Каражолтой үй
.
Карабуура районунун Аманбаев айылындагы Токтогул Бабанов көчөсүндө илгери орустун чиркөөсү жайгашкан экен. Коомчулукту атеизмге үндөп жүргөн убакта, 1937-жылдары ошол чиркөөнү буздурушуп,
ордуна чоң универмаг салынган болчу. Кийинчерээк универмаг өзүнөн өзү урап түшкөндөн кийин, анын жанынан Койбагар аттуу киши келиштирип чоң үй салып жашай баштайт. Бирок ошол үйдө жашаган келинчеги Салкын эмнегедир көп ооруй берет. Күндөрдүн биринде анын көзүнө кадимки эле чиркөө кызматкери - поп көрүнөт. Жүрөгү түшкөн аялдын тынчы кетет. Коркконунан жана жакшы боло албаганынан улам алар үйүн сатып, Шекер айылына көчүп кетишет. Андан кийин тамды бардар чабандын баласы, Өскөн сатып алат. Жаңы үйдө жашагандан баштап эмнегедир анын да келинчеги Венера ооруй баштайт. Өзү мал кайтарып тоого кетип, үйдө көбүнчө келинчеги балдары менен калат. Үйүндө жалгыз отурса, башка бөлмөдөн кимдир-бирөөлөр жүргөнсүп, кандайдыр бир үндөр угулат. Шифоньердин ичи ачылып - жабылгандай дабыштар чыгат. Үйгө ууру кирген окшойт деп, келин коркконунан ордунан жылбай отура берет. Бир убакта баягы үндөр басылат. Ал үн басылгандан кийин дабыш чыккан бөлмөгө кирсе, буюмдардын бардыгы чачылбай өз ордунда турат. Эмне болгонун түшүнбөй да калат. Бул үйбүлөнү барган сайын кырсык баса берет. Венера катуу ооруп, операция болот. Ал күндөрдүн биринде уйду бададан тоскону барып, үйүнө кеч кайтат. Үйүнө келсе, үйдө калган беш баласы короодогу диванга тизилип жатып уктап калыптыр. Чарчап келгенге ал да балдарынын жанына жатып, уктап кетет. Уйку-соонун ортосунда мындай түш көрөт: Короо толгон ат дарбазадан бери карай секирип кире баштайт. Биринин артынан бири токтобойт. Маңдайында сакалы узун поп турган болот. Коркуп кетип эле ага тизелеп чокунуп кирет. Ошондо баягы жылкылар дарбазадан секирип, кете башташат. Чоңоюп калган кызына мени үйгө киргиз, ооруп жатам дейт. Кызы жетелеп үйгө киргизгенде эле босогодон эс-учун билбей жыгылып жатып калат. Кайната, кайненеси келип, ага дем салдырткандан кийин келин араң эсине келет. Ошол окуядан кийин ал келин күйөөсү менен ажырашып кетет да, беш баласын алып шаарга кетип калат. Ал эми күйөөсү да үйдү ээн таштап өзүнчө кетет. Ээн калган үйдү түрмөдөн жаңы чыккан, жашы элүүгө чамалап калган киши батирге алып жашап калат. Үйлөнүп, эркек балалуу болуп, сүйүнүчү көккө жетип турган күндөрдүн биринде эшиктен үйгө кирсе, поп сыяктуу бирөө баласын карап турганын көрөт да, эси чыгып кетет. Карып калганда ушул баламды көрдүм эле, баламды жөн коюп, андан көрө мени ал деп жиберет. Ошондон кийин көп өтпөй тиги киши каза болуп калат. Маркумдун келинчеги баласы менен башка жакка көчүп кетишет. Кара жолтой үй экенине карабай бул үйдү бир фотограф фотосалон кылам деп, сатып алат. Бир бөлмөсүн оңдоп - түзөп фотосалон кылат. Бир күнү бирөөнү сүрөткө тартып жатса, поп маңдайында турганын көрүп, жүрөгү түшкөнүнөн эс-учун билбей кулап түшөт. Эмне болсо ошол болсун деп, үйдү таштап көчүп кетишет. Ээн калган үйдү эл бузуп, курулуш материалдарынын баарын ташып кетишет. Ошондон кийин ал жерге эч ким үй салбай калат. Ушул убакка чейин ал жер дагы эле ээн турат. Көрсө, илгери бул жерге чиркөө кызматкери - поптун сөөгү коюлгон деген кептер айтылып жүрөт.
Сиз ушундай учурга туш болуп калсаңыз не кыласыз? Көрүнүчүүлөр же "Привидениелер"
#162 22 February 2014 - 18:35
Көзүмө Көлдүн пири көрүнгөн
.
Бул окуя мындан он сегиз жыл мурда, союз убагында болгон эле. Көлгө эс алганы барып калдым. Кыргызчылыкка моюн сунуп жүргөн жаным, денемди көрсөтүп түшүүдөн айбыгып, далдоо жерге жашынып алып сууга түшөм. Ошол жакта эс алып жүргөн бир кыз денесине жара чыкканынан мага көрүнүп жүрдү. Жылдыз толгон убакта Көлдүн касиети өзгөчө болот. Мага көрүнүп жүргөн кызды асманда жылдыздар жымыңдап турган убакта, жара чыккан жерине көлдүн суусун тийгизип дарылайын дедим. Таңга маал жылдыз тарай электе кызды ээрчитип алып, көлдүн жээгине бармай болдук. Мен эс алып жүргөн пансионатта иштеген баланы бизди кайык менен суунун орто ченине алпар деп, алдын ала сүйлөшүп алып, көлдүн жээгине бардык. Айлана караңгы эле. Сууда жоондугу кант салган мүшөктөй болгон, узундугу 5-6 метрдей, тумшугу балыкка, башы адамга окшогон жандык турат. Жүрөгүбүз оозубузга тыгылып, эмне кылаар айлабызды таппай калдык. Бөтөнчө кайык айдаган баланын эси чыгып, кыйкырып жиберди. Кыйкырганда пайда жок, андан көрө Кудайга тобо кылалы деп, аны жооткоттум. Апапак болгон неме бир чакырымдай сүзүп барып, нары- бери бурулуп туруп, сууга эки-үч чумкуп алып, кайра сууга кирип, ошол бойдон көздөн кайым болду. Биз көргөн жандык суунун пири болот окшойт, эч кимге оозуңардан чыгарбай эле койгула дедим. Бул жандык жөн адамга көрүнө бербесин билдим. Ошол жактан атайы мал сойдуруп, куран окутуп койдум. Ушул окуядан кийин ишим оңоло баштады. Кандай гана оорулууларды көрбөйүн, алардын эмнеден жапа чегип жүргөнүн, канткенде ага шыпаа табылаарын билип турчу болдум. Мага ошондогу суунун пири өзүнүн ак батасын берип кеткен экен деп ойлоп калдым.
Аноним Анонимова

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#163 22 February 2014 - 21:58
Өлүп тирилген келин
.
Талас жергесинин тургуну, жетимиш жашка таяп калган Жыпар эже өзүнүн башынан өткөн мындай окуяны айтып берген эле. Жыпар эже кичинесинде агасы экөө ата-энесинен жетим калып, балдар үйүнө жиберилген. Кичинесинен Жыпарды балдар үйүнөн балага зар болгон бирөөлөр багып алган экен. Бөтөн үйбүлөдө чоңойгону менен эч нерседен кем-карч болбоптур. Багып алган ата-энеси аны кирпигине чаң жугузбай өз кызындай кылып чоңойткон. Өзү асыранды кыз экенин билген эмес. Он сегизге чыкканда турмушка чыгат. Бир кыздуу болуп, кызы кичине чоңойгондо колхозго кирип иштеп калат. Иштеп жүргөн күндөрдүн биринде ойго келбеген окуяга кабылат. Күндөгүдөй эле иштеп жүргөндө түшкү тамакка үйүнө келип, чай кайнаганча жата турайын деп, ошол бойдон көзү илинип кетет. Уйку-соонун ортосунда жатканда кара кийиимчен бир киши аны жетелеп белгисиз жакка ээрчитип кетет. Аны ээрчип тепкич менен ылдый түшүп отуруп, тоннелге киришет, тоннель менен кетип баратып бир чоң бөлмөгө туш болушат. Биринин артынан бири тизилген көп эл кезекте турушуптур. Ак кийинген кишилер кезекке турган адамдарды бирден өткөрүп, сурак жүргүзүп жатыптыр. Ал да кезекке туруп, өзүнүн кезеги жеткенде кимдин кызысың, аты-жөнүң ким деп сурашат. Баланчанын кызымын дегенде, сен анын кызы эмессиң, эмне калп айтып жатасың дешет. Сенин атың баланча, атаңдын аты баланча деп айтышат. Ошондо өзүнүн чыныгы атын, баккан атасы эмес, тапкан атасынын атын ошол жерден билет. Сурак жүргүзүп жатканда мында күнөө жок, бул сетер күнөөлүү эмес экен дешет. Сетер деген сөздү ошол жактан биринчи жолу угат. "Муну эмне эрте алып келдиңер. Мунун жашай турган күнү бүтө элек. Жаңылып алып келген турбайсыңбы. Каяктан алып келсең, ошол жакка кайра жеткирип кой" деп кара кийинген кишиге кайрылат. Кетип баратып бейиштин төрүндөй бир жерди көрөт. Топтошуп алып ойноп жаткан наристелерди кезиктирет. Көрсө, булар бул дүйнөдөн эрте кеткен күнөөсүз наристелер экен. Бейиштин кооздугуна суктанып кетип бара жатып, шагы ийилген алма бактан үч алма уурдап алат. Бул жактагы мөмөнү жегенге укугуң жок деп, колундагы бир алманы тартып алышат. Койнунда калган эки алманы катып алып жөнөп кете берет. Кетип баратып тозокту да көрөт. Кыл көпүрөдөн өтүп баратып, откко жыгылып жаткан адамдарды көрүп, таң калат. Отко күйүп жаткан адамдарды иттер куйругун сууга малып кайра чыгарып айрымдарына чачып жатканын көрөт. Итти канчалык жакшы бакса, ал кийин тиги дүйнөдө тозок отунда күйүп жаткан суу чачып жардам берет экен дегенди Жыпар мурда уккан экен. Өзүн жетелеп кеткен кара кийимчен неме караңгы жерден чыгып, ачык жерге жетелеп келгенде эми өзүң кетип кал деп тааныш бир адамга кошуп жиберген экен.
Катуу уктап кеткен турбаймынбы, бир укмуш түш көрдүм деп ал эсине келет. Ошондо баягы Жыпардын "өлгөнүнө" эки күн болуп калыптыр. Жыйылган эл аны көмгөнү көрүстөнгө алып келип, коердо жакын кишиси акыркы жолу көрүп калайын деп бетин ачканда нары-бери кыймылдап "суу" деп жибериптир. Баягы киши "суу" деп жатат деп көрдүн ичинен бакырып чыгат. Чочулаган элдин баары кыйкырган бойдон качып кетишет. Мүрзөдө болгону молдо менен агасы калат. Молдо ошол жерден агасын жооткотуп, мындай нерселер боло берет, табыты менен алпарсак болбойт, андан көрө үйүңө барып кийиз алып кел дейт. Уйку-соонун ортосунда жаткан келинди кийизге ороп үйүнө алпарышат. Кандай кийинип жатса, ошондой кылып кайра кийинтип, ордуна жаткырып койгула деп молдо айтат. Ордуна жаткырып койгондон кийин молдо өзүнө келе албай жаткан келинден эмне сыр көрдүң, ошонун баарын айтып берчи дейт. Узак түш көрдүм деп көргөнүнүн бардыгын молдого айтып берет. Келиндин аман калганына сүйүнүшүп, мындан ары жакшылык болсун деп мал союп, азан чакырып, келинге кайра ат коет. Эл чакырып, эт тартылып, эттен калган сөөктөрдү чогултуп, бош калган көргө көмүп салышат.
Жыпар эже тиги дүйнөнү көргөндө үзүп алган үч алмасынын бирөөнү алып алышканы минтип эркек бала төрөп, аным чарчап калаарын билгизген турбайбы, бир арманым эркек балага жетпей калганым деп айтып калаар эле...

#164 23 February 2014 - 09:42
Ушундай коркунучтуу окуяларды укканды жакшы кором да,жазгылачы
Муну окугандан кийин настроениям которулуп жакшы болуп калдым. Одноклассниктеги статусума коюп алайын.
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#165 26 February 2014 - 18:50
ЭЭСИ - ЖАЛГЫЗ БУТ АЯЛ
.
Бишкек гуманитардык университетинин жатаканасында түн бир оокумда дайыма ары-бери басып жүргөн добуш чыгып турчу. Ээси - аял киши экен. Андай сөздөргө мурда көп деле маани берчү эмес элем. Бирок чоң энем: "Адам көп жердин ээси болот, бирок ал кишиге зыян кылбайт" деп калчу. Ошентип, 2-курстан 7-кичи райондогу жатаканада жашап калдым. Түн ортосунда ойгонсом бирөө суу алып бараткансып раковина шарылдап жатат. Бир түнү тынбай шарылдаганда туруп барсам эч ким жок. Крандан суу шарылдап агып жатат. Сууну токтотуп, кайра бөлмөгө келдим. Кирээрим менен суу кайра шарылдап ага баштады. Маңдайдагы туалетте бирөө бар го, колу-башын чайканып атабы деп тыңшап калдым. Суу токтобойт. Бөлмө эшигинен башымды чыгарсам эч ким жок. Жанымдагы Айгүлдү ойготуп "Жүрү, экөөбүз чыгалычы" десем, бырышып-тырышып, нааразыланып тургуча, залда бирөөнүн басып жүргөн добуш угулуп, дал биздин бөлмөнүн тушуна келип угулбай калды. Айгүл эшик тушка барып "Бул ким?" деп үнүн катуу чыгарып сурады. Жооп болгон жок. Ойгонгон кыздарда жан жок, бүрүшүп чогулуп калышты. Дабыш сырдуу угулду. Эшик тымтырс. Экинчи ирет "Бул ким, ия?" деп кыйкырганда тыкылдаган үн раковина жакка узагандай болду. Суу андан бетер күчөп ага баштады. Кыязы, дагы бир-эки раковинанын суусун агызды окшойт. Корккон кыздар таң атканча көз ирмеген жок. Эртеси бөлмөгө түнөгөндөн коркуп, кыздар ар кай туугандарынын үйүнө кетип калышты.
Бир ай өтпөй "жатакананын комендантынын көзүнө залда басып жүргөн жалгыз буттуу аял көрүнүптүр" деп чурулдап калышты. Ага чейин биздин айтканыбызды көбү этибарга алган эмес эле. Көрсө, комендант түнү кабаттарды кыдырып жүрсө, алдынан жалгыз буттуу аял чыгып, кайра тез бурулуп, жуунчу бөлмөгө кирип жок болуп кетиптир. Комендантыбыз жакасын карманып зирилдеп, студенттерден акча чогултуп, базардан кой алдырып союп, кан чыгарып, бата тиледик. Ошондон кийин ал аял түнүчүндө сууну агызбай калды. Азыр комендант да башка, студенттер да башка. Жатакананын "ээси" чочулаткан жокпу?..
Жыпара АКМАНОВА. Кант шаары

#166 26 February 2014 - 18:50
Ээсин издеген кол
.
Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу-кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча-мынча кишини басынтып да койчу.
Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак-шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш экен, бат эле узайт да, Мадали кайра ишине киришет. Бирок, алагүү кылган "ак молдо" аздык кылып, дасторкондо калган бир шише аракты жанына коюп алып, улам жүздөн ичип коюп иштеп жатып, кызып калат.
Электр тогу менен иштеген араа станогуна жыгач араалап жатып мас неме колун араага оңбогондой эле алдырып, кансырап кулайт. Аялы Гүлжамал колунун жарааты жедеп ырбап кеткенде гана күйөөсүн догдурга алып барат.
Врачтар консилиум жасап, устанын колун чыканагынан кесип салбаса аз өтпөй гангренага айланып кетерин белгилешип, аргасыз кол кесилип ыргытылат. Ооруканада жатканына бир ай чамалаганда Мадалинин түшүнө өзүнүн кесилген колу кирип, улам зекий берет: "Мадали, мен сени канча бактым, а сен болсо менин кадырыма жетпей, мас болуп кестирдиң! ". Эки-үч түн өтпөй ал кол түшүндө ээсин бетке чабат. Жарым ай өткөн тушта экөө түн ичинде кадимкидей салгылашып чыгышчу болду.
Ал үйүнө бир колу чыканагынан жок мунжу болуп чыгып барганда да кол анын артынан калбады. Дале түшүндө кыйнаганын койбой, атүгүл күчөттү. Мадали көп таяк жечү болду. Эртең менен чын эле бети-башы көгала болуп калмайы адатка айланып, ал жинди болуп кетпесем экен деп далбас уруп невропатологго көрүнсө, ал "түшүң - түлкүнүн куйругу, бар, бара бер, сопсоо элесиң" деп айдап чыгат.
Бир күнү баягы кесилген колу тикесинен муштум түйүп: "Мени догдурлар ыплас жерге ыргытып, көөмп коюшту. Тап. Таппасаң эми ийниме чейинкисин да алам. Чирийсиң! " дейт. Мадали: "Жок дегенде болжолдуу дайынын айт" десе, кол айтып берет.
Эртеси мунжу уста айыл молдосун, эки жигитти алып, түшүндө көргөн жол менен барып, таап, ырым-жырымын жасап көмүшөт. Ошондон кийин Мадалини кесилген колу кыйноого салбай, тынчып калат.
Аксаткын ДҮЙШӨМБҮ кызы, Базаркоргон району

#167 26 February 2014 - 18:52
Жайлоодогу сырдуу окуя
.
Бул окуя Аксы районуна караштуу "Баялы-Ата" айылынын "Сарыташ" жайлоосунда болуп өткөн. Жайлоо ыраак болгондуктан, жеңил автомобиль менен үйбүлөгө кошо, жаш Элвира аттуу 12 жаштагы кыз да жайлоону самап, эс алганы кошо барат.
Жайлоодогу ошол жай мезгилиндеги түнкү сырдуу окуяны алгач Элвира баамдап калат. Бул жөнүндө ал болгонун-болгондой мындайча айтып берди:
-Бул кечте жайлоого барган жеңил автомобилдин магнитофонун айдоочу машинаны токтоткондо кошо токтоткон. Күндөгүдөй каалгасын бекемдеп коет. Ошентип кечки тамакты ичип бир аз аркы-беркини жобурашкандан кийин, жай салынып, баарысы уйкуга көздөрүн ирмешет.
Элвира уйку-соонун ортосунда жатып, күндүзгү жагымдуу музыка кайрадан сыртта токтоп турган жеңил автомобилден чыга баштаганда, эки жагын караса айдоочу да баарысы уктап жатышканын көрүп таң калат да, айдоочуну ойготуп, "сиз магнитофонду өчүрдүңүз беле?" дегенде айдоочу чатырдан сыртты көздөй чыгып, ширеңкесин тамыза, машинанын кабинасын сырткы айнектен карап, таң кала эч ким жок, эшиги жабык, ичиндеги магнитофону ырдап жатканын өз көзү менен көргөндө эси ооп кала жаздайт. Мына ушундай сырдуу табышмактардын болуп келгенин "Сарыташ" жайлоосунда болгондор көп эле айтып жүрүшөт.
Элвира бул окуяны айтып берип бүткөндө, сен калп сүйлөп атсаң керек деп айтсам, ал мага таарынгансып, сизге кантип калп айтам, ишенбесеңиз бул окуя тууралуу айдоочудан да сураңыз деди.
Эркин БИЖАНОВ,

#168 26 February 2014 - 18:54
Ээси бар тоо
.
Мындан он жыл мурда 10-классты бүтүрүп жатканда беш бала тамак-аш, палатка алып тоого чыкканбыз. Жөө-жалаңдап араң тоого чыккан соң бир аз эс алып, тамакка тоюнуп алып, палатканы бир чоң арчанын жанына тигип койдук. Бизден бир кыр ары дагы бир чатыр тигилүү экен. Кызыгып барып, ал үйдөн кымыз ичип, ширеңке сурадык. Үйдүн ээси: "Чатырды кайда тиктиңер?" - дегенде бир кыр ылдый тиккенибизди айттык. Ал башын чайкап: - "Ал жерге бекер тиктиңер, биз жакка тиккиле" десе, биз кенебей койгонбуз. Анда карыя: "кечинде ал жерге от жакпагыла" деди.
Ошентип кеч кирди. Курсак ачты. Тамак бышырабыз деп от жактык. От бир аз жылгансыды эле "сүйрөбө! " деп бири-бирибиз менен урушуп жаттык. Эмне болуп жатасың, сүйрөгөн жокмун, өзүң түртпө! - деп кыжылдашып, жакалаша кеттик эле, тиги чын эле өзү тоону көздөй от кетип баратты. "Жардамга! " - деп Таланттын үнү угулду. Көрсө, Талантты кошо сүйрөп алган экен. Анын артынан жетип, эптеп күч менен тартып алдык, палаткага кийирсек ал кара терге түшүп, кыйналып, онтоп, башын көтөрө коюп, кайра бакырып жыгылат. Карай койсок киши көтөрүп бараткандай жаккан от ордунан кургак арчаны көздөй жылып баратыптыр. Ага чуркап барып эптеп өчүрдүк. Түнү менен таң аткыча тиги жыгылган балабыз менен алыштык. Эртең менен баягы кымыз ичип, ширеңке сурап кеткен абышкага барып сырын сурасак, ал бул жердин ээси бар экенин айтты.
Зарипа ТУРАТОТОВА

#169 26 February 2014 - 18:55
Күйөөмдү азыткы азгырып
.
Былтыр жайында, түн жарым ченде чогуу уйкуда элек. Эшик шарт ачылып, кайра жабылганынан чочуп ойгонуп кеттим. Жанымда жаткан күйөөм жок. Ошол замат жаман ой кетти: "Жеңелеринин бирине ниети бузулдубу?" деп кызганыч менен ыргып туруп, терезеден аны карадым. Күйөөм көйнөк-дамбалчан кетменин көтөрүп алып огороддун башына чуркап баратат. "Буга жин тийдиби?" деп ичимден сызып отурдум. Бир маалда үйгө келди да, кетменин ары ыргытып: "Ой жүзүкара, бетбак, амалданып азгырганын карачы!" - деп сүйлөнүп, мени бир тиктеп алып, төшөккө жыгылды.
- Не болуп кетти сага?
- Азыткы азгырды. Кудум сен болуп алып, үнүнүн окшошучу, сырттан кыйкырды: "Оо Алым, тез чык, огородду суу каптап баратат!" Анан сен экен деп чуркап чыкпадымбы, кетменимди сүйрөп. Бир карасам огороддун тиги башында турупсуң алдагы ак көйнөгүңдү желпилдетип, чуркап баратсам: "Каякка барат, бул жакка кел!" - дедиң. Чала көргөн экенмин деп ошол жакка чуркабадымбы. Энтеңдеп жетип барсам эч ким жок. Ошондо гана албарстыга азгырылып баратканымды сезип, өзүмө келип, үйгө келбедимби деп уктап кетти. Мен коркуп, араң таң атырдым. Эртең менен айтсам эч нерсе билбейм десе, андан бетер коркуп жүрдүм. Кийин аны бакшыга алып барып эмдетип оорусунан арылдык.
Клара ИСМАИЛОВА,

#170 12 March 2014 - 21:54
Ооо,Кудайым озун сактай кор мындай нерселерден!
!!
Эрте менен да "Дин,философия" дан "албарсты, шайтандарды" окуп,азыр мунун башын окуп бир сыйра титирей туштум.Толук окуганга...

Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
Живи здесь и сейчас.
#172 30 April 2014 - 17:58
Мен да байкемдин окуясын айтып берейин кайсы жылы экенин билбейм 20 март болчу ал убакта ата-энем россияда болчу байкем экообуз эле жашайт элек мен досторум менен айылда кочо кыдырып жургом (сумолок аралаштырып) анан эле уйлорго таркай баштадык уйго келсем байкем бир досу менен олтуруптур анан бир аздан кийин досу кетти, эмне болду деп сурасам алар да майрамдашкан экен байкемин машинасын бар эле жигули, озгондон келе жатышып дон булак деген жерден тушуп келе жатышып куугум болуп калганда астынан голоко отуп кетиптир коргон козуно ишенбей келе жатса карангы кирип калганда крутой поварот бар эле ошол жерден бурулганда алдынан аппак кийимчен бирдемке чыгыптыр байкем бир жерди караган бойдон катып калыптыр сразу эле тормозду тепкенге машина 1, 2 булкунуп очуп калыптыр досу айдап келиптир уйго достору сураса ошол моментти билбейт экен бирок коргонун билет экен тогузунан эко коруптур ошентип айтып берсе мен эшике чыгалбай жатып алгам эртеси адамдар эле атайлап кылганбы деп ошол жерлен сураштырса эч ким билбейт экен ошол дерде кырсык коп болот экен
#173 01 May 2014 - 17:37
Ээк, кайдан кирдим эле бул темага. Кыйрагансып бүгүн жалгыз дагы болчум.
Адамдын акылдуулугу берген жообунан эмес,
берген суроосунан билинет.
берген суроосунан билинет.
#174 10 July 2014 - 01:28
Жин, шайтан жонундо жазгылачы. Кимдин башынан откон коргон уккан билгенинерди. Жаман кызыгып окугум эле келе берет ушундайларды.
#175 14 July 2014 - 07:48
Сатылган ажынын "күндөлүк"
кылып башынан өткөн окуяларын жазган китебин ким окуду эле? Ошондо да кызыктуу окуялар бар.
Кичинемде окуганым үчүнбү көбү элес-булас эсимде...
Баса, Арстан, сиз ошол китепти окушуңуз керек экен...)

Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#176 14 July 2014 - 21:30
Сатылган ажынын "күндөлүк"
кылып башынан өткөн окуяларын жазган китебин ким окуду эле? Ошондо да кызыктуу окуялар бар.
Кичинемде окуганым үчүнбү көбү элес-булас эсимде...
Баса, Арстан, сиз ошол китепти окушуңуз керек экен...)
Кичинемде окуганым үчүнбү көбү элес-булас эсимде...
Баса, Арстан, сиз ошол китепти окушуңуз керек экен...)
Кайдан таба алам ал китепти? Каерден тапса болот?
.
Т.Б
.
Жин шайтан Акчал азыткы тууралуу уккан билгенинерди жазгылачы. Же озунордун баштан откоргон коркунучтуу окуяларды.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#177 06 August 2014 - 23:09
Кайдан таба алам ал китепти? Каерден тапса болот?
.
Т.Б
.
Жин шайтан Акчал азыткы тууралуу уккан билгенинерди жазгылачы. Же озунордун баштан откоргон коркунучтуу окуяларды.
Киосктордон таба алсаңыз керек...
Аныгын билбейт экенмин...
В каждой шутке есть доля правды...
#179 16 April 2015 - 14:35
Ушундай окуяларлы укканды аябай жакшы кором , бирок кооп убакыт карангыда эшикке жалгыз чыгалбай кыйналам .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#180 16 April 2015 - 14:36
Дагы билсенер жазгылачы .......
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين

Супер-Инфо
super.kg
видео