Почти бардык салты жакпайт...
Кыргызымдын кайсы салты сизге жакпайт? талкуу...
#182 20 Апрель 2015 - 02:46
Туура биз кыргызбыз,бирок Ошо кыргыздын Салты, ото еле аша чаап кеткени жакпайтда.ата бабабыздан калган салт да бар,а кобунчосу жакын арада кошулган салттар.бир келген жашоону,туура пайдаланып,
жашоодон кылган жакшы ишинден ырахат алып отсон,Ошо сенин бул жашоодо утканын.чынын айтсам салтка карап жашап чонойбогонубуз учун,коп деле аша чаап кеткен жактарын коп байкайбыз.
#183 20 Апрель 2015 - 12:07
Жамандык, жакшылык дегенде материал,жоолук,
калпак, вообщем кереги жок эле бир нерселерди которуп бара беришет го, тегеретип ТАКЫР жакпайт да ошонусу
#184 21 Апрель 2015 - 08:05
Жамандык, жакшылык дегенде материал,жоолук,
калпак, вообщем кереги жок эле бир нерселерди которуп бара беришет го, тегеретип ТАКЫР жакпайт да ошонусу
Сиздин айткан көйнөк, калпак кийгизмей адаты тээ илгери жокчулук заманда келген коноко урмат сый катары кийгизеер эле, колунда жок адамга бир көйнөк же бир чапчан өтө зарыл керекетүү нерсе болгон, азыр барчылык, токчулук заман бааланбай, терс көрүнүш катары бааланат, азыркы убакта чапан ордуна автомашина белек катары берилип калган заман, үйлөнүү тойдо катар, катар хаммерлер менен өткөрүү кадыресе салт катары боло баштады, а бизге жакпаган ата бабалардын салтында свадьба деген түшүнүк жок эле кой сойуп уйлөнүү тойчук менен эле нике кыйып койчу эле, ата бабалардын салтында ашыкчасы да болгон, бирок жакшы жактары көп болгон, чем азыркылардын ашыкча жаңы салтына караганда, кыскасын айтканда кыргыздын салтын жамандап, өзбектин, орустун же арабтардын салттары жакшы бекен, ансыз да алардын салттарынан кыргызга акырындап жамап кошуп келе жатабыз, не десе кыргыздыкы сопсем туура эмес деп, жакын бир заманда кыргыз эмес эле кырккыздан болуп кетпесек эле болду, эму уруксаат арабыңар арабча, өзбегиңер өзбекче, орусуңар орусча тепкилей бергиле.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#185 21 Апрель 2015 - 18:12
Кызды ала качуу жакпайт эле Аллага шугур жок болду , анан байкап корсом бизде эле бар экен бироо олсо ""кок"
"кийгизмей .А озу шариятта жон эле куран окуп аз кана нерсе менен жерге беруу зыйнат экен .Дагы бизде адат болгон ""эгер атасы олсо , анын баласына , сенин атанда жилик жеп жургон союшун керек деп же болбосо куру намыс кылып тиги андай кылды мен да кылышым керек """деп колунда бары кылса , ага колунда жогу тенелем деп карызга батып , кредит алып .Ушуга окшогон жоктон бар кылган салттарыбыз жакпайт .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#186 23 Апрель 2015 - 20:41
Салтыбыздын анча мынчасын жагат жакпайт деп айтууга талкулоого болот,бирок ошол салт санаа урп адатыбыз менен кыргызбыз!
Ошондуктан сыймыктанып айлансак болот салтыбыздан,
салтты урп адатты улантып ушул муунга жеткизген элибизден айлансак болот!
#187 23 Апрель 2015 - 20:49
Салттардан айлансын, жагат баардык салттары ( анан бироосу бар уйлонгондо тойдо батинке бекитмейи жакпайтда)
#188 23 Апрель 2015 - 21:37
#189 23 Апрель 2015 - 22:33
#190 24 Апрель 2015 - 23:02
Салттарды жагат-жакпайт дебейм.Салт-
санаасы жок улут болбойт эмеспи.Салттарыбызды толук билип,пайдаланчу учурда туура пайдаланып,
унутпашыбыз керек.
Бирок азыркы учурда салттарды өзүбүзгө ылайыктап бурмалап, кемитип-кошуп "заманбап" кылып алганыбыз туура эмес.
Бирок азыркы учурда салттарды өзүбүзгө ылайыктап бурмалап, кемитип-кошуп "заманбап" кылып алганыбыз туура эмес.
<
#191 25 Апрель 2015 - 13:05
Салттардан айлансын, жагат баардык салттары ( анан бироосу бар уйлонгондо тойдо батинке бекитмейи жакпайтда) 
Кыргыздын салтында батинке бекитмей салт эмес, ал бир азыркылардын бир галдирмат чыгармасы десеңер болот, Биз жакта күйөө баланын батинкесин бекитпейт, тескерисинче күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр деп, күйөө баланы баалап келишет. казактардан көргөнбүз үйлөнүү тойдо келиндин туфлисин, кыз тараптын инилери бекитип алып акчага саткандарын, а бизде андай салт жок, салт дагы эмес ал.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#192 25 Апрель 2015 - 14:00
Кыргыздын салтында батинке бекитмей салт эмес, ал бир азыркылардын бир галдирмат чыгармасы десеңер болот, Биз жакта күйөө баланын батинкесин бекитпейт, тескерисинче күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр деп, күйөө баланы баалап келишет. казактардан көргөнбүз үйлөнүү тойдо келиндин туфлисин, кыз тараптын инилери бекитип алып акчага саткандарын,
а бизде андай салт жок, салт дагы эмес ал.
Салт емеско бирок дайыма ушундай корунуштор боло берсе кийинки муундагылар салт катары кабыл алып алышы мумкун деген ой кетет екен.
#193 26 Апрель 2015 - 22:02
Келинди салт деп аркимге жугунткону соонунда,а олумдогу чыгымдар жакпайт.
#194 27 Апрель 2015 - 14:14
Ширк кошулган бардык салты жакпайт. Бидаат(динге жанылык киргизуу) ашып баратат.
#195 30 Апрель 2015 - 00:54
1. Ысырык салып алас айткан.
2. Анан адам олгондо жандык сойгон аны сойсода мейли бул жакта адам олуп атса этти болгондо бул уяттууларга бул коншуларга деген жери жанды кейитет.
3. Уйлонуу Тойлордо женелери дастарконго нан,арак, сигарет,бир козунун, ордоктун эттерин коюп. Как будто тайэнесин ош базарындай кылып сатышат. (Туштукто, тундукто билбейм).айта берсен толтура экен жазгым келбей калды.
2. Анан адам олгондо жандык сойгон аны сойсода мейли бул жакта адам олуп атса этти болгондо бул уяттууларга бул коншуларга деген жери жанды кейитет.
3. Уйлонуу Тойлордо женелери дастарконго нан,арак, сигарет,бир козунун, ордоктун эттерин коюп. Как будто тайэнесин ош базарындай кылып сатышат. (Туштукто, тундукто билбейм).айта берсен толтура экен жазгым келбей калды.
#196 21 Октябрь 2015 - 13:19
Ала качып келгенде отурбай коеюн десен кемпирди астанага жаткыра коюшат экенго ошол салт такыр жакпайт. байкуш кыздарыбыз ошол энелерди сыйлап аттабайын деп омуру корбогон жерде отуруп калышат.
#199 30 Октябрь 2015 - 02:03
Бата тойдо женелери батинке бекиткени жинине тиет да. Базарда отургандай соодалашат тангоруу дейсин карап отуруп.
Биз достордун арасында ошондой проблемаларды бутургонго бир баланы шайлап алганбыз. Антпесе элестет ошончо бала издеп журушту эээй менин батинкем кимдэээ деп.
Биз достордун арасында ошондой проблемаларды бутургонго бир баланы шайлап алганбыз. Антпесе элестет ошончо бала издеп журушту эээй менин батинкем кимдэээ деп.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















Мобилдүү версия