Бел болот өргө умтулуп басаарыңа.
"Туугандын топурагы алтын"-дешет,
Андыктан айтаарым бул балдарыма.
Улууңду кичүүң сыйла кыя баспай,
Жакын жок бул дүйнөдө уялаштай,
Бирдиктүү, ынтымактуу жашагыла,
Ар кимиң өз тапканың жыя качпай.
Бирдиктүү, ынтымактуу тууган болсо,
Калтырбайт бирин-бири ара жолго.
Улуунун ар бир сөзүн ыйык тутса,
Туугандын туугандыгы мына ошондо.
Жандай чаап,тең талашып жакшылыкта,
Ортоктош болуп жүрүп жакшы ашка.
Кокустан кырсык басса-- жамандыкта,
Жыйрылып , терс бурулуп нары баспа.
Сүйөнбө сылык сөздүү душманыңа,
Алданып кыянаттык кылганыңа.
Алмашпа тууруңдагы тууганыңды
"Бакыт" деп убактылуу мансабыңа.
Жамандан оорубасын жүрөгүңөр,
Ар дайым орундалсын тилегиңер.
Өркөнүң өргө карай өсө берсин,
Бирңдн-бириң болуп тирегиңер.
Алымжан Токтосунов)
Билдирүүнү түзөткөн: morther: 08 Июнь 2013 - 23:18