notime болбогон нерсе эмес эле болгон эле нерселер. мындайлар турмушта болуп эле келет дайым эле. мен ишенгеним себеби кичинемде 3 4 жаштарда болсом керек ойноп журуп кеч уйго келгенделее туну оозум ишип кыйшайып чыккан апамдар коруп эле дароо молдого барып окутуп атып аран озумо келгем. Корсо чон атамдын уйундо бир чоон тал бар эле ошонун ээси бар экен биз кеч шамда ошонун жанында ойногон элек.
Сиз ушундай учурга туш болуп калсаңыз не кыласыз? Көрүнүчүүлөр же "Привидениелер"
#142 24 December 2013 - 00:48
анан ойдо жакта бироо ютубдан издеп коргуло дептирго. Алар чыныгы фантастика жин шайтан эч качан видеого тартылбайт.
себеби алар физикалык козго коруноорлук зат эмес.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#143 31 December 2013 - 02:14
АстагфируЛлах!
"Аттахият" эмес, "Аят аль-Курси" дуасын окуп жатыныздар уктаар алдында.
Дайым экоону алмаштыра берем да...

В каждой шутке есть доля правды...
#144 31 December 2013 - 02:56
Мындайга туш болбой эле коёюн, туш болсом, эсим ооп жыгылып калсам керек.
#145 01 January 2014 - 03:42
4-5 жыл мурун сасык тумоолоп этим ысып катуу ооруп калдым.Анда уйдо эч ким жок болчу,дары ичип озум жатып алдым.Канча уктадым билбейм бир маалда козумду ачсам эле потолоктон ылдый аппак жоолук илинип турат.Козум жакшы корбой жатат окшойт деп козумду ачып жумсам да ошо жоолук турат.Ошондо коркуп да койбопмун же ооруганым учунбу.Анан келме келтирип жатып уктап калгам.Эртеси турсам женилдеп калыпмын.
#146 01 January 2014 - 14:20
Ото коркокмун..
Мындай окуяларды уккан сон унутканча ойлонуп деле корко бермей адатым бар.Мистика кинолорго болсо теги жолобойм.
#147 12 January 2014 - 19:20
анан ойдо жакта бироо ютубдан издеп коргуло дептирго. Алар чыныгы фантастика жин шайтан эч качан видеого тартылбайт.
себеби алар физикалык козго коруноорлук зат эмес.
Наоборот адамдын козуно эмес, кокусунан,байкоосуздан камерага кобуроок тушуп калатго.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#148 12 January 2014 - 19:34
Фай, билбейм, уйдо жалгыз журо берем. Менин уйум- менин чебим. Уй деген менин жайым, биздин территория да, анан мени коргобосо, балакетин аламбы? Уйдун ар бир дубалы, кирпичи, шифери мени менен гармонияда,
мен аны, ал мени коргойт.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#149 12 January 2014 - 21:00
#150 12 January 2014 - 21:48
Наоборот адамдын козуно эмес, кокусунан,байкоосуздан камерага кобуроок тушуп калатго.
Билбейм мен молдекелердин айтуусуна таянып жаздым. Болушу мумкун Ошто да сулайман тоодо суротко тушкондор кокусунан кийин байкашса, арт жагында ак кийимчен арбака окшогон солокоттор тушуп калгандар болгон Имиш айрыкча кечки убактарда. Сулайман тоосунун этеги жык мурзо озу. Анан биздикер чыгып алып ар кандай жоруктарды жазашат. Сулайман тоону ыйык корбойм бирок ошол мурзолордун жанында шарактап ойноп жургон болбой калса керек дейм
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#151 21 February 2014 - 21:24
Аңкир-
мүңкүр менен кармашам деп...
.
Айылда бир киши каза болуп, төрт-беш жигит мүрзө казганы көрүстөнгө келишет. Казып бүтүп айыл четине келишет да аракка киришет. Улам-улам бирөөсү чуркап, аз болуп отуруп бир топ кызып калган соң, ар кимиси өз алдынча бакылдап, урунаарга тоо таппай, кыскасы ичкилик жаш жигиттерди" эрдикке" тартып туруп алат. Ошондо күрсүйгөн бирөөсү "эр болсоңор мелдешели, бүгүнкү казган көргө кимиңер кирип бир саат жата аласыңар?" деп калбайбы. Мындайды күтпөгөн беркилер эмне дээрин билбей туруп калышат. "Ии, эмне унчукпайсыңар ия, мөөрөйүңөрдү сайгыла, мына мен кирип жатып берем!" Бир экөө "койсоңчу" демиш этет. Күүлөнүп алган неме койебу, тура калып жөнөп берет. Ачык көргө кайра келишет. "Мен азыр кирип жатам, келчү аңкир-мүңкүрү менен бир кармашып көрөйүн. Силер таш менен корумдап койгула да алысыраак басып кеткиле. Бир саатта кайра келип тартып аласыңар мени".Айтат да кетменди алып көр ичине түшүп кетет. Достору оозун жаап нары басышат. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй көрдөн чыңырган үн чыгат. "Аңкир-мүңкүрлөр менен кармашып атат окшойт" дешет беркилер. Дагы бир аз отуруп "кой мунун дайнын билеличи" дешип көргө келишет кайра."Эй чыкпайсыңбы, утук сеники" дешет. Жооп жок. Экөө түшө калып караса тиги кыймылсыз сулк жатат. Бери тартышса эчак мүрт кеткен экен. Кетмендин сабы жанында жатат, темирин болсо кокосуна кийгизип кетиптир.
.
Аноним Анонимов, Атбашы району

#152 21 February 2014 - 21:25
Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен
.
Чоң атабыз Тагай мерген 70-жылдардын акырында, 85 жашында дүйнөдөн кайтты.Тагай атабыз Нарындын башы Жаңы-Жер-Улан деген адам барбаган калың карагай-чер токойлуу, коркунучтуу капчыгайга каттоочу экен...
Мергенчилер ал токойдун чеке-белинен эле аюу, жолборс атып алып, тереңдеп киргенден жүрөксүшчү тура. Даап барышпаптыр. Бир жайда өзүнө ишенген жаш мерген Тагай ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун кызыгынан кеч калып, түнөөгө аргасыз болот. Атын таң ашыра байлап коюп, отту чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет. Жүрөгү бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын үстүнө оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи. Ошентип отту алоолонто жагат да, эттен кесип жеп олтура берет. Көп өтпөй оттун жарыгында энтеңдеген киши сыяктуу сөлөкөт пайда болот да, ал дабыш билгизбей басып келип оттон алысыраак жерге адамча чөк түшүп отура калат. Үн-сөзү жок. Бир колу менен мурдун калкалап алган. Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен. Мерген же үн чыгарарын, же атып жиберерин билбей бир топко карап отурат. Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм же өлдүм деп отто чала бышкан эттен бирчоң кесимди бычактын учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен шып ала коюп оозуна салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди. Ошентип тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында. Ал да көзүн албайт. Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти."Таң атканын коркконумдан байкабапмын" - дейт мерген. Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап калып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай басканымды билбейм. Эсимди жыйсам таң атыптыр. Атым титиреп турат, итим жок. Ордуман калтырап түшүп келдим. Дөңгөчтүн үстүндө баягы жүндүү сөлөкөт кыймылсыз жатат. Союл менен оолактан туруп оодарсам жүндүү, эки көзү бар, тумшугу түлкүнүкүндөй уятуу, колу-буту кишиникине окшош, тырмактары жез экен. Тырмактарын, тумшугун кесип алып, өлүгүн ошол жерге таштап, айылга келип түлөө өткөрдүк. Эртеси ошол укмушту көргөнү бир топ адамдар менен барсак, үңкүрдүн жанында дөңгөчтөн башка эч нерсе жок. Бир топ издер калыптыр. Аксакалдар "жез тумшуктун" дагы тукумдары бар, өлүктү ошолор алып кетишкен тура, эми ал жакка барбагыла, өч алышат" - деп тыюу салышкан. Ошондон улам Тагай чоң атам алжакка ууга чыкканды токтотконун айтып калаар эле.
.
Аноним Анонимов ,Ысыката району

#153 21 February 2014 - 21:26
Иттин да арбагы болот
.
Демейде биз көзү өткөн адамдардын арбагы болот деп коебуз. Ал эми жаныбарлардын да өлгөндөн кийин арбагы болобу. Башкасын билбейбиз, иттер өлгөн соң ошол өзү жашаган аймакта арбагы жашай тургандыгын кинологдор далилдешти. Алардын көпчүлүгү тирүү кезинде кожоюнунун колунан тамакка караганда таякты көбүрөөк жеген иттер болушат. Көрсө, денеси жерге көмүлгөн менен астральдык телосу каардуу кожоюндан өч ала берет экен. Ал эми АКШнын Оук-стрит аймагындагы окуя таң каларлык. Көп кабаттуу үйгө бир бойдок жигит квартирант болуп кирген болчу. Көп сүйлөбөгөн жоош бул жигит биоэнерготерапевт экен жана Джерри аттуу итке тажрыйба жүргүзүптүр. Кошуналарынын айтуусуна караганда алар дайыма бир иттин кыңшылаганын угушкан. Бир жолу эртең менен Джеррини подьезде мойнуна муунткандай байланган жип менен көрүшкөн. Сыягы, ээси аны ушинтип өлтүргүсү келген окшойт. Бирок, иттин каерге көмүлгөндүгүн эч ким көрбөйт. Ал эми тиги квартирант да башка жакка көчүп кеткен. Бир нече убакыттан кийин ошол каргашалуу биринчи кабаттагы үйдүн терезесинин астында башка кара ит пайда болот. Ал дайыма бирөөнү аңдыгансып отурчу. Бул кара иттин алгачкы курмандыгына ушул чөйрөдө жашаган жаш жигит айланды. Денесинин эч жерине залал келбеген менен анын өңү-түсүнөн катуу корккондугу белгилүү эле. Бирок ал жигит өлгөндөн эки күн өткөн соң көкүрөгүнөн иттин катуу тиштегени байкалып турду. Алэми Далаластан келген наркоман кызга каргашалуу бул бөлмө жөнүндө канчалык айтылгандыгына карабастан квартирант болуп кирип алып, ал да жарык дүйнө менен кош айтышты. Оболу Джерринин арбагы кыздын көзүнө кокусунан көрүнгөн. Ошондо ал жумуштан кеч кайтып, аялдамада өзү жалгыз турган эле. Иттин көзү аябай чоң көрүнүп, жашылданып жанып көрүнөт. Ушул караан жаш кызды көпкө артынан акмалап жүрөт. Бирок күндөрдүн биринде кокусунан кандай пайда болсо, ошондой эле байкалбастан жоголуп кетет. Ал эми бир нече күндөн кийин үйдүн сыртынан дабыш чыгып, корккон кыз сыртты эшиктин көзөнөгүнөн караса килейген бир ит туруптур. Арадан бир күн өтпөй эле байкуш кыз көз жумат. Ал өлөрдөн мурда кошуна аялга артынан бир кара ит акмалап калгандыгын, ошондон улам башы чыдатпай ооруп, депрессияга кабылгандыгын айткан экен. Бул иттин арбагы менен арбашкан көрүнүш эле. Ушул шумдуктуу окуяларга карабастан бул бөлмөгө дагы жаңы квартирант болуп жаш жубайлар киришет. Бир ирет уктаар алдында жаш жигиттин эсине бала кезинде кичинекей күчүктү кармап, өлөрчө сабаганы эске түшөт. Эмнегедир бул окуяны төкпөй-чачпай келинчегине айта баштайт. Түн ортосунда чочуп ойгонуп, сыртта чоң ит жүргөндүгүн айтат. Бирок келинчегинин көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Арадан үч күн өтпөй, бул жаш жигит автокырсыкка кабылат. Баса, жаны чыкканча өзүн машинанын астына кандайдыр бир чоң кара ит түртүп жибергендигин врачтарга айтып калууга үлгүрөт. Көрсө, жогорудагы үч бейкүнөө адамдын өлүмүнө баягы Джерри деген муунтулуп өлтүрүлгөн иттин арбагы себепкер экен. Демек, итти да кыйнабаш керек турбайбы.

#154 21 February 2014 - 21:27
Аял болуп көрүнгөн азгырык
.
Мен өзүм коммунистмин. Бир топ жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштедим. Кудай бар деп айтайын деймин, бирок корком. Силерге калп, мага чын, эмесе өз башымдан өткөн окуяны айтып берейин. Анда Ата Мекендик согуш жылдары эле. Райондук аткаруу комитетинин төрагасы элем. Фронтко эт, май, жүн бериш керек. Бир күнү райком партиянын бюросунда ушул маселе талкууланып, мени Суусамырга чектеди. Ал кезде Суусамыр Жумгал районуна карачу. Кыштын күнү эле. Мен жакшы ат минип, жылуу кийинип, жолго камдандым. Суусамырга бара турганымды уккан бир тааныш карыя Суусамырдын бир жерин айтып, ошол жерде сак бол, коркунучтуу жер деди. Мен тапанчамды төш чөнтөккө салып, жөнөп кеттим. Ал кезде райондун жетекчилерине тапанча алып жүрүүгө уруксат берилген.Чаектен кечирээк чыгып калдым. Суусамырга жете электе түн кирип кетти, бирок ай жарык. Карагер атымды урдуруп келе жатам. Бир кезде атым тып токтоду. Көрсө, жолдун ортосунда 25-30 метрче алдыда жоолугун ылдый түшүргөн бир аял олтуруптур. Мага эскерткен коркунучтуу жер ушул эле. Тапанчамды колума алып "Эй катын, жолдон чык!" деп кыйкырдым. Ал аял шашпай ордунан туруп, акырын басып, жолдон бир аз четтеп барып кайра отурду. Мен жанынан өтүп баратып аялды үч жолу аттым. Артымды да караган жокмун. Айдын жарыгында чаап бара жатам. Бир маалда үйдүн жарыгы көрүндү. Үйгө жеткенде ат сийип жиберди. Мен эшикти койгулап, ачылганда кирсем абышка кемпири экөө эле экен. Ушул үйгө түнөп, эртеси атты токуюн десем, түндөгү ат сийген жер кан экен. Көрсө, ат түндө кан сийген турбайбы. Суусамырда бир ай жүрүп, эл аралап, эт, май, жүн чогултуу планын ашык аткардым. Ишимди бүтүрүп, Чаекке келгенден кийин ооруп калдым. Бир күнү түш ченде көзүм илинип кетиптир. Сестра келин ойготуп дары берди. Көзүмдү ачсам сестранын артында баягы түн ичинде жолдон көрүнгөн аялдын элеси көрүндү. Бети тырык. Мен атканда тийген көрүнөт. Сестра кетээр замат ал жоголду. Түштөн кийин ооруканага аялым келди. "Тапанчаны алып кел" дедим. Аялым жактырбай: "Ооруканада жаткан сага тапанчанын кереги эмне?" деди эле, ого бетер ачуум келип, тапанчаны сурап туруп алдым. Аялым тапанчаны тез эле алып келип берди. Жаздыгымдын алдына катып койдум. Дагы бир күнү көзүм илинип кетип, сестра дары бергени келгенде көзүмдү ачсам баягы бети тырык аял кайра турат. Сестраны мындай тур деп тапанчаны алып атсам "чык-чык" деп ок чыкпады. Көрсө, аялым тапанчаны октобой эле алып келиптир да. Ошондон кийин тигил бети тырык аял көрүнгөн жок. Мен да ооруман тез эле сакайып кеттим.
.
АНОНИМ АНОНИМОВ,
Нарын шаары

#155 21 February 2014 - 21:27
Аңкир-мүңкүр менен кармашам деп...
.
Айылда бир киши каза болуп, төрт-беш жигит мүрзө казганы көрүстөнгө келишет. Казып бүтүп айыл четине келишет да аракка киришет. Улам-улам бирөөсү чуркап, аз болуп отуруп бир топ кызып калган соң, ар кимиси өз алдынча бакылдап, урунаарга тоо таппай, кыскасы ичкилик жаш жигиттерди" эрдикке" тартып туруп алат. Ошондо күрсүйгөн бирөөсү "эр болсоңор мелдешели, бүгүнкү казган көргө кимиңер кирип бир саат жата аласыңар?" деп калбайбы. Мындайды күтпөгөн беркилер эмне дээрин билбей туруп калышат. "Ии, эмне унчукпайсыңар ия, мөөрөйүңөрдү сайгыла, мына мен кирип жатып берем!" Бир экөө "койсоңчу" демиш этет. Күүлөнүп алган неме койебу, тура калып жөнөп берет. Ачык көргө кайра келишет. "Мен азыр кирип жатам, келчү аңкир-мүңкүрү менен бир кармашып көрөйүн. Силер таш менен корумдап койгула да алысыраак басып кеткиле. Бир саатта кайра келип тартып аласыңар мени".Айтат да кетменди алып көр ичине түшүп кетет. Достору оозун жаап нары басышат. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй көрдөн чыңырган үн чыгат. "Аңкир-мүңкүрлөр менен кармашып атат окшойт" дешет беркилер. Дагы бир аз отуруп "кой мунун дайнын билеличи" дешип көргө келишет кайра."Эй чыкпайсыңбы, утук сеники" дешет. Жооп жок. Экөө түшө калып караса тиги кыймылсыз сулк жатат. Бери тартышса эчак мүрт кеткен экен. Кетмендин сабы жанында жатат, темирин болсо кокосуна кийгизип кетиптир.
.
Аноним Анонимов, Атбашы районуБул болгон окуябы же,жанагындай эле миш-мишпи? Миндайлар калп,болбойт дагы.

#156 21 February 2014 - 21:54
Мен дагы башка жактан кочуруп келдим билбейм чынбы калпбы
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#157 21 February 2014 - 23:03
Биздин айылда жаз мезгилинде жалгыз киши трактор менен тундосу жер айдап жаткан экен. фаранын жарыгында жыланач адаамдар арыц бери чуркаша бериптир. коркконунан тракторду токтотуп кетип калыптыр. эртеси жолдон дос балдары жолугуп кулушуптур корсо достору атайы ошентип тамашалашкан экен
#158 22 February 2014 - 00:26
#159 22 February 2014 - 18:22
Асмандан түшкөн кара киши
.
Бул окуя Тоо-Терек айылынын келини Алмаштын башынан өткөн. Күйөөсү аскерде болгондуктан, жаш келин ал тамда жалгыз жашачу. Бир күнү келин эшигин илип, айнектерин калап, уктап калат. Түн бир оокумда кайдан келгени белгисиз - бир Кара киши жанында жатат. Ойгонуп кеткен Алмаштын жүрөгү оозуна тыгылып, былк этпейт. Тиги аны атынан чакырат: "Алмаш, сен менден коркпо, экөөбүз мындан ары дайыма бирге болобуз, бирок эч кимге айтпа, мен дайыма түнкүсүн келем, сени кор кылбайм!" дейт дагы баягы Кара киши таңга маал чыгып кетет. Келин илбей калдымбы деп эшигин караса, илинүү. Алмаш колхоздун жумуштарына барып, тамеки парнигин даярдоодо иштеп жүрөт. Мурда шайыр, шайдоот, адамгерчиликтүү эле. Эми өз курдаштары менен сүйлөшпөй, өз алдынча башка бирөөлөр менен сүйлөшкөнсүп, күлүп жүрө берет. Аны көргөндөр жинди болуп калдыбы деп сөз кыла баштайт. Алмаш экинчи түнү Кара киши келип калбасын деп айнектерин, эшигин темир калкандап бекитип, уктай албай жатса, кайдан-жайдан алиги Кара киши келип, чечинип, келиндин койнуна кирет. Күндөр өтө берет, баягы Кара киши келе берет. Ага чейин Алмаштын көңүлүн тапкан колхоз жетекчиси бар эле. Ал Алмашка түн ичинде уурданып келчү. Бир түнү келсе, Алмаш ойношунун короосунун ичинен чоң кара дөбөт арылдап киргизбейт. Сан этин үзө тиштейт. Аңгыча Алмаш үйүнөн чыга калат. Башкарма таарынат: "Бул ит кайдан келген, мурда жок эле го. Мындай кабанаак итти байлап койбойсуңбу! " Алмаш короодо ит жогун айтат. Анан экөө таң калышып, тамды айланта карашып, итти чакырышса, жок, жымжырт. Ошондон кийин башкарма коркуп, Алмаштыкына барбай калат. Жай келип, тамеки үзүп-тизүү маалы болду. Алмаш бир күндө үч келиндин жумушун өзү жалгыз аткарып коет. Муну көргөн келиндер таң калышып, "колдоочусу бар" деп сөз кыла баштайт. Алмаш курбу- курдаштарына айтайын дейт, бирок Кара кишиден коркот. Бул окуяны Алмаш акыры апасына айтат. Апасы коркуп, кызын үйүнө көчүрүп келет. Баягы Кара киши дале келе берет. Бир түнү кызы коркуп, ата-энеси жаткан бөлмөгө жатат. Түн бир оокумда келин баягы Кара киши асмандан түшүп келе жатканын көрөт. Катуу чыңырып энесин ойготот. Алар карашса, Кара киши асманга жөргөмүштүн желесиндей тартынып өйдөгө чекит болуп кетип баратканын көрүшөт. Эртеси түлөө өткөрүшөт. Кызына дем салдырышат. Бирок, кызы молдодон жакшы болбой, акыл-эсин жоготуп көз жумат. Атасы кызымды көчүрбөй эле койсом болмок экен деп арманда жүрүп өтүптүр.
Д.Анонимова, Кара-Буура району

#160 22 February 2014 - 18:23

Супер-Инфо
super.kg
видео