Суперстан: Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? Кантип, кандай ыкмалар менен?

Сурамжылоо: Жуузунузго кам коросузбу? (117 пользователей проголосовало)

Кантип, кандай ыкмалар менен?

  1. Ооба, кымбат балуу косметкалар менен кам коромун. (32 голосов [29.36%])

    Процент голосов: 29.36%

  2. Ооба, уй шарты менен кам коромун. (46 голосов [42.20%])

    Процент голосов: 42.20%

  3. Жок кам корбоймун. (31 голосов [28.44%])

    Процент голосов: 28.44%

Голосовать Гости не могут голосовать

#161 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Тунук жүздүү кореялык айымдардын сулуулук сырлары

Сүрөт Дүйнө жүзүндө жасалган пластикалык операциялардын эң эле көбү Түштүк Кореяда жасалат. Бирок, бир дагы мыкты делген хирург териңизди толук кандуу идеалдуулукка жеткире албайт. Андыктан айдай жүзүңүзгө бычактын учун тийгизбей убагында кам көрүшүңүз гана талапка ылайык. Буга чейин башка өлкөлөрдөгү айымдардын сулуулугуна кам көргөн сырларын жазганбыз. Бул ирет кореялык айымдардын сулуулук сырларына да көңүл буруп көрөлү.

Сулуулукка кам көрүүдөгү кореялык ыкмаларды колдонуп, өзүңүз үчүн сулуулуктун жаңы философиясын ачыңыз. Ал сизге жүзүңүздүн тунук жана жагымдуу болушуна шарт түзөт.

Көп функциялуу азыктарды колдонуңуз

Сулуулук дүйнөсүндөгү жаңычылдыктын бири аталган ВВ- бет майы Түштүк Кореядан дүйнөгө тараган. Бирок, ал немис дермотологдору тарабынан иштелип чыккан. Анын курамында тоналдык бет майда кездешкен кошулмалар бар. Ал бет терини сыйдам кылат жана күн нурунан эң мыкты коргойт.

Сүрөт

Бетке кам көрүүчү каражаттарды аралаштырыңыз

Кореялык айымдар эч качан курамында бир нече (2 в одном, 3 в одном) кам көрүүчү каражаттарды колдонушпайт. Алар ар түрдүү каражаттарды өз өзүнчө пайдаланышат. Терини калыбына келтирүүчү бальзам, сыйдамдоочу сыворотка, тоналдык бет май сыяктуу каражаттарды ар түрдүү ыкма менен колдонушат.

Сүрөт

Талап кылынган тазалоо

Сулуулукка кам көрүүдө кореялык айымдар бет терисин тазалоого өтө олуттуу мамиле жасашат. Алар эч качан макияж менен укташпайт. Кечинде сөзсүз таза жууп, маска коюп, артынан терисине ылайык бет май сүйкөп жатышат.

Сүрөт



Организмди "сугарып" туруңуз

Бет териге анын сыртынан канчалык кам көрүп аракет жасабаңыз, эгер денеңизде суунун өлчөмү аз болсо бет тери эч качан нымдуу жана сыйдам болбойт. Андыктан сууну тиешелүү өлчөмдө кабыл алыңыз. Бир күндүк норма 8 стакан таза суу. Ошондой эле бет терисине пайдалуу диеталарды тынымсыз кармап турушат. Тузду аз колдонушат. Жер- жемиш жана жашылчалар менен көбүрөөк азыктанышат.

Сүрөт

Бет булчундарына көнүгүү жасап туруңуз

Бетиңизге күн сайын көнүгүү жасап турсаңыз, булчуңдар бир калыпта жүрөт. Ал үчүн күн сайын 10 жолудан "ма-ме-ми- мо-му"- деп кайталап коюу эле жетиштүү. Мындан сырткары, дем алып оозуңузга абаны бир нече убакыт кармап андан кийин абаны чыгарып турса да болот.

Сүрөт

Жеңил макияж тандаңыз

Кореялык айымдар кмакияж жасоодо айрыкча көздөрүнө маани беришет. Жеңил жана сызыктарды белилеп туруучу гана косметикаларды колдонуп, эриндерин табигый түстүү гана ооз боёгуч сүртүшөт.

Косметикалык каражаттардын колдонуу мөөнөтүнө көңүл буруңуз

Кайсы гана косметикалык каражат болбосун, анын оозун ачкандан кийин анын курамындагы заттар күн өткөн сайын күчүн жоготот. Андыктан кореялык айымдар косметиканын колдонуу мөөнөтү жеткенге чейин ыргытышат. Аз өлчөмдө чыгарылган бет майларды колдонушат.

Сүрөт

Бет менен кошо моюнга кам көрүңүз

Бетиңизге бет май сүйкөйсүзбү же маска жабасызбы айырмасы жок, моюн терисине да кошо кам көрүүнү унутпаңыз.

Сүрөт

Эфир майларын колдонуңуз

Кореялык айымдардын сулуулугун арттырган сырлардын бири, алар эфир майларын көп колдонушат. Бет териңиздин абалына жараша эфир майларын алып колдонуңуз. Ал өлгөн торчолордон арылтып, жаңыларын пайда болушуна себеп болот. Бет теринин өңүн жакшыртат.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Бет териңиз эмне үчүн кургак?

Сүрөт Кээ бир айымдардын бет терилери кургак болуп жабыркап келишет. Бул өтө жагымсыз абалга дуушар кылат. Себеби, кургактыктан тери тартышып, түлөп бырыш түшүүнү шарттайт.

Бет терисинин кургак болушуна эмне себеп болот?

1- Тер бөлүп чыгаруу бездеринин иштешинин бузулушу

2- Жаш курактын өзгөрүшү

3- Ашказан, жоон ичегилердин жана нерв системасынын жабыркашы

4- Витаминдин жетишсиздиги

5- Ачык тийип турган күндүн алдында узак убакыт болуу

6- Тез- тез пилинг жасоо

7- Хлорлуу, ысык сууга самын менен бетти жууганда

Сүрөт

Андыктан тери эмне үчүн кургап жатканын эң биринчи кезекте аныктап алып, андан кийин гана кам көрүүнү баштоо зарыл. Терини кургактыкка түрткөн себебинен арылганда гана кургактык дароо жоголот.

Кургак териге туура кам көрүү:

1- Кечинде уктаар алдында гана бетиңизди толук жууңуз. Ал эми эртең менен нымдуу жүз аарчы менен гана сүртүп коюңуз. Анткени, түнү боюу бетке топтолгон май жуулуп калганда, тери коргоочу күчтөн кур- жалак калат.

2- Бетиңизди жууган суу бөлмөдөгү температурада болушу шарт

3- Сууну кайнатып коюп, муздаган соң жууган жакшы

4- Эртең менен жана кечинде сыйдамдоочу бет май, тоник, лосьондорду колдонуңуз

5- Жумасына эки ирет атайын кургак бетке арналган маска коюңуз

6- Бет май тандап алууда курамында спирти жок каражат алганыңыз туура болот

Сүрөт

Эгер сиз бул ыкмаларды ар дайым эрежеге ылайык сактап колдонуп жүрсөңүз, көйгөйдөн тез эле арыласыз.

Косметологиялык процедуралар

1- Ысык компресс эң эле натыйжалуу ыкма. Мында, кан тамыр муундары жакшырып, терини жылытып, чаңдардан тазалап, өлүп калган торчолордон бошотуп, теринин дем алып кургактан арылышына жардам берет. Кургак тери- жумшак, назик болот.

2- Эгер териңиз кургак жана сезимтал болсо, анда, туз менен тазалоо ыкмасын колдонуңуз.

3- Коллагендик маска жасоодо тери жумшарып, бырыштары жазылат.

4- Косметикалык массаж кан айланууну жакшыртып, эски торчолорду жоготуп, беттин өңүн жакшыртат.

Сүрөт

Косметологиялык процедураларды үй шартында жасоо

1- Ысык компрессти түктүү сүлгүнү (махровый) сызыкча түрүндө бүктөп ысык сууга бир малып алган сон, бетиңизге 20 мүнөткө кармайсыз. Ысык суу албетте бетти күйгүзбөгүдөй абалда болушу шарт. Мында, кандын айлануусу жакшырып, булчуңдар эс алат, теридеги чаңдар тазаланат.

2- Чөп менен буулануу. Бетиңизди толук жаба турган идишке суу кайнатып, ага ромашка чөбүнөн эки а шкашык салып, кайнап жаткан идиштеги сууну үстөлүн үстүнө коюп, бетиңизди бууга тососуз. Башыңызды калың кездеме менен жаап аласыз. 10 мүнөттөн кийин муздак сууга бетиңизди чайкап, лосьон менен сүртүп коесуз.

Мындан сырткары...

1- Салмагыныңызга жараша сууну көп ичиңиз. 1 килограмм салмакка 30 грамм суу туура келет. Эсебин чыгарып, ошол өлчөмдө сууну кабыл алышыңыз керек.

2- А,Е витаминдерин жана балык майын колдонуңуз

3- Үйүңүзгө аба нымдандыруучу каражат орнотуп алыңыз

Сүрөт

Кургак тери үчүн жасалуучу маскалар

Горчица маскасы

Бир чай кашык кургак горчицага бир аш кашык өсүмдүк майын кошуп, буламык абалына келгенге чейин аралаштырасыз. Бетиңизге тегиз сүйкөп 5 мүнөттөн кийин дароо жылуу сууга жууп саласыз. Анда нкийин кургак бетке арналан бет май сүйкөп коюңуз.

Быштак маскасы

Бир чай кашык таза балды алдын ала жылытып алып, ага бир аш кашык быштак кошуп аралаштырып, бетиңизге 15 мүнөткө кармайсыз. Жылуу суу менен жуулат.

Сүрөт

Май менен маска

1 чай кашык зайтун майын ысытып, кебезге малып бетиңизге сүйкөйсүз. 30 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп коёсуз. Бет май койбой эле койсоңуз болот.

Сүрөт

Сулудан маска

Бул маска өтө эле кургак бет терилерине колдонулат. 1 аш кашык сулуну 4 аш кашык ысык сүткө аралаштырып бетке сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Сүрөт

Алма менен маска

Бир даана орточо алманы сүргүчтөн өткөрөсүз. Кабыгын дана данектерин алып коесуз да 2 чай кашык зайтун майын аралаштырып бетиңизге 20 мүнөт кармайсыз. Андан кийин жылуу сууга жууп саласыз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Жалбыз беттеги безеткини жоготот

Сүрөт Жалбыздын жалбырагынан баалуу жана пайдалуу эфир майы жана ментол заты бөлүнүп алынат. Эфир майы ар түрдүү жараларды, экземаны, безетки жана башка тери ооруларын айыктырууда дары ордуна кеңири колдонулуп келет. Ментол теридеги кан айланууну жакшыртып, муундарды бекемдеп, токсиндерден арылтып, теринин сезгенип калган бөлүгүн калыбына келтирет. Ошондой эле, жалбыздын курамында органикалык кычкылдар, аскорбин кычкылы, кичи элементтер, каротин жана биологиялык активдүү заттар бар.

Сүрөт

Жалбызды чогултуу жана сактоо

Жалбыздын жалбырагын ал гүлдөп баштаган жай мезгилинин баштапкы айларында кечке жуук күн батып бара жатканда чогултулат. Чогултулган жалбырактарды күн тийбеген көлөкө жерге жайып коюп, үбөлөнө баштаганга чейин толук кургатуу керек. Кургаган соң айнек идишке салып, оозун жаап кургак жерге сактоо зарыл. Ал эми анын ширеси узакка сакталбагандыктан өз учурунда дароо колдонуу сунушталат. Өз убагында колдонулган шире 100 пайыз пайдалуу жана натыйжасы жакшы.

Сүрөт

Жалбызды кээ бир учурда колдонууга тыюу салынат

Жалбыздын жытына же өзүнө аллергия болгондорго, варикозго кабылгандарга, кош бойлуулукка даярдык көрүп жаткандарга, кош бойлууларга, 6 жашка чейинки балдарга, кан басымы ылдыйларга, бала эмизген энелерге колдонууга тыюу салынат.

Башка колдонуучулар эрежени так сактоолору керек

Жалбыздан тундурма, кайнатма же дары жасаганда курамын өз өлчөмүнөн ашыкча кошуу коркунучтуу. Ал адамга пайда эмес, терс таасирин тийгизип коюшу толук ыктымал.

Сасык тумоодо

Сасык тумоонун оор же жеңилине карап бир күндө бир же эки гана маал 1 аш кашык кургатылган жалбызды 1 стакан кайнак сууга салып 10-15 мүнөт демдеп алып чай ордуна ичүү керек. Мында кайнатмасынан даярдалган чай дүүлүгүп, кычышып турган теринин ишин жөнгө салуу менен уйкуну жакшыртат.

Сүрөт

Жүрөк оорулары

2 чай кашык жалбырагына 1 стакан кайнак суу куюп 20 мүнөт демдеп коёсуз. Эми аны эртеден кечке чейин аз-аздан ууртап олтуруп толук ичип бүтүү керек. Бул ыкманы жүрөк ооруларынан тышкары айыз өз жатканда, тиш ооруларында, гастритте, ревматизмде жана өпкө кургатылган 15 грамм жалбызды 1 стакан сууга салып жай отто 10 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон кайнатма муздаган соң 1 аш кашыктан бир күндө 3-4 жолу тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз. Бул ыкманы кан токтобой жаткан маалда кабыл алсаңыз же компресс кылсаңыз жакшы.

Сүрөт

Тери оорулары

20 грамм кургатылган жалбызды 100 миллиграмм 75 пайыздуу спиртке же аракка аралаштырып күн тийбеген караңгы жерге эки жума коюп коёсуз. Эки жумадан кийин 50 грамм кайнатылган жылуу сууга 10-15 тамчы тамчылатып бир күндө 3-4 жолу ичип туруу керек. Бул дарыны баш ооруда, бронхитте, тамак ооруда, мурун бүткөндө жана тери ооруларында да Чаңкоодон арылууда: жайдын аптабында чаңкооңуз канбай жатканда жалбыздан даярдалган чай ичсеңиз, чаңкооңуз басылып, күч топтоп, эс ала түшөсүз.

Сүрөт

Зарна болуп же ич көпкөндө

Жалбыздын 3 тамчы ширесин 50 грамм кайнатылган жылуу сууга аралаштырып ичүү керек. Болбосо шекерге тамчылатып жеп алсаңыз

Бут талып ооруганда

100 грамм жаңы жалбызга 1 литр кайнак суу куюп 10-15 мүнөт демдейсиз. Жарым сааттан кийин демделген жылуу сууга бутуңузду салып жарым саат кармайсыз. Мындан кийин бутуңуз эс алып калат. Жаз келип, жаңыдан жерден баш багып келаткан жалбызды тамак-ашка көбүрөөк колдонсоңуз жогорудагы оорулардын алдын аласыз.

Жалбыз косметологияда да колдонулат

Пайдалуулугуна карап заманбап косметикалык каражаттарга жалбызды көп колдонушат. Жалбызды майлуу терилерди безеткиден арылтуу жана какачтын алдын алуу же андан арылууга колдонулат. Ошондой эле, арыктатуучу жана буттун чарчоосун басуучу каражат катары колдонушат.

Безеткиге каршы

Бет териңиз дүүлүгүп, түлөп, кычышып жатса 1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык кургатылган же жаңы жалбызды салып жарым саатка демдеп коюңуз. Даяр болгон соң дакиге сиңирип алып териңиздин көйгөй жараткан жерлерине же бетиңизге толук сүртүп чыгыңыз же жалбыз демделген сууга чыланган дакини бетиңизге жарым саат жаап коюңуз. Бул ыкманы жасоо менен нормалдаштырып, беттеги безеткиден арылуу менен бирге жүзүңүзду тунук кылат.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Бет терисинин өңүн кантип жакшыртса болот

Жылмакай жана жагымдуу бет териси биринчи кезекте теринин абалы жакшы экендигинен жана организмдин тазалыгынан кабар берет. Бирок, айрым учурда эртең менен ойгонгондо күзгүдөн өзүбүздү карап чарчаган жана өңү өчкөн бетибизди көрөбүз. Буга себеп болгон нерселер, бет териге туура кам көрбөгөндүк, зыяндуу адаттардын пайдаланышы болуп эсептелет. Маселен, кофени ашекер көп ичүү, спирт ичимдигин ичүү, тамеки тартуу жана туура эмес тамактануу кирет. Андыктан төмөндөгү ыкмаларды колдонуп, бет териңиздин өңүң жакшыртып ар дайым сулуу келбетиңиз менен чөйрөңүздөгүлөрдү суктандырыңыз.

Сүрөт

Бет терисинин өңүн жакшыртууга багытталган 12 ыкма

1- Бетиңизге туура жана ар дайым кам көрүп жүрүңүз. Ал үчүн кечинде уктаар алдында таза жууп, маска жаап, териңизге ылайыкталган бет май сүйкөп жатыңыз. Эч качан макияж менен уктап калбаңыз. Бет териңиздин өңүн жоготуп, абалын оордоткон дал ошол жуулбаган макияж болуп эсептелет. Эртең менен дагы сөзсүз түрдө жылуу жана муздак суу менен көбүкчөлөрдү, гелдерди колдонуп жууңуз. Муз менен сүртүңүз. Аба- ырайына жараша бет май сүйкөп жүрүңүз. Мисалы, күн тийип турган маалда күндөн коргоочу бет май сүртүңүз. Мындан сырткары, бетиңизге кам көрүүдө чачыңызга да көңүл буруңуз. Себеби, майлуу чачтар бет териңизге зыяндуу заттарды аба аркылуу жеткирет.

Сүрөт

2- Сиздин курагыңыз жаш болсо дагы бетке кам көрүүнү унутпаңыз. Алдын алып, бет териңизди ар дайым азыктандырган маскаларды коюп жүрүңүз. Муну менен сиз бет терисине байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдөн алыс болосуз.

Сүрөт

3- Бетиңизге кам көрүүдө аша чаап кетпеңиз. Бардык нерсе эрежеге жана талапка ылайык болушу шарт. Маска, скраб жабууда анын көрсөтүлгөн убактысында жууп салыңыз. Ал эми бет майларды териңиздин абалына жараша сапаттуусун тандап алыңыз.

Сүрөт

4- Зыяндуу жана пайдасыз азыктар менен тамактанганды токтотуңуз. Анткени, көпчүлүгүбуз диетада отурбаган учурда тамакты ылгабай жей беребиз. Куурулган, ачуу, тоңдурулган азыктарды, чипсы, сухариктер, таттууларды көп жегенден алыс болгонуңуз жакшы. Себеби, булардын бардыгы бет терисинин абалына терс таасирин тийгизет.

Сүрөт

5- Пайдалуу жана пайдалуу азыктар менен тамактаныңыз. Балык, белок, сууга бышырылган майсыз эт азыктары, деңиз азыктары менен азыктанганыңыз дурус. Андагы витаминдер бет теринин жакшырышына жардам берет. Сүт азыктарын дагы күнүмдүк тамак- ашыңызга сөзсүз түрдө пайдаланыңыз. Сүт, быштак, каймак сыяктуу витаминге бай азыктар. Бет терисине А жана Е витаминдери абдан керек. А витамини боор этте, балык майында, икрада, жумурткада, сабизде, шпинатта, брокколиде, ашкабакта, жашыл капустада жана сары түстүү жемиштерде болот. Мисалы, коон, сары өрүк жана башкалар. Ал эми Е витамини буудайда, кукурузада, жашыл буурчакта болот.

Сүрөт

6- Эгер сиз бет терисинин өңүн жакшыртууга чындап киришкен болсоңуз, анда, газдалган суусундуктардан, косерваланган азыктардан, сосиска, колбаса, майонез, маргарин ачуу курчтумалардан, куурулган тамак- аштардын бардыгынан баш тартышыңыз керек. Ошондой эле, туз мене кум шекерди өлчөмү менен пайдаланыңыз. Таптакыр эле таттуусуз тура албасаңыз анда, таза бал жеңиз же бир тиштем кара шоколад жеп коюңуз.

Сүрөт

7- Суусундукту көбүрөөк ичиңиз. Бет териси кургак болгондор сууну аз ичкендер болуп эсептелинет. Андыктан ар дайым организм өзүнө керектүү сусуундукту алып турушу шарт.

Сүрөт

8- Таза абада көбүрөөк жүрүүгө аракет жасаңыз. Күндөн энергия албаган, таза аба менен дем албаган тери өңү өчкөн кездемедей болуп көрүнөт.

9- Ар дайым кыймылда болуп, спорт мелен алектениңиз. Анткени денеңиздин абалы бет терисине таасирин тийгизет.

Сүрөт

10- Уйкуну калыпка салыңыз. Кеч жатуу бет терисинен бат эле билинет. Өңү өчүп, көздөрүнүн асты көгөрүп ичи кызарып калат.

11- Спирт ичимдиктеринен толук кандуу баш тартыңыз.

12- Стресс, депрециядан алыс болууга аракет жасаңыз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кургак беттеги кара чекитчелерди тазалоо ыкмалары

Бир даана жумуртканын агына 1 аш кашык кум шекр салып ээригиче жакшылап аралаштырасыз. Жарымын бетиңизге тегиз сүйкөп курганга чейин күтө турасыз. Андан кийин экинчи кабатын сүйкөп жеңил масаж жасайсыз. Бул учурда сиздин колуңуз тийген бет терисиндеги кара чекитчелер сыртка чыгат. Колуңуз жабышпай калганга чейин массаж жасай бериңиз. Андан соң жылуу суу менен жууп, өзүңүздүн кургак бет териңизге ылайыктуу бет май сүйкөп коюңуз. Беттеги кара чекитчелерден толук арылуу үчүн бул масканы аптасына эки жолу бир ай колдонуңуз.

Сүрөт Сүрөт

* * * * *

1 даана жумуртканын агына 1 чай кашык лимон жана алоэ ширесин кошуп жакшылап аралатырасыз. Бетиңизге сүйкөп 10 мүнөткө кармаган соң жылуу сууга жууп, кургак бетке арналган бет май сүйкөп аласыз.

Сүрөт

* * * * *

1 аш кашык геркулеске бир чымчым сода, 3 тамчы бор кислотасын кошуп аралаштырасыз. Ага буламык абалга келгенче майсыз айран кошосуз. Бетиңизге сүйкөп 10 мүнөттөн кийин колуңуз менен үбөлөндүрүп тазалаңыз. Жылуу сууга жууп, бет май сүйкөйсүз.

Сүрөт

* * * * *

Кургак беттеги кара чекитчелерди ак глина да жакшы тазалайт. Ак глинадан бир аш кашык алып, буламык абалга келгенче жылуу суу кошуп аралаштырасыз. Бетиңизге сүйкөп 10 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп, бет май сүйкөп коёсуз.

Сүрөт

* * * * *

100 грамм ак күрүчтү сууга эзип бышырып, бир түнгө калтырып коюп эртеси бетиңизге маска жапсаңыз болот. Жыйынтыгы дароо эле билинет. Андан кийин жылуу сууга жууп бет май сүйкөлөт.

Сүрөт

* * * * *

Убактыңыз тар болсо жөн эле майсыз айранды тегиз сүйкөп, кургаган соң үбөлөндүрүп сүртүп чыгасыз. Жылуу суу менен чайкап, бет сүйкөп коёсуз.

Сүрөт

* * * * *

Чуңкур идишке бир литр кайнак сууну куюп, бир аш кашык ромашка чөбүнөн салып, башыңызды калың кездеме менен жаап бууланыңыз. 10 мүнөт жетиштүү болот. Андан кийин алоэнин ширеси менен сүртүп чыгыңыз. Жылуу сууга чайкап, бет май сүйкөңүз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Бет терисин күндөн туура коргой билиңиз

Жай айларында күндүн ультра кызыл нурлары, чаң, шамал, ысык аба терини кургатып, түлөтүп, теринин картаюусун тездетет, убактысынан эрте бырыштардын түшүшүнө себеп болот. Тери кургап кетпеши үчүн беттеги май бездери күчтөнүп иштеп, болушунча май бөлүп чыгарганга аракет кылат. Бирок чаңдар териге жабышып, беттеги тешикчелерди жаап, ысыктан теридеги микробдор көбөйөт да, сезгенүү жаралат. Андыктан талапка ылайык, бетти өзгөчө карап күтүү маанилүү.

Сүрөт Жай айларында бетке пилинг жана агартуучу процедураларды жасатпай эле койгон дурус. Себеби, мындай шартта беттин териси жука жана сезгич болуп калат да, күндөн бат күйөт. Ошондой эле беттеги сөөлдү, меңди алдырууга болбойт. Ордуларында күндүн таасиринен кетирүүгө кыйын болгон так калат.

Сүрөт

Жай айларында атайын бет тазалоочу каражаттарды колдонуу жарабайт. Себеби алардын курамында спирт бар.

Кечинде бетти тазалоону жуунуудан баштаңыз. Жайында муздак суу менен жууганда беттин кан тамырлары жыйрылып, крем жакшы сиңбей калат. Андыктан кечинде эле эмес, эртең менен да бөлмө температурасындагы суу менен жууган оң. Эгер суунун ордуна минералдык же кайнатылып коюлган сууну колдонсоңуз, беттин көбүрөөк нымдалышын камсыз кылган болосуз. Самын менен жууган да болбойт. Анткени ал беттеги табигый жол менен иштелип чыккан майды жууп салат да, терини кургоого жеткирет.

Жай айларында скрабды анда-санда гана колдонуу туура. Бетти суу менен жуугандан кийин косметикалык сүт менен сүртүңүз, ал терини нымдуу кылып жумшартат. Анан бетке нымдандыруучу кремди коюу кажет. Анын курамындагы C жана E витаминдеринин баарын алууга аракет кылыңыз. Ал витаминдер теринин клеткаларынын жаңырып турушуна салым кошуп, сезгенүүлөрдүн алдын алат.

Сүрөт

Жай айларында күн сайын эртең менен жуугандан кийин бетке күндөн сактоочу крем коюу керек. Алардын курамында бетти нымдандыруучу жана башка керектүү заттар бар. Күндөн коргоочу фактору (SPF) 30дан жогору болуусу зарыл. Кремди койгондон кийин бет териси кургактар жана калыптагылар упа колдонбой койсо деле болот. Упа терини ого бетер кургатып жиберет. Ал эми майлуу беттүүлөр күндөн коргоочу фактору (SPF) 30дан ашкан упаларды колдонуулары керек.

Сүрөт

Курамында витамин жана минералдар бар бет үчүн спрейлерди колдонсо, бет сергип нымдашат. Буларды көчөдө жүргөндө макияждын үстүнөн да, крем коёр алдында да колдонсо болот. Күндүзү адам теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, 2 литрдей суу ичүүсү талап кылынат. Жакшысы, минералдык суу же көк чай ичүү сунушталат. Бырыш түшпөөсү үчүн ашыкча мимика жасабаңыз. Күн нурунан коргонуп, көз айнек колдонуңуз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Kunbeken   12 Июнь 2015 - 18:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 09 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2021 17:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:сҮйгөнҮмДүН калаасы)

Чоон рахмат сонун кенештер экен . Майлуу бетке да кам коруу жонундо жазынчы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Mediziner   13 Июнь 2015 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Kunbeken (12 Июнь 2015 - 18:53) жазган:

Чоон рахмат сонун кенештер экен . Майлуу бетке да кам коруу жонундо жазынчы...


Майлуу бетке кантип кам көрүү керек

Майлуу бет май бездеринин катуу иштешинин натыйжасында пайда болот. Тешикчелери кеңейип, майлуу бет апельсиндин кабыгына окшоп турат. Кээде алардын майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот. Мындай бетке майлуу бетмайларды колдонуунун кажети жок.

Майлуу бетке жасалуучу маскалар

Айран маскасы

Кебезди айранга малып, аны бетке 1 мүнөтчө жаап коёт. Буга 1 чай кашык быштак кошуп туруп, аралаштырып колдонсо болот. Бул маска терини кургатып, беттин майлуулугун азайтат.

Сүрөт

Ачыткы маскасы

20 грамм камыр ачыткыга 1 чай кашык лимон же клюква ширесин кошуп аралаштырып алат. Бул маска терини тазалап, жумшартат жана беттин майлуулугун азайтат.

Жумуртканын агын сарысынан бөлүп аласыз. Агын көбүргөнгө чейин чалып, бетке шыбайсыз. Ал кургагандан кийин бетти чайкап, артынан жумуртканын сарысын сүйкөйсүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп коёсуз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   medina.   13 Июнь 2015 - 01:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Рахмат Медизинер айым.Ото керектуу кенештер экен.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   Gulzat86   17 Июнь 2015 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 694
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 02 Мар 2017 11:43

Дайыма сейдананын майын жаатардан 20-30 мунот мурда суйкоп жатам.Жузго тушкон майда бырыштарды жазууга жардам берет.Тартибинде коп витаминдер бар.Бирок менде бир гана койгой бар.Жузумдо майда тамырлуу кызыл жылдызчалар(купероз). Ошодон кантип арылса болот.Лазер мн анан ийне сайуу жолу.мн дабаалагандар(косметолог) бар экен.Натыйжасы болот бекен эгер ошону жасатса.Ким жасатып коргон ж.а кандай болгон натыйжасы жаза кеткилечи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Gulzat86   25 Июнь 2015 - 19:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 694
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 02 Мар 2017 11:43

суроомо жоопбере тургандар болуп калаар деп бул теманы алдыга суйроп кое бердим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   saya   30 Сентябрь 2015 - 02:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 113
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 16 Авг 2020 12:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кандай пудра майлуу жана бетке тез синет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   15 Ноябрь 2015 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Gulzat86 (17 Июнь 2015 - 19:59) жазган:

Дайыма сейдананын майын жаатардан 20-30 мунот мурда суйкоп жатам.Жузго тушкон майда бырыштарды жазууга жардам берет.Тартибинде коп витаминдер бар.Бирок менде бир гана койгой бар.Жузумдо майда тамырлуу кызыл жылдызчалар(купероз). Ошодон кантип арылса болот.Лазер мн анан ийне сайуу жолу.мн дабаалагандар(косметолог) бар экен.Натыйжасы болот бекен эгер ошону жасатса.Ким жасатып коргон ж.а кандай болгон натыйжасы жаза кеткилечи.

Беттен кан алдыруу менен жылдызчаларды жоготсо болот деп уккам, бирок менин бетимден алууга уруксат берген эмес. Бетти бузуп алуу коркунучу бар экен.
Жылдызчалар үшүгөндө, уялып кызарганда өтө эле кызыл болуп кеткени болбосо башка зыяны болбосо керек :blush:

لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   adi_22   05 Декабрь 2015 - 15:06

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 23 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Дек 2016 13:38
  • Жынысы:Белгисиз

Тороттон калган дакты кантип кетирсе болот?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   mascha   10 Декабрь 2015 - 03:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 05 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Дек 2015 19:23

Мен витамин Е(капсуладагы) акырын ийне мн тешип алып бетке , колго маска кылса болот жумасына 3 жолу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   Dinaa   10 Декабрь 2015 - 14:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 476
  • Катталган: 03 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2020 17:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сан Франциско Кыргызстан.

Аябай кам коромда жумасына эки жолу маска жасап бетиме анан крем коюп жатам антпесем уктабай чыгам туну мн бетими ойлой берип бет тунук таза болуп турса жакшыго пудра колдонбойм бетке бырыш тушурот деп лимон же огурцы кошулган кремдерди колдоном :kiss2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   MoXiTo   18 Декабрь 2015 - 22:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 384
  • Катталган: 14 Июль 14
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2016 21:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дуйнодо бетимден башка проблема калбагандай мен учун жумуштан кийин бет мн убарамын
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   airada   19 Декабрь 2015 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Жумуртка менен аселди аралаштырып маска жасайм. Аны да кээде эле колдоном.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Alinur.96   02 Январь 2016 - 21:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 10:50

мурда карачумун торогондон кийин кол тийбейт.
А
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Nariste...12   10 Январь 2016 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Сейдананын майы эмне деп аталат? Аталышы ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 17:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: