Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? Кантип, кандай ыкмалар менен?
#141 14 Апрель 2015 - 11:27
"Чалкан чакпайт, сулуу кылат!"
Нормалдуу беттер үчүн
1 чоң кашык чалкандын майдаланган жалбырагын 1 чоң кашык жылуу сүткө аралаштырып, 10 мүнөт коюп коёсуз. Муздаган соң 1 чай кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз да, бетиңизге, моюнуңузга 20 мүнөт коёсуз.
Бул маска терини азыктандырып, жумшартат.
Кургак беттер үчүн
Чалкандын жаш жалбырагы менен петрушканы аралаштырып эзип, ботко жасайсыз. 1 чоң кашык боткого бир аз ысык сүт кошосуз. Пайда болгон аралашма бетиңизден агып түшүп калбай тургандай коюулукка ээ болуш керек. Масканы коюу бойдон бетиңизге жаап, үстүнөн марляны жаап, анын үстүнөн бетиңизге сүлгүнү жаап аласыз. 20 мүнөттөн кийин алгач жылуу суу менен, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.
Бул маска териңизди нымдаштырып, агартып жана витамин менен камсыз кылат.
Майлуу беттер үчүн
Жаш чалкандын ширесин сыгып аласыз. 1 чоң кашык ширени жарым стакан (50 г) аракка кошуп лосьон жасаңыз. Мындай лосьон менен эки ай бою эртең менен, кечинде күн сайын сүртүп турасыз.
Мындай лосьон бетиңизди тазалап, нурдантат.
Нуру өчкөн беттер үчүн
Чалкандын жалбырагынан ботко жасап, аны теңме-тең кылып суюк бал менен аралаштырасыз. Масканы бетиңиз менен моюнуңузга 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.
Бул маска терини тартат, азыктандырат жана нымдаштырат.
Бардык типтеги беттер үчүн
2 чоң кашык майдаланган чалкандын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 30 мүнөт тыныктырасыз. Тундуруп алган соң бул маңызга эки бүктөлгөн 4 кесим марляны чылап коёсуз. Сыгып алып, марлянын бир кесимин маңдайыңызга, экөөнү эки жаагыңызга, бирөөсүн ээгиңизге 5-10 мүнөт коёсуз. Чүпүрөктөрдү алып, кайра маңызга салып, бул процедураны 3-4 жолу кайталайсыз.
Мындай компресс теринин зат алмашуусун, кан айлануусун жакшыртат жана бетти жумшартып, серпилгич кылат.
Көңүл буруңуз! Косметикалык максатта майдаланып колдонулган чалкан чакпайт. Бирок майдалоо процессинде колуңузду абайлаңыз.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#142 14 Апрель 2015 - 11:29
"Петрушка - бетти агартуучу
эң сонун каражат"
Бардык типтеги беттер үчүн
Петрушканын жаңы сыгылган 2 чоң кашык ширесине бир жумуртканын сарысын, 1 чай кашык сметананы кошуп аралаштырып, маска жасайсыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт коюп туруп жылуу суу менен жууп саласыз.
Бул маска бетти агартып, теринин түсүн жакшыртат.
Майлуу беттер үчүн
0,5 тутам петрушканы майдалап, ага 1 чоң кашык кефир, 3-4 тамчы лимон ширесин кошуп аралаштырасыз. Аралашманы 10-15 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.
Бул маска бетти агартат жана беттин тешикчелерин кичирейтет.
Кургак беттер үчүн
Петрушканын ширесин сыгып алып, ага теңме-тең өлчөмүндө сметана кошосуз. Масканы бетиңизге жаап, 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп саласыз.

#143 14 Апрель 2015 - 11:30
"Ромашка - сулуулуктун гүлү"
1-2 чоң кашык ромашканын кургатылган гүлүнүн үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15-20 мүнөт демдеп коёсуз. Андан соң тундуруп, калыпка куюп муздаткычтын тоңдургучуна коюп, муз жасайсыз. Кубик түрүндөгү мындай муздар менен күн сайын эртең менен жуунгандан соң бетиңизди сүртсөңүз, бырыштарыңыз жазылып, бетиңиз жагымдуу түскө ээ болот.
Кургак бетти тазалоодо ромашканын кургатылган гүлүнөн 1-2 чоң кашык алып, үстүнө 1 стакан суу куясыз да, 10 мүнөт кайнатасыз. Муздатып, тундурасыз. Кебезди маңызга малып, аны менен күнүнө 2-3 жолу жуулган бетиңизди сүрүп турсаңыз, бетиңиз жумшак болуп, сергийт.
Безеткиге жакын, майлуу беттерди тазалоодо төмөнкүдөй лосьон колдонулат: 1 даана лимондун ширесин айнек идишке сыгып аласыз. Башка идишке лимондун кабыгын майдалап туурап, ага 2 чоң кашык кургатылган ромашканы кошосуз. Үстүнө 1 стакан кайнак сууну куясыз да, үстүн жаап 1 саат демдеп коёсуз. Тундуруп, муздатасыз. Бул маңыз менен лимон ширесин аралаштырып бөтөлкөгө куюп, ага 30 мл ашкана уксусун, 90 мл спирт, 50 мл арак кошосуз. Мындай лосьон менен бетиңизди күнүнө 1-2 жолудан сүрүп турсаңыз, безеткилерден арылып, бетиңиздин майлуулугун азайткан болосуз.

#144 14 Апрель 2015 - 12:23
Кулпунай
жана гилас
маскалары
гилас маскасы
Кургак тери үчүн: Эзилген гилас мөмөсү менен каймакты теңме-тең кылып аралаштырасыз. Муну таза жуулган бетке жаап, 10-15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти жумшартат жана азыктандырат.
***
Бардык типтеги терилер үчүн: 1 аш кашык эзилген гиласты 1 чай кашык алоэ ширеси жана ушундай эле өлчөмдөгү бал менен аралаштырасыз. Аралашманы бетке текши жаап, 5-7 мүнөттөн кийин бөлмө температурасындагы суу менен жууйсуз. Маска бетти тазалоочу касиетке ээ.
***
Майлуу тери үчүн: Бир канча даана гиласты эзип, 1 чай кашык лимон ширесине аралаштырасыз. Андан кийин таза марлини бетиңизге жапканга ылайыктап даярдаңыз: көзүңүздүн, мурдуңуздун, оозуңуздун тушун тегерек кылып кесиңиз. Эми мунун бетине аралашманы текши сүйкөп, бетиңизге 20 мүнөт жабасыз. Андан соң гиластын ширеси менен аралашкан сууга бетиңизди жууп коёсуз.
***
Аралашма тери үчүн: Бир канча даана сары гиласты эзген соң ага 1 чай кашык бал, бир нече тамчы лимон ширеси жана 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштыруу кажет. Бетке 10-15 мүнөт жаап, жылуу сыра менен бетиңизди жууңуз.
Кулпунай маскасы
Кургак беттер үчүн: Жакшы бышкан кулпунайды жакшылап эзиңиз. Пайда болгон боткодон эки чоң кашыкты алып, ага өзүңүз пайдаланып жүргөн жумшартуучу кремден 1 чай кашык жана 1 чай кашык бал кошуңуз. Бул аралашманы бетиңизге 10-12 мүнөт кармап туруп, андан соң бөлмө температурасындагы сууга жууп салыңыз.
***
Майлуу беттер үчүн: Стакандын төрттөн бир бөлүгүндөгү кефирге бир чымчым туз кошуп аралаштырасыз. Андан соң орточо чоңдуктагы бир нече кулпунайды аласыз. Кулпунайдын ар бирин туз кошулган кефирге малып, бетиңизге коёсуз да, манжаларыңыздын учу менен акырын эзесиз. Кулпунайдын баарын эзип бүткөн соң боткону бетиңизде 10 мүнөттөй кармап турасыз. Андан соң муздак суу менен жууп саласыз.
***
Аралаш беттер үчүн: Эзилген 1 чоң кашык кулпунайга бир жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык кефир же йогурт жана бир аз ун кошосуз. 15 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.
***
Бардык типтеги беттер үчүн: Жайында кулпунайдын ширесинен даярдалган бетти сергитүүчү косметикалык муз даярдасаңыз болот. Ал үчүн кулпунайды эзип, ширесин сыгып аласыз. Аны калыпка куюп, муздаткычтын тоңдургучуна салып коёсуз. Пайда болгон муз менен бетиңизди сүртө бересиз.
***
Кулпунай менен бетиңизди бир күндө эки жолу сүртсөңүз, сепкилдериңиз жана башка тактарыңыздын кеткени байкалат. Ошондой эле бул майлуу беттердеги тешиктерди, безеткилерди жок кылууга да жардам берет.

#145 14 Апрель 2015 - 14:14
patma.mahmud-
kyzy (21 Июнь 2013 - 13:11) жазган:
Урматуу форумчу айымдар тема озу айтып тургандай жузунузго кам коросузбу? Кантип, кандай ыкмалар менен оз сырыныз менен биз менен дагы ой болушуп кетсениздер.
Балким сиздин ыкмаларыныз бизге дагы пайдасы тийип калаар. Же эч таакыр кам корбойсуздорбу?
М: Кээ бирги айымдар кыймат балуу косметкаларды сатып алып атайын жузго массаж аркылуу кам коруп сулууланат экен. Сиздер кантип кам коруп , кантип сулууланасыздар?
Тактап айтканда, жузунуздорду кантип сылык жана тунук кылып алып журосуздор?
Пайдалуу кенештерге берилген ыкмаларды колоносуздарбы?
Алардын сизге пайдасы тийеби? Ушул суроолор боюнча ой болушо кетсениздер.
Билдирүүнү түзөткөн: Aijana91: 14 Апрель 2015 - 15:03
#147 25 Апрель 2015 - 10:33
Бетимдин эки капталында угриден калган чункурлар и тактар коп,эмне кылсам гладкий тунук болот?
#149 26 Апрель 2015 - 10:01
Менин теетиги жазган билдируумду кантип очурсо болот? Очуруп коюнуздарчы.
Кечээ жумуштан комптон чыкпай кетиптирминю Жумуштагы кыздар жазышыптыр(((((
#150 26 Апрель 2015 - 16:31
Feijipiao (14 Апрель 2015 - 11:27) жазган:
"Чалкан чакпайт, сулуу кылат!"
Нормалдуу беттер үчүн
1 чоң кашык чалкандын майдаланган жалбырагын 1 чоң кашык жылуу сүткө аралаштырып, 10 мүнөт коюп коёсуз. Муздаган соң 1 чай кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз да, бетиңизге, моюнуңузга 20 мүнөт коёсуз.
Бул маска терини азыктандырып, жумшартат.
Кургак беттер үчүн
Чалкандын жаш жалбырагы менен петрушканы аралаштырып эзип, ботко жасайсыз. 1 чоң кашык боткого бир аз ысык сүт кошосуз. Пайда болгон аралашма бетиңизден агып түшүп калбай тургандай коюулукка ээ болуш керек. Масканы коюу бойдон бетиңизге жаап, үстүнөн марляны жаап, анын үстүнөн бетиңизге сүлгүнү жаап аласыз. 20 мүнөттөн кийин алгач жылуу суу менен, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.
Бул маска териңизди нымдаштырып, агартып жана витамин менен камсыз кылат.
Майлуу беттер үчүн
Жаш чалкандын ширесин сыгып аласыз. 1 чоң кашык ширени жарым стакан (50 г) аракка кошуп лосьон жасаңыз. Мындай лосьон менен эки ай бою эртең менен, кечинде күн сайын сүртүп турасыз.
Мындай лосьон бетиңизди тазалап, нурдантат.
Нуру өчкөн беттер үчүн
Чалкандын жалбырагынан ботко жасап, аны теңме-тең кылып суюк бал менен аралаштырасыз. Масканы бетиңиз менен моюнуңузга 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.
Бул маска терини тартат, азыктандырат жана нымдаштырат.
Бардык типтеги беттер үчүн
2 чоң кашык майдаланган чалкандын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 30 мүнөт тыныктырасыз. Тундуруп алган соң бул маңызга эки бүктөлгөн 4 кесим марляны чылап коёсуз. Сыгып алып, марлянын бир кесимин маңдайыңызга, экөөнү эки жаагыңызга, бирөөсүн ээгиңизге 5-10 мүнөт коёсуз. Чүпүрөктөрдү алып, кайра маңызга салып, бул процедураны 3-4 жолу кайталайсыз.
Мындай компресс теринин зат алмашуусун, кан айлануусун жакшыртат жана бетти жумшартып, серпилгич кылат.
Көңүл буруңуз! Косметикалык максатта майдаланып колдонулган чалкан чакпайт. Бирок майдалоо процессинде колуңузду абайлаңыз.
Нормалдуу беттер үчүн
1 чоң кашык чалкандын майдаланган жалбырагын 1 чоң кашык жылуу сүткө аралаштырып, 10 мүнөт коюп коёсуз. Муздаган соң 1 чай кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз да, бетиңизге, моюнуңузга 20 мүнөт коёсуз.
Бул маска терини азыктандырып, жумшартат.
Кургак беттер үчүн
Чалкандын жаш жалбырагы менен петрушканы аралаштырып эзип, ботко жасайсыз. 1 чоң кашык боткого бир аз ысык сүт кошосуз. Пайда болгон аралашма бетиңизден агып түшүп калбай тургандай коюулукка ээ болуш керек. Масканы коюу бойдон бетиңизге жаап, үстүнөн марляны жаап, анын үстүнөн бетиңизге сүлгүнү жаап аласыз. 20 мүнөттөн кийин алгач жылуу суу менен, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.
Бул маска териңизди нымдаштырып, агартып жана витамин менен камсыз кылат.
Майлуу беттер үчүн
Жаш чалкандын ширесин сыгып аласыз. 1 чоң кашык ширени жарым стакан (50 г) аракка кошуп лосьон жасаңыз. Мындай лосьон менен эки ай бою эртең менен, кечинде күн сайын сүртүп турасыз.
Мындай лосьон бетиңизди тазалап, нурдантат.
Нуру өчкөн беттер үчүн
Чалкандын жалбырагынан ботко жасап, аны теңме-тең кылып суюк бал менен аралаштырасыз. Масканы бетиңиз менен моюнуңузга 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.
Бул маска терини тартат, азыктандырат жана нымдаштырат.
Бардык типтеги беттер үчүн
2 чоң кашык майдаланган чалкандын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 30 мүнөт тыныктырасыз. Тундуруп алган соң бул маңызга эки бүктөлгөн 4 кесим марляны чылап коёсуз. Сыгып алып, марлянын бир кесимин маңдайыңызга, экөөнү эки жаагыңызга, бирөөсүн ээгиңизге 5-10 мүнөт коёсуз. Чүпүрөктөрдү алып, кайра маңызга салып, бул процедураны 3-4 жолу кайталайсыз.
Мындай компресс теринин зат алмашуусун, кан айлануусун жакшыртат жана бетти жумшартып, серпилгич кылат.
Көңүл буруңуз! Косметикалык максатта майдаланып колдонулган чалкан чакпайт. Бирок майдалоо процессинде колуңузду абайлаңыз.
Choon rahmat paidaluu kenewterin uchun.......
#151 15 Май 2015 - 21:35
негизи ушул мезгилдерде копчулук эле кыздардын жузундо б.а. ,бетинде терс корунуштор байкала баштайт эмеспи.Алардын эн негизгиси беттеги тактардын кобойушу жана беттин озунун сапатын жоготушу болуп саналат .Мен силерге бир масканы жазайын деп чечтми.Анткени мага жакты.Петрушканын 2 чон кашык ширесине 1 жумуртканын сарысын,1чай кашык сметана ,кошуп тазаланган бетке жабабыз,где-
то 15-20 мин откондон кийин жылуу суу менен жууп салабыз.15 Кундо билине баштайт результаты.
,,Бетти агартуучу маска экенине кубоо болосуздар
#153 16 Май 2015 - 16:17
куйоонор жакшылып конул буруп раазы кылып турган болсо эле жузунорго кам коруштун эч кандай кереги жок анда жузунор озу эле балбылдап кремсиз эле сонун тунук болуп утрат
катуу кетсем кечирип койгула туура эле кенеш бердим окшойт

*************************************
#154 16 Май 2015 - 18:18
Жакында эле spf 30( кундон коргонуу учун) кремин и ласьон сатып алдым. Бетим жумшарып эми укмуш болуп калды. Негизи эрте жаздале крем еойсьм болмок. Катуу тийген кунго куйуп алдым эми деле кече эместир деп койдум.
Пораларды кетире турган маскалар болсо айткылачы? Негизи бетим тунук эле бирин серин поралар пацда болуп калыптыр.

#155 16 Май 2015 - 20:23
eldar96 (16 Май 2015 - 16:17) жазган:
куйоонор жакшылып конул буруп раазы кылып турган болсо эле жузунорго кам коруштун эч кандай кереги жок анда жузунор озу эле балбылдап кремсиз эле сонун тунук болуп утрат
катуу кетсем кечирип койгула туура эле кенеш бердим окшойт
катуу кетсем кечирип койгула туура эле кенеш бердим окшойт
Мына жигит не кылып журот бул жакта?!
Кыздар талкуулай турган темага пошлость кошпочу ээ иничек
#156 16 Май 2015 - 23:31
Lili (16 Май 2015 - 20:23) жазган:
Мына жигит не кылып журот бул жакта?!
Кыздар талкуулай турган темага пошлость кошпочу ээ иничек
Кыздар талкуулай турган темага пошлость кошпочу ээ иничек
макул эжекебай сиздин айтканыныз болсун экинчи кирбегенге аракет кылам адашып кирип алыпмын жана тамашамды ашырып жиберипмин кечирип койгула байкуш бир ининерди
*************************************
#157 09 Июнь 2015 - 18:23
Беттеги тырыктардын тагын элдик ыкма менен кетирсе болот

Ар кандай жаракаттарга кабылган учурда эске алчу маанилүү жагдай бар. Анткени жараатты туура дарыласаңыз тырык калбайт. Ал үчүн жараат алган жерди алгач, перекис водород менен тазалап, йод, спирт же арак менен дезинфекциялоо зарыл. Бирок, убагында туура кам көрбөй тырык калып калган болсо, анда косметолог адисине кайрылуу зарылчылыгы чыгат. Ал эми косметолог адистеринин кызматы албетте арзан эмес, ошондой эле ар бир адамдын буга мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан үй шартында элдик ыкманы колдонуу менен тырыктардын тагын кетирсеңиз болот.

1) Тырык такты күн сайын эринбей Е витаминин менен сүртүп турсаңыз болот. Ал убакыт өткөн сайын такты кичирейтип отуруп, жок кылат. Муну менен катар эле, Е витаминге бай азыктарды да колдонуу талапка ылайык. Е витамини жыңгакта, сафлор майында, арахис майында болот.
2) Алоэ нымдандыруучу жана сыйдамдоочу касиетке ээ. Ал теринин кабылдап кетүүсү менен жакшы күрөшөт. Алоэнин гелин күн сайын колдонсоңуз тырыктан калган так жоголот.

3) Зайтун майы дагы абдан пайдалуу. Бырыштарды жазат, өлгөн клеткаларды териден тазалап чыгарып, тырыктын тагын кетирүүгө себепчи болот. Ал үчүн так калган жере күн сайын эки жолу эртең менен жана кечинде сүртүп туруу керек.

4) Какао- майы терини сыйдам кылат. Тырыктын тактарын кетирет. Терини жумшартат. Андыктан бир ай боюу тынымсыз күн сайын какао майын сүртүп туруңуз. Жакшы жыйынтык берет.

5) 5 чай кашык ашкана содасына 1 кашык суу куюп, аралаштырып, аны тырыкка сүйкөп, кургап калгандан кийин жылуу суу менен чайкап коёсуз. Аптасына эки жолу 2 ай жасалат.
6) Кебезди горчица майына малып, так калган жерге сүртүңүз. Күнүнө 3 ирет. Жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт.

7) Лаванда майы жашартуучу жана тактардан арылтуучу касиетке ээ. Күнүнө 3 ирет сүйкөп туруңуз.
8) Лимон ширеси безеткилерден калган такты жакшы жоготот. Эки күндө бир жолу так калга жерге 5 мүнөткө сүйкөңүз. Андан кийин жылуу менен жууп коёсуз.

9) Сандал пастасына роза майын кошуп так калган жерге сүртүп жатыңыз. Эртең менен кадимкидей эле жууп саласыз.
10) Таза балдын өзүн эле таза жуулган бетиңизге маска жаап турсаңыз. Бетиңиздин өңү жакшырып тактар кетет. Эки күндө бир жолу 15 мүнөттөн маска жасасаңыз болот.
12) Бадыраңдын ширеси да жакшы кетирет.

13) Кокос майы менен так калган жерге 5 мүнөттөй массаж жасап турсаңыз, тактардан арыла аласыз. Бул жаңы пайда болгон тактарды жакшы кетирет.
14) Шиповниктин майын күнүнө бир жолу массаж жасап сүртүп жүрүңүз. Жыйынтыгы бир айда билинет.
15) Картошканын ширеси дагы тактарды жакшы кетирет. Ал үчүн картоканын кабыгы менен күн сайын такты сүртүп туруңуз.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#158 09 Июнь 2015 - 18:26
Терини кир кармаса безетки пайда болот

Анын калыңдыгы 0,2-4 мм. Тери татаал түзүлүштөгү бир нече катмардан турат. Анда көптөгөн нерв учтары, кан тамырлар, май жана тер бөлүп чыгаруучу бездер жайгашкан. Тери каптоочу (эпидермис) жана туташтырма ткандан (дерма, гиподерма) турат. Алар бири-биринен морфологиялык, физиологиялык жактан айырмаланат.
Эпидермис - теринин эң сырткы катмары. Ал эң терең түйүлдүк (базалдуу) катмары, андан кийин түкчөлүү, быдырлуу, жылмакай, мүйүз катмардан турат. Түйүлдүк катмары эң терең, дерманын тегерегинде жайгашкан цилиндр түрүндөгү клеткалардан турат. Бул катмар көбөйүүгө жөндөмдүү, ошондуктан "түйүлдүк" катмар деп аталат. Түкчөлүү катмар түйүлдүк катмардын үстүндө жайгашкан. Ал 5-15 катар клеткадан турат, алар бири-бирине көпүрөчөлөр менен биригет. Алардын ортосунда эпидермисти азыктандыруучу клетка аралык суюктук болот. Бүртүктүү катмар белок заты бар клеткалардан турат. Ал белок заттан теринин мүйүздүү заты пайда болот. Жылмакай катмар бүртүктүү катмар менен мүйүз катмардын ортосунда жайгашкан. Мүйүз катмары түрдүү таасирлерге туруктуу жана анын үстүңкү кабыгы дайыма түлөп турат. Кээ бир ооруларда теринин мүйүздөнүүсү бузулуп, түлөбөй калат.
Дерма (кадимки тери) талчалуу тыгыз туташтырма ткань жана негизги заттан, ошондой эле ийилчээк жана коллаген талчаларынан туруп, алар бири-бири менен тор сымал биригет. Дермада кан тамырлар, тер жана май чыгаруучу бездер, нерв учтары, чач жана тырмактын түбү жайгашкан.

Теринин үстүңкү бетинде үч бурч жана ромб түрүндө майда бырыш-сүрөттөр болот. Чоңойтуучу айнек менен караганда май бездеринин майда тешикчелери көрүнөт.
Тери бездери:
Май бездери бет, көкүрөк жана далы терисинде өзгөчө көп. Ал холестерин, эфир май кислотасынан, белок продуктулары жана гормондон турган май бөлүп чыгарат. Бул май терини майлап жумшартып, чоюлгучтугун сактайт, сууну аз буулантып, кургатпайт. Май бези, ошондой эле чач түбүн нымдап чачтын нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Тер жана май бездеринин иши сырткы айлана-чөйрөнүн таасирине түздөн-түз көз каранды жана адамдын жашына, ден соолугуна, эндокрин системасына байланыштуу өзгөрүп турат. Тери майынын курамында микробдордун өсүшүн басаңдатып туруучу заттар болот. Кээде май көп бөлүнүп, жегичтүү чөйрө пайда болуп, ириңдетүүчү микробдун көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Терини туура эмес, кир кармаганда безетки, теринин ириңдүү жаралары пайда болушу мүмкүн. Териде жайгашкан кан жана лимфа тамырлары аны азыктандырат. Анын ар кандай катмарындагы нерв учтары ооруну, суукту, жылуулукту жана химиялык дүүлүктүрүүнү, ошондой эле басымды сезет. Тери алдындагы май клетчатка борпоң туташтырма ткандан турат. Дененин ар кандай бөлүгүндө клетчатканын калындыгы бирдей эмес: мисалы, көз жапкагында такыр болбойт, жаак, курсакта, сооруда өтө калың болот. Май клеткасынын тканында көптөгөн кан тамырлар жана нервдер жайгашкан. Теринин түсү меланин пигментине, кан тамырлардын кан менен толушуна, эпидермистин калыңдыгына жараша болот. Тери чөйрөнүн жагымсыз таасиринен (механикалык, химиялык, температуралык жана биологиялык) сактап турат. Мүйүз катмарынын тыгыздыгы, бетинин майлуулугу, дерманын туташтырма тканынын талчалары, май клетчаткалар организмди механикалык травмадан сактап турат.

Тер бездери дененин эрин жана башкалар бөлүктөрүнөн башка бардык жеринде жайгашкан. Алакан, таман жана маңдайда айрыкча көп. Тер бездери бөлүп чыгарган тер 98-99% суу, калганы зат алмашуу процессинде пайда болгон мочевина, сийдик кислотасы, натрий жана калий хлориддери жана башкалар химиялык заттан турат. Тердөө процесси дене температурасын бир калыпта кармап турууда мааниси чоң. Ар кандай себептердин натыйжасында тердөө бузулуп, тер өтө көп же аз бөлүнүп, же такыр тер чыкпай (тер бездери тубаса жок болсо) калышы мүмкүн.
Май бездери
Организм картайганда кан менен камсыз болуусу начарлап, теринин өңү өчө баштайт, май жана тер бездеринин функциясы басаңдайт.
Функциясы: Тери суу, туз, углевод, белок, май, витамин алмашууга жана кычкылтекти сиңирип, көмүр кычкыл газды бөлүп чыгарып, газ алмашууга катышат. Тери кишинин тиричилик процессинде бир катар өзгөрүүлөргө учурайт. Баланын териси жука, назик келет. Эпидермиси чоң кишиникинен 2-3 эсе жука, мүйүз катмары өтө начар өөрчүгөн. Ал эми май клетчаткасы чоң кишиникинен бир нече эсе калың. Балдардын терисинде кан тамырлар көп, кан тамыр капталынын өткөргүчтүгү жогору. Алардын жылуулукту жөнгө салуусу жана тер бөлүп чыгаруусу өөрчүп жетилбеген, бала бат ысып, тердейт. Ошондуктан баланы таза эмес бакканда ысык чыгуу, бышаруу, теринин ириңдүү жаралары пайда болушу мүмкүн. Бала 6-8 жашка келгенде терисинин түзүлүшү жана функциясы чоң кишиникине жакындайт.

Теринин сыйрылышы - теринин сырткы катмары же былжыр чел кабыгынын механикалык жабыркашы. Теринин сыйрылган жеринде сары суюктук (лимфа) же майда кан тамчылары пайда болот. Ал жерге йоддун спирттеги 5%түү эритмесин сүртүп, стерилденген даки-кебез таңгак коюлат. 4-6 күн өткөндөн кийин таңгакты алып койсо болот.

Таңгыч жабышып, катып калса суулап же алып салууга болбойт. Стерилденген даки болбосо, сыйрылган жердин тегерегин йод менен сыйпап, сыйрылган жерге стрептоцид же норсульфазолдун күкүмүн себүү сунуш кылынат. Сыйрылган жерди май менен майлоого же даки-кебез таңгак койбой туруп пластырь менен чаптоого болбойт. Себеби мындай учурда жараат карттанбай, ириңдеп кетиши мүмкүн. Ириңдеп кетсе ооруйт, күчөп ириңдесе температура көтөрүлөт, ага жакын лимфа түйүндөрү ооруйт жана башкалар Анда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#159 09 Июнь 2015 - 18:30
Маскаларды колдонуп экинчи ээктен арылууга болот

Ачыткы маскасы
Айнек идишке бир аш кашык кургак ачыткы салып, аны жылуу суу менен буламык абалына келгенге чейин аралаштырасыз. Сүт пайдалансаңыз да болот. Андан кийин масканы 30 мүнөткө тыныктырып коёп, калың кылып ээгиңизге сүйкөп, марли менен айланта байлап коюңуз. Маска 30 мүнөттүн аралыгында кургайт. Андан кийин аны жылуу суу менен жууп коёсуз.

Косметикалык глинадан маска
Экинчи ээктен арылуу үчүн кара же ак глина колдонсоңуз натыйжасы жакшы. 1 аш кашык глинаны жылуу сууга буламык абалына келгендей аралаштырып, ээкке калың сүйкөйсүз. 10 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет май сүйкөп койсоңуз болот. Ачыкты жана глинадан маска жапкандан кийин көрсөтүлгөн убакка чейин кыймылсыз жаткан жакшы жыйынтык берет.

Алма уксунан компресс
Бир стакан жылуу сууга 1 чай кашык алма уксусун аралаштырып, марлиге малып ээгиңизди жеңил массаж жасап сүртөсүз. Бир аз ачыштырышы мүмкүн. Андан кийин ээгиңизди ылдыйга каратып бир нече мүнөт чапкылап көнүгүү жасаңыз. Эми муздагыраак суу менен чайкап салуу керек.

Экинчи ээктен арылуу үчүн колдонула турганы дагы бир нече жеңил ыкмалар:
Ээгиңизге азыктандыруучу крем сүйкөп, анда нкийин сыйдам кездеме менен муунуп калбагандай абалда бекем тартып байлап, 30-60 мүнөт жүрсөңүз жакшы жыйынтык берет.

Бууга бышырылган капустаны бир аз муздаган соң ээкке коюп марли менен байлап койсо да жакшы. Бир сааттан кийин алып таштайсыз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#160 09 Июнь 2015 - 18:32
Безеткилерге туруштук бере албаган бетке кандай кам көрүү керек?
Безетки - бул май бездеринин функциясы күчөп, секретинин курамынын өзгөрүүсүнөн себорея өнүгөт. Майлуу тешикчеси көп териде (бет, төш, жон) бозомтук кара тактар - тыгындар пайда болот. Аны сыкканда кара баш "курттай" болуп чыгат. Чогулган тери майларында ириңдетүүчү микробдор жакшы көбөйөт; анын тегереги сезгенип, түйүнчөлөр, ириңчелер түрүндөгү кадимки безетки пайда болот. Аны дарылабаса сезгенүү күчөп, ооруйт, ириңдейт, айыкканда так калышы мүмкүн. Кадимки безетки өспүрүм балдар, кыздарда көп жолугат, 30-35 жашка келгенде азаят.
Безетки сымал бүдүрлөр минерал майлар, нефть продуктулар, кара май менен иштеген жумушчуларда да кезигет (кесип безеткиси). Кээ бир учурда безетки сымал бүдүрлөр бром жана иод дарыларын узак убакыт колдонууда пайда болот.
Бет териси үчүн жана сулуулукка зыянын тийгизген нерсе- бул бетке чыккан безеткилер эмеспи. Безеткилерге каршы туруштук бере албаган бет терисине туура кам көрүү үчүн ылайыктуу косметикалык каражаттарды табуу да оңойго турбайт. Андыктан бир нече кеңештерди эске алып коюу маанилүү.

Безеткилерден маданияттуу түрдө арылабыз
Абдан кылдат болуңуз
Безеткиге жакын бет терисин тазалоодо, алгач химиялык кошулмалары жок каражаттар менен тазалоо талапка ылайык. Ал үчүн күн сайын бет жууганда тонер колдонуп тазаласаңыз болот. Ошондой эле, курамына спирт кошулган тазалагыч каражаттарды сатып алуудан этият болуңуз. Ал бет териңизди дүүлүтүрүп, безеткини күчөтүп жиберет.

Сүртпөңүз
Безеткиге жакын беттерди бактериялардан арылтуу үчүн датта сүрүп жууп келишет. Бирок, бул туура эмес. Мындай жышкап жуусаңыз безеткинин маселесин күчөткөн болосуз. Анткени мындай шартта бет теринин коргогуч чел кабыктарын жок кылып аласыз. Анын натыйжасында бет териңиз жабыркоого учурайт. Ошондой эле, безетилердин пайда болушу туура кам көрүлбөгөн гигиенадан пайда болбойт.

Салициловой кислота колдонуңуз
Бетти тазалап жууган косметикалык каражаттардын этикеткасын карасаңыз, дерматолог адистери тарабынан салициловой жана гликолевой кислоталар безеткиге жакын беттер үчүн пайдалуу экендигин айткандары бар. Айрыкча кечинде уктаар алдында курамында ушул кислоталар бар каражаттар менен жууп жаткан жакшы болот. Анткени алар, өлгөн торчолорду жана бактерияларды жок кылат.

Атайын пилинг жасаңыз
Безеткиге жакын бетке атайын пилинг жасап туруу натыйжалуу болот. Профессионалдуу тазалоодо бет териси терең тазаланат. Ошондой эле жабыркаган бет терисине ылайыктуу бет май жабылат.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!