Кайненеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер? Кайнэнеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер?
#61 24 Июнь 2012 - 11:56
Калп эле акылдуусунгум келбейт, анын үстүнө силердей турмуш менде баштала элек. Ушундай "кошмарларды" угуп алып эле, жүрөгүм түшө берет. Качан эле, билбейм, кечээ атам экөөбүз сүйлөшүп жатып да, өлөө каткырдык да...))) Мындан 3-4 жыл мурун беле, тай энемдин курбусу үйгө тез-тез эле келе баштады. Келип алып, чайын берем, ичет, тамагын берем, жейт, анан кетпейт десеңер. Жатып да калат. Бир күнү уулун ээрчитип келди. Эми баягы коноктордун бири дедим. Кийин ата-энеси менен биригип колумду сурашканы келди. Аны уккан жаным, атама барып: "Жоок тийбейм буга, апасы жаш экен. Бул карыгыча канча бар?" депмин. Жашмын да...)))
Демек, мен үчүн тийе турган жолдошума караганда анын энеси көбүрөөк маанилүү окшойт. Апам дайыма кайталай берет "жатынына барат" деп, анткени балдар 80-90 пайыз апасына окшош болот имиш.
Жеңиш - менин тагдырым.
#62 24 Июнь 2012 - 12:18
Ээ Кудай пешенемди ача кор,тушукон жерим кен,болсун,келечегим кен болсун,Апамдай мээримду,тушунуктуу кайнене,кайната, кайнилерден, кайнисиндилерден бере кор.
#63 24 Июнь 2012 - 13:01
Aleesia (24 Июнь 2012 - 03:40) жазган:
Бирок ар бир нерсенин чеги болот да. Озу деле мурда келин болсо керек. Биринчи жолу башка уй-булого барганда ата-эне, бир туугандарынды сагынасын. Коргун келет. Анан барып келейинчи деп сурансан жолдошун макул болуп, кайненен макул болбой атса жаман корунот экен да. Бирок мен башынан кондуруп алдым окшойт эч жакка чыкпай. Синдилерин болсо тез тез чакыртып турат. Эгер бир кун куйоо баласы синдисин жонотпой койсо анда шоруна калды дей бергиле.. Барып, кудаларынын козунчо чан тополон салып "Эмне синдим сенин менчигинби? " деп жанжал чыгарат. Куйоо балдарын аябай жаман корот. Аларды "Куйоо балдар калк болбойт экен" деп айтып калат. Айтор озуно эле жакшы болсо болду да. Башкалардын ою менен эсептешип дагы койбойт.
#64 24 Июнь 2012 - 15:04
#66 24 Июнь 2012 - 15:16
Бирок,"Бөтөгөнүн териси өзү жатып ий болот экен"...сабырдуулук, жакшы сапаттарды көрсөтүү менен,баарын женсе болот деп ойлоюм....кандай кайын эне болбосун,жакшы келинге,акыры бир кун баш ийээри толук мүмкун....
#67 24 Июнь 2012 - 15:26
#68 24 Июнь 2012 - 15:32
Murok (24 Июнь 2012 - 15:04) жазган:
Хым... Автор кыздарга арнаганына карабастан, теманы "Кимдин кайненеси кандай" деп ачыптыр... Андыктан теңчилик үчүн эркектерге уруксат берсек...))) Же эркектердин каййын журтуна, анын ичинде кайненесине байланыштуу арманы жок дейсизби? Биздикинен алардыкы ашып түшпөсүн...
Жеңиш - менин тагдырым.
#69 24 Июнь 2012 - 15:34
Жеңиш - менин тагдырым.
#70 24 Июнь 2012 - 16:16

#71 24 Июнь 2012 - 17:03
Жон гана кыска-нуска айткым келет,куйо бала да,келин да кайн журтунда болуп жаткан нерселерди оз уйуно айтып келбесе,ушак ташыбаса баары сый урмат,жакшы мамиледе жакшы жашашат деп ойлойм.
Билдирүүнү түзөткөн: Arstan: 24 Июнь 2012 - 17:22
кто лучше нас, им просто не до нас.
#72 24 Июнь 2012 - 17:37
#73 24 Июнь 2012 - 22:07
adalsvards (24 Июнь 2012 - 15:32) жазган:
Ашып тушсо ашып тушту деп жазышса да макул дечи,сен жаман мен жаман дебей,адам оз башына келгенде гана тушунот. Аялдар биз макул ушакташып,сын тагып дегендей,а эркектер мен оюмча эркек болгону эле жакшыго,чача пача дебей. Кайсы эле кайнене КЫЗЫ бактылуу болушун каалабасын, кайнене менен куйоо бала ортосунда келишпестик болбойт, а келин менен кайнене ортосунда илгертен келаткан жорук,анткени кайнене да, келин да -АЯЛ КИШИ. А эркек менен аялдын ортосунда барыбир какой то мере бирбирине тушунуу бар чем кээде аялдарга караганда.
Билдирүүнү түзөткөн: Murok: 24 Июнь 2012 - 22:09
#74 24 Июнь 2012 - 23:31
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#75 24 Июнь 2012 - 23:38
Murok (24 Июнь 2012 - 22:07) жазган:
Чача пача эркектер көбөйүп кеткени үчүн жазгам да муну... Балким кимдир бирөө "кайырмакка" илин калар бекен деп? Акылдуусунбай коё турсаңыз, кайсы бир форумчу күйөө баланын кайненеси тууралуу арманын окуп калат белек. Анан кайнене менен күйөө бала ортосунда келишпестик болбойт дептирсиз, жашоо реалдуулугунан өтө алыс окшойсуз. Анткени толтура мисалдар бар, ал эмес мушташып жүргөндөрү да чыгат! Андыктан илгерки жорукка шылтабай эле коёлучу, же бул көрүнүш адат болсо, не кылабыз талкуулап? Теманы жаап салалы...)))
Жеңиш - менин тагдырым.
#76 25 Июнь 2012 - 05:03
Бироону жамандаган адамга ишенбе. Ал сени да бироого жамандашы турган корунуш.
#78 25 Июнь 2012 - 12:33

#79 25 Июнь 2012 - 12:43

кайненим аябай жаш менин ой жугуртуум менен эле бирдей ошондуктан биз дайыма ойлорубуз бир чыгат менин жолдошум айтып калат сен шохасын деп анысыгай баардык кыз келиндерге оор басырыктуу болсонор эле баардыгы оз нугунда отот демекмин

#80 25 Июнь 2012 - 13:06
