Эми мындай тема жок окшойт байкасам. Эгер бар болсо акырын кошуп койгула.
Мен биринчи баштап берейин э.
Мен анда студент болчумун эрте менен окуп,туштон кийин иштейт элем. Машина базарда машина жууйт элем. Кунуно 2-3 машина жууп ар бир машинаны 25сом кееде 20сомго жуучумун. Анан ал машиналар да кундо боло бербейт эле. Анан терек базарга барып терек тушуруп иштейт элем. Ал иш да кундо боло бербейт эле.Ошондой кундордун биринде иш жок ачка калып кеттим,жегенге эч нерсе жок. Квартирада да эч нерсе жок. Бир бала экооз жашайт элек,анан ал каяктан бир балык таап жеп келген экен кабыргаларын уйго ала келиптир ,балыкты жеп бутуп. Анан ал мага кел досум ал балыктан же деп коёт-))
Карасам балыктын эч нерсеси калбаган жей турган. Баягы балыктын кабыргаларын бир карап койдум да унчукпадым.
Тамашалап айтып жатабы десем сыр бербейт.Бироодон суранганды ото жаман корот элем,ошого ачка болсом да эч кимге айтпайт элем даже билдирбегенге арекет кылат элем. Бул эми бир эле кичинекей окуя. Дагы эстегенде акырындап жаза беребиз.
Силер да жаза кеткиле кандай ачкачылык кундорду откордунор.
..
Ачка болгон кундорду эстейбиз келгиле!
#2 26 October 2015 - 22:15
Анан теманы булгабай таза сактап жазабыз. Эгер туура таза пайдаланып темага олуттуу карасак,биз учун тарбиялык мааниси ото чон болот,себеби Кудай Таалага коп коп шукур айтканга туртку болот бир чети.
#3 26 October 2015 - 22:16
Кайсы бирин жазсам экен а, мен коп ачка калам бара-бара ошогода конот экенсин эртеден кечке тамак жебей. Азыр менин ашказаным ошого конуп калганбы билбейм коп учурда эле. Эрте менен тамакта жебей чыгып кетем ошол бойдон кечинде жейм. Ачыгы кафе сталовойлордон негедир тамактанган анча жакпай калыптыр ошого ачка болсомда эптеп чыдам уйдон тамактанам.
Балким бул алтын апамын даамдуу тамак жасаганынандыр
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#4 26 October 2015 - 23:00
Студент кезде бирде ачка бирде ток болосун деген кептерди коп укчу элем. Мен ата-энем менен жашагандыктанбы ачка кала элекмин (калбай эле коеунчу)).
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 26 October 2015 - 23:06
Мен буга чейин ачка калып коро элек экем шугур. Студент кезде туугандарым менен жашачумун.
Жашоо бир келет!
#9 26 October 2015 - 23:50
Ата-энем мн тургандыктан ачка калбаптырмын.
Бирок ачка калсан да кадырына жетсен керек баарын уномдоп дегендей.
#10 27 October 2015 - 00:58
Менда студент кезде кооп ачка калган кундор болду. Биз 2 комнаталуу квартирада жашачубуз. Анын биринде биз жашасан экинчисинде хазайка кызы менен жашачуу.биз 3 бала жашат элек сабактан кийин мойкада иштеп акча кылчуубуз. Кыш келип суук тушуп биз иштеген мойка жабылды. Анан эки досум субото уйлоруно кеткен уйдо жегенге эч нерсе жок. Жатасам хазайканын кызы даамдуу тамак кылып жатты. Жыты мага чейин келип ого бетер курсакты ачырып. Анан бирааздан кийин журун тамактанабыз деп чакырып калды ошентип курсакты тойгузгам.
#11 27 October 2015 - 06:11
Менде студент кезде ачка калуу деген болгон эмес.))
Азыркы заманда, ачка калган студент жок болсо керек. Азыркы студенттердин баары бай)))
Азыркы заманда, ачка калган студент жок болсо керек. Азыркы студенттердин баары бай)))
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#12 27 October 2015 - 09:18
Бала тарбиядаганда кээде ачка калтырып,кыйынчылыкты(жашоо оной эместигин) билдирип кой деген созду окуп калдым эле)
Талтандатпай коп нерсени уйротуп багыш керек(
Темадан чыктым окшойт)
Ачка кала элекмин)
Эч ким ачка болбосун!
Баарынын курсагы ток,кайгысы жок болсун
Талтандатпай коп нерсени уйротуп багыш керек(
Темадан чыктым окшойт)
Ачка кала элекмин)
Эч ким ачка болбосун!
Баарынын курсагы ток,кайгысы жок болсун
#13 27 October 2015 - 09:41
2008 Жылы досум менен Алматага иштегени барганбыз.Бир кафеде иштейтлек,2кун иштеп,2кун дем алчукпуз.3Комнат кичинекей уйдо жашайт элек,бир комнатасында эже-синди казактар,бир комнатасында биз.Эки кун иштеген кундору кафеден тамак жечубуз,иштебеген кундору уйдо ачка калчубуз)),себеби айлык аз,квартплата,
жолкире дегендей бар.Бир жолу эки кун иштебей уйдо отурдук,обедке чейин уктап,туруп,
жуунуп-пуунуп кайра жаттык.Курсак ачка,бир сындырым нан даже жок уйдо.Кошуна комнатада казактар жыргап Жирный обед кылып жатышат,биз аларды карап,тамшанып жата бердик,барып сурап жештен тартындык,гордость не позволила),ошо эки кун эчтеке жебей,туну досум экообуз кучакташып алып оло ыйлаганбыз,
:"бул кундор да отот,эстеп кийин кулобуз " депчи.Эки кундун эртеси жумушка бардык,жумуш буткучо клиенттерден калган нандарды топтодук,аны кантип алып чыгыштын айласын таппай жаттык,охрана текшеретда сумкаларды.
Ойлонуп-ойлонуп,
калпле мусор тогумуш болуп,эшике нан пакетти алып чыкмай болдук)),ошентип иштеген кундору нандарды топтоп,иштебеген кундору жеп,тиричилик кылчукпуз.Азыр эстесек,чын эле кулобуз,жашоо ушунусу менен кызык тура деп.Адам баласы каччн гана ачка калганда анан НАНДЫН баркын билет окшойт.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#14 27 October 2015 - 10:52
ачка калып коро элек экенмин)
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#15 27 October 2015 - 11:10
Оа канча ачка калсан, канча кара ишти коп кылсан нандын акчанын кадырын ошончо жакшы билесин. Студент кезде ачка калуу деген коп эле болду. Чон Алайлык кыздар менен турчум. 4 кыз элек. Жаны жылга жакын болчу. Сессия бутуп студенттер уйуно кетип жатат, 2 кыз да жакын жерде жашаган эже, акелериникине кетишти. А биз Динара экобуз эч жака кетпей жатаканада калдык. Себеби уйубуз шаардан ото алыс эле, аз дегенде 500 акча керек эле. Уйду апамдарды сагынгам, 4.айдан бери уйго барбагам. Жегенге эч нерсе жок жатабыз. Менин ичим ачкалыктан "курррррррр"
дейт. Анан эле Динара кастрюльго суу куйуп бир нерсе эле кылып жатты. Жатсам тамактын жыты келет. 1 сааттан кийин Динара "тур, тамак даяр" дейт. Турсам кастрюльда ботко даяр. Сууга нокотту (горох) салып чымчым туздан таштап койсо ботко болуп калыптыр. Ошентип жан сактаганбыз.
#16 27 October 2015 - 11:21
2006-
жылы студент убакта ачка калган элем.Айылдан жоноткон тамак ашы Ошко жетпей,ара жолдо унаа узулуп,анан айдоочу башка унаадан берип жиберген экен,ал унаанын айдоочусу болсо мени таппай,кайра айылга кетип калыптыр.Ал убакта кайдан азыркыдай уюлдук байланыш жокко эсе эле.Ошентип бир жума бою курук суу ичип коюп,сабакка конул жок журдум.Ошол кундордо бир кафеде жумуш табылып,кардарлардан калган тамак аштан жеп,эптеп курсак тойгузуп,иштеп,
акча таап,айылдан тамак аш,акча сурабай калганмын.
#17 27 October 2015 - 11:32
Дагы бир окуя эске тушуп кетти.Ошол иштеп жургон убакта,ХБК тарапта жашачубуз досум менен.Анан бир жумага мен иштеген кафе жабылып,акча тугонуп,анан катыган нандарды жеп,ал дагы тугогондон кийин досум экообуз ачка калып,уйдун ичиндеги мусорлорду карап,бир тоголок когоруп кеткен нанды(досум убагында мусорго салып таштаптыр)таап алып,жаш балача коздон жаш агызып,ал нанды кайра кайра жыттап,анан ысык сууга салып,ал нан жумшаргандан кийин кашык менен болуп жеп жатканбыз.Бир маалда досум кашык менен нанды болоюн дегенде кашык тен ортосунан сынп,экообуз аябай кулгон элек.Ошондон кийин нандын кадырын билип,бир кукуму жерге тушсо дагы алып коё турган болдум.
#18 27 October 2015 - 11:35
Бир жолу жайлоодо, ачка калайын деп бирок амалдын айынан кутулганбыз))) Кун суук болуп калган кез, чай кайнатып ичкенге чайнек(коро) жок суу ичели десек озубуз титиреп ушуп калганбыз. Анан авамдын айтканы эске тушту, бакалашкага кадимки чай кайнатса болот дегенин угуп калган элем(куйма кулакмын да)))) анан шеригиме айттым давай зым тап дедим. Озум деле билбейт элем озу озунчо кыйын болуп, болот деп алгам.
- Ал болбойт дейт.
-мен, болот дейм экообуз мелдеше кеттик. Анан зым таптык да, бакалашкага байлап сууну толтура куйдук, жерди казып астык. Коркуп от жагып олтурам мен кайнабаса олдум деп.
Бир кезде кайнады, кружкаларга куйдук да ичтик бир кулом мен. Эмне болду? Десе, биринчи жолу кайнаттым десем жарылды го, ал да. Мына ачка калбай ушул, опутту колдонуп жургуло
- Ал болбойт дейт.
-мен, болот дейм экообуз мелдеше кеттик. Анан зым таптык да, бакалашкага байлап сууну толтура куйдук, жерди казып астык. Коркуп от жагып олтурам мен кайнабаса олдум деп.
Бир кезде кайнады, кружкаларга куйдук да ичтик бир кулом мен. Эмне болду? Десе, биринчи жолу кайнаттым десем жарылды го, ал да. Мына ачка калбай ушул, опутту колдонуп жургуло
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.
Abuxanifa
Abuxanifa
#19 27 October 2015 - 12:49
Ырыскысы тугонбойт деген ушул да. Акча бар болмо деле жок болсо деле кунун ото берет.
#20 27 October 2015 - 16:30
ачка болгон кунум эсимде жок экен демек ачка калбапмын бирок обет кылбай калган кундору кечки тамака дейре курсак ачып, ачышып, ичегилер бири бирине жабышкан кундор болгон бирок ал ачка калганга кошулбаса керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео





















