Кыргызстанда 22-сентябрдан тарта өлкөгө автоунаа алып кирүүдөгү бажы алымдары жогорулайт.
Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевкол койду. Ага ылайык, өлкөдө автоунаа бааларынын жогорулашы күтүлөт.
Мисалы, 2004-жылы чыгарылган,
кыймылдаткычынын күчү 2 миң куб сантиметр Хонда Аккорд унаасынын бажы төлөмү учурда 600 доллар болсо, 22-сентябрдан кийин 800 доллар, ал эми 2015-жылдын 1-январынан кийин 5200 долларды түзмөкчү. Демек, аталган унаанын бажы төлөмү жаңы жылдан кийин азыркы баадан 4600 долларга кымбаттайт.
Мисалы, Хонда Аккорд (2004-жылкы) учурда 6-7 миң доллар болсо, 22-сентябрдан кийин болжол менен 6,2-7,2 миң доллар, 2015-жылы 11,4-12,4 миң доллар болот. Унааларга бажы төлөмдөрү беш баскыч менен 2019-жылга чейин ар жылы көтөрүлүп турмакчы. Мисалы, аталган унаа 2016-жылы 13 400 доллар, 2017-жылы 14 400 доллар, 2018-жылы 15 400 доллар, 2019-жылы 16 400 доллар болот.
Баракча 1 - 1
Унааларга бажы төлөмү көтөрүлдү
#1 11 Сентябрь 2014 - 13:27
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#2 11 Сентябрь 2014 - 14:47
bai.kymbat
, провокацияга жол жок!
Билдирүүңүз өчүрүлдү. Эреже бузуудан алыс болуңуз!
Билдирүүңүз өчүрүлдү. Эреже бузуудан алыс болуңуз!
#3 11 Сентябрь 2014 - 14:59
Келечекти ойлосон Кыргызстанда жашагын да келбей кетет.
Биринчи айлык-акыны которуп анан ойлонушса Кичине.
Биринчи айлык-акыны которуп анан ойлонушса Кичине.

#5 12 Сентябрь 2014 - 03:54
Элдер кандай карайсынар биздин ажолорубуз туура жол тутуп жатабы? Өзүбүздө машина чыкпаса"Айлыктар Россиядагыдай болбосо да Казакстандыктардыкындай болсо жок дегенде!Растоможканы кымбаттатып чондорубуз го өздөрүнүн бизнеси запас акчасы менен элдин акчасы менен жашай беришет карапайым элди ойлошсо болбойбу? Өзү элдин жашоосун ондойбуз деп келгенби бийлике булар или ичип жеп эс алганы келишкенби ойлонсон мээн ооруйт го"
#6 12 Сентябрь 2014 - 08:44

#7 12 Сентябрь 2014 - 09:01
"Бажы биримдиги деп эми советский машиналарга өтөбүзбү кайра?" темасы менен бириктирилди.
Djoni88kg , талкууну ушул темадан улантыңыз.
Djoni88kg , талкууну ушул темадан улантыңыз.
#8 12 Сентябрь 2014 - 10:56
Кайрат (11 Сентябрь 2014 - 13:27) жазган:
Кыргызстанда 22-сентябрдан тарта өлкөгө автоунаа алып кирүүдөгү бажы алымдары жогорулайт.
Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевкол койду. Ага ылайык, өлкөдө автоунаа бааларынын жогорулашы күтүлөт.
Мисалы, 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын күчү 2 миң куб сантиметр Хонда Аккорд унаасынын бажы төлөмү учурда 600 доллар болсо, 22-сентябрдан кийин 800 доллар, ал эми 2015-жылдын 1-январынан кийин 5200 долларды түзмөкчү. Демек, аталган унаанын бажы төлөмү жаңы жылдан кийин азыркы баадан 4600 долларга кымбаттайт. Мисалы, Хонда Аккорд (2004-жылкы) учурда 6-7 миң доллар болсо, 22-сентябрдан кийин болжол менен 6,2-7,2 миң доллар, 2015-жылы 11,4-12,4 миң доллар болот. Унааларга бажы төлөмдөрү беш баскыч менен 2019-жылга чейин ар жылы көтөрүлүп турмакчы. Мисалы, аталган унаа 2016-жылы 13 400 доллар, 2017-жылы 14 400 доллар, 2018-жылы 15 400 доллар, 2019-жылы 16 400 доллар болот.
Мисалы, 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын күчү 2 миң куб сантиметр Хонда Аккорд унаасынын бажы төлөмү учурда 600 доллар болсо, 22-сентябрдан кийин 800 доллар, ал эми 2015-жылдын 1-январынан кийин 5200 долларды түзмөкчү. Демек, аталган унаанын бажы төлөмү жаңы жылдан кийин азыркы баадан 4600 долларга кымбаттайт. Мисалы, Хонда Аккорд (2004-жылкы) учурда 6-7 миң доллар болсо, 22-сентябрдан кийин болжол менен 6,2-7,2 миң доллар, 2015-жылы 11,4-12,4 миң доллар болот. Унааларга бажы төлөмдөрү беш баскыч менен 2019-жылга чейин ар жылы көтөрүлүп турмакчы. Мисалы, аталган унаа 2016-жылы 13 400 доллар, 2017-жылы 14 400 доллар, 2018-жылы 15 400 доллар, 2019-жылы 16 400 доллар болот.
Саламатсызбы! Ошондо азыркы тапта "Хонда Аккорд" автоунаасынын 2000 куб см. кобойтобуз канчага?,жана кымбаттагандан кийинки бааны канчага кобойтушубуз керек???Анткени жолдошум экообуздун ортосунда ушул тапта талаш тартыш болуп атат...
#9 12 Сентябрь 2014 - 12:21
Saiha.84 (12 Сентябрь 2014 - 10:56) жазган:
Саламатсызбы!
Ошондо азыркы тапта "Хонда Аккорд" автоунаасынын 2000 куб см. кобойтобуз канчага?,жана кымбаттагандан кийинки бааны канчага кобойтушубуз керек???Анткени жолдошум экообуздун ортосунда ушул тапта талаш тартыш болуп атат...
Өкмөт токтомунда жеңил унаага бажы төлөмүн алты этап менен көтөрүү каралган. Ага ылайык, быйыл 22-сентябрдан тарта автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 10 центке кымбаттамакчы. Ал эми жаңы жылдан тарта бул 50 центке жогорулайт. Башкача айтканда, 10 центтен болгондо эгер кыймылдаткычынын күчү 200 миң куб метр автоунаанын бажы төлөмү 200 долларга кымбаттайт. Ал эми 50 цент болгондо бул сан 1000 долларга чейин кымбаттамакчы. Р.С. Тушунуктуу эле болду окшойт эми
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#10 14 Сентябрь 2014 - 14:31
Бул башы али уйлор дагы кымбаттайт
Жогорудагыларга кол чабуулар аябай жакшы иштешип жатат ( албетте какшык)
Жогорудагыларга кол чабуулар аябай жакшы иштешип жатат ( албетте какшык)
Жүрөгүмсүң
#12 14 Сентябрь 2014 - 21:19
Биз бул законго даяр эмес элек,себеби бизде элдин жашоосу анчалык даражага жете элекпиз. Бийликтегилердин ойлонбой иш кылып жаткандыгы адамды окундурот.
#13 25 Сентябрь 2014 - 14:29
Кымбаттаса кымбаттасын эл жашап корсун жакпаса жашай албаса андада коробузда
#14 26 Сентябрь 2014 - 07:39
Маянаны которуп анан бааларды жогорулатса жакшы болот эле. Карапайым калк эле кыйынчылык тартат!
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#15 01 Октябрь 2014 - 10:39
Кайрат (12 Сентябрь 2014 - 12:21) жазган:
Өкмөт токтомунда жеңил унаага бажы төлөмүн алты этап менен көтөрүү каралган. Ага ылайык, быйыл 22-сентябрдан тарта автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 10 центке кымбаттамакчы.
Ал эми жаңы жылдан тарта бул 50 центке жогорулайт.
Башкача айтканда, 10 центтен болгондо эгер кыймылдаткычынын күчү 200 миң куб метр автоунаанын бажы төлөмү 200 долларга кымбаттайт.
Ал эми 50 цент болгондо бул сан 1000 долларга чейин кымбаттамакчы.
Р.С. Тушунуктуу эле болду окшойт эми
Ийи рахмат

#16 02 Октябрь 2014 - 02:38
Цитата
ЫСАК ШАЙБЕКОВ. Кайран эл
Айгыр ат менен атан төө,
Чарык кылды, кайран эл.
Өлгөн жерде терисин
Чарык кылды, кайран эл.
Алты шаар элдерин
Карык кылды, кайран эл.
Караңгы уйгур тамына
Жарык кылды, кайран эл.
Бир конгон жерге бир жылкы,
Зарып кылды, кайран эл.
Айгыр атка эки сээр,
Карып кылды, кайран эл.
Кара жанын карч уруп,
Карып кылды, кайран эл.
Өзүн-өзү ар кимге,
Тарып кылды, кайран эл.
Антпегенде кантеди,
Акыл, эси айран эл.
Бир жүз сомдук аттарын
Сээрге сатты, кайран эл.
Алган сээрин бир конгон,
Жерге жатты, кайран эл,
Ала кийиз, төшөк жок,
Жерге жатты, кайран эл,
Аксы, Турпан сыз жери
Белге батты, кайран эл.
Төөлөр өлүп, эшекке
Жүгүн артты, кайран эл.
Чылгый-чылгый терини
Бутка тартты, кайран эл.
Жүктөп алып эшекти,
Жетеледи, кайран эл.
“Арзан шаар кайда”– деп,
Төтөлөдү, кайран эл.
Карылары баса албай
Жөтөлөдү, кайран эл,
Жаш балдарын мойнуна
Көтөрөдү, кайран эл.
Караңгы уйгур тамына
Корголоду, кайрап ,эл.
Баарын берип жан үчүн,
Жорголоду, кайран эл.
Жазгы жамгыр мойнуна
Шорголоду, кайран эл.
Чыны менен ошентип
Кор болобу, кайран эл?
Жөө басып таманы
Чор болобу, кайран эл?
Капка аштык таба албай
Дорболоду1 кайран эл.
Убактында кир жуубай.
Мор болобу, кайран эл?
Антпегенде кантеди
Акыл, эси айран эл.
Ат жабууга үй боосун,
Чарчылады, кайран эл.
Көп көзөнөк2 алам деп,
Чачылады, кайран эл,
Кайсы күнү кабагы
Ачылады, кайран эл?
Кийиз, тери сатышып,
Кажылады, кайран эл.
Сата электе базарчы
Бажылады, кайран эл.
Бажы деген зордукка
Зар ыйлады, кайран эл.
Бажы алуучу улугу
Калжырады, кайран эл.
Кийим, тамак таба албай
Алдырады, кайран эл.
Ар кимге там бергин деп,
Жалдырады, кайран эл.
Бай малынан түңүлүп,
Шалдырады, кайран эл.
Жарды жанын канетип,
Калдырады, кайран эл.
Сатмак үчүн бозону
Салдырады, кайран эл.
Антпегенде кантеди
Акыл, эси айран эл.
Тополоңу тоз болуп,
Тозуп кетти, кайран эл:
Өз элинен адашып,
Бозуп кетти, кайран эл.
Элдин алды илгери
Озуп кетти, кайран эл.
Кымбат кылып кыштакты
Бузуп кетти, кайран эл.
Эртели-кеч дос, жарын
Көрүшпөдү, кайран эл.
Чогулушуп өлгөнүн
Көмүшпөдү, кайран эл.
Өкүмүнө Николай
Көнүшпөдү, кайран эл.
Чыдап тирүү зордукка
Өгүз беле, кайран эл.
Койбой сатып үй ичин
Эгин тапты, кайран эл.
Иши кылып жан сактоо
Эбин тапты, кайран эл.
Баасына жеткирбей
Тегин сатты, кайран эл.
Уул, кызга калуучу
Себин сатты, кайран эл.
Соодагерге алдатып
Жеңил сатты, кайран эл.
Жесир калган эри өлүп,
Келин сатты, кайран эл.
Бир, биринен адашып,
Тоз-тоз болду, кайран эл,
Оокат үчүн бир күндүк
Ашпоз болду, кайран эл.
Эртели, кеч бир-бири
Баш кошподу, кайран эл.
Болжоп жолдун боюна
Бозо сатты, кайран эл.
Чем-чем болуп жол-жолго,
Болжоп жатты кайран эл.
Бир топ уук, бир түндүк,
Сайма кылды, кайран эл.
Жүгөрүнүн унунан
Жарма кылды, кайран эл.
Өз жеринен адашып,
Арман кылды, кайран эл.
Бир-биринен адащып,
Таппай жүрөт, кайран эл.
Олтурууга бир аймак,
Батпай жүрөт, кайран эл.
Бир жерине тынч алып
Жатпай жүрөт, кайран эл.
Көзү кыйып бай малын
Сатпай жүрөт, кайран эл.
Жарды байкуш эч нерсе
Таппай жүрөт, кайран эл.
Таяк алса колуна
Аттай жүрөт, кайран эл.
Почто менен жиберген,
Каттай жүрөт, кайран эл.
Жакындары карабай,
Жаттай жүрөт, кайран эл.
Мурункудай тамагын
Татпай жүрөт, кайран эл.
Казан, аяк, табактар,
Үбүн сатты, кайран эл.
Чычырканак казышып
Түбүн сатты, кайран эл.
Кымыз, бозо ачыткан
Күбүн сатты кайран эл.
Тоо, токойдун ичинен
Дүмүр сатты, кайран эл.
Үйгө жыйган төшөнчү,
Жүгүн сатты, кайран эл.
Нечен көчөт термелүү
Түрүн сатты, кайран эл.
Кийиздерин кылалбай
Жүнүн сатты, кайран эл,
Оокат үчүн аларды
Күнүн сатты, кайран эл.
Күмүш чапкан куюшкан,
Жүгүн сатты, кайран эл.
Эч немесин калтырбай
Түгөл сатты, кайран эл
Түрлүү-түрлүү көчөттүү
Шырдак сатты, кайран эл
Мал базарга бышырып
Шыйрак сатты, кайран эл.
Арзан шыйрак мында деп
Ырдап сатты, кайран эл.
Актай чийди кызылга
Чырмап сатты, кайран эл.
Түрлүү-түрлүү чырмаган
Чийин сатты, кайран эл.
Түгөнгөн соң үй ичи
Кийим сатты, кайран эл.
Кийимдерин баарынан
Кийин сатты, кайран эл.
Көчүп барган жерлерин
Кымбат кылды, кайран эл.
Аксы, Турпан байына
Кызмат кылды кайран эл.
Кедеңдетип эшекти
Жорго ат кылды, кайран эл.
Алты ай багып өз атын
Зорк ат кылды, кайран эл.
Өзү сүйгөн буюмун
Арзан сатты, кайран эл.
Аштык, саман, чөп үчүн
Арзандатты, кайран эл.
Өз наркына жеткирбей
Айрандатты, кайран эл.
Так ошентип акылын
Айрандатты, кайран эл.
Көйрөңдөрүн чачылап
Дардаңдатты, кайран эл.
Бегим жакшы бегим деп,
Жарбаңдатты, кайран эл.
Чакырып алып үйүнө
Тайраңдатты, кайран эл.
Табак тартып, колдорун
Тарбаңдатты, кайран эл.
Колун улам алың деп,
Арбаңдатты, кайран эл.
Аштык салып алгыдай,
Кабын сатты, кайран эл.
Алып келип калемдин
Сабын сатты, кайран эл.
Ыңырчак менен көтөрмө
Аркан сатты кайран эл.
Ачкасына чыдабай
Арзан сатты, кайран эл.
Кийип турган үстүндө
Тонун сатты, кайран эл.
Эч нерсесин калтырбай
Сонун сатты, кайран эл.
Үйгө жыйган казына
Булун сатты, кайран эл.
Энелерин ээрчитип,
Кулун сатты, кайран эл.
Илме менен сайдырган
Сайма сатты, кайран эл.
Мал базарга бышырып
Жарма сатты, кайран эл.
Тогуз карыш, он карыш
Казан сатты, кайран эл.
Азаттыкты эңсешип
Зарлап жүрөт кайран эл.
Айгыр ат менен атан төө,
Чарык кылды, кайран эл.
Өлгөн жерде терисин
Чарык кылды, кайран эл.
Алты шаар элдерин
Карык кылды, кайран эл.
Караңгы уйгур тамына
Жарык кылды, кайран эл.
Бир конгон жерге бир жылкы,
Зарып кылды, кайран эл.
Айгыр атка эки сээр,
Карып кылды, кайран эл.
Кара жанын карч уруп,
Карып кылды, кайран эл.
Өзүн-өзү ар кимге,
Тарып кылды, кайран эл.
Антпегенде кантеди,
Акыл, эси айран эл.
Бир жүз сомдук аттарын
Сээрге сатты, кайран эл.
Алган сээрин бир конгон,
Жерге жатты, кайран эл,
Ала кийиз, төшөк жок,
Жерге жатты, кайран эл,
Аксы, Турпан сыз жери
Белге батты, кайран эл.
Төөлөр өлүп, эшекке
Жүгүн артты, кайран эл.
Чылгый-чылгый терини
Бутка тартты, кайран эл.
Жүктөп алып эшекти,
Жетеледи, кайран эл.
“Арзан шаар кайда”– деп,
Төтөлөдү, кайран эл.
Карылары баса албай
Жөтөлөдү, кайран эл,
Жаш балдарын мойнуна
Көтөрөдү, кайран эл.
Караңгы уйгур тамына
Корголоду, кайрап ,эл.
Баарын берип жан үчүн,
Жорголоду, кайран эл.
Жазгы жамгыр мойнуна
Шорголоду, кайран эл.
Чыны менен ошентип
Кор болобу, кайран эл?
Жөө басып таманы
Чор болобу, кайран эл?
Капка аштык таба албай
Дорболоду1 кайран эл.
Убактында кир жуубай.
Мор болобу, кайран эл?
Антпегенде кантеди
Акыл, эси айран эл.
Ат жабууга үй боосун,
Чарчылады, кайран эл.
Көп көзөнөк2 алам деп,
Чачылады, кайран эл,
Кайсы күнү кабагы
Ачылады, кайран эл?
Кийиз, тери сатышып,
Кажылады, кайран эл.
Сата электе базарчы
Бажылады, кайран эл.
Бажы деген зордукка
Зар ыйлады, кайран эл.
Бажы алуучу улугу
Калжырады, кайран эл.
Кийим, тамак таба албай
Алдырады, кайран эл.
Ар кимге там бергин деп,
Жалдырады, кайран эл.
Бай малынан түңүлүп,
Шалдырады, кайран эл.
Жарды жанын канетип,
Калдырады, кайран эл.
Сатмак үчүн бозону
Салдырады, кайран эл.
Антпегенде кантеди
Акыл, эси айран эл.
Тополоңу тоз болуп,
Тозуп кетти, кайран эл:
Өз элинен адашып,
Бозуп кетти, кайран эл.
Элдин алды илгери
Озуп кетти, кайран эл.
Кымбат кылып кыштакты
Бузуп кетти, кайран эл.
Эртели-кеч дос, жарын
Көрүшпөдү, кайран эл.
Чогулушуп өлгөнүн
Көмүшпөдү, кайран эл.
Өкүмүнө Николай
Көнүшпөдү, кайран эл.
Чыдап тирүү зордукка
Өгүз беле, кайран эл.
Койбой сатып үй ичин
Эгин тапты, кайран эл.
Иши кылып жан сактоо
Эбин тапты, кайран эл.
Баасына жеткирбей
Тегин сатты, кайран эл.
Уул, кызга калуучу
Себин сатты, кайран эл.
Соодагерге алдатып
Жеңил сатты, кайран эл.
Жесир калган эри өлүп,
Келин сатты, кайран эл.
Бир, биринен адашып,
Тоз-тоз болду, кайран эл,
Оокат үчүн бир күндүк
Ашпоз болду, кайран эл.
Эртели, кеч бир-бири
Баш кошподу, кайран эл.
Болжоп жолдун боюна
Бозо сатты, кайран эл.
Чем-чем болуп жол-жолго,
Болжоп жатты кайран эл.
Бир топ уук, бир түндүк,
Сайма кылды, кайран эл.
Жүгөрүнүн унунан
Жарма кылды, кайран эл.
Өз жеринен адашып,
Арман кылды, кайран эл.
Бир-биринен адащып,
Таппай жүрөт, кайран эл.
Олтурууга бир аймак,
Батпай жүрөт, кайран эл.
Бир жерине тынч алып
Жатпай жүрөт, кайран эл.
Көзү кыйып бай малын
Сатпай жүрөт, кайран эл.
Жарды байкуш эч нерсе
Таппай жүрөт, кайран эл.
Таяк алса колуна
Аттай жүрөт, кайран эл.
Почто менен жиберген,
Каттай жүрөт, кайран эл.
Жакындары карабай,
Жаттай жүрөт, кайран эл.
Мурункудай тамагын
Татпай жүрөт, кайран эл.
Казан, аяк, табактар,
Үбүн сатты, кайран эл.
Чычырканак казышып
Түбүн сатты, кайран эл.
Кымыз, бозо ачыткан
Күбүн сатты кайран эл.
Тоо, токойдун ичинен
Дүмүр сатты, кайран эл.
Үйгө жыйган төшөнчү,
Жүгүн сатты, кайран эл.
Нечен көчөт термелүү
Түрүн сатты, кайран эл.
Кийиздерин кылалбай
Жүнүн сатты, кайран эл,
Оокат үчүн аларды
Күнүн сатты, кайран эл.
Күмүш чапкан куюшкан,
Жүгүн сатты, кайран эл.
Эч немесин калтырбай
Түгөл сатты, кайран эл
Түрлүү-түрлүү көчөттүү
Шырдак сатты, кайран эл
Мал базарга бышырып
Шыйрак сатты, кайран эл.
Арзан шыйрак мында деп
Ырдап сатты, кайран эл.
Актай чийди кызылга
Чырмап сатты, кайран эл.
Түрлүү-түрлүү чырмаган
Чийин сатты, кайран эл.
Түгөнгөн соң үй ичи
Кийим сатты, кайран эл.
Кийимдерин баарынан
Кийин сатты, кайран эл.
Көчүп барган жерлерин
Кымбат кылды, кайран эл.
Аксы, Турпан байына
Кызмат кылды кайран эл.
Кедеңдетип эшекти
Жорго ат кылды, кайран эл.
Алты ай багып өз атын
Зорк ат кылды, кайран эл.
Өзү сүйгөн буюмун
Арзан сатты, кайран эл.
Аштык, саман, чөп үчүн
Арзандатты, кайран эл.
Өз наркына жеткирбей
Айрандатты, кайран эл.
Так ошентип акылын
Айрандатты, кайран эл.
Көйрөңдөрүн чачылап
Дардаңдатты, кайран эл.
Бегим жакшы бегим деп,
Жарбаңдатты, кайран эл.
Чакырып алып үйүнө
Тайраңдатты, кайран эл.
Табак тартып, колдорун
Тарбаңдатты, кайран эл.
Колун улам алың деп,
Арбаңдатты, кайран эл.
Аштык салып алгыдай,
Кабын сатты, кайран эл.
Алып келип калемдин
Сабын сатты, кайран эл.
Ыңырчак менен көтөрмө
Аркан сатты кайран эл.
Ачкасына чыдабай
Арзан сатты, кайран эл.
Кийип турган үстүндө
Тонун сатты, кайран эл.
Эч нерсесин калтырбай
Сонун сатты, кайран эл.
Үйгө жыйган казына
Булун сатты, кайран эл.
Энелерин ээрчитип,
Кулун сатты, кайран эл.
Илме менен сайдырган
Сайма сатты, кайран эл.
Мал базарга бышырып
Жарма сатты, кайран эл.
Тогуз карыш, он карыш
Казан сатты, кайран эл.
Азаттыкты эңсешип
Зарлап жүрөт кайран эл.
#17 18 Февраль 2015 - 11:32
Тема жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Баракча 1 - 1