап, аба-ырайы тазаланган кез.
Бир куну, мага бир чочун номерден кат келди: "Салам, Досум! мен Айдар, создор бар эле. Эртен жолукпайлыбы" ... муну окуп, Айдар экенин билип… "жолуксак азыр жолугалы, азыр бош элем" десем, мени уйуно чакырды… Ак-орго жака кочуп кетишиптир. 4 автобус менен Ак-оргону коздой барсам, Ак-оргонун остановка’сында Айдар мени кутуп туруптур. Аны коруп абдан тангалдым, коргонумо ишенген жокмун… Мечиттеги молдолордон айырмасы жок. "Допу" кийип, "сакал" койуп алыптыр. "досум онолуптур, ыйман жолуна тушуптур" деп, бир жагынан аябай суйундум. А бир жагынан жаман болдум, Айдар аябай арыктаап, козу кирип, ахвалы начар экен. Мени коруп ал дагы суйунду, узунун бир-тууганын коргонсуп – ыйлап жиберди.
Уйуно келип, экообуз дасторкондун алдында коопко чейин суйлошуп калдык. Суйлошуп жатып Досумдун коп озгорушторун байкадым. Ички дуйносу сырткы кел'бетиндей - супсулуу болуптур. Баягы жаман создорду суйлогон Айдар досум жок. Азыркы Айдар менен ырахатта суйлошуп жаттым. Бир малда "уй-булоо" жонундо соз кетти. Мен досуман сурап калдым "качан уйлоносун" деп. Ал жооп бере албай, негедир, башын жерге салып, капага батып "жакында уйлоном, буйурса" деп койду. Созду Бузуп, ошол маалда мага телефон чалып калды, байкем мени уйго чакырып жатыптыр. Аны Айдарга айтып "уйдогулор чакырып жатат, уйго барайын, дагы шашпай суйлошолу" десем, Айдар мага: "дагы жолугалбай калабызго" десе болобу... Бул созун укканда кокурогум бир зырт дей тушту. Туруп бара жаткан жеримен кайра отуруп калдым. "досум, сага айтатурган создорум бар эле, угуптурчу" деп, айтатурган создорун мындайча баштады:
"Эсиндеби, жарым жыл мурда, достор болуп, шаарга чыгып баратканда, менин башым ооруп уйго кеткем. Ошондо башым чыдатпай, мен 4 гор.больницага баргам. Ошол кундон баштап менин жашоом, абдан озгорду…
Качан мага врач ʺбашында шишик бар экен, жумурткадан кичиреек, рак экенсинʺ деп айтканда, мен омурумдо биринчи жолу асманды карап, кылган куноолорумду коруп, коз жашым менен Алладан кечирим сурадым. Кудайга ишенбечи элем, бирок ошол куну ушунчалык ишендим. Журогумдун согушу денеме чейин титиретип, Жараткандан ушунчалык корктум. Жаман жолго алпарган бутум Мечитти коздой чуркады. Жандуйном мага ʺМечитке бар! намаз окуу!ʺ деп улам-улам кайталап жатты. Жаным эзилет же Намаз окуганды билбейм, алдымда бир Таксыр Намаз окуп жатыптыр, ошону туурап Намазды ыйлап окудум. 40-50 жыл бою тооба кылсам дагы, кечирилбеген куноолорум бар эле, бирок умунумду узбой, Алладан кечирим сурай бердим - сурай бердим... Мечиттен чыккым келген жок. Боздоп ыйлап жатып туну бир маал Мечитте уктап калыптырмын. Эртен менен ʺбагымдатʺ Намазына бир Таксыр мени ойготту, Намазды окуп бутуп, уйду коздой чуркадым... Ата-энемди коргум келди, жыттарына ушунчалык муктаж болдум. "бейиш эненин таманында" дейт, ошол Апамдын таманын опкум келди. Уйго барсам, Алтындай болгон жалгызым менин Апакем эшикти ачты, корокалып, Апакемдин алдында тизелеп кечирим сурадым - ʺАпаке мени кечириниз, мен ак сутунузду актай албаймʺ деп, бутунан ооп, ыйладым. Катуу ыйлаган окшойм, ошол маалда, шашып Атам чыгып калды. Атамды коруп, даагы жаман болдум - ʺАтамдын жалгыз баласы болсом, Неберелуу кылалбаймʺ озумду жек кором" - деп, Айдар катуу ыйлап жиберди………………………. . Менин дагы жашым салаалап агып жатты. Мен ушунчалык досумду соороткум келди, айласын издедим, бирок таппадым, анткени мен Айдардын мындай болоорун таакыр куткон эмесмин.
Бир-аз эс алып, мага айтар создорун уланты:
ʺОнол балам, онолʺ - деп Апам мага канча жолу коз жанын тогуп айткан?! Атамды канча какшаттым "жалгыз баламсын, жаман жеринди ташта" - ал эмес досторум да айтышчу, бирок, мен онолбодум, Алланын каарына калдым окшойт….
Мен ойлогом "батылуулук" - бул сулуу кыздар, кооп акча. Эгерде Ата-энемен алыс кетсем мен бактыылуу болом го деп ойлогом… жоок, мен ото жанылышыптырмын. Чыныгы бактылуулук уй-булоодо экен… Атан сени карап, менин уулум деп суйунсо - ошол бактылуулук экен. Апакендин таманын башына жазданып жатсан - ошол бактылуулук экен. Жайнамаздын устундо башынды ийсен - ошол бактылуулук экен. Бирок мен баарын кеч тушундум... Ушунчалык окуном, досум, ишенесинби? !
Мага канча ай калса да, ошол айларымды "жайнамаздын" устундо откорууну чечтим. Озум жаман адам болсом да, элге жардам берип журом, анткени мен Алланын каарынан корком. Балдар уйуно коп барам, тамак аш жеткизип. Эхх…менинда ушундай балдарым болмок эле... бирок, мен озум мунун баарын озумон алыстатып алдым. Эгерде бул жошоого кайра келсем, мен башкача жашамакмын… жакшы адам болмокмун... Ата энемди эч качан таарынтмак эмесмин… бирок ото кеч болуп калдыыы - деп, Айдар досум кайра катуу ыйлап жиберди……. .
Мындай создорун угуп, менин да козумон кайра жаш кетти. Мен Эркекмин, бирок, коз жашымды токтото алган жокмун.
Айдар кандай соз айтпасын, мага ото катуу тийип жатты. Создоруно чыдаялбай, жанына тураалбай калдым. Эмне дееримди билбей ʺмен уйго барайын, кечир мениʺ деп, сыртка чыгып кеткенге шашылдым. Кетип бара жатсам, артыман ʺДосум, токточуʺ деп 2-3 жолу ун салды. Артымды карасам, коз жашын колдотуп мага мындайча айтты: "врач айткан мага 1 жыл жашайсын - деп. Андан бери 7 ай отту. Эми жалгыз Аллах билет мага канча ай калганын. Козум барда сенден суранып кетет элем: мен бул дуйнодон кеткенде, менин жаныма туруп Жаназа Намазын окуп койчу. Жаназага турбай койсон болот, мен тарынбайм, бирок, Алланын раазычылыгы учун Жаназага туруп койчу. Сенден башка досум жок - Намаз окуганʺ деп, кайра боздоп ыйлап жиберди...
- ʺооба, созсуз окуйм, дозумʺ деп, тилим такалып, башка соз айталбай, кетебердим. Сыртка остановка жака бара жатып, бутумду таппай, кайра артка Айдар досума баргым келди. Жанына барып, жок дегенде бир жакшы соз айтып, кубандыргым келди. Бирок эмне деп айтам? - "хей... Досум, сен бейишке чыгасын" деппи?....же "Жаназа' намазды окуп кокем - деппи??
Досумдун тагдыры чооон сабак болду. ойлонуп калам: Кун кирип чыккан сайын, биз "олумнго" жакындайт экенбиз. Бирок, бул дуйнодон качан кетебиз? Бизге канча убакыт калды? - муну биле албайт экенбиз. эртенки куну биз эмне болобуз? - Аны да билбейбиз. Ошондуктан ар-бир кундук жашообузду жон эле откорбошубуз кекрек экен… "адамдын сулуулугу – козго жагат, жан'дуйноосу – журоко жагат" дегендей, адамкерчиликтуу жана боорурек болуп, Аллага жаккан пенделерден болушубуз керек экен. Аллага ыразычылыгыбызды билдирип, башыбызды саждага ташташыбыз керек экен. Жыйнаган байлыгыбыз - бир куну сапырылып жок болот, бир куну - кайра келет. А уй-булоо бир кетсе кайра кайтып келбейт. Демек, Бакытты акчадан эмес, Уй-булоодон издеш керек экен.
------------
2014 жыл, Август айынын аягы. Саратан, кундун ысыгы чопту куйкалап чегинен чыккан кез.
Август айынын аягында мен Ыссык-колду коздой кетип калдым. Аякта 10 кундой журдум. Мен колдо жургонумдо, таагырак айтканда 6 сентябрь куну эртен менен бир досуман мага кат келди - ʺДозум, Айдардын уйуно балдар болуп баратабыз. Тушунʺ
……………………. .. катты окуп бааарын тушундум…………………………
Ошол куну баарын таштап, досумдун Аманатын аткарайын деп, кайра Бишкеке келдим. Бишкеке туштон кийин саат 2 лерде жетип, туз эле Айдарддын уйуно бардым. Барсам, баарынан катуу сыздаган Атасы "Менин жалгыз туягым, артынан бироону таштап кетсен болмок" андан катуу ыйлаган Эне журогу: "менин колоком элен… жалгыз тоо-аскам кулады" …Ата-энесин коргон элдер да баары ыйлап жатышты (аягы)
P.S.-
Айдар досума Алла таала мээримин чачыптыр - деп айтар элем. Кандай мээрим - деп сурасаныз, мен айтам: -анткени досум олор убактысын билген. Алла таала ошол врач аркылуу билгизген. Ошондо досум, убактысын текке коротпой , тооба кылып, намаз окуп, жанын тазалап, Алланын ыразычылыгын издеп, бул дуйнодон оо буйного "шахид" болуп кетти, иншаа Аллах..... А биз? Урматтуу тируу жандар! Билебизби олор убактыбызды? - жоок. Биз 1000 жыл жашачуудай болуп "олумду" эстебейбиз. Аланын ыразычылыгын издебейбиз. Урматту бир тууган, кеч болуп кала электе, ыйман толтуралы. Жана келечекте бизди МУРЗОО'ДОН башка эчнерсе кутпойт. Качып кутула албайбыз. Барар жерибиз мурзо. Эмне учун? - Анткени Алла таала Къуранда айтат:
"БАРДЫК ЖАТДЫКТАР ОЛУМ ДААМЫН ТАТЫШАТ" (Аль-Исрат, аят 185)
"БИР ДА АДАМ ЭРТЕНКИ КУНУ ЭМНЕ БОЛООРУН БИЛБЕЙТ. БИРДА ДА АДАМ КАЙСЫЛ ЖЕРДЕН ОЛОРУН БИЛБЕЙТ" (Лукман, аят 34)
(АЛЛАХ АР-БИР АДАМГА ЫЙМАН ЖАНА ДЕН-СООЛУК БЕРСИН. Амиин)
Автор: Т. Асанов
------------
✨ ОКУЯЛАР ж/а БАЯНДАР
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#872 03 Апрель 2016 - 20:17
Аялым биринчи перзентимди төрөгөндө отуз жашта элем. Ошол түн алигүнчө эсимен кетпейт...Досторум менен түн жарымга чейин чайканада сөз жарыштырып отурдук. Маанилүү бир нерсе болгонун эстей албаймын, бирок пайдасыз гайбат ʺөрдөк учурмайʺ сөздөр менен түндү өткөрдүк. Башынан тапан болгонум үчүн, сөздүн жылоосу менин колумда болуп, ар кандай анекдоттор менен курдаштарымдын боорун эздим... Эсимде. ..Ошол түнү чайкананын жанындагы кичинекей базарчада отурган көзү азиз карыяны абдан маскара кылдым: ал кандай аракет жасаган болсо, мен дагы анын дал ошондой аракетин кайталап жасай бердим, досторум күлө берип көздөрүнөн жаш агып кетти.Бул аздык кылгансып, ордунан туруп кетип жатканда бутунан чалып жибердим.Гүпп. Каткырыгыбыз көчөнү жаңыртты...Адаттагыдай үйгө түн бир оокумда бардым...Аялым курсагын чандайтып, аянычтуу абалда күтүп отурган экен, муңдуу үн менен: -Рашид, кайда жүрөсүз, менин дарманым кетип турат. Көз жаруу убактым келип калган окшойт-деди. Ушул сөздөрдү айтканда көзүнөн аккан чолок жаш бетинен ылдый тоголонду... Бечара аялыма көңүл бөлбөй көчөдө, чайканада пайдасыз сөз жарыштырып жүргөнүмө өкүнүп кеттим, тогуз айлык боюнда бар болсо, мен эч ишим жок көчөдө жүрсөм деп өзүмдү өзүм жемеледим. Дароо төрөт үйүнө алып барып жаткырдым.Медсестралардын айтуусунда ʺбышып калыптырʺ , күтүп туруумду өтүнүштү. Бир нече саат күттүм, эч ким чыгып сүйүнчүлөбөдү. Акыры медсестрага телефон номеримди таштап, үйгө кеттим. Бир сааттан кийин телефон чырылдап, төрөт үйүнө чакырышты. Врачтын алдына кирдим. Ал мага Аллахтын тагдыры экен, тагдырга ыраазы болуш керек деген сыяктуу насааттарын айтып : -Уулдуу болдуңуз! Бирок, көзү...сабыр кылыңыз эми деди. Ошол замат базарда шылдыңдаган сокур карыя көзүмө элестей түштү. Тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.... Я, Раббим! Эккениңди оросуң дегени ушулбу ? Шордуу аялым ай! Ушундай кайгыны көрүп турса да билдирбегенге тырышат. Тагдырдын жазмышына тан берип , ыраазы болуп жаткан экен. Адамдарды кемсинтип маскара кылганымда мага : „Кишилерди кайбат кылбасаныз жакшы болоор беле“ деп насаат айтчу аялым бул ирет дагы кайраттулугу менен мени таң калтырды. Үйгө келдик. Эми үйдө үчөө болдук. Кичинекей Батыр,апасы жана мен. Чынын айтсам балама эч бир көңүлүм жылыбады. Жадагалса үйдө бар же жок экени мени кызыктырбайт. Көп ыйлай баштаган кезде бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөгө чыгып жатып алчу болдум. Айлар өтүп, чоңое баштады. Бир жашка чыгып, там-туңдап баса баштаганда, бир буту кыска экени билинди. Чолок да экен! Балага болгон мамилем андан бетер сууп кетти. Арадан жылдар өтүп, дагы эки уулдуу болдук: Омар жана Осмон. Жылдар өтө берди. Балдар дагы чоңое берди...Эми мен Батыр жөнүндө таптакыр ойлонбой калдым. Мурунку ыр-күлкү кайрадан өз нугу менен кете баштады. Бирок, аялым менин оңолуп кетишимден үмүт үзбөй, менин кер какшык азилдериме сабыр кылып, ар дайым (көбүнчө өз алдынча калганда) дуба кылаар эле !!! Бирок башка балдарымды эркелетип Батырды четке сүрүп койгонумду көрүп ичинен сызып, билгизбей ыйлап алат курганым. Батыр мектеп жашына жетти. Майыптардын мектебине окууга бердик. Убакыттын өтүшүн анчалык деле байкабайт элем. Күндөрүм коендой окшош таризде – жумуш, уйку, тамак, досторум менен көңүл ачып сайрандоо,эртеси, бүрсүгүнү, кийинкиси... күн ушинтип өтүп жатты. Бир күнү...Жума болчу...саат он бирлерде Бешимге жакын ойгондум. Саат экиде бир жерге тойго барышым керек.Шашылбай жуунуп – таранып, кийинип, жыпар жыттуу атырлардан себинип көчөгө жөнөп калдым. Эшикке жакын калганда Батырдын буулугуп ыйлаганын көрүп көңүлсүз алдына бардым. Көзүнөн куюлган мөлт-мөлт жашы бетин жууп, бөйтөйгөн колдору менен азиз көзүн аарчып үлгүрбөйт! Бул менин ага ымыркай кезинен бери биринчи көңүл буруум эле! Он жыл аралыгында! Бул жолу дагы ички бир шум туйгу карабай кетүүгө үндөдү. Балам болсо, менин бар экенимди билген жок. Муңдуу ый аралаш үн менен „ апаке – ее, кайдасыз! Апаке-е-е кайдасыз! “ – деп ыкылдайт. Батыр, эмнеге ыйлап жатасын ? – деп сурадым. Доошумду угуп ыйлабай калды. Сокур көздөрү коркуудан чоң-чоң ачылды. Жакындаганымды сезгенде, менден өзүн алып качууга далаалат жасады жана айланасын кармалап, кагылып – сүрүлүп бөлмөсүнө житип кетти! Ох!!! Бул өксүктү эч качан унута албасам керек! Анын баскан аракеттери, бөлмөсүндөгү нерселеринин баары тилге кирип: „Он жылдан бери кайда элең!“ – деп айтып жаткандай болду! Артынан акырын басып бөлмөсүнө кирдим. Оболу эмне үчүн ыйлап жатканын айткан жок. Анан...өмүрүмдө биринчи ирет эркелетип,башынан сылап сурадым. Ошондон кийин гана шолоктоп ыйлап, капаланганынын себебин айтып берди. Көрсө, бүгүн аны ар дайым мечитке жетелеп алып барып келүүчү иниси Омар үйдө жок экен. Жума намазы жакындап калгандыктан, биринчи саптан орун алалбай калам деп ыйлап жатканы экен. Батыр ушул арманын айтып улутунуп алды...Сокур көздөрүнөн дагы жаш куюла баштады. Он жаштагы сокур баламдан бул сөздөрүн укканда апкаарып, тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду. Батырымдын бетин колум менен сылап, өзүмдү кармай албай, ый аралаш: - Ушул үчүн ыйладыңбы Батырбек ? – дедим. -Ооба, хык... Ошол маалда мен бир нерсени унуттум....досторумду, убада кылынган тойду, баарын...Анан балама кайрылдым: - Батыр уулум, сени мечитке бүгүн ким алып барат билесиңби ? -Омар алып барса керек, хык...бирок кечигип жатат.. -Жо-ок. ..Бүгүн сени мечитке мен алып барамын балам, ме-ен! Батыр айран таң болуп калды. Ишенгиси келген жок. Кантип эле! Башкаларды мазактап, келекелеп жүргөн атасы эми өзүнүн майып перзентин да мазактап жатат деп ойлоду окшойт. Бирок, ниетим чын экенин эптеп билдиргенимден кийин гана мойнума асылып, дагы ыйлап жиберди. Бирок бул Батырдын сүйүнүч жаштары эле. Көздөрүн колум менен аарчып, колунан кармап, машинага отургузууга камынганымда : - Ата, мечит жакын го – мечитке кадамдарымды санап баргым келет-деди. Биз жетелешип алып, жөө жөнөдүк. Мечит адамдарга толо баштаган экен. Ошентсе да, Батыр экөөбүз биринчи саптан орун таба алдык. Жанаша отуруп жума хутпасын уктук, ал менин эмес мен анын жанында намаз окудум. Намаздан кийин Батыр текчеден Кураани Карим алып беришимди суранды. Кызык!!! Көзү азиз болсо кантип окуйт? Укпагандай болуп отура берейин дедим бирок, капа болуп калышынан коркуп, колуна Кураани Каримди карматтым. - „Кахф“сүрөсүн ачып бериңизчи?.. . Ары ачып, бери ачып, таба албай кыйналып, акыры мазмунунан карап араң таап бердим. Кураанды колуман алып, алдындагы жапыз столго коюп, азиз көздөрүн жумган бойдон окуй баштады: „Алхамду лиллаах иллазии...“ Оо, Раббим! Оо Жараткан! Уулум Кахф сүрөсүн толук жаттап алган экен! Өзүмөн- өзүм уялып кеттим. Мен дагы колума Кураанды алдым.Ошондо дене боюм титиреп кетти. Уулумдай шатырата албасам да эжелеп окуй бердим...Жасаган күнөөлөрүмдү, акмакчылыктарымды кечиришин Аллахтан суранып...Бир, эки тамчы менен башталган көз жаш, шолоктогон ыйга айланды. Мечиттин ар кайсыл жеринде намаз окуп жаткан адамдардан уялып, ыйымды ичиме жуттум. Ушу бойдон үнсүз ыйлап канча отурганымды билбейм. Бир маалда назик, ичке, алсыз колдор бетимди кармалап таап, селдей агып жаткан көз жашымды аарчый баштады. Бул менин сокур уулумдун колу эле. Уулум! Жүрөгүм толуп - ташып Батырымды кучагыма алдым, боорума узак кысып, ушуларды ойлодум: ʺСен сокур эмессин! Чыныгы сокур мен экенмин! Тозокко сүйрөп жаткан бузуку дейдилерге кошулуп алып, суудай ысырап болгон өмүр жолума бир да кылчайып карап койбогон атаң сокур экен!!! ʺ Жетелешип үйгө келдик. ...Ушул күндөн баштап намазды ар дайым мечиттен окуй турган болдум.Эски үлпөттөрүм менен кош айтышып, мечиттен , айылдан жаңы досторду таптым. Мен алар менен жүрүп көп нерселерди үйрөндүм: эч бир намазды калтырбай турган, Кураанды бир айда бир жолу баштан -аяк кайталап (хатм кылып) окуп чыга турган болдум. Үй- бүлөм, бала- чакама болгон илгерки суук мамилем жоголуп, анын ордун мээрбандык, камкордук ээледи. Өмүрлүк жолдошумдун кабагындагы муңдуулук да жоголуп, көңүлү куунак болуп, чырайына чыгып, чыныгы маанисинде он жашка жашарып кеткендей болду. Айрыкча уулум Батырдын жүзүнөн жылмаюу кетпейт. Көргөн адам бул дүйнөдөгү бардык казыналарды таап алган экен деп ойлойт эле......Бир нече күндөрдөн кийин досторум узак мөөнөткө даваатка бара турган болушуп, мага да сунуш кылышты. Батырдын алдына барып, сапарга кетип жатканымды билдирдим. Ал ичке, назик колдору менен мойнума асылып мени менен коштошту.... Сапарыбыз үч жарым айга созулду...Убакыт тапкан мезгилде дароо үйгө телефон чалып, аялым, балдарым менен сүйлөшүп турдум, аларды абдан сагынган элем, айрыкча Батырды...Кызык, качан телефон чалсам Батыр мечитке же мектепке кеткен болот. Аялымдан анын абалын сурасам, менин ага мынчалык байланып калганымды угуп күлүп калаар эле. Анан кайтаардан эки күн мурда телефон чалганымда адаттагы күлкүсүн укканым жок, добушу дагы өзгөргөндөй. .. - Батырга ысык салам айтып кой! - Болуптур, Кудай кааласа. Сапар мөөнөтү бүтүп, үйгө жетип келдим. Балдарым, аялыма бир кучак белек-бекчектер менен, андан көбүрөөк сагыныч менен эшикке карап турдум, мына азыр Батыр эшикти кармалап болсо да таап өзү ачат...! Бирок, эшикти Батырым эмес, эми гана төрт жашка чыккан кенже уулум Осмон ачты. Аны көтөрүп алганда ʺатта...аттаʺ деп бир нерсе айтмакчы болгонун байкап калдым. Батыр кайда?! Жүрөгүмдү бир нерсе мыкчып алгандай болду. ʺШайтандын азгырыгынан өзүң асырагынʺ деген дубаны окуп үйгө кирдим. Эмнегедир аялымдын куунап- жайнаганын да байкабадым. Кабагы салыңкы. Көздөрү дагы муңдуу... - Тынчылыкпы ? Эмне болду сага ? - Эч нерсе... - Батыр кайда ? - ... ... .. - Аялым бул суроомо башын четке буруп, буркурап ыйлоо менен жооп берди. Көңүлүм андан бетер караңгылашып кетти. Ушул мезгилде Осмон келип өзүнүн толук чыга элек чулдур тили менен: ʺАтта, Батый акам даннатка тетти...Аллага теттиʺ десе болобу! Турган жеримде селейип калдым! Кулагым тунжурап эч нерсе укпайт! Ким, эмне дегенин укканым жок. Сезимдерим өлүк! Болгону аялымдын бетин басып үйдөн чыгып кеткенин элес- булас байкадым. Кийин билсем, мен кайтаардан эки апта мурда Батыр кокустан безгек менен ооруп, ысытмасы көтөрүлүп кетиптир. Апасы дароо больницага алып барган. Ысытмасы күчөп, өз атасынын мееримине тойбогон бойдон, ичке, назик колдорун апасына сунган бойдон түбөлүк жайга узап кете бериптир...
Доктор Сайфуллах Насирхан
Алла таала айтат:
ʺкимди менден артык корсон аны сенден алып коем, ансыз жашай албайм дебе ансыз деле жашатып коем, мезгил отот колоко берген дарактардын бутактары кургайт, сабыр тугонот, озундон артык суйгонун да бир куну жат болот, эсин жоголот, досун душманына айланат, душманын келип дос болот. Ушундай кызык бир дуйно. Болбойт деген эмнен болсо баары болот, жыгылбайм дейсин жыгыласын, адашпайм дейсин адашасын, эн кызык ушул дуйно болот. Олдум деп мин кайталасан да ажалын келбесе жашайсын. Кайгырасын кубанасын, жашоого тойдум дейсин тойбойсун. Байлыкты бакыт деп ойлойсун байлыка да жетесин андан эч кандай бакыт таппайсын. Жашоо тугонбойт улана берет омурун тугонот. Суйууну бакыт деп ойлойсун суйгонуно жетесин суйуудон да бакыт таппайсын. Аракет кылса баары болот дейсин буйрубаса эч нерсе жок.
#873 03 Апрель 2016 - 20:29
Күндөрдөн биринде бир досум менен жолугуп калдым.Ал-акыбал сурашып,бир топ маек куруп калдык.Сөздөн сөз чыгып, мен досума мынтип кайрылдым:
-Досум,билесиңби, мага бир кыз ашык болуп жүрөт.Бирок менде ал кызга болгон такыр сезим жок,көңүлүн оорутпай ал кызга болгон нерсени жеткизе албай жатам... Анда ал досум,жылмая:
-Нак эле тормоз экенсиң го,доске!Сага өзү ашык болуп жатса,сезимди уруп ойнойсуңбу, жадаганча ишиңди бүтүрүп,андан соң таштап кет да!
-Мен андай кыла албаймын,дос! Ал өтө сүйкүмдүү,жадагалса чырайы да келишкен кыз.Бирок негедир менде ага болгон сезим жок.Эгер мен ал кыз менен сүйлөшүүнү эп көрсөм,алгач үйлөнүү максатында гана жолугушам.Жөн гана бир көз ирмемдик ырахат үчүн сүйлөшө албайм,-дедим.
-Апееей,ботом, сендей көк мээни эми көрүп жатам.Сен али жашсың го,досум,көңүл ачып,кыздар менен ойноп-жүрүп дегендей....Ал селки өзү жармашып жатса,убактылуу сүйөм-күйөм деп коюу ушунчалык кыйынбы не?!-деп досум да жанымды койбоду.
-Жок,досум... ал туура эмес кадам.Ал сен ойлогондой кыз эмес,сыртынан жакшы кыздай көрүнөт.Сен айткандай арам ой кылмак турсун,ал нерсени элестете да албаймын.Мен айткан кызды көрбөй туруп,ал жөнүндө жаман күмөн кылуудан этият болсоң !-дедим ачуулана.
-Ооой,койчу эми!Жашоонун ырахатын билбеген неме экенсиң да өзү!Берчи ал кыздын номурун,өзүм чаап алып,бир чер жазайын,-деп мага кайрылды.
-Досум,ал сенин КАРЫНДАШЫҢ, -деп жооп бердим. Досум унчуккан жок,жөн гана жер карап,көпкө ойлонуп отуруп калды....
Туугандар,кандайдыр бир арам ишке кол ураардан мурун,ар бирибизде карындаш, эже,кыз,жубай бар экенин унутпайлы!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#874 03 Апрель 2016 - 20:34
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#875 03 Апрель 2016 - 20:39
Бир куну жакын туугандардын 35жаштагы баласы каза болуп, олук коюу вазыйпасына катышып калдым. Кабырдын башына олукту алып келдик. Бир убакта кор казган киши мени четке чакырып, бир нерсе айтам деп корго тушушумду суранды. Олук койчу жайды коргозду, карасам эки кара чаар жыландар жатат,шашып эле сыртка чыгып, баланын атасынан мен озум кирип коеюн деп сурандым. Ансыз да уулун жоготуп сыздап турган ата маакул болду. Кайрадан корго туштум да жыландарга кайрылып:- Аллах Тааланын азап берчу периштелери, силер азыр олукту коюп буткучо бул жерди бошотуп тургулачы.. олукту койгондон кийин эмне кыласынар ал силердин ишинер. Аллахтын буйругу менен келдинер тушунобуз, олукту жайына койгуча бошотуп тургулачы..
деп кайрылдым. Экоо дароо эки жакка тешикке кире башташты,бутумду тартып алгыча болбой бир жылаандын куйругу ботинкемдин сыртын сыйпап отту эле бутум шилтенбей калды. Ошондо ойлондум, кийимимдин сыртынан сылап откондо ушундай абалда болсом, анткени буткул денем муздай тушкон эле, азыр олукту коюп кеткенден кийинки анын абалы кандай болот дедим да аран бутумду шилтеп сыртка чыктым. Кайра киргим келбей, атасына убада берип койгондон кийин айла жок олукту жайына койдум. Чыгып бара жатып, эптеп кучумду жыйнап кайрылып карасам, жыландар олукко жакындап келе жатышыптыр. ..... Кийин олгон баланын кандай болгонун сураштырсам, элди алдаган, калп айткан, арак ичип зыналык иштерге коп барчу экен.
Аллахтын бар экенине ишенип, сыноо жашоодо жургондо ыйманыбызды бекемдейли, намаз окуйлу. Туура эмес кылган иштерибиз болгон болсо, ОЙЛОНОЙЛУ! ОНДОНОЙЛУ!
"АЛЛАХ ТААЛА - КЕЧИРУУЧУ ЗАТ".
Кечирим сурайлы Ин ша Аллах кечирет!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#876 05 Апрель 2016 - 09:21
"ТАШ БООР" ДОГДУР
Жаш келин жеке догдуруна келет да:
- Эже, мен сизден жардам сурап келдим. Мага жардам бербесениз болбойт. Менин балам бир жашка чыга элек, бирок кайра кош бойлуу болуп калдым. Озубуз жаш болсок, анын устуно экоосу тен ымыркай болсо, эки баланы кантип багабыз деп ойлонуп жатам. Мага жардам беринизчи,- дейт. Андан догдур кандайча жардам беруу керектигин сурайт.
- Аборт, кош бойлуулугумду токтотуу керек, эже, - дейт анда жаш келин. Бир аз ойлонуп туруп догдур мындай дейт:
- Менде бир жакшы ой бар. Ден соолугуна да доо кетпейт, эки бала багып да убара болбойсун.
Макулмун дегендей келин жылмайып, ал кандай жол экенин сурайт. Ошондо догдур:
- Сиз эки баланы бага албайм деп кыйналып турсаныз, анда торолуп калган баланын омурун кыялы. Ошондо аборт кылып ден соолукка да доо кетирбейбиз, экинчиси торолгончо эс алып да аласыз, - дейт.
Мындайды кутпогон келин ордунан атып туруп:
- Эмне- ее ! Бул деген кылмыш да! Кайсыл эне оз баласынын омурун кыйсын?Мага кантип ушуну айтып жатасыз ? Бул кандай акмакчылык! Таш боор турбайсызбы. .- деп чанырат.
Догдур жылмайып:
- Туура, оз баласынын омурун кыюу- кылмыш, акмакчылык. Бирок сиз бир аз мурун ушул эле сунуш менен мага озунуз келбединиз беле, мен бар болгону башкача жолун айтып койдум,- дейт.
Келин унчукпай отуруп калат да, ыйлай баштайт. Бир убакта ордунан шарт туруп кетууго камданат. ” А абортчу ?” деп жылмайган догдурга да карабай эшикке атып чыгат.
Кандай кылууну билбей турсан, туура деп эсептеген жолду танда. ( К.Краус).
" Турмуш Сабактары" китебинен....
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#877 08 Апрель 2016 - 03:40
Ахмад бин Мискиин рахимахуллох айтат: "219-жылы кедей болуп күн өткөрүп калдым. Колумда эч нерсем жок болчу. Аялым жана жалгыз уулум бар эле. Тамак-аш жок, курсагыбыз ачка болгондуктан, денебиз алсырап, ачкалыктан кулайын деп калдык. Эмне кылаарымды билбей аягында, үйдү сатып көчүп кетебиз деген чечимге келдим. Көчөгө чыгып, үйгө кардар издеп жүрүп, Абу Насрды жолуктуруп калдым. Ага: “Жегенге эч нерсем калган жок, үйүмдү сатайын деп жатам” - дедим. Ал мага ортосуна халва (шириндик) коюлган эки токоч нан берип: “Үйүңө алып барып, үй-бүлөңдүн курсагын тойгуз” - деди. Эки токочту колтугума кысып, үйүмө карай келе жатсам, жолумдан жаш баласын көтөрүп алган бир аял чыгып калды. Колумдагы токочко карап: “О, Мырзам! Балам атасыз жетим калган, курсагы аябай ачка, ачкачылыкка сабыр кыла албай ыйлап жатат, Алла үчүн бизге токочуңуздан бериңизчи”- деп суранды. Жаш баланын мага карап турган элеси, жалдыраган көз карашы такыр унутулгус бойдон эсимде калды. Ошол учурда бейиш жерге түшүп: “Ушул аял менен баласынын курсагын тойгузган адамдын сыйлыгы менмин” - дегендей көрүнүп кетип, колумдагы эки токочту аялга бердим да: “Балаңыздын курсагын тойгозуңуз”- деп, жолумду уладым. Жолдо ойго батып келатып, үйүмө кантип жетип келгенимди байкабай калыптырмын. Эшикти ачып кадам шилтеп кире албай токтоп калдым. Анткени, үйдө көз жашын төккөн аялым, жана жүзүнөн нур чачыраган уулум, мени тамак-аш алып келет деп күтүп олтурушкан болчу. Эшикти кайра жаап, дубалдын астына отурдум да үйдү сатуу жөнүндө кайра ойлонуп баштадым. Ошол учурда кубанычы койнуна батпаган Абу Наср куш сыяктуу учуп келип калды. Ал мага: “О Мухаммадтын атасы! Үйүңө байлык, береке толду, сен эмне үчүн бул жерде отурасың?”- деди. Мен: “СубханАллах! Ал байлык кайдан келди?”- деп сурадым. Ал: “Харасандан улоосуна бир топ жүк жүктөп, акчасын белбоосуна бекем түйүп алган бир киши келип, адамдардан сенин атаң же атаңдын үй-бүлөсүнөн кимдир бирөөгө жолуктурууну суранды”- деди. Мен: “Эмне үчүн келиптир?”- дедим. Ал: “Ал киши өзү Басралык соодагер экен. Отуз жыл мурда атаң ага акча бериптир, бирок ал банкрот болуп, акчаны жок кылып жиберген экен. Банкрот болгон соң, Басра шаарынан Харасанга көчүп барып, ал жакта соодасы жүрүшүп кетип, бир топ байлык жыйнаптыр. Кайра Харасандан Басра шаарына, атаңдан алган акчасын кайтарып берүү үчүн келип, отуз жылдык кирешесин кошуп сенин үйүңө атаңдын байлыгын калтырып кетти”- деп, сүйүнчүлөдү. Мен Аллага мактоолорду айтып, ыраазычылыгымды билдирдим. Акчаны алаарым менен, колуна баласын көтөрүп, менден токоч сураган муктаж аял эсиме түшүп, экөөсүн издеп таптым. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылып, ырыскыларына себеп болдум. Андан соң соода кыла баштадым, түшкөн пайдадан Аллах үчүн садака кылдым, зекет бердим, сооптуу иштерге жумшадым. Бирок, акчам такыр азайган жок, тескерисинче көбөйүп жатты. Өзүмө-өзүм суктанып, периштелердин менин сооп амалдарымды жазуучу китеби толуп кетсе керек деп кубанып, Алланын астында саалих пенделерден деп жазылып калууну үмүт кылдым. Түн ичинде ойлонуп жатып уктап кетиптирмин, түш көрдүм, түшүмдө кыямат башталып кетиптир. Адамдар толкунданып, денелери чоңойтулуптур. Адамдардын кылган күнөөлөрү денелүү жүккө айланып, күнөөлөрүн артына көтөрүп жүрүшөт экен. Кээ бир бузуку, күнөөсү көп адамдар артына бир шаарга тете күнөөнү артып алышыптыр. Анын бардыгы уят, арам иштери эле. Анан кыямат таразасы коюлуп баштады, менин кылган бардык амалдарым келтирилди. Сооп амалдарым таразанын бир тарабына, күнөө иштерим таразанын экинчи тарабына коюлду. Күнөөлөрүм коюлган тарап, соопторум коюлган тарапка караганда оор келди. Андан кийин, кылган жакшы амалдарымды биринин артынан бирин таразадан алып салып жатты. Көрсө ал амалдар рия (эл көрсүн), бой көтөрүү, текебердик жана элдерге жакшы көрүнүү, алардан мактоо угуу деген сезимдер менен аткарылган амалдарым экен. Ошентип олтуруп таразада менин эч кандай жакшы амалдарым калган жок. Ошол кезде: “Мунун башка амалы калган жок?” – деген, үн угулду. Ал суроого: “Бир эле амалы калды”- деген жооп чыкты. Мен, дагы кандай амалым калды экен деп кызыгып, аны көрүүгө шашылдым. Көрсө ал баласын көтөрүп жардам сураган аялга берген эки токочум экен. Аны көрүп деле кубанбадым, анткени бир бергенде жүз диинар садака берчүмүн, ошолордун сооптору жетиштүү болбой жаткан кезде, эки токочтун сообу канчалык болмок эле деген ой келди. Катуу кайгырдым, эми бейишке кирбей каламбы деп чочуп да алдым. Эки токоч таразага коюлду, таразанын сооп амалдар коюлуучу тарабы бир аз көтөрүлө түштү, бирок анын өзү жетишсиз болуп турду. Өз аялым жана баламдын курсагы ачка олтургандыгына карабай, эки токочту муктаж аялга берген болчум. Ошол аялдын, эки токочту алган учурда кубанычтан төккөн көз жашы да таразага коюлду. Ошол көз жаш таразада оор болуп олтуруп, эң аягында: "Ийгиликке жетти" – деген, үн угулду.
Жыйынтык: “Эч качан сооп иштерди кичинекей деп ойлобойлу. Мусулман бир тууганыбыздын жүзүнө карап жылмайып койгондугубуз да садака болуп эсептелет. Курманын жарымын садака кылып болсо да, тозок отунан өзүңөрдү сактагыла! !!”
#878 16 Апрель 2016 - 15:00
(Айдоочунун баяны)
Узаак жылдардан бери элдерди бир шаардан экинчи бир шаарга ташып иштеп келдим. Күндөрдүн биринде өз үй бүлөмдү алып, узаак бир сапарга чыктым, жол узун. Унаамды акырындык менен айдап бара жаттым эле, жолдун жээгинде бир унаа токтоп турганын көрдүм, айдоочусу колуна бөтөлкө кармап алып, ары - бери өткөн унаалардан бензин сурап жаткан экен. Бирок ал инсан үчүн эч бир унаа токтобой өтүп жатты. Аллах ыраазычылыгы үчүн токтодум да, 2 литрче бензин куюп бердим. Унаасынын арткы орундугунда эки жаш баласы да бар экен, менимче оорукчан окшойт. Бул инсан үчүн кылган жакшылыгымды унутуп жибердим да, жолго аттандым. Көздөгөн сапарыма да жетип келдик. Өзүбүзгө керектүү буюмдарыбызды сатып алдык да, кайра сапарга аттандык. Бензин кюуучу жерге келип карасам капчыгымда болгону 20 литр бензинге гана жетээр акчам калган экен. Алган буюмдарыбызды эсептеп көрсөк, бир аз ашыкча акча коротуп жибериппиз. Бирок алдыда бизди узаак сапар күтүп турчу. Болгон акчамды бердим да 20 литр бензин куйуусун сурандым. Унаасынын бакын толтуруп куюп бергиле- деген бир үн чыкты. Бензин сатуучунун директору экен. Мен тан кала, байке! бул эмне кылганыныз? деп четирээкке чакырдым. Аа, жөн гана ниет кылган болчумун, эртен биринчи келген унаанын бакын толтуруп бензин куюп берем деп ниеттенген болчумун. Бактыныз бар экен, сиз биринчи болуп келдиниз деди. Мен тан кала кайра сурадым. Байке бул эмне кылганыныз? Бензин куйуучу жайдын директору мындай деп сөзүн улады:
- Билесизби, менин бир иним бар болчу, узак сапардан келе жатып, унаасында бензини түгөнүп калып жолдо калып калган экен. Мага чалып, менин бензиним түгөнүп калды, жарым жолдо калып калдым,тез мага бензин жөнөтсөңүз болбойт деп айткан.... Арадан бир канча убакыт өткөн соң, кайра чалып, кабатыр албаныз бир жакшы инсан 2 литрче бензин куюп берди деп айтып калды. 2 жаш баласы оорукчан болчу, доктурга убагында жетип барышып балдарын аман алып калгандыгын айтты. Болбосо бир аз кечиккенде балдарынан айрылуусу мүмкүндүгүн айтты. Терең ойго батып ойлонуп көрсөм, жанагы мен 2 литр бензин куюп берген инсанды айтып жатат. Байке ал унаанын түсү мындай болчу ээ? Арткы орундугунда 2 жаш баласы да бар болчу ээ? Ооба сиз аны кайдан билесиз деп тан кала сурап калды. Байке ошол унаага 2 литр бензинди мен берген болчумун дедим. Көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаштар агып , Субхан Аллах! Аллахым кандай улук зат! деп мени кучагына кысып, көз жаш төгө баштады. Мен да өзүмдү токтото албай көз жаш төгө баштадым.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#879 16 Апрель 2016 - 15:06
Ойчул адамдардын бирине жаш жигит жанына келди. Салам айтып чөк тизелеп олтурду да, суроосун узатты:
- Таксырым, мен жөн жерден эле катуу сүйлөп келинчегимдин жүрөгүн оорутуп алдым, эми аны айыктыруунун жолу барбы? Жанатан көзүн жумуп, башын жерге салып олтурган карыя акырын башын көтөрүп, көзүн ачты да, жигитке суроо салды:
- Гүлгө суу куйсаң эмне болот?
- Гүлгө суу куйсам ал гүлдөп өсөт.
- Гүлдү жулуп алсаң эмне болот?
- Гүлдү жулуп алсам, ал куурап калат.
- Куурап калган гүлүңдү кайра жерге сайып койсоң эмне болот?
- Ал кайра өсүп чыкпайт, анткени ал куурап калган да. Анын акыркы жообунан кийин карыя бир аз жылмайды да, жигитке акырын шыбырады:
- Уулум, жүрөктү эч качан куураган гүлдүн абалына жеткирбе. Эгер жүрөктү оорутуп кууратып алсаң, ага канча суу куйсаң да кайра тирилбейт... ..
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#880 16 Апрель 2016 - 18:00
ТЕКЕБЕР БОЛУП КЕЛИП, КАРАПАЙЫМ БОЛУП КЕТҮҮДӨСҮҢ. ..
Индияга 17 жолу жортуул жасаган султан Махмуд Газнави Делиде аскерлери менен бара жатып үстүнөн түтүн булаган үйгө кирип калат.Ал үйдө азрети Абул Хасан Харкани шакирттери менен илим алуунун үстүндө алектенип жатып, султанга көңүл бурбайт. Султан болсо буга абдан ачууланып, бирок, билдирбестен ага кайрылат:
- Устаз?!
- Эмне болду?
- Устазыңыз Абу Йазид Бистами кандай адам болгон эле?
Абул Хасан Харкани устазынын атын укканда дароо жанданып:
- Устазым ушундай бийик зат болчу, эгер мусулман эмес бир адам жүзүн караган кезде ыйман келтирүү сыймыгына ээ болчу эле.
- Бул кандай кеп? Пайгамбарыбызды(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Жахил жана калган мушриктер көрүштү, бирок, ыйманга келбеди, сиздин устазыңыз жүзүн көрөр замат ыйманга келгидей Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) да жогору беле?
Анда олуя киши ушул жоопту берет:
-Абу Жахил жана калган мушриктер Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Талибдин жетими деген көз менен карашты, пайгамбар деп карашпады. Устазым Абу Йазид Бистаминин жүзүнө бир атеист же яхудий- бул азрети Абу Йазид Бистами деген көз менен карай турган болсо, ыйман келтирүү менен сыймыктанаар эле.
Бул жообу султанга жагат жана ыраазы болуп кайтат. Абул Хасан Харкани султанды сыртка чейин узатып чыгат. Махмуд Газнави буга таң калып суроо узатат:
- Сизге түшүнө албадым, келгенимде бетиме да карабадыңыз эле, азыр болсо сыртка чейин узатып жатасыз. Себеби эмне?
- Келген кезде текебердик менен ичке кирдиң, кетип жатканда карапайымдык менен кетүүдөсүң, азыр сулуулаштың.
Текебердик –адамдагы эң бир жаман сапаттардын бири,жупунулуктан эч ким кемибеген бу заманда!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.