Бул нерселер да илгери коп корунчу окшойт эле.Биздин да Сатыбалды ава деген кошунабыз бар болчу.Жайлоодон келе жатса туну албарстылар азгырып,ээн талаага алып барып таштап коюшкан экен.Анан тан атканда караса эле башка жакка келип калган экен да.Таэнем айтып берген эле.Негедир мен да коргум келе берет.
Сиз ушундай учурга туш болуп калсаңыз не кыласыз? Көрүнүчүүлөр же "Привидениелер"
#122 09 November 2013 - 16:11
Тагамдын коншу айылда тегирмени бар эле,анан туну тегирменин жаап уйуно атчан келе жатса,бир тууган иниси отуп кеткен эле да,ошол талдын жанында отурат экен."Коркпо бул менмин"деп атын айткан экен,тагам атын чапкан бойдон уйуно келип ,учуктар чыгып жаман болгон эле.Бул окуя 94-жылдары болгон.
#123 09 November 2013 - 16:28
Чоноюп эле калганымда чоолор кууган ( бир короо) мен атчан элем. Кызыгы менден мурун ат сезген сестендеп кулагын жапырып алып айылга чейин шуулдап келдиго , шарик деген итим бар эле ал жолдон кутуп алган келеримди билгенби. байкуш итим олуп калыптыр ичим ачышат
Жашоо бар, жашаш керек!
#124 09 November 2013 - 17:07
Менин да башымдан өткөн. Бир күнү эрте менен уктап жатсам бетиме бирөө шапалак менен урду ушундай көзүмдү ача койсом эч ким жок. Анан таятам да айтып берди бир күнү уктап жатса моюнуну бирөө кысып бууп жатыптыр турса эч ким жок экен. Анан бир күнү түн жарымда комп.тун алдында олтурдум эле суу ичейин деп чыксам бир маалда таятам бакырып ар кандай сөздөрдү айтып келме келтип бакырып жиберди эле. Сызган бойдон бөлмөгө кирип уктап калыпмын. Анан эжемдин күйөөсү арак ишчү эле бир күнү ичип келип . Тополоң кылып жатса бир ак адам көрүнүптүр өзүнө да баласына да. Артынан кууп жүгүрүптүр.
#125 11 November 2013 - 16:57
Биз да бир жылдары жездебиздин үйүндө жашап калдык. Жай болчу. Саат 11-12 болуп калган. Жолдошум экөөбүз экинчи этажда залда отурсак, астынкы этаждан бирөө домашний тапочка кийип алып шалп-шалп деп кухняны көздөй басып кетти. Анан мен кайнимби деп ойлосом ал өзүнүн бөлмөсүнөн ырдап чыгып келатат. Жолдошум экөөбүз көзүбүздү алайтып бири-бирибизди карап коёбуз. Ким анда ал деп. Үчөөбүз астына түшүп карасак эч ким жок. Таң калып эле калып калганбыз. Үйдө бизден башка да бирөөлөр жашайт окшойт деп. Бир жолу болсо комнатада жалгыз бирдеме кылып атсам телевизор өзүнөн-өзү иштеп кеткен.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#127 12 November 2013 - 12:30
Андан кийин ошол эле үйдө бизден кийинки кайним аялы, бала-чакасы менен жашап калышты. Бир күнү кайним жумуштан келип үйгө кирип келатса, лестница менен бирөө тапырап өйдө көздөй чыгып кетиптир. Балдар го деп үстүнө чыкса үйдө эч ким жок дейт. Кийимин чечпестен кайра эшикти көздөй атып чыгыптыр.
Дагы бир жолу кичүү кайним кечке маал туалетке баратса туалеттен бирөө шып этип тура калыптыр. Арыраак басып барып күтүп турса эч ким чыкпайт дейт. „Жеңее” деп кыйкырса да эч ким унчукпайт дейт. Анан "кой уялып атса керек" деп үйгө кирсе бардыгы үйдө чай ичип отурушкан болот. Кайнимдин көздөрү чекчейип "тигил жактан караан көрдүм" деп баарын коркутуптур.
Дагы бир жолу кичүү кайним кечке маал туалетке баратса туалеттен бирөө шып этип тура калыптыр. Арыраак басып барып күтүп турса эч ким чыкпайт дейт. „Жеңее” деп кыйкырса да эч ким унчукпайт дейт. Анан "кой уялып атса керек" деп үйгө кирсе бардыгы үйдө чай ичип отурушкан болот. Кайнимдин көздөрү чекчейип "тигил жактан караан көрдүм" деп баарын коркутуптур.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#129 21 December 2013 - 23:10
Сонун темаго! жалгыз жаткандар окуп алып коркотко
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#131 21 December 2013 - 23:59
мен анча коркпойм, ишенем бар экенине. түнү деле күндүзү деле ужастарды жалгыз калып көрө берем, негизи кичинемден жалгыз жүрөт экен элем. эми басып калганда огороддогу розалардын арасына кирип алып бир розаны алып ар бир желекчесин жулуп олтура берсем күн кечкирип апамдар издеп жүрө берет экен эле. канча саат болсо да отура берчүкем. бир да жаш балага окшоп элге кошулбайт экем эле. азыр деле жалгыз калып, сүрөт тартып, ыр жазып, кино көрүп олтурган жагат. башка досторго окшоп кафелеме кафелеп, дискотекалап жүргөндөн көрө.
АльхамдулиЛлях!
#132 23 December 2013 - 12:49
Мен мындайлар менен дос болуп калгам
5-6 жылдан бери тундо уктап жатсам бироо келип кадимкидей муунтатда башында коркчуумун азыр конуп эле калдым. Кантип жок кылышты билбей атам.
#133 23 December 2013 - 13:13
Бырат Куба "дос болуп алдым" дейби...?
***
Уктаарда "Аттахият" ты окуп койгула да, тынчыраак уктайсынар.
***
Уктаарда "Аттахият" ты окуп койгула да, тынчыраак уктайсынар.
В каждой шутке есть доля правды...
#134 23 December 2013 - 13:34
Менин бир досум айткан эле. Мектептин площадькасына барып,кунуго чуркачу. Кундогудой эле,танга маал чуркап буткондон кийин,мектептин дааратканасына кирсе эле,бир аял турат экен. Ак койнок кийген,аяк жагы уйдун бутуна окшош,туяктары менен дейт. Ошондон улам,чуркаганын койду. Дагы бир окуя. Биздин айылга жаныдан бир аял,кызы менен кочуп келген болчу. Биздин уйдон ылдыйраакта,
бир уйго келишкен эле. Ал уйго кочуп келгендер,ашып барса 1-2 ай гана жашашчу экен. Ошентип,жанагы эже отурукташып,
жашай баштаганда,
уйдо тушунуксуз нерселер боло баштайт экен. Анан дагы бир куну жалгыз олтурса,жаш бала жормолоп залдан отуп кетиптир. Артынан барса жок экен. Бир убакта ыйлаган добуш угулат экен. Унду улап барса,торку уйдон чыгып жаткан болот. Анан эшигин ача салса,бир,бир жарым жаштагы бала дейт. Жыланач. Купкуу. Коздору аппак болуп,кареги жок экен. Ошентип нес болуп,эси ооп турганда,жанагы бала ыннаааа!!
!-деп,бакырыптыр.
Оозу анырайып кап кара. Тиши же тили корунбойт экен. Эсине келсе,кызы апалап,бетине суу чачып жатыптыр. Корсо,мектепте окуган кызы келип калып,эсине келтириптир.
Бир эки кунго жетпей эле,кайра кочуп кетишкен.
#135 23 December 2013 - 16:21
Ой жаман болуптур ,мындай окуядан кийин коптогон адамдар оздорун жоготуп эс-акылдан танып калышат
#136 23 December 2013 - 18:19
Кечегиде ушул теманы окуп отуруп ,коркконго кош көрүнөт болуп ,свет очуруп телевизорду да өчүрүп жалгыз жаткам, бир убакта телевизор жак шытырап кыймылдайт пытырап барып жарык тамызсам скотч асылып калган экен да)
#137 23 December 2013 - 18:46
Менда айта кетейин бул болгон окуяда.Кайрат деген досум Казакстанда иштечу анан квартирасында Жаркынай деген 86жылкы кызда жашачу экен. Жер тамда жашашкандыктан туалет биотуалет экенда бак жагында. Анан бир куну баары чогуу сыртта тамеки тизип отурушса Жаркынай туалетке кетиптир. Бир убакта Жаркынай чынырды дейт чуркап барышса бетип бекитип эле ыйлап кубарып отурат имиш.Анан келме келтиришип уйго алып келип эмне болду дешсе айтыптыр-туалетке барып эшигин ачып светин жандырса эле ичинде бетинин жарымы куйук аял бала эмизип отурат экенда.Болгон окуя.
Жүрөгүм кана
#138 23 December 2013 - 20:57
Менин бир досум айткан эле. Мектептин площадькасына барып,кунуго чуркачу. Кундогудой эле,танга маал чуркап буткондон кийин,мектептин дааратканасына кирсе эле,бир аял турат экен. Ак койнок кийген,аяк жагы уйдун бутуна окшош,туяктары менен дейт. Ошондон улам,чуркаганын койду. Дагы бир окуя. Биздин айылга жаныдан бир аял,кызы менен кочуп келген болчу. Биздин уйдон ылдыйраакта,
бир уйго келишкен эле. Ал уйго кочуп келгендер,ашып барса 1-2 ай гана жашашчу экен. Ошентип,жанагы эже отурукташып,
жашай баштаганда,
уйдо тушунуксуз нерселер боло баштайт экен. Анан дагы бир куну жалгыз олтурса,жаш бала жормолоп залдан отуп кетиптир. Артынан барса жок экен. Бир убакта ыйлаган добуш угулат экен. Унду улап барса,торку уйдон чыгып жаткан болот. Анан эшигин ача салса,бир,бир жарым жаштагы бала дейт. Жыланач. Купкуу. Коздору аппак болуп,кареги жок экен. Ошентип нес болуп,эси ооп турганда,жанагы бала ыннаааа!!
!-деп,бакырыптыр.
Оозу анырайып кап кара. Тиши же тили корунбойт экен. Эсине келсе,кызы апалап,бетине суу чачып жатыптыр. Корсо,мектепте окуган кызы келип калып,эсине келтириптир.
Бир эки кунго жетпей эле,кайра кочуп кетишкен.
. Ютубка кирип,призраки деп издетсенер, чекеден чыгат.
#139 23 December 2013 - 21:22
Озу мындай окуяларды окубашым керек да,
болбойле окуй берем. Кыйратып койгонсуп корком эми.
В каждой шутке есть доля правды...
#140 23 December 2013 - 23:46
Болбогон нерсе, ойдон чыккан фантазиялар,
ишенбегиле.
Болушу мумкун мес

Супер-Инфо
super.kg
видео




















