Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор
#881 17 Апрель 2016 - 22:03
Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.
- Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?
- Уктайын деп жатам.
- Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.
Кароолчу:
- Мечиттен чыгып кет!
Имам Ахмад:
- Бир аз уктаганга уруксат берчи.
- Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” - деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын "Астагфиру Ллах" деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.
- Ооба. Көптөн бери.
- Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?
- Ооба.
- Кандай жемиш?
- Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.
- Ал кандай дуа эле?
- Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.
- Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#882 17 Апрель 2016 - 22:10
Омар Хайямдан сурашты:
-Эмне үчүн кедей жашагандар, бай адамдарга караганда ак көңүл болушат, байлар болсо өзү менен өзү болуп эле жүрө беришет?
-Сен мобу айнектин сыртын карачы, эмнени көрүп турасың?
-Эшикте балдар ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр.
-Эми бул күзгүдөн карачы, эмнени көрүп жатасын?
-өзүмдү гана көрүп турам...
-Көрдүнбү, бул экөөсү тең эле айнектен жасалган нерселер.Бирок, бирөөсүнө бир аз эле күмүш сүртүп койгону үчүн сен ал жерден өзуңдү гана көрүп калдың….
……………………………………………………………………………
Адам баласы да өз жашоо чыйырында колуна акча бир аз эле тийгенде көзүн «май басып», заматта кечээ эле көңүл бурган адамдардан жүзун буруп, өзүнөн башка өзгөнү көзгө илбей калаары абдан аянычтуу көрүнүш.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#883 22 Апрель 2016 - 08:10
uikuchu7 (17 Апрель 2016 - 22:10) жазган:
Омар Хайямдан сурашты:
-Эмне үчүн кедей жашагандар, бай адамдарга караганда ак көңүл болушат, байлар болсо өзү менен өзү болуп эле жүрө беришет?
-Сен мобу айнектин сыртын карачы, эмнени көрүп турасың?
-Эшикте балдар ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр.
-Эми бул күзгүдөн карачы, эмнени көрүп жатасын?
-өзүмдү гана көрүп турам...
-Көрдүнбү, бул экөөсү тең эле айнектен жасалган нерселер.Бирок, бирөөсүнө бир аз эле күмүш сүртүп койгону үчүн сен ал жерден өзуңдү гана көрүп калдың….
……………………………………………………………………………
Адам баласы да өз жашоо чыйырында колуна акча бир аз эле тийгенде көзүн «май басып», заматта кечээ эле көңүл бурган адамдардан жүзун буруп, өзүнөн башка өзгөнү көзгө илбей калаары абдан аянычтуу көрүнүш.
Омар хаямдын чыгармаларын кайдан табасын билсен айтып койчу
#884 22 Апрель 2016 - 09:54
#885 22 Апрель 2016 - 11:24
ЗАМАНДЫН ТҮБҮ ТЕШИЛДИБИ?
Аялдама...Аксакал отуруптур... Маанайы суз.Салам айттым.Алик алды.Оор ушкурунот... Абалын сурайын дедим.Тартындым. Ангыча озу соз баштады:" Замандын тубу тешилди,атанкору" -дейт.Эмне болду дедим.Алдап кетишиптир. Тапкан экен алдоочу кишини!Жуз доллурум бар эле дейт.Орусиядан баласы жонотуптур. Акча алмаштыргыч бала колунан алып ары кирип кайра чыгыптыр." Ата кечирип коюнуз,бизде акча жок экен,кийинкиге барыныз". ..Бала сылык суйлоду дейт.Акчаны алып кийинкисине барса,биз мындайды албайбыз дейт.Абышка тушунбой кийинкисине барат.Ал 40 сом карматыптыр. Эмнеге десе,сиздики 1 эле доллар эмеспи дейт.Корсо 100 долларын 1 долларга алмаштырып коюптур баягы шылуун.Кайра келсе башка бала отурат.Ары чуркаптыр,бери чуркаптыр... Бир милийсаны таап келдим дейт.Ал:"Эшиктен алмаштырган озунуз куноолуу" дептир.Ошентип, эки саат айланып кайра кайттым дейт.Эскирген баштыгы бош кайтыптыр.Копко турбады." Маршруткага салып кой"деди. Картайган эме чыкканча убакыт кетет дешеби,же анын акча берээрине ишенишпейби, айтор маршруткалар токтобой ото берет экен.Кол которуп токтоттум.Колтугунан жолоп чыгарып,айдоочуга тыйынын карматтым.Абышка ырахматын айтып кирип кетти...Конулу суз кетти.Менин да конулум чокту...Чын эле замандын тубу тешилдиби?
Заман акырына жакындап барат.Алдамайдын туру кобойду...Комурдун жарымы таш...Суттун жарымы суу...Картошканын сырты аппак,ичи капкара...
Заман акырына жакындап барат...Андымайдын туру кобойду...Бироонун чонтогун андыган адам...Автобуста эки колунду эки чонтогундон чыгара албайсын.Бироонун малын андыган адам...Бироонун креслосун андыган адам...Эптеп кетирип,отура калсам деген адам.Бироонун тошогун андыган адам...
Заман акырына жакындап барат...Чукумайдын туру кобойду...Бироонун айыбын чукуган адам...Качан туура эмес иш жасай койду экен...Бироонун куноосун чукуган адам...Бироонун жарасын чукуган адам...
Чындап эле,замандын тубу тешилдиби?Жок. Заманда куноо жок.Ошол эле кун...Нурун чачып турат...Ошол эле жер...Оодарылып кеткен жок...Ошол эле суу...Шыркырап агып турат...Ошол эле шамал...Акырын согуп турат...Адамдар гана башкача...Адамдардын туру такыр башка...
Заманды сокпогуло адамдар...Заманга шылтабагыла. .Озунорго карагыла...
Алайчы Сейитбеков
"Бейиш" гезитинен алынды
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 22 Апрель 2016 - 11:31
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#886 22 Апрель 2016 - 11:30
ЛЕВ ТОЛСТОЙ: «МЕНИ МУХАММЕД ЖОЛУНДАГЫ МОМУН ДЕП КАБЫЛ АЛУУҢАРДЫ ӨТҮНӨМ…»
Лев Николаевич Толстой гениалдуу орус жазуучусу, ойчул, ошондой эле орус тарыхына жана адабиятына зор салымын кошкон инсан. Бул адам бизге баарынан мурда жазуучу катары таанымал. Ал эми анын философиялык ой жүгүртүүлөрү, Кудай, рух, илим, сүйүү, жашоонун манызы ж.б., нерселерге болгон көз караштары тууралуу бизге анчейин деле тааныш эмес десек болот. Жашоонун маңызы, кулк - мүнөздүн идеалы, жашоо – тиричиликтин мыйзамы жана рухий жакырчылык, мына ушул тематика жазуучунун чыгармачылыгын аралап өтөт. 1870 – жылдан баштап жазуучунун өлүм, күнөө, тообо жана мамилелердин жаңылануусу багытында эмгектери көбүрөөк жарала баштайт. Анын стандарттан тыш чыгармалары орус коомчулугуна такыр түшүнүксүз болгон. Ал чиркөөдөн кетип анафемага берилген. Санаалаштары андан баш тартышкан. 1910 – жылы 81 жашында Лев Толстой «Астапов» станциясында кетип бараткан жолдо каза болот. Эмне үчүн улуу жазуучунун өмүрү ушундай болуп аяктады жана үйүнөн чыгып кай тарапка жол алган? Мүмкүн бул суроолорго жазуучунун кээ бир каттарынан жооп табылаар. Чиркөө тууралуу анын жазгандары: «Чиркөө туура жолду бурмалап, Исанын көрсөткөн туура жолуна каршы өмүр сүрүү менен адамдар туура жолдо өмүр сүргөндөй кылышкан. Акырында бутпарастардын жашоосунан да өткөн наадан күндөрдү кечирип жаткандыгы менен аяктаган. Ал эми чиркөө болсо ал нерсени актап – жактап, жада калса Исанын көрсөткөн жолу мына ушунда деп таңуулаган».
Март, 1909 – жыл Ясная Поляна. Мусулманга турмушка чыккан орус Е. Векилова аттуу айым балдары Ислам динин кабыл алуусун каалагандыктан ал Толстойдон кеңеш сураган. Жазуучу мындай деп жооп берген: «Ал эми менин Мухаммед жолубу же православбы деген тандоодо Мухаммед жолун артык көрүп, мындай кадамды жан дилим менен кабыл алам. Бул кебим таң калычтуу болуусу мүмкүн, христиан идеалдарын жана христиан окууларын мен анын эң алгачкы түпкү нускасын гана жогору койгон адам катары, мен үчүн Мухаммед жолу өзүнүн тышкы формалары боюнча чиркөөдөн жогору тургандыгынан эч кандай шек жок. Ошондуктан, эгерде адамдын алдында "Чиркөөнү кармануубу же Мухаммед жолунбу?" - деген тандоо турса, анда акылдуу адам, албетте, эч кандай күмөнү жок, өтө оор, түшүнүксүз Троица, күнөөлөрдү "жууп салуу", «ыйыктардын» жана алардын сүрөттөрү деген түшүнүктөрдү камтыган чиркөөнүн ордуна жалгыз Кудайды жана Анын Пайгамбарын тандайт». 15 март, 1909 – жыл Ясная Поляна Жазуучунун азаптуу изденүүлөрүнөн соң анын калыптанган көз карашын дагы да болсо, тагыраак көрсөткөн дагы бир катты мисал катары келтирсек: «Эгерде силер мени менен бир динде болсоңор, бул мени абдан кубантмак. Силер менин жашоомду көрмөксүңөр. Жашоонун ийгиликтери, башкача айтканда, байлык, атак – даңк менде жок. Менин досторум, үй – бүлөм да менден баш тартышууда. ..Либералдар жана эстеттер мени Н.В. Гоголь сыяктуу жинди, акылынан тайган деп ойлошсо, революционерлер жана радикалдар мистик, бийликтегилер зыян гана алып келген революционер, христиандар мени шайтан жана динбезер деп эсептешет. Албетте, мунун баары мен үчүн өтө оор… Ошондуктан мени Мухаммед жолундагы момун катары кабыл алуунарды өтүнөм, ошондо баары жакшы болот».
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#887 25 Апрель 2016 - 10:26
Мечиттин бузулуп калган кондиционерин оңдогон уста, жумуш акысын алуудан баш тартат. Андан анын себебин сурашканда: Энем, мечитке кылган кызмат акыңды алба! - деп осуят айткан дейт.
Кишинин апасына таң калып жатасыңарбы? . А мен болсо апасынын осуятын аткарган кишинин жакшылыгына таң калып жатам.
•••
Кичинекей кыз балмуздак салынган арабаны көрүп сажда кылат. Адамдар андан: Эмне үчүн сажда кылдың? - деп сурашат. Кыз: Апам кубанган кезде дайыма сажда кылаар эле - дейт.
Балага берилген эң жакшы тарбия - жакшы амалдарды аткарып, аларга үлгү болуу.
Балдарга туура, жакшы тарбия берүү, ар-бир ата-эненин милдети.
•••
Саалих пенделердин биринен: ʺЭмне үчүн сиз мечитке азан айтылаардан мурда барасыз? - деп сурашат. Ал: Азан капилетте калгандарга эскертүү үчүн айтылат, мен алардын катарынан болуп калбайын деп азандан мурда барам – деп, жооп берген экен.
•••
Бир кишиден: Эмне үчүн сиз дайыма мечитке коюлган суудан ичесиз, үйүңүздөн деле ичсеңиз болотко? - деп сурашат. Ал: Мечитке сууну койгон адам соопко ээ болсун деп, дайыма мечиттен ичем – деп, жооп кайтарат.
•••
Эгерде бирөөнүн айып-кемчилигин көрүп калсаң, аны сыр кылып сакта. Сактаганың үчүн соопко ээ болосуң. Ким Алла үчүн бирөөнүн кемчилигин жашырса, кыямат күнүндө Алла аны шерменде болуудан сактайт.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#888 25 Апрель 2016 - 17:18
ИТ МЕНЕН КОРОЗДУН ТИЛИ
Урматтуу Жалалиддин Руминин(аны Аллах Өз ырайымына алсын) "Маснави" аттуу китебинде мындай окуя баяндалат.
Күндөрдүн биринде бир адам Муса пайгамбарга(ага Аллахтын саламы болсун) келип:
-Эй, Калимуллах(Жараткан Аллах менен түзмө-түз сүйлөшкөн адам), мен үчүн бир дуба кылыңыз, жаныбарлардын тилин түшүнө турган болоюн, алардан өзүмө сабак алып, жакшы адам болоор элем, - деп өтүнөт.
Ошондо Муса (ага Аллахтын саламы болсун):
-Сен үчүн азыркы ушул абалың кайырлуу (жакшыраак), көтөрө албай турган жүктү аркалоого тырышпа .Кумурска деңизди ичем деп,какап кетип өлүп калуусу мүмкүн.Сен да ошол сымал тагдырдын жазганынан ашыкча үйрөнөм деп,кийин кеч болуп калбасын.Аллахтын Кудуретин берилген нерселер аркылуу эле таанып биле бергениң өзүңө эле жакшы.Жаратканга жүрөгүң менен байлан!Чын ыкластан аракет кыл,- деп жооп берди.
Бирок, алиги адам айткан сөздү укпай, кайтпай туруп алды:
-Эй, Муса, эмнең кетет? Жок дегенде эшигимдин алдындагы ит менен короозумдун тилин түшүнө турган болоюн,-деп жалынды.
Акыры Муса (ага Аллахтын саламы болсун) дуба кылды. Тигил адам кубанып үйүнө кайтты. Эртеси кызматчысы дасторкон даярдап жүргөндө колунан нан түшүп сыртка тоголонуп кетти. Короз жүгүрүп келип нанды чокуп жей баштайт. Аны көргөн ит:
- Эй, короз, кылып жатканың туурабы? Сен буудай, арпа да жей аласың, мен болсо нандан башка нерсе жей албайм. Сен эмне үчүн менин ырыскымдан жейсин? - деп корозго ачууланды.
Анда короз:
-Туура айтасың, бирок, сен ачууланба, эртең кожоюндун эшеги өлөт, ошондо сен да жакшылап тоесуң, – дейт.
Муну уккан адам дароо эшегин сатып жиберди. Эртеси эмне айтаар экен деп кайра ити менен корозун тыңшоого киришет. Ит корозду күнөөлөй баштайт:
-Эшек өлөт, менин курсагым тоет дебедиң беле?
-Эшек өлдү, болгону башка жерде өлдү. Бирок, сен эч ачууланба, эртең ат өлөт, чыныгы токчулукту ошондо көрөсүң, – дейт.
Кожоюн дароо атын сатып жиберди. Жаныбарлардын тилин билгени өзүнө пайдалуу болгонун ойлоду. Эртесин дагы барып, ит менен корозду тыңшайт. Ит дагы корозду жемелей баштаганда, короз:
-Мен калп айтканым жок. Эгер кожоюн аны сатып жибербегенде ал өлмөк. Бирок, сен эч кам санаба, эртең кожоюндун эң кадырлуу кызматчы кулу өлөт, элге аш берилет, баарыбыз тоебуз, –дейт.
Муну уккан кожоюн кызматчы кулун да сатып, кайра тыңшоого келет. Бул жолу ит катуу ачуулуу эле. Канча күндөн бери алданып жүргөнүн айтканда, короз:
-Мен калп айтпадым. Кул өлдү, бирок, башка жерде өлдү. Анткени, кожоюнубуз аны сатып жиберди. Бирок, андан эч пайда көрбөдү. Себеби, биринчи балээ эшегине келип, ошол аркылуу кожоюнубуз бул балээден кутулаар эле. Аны сатканында балээ атка келди. Атын сатканда балээ кулуна келди. Кулун да сатканы үчүн эми балээ өзүнө келди. Эртең кожоюнубуз өлөт, ошентип барыбыз тойобуз, – дейт. Муну уккан кожоюн өкүнүп, өз башын койгулады. Бирок, болоор иш болгон эле...Эмне кылаарын билбей,кайра Муса(Ага Аллахтын саламы болсун) пайгамбарга келип:
-Эй,Муса!Баарын артка кайтар,мен бул ашыкча жүктөн баш тарттым,-деп жалбарат.
-Сен арзыбаган акылың менен Жараткандын тагдырынан качып кетем деп ойлодуңбу?Мен сага “тагдыр” маселесине көп кызыга бербе,болгонуна топук кыл дебедим беле!Акылдуу адам ар бир иштин жыйынтыгын башында аңдай билет,ал эми акылсыз акырында гана чачын мыкчып отуруп калат.Ушунчалык соода ишинде кыйын экендигиңди көрсөттүң,анда эмесе өз жаныңды да пайдалуу наркка бычып,сатып жибер!
Муну уккан адам өтө кайгы-капага батат,бирок Муса пайгамбар(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз сөзүн мынтип аяктайт:
-Ок жаадан чыгып кеткен соң,кайтара албайсың.Болгону мен Мээримдүү Аллахтан сенин бул дүйнөдөн ыймандуу болуп кетүүңдү суранайын!
Чындап эле пайгамбардын дубасынын натыйжасы аркылуу ал киши жеңил жан берди.
Окуядан маалым болгондой,адам баласы шашкалактап кээ бир нерсени пайда деп билет,бирок артында зыян турганын сезбейт.Ал эми кээ бир нерсени зыян деп божомолдосо, ал нерсе сөзсүз пайдалуу болуп чыгат!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#889 26 Апрель 2016 - 15:35
#890 28 Апрель 2016 - 15:39
ОТПАРАС КАНТИП БЕЙИШТИК БОЛДУ
Рамазан күндөрүнүн биринде мусулман кварталында жашаган бир отпарастын кичине баласы орозолуу мусулмандардын арасында нан жеп жаткан эле. Атасы баласынын бул кылыгын көргөндө: "Балам, мусулмандардын арасында нан жегениң кандай? Алар бул күндөрдө орозо кармашат, бул күндөр алар үчүн мубарак күндөр, урмат көрсөтүү керек”, - деп эскертип, "Бар үйдө же”, - деп, баланы үйүнө жөнөтөт.
Бул окуядан бир нече жылдан кийин бул отпарас өлөт. Анын өлүмүнөн кийин ошол шаардагы бир мусулман түшүндө отпарас кишинин Бейиш бакчаларында жүргөнүн көрөт.
Таң калган мусулман киши отпараска мынтип кайрылат:
-Кандайча бул жакшылыкка ээ болдуң!?Биз сени отпарас деп тааныйт элек. Жадагалса, өлгөнүңдө жаназа намазыңды да окуган эмеспиз.
Отпарас өз кезегинде:
-Ооба! Туура айтасың. Мен отпарас болчумун. Бирок, бир күнү кичине балам мусулмандардын арасында алар орозолуу кезде нан жеп жатканын көрүп калдым. Өзүбүз орозо кармабасак да, баламдын алардын алдында нан жегенине уруксат бербедим. Мусулмандар урмат кылган нерсеге мен дагы урмат көрсөткөндүгүмөн Мээрими чексиз болгон Жараткан Аллах оору төшөгүмдө жатканымда мени мусулман болуу сыймыгына ээ кылды. Мусулман болуп өлгөндүгүм үчүн бул жакшылыкка ээ болдум,-деп жооп берген экен.
Эми бул бир отпарастын баяны,бирок өкүнүчтүү жагдай нечен деген мусулман бир туугандарыбыз Рамазандын келүүсүн күтүп,ага даярдык көрүп,казасыз тутуу бул жакта турсун,жеген тамагын жашырып жегенге жарабагандыгы. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, былтыр тутпай калсаңыз,азыртадан орозо тутууга ниет кылыңыз.Кылган ниетиңиз ишке ашпай калган чакта да,ниетиңиз үчүн сооп ала бересиз, Ин Ша Аллах!
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#891 28 Апрель 2016 - 20:22
Кеп анда эмес... Агасы дартка чалдыгып, кыймылдабай калганда, Москвада жашаган бир тууганына кабарлайын деп чалса, тигил:
- Кыйналбай, карылар үйүнө берип салгыла, - деген экен. Ошондо, биздин агабыз Юрий ачуусу менен:
- Карылар үйүнө силер, орустар бересиңер. Биз кыргыздар тууганыбызды таштабайбыз, - деп телефонду таштап салыптыр. 14 жыл оорукчан агасын багыптыр…
Демек, кыргыз - бул генетикалык эле нерсе эмес, а балким адамдын ички дүйнөсүдүр. Канчалаган адамдар аты кыргыз, бирок заты кыргыз эмес...!
Интернеттен алынды.
Билдирүүнү түзөткөн: KPACKA: 28 Апрель 2016 - 20:28
#892 29 Апрель 2016 - 15:00
Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: - Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңб? - деп кайрылып калды. - Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? - деди жаш жигит. - Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менин аялымды. Ал каалаганындай кийинип, каалаганындай бойонуп, бул жашоонун ыракатын түгөл сезип жашайт, – деп жанында жарым жылаңач болуп, шумдуктуудай боёнуп алган аялды көрсөттү. Ошондо жаш жигит автобустун терезесинен каршы-терши өтүп жаткан үстү брезент менен жабылган машинелерди көрсөтүп суроо салды. - Сиз бул унааларды көрдүңүзбү? - Ооба, анын эмнесине таң каласың, - деп корсоюп койду берки. - А булардын үстүн эмнеге чүмбөттөп койгонун билесизби? - Эми ал түшүнүктүү эле да. Бул унаалар бирөөнүн жеке менчиги да. Машинеси бузулбасын дейт. Же ичинде эмне алып баратканы көрүнбөсүн дейт. Мында таң кала турган эч нерсе жок го. - Анда эмнеге булардын арасында кетип бара жаткан автобустардын үстүн
эч ким жаап койгон эмес? - Ой, сен чын эле кызыктай немесиң го. Автобусту коомдук унаа деп коёт. Муну ким кааласа пайдаланат. Сен буларды айтып эмнени далилдейин деп жатасың деги? - деп түктүйө түштү алиги адам. Автобустун ичиндеги бардык жүргүнчүлөр бул экөөнүн кебин аста тыңшап, акыры эмне болуп бүтөт деп демдерин ичине катып келе жатышты. Жаш жигит эч тартынбай туруп: - Сиз түшүнсөңүз, менин келинчегим мен үчүн абдан кымбат адам. Мен бул кишини абдан сүйөм жана ага камкордук кылам. Аялымды бирөөлөрдүн шыкаалап карашына менин намысым жол бербейт. Ошондуктан жоолук салынып, уяттуу жерлерин жашырып жүрөт. Ал эми сиздин аялыңыз ар ким каалаган убагында каалаганындай пайдалана берчү коомдук автобуска окшоп турат, - деп жообун узатты. Мунун жообу көңүлүнө тык эте түшкөн жүргүнчүлөр жал-жал бурулуп тигил кишини карашты. Мындай жоопту күтпөгөн неме эмне дээрин билбей кызарып-татарып, оозуна талкан сугунгандай отуруп калды. Кургур, болбосо жаңы эле космостон сүйлөп акылдуу болуп отурду эле, мына эми, өзүн эле эмес, аялын кошо уят кылып таштады. Жубайы чолок этегин ылдый карай тартымыш болуп, жер карап гана отуруп берди...
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#893 02 Май 2016 - 13:40
Баласын уйлогонуно бир ай откон эне келинин жанына чакырды." Мен баламды 30 жылдан бери намазга тургуза албайт элем.Сен болсо 30 кундун ичинде эле буга жетиштин" коздору жашылдана тушту.
Кайын энесин сооротуп,акылдуу келин мындай деди:"Энекем, таш жана кен жонундогу окуяны уктунуз беле?
Чон жолдун так ортосунда откон-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон чон таш бар эле.Бир куну бир жолоочу аны майдалап,жолдон алып коюну чечти.Ал ташты куч менен уруп жатты.Бирок, 99 жолку соккудан кийин ал кишиден куч кетти.Ошол убакта,жанынан отуп бараткан киши ага жардамга келди да,керкини алып куч менен ташты урду.Таш майда болукторго болунду эле,анын ичинен бир кап алтын чыкты.Ташты майдалаган жолоочу айтты:"Ташты мен майдаладым. Алтын мага тийиштуу."
-Мен 99 жолу урганмын.Демек, менин да улушум бар"биринчиси кем калган жок.
Маселе чечилбеген сон,экоо казыга барышты.Аларды кунт коюп уккан казы биринчисине алтындын 99 болугун,ал эми экинчи кишиге 1 болугун берди."Эгерде бул 99 жолу урбаганда,сенин бир жолу урганындан эч кандай майнап чыкмак эмес"деди адилеттуу казы.
Сиз 30 жыл умут узбой баланызды намазга ойготтунуз. Менин бир жолку ойготконум да сиздин мээнетиниздин момосу"деп жооп берди акылдуу келин.
Интернет булактарынан которулду.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#894 03 Май 2016 - 14:40
"МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ "
Японияда болгон жер титирөөдөн улам куткаруучулар бир үй астында калган аялдын денесин табышты,аял сажда кылган сымал, жан берген эле.Куткаруучулар аялдын жанына жакын келип, жанында кимдир бирөө бар экенин сезишти.Бала, бала бар экен деп, кыйкырды кимдир бирөөсү.
Куткаруучулар чуркап келишти,алар таң калышты,аялдын жансыз денесинин алдында кичине төшөкчөгө оролгон үч айлык наристе, эч нерседен кабарсыз жатаар эле.Боорукер эне,үйдүн кулап атканын көрүп,наристесин далысы менен тосуп калган экен.
Куткаруучулардын бири наристени колуна алганда,ал эч нерседен кабарсыз уктаар эле.Тез арада жетип келген врачтар баланы кароо үчүн,төшөкчөсүн ачышканда,телефонго көздөрү түштү.Телефондун экранында жазылган жазууларды окуган ар бир адам, ыйлап жиберет эле.
Телефондун экранында ушундай жазуулар бар эле.
ЭГЕР ТИРҮҮ КАЛСАҢ,ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА "МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ БАЛАМ "!!!
ОО АЛЛАХЫМ, ДҮЙНӨДӨ ТЫНЧТЫК БЕР,ЭНЕНИ БАЛАДАН,БАЛАНЫ ЭНЕДЕН АЙРЫБАЧЫ! !!
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 03 Май 2016 - 14:41
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#895 04 Май 2016 - 14:32
ЖАРЫГЫНДЫ ЧАЧА БИЛ!
Бир адам соода кылуу максатында шаардын ичине дүкөн ачат. Ал адам соодага бүт дитин коюп, эч качан эч кимди алдабайт. Саткан тиричилик буюмдары да өтө кымбат эмес эле. Бул кылганы бат эле шаардын экинчи учуна, андан кийин башка шаарларга да жетти. Акырындап туруктуу кардарлары көбөйүп, башка шаарларга да дүкөн ачып, иштете баштайт. Жылдар өтүп, ар кайсы шаарда орун алган дүкөндөр тармагынын ээси болот. Ошентип, бул дүкөндөр тармагын башкарууну кайсыл баласына берүү керектигин ойлонот. Акыры балдарын чакырып: «Балдарым, эми силердин бирөөңөр ушул дүкөндөр тармагын башкарып калууңар керек. Бирок силер ага татыктуу экениңерди көргөзүшүңөр керек. Силер жүз сомдон акча алып, ага ушул үйдүн эң чоң бөлмөсүн толтура турган нерсе сатып алышыңар керек. Кечинде кимиңер тапшырманы так аткарып келсеңер, ошонуңар башкаруу укугуна ээ болосуңар», – дейт. Балдары бул чечимге макул болушат да, эртеси жөнөп кетишет. Кечинде атасынын алдына келишет. Биринчи уулу шаардын сыртындагы досунун чарбасына барып, жүз сомго эки боо саман сатып алганын айтат да, аны алып келип, бөлмөгө чача баштайт. Эки боо саман түгөнөт, бирок бөлмөгө толук жетпей калат. Экинчи уулу жууркан жасаган адамга барып эки жаздык сатып алганын айтат да, аны ачып, ичиндеги тооктун жүнүн чача баштайт. Бөлмөнүн ичи сапырылып, аппак болуп калат, бирок ал да бөлмөгө толук жетпей калат. «А сен эмне сатып алдың?» – дейт атасы, үчүнчү уулуна суроо салып. Ал: «Алгач бир эски дүкөнгө бардым, акчамды майдалаттым да, 50 сомун жетимдер үйүнө бердим, 20 сомун садака бердим. Он сомун өтө зарыл деп сурап келген досума карыз бердим. Калган 20 сомго болгону эки нерсе алдым: бир куту шереңке жана бир шам», – дейт да, ал экөөнү алып чыгып, шамды жагат. Ошол замат саманга, тооктун жүнүнө толбогон чоң бөлмө башынан аягына чейин жарык боло түшөт. Ошондо атасы баласына кайрылып: «Азамат, уулум, сен менин айтканымды толук түшүнүпсүң. Жашоодо акчаны, аны менен бирге башка нерселерди да максаттуу жана пайдалуу колдоно билүү керек. Бул дүкөндөр тармагын башкарууну сен колуңа аласың. Сен жашооңо жарык чачканды үйрөнүпсүң. Бул эң сонун!» – дейт.
Биз алган орунга караганда биз алган багыт орчундуу (Голмс).
Жумуш адамга пайда келтирген учурда гана көңүлдүү болот (У. Шекспир).
" Бактылуулук формуласы"
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#896 05 Май 2016 - 13:03
МАШИТА ХАТУНДУН ЫЙМАНЫ
Фараондун казына иштерин караган вазири жана бул вазирдин Машита аттуу бир жубайы бар эле. Фараондун кызына кызмат кылчу.Өзү Муса алейхиссаламдын динине ишенчү,бирок, муну жашырып,ибадаттарын да жашыруун орундачу.
Машита хатун бир күнү мончодо Фараондун кызынын чачын тарап жатканда тарагы жерге түшөт. Таракты жерден алып жатып байкабай Бисмиллах айтуу менен алат.Фараондун кызы бул сөзгө ачууланып мындай деди:
-Эй,кызматчы! Бул кандай сөз. Менин атамдан башка теңир барбы? Атамдын атын эмес башка бирөөнүн атын эмне үчүн айтасың?
-Ооба,балам, Аллах бар. Асман-жерди жана анын ичиндегилерди жоктон бар кылган, сени-мени, атаңды жана бардык макулуктарды жараткан бир Аллах бар.
Фараондун кызы бул сөздөрүнө ого бетер ачууланып айтты:
-Сени атама айтып барам. Өз оозуң менен тапкан жазаңды тартасың!
Укканын атасына айтып барат. Фараон Машита хатунга айтат:
-Сен менден башка теңирге ишенет экенсиң. Айтчы, менден башка жер жүзүндө теңир барбы?
-Эй, Фараон, сен өзүң дагы билесиң, сен илах эмессиң, алсыз бир кулсуң. Сени дагы жараткан – Аллах.Сен өткүнчүсүң, жок болосуң.Бирок, Аллах түбөлүктүү. Өткүнчү эмес. Муса алейхиссалам болсо Анын Пайгамбары.
Бул сөздөргө катуу ачууланган Фараон аны дароо өлтүрбөстөн ар күнү бир дене мүчөсүн кесип, башкаларга сабак болуусун каалайт.Алгач тырмактарын сууртат.Чачынан чатырга асылат. Камчы менен денесинен кан чыкканга чейин сабалат.Буларга карабай дининен эч кайтпаганын көргөндө Фараондун өчү күндөн күнгө күчөп,Машита хатунду бир бакка байлатат.Бири 5 жаштагы, экинчиси 5 айлык болгон эки наристе кызынын улуусун маңдайына алдырып келип мындай деди:
-Эй, Машита, мени теңир деп кабыл кыла турган болсоң сени эркиндикке чыгарам.
Машита кызынын жалооруган абалын, бир тараптан Фараондун абалын карады. Кийин:
-Мен бир гана жалгыз болгон Аллахка ишенемин, - деди.
Фараон колуна алган бычак менен 5 жаштагы наристенин кекиртегин энесинин көз алдында кести. Канын болсо Машитанын оозуна, бетине сүрттүрдү. Кийин кайра жаалы чыгып сурады:
-Айт, менден башка теңир барбы?
-Аллах бир, Аллахтан башка илах жок.
Бул жолу Фараон 5 айлык оролгон наристени алып келүүлөрүн буйрук берди. Алып келинген наристени энесине жакындатышканда сааттар бою сүт эмбей калган бала эмчек издей баштады.
Машита хатун биринчи наристесинин көргөн акыбетин ойлоду. Экинчи наристесинин дагы жырткычтык менен союлуусуна эне катары чыдап тура алмак эмес, акыры чечимин чыгарды. Фараонго «Раббим сенсиң» деп айтып, бирок, көңүлүндө ишенбей турган болду. Дал «Раббим сенсиң» дей турчу кезинде ымыркай наристе тилге келип мындай деди:
-Жок, апа, жок! Сабыр кыл! Раббим сенсиң дебегин! Ыйманыңан эч кайтпа. Фараонго ишенбе! Мен үчүн, эжем үчүн, сен үчүн Аллахтын Жаннатта даярдаган ордубузду көрүп турам. Ал орунда сага кызмат кылуу үчүн айланчыктап тегеренип жүргөн хурилерди көрүп жатам.
Фараон жана ошол жерде карап тургандар бул сөздү угушту. Тообо кылуунун ордуна ого бетер ачууланган Фараон 5 айлык наристени дагы дароо кекиртегин кестирди.Бирок, бул жолу Машита хатун ыйлабастан, күлүмсүрөп жаткан эле.Кызы көргөндөрдү эми ал дагы көрүп жаткан эле. Өлүмүнүн дароо келүүсүн арзуулап жатты.Фараон күйөөсү менен Машита хатунду жана наристесин кайнаган казандын ичине ыргыттырды. Бирок, ошондо да өчү тараган жок.
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#897 06 Май 2016 - 12:12
#898 07 Май 2016 - 23:47
Чон ата менен небере тоодо жашашчу.Ар танды Аллахтын китеби Куранды окуу менен башташаар эле.Небере чон атасы эмне кылса,кошо аткарып журду.Бир куну ал сурады:
-Атаке,мен Куранды окуп жатам.Бирок, маанисин тушунбойм.Мен билбеген тилде жазылса,окуганымдан кандай пайда?
Коломтого от жагып жаткан ата небересине комур салган идишти карматты да:"Дарыяга барып,бул идишке суу толтуруп кел-"деп буйруду.
Элпек небере дарыяга барып,идишке суу толтурду.Бирок, идиш бутун болбогондуктан, чон атасына келгенге чейин суу тогулуп бутту."Сууну толтуруп,чуркап кел"-деп буйруду чон ата.Бала канча аракет кылганы менен идиште суу калбайт эле.
-Кордунбу,чон ата.Барибир пайда жок.Андан коро чакага эле алып келейинчи" -деди чарчаган небере.
-Сен муну пайдасыз дейсинби?Идишке карачы-деди чон ата.
Бала идиштин ичи да,сырты да тазарып калганын корду.
-Балам,кордунбу? Комур салган идиш капкара эле,ал тазарды.Сен да Куран окуп жатканында журогун ар кандай кирлерден тазарат.Жашоон озгорот.Мына- ушул Куран окуунун пайдасы!
Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 07 Май 2016 - 23:50
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#900 11 Май 2016 - 09:12
Чындыгында катачылык, жаңылышуу жана унутчаактык - адамдын табиятындагы бар сыпаттардан. Көбүнчө адамга жаман сыпаттар - өзү сезбеген абалда жугуп, анда калыптанып калат. Ал жаман сыпаттардын себебинен, пенде Аллахка күнөө кылат. Аллахтын газабына дуушар кыла турган күнөөлөрдү текеберлигинен, нафсисинин каалоолоруна эрчигендигинен улам кылып алат. Ошондой эле адам - Аллахтын азабын унутуп кечиримине таянып алуусунан жана кылган иштеринде адамдарды ыраазы кылам деп Аллахтын каарын келтирген күнөөлөрдү жасап коёт. Чындыгында Аллах Таала ыйык Куранда, бир нече жерде кунөөкөрлөрдү эскерип жана алардын азабын айтып өткөн. Ошол күнөөкөрлөр менен бирге эле, тообо кылгандарды жана жакшы иштерди кылгандарды да эскерген. Ошондой эле күнөөкөрлөрдүн арасынан күнөөлөрүнө тообо кылып, жакшы иш-аракеттерди кылгандар, күнөөкөрлөрдүн катарында эмес экенин дагы баяндаган. Бул да болсо Аллахтын берешендигинен, даанышмандыгынан жана кечириминин кеңдигинен кабар берет. Ушул жерде окурман адамда суроо туулушу мүмкүн: “Аллахтын ыраазычылыгына, кечиримине жетүү үчүн жана Аллахтын бейишине кирүү үчүн, кантип кунөөлөрдөн кутулууга болот?!” Жообун бул макаладан толук түрдө таба аласыз.
1) Аллахка тообо кылып кечирим суроо
Аллахка тообо кылып, кылган күнөөлөргө кечирим суроо – күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө биринчи кадам болуп саналат. Тообо кылуу – Аллах үчүн болгон чын ыкластуулукту талап кылат. Ошондуктан сен билгин! Тообо кылууңдан негизги максат - тообо кылып жалгыз Аллах Тааланын ыраазылыгын табуу. Аллахтын кечиримине жетүү. Эгерде сенин тообоң чыныгы тообо экендигин билгиң келсе, анда сен кылган күнөөлөрүңө канчалык деңгээлде өкүнүп жатканыңа кара. Эгерде сен күнөөлөрүңө чындап өкүнүп жаткан болсоң, анда сенин тообоң чыныгы тообо экенин билгин. Ал эми кылган күнөөлөрүңө өкүнбөгөн болсоң, анда сен өзүңдү жакшылап карап чык. Аллахка дуба кылып: жүрөгүңдү жумшартуусун сура. Куфрлукту, бузукулукту, күнөө кылууну сага жек көргөзүүсүн жана туура жолдогулар менен бирге кылуусун сурагын.
Өзүңө суроо бергин! "мен күнөөлөргө кайтпоо үчүн канчалык деңгээлде чечкиндүүлүк кылдым?!- деп. Сен тообо кылдым деп алып, жүрөгүң күнөөгө болгон сүйүүсү кала берсе, күнөөгө кайтууга жүрөгүң даяр болсо, анда бул Аллах менен болгон адепке туура келбейт. Эгерде Аллах сенин жүрөгүңдөн жакшылыкты көргөн болсо, анда сени Өз буйругу менен туура жолго салып, тообоңду кабыл кылат. Туура жолго салып, түз жүрүүгө ийгилик берет. Күнөөлөрүңдү, каталарыңды кечирет. Ошондуктан сен ар дайым истигфар айтып жүрүүгө бекем бол. Себеби Аллахтан кечирим суроо – күнөөлөрдүн жана каталардын кечирилүүсүнө карай жол болуп эсептелет. Бул үммөттүн улуу пайгамбары, адамдардын эң жакшысы Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам) күнүнө жетимиш иреттен ашык Аллахтан кечирим сурайт эле. Ал эми күнү-түнү күнөө кылган биз кантебиз? Эгер жогоруда айтылган сөздөр түшүнүктүү болгон болсо, анда Аллахка тообо кылып, ниетиңди “Аллах үчүн” - деп түздө. Өтүп кеткен нерселерге өкүнүп, күнөөгө кайра кайтпоого чечим кылгандан кийин Аллахтан көп-көп кечирим сура.
2) Укуктарды өз ээлерине кайтар.
Күнөөлөрдүн эки түрү бар: Алардан Аллахтын акысына байланыштуу жана адамдардын акыларына байланыштуу. Аллахтын акысына байланыштуусу: намаз окубай койуу, орозо кармабай койуу сыяктуу. Ал эми адамдардын укуктарына байланыштуусу: гыйбат кылуу, уурдоо, адамдын өмүрүнө кол салуу ж.б. өзгөгө зыян тийгизген күнөөлөр. Ушул пенделердин укуктарына байланышкан күнөөлөрдө, Аллахтан кечирим сурап, тообо кылуу менен чектелүү, жетиштүү болбойт. Ал укуктарды өз ээлерине кайтарып берүү керек. Мындайча айтканда: уурдаган акчаңды ээсине кайтарып, андан кечирүүсүн сурап, өтүнүүң керек. Кылганыңа өкүнүп, бул күнөөгө кайра кайтпоого бекем болууң керек. Мына буларды аткаруу менен Аллах күнөөлөрүңдү кечирет.
3) Жакшы иштерди аткаруу
Аллах Таала ыйык китеби Куранда айтат:
"Чынында жакшылыктар – жамандыктарды (күнөөлөрдү) кетирет". (Худ сүрөөсү, 114-аят)
Ошондой эле Аллахтын элчиси (саллаллаху алайхи ва саллам) да эгерде адам жаман иш кылган болсо, анын артынан эле жакшы иштерди кылууга буйруган. Жакшылык жамандыкты өчүрөт. Эгер Аллах Таала күнөөлөрүңдү, жамандыктарыңды кечирүүсүн кааласаң, анда Аллахты ыраазы кыла турган амалдардын баарын кылууга жана жамандыктарды өчүрө турган амалдарды аткарууга жанталашып умтулгун.
Жакшы амалдарды төмөнкү амалдар камтыйт:
1. Аллахты зикир кылуу
Аллах Таалага алкыш айтуу жана анын элчисине салам-салаваттарды жолдоо, Аллахтын ырайымынан куулган шайтандан Аллахтын коргоосун суроо, эрте менен кечки зикирлерди калтырбай айтып жүрүү.
2. Жакшылыка буйруп жамандыктан тыюу
Чыныгы эр жүрөк мусулман – адамдарды жакшылыка буйруйт жана адамдардын жакшы иштерине баа берет. Адамдарды жаман иштерден тосот. Аларды даанышмандык менен тыйып, аларга баардык иште үлгүлүү өрнөк болуп берет.
3. Куран окуп туруу
Куранды үзгүлтүксүз окуп туруу – Пенденин чоң соопко жетишкен негизги жакшы амалдардан болуп саналат. Ар бир окуган тамгасы үчүн көп соопторду алат. Пенденин ар бир кылган жакшы ишинин себебинен анын каталары жана күнөөлөрү кечирилет. Эми ар дайым куранды окуп жүрсө канчалык чоң соопко жетишет деп ойлойт элең?
4. Туугандык карым-катнашты үзбөө
Аллах жана анын элчиси туугандык карым-катнашты үзбөөгө буйрушкан. Туугандык карым-катнаштагы адамдар, сени менен алардын ортосунда жакын туугандык байланышы бар адамдар. Алар сени менен мамиле кылса да, кылбаса да, алар сенин туугандарын болуп саналат. Туугандык карым-катнашты үзбөгөндөргө Аллахтан чоң сооп-сыйлыктар берилет. Ал эми туугандык карым-катнашты үзүү Аллахтын каарына калууга жана жер бетинде бузукулук болуп кетүүсүнө себеп болот. Билгин! Аллах туугандык мамилесин үзбөгөн адамды өз мээриминен үзбөйт. Ал эми ким ал мамилени үзгөн болсо, анда Аллах аны өз ырайымынан үзөт.
5. Садака беруу
Садака – Аллахтын каарын кетирүүчү амалдардан болуп саналат. Адам баласы ал себеп аркылуу чоң сооп-сыйлыктарга жетишет, ошондой эле күнөөлөрү кечирилет.
6. Башкаларды кечире билүү
Аллах сени кечирүүсүн каалаганыңдай эле башкаларды да кечире бил. Кылган каталарын билбей кылгандыр деп жакшы ойлорду изде. Анткени Аллах Таала адамдарды кечире билгендерге чоң сооп берилерин жеке өзүнчө эскерген.
7. Ата-энеге жакшылык кылуу
Аллах өзүнүн ыраазычылыгын ата-эненин ыраазычылыгына байлаган. Эгерде ата-энеңе жакшылык кылып, кызматында болсоң, анда Аллах сенден ыраазы болот, сен ушундай соопко ээ болосуң жана ал себептен Аллах сенин күнөөлөрүңдү кечирет.
8. Орозо тутуу
Орозо Аллахтын алдында эң сүйүктүү ибадаттардын бири болуп эсептелет. Ошондуктан, ар бир хижрий айдын 13-14-15 күндөрү жана ар бир аптанын биринчи менен төртүнчү күндөрү орозо тутууга бекем бол.
9. Адамдарга жакшылык кылуу
Жакшылык кылуу – бул ар бир адамга жакшылык кылуу, жадагалса сага жамандык кылган адамга дагы жакшылык кылууңду талап кылат. Жакшылык кылуу ыйман даражаларынын эң жогорку даражасы. Аллах таала адамдардын арасынан өзгөчө жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт. Өзүнүн алдында алардын даражаларын бийик кылат.
4) ЖАКШЫЛАР МЕНЕН ДОСТОШУУ
Жакшы достор – тек гана жакшылыктарды кылууга, кандай гана күнөө болбосун аны таштоого жана андан мүмкүн болушунча алыстоого көмөктөшөт. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алайхи ва саллам) жакшылыка чакырган жакшы адамдардын арасында отурууга буйруган. Солих адам менен отурууну атыр саткан адам менен отурганга окшоштурган, себеби ал адамдан болбой калды дегенде жагымдуу жыпар жытынан пайдаланат. Демек, ал дос Аллахтын ыраазычылыгына жетүүңө, күнөөлөрүңдөн кутулууга көмөктөшөт, ошондой эле ал сени жакшы нерселерди кылууга, жакшы амалдарды аткарууга кызыктырат. Жакшы амалдардын себебинен Аллах күнөөлөрдү кечирет. Дагы да жакшы дос күнөөгө ооп баратканыңды көрсө тыят, сага Аллахтын азабын эстетип турат. Ал сени ушундай күнөө иштерди кылып коюуңдан тоскон бекем тосмо болуп берет. Аллах Таала Өзү үчүн бири-бирин жакшы көргөндөргө чоң сооп-сыйлык берүүсү менен өзгөчөлөгөн жана эч бир көлөкө болбогон кыямат күнүндө ал адамдарды Аллах Таала Өз көлөкөсүнө алат.
Ал эми жаман досту Аллахтын элчиси (саллаллаху алайхи ва саллам) көөрүк үйлөгөн кишиге окшоштурган. Себеби аны менен болсоң, же кийимиңди күйгүзөсүң, же андан жаман жыт табасың. Жаман дос терс таасирин гана тийгизет. Көпчүлүк учурда сени күнөөгө үгүттөп, аны сага кооз көрсөтүп койот. Убакыт өтүп кийин ал нерсеге өкүнөсүң. Өзүңдү эсеп-кысапка алып көрсөң, ал досуңдан текеберликти, акыйкатты кабылдабаган көктүк гана артканын байкайсың. Андыктан жакшылап досторуңа кара, алар биринчи эскерген жакшы достордонбу же кийинки айтылган жаман достордонбу? Анткени адам досуна карап бааланат.
Акыр аягында баардык адам ката кетирүүчү экенин эсиңден чыгарба. Ар бир адам күнөөлөрүнөн тообо кылып, Аллахтан дайым кечирим сурап туруу керек. Аллахтан кечирим суроо жана чын ниеттен тообо кылуу – күнөөлөрдөн арылуунун эң негизги шарты. Адамдардын акыларын өз ээлерине кайтаруу, Аллахты көп зикир кылуу, куран окуу, адамдарга жакшылык кылуу деген сыяктуу жакшы амалдарды аткарууга бекем бол. Жакшылык иштерге жардамдашып, жаман иштерден тыйган солих достор менен ар дайым бирге болгонго аракет кыл!