Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#901 Пользователь офлайн   asefsa   11 Май 2016 - 10:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Колун дарт корбосун Чырагым! Ушундай насааттардан коп коп жазып тур. Алла ыраазы болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#902 Пользователь офлайн   chyragym   11 Май 2016 - 17:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мухаммад Пайгамбарыбыздын суноттору.
1. Ачык калган тамактын устун жабуу керек. 2 Дасторконго отурардан мурда кыяланында ашказанды 3 ко болуу. 3/1 тамака 3/1 сууга 3/1 болугу абага. 3. Тамакты алдынан жеш керек тамактын ортосунда береке жаап турат. 4. Каткырып азуу тиштерди коргозуп кулбоо. 5 Намазды жамаат м.н окуу 6. Дуба кылганда эки колду бириктирип каштын сызыгына чейин которуу (баш оруусуна даба болот) 7 Жума кундору фарз болбосо да гусул дааратын алуу. Эгер шарт жок болсо, эч болбосо чачтарын жуу жыпар жыт коюу, садака беруу ак кийим кийуу, наски болсода, тырмактарын алуу. 8. Тамагына тушкон чымын чиркейди толугу менен салып туруп андан кийин алып таштоо. (Себеби алардын бир канатында уу бир канатында шыпаа бар). 9 Баш ооруганда жолук менен катуу байлоо. 10. Коноко бир стакан суу болсо дагы беруу, болбосо этту тамак менен сыйлоо. 11 Ар бир ишти Биссмилла менен баштоо. 12 уйдон чыгарда кузгуго каранып, дубасын айтып чыгуу. 13. Сейдана (черный тимень) жегенге аракет кылуу. Олумдон башкасына баарына даба деп Пайгамбарыбыз айткан. 14. Дасторкондо отурганда сол бутту сол сандын тубуно, он бутту курсака тийгизип тизе бугуп отуруу. 15. Ашкабак жегенге аракет кылуу себеби Пайгамбарыбыздын эн суйгон тамагы ашкабак болгон. 16. Белек беруу суйууну кучтондурот деп Пайгамбарыбыз айткан. 17 ачка болгонго чейин дасторконго отурбоо керек отургандан кийин толук тойбостон туруу. 18. Тасби тартканда бармактар менен тартуу. ( Медицинада бармактарга гимнастика кылуунун эн жакшы методу). 19. Каалганы ким каккан болсода бош кайтарбоо, бир курма болсо да беруу. 20. Аялдар рукуда тизесин бир аз бугуу. 21. Азан окулуп жатканда артынан кайталоо. 22. Тошоко шейшеп салып жатуу. 23. Тунку кийимди чечкенде буктоп коюу. 24. Жатаарда даарат алып дуба окуп жатуу. 25. Кун чак туш болгондо бир аз болсо да уктоо. Бул уйку кайлулс деп аталат. 26 Жатардан мурда козго сурма суртуу, коз ооруларына шыпаа болот. 27. Суйлоп жатканда адамга аркасын салбоо. 28. Оорулуну зыярат кылуу же болбосо шорпо бышырып баруу. 29. Даарат канага кирерде сол бут менен кирип он бут менен чыгуу. 30. Даарат канага киргенде башка бир нерсе кийип кируу. Себеби сийдиктин составында чачты тушуро турган микробдор бар. 31. Даарат канада тукурбош керек суйлобош керек тамак жебеш керек жана батыраак чыгыш керек
Мусулман бир туугандар ушул сунотторду кобуроок жасаганга аракет кылал
••
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#903 Пользователь офлайн   chyragym   11 Май 2016 - 17:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бир аял үйүнүн алдында ак сакалдуу үч абышканы көрүп калат. Сырткы көрүнүшүнөн жол жүрүп, чаңкап, чарчап турганын сезген аял аларга: ʺЖолоочу көрүнөсүздөр, курсагыңыздар да ач болсо керек, үйгө кирип даам татып кетиңиздерʺ - дейт. Алар: ʺҮйдө кожоюнуңуз барбы?ʺ - деп сурашат. Аял: ʺЖок, жолдошум жумуштаʺ- деп, жооп берет. Абышкалардын бирөөсү: ʺЭгер жолдошуңуз үйдө жок болсо, анда биз үйүңүзгө кире албайбыз, күйөөңүз келгенче күтө туралыʺ - дейт. Кеч кирип күйөөсү жумуштан келген соң, аялы болгон окуяны күйөөсүнө айтып берет. Окуяны угаар замат аялына: ʺYч абышканы чакырып кел, конок кылалыʺ- дейт. Аял эшике чыгып, абышкалардын үйгө кирүүсүн суранат. Абышкалардын бири: ʺКызым, мунун аты ʺИйгиликʺ, тигинин аты ʺБайлыкʺ, а менин атым болсо ʺЫнтымакʺ - деп, өздөрүн тааныштырат да, бир учурда үчөөбүз тең үйүңөргө кире албайбыз, бирөөбүздү гана тандай аласыңарʺ- дейт. Аял үйгө кирип күйөөсү менен кеңешет. Күйөөсү: ʺБайлыкты чакыралы, үйүбүзгө байлык келсинʺ- дейт. Аялы болсо күйөөсүнүн тандоосуна кошулбай ийгили кти киргизелиʺ - дейт. Экөөсүнүн бир чечимге келе албай жатканын угуп турган келини: ʺЫнтымакты киргизсек туура болбойбу?ʺ - деп, сунуш киргизет. Күйөөсү: ʺКелиндин оюна кошулам, келгиле анда ʺЫнтымактыʺ чакыралы, бизге сыйлуу конок болсунʺ - дейт. Аялы эшигин ачып: ʺСиздердин кимиңиздер ынтымак?, үйгө кирип конок болуңузʺ- дейт. Ынтымак ордунан туруп үйгө кире баштайт, артынан ийгилик да, байлык да үйгө кирет. Аял таң калып: ʺМен ʺЫнтымактыʺ эле чакырбадым беле, силер экөөңөр эмнеге кирип жатасыңар?ʺ - деп сурайт. Байлык: ʺЭгер мени гана чакырганыңарда, мен гана кирмекмин да, тиги экөөсү сыртта калмак. Эгер ийгиликти гана чакырганыңарда, ийгилик гана кирип, мен жана ынтымак сыртта калмакпыз. Бирок сен ʺЫнтымактыʺ тандадың, ынтымак кирген үйгө, ийгилик да, байлык да киретʺ - дейт, анткени ʺЫнтымакʺ бар жерде ʺИйгиликʺ да, ʺБайлыкʺ да болот.
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#904 Пользователь офлайн   uikuchu7   11 Май 2016 - 18:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек



Ибрахим Ибну Адхам Басра шаарындагы базарлардын бирөөсүндө баратса элдер жыйналып: «О Ибрахим! Алла Таала Куранда: «Мага дуба кылгыла, дубаңарды кабыл кылам «- деп убада берген. Биз көп убакыттан бери дуба кылабыз бирок, дубабыз кабыл болбой жатат. Анын себеби эмнеде? — деп сурашты.

Ибрахим Адхам: «Оо Басра эли! Он нерсе себебинен жүрөгүңөр катып калган. Ошол себептен дубаңар кабыл болбойт»- деп жооп берди.
1. Силер Аллахты тааныйсыңар бирок, буйруктарын аткарбайсыңар.
2. Куранды окуйсуңар бирок, ага амал кылбайсыңар.
3. Пайгамбарды сүйөм дейсиңер бирок, сүннөттөрүнө ээрчибейсиңер.
4. Шайтанды душманыбыз дейсиңер бирок, шайтандын жолун жолдойсуңар.
5. Бейишке кирүүнү эңсейсиңер бирок, бейишке алып баруучу иш-аракеттерди аткарбайсыңар.
6. Тозоко түшүп калуудан коркосуңар бирок, өзүңөрдү-өзүңөр тозоко ыргытасыңар.
7. Өлүм акыйкат дейсиңер бирок, ага даярдык көрбөйсүңөр.
8. Мусулман бир туугандарыңардын кемчиликтерин издейсиңер бирок, өзүңөрдүн кемчиликтериңерди көрбөйсүңөр.
9. Аллахтын нээмат кылып берген ырыскысын жейсиңер бирок, шүгүр кылбайсыңар.
10. Өлүктөрүңөрдү көмөсүңөр бирок, андан ибарат сабак албайсыңар.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#905 Пользователь офлайн   uikuchu7   11 Май 2016 - 18:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЭШЕККЕ ТЕҢЕЛБЕ!


Эшек менен түлкү талашып калышыптыр. Алардын талашы лимон жөнүндө болчу. Түлкү:
-Лимондун түсү сары,- десе эшек:
-Жок ,карамтыл, дейт экен. Экөөсү көпкө тартышып, акыры арстандан сурамай болушуптур. Алар экөө арстандын алдына келип лимондун түсү кандай деп суроо узатышат. Арстан түлкүдөн:
-Сен кандай деп жатасың?-деп суроосуна суроо менен кайрылат.
Түлкү:
-Мен анын түсү сары деп жатамын,-деген экен.
Анан арстан эшекке кайрылып:
-Сенчи ,эшек?-деп сураса, эшек:
-Мен аны карамтыл деп жатамын,- деп жооп бериптир. Ошондо арстан бир саамга ойлонуп туруп:
-Эшек туура айтат, лимондун түсү карамтыл,- деп чечкиндүү кесе жооп бериптир.
Анан эшек чунаңдап, түлкүгө карап бой көтөрүп, көрдүңбү дегенсип дардайып басып кетиптир.
Түлкү арстанга:
-Анын түсү сары го,- деп жалдырап карап калат. Анда арстан:
-Туура,- дептир.
-Анда неге карамтыл деп эшектикин туурага чыгардыңыз ,окумдарым?- десе,арстан:
-Өзүңдө да бир айып бар, ошондуктан!
-Ал эмне айып экен?
-Эшекке теңелгендигиң !-деп, аны теше тиктептир.

Тыянак: ТҮЛКҮДӨЙ КУУ, АКЫЛДУУМУН ДЕСЕҢ ДА ЭЧ КАЧАН ЭШЕККЕ ТЕҢЕЛБЕ!

ЭГЕР СЕНИ ЭШЕК ТИШТЕСЕ, СЕН ДА АНЫ ТИШТЕБЕ!

АНТКЕНИ АЛ ЭШЕК,А СЕН БОЛСО АДАМСЫҢ!


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#906 Пользователь офлайн   uikuchu7   11 Май 2016 - 20:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ЖАКШЫ CӨЗ

Күндөрдүн биринде падыша жан-жөкөрлөрү менен шаарды кыдырып жүрүп, жашы токсонго чыгып калган дыйкандын зайтун дарагын отургузуп жатканын көрүп калды. Падыша абышкага: "Эмне үчүн зайтун дарагын отургузуп жатасыз, бул дарак мөмө бергенче жыйырма жыл керек болот, а сиздин жашыңыз болсо токсонду таяп, ажалыңыз да жакындап калыптыр" -деди.
Карып калган дыйкан: "О, падышам! Ата-бабаларыбыз бак-дарак отургузду, мөмөсүн биз терип жедик. Биздин урпактарыбыз да мөмөсүн жесин деп дарак отургузуп жатам"-деп жооп берди.
Падыша: "Эң жакшы сөздү ушул абышка айтты, алтын бергиле!" -деп аскерлерине буйрук берди.
Абышка акчаны алаары менен жылмайып койду.
Падыша: "Эмне үчүн жылмайып жатасыз? "-деп сурады.
Абышка: "Зайтун дарагы жыйырма жылдан кийин мөмө берет, а менин дарагым азыр эле мөмө бере баштады"- деди.
Падыша: "Бул абышка дагы эң жакшы сөздү айтты, дагы алтын бергиле!" -деди.
Абышка акчаны алып кайра жылмайып койду.
Падыша таң калып: "Эмне үчүн жылмайып жатасыз?" -деди.
Абышка: "Элдин багы жылына бир эле жолу мөмө берсе, а менин дарагым эки ирет мөмө берди"-деди.
Падыша: "Бул абышка дагы эң жакшы сөз айтты, дагы калган алтынды бергиле "-деп аскерлерине буйрук берди да абышканын жанынан шашкан бойдон кетип калды.
Аскер башчы: "О, падышам! Эмне үчүн абышканын жанынан шашкан бойдон кетип калдыңыз?" -деп сурады.
Падыша: "Абышканын жанында таң атканча отурсам бардык акча түгөнүп, абышканын алтынга тете жакшы сөздөрү түгөнбөйт болчу"-деп жооп берди...

"Жакшы сөз, жакшы иш, жакшы мамиле дайыма мөмөсүн берип турат".


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#907 Пользователь офлайн   chyragym   12 Май 2016 - 11:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ!


Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#908 Пользователь офлайн   chyragym   12 Май 2016 - 11:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 18 Апрель 16
  • Соңку аракети: 03 Фев 2021 10:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Узуууун болсо кетпейби? баш жагы чыгып эле аягы чыкпай калып жататго
Жондоолор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#909 Пользователь офлайн   uikuchu7   12 Май 2016 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

chyragym (12 Май 2016 - 11:13) жазган:

Узуууун болсо кетпейби? баш жагы чыгып эле аягы чыкпай калып жататго


Кандайдыр бир супердин смайлигинен башка смайликтер, же белгилер болсо кетпейт ушунтип.

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#910 Пользователь офлайн   Oceana   12 Май 2016 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

ЭҢ ДАМДУУ НАН.


Элүү жыл чогуу жашаган бир үй-бүлө бактылуу
өткөн өмүрүнө саресеп салып, элүү жылдыгын
белгилейт. Эртеси эртең мененки тамакта аялы
ойлонот:
– Мына, элүү жылдан бери абышкама нандын
кытыраган эң даамдуу жерин – сыртын берип
келатам. Мен аны канчалык жакшы көрсөм да,
аны абышкам жесин дейм. Бүгүн аны өзүм
жейин.
Ошентип, нандын үстүндөгү катуу, кытырак
жагын май сүйкөп өзүнө алып калат да, экинчи
жагын күйөөсүнө берет. Бирок, анын
күткөнүндөй болбойт. Күйөөсү аябай сүйүнөт
да, анын колунан өөп туруп мындай дейт:
– Сен бүгүн мени кандай гана бактылуу
кылдың! Мына, элүү жылдан бери мен нандын
эң даамдуу жерин – астыңкы бөлүгүн жей элек
элем. Мен ал даамдуу жагы сага калсын деп,
сен үчүн андан баш тартып келген элем. Эми
сен мага бүгүн ошол даамдуу жерин берип
отурасың.
Адам жакын адамы үчүн көптөгөн жакшы
нерселерди кылат, андан эч нерсесин аянбайт.
Ал гана эмес, жакшы көргөн нерселеринен,
ишинен баш тартышы мүмкүн. Бирок, бир
нерсени эске тутуу керек – бул анын
макулдугу...


Жарык дүйнөдө баары сонун, бирок, ошолорду
көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар
болот. (Хадис)
Тең теңин тапса, деңиздей балкып жашайт.
(Эсхил)
Күйөөсүнүн ыраазычылыгына татып көз жумган
аял бейишке кирет.

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#911 Пользователь офлайн   Oceana   12 Май 2016 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТ.


Бир кичинекей шаарда эки үй-бүлө кошуна
жашайт. Бир үй-бүлөдөгү жубайлар дайыма
бири-бирин күнөөлөп, ким туура экенин
аныктамай менен убараланып, чырлашып
жашайт. А, экинчи жубайлар эч кандай уруш-
талашсыз ынтымактуу жашашат. Терс кыялдуу
кожойке кошунасынын бактысына таң калат.
Кызганат. Анан күйөөсүнө:
-Тиги кошуналарды барып байкачы, кантип
аларда дайыма баары жакшы, баары жайында-
дейт.
Күйөөсү келип кошунанын ачык терезесинин
түбүнө жашынып, кулагын салып, байкап
отурат. Кожойке үйүн жыйнап жаткан болот.
Кымбат вазанын чаңын сүртүп жатканда,
телефон чалып калат да, алаксып кетип,
вазаны столдун чет жагына кулап кете
тургандай кылып коюп койот. Ошол учурда
күйөөсүнө бир нерсе керек болуп бөлмөгө
кирип калат. Байкабай вазаны түртүп,
сындырып алат. Сыртта байкап отурган
кошуна: “Азыр эмне гана болор экен?”,-дейт
ичинен. Аялы келип, өкүнүү менен үшкүрүп,
күйөөсүнө:
-Кечир, жаным. Мен күнөөлүмүн. Вазаны туура
эмес коюп коюптурмун.
-Койчу, сүйүктүүм. Мен күнөөлүүмүн.
Шашкалактап жатып вазаны байкабай
калыптырмын. Э, мейличи, башы-көзүбүздөн
садага,- дейт.
Сыртта кулак салып отурган кошунанын жүрөгү
“тыз” дей түшөт. Үйүнө капалуу келсе, аялы:
-Эмне мынча жоголдуң?! Байкадыңбы?
-Ооба!
-Анан, аларда кандай экен?
-Аларда баары күнөөлүү. А, бизде баары туура
экен.

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#912 Пользователь офлайн   Oceana   12 Май 2016 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Врач аялдын окуясы


«Кыйкырба сен эле төрөп жаткандай, эмне
болуп атасын»,- деп врач аял төрөтканада
жаткан келинди урушуп баштады. Толгоосу
толуп, эже келип калды окшойт карап
коюнузчу, деген врачсөзүн укпай эшикти жаап
койду. Ан сайын бели күчөп, алдан тайып
турган келин, турууга дарманы келбей кыйкыра
баштады. Эки саат мурун келген келинди,
толгооң жетиле элек деп, бир бөлмөгө камап
койгон эле. Врач төрөт үйүнөн эртен чыга
турган келиндин жентегин жеп, ары жакта
аялдар менен отуруп алды. Өмүрүндө мындай
ооруну көрбөгөн келин, «жардам бергиле!» деп
кыйкырып жатты. Бир убакта баланын башы,
көрүнгөнсүп калды эле, дагы кыйкырды.
Эжэээ? Жооп жок. шарактап отурган алар
келинди укпайт да болчу. Кызуурак болуп
калгандыктан, баары шарактап отурушат бала
жууп. Бир убакта чыдамы кетип, кроваттан
тура баштады эле кан шаар эткенден кийин эле,
болк деп бир нерсе чыккансыды. Турган
абалында, карай албай, алы кетип, эси ооп
муздак полго тарс этип жыгылып түштү. Канча
убакыт өткөнүн билбейт, көзүн ачса, капелница
сайып жаткырып коюшуптур. Көзүн ачканда
эле, «балам кана? Ал жакшыбы деп сурап
кирди. Баардыгы унчугушпайт. Бир нерсе болду
да ээ? Эмне болду? Эмне унчукпайсынар», - деп
бакырып кирди. Сага кыжалат болгонго
болбойт, деп сооротуп жатышты. Жүрөгү
сезгендей, тыбырчылап кыйналып чыкты. Бул
анын тун баласы эле. Канчалап күткөнүн
ойлогондо жүрөгү жарылып кете жаздады.
Кичине эс алсын, деп уйку дары сайдыртып,
дагы жаткырып койду. Чындыгында ал
келиндин бар экенин да унутуп калышкан эле.
Үнү чыкпай калганына андан сайын, унутушту.
Качан гана саат алты болуп калганда, кичине
соолукканда эсине келди да, бир нерсени
эстегендей чуркап жөнөдү. Келсе бала чыгып,
канга боёлуп эчаак муздап калыптыр муздак
полдо. Келин өзүн жоготуп жерге кулап жатып
калды. Эркек уул болгондуктан, көлөмү чоң
болуп төрөлгөн экен. Тез арада, баарын арчып,
баланы ак кепинге ороп, келинди тазалап
жаткырып коюшту. Келген келиндин күйөөсүнө,
кечиргиле балаңар өлүк төрөлдү деп калп
айтып жашырып ташташты. Кантип? Кече эле
узиден кыймылдап жатпады беле? деген ойлор
менен жолдошу үйгө кайтты. Бул күндү, үй
бүлөсү аябай чыдамсыздык менен күтүп
жаткан эле. Анткени, бул тун небереси боло
турган. Келин өзүнө келгенде, күйөөсү жанында
отуруптур. Балам дегенде эле, башын кучактап
жолдошу ыйлап кирди. Аллахым берерин
унутпасын, балабыз өлүк төрөлүптүр. Суук
кабарды укканда, андар бетер жаман болду
келин. Алдаба? Мен билем ал тирүү болчу.
Кантип? Качан? деп жатып аран өзүнө келди.
Ооруканадан чыккандан кийин, ымыркайды
жайга берип отуруп калышты. Келин баарын
баштан өткөрдү толготуп жатканда бала, тирүү
эле кантип анан? Жооп таба албай көпкө
турду.Ал врачты эч ким кетире албай койгон.
Анткени, бул ушул орукананын башчысынын
карындашы боло турган. Буга чейин да канча
келинди ыйлатты эле эсепсиз. Айылда төрөт
үйү жок болгондуктан, баары районго келер
эле. Бул жерде, сен кандай болсоң, айлананда
ошондой адамдар чогулат, деген сыяктуу баары
окшош эле. Арыз жазып, майнап чыкпаганын
билген келин, жолдошуна окууга барам деди.
Айтканынан кайтпаган келинди жолдошу жакшы
биле турган. Макул, өзүң билесин. Эртеси эле
борборго келип, окууга тапшырды. Врач
кесибин жети жыл окуп, ийгиликтүү аяктады.
Анын ортосунда эки балалуу болуга жетишти.
Келинде бир эле максат болоор эле. Мен
жетишим керек, мен жеңишим керек. Канчалаган
наристелер өлүп кетип жатат. Мен сөзсүз
жардам беришим керек деген. Ошентип окууну
бүтүп районго врач болуп иштеп калды. Баягы
адамдар жок, баардыгы жаңыланып калыптыр.
Күн алыс төрөт үйүнө жаны келиндер келишет.
Төрөткөнүнө кубанып ыраазы. Мурда быша
элек деп карабай койсо, азыр тез тез кабар
алып турат. Чочутуп албайын деп, сылык
сүйлөп көпчүлүгүн төрөттү. Канча наристенин
киндик энеси болду ким билет. Ар бир бала
дени сак төрөлгөнү үчүн кубанычында чек жок
эле. Аллахка жашырынып ыраазы болуп ыйлап
да жүрдү. Бир күнү «апакемди куткарып
калыңыз эже»,- деп бөлмөгө бир жаш келин
кирип келди. Ыйлап көзү шишип да бүтүптүр.
Шашылып жанындагыларды эрчитип сыртка
чыкса, мындан көп жыл мурун, биринчи
төрөтүн кабыл алган аял туруптур. Бети башы
кан өзүн билбей , машинеде жатат. Жол
кырсыка учураган го. Шашылып тез арада
реанимация бөлүмүнө алып киришти. Кан көп
кетип калгандыктан, убакыт аз эле. Шашылыш
капелницаларды катарынан сайып жатып,
канды аран токтотушту. Катуу темирге башы
тийип чайпалгандыктан, каны токтобой жатты
эле. Шаарда тааныштарына чалып, тез арада
дары дармегин да алдыртты. Жакшы
иштегендиктен, таанышы да көбөйүп калган
эле. Бир ай өзү карап, дарылап жүрүп,
жыйырма сегиз күндө комадан көзүн ачты
жанагы аял. Кызынын кубанычында чек жок
эле. Эже кантип, сизге сөз айтаарымды да
билбей турам. Аллах ыраазы болсун деп,
колунан өөп ыйлап жиберди. Эки-үч кун
өткөндөн кийин, аял эми жакшы тааныды ким
экенин. Туруга дарманы келбесе да, кечир
кызым кечир мени. Мен айыптуумун биринчи
балаңдын өлүмүнө. Акыйкатты айтпаганым
үчүн кечир деп, көзүнөн жашы, басылбай
куюлуп жатты. Колдорундан сенин, жүрөгүңдөн
сенин кек сактабаган. Өлүп калышым мүмкүн
эле, сен жок болгонуңда. Муну экөөнөн башка
эч ким түшүнбөйт эле. Кызы да эч нерсеге
түшүнбөй карап турду. Болду эже өткөн иш
өттү, кайра аны эстей бербең. Эртерээк жакшы
болуп чыгың. Баарыбыз эле кек сактай берсек,
бул дүйнөнү жалаң булганыч адамдар ээлеп
албайбы. Анан кантип Пайгамбарыбыз
(Салалоху Алейхи Вассаламдын) үммөтүбүз деп
айтабыз. Колуңдан келсе жакшылык кыл деген,
аны сиз да жакшы билесиз деп, мандайынан
өөп жылмайып чыгып кетти. Мына бүгүн да,
бирөөнүн жанын аман алып калды. Качанкы
болуп өткөн, кайгысын унутуп, Аллахка
ыраазылыгын билдиргени эшике чыкты. Оо
Аллахым биздин кетирген күнөөлөрдү кечире
көр. Жүрөгүбүздөгү мерездикти алып чык. Өзүң
кудуреттүүсүң өзүң мээримдүүсүң деп
алаканын жайып дуа кылды. Жүрөгүндө
кыпындай текебердик болсо, бейиштин жытын
дагы жыттабайт дейт. Ар бирибиздин
жүрөгүбүздө Ыйман болуп, жакшы ишти кыла
билели…

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#913 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Май 2016 - 22:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Хадистер! !!
1-хадис
Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар адам бейишке кирет.
2-хадис
Мусулмандардын арасында ыйманы эң толугу – кулк-мүнөзү эң жакшысы.
3-хадис
Тазалык – ыймандын жарымы.
4-хадис
Адамдын эң жакшысы – адамдарга пайдалуу болгону.
5-хадис
Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр.
6-хадис
Мусулман мусулмандын бир тууганы.
7-хадис
Калп айтуу жамандыкка алып келет.
8-хадис
Алла Таала силердин сырткы келбетиңерге эмес, жүрөктөрүңөргө жана жасаган иштериңерге карайт.
9-хадис
Адамдарга ыраазычылык билдире албаган адам, Алла Таалага да шүгүрчүлүк келтире албайт.
10-хадис
Ар дайым Алланы эстеп жүрсөң, Ал да сени менен чогуу болот.
11-хадис
Жакшы, сооптуу иштерди жасаганга умтулгула.
12-хадис
Чыныгы мусулман – тилинен да, колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам.
13-хадис
Тамагын жеп, суусун ичкенден кийин Жаратканга мактоо айткан пендесине Алла Таала ыраазы болот.
14-хадис
Бирөөнүн унаага минүүсүнө жардам берип, жүгүн же азыгын жүктөшүп берүү да садака. Жакшы сөз да садака. Мечитке баргандагы ар бир кадам да садака. Жолдон тоскоолдуктарды алып салуу да садака.
15-хадис
Адамдарга мээримдүү болбогонго Алла Таала да мээримин төкпөйт.
16-хадис
Жарым курма болсо да садака бергиле.
17-хадис
Кимде-ким мусулман бир тууганына жардам берсе, Алла Таала ага да жардам берет.
18-хадис
Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ишенсе, кошунасына жакшылык жасасын.
19-хадис
Адепсиздиктен сактангыла! Анткени, Алла Таала адепсиздикти жакшы көрбөйт.
20-хадис
Намаз – диндин тиреги.
21-хадис
Дуба мээримдүүлүктүн ачкычы.
22-хадис
Бейиштин ачкычы – намаз. Ал эми намаздын ачкычы – даарат.
23-хадис
Өзүңө да, башкаларга да зыян кылба!
24-хадис
Алланын ысымын айтпастан көп сүйлөбөгүлө! Анткени, Алланын ысымын оозго албай туруп сүйлөй берүү – бул жүрөктүн катуулугу.
25-хадис
Дүнүйөгө кызыкпа, Аллага жагасың. Адамдарда бар нерсеге көз артпа, адамдарга жагасың.
26-хадис
Аллага ишенем деп айткын жана түз жүр!
27-хадис
Өзүңөргө каалаган нерсени башкаларга да кааламайынча толук момун боло албайсыңар.
28-хадис
Ислам беш нерсеге негизделген: Алладан башка кудай жок жана Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк берүү; Беш маал намаз окуу; Рамазан айында орозо тутуу; Зекет берүү; Ажылыкка баруу.
29-хадис
Дин – бул насыйкат.
30-хадис
Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору.
31-хадис
Ыйманыңарды: «Лаа илааха иллаллах» менен жаңылап тургула!
32-хадис
Бейиш – энелердин таманы астында.
33-хадис
Сенин эң чоң душманың – напсиң.
34-хадис
Эки чоң сыйлык бар, адамдардын көбү анын баркын билишпейт. Булар: ден-соолук жана бош убакыт.
35-хадис
Адам баласынын ар бири ката кетирет. Бирок алардын эң жакшысы – тообо кылган киши.
36-хадис
Жүрөгүндө кыпындай текебердик бар адам бейишке кирбейт.
37-хадис
Ачуулануу – шайтандан, шайтан болсо оттон жаратылган, от болсо суу менен өчүрүлөт. Ошондуктан, ачуулансаңар дароо даарат алгыла.
38-хадис
Кимде-ким кайгы-капасын унутуп, бир гана акыреттин кайгысын ойлосо, Алла Таала анын дүйнөлүк кайгы-капаларын жок кылат. Кимде-ким дүйнөнүн кайгы-капасын ойлой берсе, Алла анын кайсы жерде өлүп калышына маани бербейт.
39-хадис
Эки жүздүүлүктүн үч белгиси бар: Жалган сүйлөйт, сөзүнө турбайт жана аманатка кыянаттык кылат.
40-хадис
Кимде-ким билип туруп менин атыман жалган хадис чыгарса, Тозоктогу ордуна даярдана берсин!

Дин Таануучу: Исхак Мамасалиев


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#914 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Май 2016 - 22:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Абдышүкүр ажы Нарматов:
Кичинекей баланы өйдө ыргытсаң күлөт. Анткени ал, сенин жерге түшүрбөй кармап калаарыңа толук ишенет. Бул кичинекей баланын сага болгон ишеними. Сен да Аллага терең ишеничте бол! Эгер тагдыр сени, өз жебеси менен атса, Алла Таала сени тагдырдын жебесинен сактаарына толук ишен!!! Алла Таала байлык берген адамга көрө албастык кылба. Анткени сен, Алла Таала ал пенденин эмнесин алганын билбейсин. Эгерде Алла Таала сенден бир нерсеңди алып койгон болсо кайгырба. Анткени, сага анын оордуна эмне берээрин билбейсин. Кандай абал болсо да дайыма Аллага шүгүр айт. Диинар - Алтындан болгон акча бирдиги. Эмне үчүн диинар, диинар деп аталып калган??? Ислам аалымы диинардын, диинар деп аталып калышынын себебин төмөнкүчө түшүндүрөт: "Диин (дин), Наар (Тозок) деген сөздөн турат. Ким диинарды (акчаны) адал жолдон тапса, ага дин (бейиш). Ким аны арам жолдон тапса, ага наар (тозок). Атанын кайрылуусу. О, балдарым! Менин амалдарым, ибадаттарым, сооп иштерим токтоду. Эми үмүтүм силерсиңер. Силердин менин атымдан берген садакаларыңар, мени кубантат, мага кылган дубаларыңар, менин даражамды көтөрөт. Мен кабырда жалгызмын, мени дубаңарда унутпагыла. . Силердин бардык жакшы амалдарыңардын сообу, мага жетип турат. Эгер акыйкатты жана кооздуктарды көргөн көзүң болсо, адамдардын кемчиликтерин кечирген жүрөгүң болсо, акыйкатка жетелеген акылың болсо, жакшы ой-максат, үмүткө толгон рухуң, жан-дүйнөң болсо, анда сен эң бактылуу адамдардын катарын толуктайсын.


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#915 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Май 2016 - 22:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

" КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫГЫН АЗ БОЛСО ДА АЛЛА БИЛИП СЫЙЛЫГЫН БЕРЕТ"
Улуу Алла Таала оз созундо : ﻗَﺎﻝَ ﺍﻟﻠﻪ ﺗَﻌَﺎﻟَﻰ : ? ﻭَﻣَﺎ ﺗَﻔْﻌَﻠُﻮﺍ ﻣِﻦْ ﺧَﻴْﺮٍ ﻓَﺈِﻥَّ ﺍﻟﻠﻪَ ﺑِﻪِ ﻋَﻠِﻴﻢٌ ? ‏[ ﺍﻟﺒﻘﺮﺓ ‏( 215 ) ] .( Кандай гана жакшы иш кылбагыла , албетте Алла ( ал жакшылыгынарды ) билуучу ) деп айтат. Башка аятта : ﻭَﻗﺎﻝَ ﺗَﻌَﺎﻟَﻰ : ? ﻭَﻣَﺎ ﺗَﻔْﻌَﻠُﻮﺍ ﻣِﻦْ ﺧَﻴْﺮٍ ﻳَﻌْﻠَﻤْﻪُ ﺍﻟﻠﻪ ? ‏[ ﺍﻟﺒﻘﺮﺓ ‏( 197 )] .( Кандай гана жакшы иш кылбагыла , Алла аны билип турат ) деп айтат. Башка аятта : ﻭَﻗﺎﻝَ ﺗَﻌَﺎﻟَﻰ : ? ﻓَﻤَﻦْ ﻳَﻌْﻤَﻞْ ﻣِﺜْﻘَﺎﻝَ ﺫَﺭَّﺓٍ ﺧَﻴْﺮﺍً ﻳَﺮَﻩُ ? ‏[ ﺍﻟﺰﻟﺰﻟﺔ ‏( 7 ) ] .( Ким зарра мисалынча жакшылык кылса , ал жакшылыгын корот ) деп айтат.Улуу табийин Саид бин Жубейр (ра) : " Алдын кээ бир мусулмандар кичинекей жакшы иш, амал кылса ага сооп алынбайт деп бироо жарым кайыр сураса беришет эле, ал эми кээ бирлери болсо жалганды, аялдарга кароону, гыйбат кылууну жана башка ушул сыяктуу амалдарды жонокой кичине гана кунолуу иш катары эсептешип , анча маани беришпейт эле , андан кийин Алланын :
ﻭَﻗﺎﻝَ ﺗَﻌَﺎﻟَﻰ : ? ﻓَﻤَﻦْ ﻳَﻌْﻤَﻞْ ﻣِﺜْﻘَﺎﻝَ ﺫَﺭَّﺓٍ ﺧَﻴْﺮﺍً ﻳَﺮَﻩُ ? ‏[ ﺍﻟﺰﻟﺰﻟﺔ ‏( 7 ) ] .( Ким зарра мисалынча жакшылык кылса , ал жакшылыгын корот ) деген аят тушкондон кийин баары кичинекей куноолордон четтеп, кичинекей амалдар учун сооп берилиштигине ишенип калышты деп айтат.
Улуу Алла Таала : ﻭَﻗﺎﻝَ ﺗَﻌَﺎﻟَﻰ ? : ﻣَﻦْ ﻋَﻤِﻞَ ﺻَﺎﻟِﺤﺎً ﻓَﻠِﻨَﻔْﺴِﻪِ ? ‏[ ﺍﻟﺠﺎﺛﻴﺔ ‏( 15 )] .
( Ким жакшы амал кылса , ал озунун (пайдасы учун ) кылат ) деп айтат. Башка аятта : ﻛﻘﻮﻟﻪ ﺗﻌﺎﻟﻰ : ? ﻣَﻦْ ﻋَﻤِﻞَ ﺻَﺎﻟِﺤﺎً ﻣِّﻦ ﺫَﻛَﺮٍ ﺃَﻭْ ﺃُﻧﺜَﻰ ﻭَﻫُﻮَ ﻣُﺆْﻣِﻦٌ ﻓَﻠَﻨُﺤْﻴِﻴَﻨَّﻪُ ﺣَﻴَﺎﺓً ﻃَﻴِّﺒَﺔً ﻭَﻟَﻨَﺠْﺰِﻳَﻨَّﻬُﻢْ ﺃَﺟْﺮَﻫُﻢ ﺑِﺄَﺣْﺴَﻦِ ﻣَﺎ ﻛَﺎﻧُﻮﺍْ ﻳَﻌْﻤَﻠُﻮﻥَ ? ‏[ ﺍﻟﻨﺤﻞ ‏( 97 ‏) ‏] ﻭﻏﻴﺮﻫﺎ .( Эркек аялдан ким жакшы амал кылып , момун болсо , биз аларды жакшы жашоодо тирилтиребиз жана алдынкы кылган жакшы амалдарынан да жакшы ажыр сооптор менен жазалайбыз ) деп айтат.
Ал эми хадистерде болсо : Улуу сахаба Жундуб бин Жунада (ра) : " Мен Алланын элчисинин алдына келип : " Оо Алланын элчиси кайсы амал эч жакшы ? " деп сурадым , Алланын элчиси : " Алла менен ыйман келтируу жана Алла жолунда курошуу " деди , андан кийин мен : " Оо Алланын элчиси кайсы кулду азат кылуу жакшы ? " деп сурадым , Алланын элчиси : " Элинде эн кымбат баалуусу жана баасы жогору болгону " деп айтты, анда мен " Мен аларды кыла албасамчы ? " дедим , анда Алланын элчиси : " анда жетим жесирге же алсыздарга жардам бер " деди , мен : " Оо Алланын элчиси мен ал амалдарды да кыла албай алсыздык кылсамчы " дедим , анда Алланын элчиси :
« ﺗَﻜُﻒُّ ﺷَﺮَّﻙَ ﻋَﻦِ ﺍﻟﻨَّﺎﺱِ ؛ ﻓﺈﻧَّﻬَﺎ ﺻَﺪَﻗَﺔٌ ﻣِﻨْﻚَ ﻋَﻠَﻰ ﻧَﻔْﺴِﻚَ ‏» . ﻣُﺘَّﻔَﻖٌ ﻋﻠﻴﻪ .
" анда жамандыгынды элге тийгизбейсин, албетте жамандыгынды элге тийгизбешин бул сенден аларга садака болуп эсептелет " деди. Бул хадис жакшылык жолдору коп экендигин корсотот , албетте инсан бир жакшылыкты кылууга кучу жетпесе башка бир жакшы ишти кылууга аракет кылыш керек , эгерде андан да алсыздык кылып калса , башка бир жакшы иштерди кылууга аракет кылыш керек , эгерде эч бир жакшылык колунан келбесе , анда жамандыгын элге жеткируудон тыйылат , ким жакшы ишти кыла албаса , жакшылыкты бироодон тоспойт.



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#916 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Май 2016 - 22:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


Дин десе адамдар эскичилик карангылык деп тушунот. Жок тескерисинче дин бул адамды бактылуулука жетелеп, адам баласын жашоосун ондойт. Кудай Таала м.н болгон мамилени туздойт. Сиз бул дуйнодо Ислам дини м.н жашасаныз эч качан жашоонузда окунбойс, жана сизди акыретте Бейиште Кудай Таала коз корбогон кулак укбаган нерселерди даярдап койгон. Бейиштин сыртын Кудай Таала ар турдуу кыйынчылыктар м.н ороп койгон. Мисалы Бейишке кириш учун ар турдуу сыноолордон отосуз. А тозокту ушундай жыргалчылык м.н ороп койгон бул кыска дуйнодо ойнойсун, кулосун, музыка, арак шарап ичуу, зына кылуу кыскасы нафсиндин каалосундай жашоо. А Бейиш андай эмес, бул дуйнодо Кудай Тааланын кыл деген кылып , кылба деген нерсесин кылбаш керек. Биринчи Бейишке кирген адам эшигин карап 40жыл отконун байкабай калат. Анан периштелер келип жур сен али Бейишке кире элексин деп ичине алып кирет. Адам баласы омуру андай нерсен корбогон эси ооп нес болуп катып калат. Анан эле нары жактан супсулуу таптаныкай, коздору балбыдаган , фигуралары укмуш нурдан жасалган Хурулайын кыздары сени коруп суйунуп , мен куткон адам келди деп сени кучактап тосуп алышат. Карасан андай кыздардан сага Кудайым 70мин ди даярдап койгон болот. Ал жакта жашоо жыргал каалаган нерсенди жасайсын, иш жок , газ толош керек кв.плат.свет андай проблемалар такыр жок болот. Кундо жашоо жыргал кыздар м.н ойноо, ал кыздардын сага болгон суйуу ушунчалык кучтуу болот...



Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu7: 15 Май 2016 - 22:55


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#917 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Май 2016 - 22:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

БЕЙИШТЕРДИН АТТАРЫ

Ислам жазма булактарында сегиз бейиштин аты томонкучо эскерилет:
Биринчи бейиш-ДААРУЛ- ЖАЛААЛ ак берметтен жасалган:
Экинчи бейиш- ДААРУС-САЛААМ кызыл жакуттан жасалган:
Учунчу бейиш- ЖАННАТУЛ-МА- ВАА Бул жер жашыл асыл таштан жасалган
Тортунчу бейиш-ЖАННАТУЛ- ХУЛД Сары маржандан жасалган
Бешинчи бейиш-ЖАННАТУН- НАИИМ Бул жер ак кумуштон жасалган
Алтынчы бейиш-ДААРУЛ- КАРААР Кызыл алтындан жасалган
Жетинчи бейиш-ЖАННАТУЛ- ФИРДАУС Бул жердин бир ташы кумуштон, бир ташы жашыл алтындан, бир ташы жакуттан, бир ташы жашыл асыл таштан жасалган.
Сегизинчи бейиш-ЖАННАТУЛ- АДН Бул аппак берметтен жасалган. Жети бейиштин эн устундо орун алган (Дурратул-вааизиин)

ЭН ПАЙДАЛУУ ДУБАЛАР КИТЕБИНЕН



Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#918 Пользователь офлайн   uikuchu7   15 Май 2016 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек


БЕЙИШТЕРДИН ЭШИКТЕРИ
Азирети Ибн Аббастын мындай дегени айтылат: Бейиштердин сегиз эшиги бар. Алар алтындан болуп, каухар-берметтер менен кооздолуп жасалган. Ар бир эшикке ар кандай улуу создор жазылган :
Биринчи эшикте мындай соз жазылган : ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ, МУХАММАДУР- РАСУУЛУЛААХ (Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад Анын элчиси!) Бул эшиктин босогосун пайгамбарлар, элчилер, шейиттер жана берешендер аташат.
Экинчи эшикте бул соз жазылган: Бул намаз окугандардын эшиги. Бул эшиктин босогосун дааратын толук алып, намазын чын ыкластан окугандар аташат. Учунчу эшикте бул соз жазылган: Бул мал-мулкунун зекетин бергендердин эшиги
Тортунчу эшикте мындай соз жазылган: Бул элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаргандардын эшиги.
Бешинчи эшикте бул соз жазылган: Бул напсисин теске салып, кумарына азгырылбагандардын эшиги Алтынчы эшикте бул соз жазылган: Бул ажылыка жана умрага баргандардын эшиги
Жетинчи эшикте мындай соз жазылган: Бул Аллахтын жолунда курошкон чыныгы мужахиддердин эшиги Сегизинчи эшикте мынабул соз жазылган: Бул эшик арам нерселерди карабагандардын, жакшылык иштер менен алек болгондордун ( т.а. ата-энесине кызмат кылган, тууган-туушкандарына барып ал-абалын сураган жана элге жакшылык кылгандардын ) эшиги (Дурратул-ваиизиин)

ЭН ПАЙДАЛУУ ДУБАЛАР КИТЕБИНЕН


Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#919 Пользователь офлайн   Medinaa   17 Май 2016 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Менин бир досум бар эле, аты Айдар, 92 жылкы. Мага жана силерге окшогон эле адам. Бирок кыздар ʺсулууʺ дешчи, артынан чуркап жүрүшчү . Узун бойлуу, кара чачтуу. Ата-энесинин жалгыз баласы. ʺАкчаʺ десе – колунда, каалаганын кылат - кааласа ичет; кааласа чегет; кааласа кыздар менен жүрөт; Тагырак айтканда, туура эмес жолдо жүргөн дос эле. Окуудан келе жатканда, кээде көрүп калчымын, мас болуп жүргөнүн. Экөөбүз сүйлөшүп калсак, Айдардын үч сөзүнүн бирөөсү – ʺзъинаʺ жөнүндө эле. Дос балдар болуп туура эмес экенин көп эле айттык, бирок, баланын өзүнөн окшойт, Айдар таакыр өзгөргөн жок. Ошол Айдардын маңдайына жазылган Тагдыры, мага чоооң Сабак болду… элибизде айтылган: ʺАдамдын өмүрү – ийненин учундаʺ деген сөздү жакшы түшүндүм. 

2013 жыл, октябрь айы, аба-ырайы сууктап, бак-дарактар ыйлап, жалбырагын чачкан кез. Ал кезде мен жаныдан Ислам динин кармана баштаган учурум. Жума күн эле, Жума-Намазга баражатсам Айдарды кайра көрдүм мас болуп жүргөнүн, өтө деле мас эмес. Көрмөксөнгө салып өтүп кетейин дегем, бирок, өтүп кете алган жокмун. ʺменин досумгоʺ деп жанына келип, саламдашып, ахвалын сурап, сөзүмдү баштадым…. Менин сөзүмдү аягына чейин угуп, анан бир-аз ойлонуп, мага мындайча айтты - ʺдосум, мен сени таарынткым келген жок, мен сени сыйлайм, бирок, мен мыдайларга ишенебербейм, сен мени түшүнбөйсүң, мен сени түшүнбөйм. Кечирʺ - деп, мени жаман көргөнсүп басып кетеберди… Мындай мамилесине, капа деле болгон жокмун. Бирок, ʺдосум деп келсем, мени укпай койдуʺ - деп кичине жаман болдум. 

Бир күнү, Топ-балдар болуп шаарыбыздын центр’ына сапар алдык, жаныбызда Айдарда бар. Айдар айткан сөздөрүмө таарынып калганбы, билбейм, бирок мени менен таакыр сүйлөшкөн жок. Бир маалда такси менен бара жатсак Айдар ʺбашым ооруп жататʺ деп бизге айтып калды. Андан сурасак – ʺкичине кечимде селкинчектен жыгылып сотрясение алгам, ошондонго, 1 айдан бери ушинтип ооруп калатʺ деп жооп узатты. Анан ал бараалбай, орто жолдон, кайра үйүнө кайтууга туура келди - ʺсилер барабергиле, мен үйгө барып жатпасам болбой калдыʺ деп үйүнө кетип калды… Ошентип, дос балдар болуп озубузчо кеттик…. кечке маал, уйлорубузго кайра кайтып Айдарды сурап койолу деп, чалсак, Айдар трубканы албай койду… эртеси да дагы чалдык - алган жок. Учунчу куну телефону очук болуп калды. Ошентип, кундор отоберди, жумалар отту, артынан айлар алмашты… баягы досубуздан эч-бир кабар жок, жер жутуп кеткендей, Айдар жоголуп кетти. Тааныштардан сураштырсак, эчкимиси билбейт. 

2014 жыл, март айы, чымчыктар сайрап, алма-бактар бучур байлап, аба-ырайы тазаланган кез. 
Бир куну, мага бир чочун номерден кат келди: ʺСалам, Досум! мен Айдар, создор бар эле. Эртен жолукпайлыбыʺ. .. муну окуп, Айдар экенин билип… ʺжолуксак азыр жолугалы, азыр бош элемʺ десем, мени уйуно чакырды… Ак-орго жака кочуп кетишиптир. Чынын айтсам, Айдар досум менен жолуккум деле келген эмес, себеби Айдар досум экообуздун ортобузда келишпестик бар эле, экинчиден ʺАйдарʺ деген созду укканда, бир ʺжаман, бузуккуʺ адамды элестетчимин, АстагфируЛлах, бирок, мен жанылышыптырмын. ...... 4 автобус менен Ак-оргону коздой барсам, Ак-оргонун остановка’сында Айдар мени кутуп туруптур. Аны коруп абдан тангалдым, коргонумо ишенген жокмун… Мечиттеги молдолордон айырмасы жок. ʺДопуʺ кийип, ʺсакалʺ койуп алыптыр. ʺдосум онолуптур, ыйман жолуна тушуптурʺ деп, бир жагынан аябай суйундум. А бир жагынан жаман болдум, Айдар аябай арыктаап, козу кирип, ахвалы начар экен. Мени коруп ал дагы суйунду, узунун бир-тууганын коргонсуп – ыйлап жиберди. 

Уйуно келип, экообуз дасторкондун алдында коопко чейин суйлошуп калдык. Суйлошуп жатып Досумдун коп озгорушторун байкадым. Ички дуйносу сырткы кел'бетиндей - супсулуу болуптур. Баягы жаман создорду суйлогон Айдар досум жок. Азыркы Айдар менен ырахатта суйлошуп жаттым. Бир малда ʺуй-булооʺ жонундо соз кетти. Мен досуман сурап калдым ʺкачан уйлоносунʺ деп. Ал жооп бере албай, негедир, башын жерге салып, капага батып ʺжакында уйлоном, буйурсаʺ деп койду. Созду Бузуп, ошол маалда мага телефон чалып калды, байкем мени уйго чакырып жатыптыр. Аны Айдарга айтып ʺуйдогулор чакырып жатат, уйго барайын, дагы шашпай суйлошолуʺ десем, Айдар мага: ʺдагы жолугалбай калабызгоʺ десе болобу... Бул созун укканда кокурогум бир зырт дей тушту. Туруп бара жаткан жеримен кайра отуруп калдым. ʺдосум, сага айтатурган создорум бар эле, угуптурчуʺ деп, айтатурган создорун мындайча баштады: 

ʺЭсиндеби, жарым жыл мурда, достор болуп, шаарга чыгып баратканда, менин башым ооруп уйго кеткем. Ошондо башым чыдатпай, мен 4 гор.больницага баргам. Ошол кундон баштап менин жашоом, абдан озгорду… 

Качан мага врач ʺбашында шишик бар экен, жумурткадан кичиреек, рак экенсинʺ деп айтканда, мен омурумдо биринчи жолу асманды карап, кылган куноолорумду коруп, коз жашым менен Алладан кечирим сурадым. Кудайга ишенбечи элем, бирок ошол куну ушунчалык ишендим. Журогумдун согушу денеме чейин титиретип, Жараткандан ушунчалык корктум. Жаман жолго алпарган бутум Мечитти коздой чуркады. Жандуйном мага ʺМечитке бар! намаз окуу!ʺ деп улам-улам кайталап жатты. Жаным эзилет же Намаз окуганды билбейм, алдымда бир Таксыр Намаз окуп жатыптыр, ошону туурап Намазды ыйлап окудум. 40-50 жыл бою тооба кылсам дагы, кечирилбеген куноолорум бар эле, бирок умунумду узбой, Алладан кечирим сурай бердим - сурай бердим... Мечиттен чыккым келген жок. Боздоп ыйлап жатып туну бир маал Мечитте уктап калыптырмын. Эртен менен ʺбагымдатʺ Намазына бир Таксыр мени ойготту, Намазды окуп бутуп, уйду коздой чуркадым... Ата-энемди коргум келди, жыттарына ушунчалык муктаж болдум. ʺбейиш эненин таманындаʺ дейт, ошол Апамдын таманын опкум келди. Уйго барсам, Алтындай болгон жалгызым менин Апакем эшикти ачты, корокалып, Апакемдин алдында тизелеп кечирим сурадым - ʺАпаке мени кечириниз, мен ак сутунузду актай албаймʺ деп, бутунан ооп, ыйладым. Катуу ыйлаган окшойм, ошол маалда, шашып Атам чыгып калды. Атамды коруп, даагы жаман болдум - ʺАтамдын жалгыз баласы болсом, Неберелуу кылалбаймʺ озумду жек коромʺ - деп, Айдар катуу ыйлап жиберди………………………. . Менин дагы жашым салаалап агып жатты. Мен ушунчалык досумду соороткум келди, айласын издедим, бирок таппадым, анткени мен Айдардын мындай болоорун таакыр куткон эмесмин.

Бир-аз эс алып, мага айтар создорун уланты: 

ʺОнол балам, онолʺ - деп Апам мага канча жолу коз жанын тогуп айткан?! Атамды канча какшаттым ʺжалгыз баламсын, жаман жеринди таштаʺ - ал эмес досторум да айтышчу, бирок, мен онолбодум. Корсо Алла таала ата-энемди, досторумду себеп кылып, туура жолго салгысы келген тура, Эми минтип олум жытын сезгенден кийин мен баарын тушундум. Бирок, мен ойлогом ʺбатылуулукʺ - бул сулуу кыздар, кооп акча. Эгерде Ата-энемен алыс кетсем мен бактыылуу болом го деп ойлогом… жоок, мен ото жанылышыптырмын. Чыныгы бактылуулук уй-булоодо экен… Атан сени карап, менин уулум деп суйунсо - ошол бактылуулук экен. Апакендин таманын башына жазданып жатсан - ошол бактылуулук экен. Жайнамаздын устундо башынды ийсен - ошол бактылуулук экен. Бирок мен баарын кеч тушундум... Ушунчалык окуном, досум, ишенесинби? !

Мага канча ай калса да, ошол айларымды ʺжайнамаздынʺ устундо откорууну чечтим. Балким ушул намаз окуганым учун, Алла таала жазамды женилтетээр - деп умут кылам. Озум жаман адам болсом да, элге жардам берип журом, анткени мен Алланын каарынан корком. Балдар уйуно коп барам, тамак аш жеткизип. Эхх…менинда ушундай балдарым болмок эле... бирок, мен озум мунун баарын озумон алыстатып алдым. Эгерде бул жошоого кайра келсем, мен башкача жашамакмын… жакшы адам болмокмун... Ата энемди эч качан таарынтмак эмесмин… бирок ото кеч болуп калды. Мен Аллга тооба кылып ыйлаганды жакшы кором, анткени козумон аккан жашым, кирдеген жанымды жуйт - деп умуттоном. Олуп корбогондон кийин, мен олумдон коркпойм, олумдон кийин эмне болом, мен ошондон корком. Жарым жылдан бери Къурандагы 3 суроону жаттадым, бул дуйнодон оо дуйного кетип калсам, Алланын астына барганда ʺО, Аллахым, Курандагы 3 суроону жаттадымʺ - деп айткым келет. Ушул 3 суроону жаттагыным учун Алла таала мени кечирээр, тозок отунан сактаар. Ушул кунго чейин дем алып жатканым учун, мен Аллага чексиз ыразымын, мага аз гана убакыт калды, МЕН АЛЛАГА ЫРАЗЫМЫН - МЕН АЛЛАГА ЫРАЗЫМЫН - МЕН АЛЛАГА ЫРАЗЫМЫН - деп, 2-3 жолу кайталап, 4'чу - 5'чи жолкусунда булдурап, суйлой албай, Айдар досум кайра катуу ыйлап жиберди...
Мындай создорун угуп, менин да козумон кайра-кайра жаш кетеберди. Мен Эркекмин, бирок, коз жашымды токтото алган жокмун. 

Айдар кандай соз айтпасын, мага ото катуу тийип жатты. Создоруно чыдаялбай, жанына тураалбай калдым. Эмне дееримди билбей ʺмен уйго барайын, кечир мениʺ деп, сыртка чыгып кеткенге шашылдым. Кетип бара жатсам, артыман ʺДосум, токточуʺ деп 2-3 жолу ун салды. Артымды карасам, коз жашын колдотуп мага мындайча айтты: ʺврач айткан мага 1 жыл жашайсын - деп. Андан бери 7 ай отту. Эми жалгыз Аллах билет мага канча ай калганын. Козум барда сенден суранып кетет элем: мен бул дуйнодон кеткенде, менин жаныма туруп Жаназа Намазын окуп койчу. Жаназага турбай койсон болот, мен таарынбайм, бирок, Алланын раазычылыгы учун Жаназага туруп койчу. Сенден башка досум жок - Намаз окуганʺ деп, кайра боздоп ыйлап жиберди...
- ʺооба, созсуз окуйм, дозумʺ деп, тилим такалып, башка соз айталбай, кетебердим. Уйдон сыртка чыгып, остановка жака бара жатып, бутумду таппай, кайра артка кайрылып Айдар досума баргым келди. Жанына барып, жок дегенде бир жакшы соз айтып, кубандыргым келди. Бирок эмне деп айтам? - ʺхей... Досум, сен бейишке чыгасынʺ деппи?....же ʺЖаназа'намазды окуп кокемʺ - деппи?? Уйго кете албай, же, кайрылып досума бара албай, коопко чейин бир жерде такалып калдым. Бир аз эс-алып алып, тырышып болбой эле уйду коздой кеттим. Уйго барсам эч-ким жок. Жаткан оз комнатама кирип, эшикти бекитип, светти очуруп, чумконуп жатып алдым. Жатсам Айдар досум оюма келет, а козумон жаш агып жатты. Бир маалда озум жонундо ойлой баштадым, жатып алып озумо суроо бердим ʺМен намазды эмнеге окуп журом? Къурандагы мен билген аяттарды энеге жаттадым? Акыркы жолу качан тооба кылдым эле?.... О, АЛЛАХЫМ, АЙДАР ДОСУМЧАЛЫК ЫЙМАНДУУЛУКТУ МАГА ДА БЕРЕ КОРʺ - деп, мурда эч-бир ыйлабагандай ыйлап алдым.
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
Досумдун тагдыры чооон сабак болду. ойлонуп калам: Кун кирип чыккан сайын, биз ʺолумнгоʺ жакындайт экенбиз. Бирок, бул дуйнодон качан кетебиз? Бизге канча убакыт калды? - муну биле албайт экенбиз. эртенки куну биз эмне болобуз? - Аны да билбейбиз. Ошондуктан ар-бир кундук жашообузду жон эле откорбошубуз кекрек экен… ʺадамдын сулуулугу – козго жагат, жан'дуйноосу – журоко жагатʺ дегендей, адамкерчиликтуу жана боорурек болуп, Аллага жаккан пенделерден болушубуз керек экен. Аллага ыразычылыгыбызды билдирип, башыбызды саждага таштаган пенделерден болушубуз керек экен. Жыйнаган байлыгыбыз - бир куну сапырылып жок болот, бир куну - кайра келет. А уй-булоо бир кетсе кайра кайтып келбейт. Демек, Бакытты акчадан эмес, Уй-булоодон издеш керек экен.
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
2014 жыл, Август айынын аягы. Саратан, кундун ысыгы чопту куйкалап чегинен чыккан кез. 
Август айынын аягында мен Ыссык-колду коздой кетип калдым. Барс-коон айылында тай'энем турат эле. Аякта 10 кундой журдум. Мен колдо жургонумдо, таагырак айтканда 30 август куну эртен менен бир досуман мага кат келди - ʺДозум, Айдардын уйуно балдар болуп баратабыз. Тушунʺ 
……………………. .. катты окуп бааарын тушундум………………………… 

Ошол куну баарын таштап, досумдун Аманатын аткарайын деп, кайра Бишкеке келдим. Бишкеке туштон кийин саат 2 лерде жетип, туз эле Айдарддын уйуно бардым. Барсам, баарынан катуу сыздаган Атасы ʺМенин жалгыз туягым, артынан бироону таштап кетсен болмокʺ андан катуу ыйлаган Эне журогу: ʺменин колоком элен… жалгыз тоо-аскам куладыʺ …Ата-энесин коргон элдер да баары ыйлап жатышты (аягы) 

P.S.-
Айдар досума Алла таала мээримин чачыптыр - деп айтар эмем. Кандай мээрим - деп сурасаныз, мен айтам: -анткени досум олор убактысын билген. Алла таала ошол врач аркылуу билгизген. Ошондо досум, убактысын текке коротпостон, тооба кылып, намаз окуп, жанын тазалап, Алла ыразычылыгын издеп, бул дуйнодон оо буйного ʺшахидʺ болуп кетти, иншаа Аллах..... А бизчи? Урматтуу тируу жандар! Билебизби олор убактыбызды? - жоок. Биз 1000 жыл жашачуудай болуп ʺолумдуʺ эстебейбиз. Алланын ыразычылыгын издебейбиз. ..... Эй, жоолук кийшен карындашым, ошол ʺфарзʺ деп кийген жоолугуна озун жарашасынбы? Эмнеге Къурандагы аяттарды жаттадын? Унунду созуп ырдаш учунбу? Же, Къуранды антип эмес, монтип окуйт - деш учунбу?..... А сенчи, эй, эркек? Эмнеге сакал коюп алгансын? Арстандын мойнуда жуну бар - деп, озунду арстанга салыштырыш учунбу? Же, кочого чыкканда Ухти'лерге Ахи болуп корунуш учунбу?

Эгерде ар-бир адамга ʺсен 1 жылдан кийин олосунʺ деген диагноз коюлганда, анда клуб, хата жана ушундай сяктуу харам жерледи тепселеген тамандар - жай'намаздын устундо болмок... Тамеки, насвай, арак, пиво деген нерселерден айланып-тегеренген баш - саждада болмок.... Кулуб, казино, хата, сауналар жабылып, Мечиттерде эл батпай толмок. Туурабы????... Урматту бир тууган, качанкыга чейин куноого батып жата беребиз? Качанкыга чейин ʺмен мусульманмынʺ деп, озубузду алдап журо беребиз? Качанкыга чейин тооба кылбай журо беребиз?... Же, неужели олум периштеси (Азсраил, алехи салам) жаныбызга келип козубузду Караганда гана тооба кылабызбы?.. ... Бирок, анда кеч болуп калат. Олум периштеси ар бир адамдын жанын Аллахтын буйругу менен алат. Кеч болуп кала электе, ыйман толтуралы. Келечекте бизди МУРЗОО'ДОН башка эчнерсе кутпойт. Качып кутула албайбыз. Барар жерибиз мурзо. Эмне учун?
- Анткени Алла таала Къуранда айтат:

ʺБАРДЫК ЖАТДЫКТАР ОЛУМ ДААМЫН ТАТЫШАТʺ (Аль-Исрат, аят 185)

ʺБИР ДА АДАМ ЭРТЕНКИ КУНУ ЭМНЕ БОЛООРУН БИЛБЕЙТ. БИРДА ДА АДАМ КАЙСЫЛ ЖЕРДЕН ОЛООРУН БИЛБЕЙТʺ (Лукман, аят 34)

(АР-БИР АДАМГА ЫЙМАН ЖАНА ДЕН-СООЛУК БЕРСИН, АЛЛАХЫМ. Амиин) 

Автор: Таслим Асанов
Булак: [moderated]/oilon

✨ ОКУЯЛАР ж/а БАЯНДАР
группага катталыныз

одноклассник: http://[moderated]/oilon

Интагра
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#920 Пользователь офлайн   Sema04   17 Май 2016 - 23:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 535
  • Катталган: 18 Март 15
  • Соңку аракети: 19 Ноя 2021 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мадрид ул.Лас Вентас 188

Аягына чейин окуп чыкканча эрибегин. Анткени сен ѳмүрүндѳ укпаган маалыматтар жазылган. Сенден ѳтүнѳѳрүм ушул маалыматты башка мусулмандарга жеткирүүгѳ кѳмѳктѳшѳ кѳр...

Албетте мындай жакшылык иштерде жарышуу керек анткени акыретте баарыбыз соопко муктажбыз...

Мусулман бир тууганым Аллах бизден олумдун убагын эмне себептен жашырып койгондун даанышмандыгы эмнеде экенин билесинби?.. .

Баарыбыз олумго ишенебиз жана анын чындык экенин билебиз. Бул жер бетиндеги омур сургон адам баласы кайсы ишенимде болбосун, кайсы материкте болбосун, кайсы рассадан болбосун баары бир ооздон олум хак (акыйкат) экенин танышпайт. Ошондой эле ар бир тируу жан олумду татуучу экени баарыбызга айкын. Жер бетиндеги тируу жандын баары бул жер бетинде убактылуу жашаган конокпуз.
Ошондой эле билбейбиз ажал бизди кайсы куну, кайсы убакта жана кай жерде алып кетерин.
Эгер Аллах Ар бирибизге кайсы убакта олорубузду кабарлап койгондо, балки биз бул азгырык дуйнодо туура эмес куноо иштерге барып коймок белек. Олум убагына аз калганда кылган иштерибизге тообо кылып, ыйманыбызга кайра жанылаганга жетишип калмакпыз деген умутто. Бирок Улуу Жараткан ал нерсени каалабады. Бул даанышмандыгынын себеби биз инсандар учун эле пайдалуу. Анткени бир козубуз менен бул дуного карасак, экинчи козубуз менен акыретке карайбыз.
Ошондуктан Аллахтын бардыгына олумдун хактыгына (акыйаттыгына) ишенген момун адам куноо иштерден озун оолак кармайт. Анткени ал билбейт кайсы убакта олум келерин. Эгер куноо ишке барса тообо кылганга улгуромбу же куноо иштин устундо оломбу деген ой анын тынчын алат. Мына ошондуктан ал бул жашоодо туз жана таза жургонго аракеттенет.

Аллах Таала куранда айтат: ʺ Баардык жандар олум даамын татышат жана кыямат куну ар биринерге сыйлыгынар толугу менен берилет. (Ошондо) Ким тозок отунан куткарылып, бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет. Ал эми бул дуйно жашоосу тек гана убактылуу азгырыкʺ. ( ʺАалу - Имранʺ суроосу 185).
Тушундурмосу: Жер бетиндеги дем алган тируу жан ажалы жеткенде олуучу. Ислам аалымдары олумдун даамы ачуу дейт. Аны ар бир тируу жан ажалы жеткенде даамдайт. Эсеп куну ар бир адамдын кылган ишине жараша жазасы берилет. Ал куну инсандын кыпындай жакшылык иши да, жамандык иши да унутулбайт. Мына ошол куну кимдин эсеп таразасы он жагына ооп, сооп иши коп болсо тозок отунан алыстатылып , бейишке кирет. А бул дуйно жашоосу туболук эмес. Ошондуктан дуйно артынан сокур адам сыяктуу ээрчибе. Адам баласы бул дуйного жолго чыккан мусаапыр адам сыяктуу жана конок. Дуйнону байлыкты алгын бирок жете турган жерине чейин гана.

Аллах Таала куранда айтат: ʺ Акыйкатта кыямат кунунун моонотун Аллах гана билет. Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет. Бир да жан эртен эмне болорун жана кайсы жерде олорун билбейт. Акыйкатта Аллах - Билуучу жана Кабардарʺ. ( ʺЛукманʺ суроосу 34).
Тушундурмосу: Бул жерде беш нерсени эскерип отту:

1) Кыямат кундун качан болуусу; Аны Улуу жараткандан башка эч ким билбейт жада калса периштелердин улуусу Жабраил (алейхи салам) да Пайгамбарлардын шарапаттуусу Мухаммед (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) пайгамбар да билбейт.

2) Жаандын качан жана кайсы убакта кайсы жерге жаарын бир гана Аллах билет. Бирок замандын онугуусуно, техникалардын жетишкендигине карабай синоптиктер ыктымалдуу турдо гана айта алышат. Шамалдын ылдамдыгына карата. Тилеке каршы коп убакытта алар жанылышат.

3) Эненин курсагындагы баланы Аллахтан башка эч ким биле албайт. Бул да техниканын жана аппараттын онугуусуно карабай айта албайт. Мисалыга 4 айда ага жан (рух) берилет. Аллах анын уулдук же кыздык белгилерин жаратмайынча аныктай алышпайт. Ошондой эле анын качан торолушун, жана анын бул дуйного тируу же олуу келерин Аллахтан башка эч ким билбейт. Анын бул дуйнодо бактылуу же бактысыз, ырыскысы кенен же тар, омуру узун же кыска болушун тек гана бир Аллах билет.

4) Инсандын жашоосунда эртен эмне болорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Эртен ал буйнодо бар болобу же жок болобу бир Аллах билет.

5) Адам баласынын кайсы жерде жана кантип олорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Балки ал тоодо, балки сууда, балки чолдо, балки жол кырсыгында айтоор билбейбиз.

Аллах Таала куранда айтат: ʺ Эгер алардын ажал мооноту келгенде, алар (ажалы жеткен адамдар) аны(ажалды) бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайтʺ. (ʺНахлʺ суроосу 61).

Тушундурмосу: Эгер инсандын ажал сааты жеткен болсо ал аны бир секундка да кармай албайт же болбосо кечиктире албайт. Же болбосо инсан ажал саатынан мурда олбойт. Мисалыга озун олтуром дегендер ажалы жеткен эмес болсо ал адам олбойт. Бирок кылган ишине жараша олумун майып болуп инвалидный коляскада же болбосо олум тошогундо жатып олум сааты келгенче жашашат.
Бул жашоодо канча адамдарды коруп журобуз отуучу жолдон башка адамдардан бир аз эрте баса койот же болбосо бир аз кечигип баса койот мына ошондо аны машине турто кетет. Аны коргон адам биз менен эле басканда ушул нерсе болмок эмес дейт. Жок андай эмес, андай болмок да эмес. Анткени бул нерсе анын тагдырына жазылган ажалы ошол убакытта ошол жерде айтылган.

Дагы айта кете турган нерсе хадистин маанисинде келет ырыскы менен ажал окшош. Ажал адамды олум саатында кандай кууп жете турган болсо, инсандын тагдырына жазылган ырыскы да аны ошондой кууп жетет. Инсан бул дуйного тороло элек кезинде ырыскысы жазылат ошондуктан ачкалыктан олом деп коркпоо керек. Сенин ырыскын тугонду дегенче ажал сени алып кетет. Ошондуктан канчалык байлык топтобо сен андан тагдырына жазылган гана ырыскыны аласын ал эми калганы башкалардын ырыскысы.

Аягында пайгамбарыбыздын дубасы менен бутуролу.
Оо Аллахым, Сен биздин жаныбызды ала корбо, качан Сен бизден ыраазы болмойунча.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 34 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 34, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 23:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: