Арстан байке мен да сиздер үчүн кубанычтамын,
бактылуу болуңуздар кармашкан колуңуздар үзүлбөсүн!
!
Өмурлүк жарымды суперстандан таптым. Биз үйлөндүк Arstan+Bella1.
#22 18 June 2013 - 14:09
Адальс,сенин айтканынды аткарбай кое албайм го...
Эжем,кайнэжем болуп мечиттен кайткан кезибиз.
Супер.jpg
Эжем,кайнэжем болуп мечиттен кайткан кезибиз.
Ваааааааааааай. ..))) Мынча сонун! (суктанып, шилекейи аккан быйтыкча...)
Билбейм... билбейм... бирок мен үчүн дайыма эки жаштын кол кармашканы кубантат! Ылайым, колуңар супер клей менен эле чапталып калсын! Чогуу кадам таштаган турмушуңуздар сүйүүгө, бакытка, бакубаттуулукка жана бытыкый-бытыкый жандарга бай болсун! Жыл айланбай, ушул эле форумдан кучагыңызда кармаган наристенин фотосун эле көруп калалы... Жараткандын жакшылыгы өзү жар болушуна тилектешмин!
Эскертүү: Мындан ары Жүрөк сыры бөлүмүнө, айрыкча Монолог жакка темселеп кетүүгө тыюу салынат!
Ылайым, Үй-бүлө бөлүмүнөн кеңешчи катары постторуңарды үзбөй окуп туралы...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#23 18 June 2013 - 14:15
Ватяять! Ан дыштын дыштын дыштын! (бийлеп жаткан быйтыкча)
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#24 18 June 2013 - 14:20
Азамат, Арстан! Куш бооң бек болсун! Ак никеңерди эч качан кир чалбасын!
Мына, эсиме жара чыгып, таппай калбадымбы.
.. Тиги арстандардын балдарын кантип атачу эле?.. Кыскасы, кичинекей арстанчиктер көп болсун.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#25 18 June 2013 - 14:25
Азамат, Арстан! Куш бооң бек болсун! Ак никеңерди эч качан кир чалбасын!
Мына, эсиме жара чыгып, таппай калбадымбы.
.. Тиги арстандардын балдарын кантип атачу эле?.. Кыскасы, кичинекей арстанчиктер
көп болсун.
мый-мый
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#27 18 June 2013 - 14:44
Мне эле тополоң деп коем.
Куш боо бек болсун! Сразу тост (интернеттеги эле тосттордон):
"Абышкасы менен көөп жашаган кемпири ооруп төшөккө жатып калат. Чыныгы жашоого деле аз калганын сезип, абышкасын маңдайына отургузуп айтат:
- "Тээтиги турган идишти алып карачы". Абышкасы алып караса ичинде 2 куурчак жаткан экен.
- "Бул эмне болгон куурчактар? " деп сурайт таң калган абышкасы.
- "Мен сага колукту болуп келееримде апам мага кеңеш берген: Эгер күйөөң сени урушуп, көңүлүңдү калтырган болсо, анда жооп катпастан отуруп эле куурчак жасай бер. Бир урушканына бир куурчак жаса. Мен жашоомдо дайыма апамдын кеңеши менен жүрдүм".
Кемпиринин бул айтканы абышкасын өтө сүйүнтөт, анткени болгону эки гана куурчак турган эле. Өзүнө ыраазы болгон абышкасы куурчактын алдында жаткан пачка-пачка акчаларды көрүп кайрадан таң калат.
- "А булар эмне болгон акчалар? Мен сага акча деле берчү эмес элем" деп суроо салса, анда кемпири айткан экен:
- "Ал акчалар - куурчактарды сата берип, сата берип чогулган акчалар".
Аны сыңары ортоңордо куурчактар аз болсун. Акчаңар көп болсун. Бирок, куурчактан түшкөн эмес, маңдай тер менен тапкан акчалар. Бири-бириңерге сүйүмдүү-күйүмдүү түгөйлөрдөн болгула. "Бирге бирди кошсо үч болот" дегендей, эми март айында "Биз эми үчөөбүзбүз" деген тема ачып сүйүнчүлөгүлө.
Эми "Сүйүшкүлөөө. .."

Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#29 18 June 2013 - 14:56
Оо куттуктаймын байке!!!
Куш боонор бек болсун!!
! Мен сизге ишенем татыктуу уй булоо кожоюну болоорунузга!
!! Ийгилик жана бакуубатчылык,
чексиз суйуу ,махабат!!
!
Здесь зверски было убито время
!!!
#30 18 June 2013 - 15:00
Огоо жагымдуу жаңылык. Арстан аке, Бибигуль кармашкан колуңуздар эч качан ажырабасын.
Кубанычыңыздарга тең ортокмун.
Куш боо бек болсун!
Куш боо бек болсун!
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#31 18 June 2013 - 15:03
Менда куттуктайм.
сонун жанылык болуптур.уйундордо майда тапочкалар кобойсун.бактылуу болгула!
#32 18 June 2013 - 15:13
Рахмат баарыныздарга.
Каалоо тилектериниздерге аябай ыраазы болуп отурам. Мен бактылуумун,
кубанычымда чек жок. Арстан байке экообуз Кудай кааласа бактылуу болобуз. Сиздерге да бакыт каалайм. Рахмат.
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
#33 18 June 2013 - 15:16
Бактылуу болунуздар!
кармашкан колунуздар чапташып калсын!
Журоктор ыйманга толсун.
#34 18 June 2013 - 15:22
Ооо Aрстaн,бул aябaй сонун жaнылык,Беллa экоонордун кaрмaшкaн колунaр узулбосун,aр дaйым бaктылуу,жaштaргa улгу болуучу уй булоодон болгулa!
Мынaке,келин деп ушуну aйтсa болот!Жaш келинге aк жоолук,узун юбкa кaндaй сонун жaрaшaт ээ:
Aк жоолук сaлынгaн жaaaaaрыыым
Нурдaнaт сенин aжaрыыыын
Омур бою aк колундуууу
Мен гaнa,мен гaнa кaрмaйыыыыыын
....нa,нa нa нa нa,нa нa нaaaaaммммм деп Aрстaнгa ыр уйротуп коюп узaктaшaйын.. ..

все что ни делается все к лучшему :(
#35 18 June 2013 - 15:41
Бактылуу, ырыс кешиктуу болгула!
Анан дагы...
Турмуштун даамын татсын деп,
Кошту экоонду кудайым.
Туболук бирге болгула,
Бактылуу болуп, ылайым.
Ардактап бири-биринди
Ынтымак жаша дайыма.
Экоолоп сыйлап жеткиле,
Ата-эне кадыр баркына.
Кош жылдыз болуп коктогу,
Жашоодон бирге откуло.
Ажырап калбай алсырап,
Туруктуу турмуш сургуло.
Анан дагы...
Турмуштун даамын татсын деп,
Кошту экоонду кудайым.
Туболук бирге болгула,
Бактылуу болуп, ылайым.
Ардактап бири-биринди
Ынтымак жаша дайыма.
Экоолоп сыйлап жеткиле,
Ата-эне кадыр баркына.
Кош жылдыз болуп коктогу,
Жашоодон бирге откуло.
Ажырап калбай алсырап,
Туруктуу турмуш сургуло.
#36 18 June 2013 - 15:50
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...
#37 18 June 2013 - 15:51
Каалоом тугонбой жатат
Кармашкан колунар узулбосун,
Силер ондургон суйуу гулу кубулбосун!
Аранарды ала мышык аралабасын,
Ак жерден жалаа жаап, каралабасын!
Эч качан конулунор оорубасын,
Эч жерде боодо кырсык тоорубасын.
Жаман создон, жаман коздон алыс болуп,
Жаны ачылган бакыт гулу соолубасын!
Озунордон кобойуп, биздей бактылуу болгула

#38 18 June 2013 - 15:51
Бактылуу болуп узак жашагыла, коломтоңордун оту өчпөсүн.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#39 18 June 2013 - 15:56
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!

Супер-Инфо
super.kg
видео