
Кайненеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер? Кайнэнеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер?
#81 25 Июнь 2012 - 13:30
Кудайдан жакшы куйоону эле эмес эми жакшы кайненени да тилей журобуз. ))) Негизинен эле келиндерди бекем кармаш керек окшойт деп коем (озумдун башыма келгенде оюм озгорушу мумкун
). Анткени чон апам өз кайненесинен көп кордук көрүп, ошол кордукту келиндерим көрбөсүн деп бүт ойлору менен болчу. Кээ бироолорго ал да жакпайт окшойт, кээде ашыкча эле эркелеп кетишкенде жиним келет. Жакшы кайненеге туш келсем жакшылыгын эки эсе кайтарып, характерлуусуно жакшы соз айтып ийиинден чыгарып, "шоха" (Келиндер козголоңундагыдай) келин болгонго аракеттенебиз.
)) Ошол кундорго жеткирсе буйруса.

Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#82 25 Июнь 2012 - 16:06
Мен куйоого тийгенде,ата-
энем,женелерим акыл айткан"жаманын жашырып,жакшысын ашыр.Кайын журтун аш жесе аш жейсин,таш жесе таш жейсин"дешкен.
Ошол принцип менен жашап келем.Аллахка шугур,кайненем жоош момун аял.Билбегенимди уйротуп турат.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#83 25 Июнь 2012 - 16:15
Кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле түбү бүтпөс тереӊ темалардан.
Сенин кайненен сенин сүйгөн жарыӊдын энеси, өзүӊдүн экинчи апаӊ, жолдошуӊа кандай мамиле кылып, кандай кам көрсөӊ, кайненеге да ошондой мамиле кылып, кандайы болсо да тил табышып ынтымактуу жашап кетүү келген келинден көз каранды. Келиндин жылуу мээримине, жакшы сөздөрүнө "ээрибеген"
кайнене жок болсо керек…Кыскасы,
"Аял жакшы эр жакшы, келин жакшы кайнене жакшы..."
Билдирүүнү түзөткөн: maksatkyz: 25 Июнь 2012 - 16:16
«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#84 26 Июнь 2012 - 02:05
Мен кайната кайнене менен жашагым келет анан да алар акылман болуп билбегенибизди уйротуп жол корсотсо айтышат го карысы бардын ырысы бар деп кайненеми оз апамдай сыйлагым келет,баласын кучактап жатып апасын жаман корсон болбой калат го!.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#85 26 Июнь 2012 - 02:38
Менин чоң энемдин кайын энеси, аябай "запкы"
кайын энелерден болгон дейт...Үйүно конок келсе,кайын энесинин уруксаты жок,дасторкон жайып,чай бере алчу эмес экен...Чоң атам базарлык кылып келип,базарлыгын өзүнүн апасынын колуна тапшырса,кааласа ооз тийгизип,каалабаса сандыгына салып,бекитип салчу дейт...Кыскасы,
чоң атам жалгыз бала болгон үчүн,чоң энем кайын энесинин баардык запкысына,көзү өткүчө чыдаптыр...Бирок,
чоң энемдин айтканына караганда,кайын эне, жакшы келиндин жакшылыгын билет,сезет,
бирок,сыр бербейт экен...убагы келгенде,ыраазычылыгын сөзсүз билдирбей койбойт дейт...Чоң энем:"Кылган кызматым,жакшы мамилем,ага болгон сыйым,көтөрүмдүү-
сабырдуулугум менен жеңип,кайын энемдин батасын алып,агарып-
көгөрдүм"
-деп кайын энесин эскерип калат...Демек,
миң жаман деген кайын эненин дагы тилин таап,батасын алса болот экен...
Адамга адам кымбат болуш керек....
#86 26 Июнь 2012 - 19:08
Менин кайненем жаны келин б.п барганда.жоолукту 15 кун алдыма салдырганы эсимден кетпейт да.ансыз да шаардан жыланбаш журосун деп.
Кайнатам б.со жаман жоош сонун киши эле.
Кайнатам б.со жаман жоош сонун киши эле.
#87 28 Июль 2012 - 04:00
#88 28 Июль 2012 - 04:20
Биз айылда жургондо келиндер топтолуп суйлошуп олтуруп калсак кайын энесин жакшы дегендерин укчу эмесмин. Танданганымдан айткан создоруно "чын эле ошондойбу"
-деп сурасам мени жаман корушор эле. Себеби мен кайын энемди эч качан жамандаган эмесмин. Ошон учунбу келиндер мени жаман коро беришет. Биз кайын энем экообуз ээрчишип коноко барабыз, базарга барабыз, кочо шыпырып журсом деле жанымда журо берет бир нерселерди айтып, кулуп суйлоп, баламды ойнотуп. Кайын эжелерим келсе "эне бала болуп олтурасынарбы,
апам сен келин болуп келгенден бери биз менен суйлошпой да калды?"-деп кулуп кетишет. Жолдошум болсо тамашалап "сен жаман экенсин, апамы алып койдун менден, сага болушуп мени эле уруша берет"-деп апам экообуздун ынтымагыбызга суйунуп калат.
#89 28 Июль 2012 - 04:44
Kelini tarbiyaluu bolso ech bir kainene pritenziya koe albait dep oiloim
"First think then speak."
#90 01 Август 2012 - 19:10
Мен келгенде кайненем жок эле... Ал 3 жыл мурун отуп кетиптир, куйоомдун атасы менен иниси эле бар. Аябай эле эрке келинмин, бирок бир да жолу кайненемдин жогуна суйунгон эмесмин.
#91 09 Август 2012 - 16:52
"Kайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" деген сөз бар.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#92 09 Август 2012 - 19:58
Мен кайнене дегим келбейт "АПА" дейм. Апа дегениме татыктуу аял.Албетте ката кылсам ондойт.Абдан жаароокер аял,эч катуу айтпады 2жылдык бирге жашообузда.
Катуу айтпасада апамдан аябай корком
эшиктен кирип келсе кандай ордумдан турганымды байкабай калам.


Элимде тынчтык болсун!
#93 10 Август 2012 - 21:18
#94 16 Август 2012 - 13:17
zhiza (25 Июнь 2012 - 23:38) жазган:
Менин чоң энемдин кайын энеси, аябай "запкы"
кайын энелерден болгон дейт...Үйүно конок келсе,кайын энесинин уруксаты жок,дасторкон жайып,чай бере алчу эмес экен...Чоң атам базарлык кылып келип,базарлыгын өзүнүн апасынын колуна тапшырса,кааласа ооз тийгизип,каалабаса сандыгына салып,бекитип салчу дейт...Кыскасы,
чоң атам жалгыз бала болгон үчүн,чоң энем кайын энесинин баардык запкысына,көзү өткүчө чыдаптыр...Бирок,
чоң энемдин айтканына караганда,кайын эне, жакшы келиндин жакшылыгын билет,сезет,
бирок,сыр бербейт экен...убагы келгенде,ыраазычылыгын сөзсүз билдирбей койбойт дейт...Чоң энем:"Кылган кызматым,жакшы мамилем,ага болгон сыйым,көтөрүмдүү-
сабырдуулугум менен жеңип,кайын энемдин батасын алып,агарып-
көгөрдүм"
-деп кайын энесин эскерип калат...Демек,
миң жаман деген кайын эненин дагы тилин таап,батасын алса болот экен...
эн туура айтыптыр,себеби ар бир адам эле идеалдуу эмес да, жада калса ошол адамдын конулун таап алсан эле болду жашоо сеники. Демек баары оз колубузда.
#95 25 Август 2012 - 06:30
турмуш жолуна аттанганыма 7 жылдын жузу болду ушул убака чейин бир жолу да энем(кайненемди эне дейм) экообуздун ортобузда жаман соз отподу.Кайнене да бироонун алтын апакеси ал биз учун куйообузду тороп жакшы тарбия берип чонойткон аларды да апабызды сыйлагандай сыйлап турсак алар омуру откончо бизден ыраазы болуп отот алар деле бизди жаман болсун дебейт билбегенинерди уйротот билип алсак озубузго эле пайда.Кыздар эч качан кайненерди жаман корбогуло сыйлаганга арекет кылгыла Алар биз учун уулдарын белек кылып жатса Кайненелер аман болсун эч качан оорубасын дайыма бар болсундар!
!!
#96 29 Сентябрь 2012 - 12:51
менин кайын энем да жакшы,торогонумдо кийимдеримди да кошо жууп берчу.биз суйгон адамдын апасын эч качан жаман деп айтууга болбойт.
#97 04 Октябрь 2012 - 16:40
Салам!Негизи биринчи угуп атам келин менен кайынененин ушундай мамилесин,менин кайыненемди жакшы деп да айткым келбейт жаман деп да айткым келбейт,жакшы жагы деле бар,жаман жагы андан коп.Башында синдилери менен чогулуп алып аябай башкарып кетишчу анан чогуу жашабагандан кийин кетет да деп бирок айткан создоруно ыйлап калчумун,куйоом унчукпайт аларга да болушпайт мага да болушпайт.Анан мени 2балалуу болгончо башкарып журушту буларда келинди ушинтишет го деп ойлоп койчумун анан кайним уйлонгондо да ошентишеби десем жок кайра анын козун карап келин кичине жотолсо кайыненем озу тамак жаткан жерине алып барып ошенткенин кордум аябай жаман болуп мен оорусам сурабайт дагы.Анан кайненемдин синдилери келген сайын коноко (куйом чакыралы десе)чакырып турчумун алар келип алып жон кетпей башкарып кееде ыйлатып кетишчу.Анан тажадым анан ким башкарса ответ берем,анан баарын чогултуп алып кайра баштаганда айттым келсенер жон келгиле мен силерге жаны келген келин эмесмин,келбесенер вообще келбегиле деп.Азыр эч кимиси суйлой алышпайт,ошондон улам ойлоп койдум баарын башынан кондуруш керек деп,жакшы келин болойун десен башка чыгып алышат экен кее бирлери.
#98 06 Октябрь 2012 - 02:13
Буйруса озум биринчи жакшы келин болсом экен.Анан жакшы кайненелуу болсом...Бул жактагы Айдашка эженин астро толгосундо болочок апам суукуйду экен.Окуп алып кубанып калдым.Ылайым эле ушундай болсо экен.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#99 09 Октябрь 2012 - 10:15
Эх эмнеси болсода жакшы оз кызындай коргон, тушунукту кайненеге туш болойунда бешенем жаркырап.
Ата-энелерибиз ардайым биздин бактыбызга бар болушсун. Иннша Аллах!
#100 09 Октябрь 2012 - 10:51
Кудай буйурса аз убакыттарда келип жазып кетем деген ойдомун

Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.